Back to Languages
Kirghiz - Chapter 26
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
Та. Син. Мим
Verse 2
Булар анык Китеп аяттары
Verse 3
(О, Мухаммад! Макка мушриктери) ыйманга келбегени үчүн балким, сен жаныңды алекетке салаарсың
Verse 4
Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан моожиза түшүрө алабыз жана бул моожиза алдында алардын моюндары ийилип калат
Verse 5
Аларга (мушриктерге) Рахман тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту
Verse 6
Алар (Кураандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат
Verse 7
Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык
Verse 8
Мында (Аллаһтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат
Verse 9
Чынында, сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу
Verse 10
Жана (эстегин о, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Заалым коомдорго
Verse 11
Фираундун коомуна баргын жана аларга: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы?» дегин»
Verse 12
«О, Раббим, — деди (Муса), — алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун
Verse 13
(Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн. (Ошондуктан агам) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер
Verse 14
Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.? Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун»
Verse 15
(Аллаһ) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин моожизаларды алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабаплар болуп) туруучубуз
Verse 16
Баргыла дагы, «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз
Verse 17
Исрайил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллаһтын элчилери Фираунга барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле..„)
Verse 18
(Фираун мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (о, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го
Verse 19
Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (египеттик букарабызды өлтүрүп) шүкүрсүз адамдардан болгонсуң!»
Verse 20
(Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин)
Verse 21
Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллаһ мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды
Verse 22
Ал эми, сен мага колко кылган «камкордуктар» болсо, Исраил урпактарын кул кылып алганың себептүү болгон!»
Verse 23
Фираун айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?»
Verse 24
«Ал— асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса)
Verse 25
(Фираун) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?»-деди (Мусаны шылдыңдап)
Verse 26
(Муса): «Аллаһ силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди
Verse 27
(Анда Фираун адамдарга) айкырды: «Чынында, силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!»
Verse 28
(Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал Чыгыш менен Батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер»
Verse 29
«(О, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди
Verse 30
«Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?»-деди (Муса)
Verse 31
«Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» -деди
Verse 32
(Муса) аса-таягын таштады эле.., анык чоң жыланга айланып калды
Verse 33
Колун (чөнтөгүнөн) сууруду эле көрүүчүлөрдүн көз алдында ап-апак (нурдуу) болуп калды
Verse 34
«(О,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!»- деди (Фираун) тегеректеги адамдарына
Verse 35
«Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?»
Verse 36
(Сарай эли) айтышты: «Аны менен агасын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер
Verse 37
Ал сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келсин»°
Verse 38
Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту
Verse 39
Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы
Verse 40
Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек ажеп эмес!»
Verse 41
Сыйкырчылар келип бүткөндө Фираунга: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти
Verse 42
«Ооба — деди (Фираун) — анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар»
Verse 43
Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла»
Verse 44
Алар жиптерин аса-таяктарын таштап: «Фираундун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» -дешти
Verse 45
Анан Муса дагы аса-таягын таштады эле... капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады
Verse 46
(Бул Кудуреттүү Аллаһтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллаһка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)
Verse 47
дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик
Verse 48
Муса менен Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)»
Verse 49
(Фираун ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын
Verse 50
«(Мунун) зыяны жок — дешти сыйкырчылар — биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз
Verse 51
Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз»
Verse 52
Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» -деп вахий кылдык
Verse 53
(Муса Исрайил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фираун шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди
Verse 54
(Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар
Verse 55
Биздин ачуубузга тийишти
Verse 56
Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди
Verse 57
Биз аларды (ушинтип) чыгардык, бак-бостондорунан, булактарынан
Verse 58
(чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан
Verse 59
Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исрайил урпактарына мурас кылып бердик
Verse 60
(Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти
Verse 61
Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» -дешти
Verse 62
«Жок! — деди (Муса), — албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!»
Verse 63
Анан Биз Мусага: «Аса-таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды
Verse 64
Анан башкаларды (Фираун менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык
Verse 65
Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык
Verse 66
Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик
Verse 67
Мында (Биздин кудуретибизге чоң) белги бар. Бирок көпчүлүк адамдар ыйман келтиришпеди
Verse 68
Чынында, сенин Раббиң Бир Өзү гана Жеңүүчү, Ырайымдуу
Verse 69
(О, Мухаммад) аларга (Кураандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер
Verse 70
Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» -деди
Verse 71
«Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» - дешти
Verse 72
(Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы
Verse 73
Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?»
