Back to Languages
Kirghiz - Chapter 88
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
(О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?”
Verse 2
Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт)
Verse 3
(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда
Verse 4
кызыган отко кирет
Verse 5
(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет
Verse 6
Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок
Verse 7
(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт
Verse 8
Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат — куунак
Verse 9
(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш — аракеттерине ыраазы
Verse 10
Жогорку Бейиште
Verse 11
Анда маанисиз сөздөрдү укпайт
Verse 12
Анда агып турган булактар
Verse 13
Бийик сөрүлөр
Verse 14
(Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр
Verse 15
Сап-сап тизилген жаздыктар
Verse 16
Жана төшөлгөн килемдер бар
Verse 17
Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына
Verse 18
Асмандын кандай көтөрүп коюлганына
Verse 19
Тоолордун кандай сайып коюлганына
Verse 20
Жана жердин кандай жайып коюлганына
Verse 21
(О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң
Verse 22
Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң
Verse 23
Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо
Verse 24
Аны Аллаһ чоң азапка салат
Verse 25
Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат
Verse 26
Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз