Back to Languages
Kirghiz - Chapter 101
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
Кориа
Verse 2
Кориа эмне өзү
Verse 3
(О, Мухаммад!) Сен Кориа эмне экенин билбейсиң
Verse 4
Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат
Verse 5
Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот
Verse 6
Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе
Verse 7
Көңүлүндөгүдөй жашоодо (Бейиште) болот
Verse 8
Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе
Verse 9
Анын энеси— «Хаавия!»
Verse 10
(О, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң
Verse 11
Ал-— катуу кызытылган тозок