Back to Languages

    Kirghiz - Chapter 8

    Translation by Shams Al Din Hakimov

    Verse 1

    (О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллаһ жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллаһтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллаһка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула

    Verse 2

    Чынында, ыймандуу адамдарга Аллаһты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт.? Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат

    Verse 3

    (Дагы) алар намаздарын кемчилдиксиз окушуп, Биз ырыс кылып берген нерселерден эхсан-садака кылышат

    Verse 4

    Ошолор гана чыныгы момундар! Аларга Раббисинин алдында (Бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана улуу ырыскылар бар

    Verse 5

    Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, момундардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту

    Verse 6

    (Аллаһтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, өлүмгө айдалып бараткансып, карап туруп сени менен талашып жатышат

    Verse 7

    Аллаһ силерге эки тайпанын бирөөсүн! (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллаһ болсо, (силер каалагандан башканы:) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады

    Verse 8

    Эгер кылмышкер-мушриктер жаман көрсө да, (Аллаһ) жалганды жоюп, акыйкатты орнотуу үчүн (ушундай болуусун каалады)

    Verse 9

    Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип, (пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди

    Verse 10

    Муну Аллаһ (силердин рухуңарга) шаттык (деми) кылып жана аны менен жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жеңиш - Аллаһтан гана. Чынында Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

    Verse 11

    Ошондо, (Аллаһ) силерди, Өзү тарабынан тынчтык-бейпилдик болушу (жана жүрөгүңөрдөн коркууну кетирүү) үчүн (көз ирмемдик) уйку менен ороду жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден Шайтан азгырыгын кетирип, таза-пакиза кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды

    Verse 12

    Ошондо, (о, Мухаммад) сенин Раббиң периштелерге: “Мен силер менен биргемин. Эми, ыймандуу адамдарды шерденткиле! Мен тез эле каапырлардын жүрөгүнө коркуу саламын, силер дагы алардын моюндарына чаап, ар бир манжаларын кесип таштагыла!” -деп вахий кылды

    Verse 13

    Мунун себеби; алар (каапырлар) Аллаһка жана пайгамбарына каршы согушту. Ким Аллаһ жана пайгамбары менен согушса, (билип алгыла) чынында, Аллаһтын азабы катуу

    Verse 14

    Ушул силердин жазаңар! Аны(н азабын) таткыла! Жана, акыйкатта, каапырларга Тозок азабы бар

    Verse 15

    О, момундар! Эгер чабуулга өткөн каапырларга жолуксаңар, аларга артыңарды салып качпагыла

    Verse 16

    Ким ошол күндө аларга артын салса, Аллаһтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы Тозок! Ал кандай жаман орун! Бирок, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, (башка бир) жамаатка кошулуу максатында артын салса (анда качкан болуп эсептелбейт жана күнөө болбойт)

    Verse 17

    (О, момундар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллаһ өлтүрдү. (О, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллаһ атты. Жана Өзү тарабынан момундарга жакшынакай сыноо болсун үчүн (ушинтти).! Чынында - Аллаһ Угуучу, Билүүчү

    Verse 18

    Ушул жеңишиңер (Аллаһтан) Жана Аллаһ акыйкатта, каапырлардын амалдарын алсыратуучу

    Verse 19

    (Эй, мушриктер!) Эгер Аллаһтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (Туура Жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз дагы кайтабыз. Анда жамаатыңар ар канча көп болсо да, силерге эч жардам бере албай калат. Чынында, Аллаһ момундар менен

    Verse 20

    О, ыйман келтиргендер! Аллаһка жана Пайгамбарына моюн сунгула жана (Кураандагы “моюн сунгула” деген буйрукту) угуп туруп андан жүз бурбагыла

    Verse 21

    Укпай туруп “уктук” деген адамдардан! болбогула

    Verse 22

    Албетте, Аллаһтын назарында айбандардан да эң жаманы (чындыкты) укпаган, (акыйкатты) сүйлөбөгөн акылсыздар

    Verse 23

    Эгер Аллаһ алардан бир жакшылык болоорун билгенде (акыйкатты) уга турган кылып коймок. Жана, эгер уга турган кылып койсо деле, (акыйкаттан) жүз буруп кетмек

    Verse 24

    О, ыйман келтирген пенделер! Силерге жашоо бере турган нерсеге (ибадатка) чакырганда, Аллаһ менен пайгамбарына (дароо) жооп бергиле! Билип койгула, Аллаһ адам менен (анын) жүрөгүнүн арасын тосуп койот.? Жана чынында, бардыгыңар Анын Өзүнө чогуласыңар

    Verse 25

    Жана силердин араңардагы зулум (күнөө) кылгандардын өзүнө гана тийбей (бардыгыңарга тегиз тие) турган азаптан? корккула! жана билгиле Аллаһтын азабы катуу

    Verse 26

    (О,момундар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-бечара жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллаһ силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза нерселерди ырыскы кылып берди. Кана эми, (ушуларга) шүгүр кылсаңар

    Verse 27

    О,ыйман келтиргендер! Аллаһка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла

    Verse 28

    Жана билип койгула, чынында силердин мал-дүйнөңөр жана бала-чакаңар — бул сыноо (гана). Акыйкатта, Аллаһтын алдында Улук сооп бар

    Verse 29

    О,ыйман келтиргендер! Эгер Аллаһтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ — Улук пазилет ээси

    Verse 30

    (О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (өз журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө же болбосо, сүргүн кылууга амал издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллаһ да айлакерлик кылат. Аллаһ айлакерлердин мыктысы

    Verse 31

    Эгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет

    Verse 32

    Бир кезде алар: “О, Аллаһ! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаадыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” — дешти

    Verse 33

    (О, Мухаммад, ар качан) сен алардын арасында экениңде, Аллаһ аларды азаптабайт. Жана алар (тооба кылышып) күнөөлөрүнө (Аллаһтан) кечирим сурашса да Аллаһ аларды азаптабайт

    Verse 34

    (Бирок,) Алар (мусулмандарды) Масжид аль-Харамдан тосуп жатса Аллаһ аларды азаптабай коймок беле?! Анын (Масжид аль-Харамдын) ээлери алар эмес! Анын (чыныгы) ээлери такыбаалуу адамдар. Бирок, көпчүлүгү (муну) билишпейт

    Verse 35

    Алардын “Байтуллах” (Аль-Харам) алдындагы “намаздары” ышкырык жана кол чабуудан башка эмес эле! Эми, (эй, мушриктер!) каапыр болгонуңарга жараша азапты(н даамын) таткыла

    Verse 36

    Каапырлар (адамдарды) Аллаһтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет, бирок кийин (бул иштери) өз баштарына бушайман болот. Кийин... жеңилишет! Каапырлар (Акыретте) Тозокко чогултулат

    Verse 37

    Аллаһ ыпыластарды таза-пакизалардан ажыратып алып, бири-бирине кабаттап, жыйнап, бардыгын Тозокко салышы үчүн. Ошолор анык зыян тартуучулар

    Verse 38

    (О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, (билип коюшсун:) мурункулардын жолу өткөн

    Verse 39

    (О, момундар!) каапырларга каршы, (жер бетинде) фитна (ширк жана динге тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин-өкүмдүн бардыгы Аллаһка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллаһ жасаган иштерин Көрүүчү

    Verse 40

    А, эгер (Аллаһка моюн сунуудан) жүз бурушса, билгиле, силердин башчыңар — Аллаһ! Ал мыкты Башчы жана мыкты Жардамчы

    Verse 41

    Эгер силер (о, момундар) Аллаһка жана Өз пендебизге түшүргөн нерсеге (Кураанга) ишенген болсоңор, билип алгыла, (ак менен кара) ажыратылган жана эки (аскердик) жамаат жолугушкан күндө, олжого алган нерсеңерден бештен бир бөлүгү — Аллаһка жана Пайгамбарына, (калганы) тууган-уруктарга, жетимдерге, мискин- кедейлерге жана мусапырларга. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

    Verse 42

    Ошондо (Бадр согушу болуп, олжо алынган күндө) силер (Мединага) эң жакын жерде, алар (мушрик аскерлери) алысыраак жерде, ал эми, кербен силерден төмөнүрөөк (деңиз) тарапта эле.! Эгер силер (согуш болоор орун жана убакыт жөнүндө мурдатан) убадалашсаңар убадада келише албаган болот элеңер. Бирок, Аллаһ (өз тагдырында) болуп калган ишти болтуруп, өлгөндөрдү далил менен (каапырчылыкты тандаганы үчүн) өлтүрүү үчүн жана тирүү калгандарды да далил менен (ыйманга келгендери себептүү) тирүү калтырыш үчүн (силерди күтүлбөгөн жерден жолуктуруп койду) Чынында Аллаһ Угуучу, Билүүчү

    Verse 43

    Ошондо, (о, Мухаммад!) Аллаһ сенин түшүңдө аларды (мушрик аскерлерин) аз сандуу кылып көргөздү. Эгер көп кылып көргөзсө (жана сен муну сахаабаларыңа айтсаң) муунуңар бошоп, (көпчүлүгү согушууну каалабай) иште талашып калмаксыңар. Бирок, Аллаһ сактады. Чынында, Ал көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү

    Verse 44

    Ошондо, (о, мусулмандар), силер жолуккан кезде, Аллаһ (тагдырында) болуп калган ишти аткаруу үчүн көзүңөргө аларды аз көргөзүп, силерди алардын көздөрүнө көп көргөздү. Иштердин бардыгы Аллаһка кайтат

    Verse 45

    О, ыйман келтиргендер! Эгер (душман) жамаатка жолуксаңар, бекем-сабырдуу болуп, жеңиштен үмүтүңөр болсо, Аллаһты көп-көп эстегиле

    Verse 46

    Жана Аллаһ менен (Анын) пайгамбарына моюн сунгула, (эч качан) талашып-тартышпагыла! Антсеңер, алсыз болуп, кайратыңар жоголот. Сабыр кылгыла! Аллаһ сабырдуулар менен

    Verse 47

    Мекендеринен (Маккадан) текеберленип, адамдардын көзүнө шаан-шөкөттөнүп жана Аллаһтын жолунан (адамдарды) тосуу максатында (согушка) чыккандар сыяктуу болбогула! Аллаһ алардын бардык иштерин камтып алуучу

    Verse 48

    Бир кезде шайтан аларга амалдарын кооз көргөзүп: “Силерди бүгүн адам затынан эч ким жеңе албайт (саныңар да, даярдыгыңар да мусулмандардыкынан көп) Силерди өзүм кепилдигиме аламын (эч коркпогула)” - деди.! Ал эми, эки жамаат (согуш майданында) жолукканда (Шайтан): «Менин силер менен ишим жок, (анткени,) мен силер көрбөгөн нерсени көрүп калдым. Мен Аллаһтан коркомун! Аллаһтын азабы кату» деп, аркасына качып жөнөдү

    Verse 49

    Ошондо (мусулмандардын арасындагы) мунафыктар менен жүрөктөрүндө шек-күмөн болгон (ыйманы күчсүз) адамдар: “Буларды дини оолуктуруп жиберди” - дешти. Ким Аллаһка тобокел кылса, Аллаһ Кудуреттүү (жана өз ишинде) Даанышман

    Verse 50

    (О, Мухаммад) Эгер сен, периштелер каапырларга: “Тозок азабын таткыла! - деп, беттерине, көчүктөрүнө чаап, өлтүрүп жатканын көрсөң эле

    Verse 51

    (Дагы периштелер) «Бул (азап) өз колуңар жасаган (күнөө) иштер себептүү болууда. Албетте, Аллаһ пенделерине зулумкер эмес” (дешти)

    Verse 52

    (Алардын кылмышы) Фираун адамдарынын жана алардан мурдакылардын кылмышына окшойт: Аллаһтын аяттарына каапыр болушту эле, Аллаһ аларды күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылды. Чынында, Аллаһ — Кубаттуу жана азабы катуу

    Verse 53

    Бул (азаптар) Аллаһ эч бир коомго берген нээматтарын, качан алар өз жүрөктөрүндө болгон нерсени (ыйманды каапырчылыкка) өзгөртмөйүнчө өзгөртпөөсү себептүү болууда. Чынында, Аллаһ Угуучу, Билүүчү

    Verse 54

    (Дагы алардын иштери) Фираун адамдарынын жана алардан мурункулардын иштерине окшош: Раббисинин аяттарын “жалган” дешти эле, күнөөлөрү себептүү өлүм берип, Фираун адамдарын (деңизге) чөктүрүп жибердик. (Аллаһ жазалагандардын) бардыгы (өздөрүнө) зулум кылуучулар болду

    Verse 55

    Чынында, Аллаһтын назарында кыбыраган жандыктын эң жаманы — каапырлар. Себеби, алар ыйман келтиришпеди

    Verse 56

    Сен алар менен убадалаштың эле, кийин, ар бир жолку убадалашууда кыянат кылышты. Алар такыбасы жок адамдар

    Verse 57

    Эгер аларды согушта тапсаң сазайын берүү менен, артындагыларга сес көргөзүп кой. Эстеринен чыгарбай жүрүшөөр

    Verse 58

    Эгер (сени менен согушпастык келишимин түзгөн) бир коомдун кыянат кылуусунан корксоң, убада-келишимдерин таштап сал! (Убада бузулганын силер да, алар да) барабар (билип жүргүлө) Чынында, Аллаһ кыянатчыларды сүйбөйт

    Verse 59

    Каапыр адамдар (“Эми бизге Аллаһтын азабы келишинен) өтүп кеттик” — деп ойлошпосун. Алар (эч качан Аллаһты) алсыз калтыра алышпайт

    Verse 60

    (О, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты: жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллаһтын жана өзүңөрдүн душманыңарга жана да (ким экенин) Аллаһ гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүңөр. Аллаһтын жолунда (жихад үчүн) эмнени сарп кылсаңар (Кыяматта) өзүңөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат

    Verse 61

    Эгер алар (душмандар) тынчтыкка ыктаса, сен да тынчтыкка умтул жана Аллаһка тобокел кыл. Аныгында, Ал — Угуучу, Билүүчү

    Verse 62

    Эгерде сени алдоону каалашса, сага Аллаһ жетиштүү: Ал сени Өзүнүн (асмандан келген) жардамы жана момундар менен колдогон

    Verse 63

    Жана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллаһ дос кылды. Чынында, Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

    Verse 64

    О, Пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Аллаһ жетиштүү

    Verse 65

    О, Пайгамбар! Момундарды согушка кайраттандыр! (О, момундар!) Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, (душмандан) эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миңди жеңе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар

    Verse 66

    Эми, Аллаһ силерден (милдетиңерди) жеңилдетти. Жана силерде (он эсе, жыйырма эсе көп душманга тең келе албай турган) алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, эгер силерден миң болсо, Аллаһтын уруксаты менен, эки миңди жеңет,! Аллаһ сабырдуулар менен

    Verse 67

    Качан жер бетинде (Исламга өчөшкөндөр калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча эч бир Пайгамбардын алдында туткундар(дын) болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллаһ болсо, Акыретти каалайт. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман.”

    Verse 68

    Эгерде, Аллаһтын тагдырында (“Ислам үммөтүнөн азап көтөрүлгөн” деп) жазылып коюлбаганда алган кун акыңардын жазасына силерди чоң азап кармайт эле

    Verse 69

    Эми, олжо кылып алган нерсеңерден адал-таза билип жей бергиле.! Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

    Verse 70

    О, Пайгамбар! Кол астыңдагы туткундарга айт: “Эгер Аллаһ жүрөгүңөрдө жакшылык (ыйман) бар экенин билсе, силерге, алынган кун акыңардан жакшыраак нерсени берет жана (өткөндөгү) күнөөңөрдү кечирет. Жана Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

    Verse 71

    Эгер алар (мушрик туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, мындан мурун Аллаһка да кыянат кылышкан болчу, кийин Аллаһ аларды колуңа салып берди. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

    Verse 72

    Чынында, ыйман келтирип, (диндерин сактап калуу үчүн Маккадан Мединага) хижрат кылган жана Аллаһ жолунда мал-жандары менен жихад кылган мусулмандар менен, аларга (Мединадагы өз үйлөрүнөн) орун-очок берип, ансар — жардамчы болгондор бири-бирине жакын-дос. Ал эми, ыйман келтирсе да, хижрат кылбаган адамдар болсо, качан хижрат кылмайынча силерге эч нерседе дос боло алышпайт. Эгер алар силерден душмандарына каршы жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда милдет. Ал эми, силер менен (өз ара согушпоо жөнүндө) убада-келишими бар болгон коомго каршы жардам сурашчу болсо, анда жардам бербейсиңер. Аллаһ эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү

    Verse 73

    Каапыр адамдар бири-биринин достору. (Демек, силер эгер момун болсоңор, момундарды дос, каапырларды душман туткула). Эгер ушуну аткарбасаңар, жер бетинде бузукулуктар жана чоң күнөөлөр болот

    Verse 74

    Ыйман келтирип, хижрат кылып, Аллаһтын жолунда жихад кылган адамдар менен аларга орун-жай даярдап, жардам бергендер чыныгы ыймандуулар! Аларга (Раббисинен) кечирим жана улук ырыскылар бар

    Verse 75

    Кийинчерээк болсо да ыйман келтирип, хижрат кылып, силер менен бирге жихад кылгандар — силерден. Жана бир туугандар Аллаһтын Китебинде бири-бирине жакыныраак. Аллаһ ар бир нерсени Билүүчү

    Unexpected Application Error!

    Unexpected token '<', "<!DOCTYPE "... is not valid JSON

    SyntaxError: Unexpected token '<', "<!DOCTYPE "... is not valid JSON