Verse 74
«Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти
Verse 75
(Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү
Verse 76
силер. Байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен)
Verse 77
Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллаһ)
Verse 78
Ал мени жаратты, анан Туура Жолго баштайт
Verse 79
Жана Ал мени жедирет жана ичирет
Verse 80
Оорусам, Өзү мага шыпаа берет
Verse 81
Жана Ал менин жанымды алып (Кыяматта) мени кайра тирилтет
Verse 82
Жана Кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын
Verse 83
«О, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) салих адамдарга (пайгамбарларга) кошкун
Verse 84
Жана мени(н ысымымды) акыркылардын ыраскөй тилдеринде (дубаларында) кылгын
Verse 85
Жана мени Наим Бейишинин мураскорлорунан кылгын
Verse 86
Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды
Verse 87
(Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан жан бериле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!»
Verse 88
Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт
Verse 89
Бир гана, Аллаһка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын амалы гана пайда берет)
Verse 90
Такыбалуу кишилерге Бейиш жакын келтирилди
Verse 91
Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү
Verse 92
Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды
Verse 93
Аллаһты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!»
Verse 94
Анан ага (тозокко) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар
Verse 95
жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери
Verse 96
Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти
Verse 97
«Аллаһка ант, биз анык адашууда болуптурбуз
Verse 98
Биз (о, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине тең-шерик кылыптырбыз
Verse 99
Бизди күнөөкөр чоңдорубуз гана адаштырды
Verse 100
Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды
Verse 101
Жана бизге (пайда берүүчү эч бир) кадырман дос да жок
Verse 102
Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана момундардан болуп калсак!»
Verse 103
Албетте бул аяттарда сабак бар. Бирок адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
Verse 104
Жана сенин Раббиң (о, Мухаммад), Бир Өзү гана Жеңүүчү, Боорукер
Verse 105
Нухтун коому дагы пайгамбарларды! жалганчыга чыгарды
Verse 106
Бир кезде аларга өз бурадарлары Нух (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
Verse 107
Мен силер үчүн (Аллаһ тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун
Verse 108
Эми, Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
Verse 109
Мен даават кылганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши
Verse 110
Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула!»
Verse 111
«Сага ыйман келтиребизби?! Сага акылы төмөн, кедейлер гана ээрчигенго!»-дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар)
Verse 112
(Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин
Verse 113
Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет
Verse 114
Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин
Verse 115
Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн»
Verse 116
«Эй, Нух! Эгер дааватыңды токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган манаптар)
Verse 117
(Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды
Verse 118
Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мен менен бирге болгон момундарды куткар!»
Verse 119
Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык
Verse 120
Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик
Verse 121
Албетте, мында (Биздин кудуретибиздин) белги(си) бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйманга келбей коюшту
Verse 122
Албетте, сенин Раббиң Кудуреттүү, Ырайымдуу.”
Verse 123
Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди
Verse 124
Бир кезде аларга өз бурадарлары Худ айтты: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
Verse 125
Мен силер үчүн жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
Verse 126
Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
Verse 127
Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
Verse 128
Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө оюн-эрмегиңердин белгисин! кура бересиңерби
Verse 129
(Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар
Verse 130
Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, зулумдук менен көргөзөсүңөр
Verse 131
Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
Verse 132
Силерге өзүңөргө белгилүү нээмат-сыйлыктарды берген Аллаһтан корккула
Verse 133
Ал силерге чарба малдар, перзенттер
Verse 134
Бак-бостондор жана булактарды берди
Verse 135
Мен силердин башыңарга Улук Күндүн (Кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун
Verse 136
(Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок
Verse 137
Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден нээмат эмей эле) абалкылардын салты
Verse 138
Жана биз (Кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз»
Verse 139
(Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
Verse 140
Чынында, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттү, Ырайымдуу
Verse 141
Самуд эли дагы пайгамбарларды! жалганчы кылды
Verse 142
Бир кезде аларга өз бурадарлары Салих айтты: «(Аллаһтан) корксоңор болбойбу
Verse 143
Мен силерге жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
Verse 144
Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
Verse 145
Мен дааватым үчүн силерден сооп-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
Verse 146
Силер бул жердеги нээмат-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер
Verse 147
Бактардын, булактардын ичинде
Verse 148
Эгиндердин жана жагымдуу курмалардын ичинде
Verse 149
(Эч нерсени ойлобой) шат-курсант абалда тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар
Verse 150
Эми, Аллаһтан корккула жана менин айткандарымды аткаргыла
Verse 151
Ысырапкорлордун сөзүнө (жолуна) моюн сунбагыла
Verse 152
Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар»
Verse 153
(Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың
Verse 154
Өзүбүзгө окшогон эле адамсың! Эгер («мен-пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (моожиза) көргөзчү?»
