Back to Languages

    Kirghiz - Chapter 37

    Translation by Shams Al Din Hakimov

    Verse 1

    Саптарткан периштелерге ант ичип

    Verse 2

    (Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант ичип

    Verse 3

    (Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант ичип (айтамын)

    Verse 4

    Силердин кудайыңар чынында Жалгыз

    Verse 5

    (Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси

    Verse 6

    Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук

    Verse 7

    Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык

    Verse 8

    Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.? (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат

    Verse 9

    (Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар

    Verse 10

    Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет)

    Verse 11

    Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Чынында, Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз

    Verse 12

    Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат

    Verse 13

    Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт

    Verse 14

    Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат

    Verse 15

    Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет

    Verse 16

    (Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби

    Verse 17

    Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» - дешет

    Verse 18

    Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер)

    Verse 19

    Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»

    Verse 20

    Жана: «О, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат)

    Verse 21

    «Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»

    Verse 22

    «Заалым (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула

    Verse 23

    Аллаһтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла

    Verse 24

    Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.! Алардан суралат

    Verse 25

    «Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!»

    Verse 26

    Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар

    Verse 27

    (Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат

    Verse 28

    (Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурла-гансыңар)»

    Verse 29

    (Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар

    Verse 30

    Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер

    Verse 31

    Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз

    Verse 32

    Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек»

    Verse 33

    Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат

    Verse 34

    Албетте, Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз

    Verse 35

    (Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллаһ бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен

    Verse 36

    Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу)

    Verse 37

    Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган

    Verse 38

    (О, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар

    Verse 39

    Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар

    Verse 40

    Ал эми Аллаһтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери

    Verse 41

    Аларга белгиленген ырыскылар бар

    Verse 42

    Мөмө-жемиштер.., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда

    Verse 43

    Эң жакшы (нээматтуу) Бейиштерде

    Verse 44

    (Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат)

    Verse 45

    Аларга (Бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат

    Verse 46

    Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу

    Verse 47

    Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт

    Verse 48

    Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң көз сулуулар бар

    Verse 49

    Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу

    Verse 50

    (Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт

    Verse 51

    Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле

    Verse 52

    Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы

    Verse 53

    Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?»-деген. (Бейиши Адам шериктерине)

    Verse 54

    «Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди

    Verse 55

    Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди)

    Verse 56

    «Аллаһка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң

    Verse 57

    Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын

    Verse 58

    Биз өлбөптүрбүзбү

    Verse 59

    Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык

    Verse 60

    Албетте, бул чоң жеңиш

    Verse 61

    Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»

    Verse 62

    (О, адамдар!) ушул (Бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум? дарагы жакшыбы

    Verse 63

    Биз аны заалымдарга азап болушу үчүн жараттык

    Verse 64

    Ал-тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак

    Verse 65

    Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт

    Verse 66

    Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет

    Verse 67

    Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет

    Verse 68

    Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат

    Verse 69

    Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллаһтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле

    Verse 70

    Ошолордун изинен чуркап кетишти

    Verse 71

    Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен

    Verse 72

    Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек

    Verse 73

    Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун

    Verse 74

    Ал эми, Аллаһка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок

    Verse 75

    (Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«О, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз

    Verse 76

    Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын!) чоң балээден куткардык

    Verse 77

    Жана анын (кемеге чыккан) урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык

    Verse 78

    Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык

    Verse 79

    Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун

    Verse 80

    Албетте, Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз

    Verse 81

    Чынында, ал Биздин момун пенделерибизден болчу

    Verse 82

    Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик

    Verse 83

    Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (тавхидди кармаган пенделерден) эле

    Verse 84

    Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди

    Verse 85

    (Жана) атасы менен коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар

    Verse 86

    Аллаһтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы

    Verse 87

    Ааламдардын Раббиси (Аллаһ) жөнүндө кандай ойлойсуңар?» (Күндөрдүн биринде чоӊ элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал)

    Verse 88

    Жылдыздарга бир карап алып

    Verse 89

    «Мен ооруп турам»-деди

    Verse 90

    Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти

    Verse 91

    Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»

    Verse 92

    Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» -деди

    Verse 93

    Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду)

    Verse 94

    (Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып)

    Verse 95

    Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы

    Verse 96

    Силерди да, силердин ишиңерди! да Аллаһ жараткан

    Verse 97

    (Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла

    Verse 98

    Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук

    Verse 99

    (Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени Туура Жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды)

    Verse 100

    «О, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!»

    Verse 101

    Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик

    Verse 102

    Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «О, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атаке,— деди ал-буюрулганды аткара бериңиз. Аллаһ кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз»

    Verse 103

    Экөөсү (Аллаһтын амирине) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда

    Verse 104

    «О, Ибрахим! — деп добуш кылдык —

    Verse 105

    Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз»

    Verse 106

    Чынында, бул анык сыноо болгон

    Verse 107

    Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик

    Verse 108

    Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык

    Verse 109

    Ибрахимге (Аллаһтын) салам(ы) болсун

    Verse 110

    Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

    Verse 111

    Чынында ал Биздин момун пенделерибизден болгон

    Verse 112

    Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири

    Verse 113

    Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылгаңн(дар) да чыкты

    Verse 114

    Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык

    Verse 115

    Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык

    Verse 116

    Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту

    Verse 117

    Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип

    Verse 118

    Туура Жолго баштадык

    Verse 119

    Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык

    Verse 120

    Муса менен Харунга салам болсун

    Verse 121

    Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

    Verse 122

    Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден

    Verse 123

    Иляс! дагы элчи-пайгамбарлардан эле

    Verse 124

    Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы

    Verse 125

    Эң мыкты Жаратуучуну (Аллаһты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы

    Verse 126

    Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллаһ эле го?!»

    Verse 127

    Бирок, коому ага моюн сунбады. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту

    Verse 128

    Ал эми, Аллаһтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес)

    Verse 129

    Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу) калтырдык

    Verse 130

    Иляска (Аллаһтан) салам болсун

    Verse 131

    Чынында, Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

    Verse 132

    Ал Биздин момун пенделерибиздин бири

    Verse 133

    Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле

    Verse 134

    Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш - балээсинен) куткарганбыз

    Verse 135

    Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон)

    Verse 136

    Анан Биз башкаларды кыйраттык

    Verse 137

    (Эй, Макка мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөрго, эрте менен

    Verse 138

    жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби

    Verse 139

    Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири

    Verse 140

    Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду

    Verse 141

    Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды

    Verse 142

    Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди

    Verse 143

    Эгер ал Аллахты аруулаган пенделерден болбогондо

    Verse 144

    Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек

    Verse 145

    Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле

    Verse 146

    Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук

    Verse 147

    Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек

    Verse 148

    Анан алар (тооба кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык

    Verse 149

    (О, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү

    Verse 150

    Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү

    Verse 151

    Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет

    Verse 152

    «Аллаһтын баласы бар». Алар — жеткен жалганчылар

    Verse 153

    (Аллаһ) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы

    Verse 154

    Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар

    Verse 155

    (Аллаһтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби

    Verse 156

    Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Кураандан башка ыйык китеп түштүбү)

    Verse 157

    (Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор

    Verse 158

    Алар Аллаһ менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет

    Verse 159

    Аллаһ алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза

    Verse 160

    Ал эми, Аллаһтын жакшы амал кылган пенделери (Аллаһты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт)

    Verse 161

    (О, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы

    Verse 162

    эч кимди адаштыра албайсыңар

    Verse 163

    (Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар)

    Verse 164

    (Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар

    Verse 165

    Жана биз (Аллаһтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз

    Verse 166

    Жана биз, чынында (Аллаһка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалган-чылыгы ашкереленет)

    Verse 167

    Алар айтышат

    Verse 168

    «Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо

    Verse 169

    Биз деле мухлис (Аллаһтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз»

    Verse 170

    Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат

    Verse 171

    Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган

    Verse 172

    «Чынында алар гана жардам берилген адамдар

    Verse 173

    Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»

    Verse 174

    Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур

    Verse 175

    Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат

    Verse 176

    Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы

    Verse 177

    Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңдары жаман (караңгы) болуп калат

    Verse 178

    Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур

    Verse 179

    Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат

    Verse 180

    Кудуреттүүлүк Ээси — Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза

    Verse 181

    Пайгамбарларга салам болсун

    Verse 182

    Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун