Back to Languages
Kirghiz - Chapter 7
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
Алиф, Лам, Мим, Сод
Verse 2
(О, Мухаммад! Бул Кураан) Аны менен (адамдарды) эскертишиң үчүн жана да момундарга сабак-эскертүү болушу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүңдө андан эч шектенүү болбосун
Verse 3
(О, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар
Verse 4
Биз нечендеген айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга бейкапар турушканда же сүйлөп (сергек) турган мезгилде келген
Verse 5
Биздин азап келгенде алардын: “(Өзүбүзгө) зулум кылуучу болуп калдык” дегенден башка “доосу” калган жок
Verse 6
Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарларды(н өзүн) да суракка тартабыз
Verse 7
Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Жана Биз (эч бир мезгилде) жок эмес элек
Verse 8
Ал (Кыямат) Күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилеттүү менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана Тозоктон кутулуучулар
Verse 9
Алэми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар
Verse 10
Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар
Verse 11
Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду
Verse 12
Ал (Аллаһ) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо (кайдагы бир) ылайдан жараткансың.»
Verse 13
Ал (Аллаһ) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”
Verse 14
(Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (Кыямат) Күнгө чейин (өлбөй жашоого) мага мөөнөт бер!”
Verse 15
(Аллаһ) айтты: “Албетте, сен мөөнөт берилгендерденсиң»
Verse 16
(Иблис) айтты: “Мени (Бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин Туура Жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын
Verse 17
Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардан көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың
Verse 18
(Аллаһ) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол!!! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, бардыгыңарды кошуп Тозокту толтурамын
Verse 19
О, Адам! Сен жубайың (Хаваа) экөөңөр Бейиште жашагыла! Каалаганыңардан жегиле! Бирок, мына бул даракка! жакындашпагыла, (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар
Verse 20
Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (Бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбашыңар үчүн гана бул дарактан кайтарды” — деди
Verse 21
Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” — деп экөөнө ант иче баштады
Verse 22
Азгыруу менен ал экөөнү (пакиза, жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн Бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” — дебедим беле?!”
Verse 23
Экөө (бушайман болушуп): “О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” — дешти
Verse 24
(Аллаһ) айтты: “Бири-бириңерге (адамзат шайтанга, шайтан адамзатка) душман болгон абалда (Бейиштен жерге) түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана (ажалыңар жеткен) мезгилге чейин пайдалануу бар
Verse 25
(Аллаһ) айтты: “Ошол жерде жашайсыңар, ошол жерде өлөсүңөр жана (Кыямат болгондо) ошондон кайра чыгарыласыңар
Verse 26
О, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк. Бирок, такыба кийими, Бул — жакшы!! Бул Аллаһтын (пазилетинин) белгилеринен. Кана эми, түшүнүп калышса
Verse 27
О, Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеңерди Бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калышы үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук
Verse 28
Алар бузук (шариятта арам болгон) бир ишти жасаса: “Биз ата-бабаларыбызды ушул иштин үстүндө тапканбыз жана бул ишке бизди Аллаһ буюрган” — дешет. Айткын: “Аллаһ бузук иштерге буюрбайт. Өзүңөр билбеген нерселерди Аллаһга төңкөп жатасыңарбы
Verse 29
Айткын: “Менин Раббим (ибадатта жана мамилелерде) адилеттик — ортолукка буюрду. Ар бир сажда (ибадат) кылган жерде жүзүңөрдү (кыбылага) түздөгүлө. Динди Аллаһ үчүн калыс кылып (муктаждыкты Өзүнөн гана сурап) дуба кылгыла! Аллаһ силерди (биринчи ирет) жаратканы сыяктуу (экинчи жашоого) кайтасыңар
Verse 30
(Силерден) Бир тайпаны Аллаһ Туура Жолго баштады. Дагы бир тайпага (өздөрүнүн жаман иштери себептүү) адашуучулук чыныгы өкүм болду. (Анткени,) Алар Аллаһты таштап шайтандарды дос-башчы кылып алышкан жана өздөрүн Туура Жол тапкандар деп ойлошкон
Verse 31
О, Адам урпактары! Ар бир намаздын убактысында зыйнатыңарды кийгиле.! Жана (Аллаһ берген нээматтардан) жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чынында, Ал (Аллаһ) ысырапчыларды сүйбөйт
Verse 32
Айткын: “Аллаһтын пенделерине арнап чыгарган зыйнаттарын жана адал-таза ырыскыларды ким арам кылды?! Айткын: “Алар дүйнө жашоосунда ыймандууларга арналган”. Кыямат Күндө (ал зыйнаттар) жалаң ыймандуулар үчүн. Биз билген адамдарга аяттарды ушундай анык баяндайбыз
Verse 33
Айткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллаһка шерик кылып алууңарды жана Аллаһ жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам КЫЛДЫ)”
Verse 34
Ар бир эл-үммөт үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) бар. (Ошол) мөөнөттөрү келгенде, алар аны бир саатка болсун артка, же алдыга жылдыра алышпайт
Verse 35
О, Адам урпактары. Силерге өз араңардан чыккан пайгамбарлар келип, Менин аяттарымды айтканда, кимде-ким такыба кылып, өзүн оңдосо, аларга коркуу жок. Жана алар кайгыга да батышпайт
Verse 36
Ал эми, Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, алар(га моюн сунуу) дан текеберленгендер тозок элдери жана анда түбөлүк калышат
Verse 37
(“Аллаһтын шериги бар” деп) Аллаһка жалган-жалаа ойлоп тапкан же болбосо, Анын аяттарын “жалган” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Аларга (тагдыры жазылган) китептен насип-ажалы жетип, Биздин жан алгыч (периште) элчилерибиз келип: “Аллаһты таштап, аларга дуба кылган “кудайларыңар” кайда калды?” — дегенде, алар: “Бизден жок болуп кетишти!” дешет жана өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбөлүк беришет
Verse 38
(Аллаһ) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт-жамаат менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына наалат айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллаһка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллаһ) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”
Verse 39
Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” -дешет
Verse 40
Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт. Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө Бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз
Verse 41
Аларга тозоктон төшөк, үстүнөн (ошондой) жууркан бар! Биз заалым адамдарды ушинтип жазалайбыз
Verse 42
Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.? Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз
Verse 43
Жана Биз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) капачылыктарын сууруп алабыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллаһга мактоо болсун! Эгер Аллаһ көргөзбөсө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш келет: “Ушул — силердин Бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”
Verse 44
Жана бейиштегилер тозоктогуларга: “Бизге Раббибиз убада кылган нерсе (Бейиш) чын экенин көрдүк, силер дагы Раббиңер убада кылган нерсени (азап-тозокту) көрдүңөрбү?! — деп добуш кылышты. “Ооба” дешти алар. Ошондо, алардын арасындагы бир жарчы (мындай деп жар салды): “Заалымдарга Аллаһтын наалаты болсун
Verse 45
Алар Аллаһтын жолунан тосуп, аны бузууну каалаган жана Акыретке ишенбеген адамдар болчу!”
Verse 46
Ал экөөсүнүн (Бейиш менен Тозоктун) ортосунда «Аьраф»(тосмо) бар.! “Аъьрафтын” үстүндөгү адамдар (бейишилер менен тозокулардын) экөөсүн тең көрүнүшүнөн таанып турушат. Жана бейиштегилерге карап, ага кирбесе да, кирүүнү үмүт кылып: «Ассалому-алейкум»-дешет
Verse 47
Ал эми, көздөрү тозокулар тарапка бурулуп калса: “О, биздин Рабби! Бизди (мына бул) заалым адамдардан кылып койбо?!” — дешет
Verse 48
Дагы, “Аьрафтагылар” көрүнүшүнөн тааныган (тозоктогу) адамдарга (карап): “Силерге чогулткан дүйнө-мүлкүңөр менен кыйынсынганыңар пайда бербей калыптыр го
Verse 49
Силер ант ичип: “Аларга Аллаһ ырайымын жеткирбейт”-деген адамдар тиги(бейиштеги)лерби?! (Аларга) “Бейишке киргиле! Силерге коркунуч жок жана кайгы-капага батпайсыңар! (деп айтылып жатпайбы)?!” — дешет
Verse 50
Тозоктогулар бейиштегилерге жалдырап: “Бизге суудан жана Аллаһ силерге берген ырыскылардан бир аз кайрымдуулук кылып койгула” — дегенде, алар: “Аллаһ ал ырыскыларды каапырларга арам кылган
Verse 51
(Себеби) алар диндерин оюн-тамаша кылып алган жана дүйнө(нүн өткөөл) жашоосуна алданган адамдар!” — дешет. (Кийин Аллаһ айтат:) “Бүгүн биз аларды, аяттарыбызды чанып, ушул күндөрүн унутуп салганы сыяктуу “унутуп”! (тозокко таштап) салабыз
Verse 52
Биз ыймандуу коомго Туура Жол, Ырайым болсун деп аларга Өзүбүз анык баяндаган китепти алып келдик. (Ал китеп Аллаһтан болгон анык) илимдин үстүндө
Verse 53
Алар анын (Кураандын алдын ала айтылган) кабарларын(ын келишин) гана күтүүдө. Ал кабар (Кыямат) келгенде, мурда аны “унуткан” адамдар: “Раббибиздин пайгамбарлары чындыкты алып келген турбайбы! Эми, бизге күнөөлөрүбүздү сурап берүүчү ортомчу табылар бекен?! Же болбосо, (дүйнөгө) кайтарылар бекенбиз, жасаганыбыздан башка (сооп) иштерди жасап келмекпиз?!” дешет. Алар өздөрүнө зыян кылышты! Жана оюнан чыгарган “кудайлары” алардан жок болуп кетти
Verse 54
Силердин Раббиңер — Аллаһ. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду!. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси — Аллаһ Улук, Бийик
Verse 55
Раббиңерге жалбаруу менен, купуя түрдө дуба (ибадат) кылгыла! Чынында, Ал чектен чыгуучуларды сүйбөйт
Verse 56
Жер бетинде — аны оңдогондон кийин — бузукулук кылбагыла!! (Азабынан) коркуп, (сообунан) үмүт кылып Өзүнө гана дуба кылгыла! Чынында, Аллаһтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын
Verse 57
Жана Ал ырайымынан кушкабар иретинде (жамгырдын) алдынан шамалдарды жиберет. Качан ал шамалдар оор булуттарды көчүргөндө Биз аларды өлүк (суусаган) шаарларга айдайбыз жана андан жамгыр жаадырып, аны менен ар түркүн мөмөлөрдү чыгарабыз. Биз (Кыяматта) өлүктөрдү ушул сыяктуу кайра (жерден) чыгарып алабыз. Кана эле, акыл-насаат алсаңар
Verse 58
(Жери) таза шаардын өсүмдүктөрү Аллаһтын уруксаты менен (тез) өнүп чыгат. Ал эми, таза эмес (таштак же шор баскан) жердин өсүмдүгү (миң) машакат менен чыгат. Биз аяттарды шүгүр кылуучу коом үчүн мына ушинтип анык-тунук баян кылабыз
Verse 59
Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик.” Ал айтты: “О, коомум! Жалгыз Аллаһка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күн (Кыямат) азабына жолугуп калышыңардан коркомун!”
Verse 60
Анын коомунан болгон (текебер) бийлер ага: “Биз өзүңдү анык адашууда деп билебиз” — дешти
Verse 61
(Нух) айтты: “О, коомум. Мен адашкан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын
Verse 62
Силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат айтамын жана Аллаһ тарабынан силер билбеген нерселерди билемин
Verse 63
Эмне, такыба болуп, Аллаһтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн Раббиңердин эскертүүсү өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адамдын колунда — силерди эскертүү үчүн — келгенине таң калып жатасыңарбы!””
Verse 64
Алар Нухту “жалганчы” — дешти. Кийин Биз аны жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды кемеде куткарып, аяттарыбызды “жалган” дегендерди (топон сууга) чөктүрүп жибердик. Анткени, алар (дил көзү) сокур коом эле
Verse 65
Аад коомуна өз бир туугандары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Аллаһка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы?”
Verse 66
(Ошондо) анын коомунун каапырлары (чоңдору): “Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп күмөн кылабыз!” — дешти
Verse 67
(Худ) Айтты: “О, коомум! Мен наадан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын
Verse 68
Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткиремин жана ишенимдүү насаатчымын
Verse 69
Эмне, Раббиңердин эскертүүсү, өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адамдын колунда — силерди (тозоктон) коркутуу үчүн — келиши силерди таң калтырдыбы? Эстегиле, Аллаһ силерди Нух коомунун артынан орун басар кылды. Жана силерди калктардын арасында күч-кубаттууу кылды.! Эми, Аллаһтын (ушул) нээматтарын эстегиле! (Ошондо Тозоктон) кутулуп калаарсыңар!”
Verse 70
(Каапырлар) айтышты: “Сен бизге, жалгыз Аллаһка ибадат кылышыбыз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды ташташыбыз үчүн келдиңби?! Эгер чынчылдардан болсоң, бизге убада кылган балээлериңди алып келчи, кана
Verse 71
Ал (Худ) айтты: “Мына эми, башыңарга Раббиңердин азап-казабы анык түштү! Кудай экенине Аллаһ эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?! Болуптур, күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөйүн
Verse 72
Биз Худ жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду Өз ырайымыбыз менен сактап, аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын «куйругун кесип» койдук.! (Анткени,) Алар ыймандуу эмес болчу
Verse 73
Жана Самуд коомуна өз бурадарлары Салихты пайгамбар кылдык. Ал айтты: “О, коомум! Аллаһка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллаһтын төөсү — силерге (Аллаһтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллаһтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кыла көрбөгүлө. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт
Verse 74
Эстегиле, Аллаһ силерди Аад коомунун артынан орунбасар кылып, жерде (кенен) орун-очок берди. Силер тегиз жерлерге сарайларды саласыңар, тоолорду(н боорун) оюп-жонуп, үйлөрдү курасыңар. Аллаһтын (ушул) нээматтарын эстегиле! Жана жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!”
Verse 75
Салихтын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар, өздөрүнүн арасынан ыйман келтирген бей-бечара адамдарга карап: “Силер Салихты Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбар деп билесиңерби?” — дешти. “Ооба. Биз ага жиберилген нерселерге ыйман келтирүүчүлөрбүз”
Verse 76
Текеберленген адамдар: “Биз силер ыйман келтирген динге ишенбейбиз!” — дешти
Verse 77
Жана (“катылсаңар силерге азап келет” деп эскертилген) төөнү союп жиберишти дагы, Раббисинин буйругун оройлук менен бузуп: “О, Салих! Эгерде (чын) пайгамбар болсоң, бизге убада кылган азапты келтирчи?!” — дешти. (Кийин Салих аларга: ““Үйүңөрдө үч күн ойноп-жыргап алгыла. Бул — жалган эмес убада!” — деп жооп берет. Ырас эле, үч күндөн соң)
Verse 78
Аларды жер титирөө (балээси) кармап, жүргөн-турган жерлеринде жер менен жексен болушту
Verse 79
Салих болсо, (кырылып бүткөндөн кийин) аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат кылган элем. Бирок, силер насаат айтуучу адамдарды сүйбөйт экенсиңер!” - деди
Verse 80
(О, Мухаммад!) Лут пайгамбарды да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: “О,! Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыңарбы?”
Verse 81
Чынында, силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумар менен (артынан) келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул — арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди
Verse 82
(Бузулуп бүткөн) коому ага: “Аларды (Лут жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар имиш!” — деген сөз менен гана жооп берди
Verse 83
Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Ал (азапта) калуучулардан болду
Verse 84
Кийин Биз алардын (каапырлардын) үстүнө (жалындуу таштардан) жамгыр жаадырдык! Кылмышкерлердин акыбети кандай болгонун кара
Verse 85
Жана Биз Мадян элине өз бурадарлары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “О, коомум! Аллаһка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук кылгыла, адамдардын нерселеринин баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде — оңолгондон кийин — бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы
Verse 86
Жана ал (туура) жолду (өз каалооңорго ылайыктап бурмалап, ага ыйман келтирген адамдарды Аллаһтын жолунан) тосуп, коркутуп, ар кайсы жолдордо олтурбагыла! Эстегиле, силер аз сандуу элеңер. Аллаһ силерди (өлүм — житимден, кырылуудан сактап) көбөйттү. Жана силер (тарыхка бир кылчайып карап) бузуку адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп алгыла
Verse 87
Эгерде, силердин араңардан бир тайпаңар мага жиберилген динге ыйман келтирип, дагы башка бир тайпаңар ыйман келтирбеген болсо, Аллаһ биздин арабызда Өз өкүмүн чыгарганга чейин сабыр кылып тургула. Ал — эң жакшы өкүм кылуучу
Verse 88
Шуайбдын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар айтышты: “О, Шуайб! Биз сени жана сени менен бирге болгон ыймандууларды шаарыбыздан (кууп) чыгарабыз же болбосо биздин динибизге кайтасыңар!” (Анда) Шуайб: “Эгер биз (силердин таш-кудайларга сыйынууга чакырган диниңерди) жаман көрсөк делеби
Verse 89
Эгер биз, Аллаһ андан куткаргандан кийин, дагы эле силердин (жалган) диниңерге кайтчу болсок, Аллаһка (“Анын шериги бар” деген) жалганды ойлоп тапкан болобуз го! (Жок!) Силердин диниңерге кайтуу бизге эч мүмкүн эмес! Бир гана Раббибиз — Аллаһ кааласа (ар нерсе мүмкүн). Анткени, Раббибиздин илими ар нерсени камтып алган. Биз Аллаһка таяндык! О, Раббибиз! Биз менен (каапыр) коомубуздун арасын акыйкаттык менен ачып (өкүм кылып) кой! Сен эң жакшы өкүм кылуучусуң!””
Verse 90
Шуайбдын коомундагы каапыр адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”
Verse 91
Кийин, аларды жер титирөө (балээси) кармады! Бардыгы турган жеринде селейип (кырылып) калышты
Verse 92
Шуайбды “жалганчы” дегендер ал жерде жашабагандай (тып-тыйпыл) болуп калышты! Шуайбдын сөзүн жалганга чыгаргандардын өздөрү зыян тартуучу болду
Verse 93
(Кырылып бүткөн соң) Шуайб аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирдим жана насааттар кылдым (болбой койдуңар). Эми (силерге окшогон) каапыр коомго кантип кайгырмак элем” — деди
Verse 94
Биз кайсы бир айыл-шаарга пайгамбар жиберген болсок, анын элдерин тооба кылышаар деп, муктаждык, оору-сыркоо менен кармадык
Verse 95
Кийин Биз жамандыкты жакшылык менен алмаштырдык. Алар (өздөрү, дүйнө-мүлктөрү, жетишкендиктери) көбөйүп: “Ата-бабаларыбызды деле (ушул сыяктуу) каатчылык, оору-сыркоолор каптаган (бул — адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер)” - дешти. Анан Биз аларды эч нерсени сезбей (бейкапар) турган абалдарында капыстан (азап менен) кармадык
Verse 96
Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокгпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик)
Verse 97
Айылдардын элдери, аларга Биздин азап (аларга) түндөсү, уктап жаткан кезде келишинен тынч беле
Verse 98
Айылдардын элдери, аларга Биздин азап күндүзү, алар ойноп-жыргап жаткан кезде келишинен көңүлдөрү ток беле
Verse 99
Алар Аллаһтын амалкерлигинен бейкапар беле? Аллаһтын амалкерлигинен зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот
Verse 100
Мекен-жерди (күнөөлөрү себептүү кыргынга учураган мурунку) ээлеринен мурас алган адамдарга, эгер Биз кааласак, аларды да күнөөлөрү себептүү кайгыга салып коюшубуз жана жүрөктөрүнө мөөр басып, тап-такыр укпай турган кылып коюшубуз малым эмес бекен
Verse 101
(О, Мухаммад!) Биз сага ушул айылдардын аңгеме-тарыхын айтып жатабыз: аларга Пайгамбарлары (анык-тунук) далилдерди алып келишсе да, мындан мурун жалганга чыгарышканы себептүү ыйман келтирбей коюшту. Аллаһ каапырлардын жүрөктөрүнө ушинтип мөөр басып койот
Verse 102
Биз элдердин көпчүлүгүндө (пайгамбар жибергенден кийин Аллаһтын осуяттарына) бекемдикти таппадык. Жана көпчүлүктөрүн бузуку абалында таптык
Verse 103
Кийин Биз алардын (пайгамбарлардын) артынан Мусаны моожизаларыбыз менен Фираунга жана анын элине жибердик. Бирок, алар моожизаларга зулум кылышты. (каапыр болушту) Эми, бузукулардын акыбети кандай болоорун көрүп кой
Verse 104
Муса айтты: “Эй, Фираун! Мен ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын
Verse 105
(Ошондуктан) мага Аллаһ жөнүндө чындыкты гана сүйлөшүм ылайык болот. Мен силерге Раббиңерден далил-баян алып келдим. Эми, Исрайил урпактарын мага кошуп (өз мекендерине) жибергин
Verse 106
(Фираун) Айтты: “Эгер сен чынчыл адамдардан болсоң (жана Аллаһтан) моожиза-далил алып келсең, кана көргөзчү, аныңды
Verse 107
Анан (Муса) аса-таягын (жерге) таштады эле... ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды
Verse 108
Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле.. ошол замат көрүүчүлөргө ап-апак (нурдуу) болуп калды
Verse 109
(Бул моожизаны көргөн) Фираун коомунун адамдары (ыйман келтирүүнүн ордуна): “Бул — илимдүү сыйкырчыдан башка эмес!” — дешти
Verse 110
“Ал силерди жериңерден чыгарууну каалап жатат. Эми, кандай чечимге келесиңер?” (деди Фираун)
Verse 111
(Адамдар) айтышты: “Аны менен бир тууганы Хаарунду койо тур дагы, бардык шаарларга (эл) чогултуучуларды жибер
Verse 112
Алар сага бардык илимдүү сыйкырчыларды таап келишсин
Verse 113
Фираундун сыйкырчылары жетип келишип: “Эгер биз жеңип чыксак сыйлык барбы?” дешти
Verse 114
“Ооба — деди Фираун — силер менин жакындарыман болуп каласыңар”
Verse 115
(Сыйкырчылар) айтышты: “О, Муса, же сен ташта же биз (биринчи) таштайлы?”
Verse 116
(Муса) айтты: “Таштагыла”. Сыйкырчылар (колдорундагы жиптерин, таяктарын жерге) таштаганда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап (бойоп), үрөйлөрүн учуруп, чоң сыйкыр көргөзүштү
Verse 117
Анан, Биз Мусага: “Аса-таягыңды жерге ташта!”-деп вахий кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган аса-таягы) сыйкырчылардын жалгандарын! жутуп жиберди
Verse 118
Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты
Verse 119
Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты
Verse 120
(Анан) сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап (мындай)
Verse 121
дешти: “Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик
Verse 122
Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”
Verse 123
Фираун айтты: “Мен силерге уруксат бербей туруп, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар
Verse 124
Мен силердин колу-бутуңарды каршы-терши жагынан кыркып, андан кийин бардыгыңды асып өлтүрөмүн!”
Verse 125
(Сыйкырчылар) айтышты: “(Билгениңди кыл!) Биз Раббибизге кайтуучу болдук
Verse 126
Сен бизден, Раббибиздин далил-моожизалары келген учурда (ошого) ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты:) “О, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын! Жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз) да алгын
Verse 127
Фираундун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы көкүтүп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн койосуңбу?” - дешти. (Фираун) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!”
Verse 128
Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллаһтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллаһка таандык. (Фираундуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.”
Verse 129
(Фираундун зулуму сөөгүнөн өткөндө, Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кылышыңарды карап турат”
Verse 130
Биз Фираун элин, акыл-эсине келээр деп (каатчылык) жылдары менен жана мөмө-жемиш жетишпестиги менен сынадык
Verse 131
Кийин, качан аларга бай-бардар турмуш келсе, (Аллаһка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”-дешти. А, эгер бир жокчулук- каатчылык жетсе Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллаһтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт
Verse 132
Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлаш үчүн ар канча далил-моожиза көргөзсөң да, сага ыйман келтирбейбиз” - дешти
Verse 133
Анан, Биз аларга (азап-жаза иретинде) топон суу (балээсин), чебиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберчиликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болгон
Verse 134
Аларга апаат-балээ (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “О, Муса, Аллаһ сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исрайил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти
Verse 135
Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту
Verse 136
Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик
Verse 137
Биз алсыз-бечара коомго (Исрайил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш (бардык) тарабын (Фираун коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исрайил урпактарына айткан жакшынакай сөзү,! сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Жана Биз Фираун менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын ойрон кылдык
Verse 138
Биз Исрайил урпактарын (аман-эсен) деңизден өткөргөнүбүздөн соң, алар өз идол-буттарына табынып жаткан элдин астынан өтүштү жана Мусага: “О, Муса бизге да ошолордукундай бут жасап бер” - дешти. (Анда) Муса айтты: “Силер наадан коом турбайсыңарбы
Verse 139
Чынында, алардын дини жалган, жасап жаткан ибадаты да жалган!”
Verse 140
Айтты: “Эми, мен силерге Аллаһтан башка “кудай” таап берейинби?! Аллаһ силерди ааламдардан артык кылып (душманыңардан аман-эсен куткарып койду эле го!”)
Verse 141
Жана эстегиле, (О, Исрайил урпактары!) Биз, силерди, аял-кызыңарды тирүү коюп, эркек балаңарды союп, башыңарга чексиз азап салган Фираун адамдарынан куткарган элек. Ушунуңарда силер үчүн Раббиңерден чоң сыноо бар
Verse 142
Биз Муса менен (ага Китеп — Шарият түшүрүп берүү үчүн) отуз кечеге убадалашып, дагы аны он (кече) менен толуктадык. Ошентип, Раббисинин (убадалашкан) убактысы толук кырк кече болду. Муса бир тууганы Харунга: “(Мен кеткенде) коомумдун арасында менин орунбасарым болуп, аларды түзөп жана бузукулардын жолуна ээрчибей тургун!” - деди
Verse 143
Муса Биз убадалашкан убакытта келгенде жана Раббиси ага (түздөн-түз) сүйлөгөндө: «О, Раббим! Мага көрүнчү, Сага карайын» -деди. Ал (Аллаһ) айтты: “Мени (бул дүйнөдө) эч көрө албайсың. Бирок, мына бул тоого карап тур, (мен ошого көрүнөмүн) эгер ал ордунда жылбай калса, сен Мени көрө аласың». Анан, Раббиси тоого көрүндү эле.., аны күкүм кылып таштады. Муса эстен танып жыгылды! Качан өзүнө келгенде, айтты: “О, Раббим, Сен Аруу-Тазасың! Мен (адепсиздик кылганыма) тообо кылдым! Жана мен ыймандуулардын алдынкысымын!””
Verse 144
(Аллаһ) деди: “О, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул нээмат үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!”
Verse 145
Анан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!” (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллаһтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн
Verse 146
Мен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак алалбай турган кылып) буруп койомун. Кийин алар ар канча далил-моожиза көрсө да, ага ыйман келтиришпейт. Туура Жолду көрсө, аны карманышпайт. Эгер адашуучулук жолун көрсө, ошону гана жол кылып алышты. Буга себеп; алар Биздин далилдерди “жалган” дешти жана ага көңүл бурбай коюшту
Verse 147
Биздин аяттарыбызды жана Акыреттик жолугушууну “жалган” деген адамдардын жасаган (жакшы) иштери текке кетет. Алар жасаган иштерине жараша “сыйланышат”
Verse 148
Мусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) зыйнаттарынан (Самирий деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, заалым (каапыр) болуп калышты
Verse 149
Качан гана (Муса келип, аларга чындыкты түшүндүргөн соң) бушайман болушуп, өздөрүнүн адашканын билишкенде: “Эгер Раббибиз бизге ырайым кылып, кечирбесе, сөзсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз!” -дешти
Verse 150
Муса коомуна кайтып келгенде (жана алардын музоого сыйынып жатканын көргөндө) ачууланып, бушайман чегип: “Менден соң мага кандай жаман орунбасар болупсуңар! Раббиңердин буйругун шаштырдыңарбы?!”-деди. Кийин Муса (жаалданып, колундагы) такталарды таштап, бир тууганынын (Харундун) башынан (чач-сакалынан) жулкулдата баштады. (Харун) айтты: “О, апамдын баласы! Чынын айтайын, коом мени кордоп, (айткандарымды уккандын ордуна, кайра) өлтүрүп койо жаздады. Мени душмандарга шерменде кылба! Жана мени заалым адамдардар менен бирге деп ойлобо
Verse 151
(Муса) айтты: «О, Раббим! Мени жана бир тууганымды Өзүң кечир! Жана бизди Өз ырайымыңа ал! Сен эң ырайымдуусуң!»
Verse 152
Чынында, музоону кудай кылып алгандарга жакын арада Раббисинен каар-казап жана (ушул) дүйнө жашоосунда кордук жетет! Биз (Аллайһга) жалган токугандарды ушинтип жазалайбыз
Verse 153
Ал эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тооба кылып, ыйман келтирген адамдар болсо, Чынында сенин Раббиң ошондон (тооба кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу
Verse 154
Мусанын ачуусу басылганда тактайларды колуна алды. Анын жазууларынын арасына Раббисинен корккон адамдар үчүн ырайым жана Туура Жол камтылган эле
Verse 155
Анан, Муса Биздин убадалашкан убактыбыз үчүн коомунан жетимиш адамды тандады.! Анан аларды гүлдүрөк(түү чагылган) урганда (Муса) айтты: “О, Раббим! Эгер кааласаң мени да, аларды да мындан мурдараак (коомум музоого табынганда эле) өлтүрөт элең. Эми, биздин арабыздагы акмактардын ишинин кесепетинен бардыгыбызды кыйратасыңбы?! Бул иш (Сенин музоого табынгандарды кечиришиң жана мына бул акмактардын “Аллаһ кечире берет экен” деп, чектен чыгып, Сага адепсиздик кылышканы Сенин сынооңдон башка нерсе эмес. Бул сыноо менен Сен каалаганыңды Туура Жолго баштап, каалаганыңды адаштырасың. Сен — биздин башчыбызсың. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң)
Verse 156
Бизге ушул дүйнөдө жана Акыретте жакшылыктарды насип кыл! Биз (күнөөбүздү моюнга алып) Өзүңө кайттык. (Аллаһ) айтты: “Азабымды Өзүм каалагандарга жеткиремин жана ырайымым бардык (жандуу-жансыз, күнөөсүз-күнөөлүү) нерселерди ороп-камтып алат. Мен ал ырайымды (Аллаһтан) корккон, зекетти берген жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдарга гана насип кыламын
Verse 157
Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллаһтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (яхудийлер менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза — пакиза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (Тозоктон) кутулуучулар
Verse 158
Айт: “О, адамдар! Мен силердин баарыңарга Аллаһтын элчиси боломун! (Аллаһ) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллаһка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи-пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллаһка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Жана Туура Жолго түшүүдөн үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле
Verse 159
Мусанын коомунун арасында акыйкатка баштай турган, акыйкат менен адилеттүүлүк кыла турган жамаат дагы бар
Verse 160
Биз аларды уруу-уруу кылып он эки элге бөлүп жибердик. Бир кезде коому Мусадан суу сураганда, Биз Мусага: “Аса-таягыңды ташка ургун” деп вахий кылдык. Кийин ал таштан он эки булак атырылды. (Муса ал булактарды он эки урууга бөлүп, белгилеп берген соң) бардык адамдар өз ичер сууларын таанышты. Кийин Биз алардын үстүнө булутту көлөкө кылып койдук. Анан дагы (ачка калышканда) аларга асмандан халваларды, бышырылган куш эттерин жаадырып: “Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан жегиле” дедик. (Бирок, бул эл шүгүр кылууну ойлоп да койбостон, мойнундагы парыздарды аткарбастан күнөө иштерин улантты) Алар (муну менен) Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө гана зулум кылышты