Verse 155
(Салих аларга Аллаһ таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силер үчүн моожиза. Эми, кудуктан кезек менен) силерге (бир күн), ага (да бир күн) белгилүү суу ичүү күнү болсун
Verse 156
Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди Улук Күндүн азабы кармайт!»
Verse 157
Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты
Verse 158
Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү момун болушпады
Verse 159
Албетте, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
Verse 160
Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди
Verse 161
Бир кезде аларга бурадарлары Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллаһтан) коркпойсуңарбы
Verse 162
Мен силерге ишенимдүү пайгамбармын
Verse 163
Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула.»
Verse 164
Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
Verse 165
(О, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектерге (жыныстык байланыш үчүн) келесиңерби
Verse 166
Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!!!»
Verse 167
«О, Лут! — дешти (каапырлар) — эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!»
Verse 168
(Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем
Verse 169
О, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!»
Verse 170
Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык
Verse 171
Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык
Verse 172
Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык
Verse 173
Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман
Verse 174
Бул окуяда (кудуретибизге) белги(лер) бар. Бирок алардан көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады
Verse 175
Чынында (О, Мухаммад), Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
Verse 176
Калың бак-бостон элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти
Verse 177
Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллаһтан) коркпойсуңарбы
Verse 178
Мен силерге анык пайгамбармын
Verse 179
Эми Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула
Verse 180
Мен силерден ал (дааватым) үчүн акы сураганым жок. Менин сыйлыгымды Ааламдардын Раббиси берет
Verse 181
(О, коомум!) Өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула
Verse 182
Туура тараза менен тарткыла
Verse 183
Адамдардын нерселерин тонобогула!! Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө
Verse 184
Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллаһтан корккула
Verse 185
(Каапырлар) айтышты: «Сен (оо, Шуайб) сыйкырланып калгансың го
Verse 186
Биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз ойлойбуз: Сен бизди алдап жатасың
Verse 187
Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи
Verse 188
(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет
Verse 189
Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады!? Бул Улук Күндүн азабы болчу
Verse 190
Албетте мында чоң сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү момун болушпады
Verse 191
Жана сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү Ырайымдуу
Verse 192
Ал (Кураан) Ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн
Verse 193
Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) алып келди
Verse 194
сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) бири болушуң үчүн
Verse 195
(Ал) анык араб тилинде (түшкөн)
Verse 196
Албетте, ал абалкылардын ыйык Китептеринде да эскертилген
Verse 197
Аны Исрайил урпактарынын (яхудийлердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу
Verse 198
Эгер Биз аны араб эмес адамдардан кээ бирине түшүрсөк
Verse 199
жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес
Verse 200
Биз Кураанды күнөөкөр адамдардын жүрөгүнө мына ушинтип (түшүнсө да, түшүнбөсө да «жалган» деп кежирлене бере турган кылып) жолдодук
Verse 201
Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт
Verse 202
Азап болсо аларга камырабай турганда, капыстан келет
Verse 203
Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат
Verse 204
Биздин азапты шаштырып жатышабы
Verse 205
Айтчы (о, Мухаммад!) Эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак
Verse 206
Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе
Verse 207
ошол пайдалантырылган нерселердин аларга кереги тиймек эмес
Verse 208
Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон
Verse 209
(Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук
Verse 210
Аны (Кураанды) жин-шайтандар түшүргөн эмес
Verse 211
Аларга (Кураан түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. (Анткени)
Verse 212
Алар аны угуудан үзүп коюлган
Verse 213
Аллаһка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың
Verse 214
Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок-азабынан) коркут
Verse 215
Өзүңө ээрчиген момундарды канатыңа калкала
Verse 216
Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден тазамын» -дегин
Verse 217
Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл
Verse 218
Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт
Verse 219
Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт)
Verse 220
Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү
Verse 221
(Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби
Verse 222
Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт
Verse 223
Алар (аны) угушат. Алардан көпчүлүгү жалганчылар
Verse 224
Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт
Verse 225
Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең
Verse 226
Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат)
Verse 227
Ыйман келтирип, салих амалдарды жасап, Аллаһты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, заалым (каапыр) адамдар жакында кайсы дарекке барышаарын билип алышат