Back to Languages
Kirghiz - Chapter 75
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
Мен Кыямат күнүнө ант ичип
Verse 2
Жоемелөөчү напси? менен ант ичип, (айтамын)
Verse 3
“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”
Verse 4
Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз
Verse 5
Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр
Verse 6
(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар
Verse 7
Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат
Verse 8
Айдын нуру өчөт
Verse 9
жана Күн менен Ай бириктирилет
Verse 10
Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат
Verse 11
Жок! Качып бара турган орун жок
Verse 12
Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар
Verse 13
Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы —жаман) иштери жөнүндө кабар берилет
Verse 14
Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт
Verse 15
Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт)
Verse 16
(О, Мухаммад, сага Жебрейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе
Verse 17
Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет
Verse 18
Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебрейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин
Verse 19
Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет
Verse 20
Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр
Verse 21
жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар
Verse 22
Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып
Verse 23
Раббисине (үмүт менен) карап турат
Verse 24
Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып
Verse 25
өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат
Verse 26
Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда
Verse 27
«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда
Verse 28
(Күнөөкөр пенде «дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда
Verse 29
Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда
Verse 30
Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор
Verse 31
Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады
Verse 32
Бирок, «жалган» деп далысын салып койду
Verse 33
Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти
Verse 34
Өлүм болсун сага өлүм
Verse 35
Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм
Verse 36
(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) беймаксат таштап коюлган деп ойлойбу
Verse 37
Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле
Verse 38
Анан коюу кан болду. Анан (Аллаһ) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)
Verse 39
Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты
Verse 40
Эми, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи