Back to Languages
Kirghiz - Chapter 85
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
Ментопжылдыздар мекени — асманга ант ичип
Verse 2
Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип
Verse 3
(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын)
Verse 4
Чуңкур ээлерине — өлүм болсун
Verse 5
(Алчуңкур) отундуу жалын
Verse 6
Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан
Verse 7
Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан
Verse 8
(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллаһка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты
Verse 9
Аласмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллаһ ар бир нерсеге Күбө
Verse 10
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тооба кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар
Verse 11
Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул — чоң жеңиш
Verse 12
Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу
Verse 13
Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат
Verse 14
Ал — Кечиримдуу, (жана) Вадууд
Verse 15
(Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук
Verse 16
Каалаганын жасоочу
Verse 17
(О, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин
Verse 18
Фираундун жана Самуд коомунун кабары келди беле
Verse 19
Жок, каапырлар (дагы эле, Кураанды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө
Verse 20
Аллаһ болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат
Verse 21
Аныгында ал-Улуу Кураан! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал)
Verse 22
Лавхул- Махфузда