Back to Languages

    Kirghiz - Chapter 73

    Translation by Shams Al Din Hakimov

    Verse 1

    О, оронуп жаткан киши

    Verse 2

    Түндөсү тур (жана ибадат кыл!?) Бир аз гана бөлүгүндө-жарымында (уктасаң) мейли

    Verse 3

    Же болбосо, (уйкуну) андан (жарымдан) аз гана кемит

    Verse 4

    Же бир аз кош жана Кураанды кыраатын келиштирип оку!“

    Verse 5

    Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Кураанды) түшүрөбүз

    Verse 6

    Түңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Кураан окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак

    Verse 7

    Күндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар

    Verse 8

    (Кураан окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахийм” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл

    Verse 9

    (Аллаһ) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (О, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал

    Verse 10

    (О, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур

    Verse 11

    (Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер

    Verse 12

    Биздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар

    Verse 13

    Жана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар

    Verse 14

    Ал (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат

    Verse 15

    (Эй, Макка каапырлары!) Биз Фираунга (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат

    Verse 16

    Фираун айгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук

    Verse 17

    Эгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар

    Verse 18

    Ал (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллаһтын) убадасы аткарылат

    Verse 19

    Албетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.”

    Verse 20

    (О, Мухаммад) Раббиң сенин жана сен менен болгон тайпанын түндүн үчтөн экисинен азыраагында жана жарымында жана үчтөн биринде (ибадат үчүн) турушуңду билет. Аллаһ түн менен күндү ченейт. Ал силердин аны (түндөгү ибадат сааттарды) эсептей албай калганыңарды билип, силерге жеңилдикти кайтарды. Эми, (түндөсү) Кураандан алыңар жеткенче гана окугула. (Себеби Аллаһ) жакын келечекте силердин араңарда оорулуу адамдар болушун, жана башкалары Аллаһтын ырыскы — пазилетин издеп жер бетин кезип (соода же сапар кылып) жүрүшүн, жана башка бирөөлөр Аллаһ жолунда жихад кылуу менен алектенишин билди. (Ошондой болгон соң) эми, ал-кудуретиңер жеткенче Кураан окугула. Жана намазды (толук) аткарып, зекет бергиле. Жана Аллаһка жакшынакай карыз бергиле. Өзүнөр(дүн араңардагы кедей муктаж инсандар) үчүн эмне жакшылык (садака) кылган болсоңор, аны Аллаһтын алдында андан да жакшыраак, улугураак сооп иретинде табасыңар. Жана Аллаһтан (көп) кечирим сурагыла! Чынында Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу