Back to Languages
Kirghiz - Chapter 53
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
Батып бара жаткан жылдызга ант
Verse 2
(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес
Verse 3
Жана ал өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып сүйлөбөйт
Verse 4
Ал сүйлөгөн сөздөр (Аллаһтан келген) вахий кабарынан башка эмес
Verse 5
Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн
Verse 6
Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү
Verse 7
жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)
Verse 8
Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди
Verse 9
Эки жаа бою же андан да жакыныраак
Verse 10
Анан (Аллаһ анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды
Verse 11
(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады
Verse 12
(Эй, мушриктер!) Силер Мухаммад менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы
Verse 13
(Мухаммад) аны (Жебирейилди) экинчи ирет дагы көрдү
Verse 14
«Сидратул мунтахаанын»? алдында
Verse 15
«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында
Verse 16
Капысынан (Аллаһтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды
Verse 17
(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди
Verse 18
Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү
Verse 19
«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы
Verse 20
«Манатка» дагы, алардын 1 үчүнчүсү
Verse 21
Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи
Verse 22
Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката
Verse 23
Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллаһ аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан Туура Жол келген болчу
Verse 24
Же инсан каалаганын жасай береби
Verse 25
Акырет дагы Дүйнө дагы Аллаһга таандык
Verse 26
Асмандарда канча периште болсо, Аллаһ Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок
Verse 27
Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат
Verse 28
Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт
Verse 29
Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл
Verse 30
Алардын илимден жеткен чеги — ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын билип турат
Verse 31
Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (Бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык
Verse 32
Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.! Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллаһ такыбаларды да эң жакшы билет
Verse 33
Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы
Verse 34
Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат
Verse 35
Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы
Verse 36
Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби
Verse 37
(Аллаһтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы
Verse 38
(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт
Verse 39
Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган)
Verse 40
Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт
Verse 41
Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет
Verse 42
Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат
Verse 43
Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү
Verse 44
Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү
Verse 45
Эркек-аял — эки жупту жараткан да Анын Өзү
Verse 46
(Жатындарга) атырылган бел суудан
Verse 47
Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши
Verse 48
Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү
Verse 49
(Мушриктер сыйынган) Шеьранын! Раббиси да Анын Өзү
Verse 50
Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү
Verse 51
Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай
Verse 52
Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан заалым коом болушкан
Verse 53
«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү)
Verse 54
Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды
Verse 55
Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайсы ишинен шектенесиң
Verse 56
Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири
Verse 57
Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды
Verse 58
Аны(н качан болушунун сырын) Аллаһтан башка эч ким ача албайт
Verse 59
Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Кураандан) таң калып жатасыңарбы
Verse 60
(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы
Verse 61
Силер (ага) көңүл бурбадыңар
Verse 62
Эми (ынсапка келип) Аллаһка сажда жана ибадат кылгыла