Back to Languages

    Kirghiz - Chapter 59

    Translation by Shams Al Din Hakimov

    Verse 1

    Аллаһка асмандар жана жердегинин бардыгы тасбих айтты! Ал — Кудуреттүү, Даанышман

    Verse 2

    Алкитеп элдеринен турган каапырларды журттарынан биринчи сүргүн үчүн чыгарды. Силер (О, момундар, алардын чептери бекем болгондуктан) аларды чыгат деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы (бийик) сепилдери өздөрүн Аллаһтан коргоп калат деп ойлошкон. Анан АллаПЦ(тын жазасы) аларга күтпөгөн тараптан келип, жүрөктөрүнө коркуу салды! эле, үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен талкалап киришти. О, акылдуу адамдар! (Бул окуядан) сабак алгыла

    Verse 3

    Эгер Аллаһ аларга көчүп кетүүнү (тагдыр кылып) жазбаганда, (ушул) дүйнөдө (өлүм же кулчулук сыяктуу жаза менен) жазаламак. Аларга Акыретте да тозок азабы бар

    Verse 4

    Мунун себеби, алар Аллаһ менен Анын пайгамбарына душман чыгышты. Ким Аллаһка душман болсо, (билип алсын:) Аллаһтын жазасы катуу

    Verse 5

    (О,момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллаһтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар

    Verse 6

    Аллаһ Өз пайгамбарына алардан олжолоп берген нерсеге силер ат чаптырып, төө жорттуруп барбадыңар. Бирок, Аллаһ Өзүнүн пайгамбарларын каалаган пенделеринин үстүнөн жеңүүчү кылат. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

    Verse 7

    Аллаһ (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллаһка!, пайгамбарга, тууган-туушкандарга?, жетимдерге, бей- бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.? Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллаһтан корккула, чынында Аллаһтын азабы катуу

    Verse 8

    (Жана ал олжолор) журттарынан (Маккадан) жана мал-мүлкүнөн чыгарып жиберилген кембагал мухажирлерге (бөлүнөт). Алар (хижрат кылуу менен) Аллаһтын пазилетин, ыраазычылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллаһ(тын дини) Анын пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер

    Verse 9

    Ал эми, аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (мединалык) момундар, өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көралбастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды(н пайдасын) өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (Бейишке) жетет

    Verse 10

    Алардан (мухажирлер жана ансарлардан куралган абалкы мусулман уммасынан) кийин келген адамдар (дуба-тилектеринде мындай) дешет: «О, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн бурадарларыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! О, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң

    Verse 11

    Мунафык адамдарга карабайсыңбы, китеп ээлеринен болгон каапыр өнөктөштөрүнө келип: «Эгер силер (Мединадан) чыгарылсаңар, биз дагы силер менен бирге чыгабыз! Силер(ге зыян жеткирүү) жөнүндө эч качан, эч кимге моюн сунбайбыз! Эгер силерге согуш ачылса, албетте жардам беребиз!» дешет. Бирок, алардын анык жалганчы экенине Аллаһ күбө

    Verse 12

    Эгер алар чыгарылса, (мунафыктар) алар менен бирге чыкпайт жана эгер өлтүрүлүп жатса да эч жардам беришпейт. Жардам берген күндө деле артына карап качышмак жана (аларга Аллаһтан) жардам берилбей калмак

    Verse 13

    (О, ыйман жоокерлери! Алардын сепилдерин курчап турганыңарда) алардын жүрөктөрүнө Аллаһтан да айбаттуураак сезилдиңер!. Мунун себеби, алар (Аллаһтын кудуретин) билбеген коом эле

    Verse 14

    Алар силер менен (ачык майданда) биримдикте согуша албайт. Чеп менен оролгон шаарларынын ичинде же дубалдардын ар жагында гана («чогуу» боло алышат). Алардын айбат-сүрү өздөрүнүн ичинде гана күчтүү. (Ошондуктан,) аларды биримдикте деп ойлойсуңар. Бирок, алардын жүрөктөрү ыдырап бүткөн. Мунун себеби, алар (Аллаһтын аяттарынын алдында) акылын иштетпеген коом

    Verse 15

    Алар өздөрүнөн бир аз эле мурдагы кылмышынын жазасын тарткан (каапыр) адамдарга окшойт”. Аларга жан ооруткан азап бар

    Verse 16

    (Ал эми, аларды согушка козутуп, өздөрү келбей койгон мунафыктар) шайтанга окшош. Бир кезде ал инсанга (каапырчылыкты кооз көргөзүп): «Каапыр бол»-деди. Каапыр болду эле, (дароо өзүн оолактатып): «Сени менен ишим жок. Мен ааламдардын Раббисинен коркомун!» деди

    Verse 17

    Анан экөөсүнүн тең акыбети тозокто түбөлүк калуу болуп калды. Заалымдардын жазасы — ушул

    Verse 18

    О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтан корккула! Ар бир жан эртеңки (Кыямат) күн үчүн эмне алып келгенине карасын! Аллаһтан корккула! Аллаһ эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар

    Verse 19

    Аллаһты унуткан, натыйжада Аллаһ өздөрүн-өздөрүнө унуттурган адамдарга окшобогула! Алар — бузулган (Аллаһка моюн сунбаган) адамдар

    Verse 20

    Тозок элдери менен Бейиш элдери тең эмес. Бейиш ээлери — алар жеңүүчүлөр

    Verse 21

    Эгер Биз мына бул Кураанды тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллаһтан коркконунан баш ийип, тыркырап кеткенин көрмөксүң. Биз бул салыштырууларды, пикирин иштетсе ажеп эмес деп, адамдарга айтып берүүдөбүз

    Verse 22

    Ал— Аллаһ! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал — Ырайымдуу, Мээримдүү

    Verse 23

    Ал— Аллаһ! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал — Падыша, Ыйык, Аруу-Таза, Амандык Берүүчү ‚ Сактоочу, Күч-кубаттуу, Кудуреттүү, Улуулук Ээси! Аллаһ алардын ширктеринен Таза

    Verse 24

    Ал-— Аллаһ, Жаратуучу, жоктон бар Кылуучу жана келбет Берүүчү! Анын сонун-көркөм ысымдары бар. Ага асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. (Анткени), Ал — Кудуреттүү жана Даанышман

    Unexpected Application Error!

    Unexpected token '<', "<!DOCTYPE "... is not valid JSON

    SyntaxError: Unexpected token '<', "<!DOCTYPE "... is not valid JSON