Verse 161
(О, Мухаммад) эстегин, бир кезде аларга айтылды: “Мына бул шаарга (Иерусалимге) кирип, андан каалаган жериңерде (каалаган тамагыңарды) жегиле. Бирок, “кечиргин” деп, дарбазадан сажда кылып (Аллаһга ыраазычылык билдирип, кичипейил болуп) киргиле. (Ошентсеңер) Биз силердин катаңарды кечирип, ихсан-жакшылык кылгандарды(н сообун) көбөйтөбүз”. (Аллаһ Исрайил урпактарынын көптөгөн күнөө-каталарын кечирүү үчүн ушул вазыйпаны парз кылган эле. Бирок)
Verse 162
Алардын арасынан (көпчүлүк) заалым адамдар (“кечиргин” деген) сөздү өздөрүнө айтылбаган башка сөзгө алмаштырып коюшту. Зулум (каапырлык) иш жасагандары себептүү Биз аларга асмандан балээ-азап жибердик
Verse 163
Сен алардан (Исрайил урпактарынан) деңиз жээгиндеги айыл жөнүндө сура. Ошондо алар ишемби күндөгү (Аллаһ тыюу салган) чектен чыгып кетишти: ишемби күндөрү балыктары толуп-толуп (суу бетинде) келе жаткан. Ишембиден башка күндөрү келбей калган. Биз аларды бузукулуктугуна жараша ушинтип сынайбыз
Verse 164
Бир кезде алардан бир жамаат айтты: “Эмне үчүн силер Аллаһ өлтүрүп, катуу жаза бере турган коомго насаат айтып жатасыңар? (Күнөөдөн кайтаргандар) айтышты: “Алардын такыбаа болушун (балык уулоосун токтотушун) үмүт кылып жана Раббиңердин алдында (“биз кайтарган элек” деп) актануу үчүн”
Verse 165
(Күнөөлүү адамдар) өздөрүнө эскертилген нерсени унутуп коюшканда, жамандыктан кайтарган адамдарды куткарып, (өздөрүнө) зулум кылгандарды, бузукулуктарына жараша катуу азап менен кармадык
Verse 166
Кайтарылган (күнөө) иштеринен көкбеттенип кайтпай коюшканда Биз (аларды каргап): “Жек көрүндү маймылдарга айланып калгыла!” дедик
Verse 167
Дагы, бир мезгилде Сенин Раббиң алардын үстүнө тээ Кыяматка чейин, жаман азап менен кордой турган адамдарды жиберип тураарын ашкере билдирген. Чынында, сенин Раббиң тез жаза берүүчү жана чынында Ал Кечиримдүү, Боорукер
Verse 168
Биз аларды жер бетинде бөлүк-бөлүк кылып тыркыратып (чачып) таштадык. Алардын арасында (Аллаһтын укугун ордуна коюучу) жакшылары да бар, жакшы эместери да бар. Жана Биз аларды (кээде) жакшылыктар, (кээде) жамандыктар менен сынадык. Кана эми, (көкбеттиктеринен ыйманга) кайтышса
Verse 169
Кийин алардын артынан, Тооратты мурас кылып алган бир муун калды. Алар (Тоорат аятын бурмалап, анын акысына) жарыбаган дүйнө буюмдарын алышып: “Бизге кечирим берилет” дешет. Эгер аларга ошондой эле дүйнө буюмдары келсе, (дагы) ала беришет. (Артынан дагы “Аллаһ кечирет бизди” деп койо беришет) Акыры, алардын үстүндө: “Аллаһ жөнүндө чындыкты гана сүйлөшөт” деген Китеп (Тоорат) осуяты бар эле го?! Алар Тоораттын ичиндеги аяттарын (ар дайым) окушат эле го! Акырет коргону Аллаһтан корккон (такыба) адамдар үчүн жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби
Verse 170
Жана (алардын арасында ыйык) Китеп өкүмдөрүн бекем кармаган, намазды толук окуган адамдар да бар. Биз оңдоочулардын сообун текке кетирбейбиз
Verse 171
Эстегин, Биз алардын үстүнө («Туур» деп аталган) тоону чатыр сыяктуу көтөрүп, алар “мына эми, үстүбүзгө кулап түшөт” деп ойлоп калганда: “Биз силерге берген Шарият өкүмдөрүн бекем кармагыла жана такыба болууну үмүт кылсаңар, анын ичиндегилерди унутпай жүргүлө!” (дедик)
Verse 172
Жана эстегин, Сенин Раббиң адамзаттын (Адам-Атанын) белинен урпактарын чыгарды. Жана аларды өздөрүнө күбө кылып: “Мен силердин Раббиңер эмесминби?” дегенде алар “Ооба, күбө болдук”-дешти. (О, Адам урпактары!) Силер Кыямат Күндө (жалгыз Раббиңе сыйындыңбы?” деп суралганыңарда) “Биз мындан кабарсыз элек” дей албай калышыңар үчүн (Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз)
Verse 173
Же болбосо “Мурун ата-бабаларыбыз мушрик болгон экен, биз ошолордон кийинки урпактар болобуз. (О, Аллаһ) Сен бизди адашкан ата-бабалар жасаган иш себептүү өлтүрөйүн (тозоко таштайын) деп жатасыңбы” (дей албай калышыңар үчүн Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз)
Verse 174
Биз алардын (өздөрүнүн табияттарына жана ыйманга) кайтуусу үчүн аяттарыбызды ушундай анык баян кылуудабыз
Verse 175
(О, Мухаммад!) Аларга (Исрайил урпактарына) Биз далилдерибизди берген (аалым) кишинин кабарын айтып бер: ал (өзү билген) далилдерди (амал кылбай) таштап койду эле, шайтан ээрчитип кетти жана адашуучулардан болуп калды
Verse 176
