Back to Languages
Kirghiz - Chapter 92
Translation by Shams Al Din Hakimov
Verse 1
(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант
Verse 2
(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант
Verse 3
Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант
Verse 4
Албетте (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай
Verse 5
Ким (садака) берсе жана такыба кылса
Verse 6
жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса —
Verse 7
Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз
Verse 8
Ал эми, ким (байлыгын Аллаһ жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллаһ бере турган соопту) “керек эмес” десе
Verse 9
Жана ыйманды жалган десе
Verse 10
Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз
Verse 11
(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат
Verse 12
Албетте, (адамдарды) Туура Жолго баштоо Бизге гана таандык иш
Verse 13
Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда
Verse 14
Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим
Verse 15
Ал отко шору каткан адам гана кирет
Verse 16
Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган
Verse 17
Андан (тозоктон) такыбаа киши ыраак болот
Verse 18
Ал мал-мүлкүн (Аллаһ жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши
Verse 19
Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок
Verse 20
(Анын бардык жакшылыктары) эң жогорку Раббисинин ыраазычылыгы үчүн гана (жасалат)
Verse 21
Жакында (Аллаһ аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот