Back to Languages

    Kirghiz - Chapter 83

    Translation by Shams Al Din Hakimov

    Verse 1

    Таразадан алдагандарга чоң азап болсун

    Verse 2

    Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы

    Verse 3

    Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет

    Verse 4

    Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен

    Verse 5

    Улуу Күн — Кыяматта

    Verse 6

    Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат

    Verse 7

    Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжийнде» экени анык

    Verse 8

    (О, Мухаммад!) сен «Сижжийн» эмне экенин билбейсиң

    Verse 9

    Ал— жазылган китеп

    Verse 10

    Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет

    Verse 11

    Алар сурак күндү жалган дегендер

    Verse 12

    Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет

    Verse 13

    А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет

    Verse 14

    Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган

    Verse 15

    Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат

    Verse 16

    Андан соң, алар тозокко ташталышат

    Verse 17

    Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!»-деп айтылат

    Verse 18

    Чынында, жакшы пенделердин китептери? «Иллийюнда»

    Verse 19

    (О, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң

    Verse 20

    (Ал) - жазылган китеп

    Verse 21

    Аны (Аллаһка) жакындар (периштелер) көрүп турат

    Verse 22

    Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде

    Verse 23

    Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат

    Verse 24

    Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң

    Verse 25

    Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет

    Verse 26

    Ал шараптын сактагычы -«миск»!. Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын

    Verse 27

    Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден»

    Verse 28

    (Тасним - бул) Аллаһка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак

    Verse 29

    Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн

    Verse 30

    (Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан

    Verse 31

    Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан

    Verse 32

    Эгер аларды көрүп калса, «Булар-адашкандар» деп айтышкан

    Verse 33

    Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго

    Verse 34

    Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт

    Verse 35

    (жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат

    Verse 36

    Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле

    Unexpected Application Error!

    Unexpected token '<', "<!DOCTYPE "... is not valid JSON

    SyntaxError: Unexpected token '<', "<!DOCTYPE "... is not valid JSON