Эгер Биз кааласак, далилдер (илим) себептүү анын даражасын көтөрүп коймокбуз. Бирок, ал жерге (жер мүлкүнө) жабышып алып, напсинин каалоолоруна ээрчип кетти. Анын (сук — ачкөздүгүнүн) мисалы бир итке окшойт: аны айдасаңда, жөн койсоң да тилин асылтырып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган («аалым») адамдардын мисалы. (О, Мухаммад!) аларга (ушул сыяктуу) тамсил-икаяларды айтып бер. (Чындык жөнүндө) пикир кылышса ажеп эмес
Verse 177
Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулум кылган адамдардын мисалы кандай жаман
Verse 178
Аллаһ кимди Туура Жолго баштаса, демек ал Туура Жол табуучу. Ал эми, кимди адаштырса, ошолор гана зыян тартуучулар
Verse 179
Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. (Анткени,) алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар, бирок көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угуп койбойт. Алар айбандар сыяктуу. Жок! Андан да төмөн! Алар — (эч нерсени) туйбаган адамдар
Verse 180
Аллаһтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Жана Аллаһтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат
Verse 181
Биз жараткан калктардын арасында Акыйкат менен Туура Жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар да бар
Verse 182
Биздин аяттарыбызды “жалган” дегендерди өздөрү билбей-сезбей кала турган кейипте «истидраж» кылабыз
Verse 183
Аларга мөөнөт берилет. Чынында Менин айлакерлигим бекем
Verse 184
Алар дайым бирге жүргөн шериктеринде (Мухаммадда) жиндилик жок экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес
Verse 185
Алар асмандар жана жер мүлк(төр) ү жөнүндө, Аллаһ жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Кураандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен
Verse 186
Аллаһ кимди адаштырып койсо, ага эч бир жол баштоочу жок! Аллаһ аларды сокур адамдай тентиген абалда өз адашуучулуктарына таштап койот
Verse 187
Алар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болоору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор-машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт.»
Verse 188
Айткын: “Мен өзүмө Аллаһ каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык жетмек эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын
Verse 189
Ал (Аллаһ) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Хаваа-Энени) жаратты. Анан ага жакындык кылганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди.! Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты
Verse 190
(Аллаһ) экөөнө жакшы перзент бергенде, берген нерсесинде Аллаһка ширк келтиришти.” Аллаһ алардын ширктеринен Бийик-Жогору
Verse 191
Эч нерсени жаратпай, жаратылган нерселерди Аллаһга шерик кылышабы
Verse 192
(Адамдар Аллаһка шерик кылган башка “кудайлар”) Аларга гана эмес, өздөрүнө да жардам бере алышпайт
Verse 193
(О, мушриктер!) Эгер силер аларды (“кудайыңарды”) Туура Жолго чакырсаңар ээрчип келбейт (укпайт). Аларды чакырдыңарбы же унчукпай турдуңарбы, силерге айырмасы жок
Verse 194
Аллаһтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллаһтын макулуктары). Эгер чынчыл болсоңор, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришет бекен
Verse 195
Эмне, алардын жүрө турган буттары барбы? Же (күч менен) кармагыдай колдору барбы? Же көрөөр көздөрү барбы? Же болбосо, уккудай кулактары барбы?! Айткын: “Аллаһга шерик кылган “кудайыңарга” дуба кыла бергиле дагы, эч нерсеге карабай (мага каршы) айлакерлигиңерди баштай бергиле” (бирок, колуңардан эч нерсе келбейт)
Verse 196
(Анткени,) Менин коргоочум — Аллаһ! Ал (мага асмандан) Китепти түшүргөн. Жана Ал салих адамдарга жардам берет
Verse 197
Аллаһтан башка силер дуба кыла турган “кудайлар” силерге да, өздөрүнө да жардам бере албайт
Verse 198
Эгер аларды Туура Жолго чакырсаңар — укпайт. Карасаң, сага «карап» эле турушат, бирок көрүшпөйт
Verse 199
(О, Мухаммад!) Кечиримдүү бол жана (адамдарды эң жакшы) касиеттерге буюр. Жана наадандардан ыраак бол
Verse 200
Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллаһтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү
Verse 201
Чынында, такыба адамдарды шайтан азгырыгы кармаганда (ошол замат) Аллаһты эстешип (Туура Жолду) көрө башташат
Verse 202
Ал эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт
Verse 203
Жана сен (алар сураган) далил-моожизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан вахий кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Кураан) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) нышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн Туура Жол, Ырайым
Verse 204
(О, адамдар!) качан Кураан окулганда, ага кулак салгыла жана сүкүт чалып тургула! Аллаһтын ырайымына бөлөнсөңөр ажеп эмес
Verse 205
(О, Мухаммад!) Раббиңди эртели-кеч өзүңчө (ыклас менен), жалбарып, коркуп жана ашкере кыйкырбай зикир кылгын. Жана (Аллаһты) унутуп коюучулардан болбогун
Verse 206
Чынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат