Kirghiz

Translation: kir-shamsaldinhakim

Author: Shams Al Din Hakimov

Фатиха

Surah 1

[1] Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаһтын аты менен (баштаймын)

[2] Ааламдардын Раббиси — Аллаһка алкыш-мактоо болсун

[3] Ал—- Ырайымдуу, Мээримдүү

[4] Кыямат Күндүн падышасы

[5] «Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз

[6] (О, Жараткан!) Бизди Туура Жолго баштагын!“

[7] Өзүң жакшылык берген адамдардын? жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын? жолуна эмес»

Бакара

Surah 2

[1] Алиф, Лам, Мим

[2] Бул китепте? эч күмөн жок. (Ал) такыба кишилер үчүн Туура Жол

[3] Алар кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден кайыр-садака кылышат

[4] Дагы алар, (о, Мухаммад) сага түшүрүлгөнгө (Кураан-Сүннөткө) жана сенден мурда түшүрүлгөн нерселерге (Тоорат, Инжил, Забур китептерине) да ыйман келтиришет жана Акыретке анык ишенишет

[5] Ошол адамдар гана Раббиси тарабынан (келген) Туура Жол үстүндө жана ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр

[6] Чынында, сен каапырларды (тозоктон) коркутсаң деле, коркутпасаң деле айырмасы жок, ыйман келтиришпейт

[7] Аллаһ алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басып, көздөрүнө парда тосуп койгон. Жана (Акыретте) алар үчүн чоң азап бар

[8] Адамдардан кээ бирөөлөрү «Аллаһка жана Акырет күнүнө ишендик» дешет. Бирок, ишенишкен (ыймандуу) эмес

[9] Аллаһты жана момундарды алдамакчы болушат, бирок өздөрүн гана алдап жаткандарын сезишпейт

[10] Жүрөктөрүндө оору бар. Аллаһ оорууларын дагы көбөйттү. Жана жалган сүйлөгөндөрү себептүү алар үчүн жан ооруткан азап бар

[11] Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла»-деп айтылчу болсо, «Биз — оң-доочуларбыз»-дешет

[12] Көңүл бургула! Алар — анык бузукулар. Бирок, өздөрү (муну) сезишпейт

[13] Дагы аларга «Адамдар (сахаабалар) ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле»-деп айтылса, «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ый-ман келтиребизби?!»-дешет. Көңүл бургула! Өздөрү анык акмак! Бирок, (муну) билишпейт

[14] Ыймандуу кишилерге жолукканда: «Биз ыйман келтирдик»-дешет. Ал эми, өздөрүнүн шайтандары (чоңдору) менен жалгыз калышса: «Биз силер мененбиз. Биз аларды шылдың кылуудабыз»-дешет

[15] Аллаһ өздөрүн шерменде кылат жана баштары айланганча каапырчылыкта жүрүүлөрүн узартат

[16] Алар- Туура Жолдун ордуна адашууну сатып алгандар. (Бул) «соодалары» пайда бербеди жана Туура Жолго түшүүчү болушпады

[17] Алардын мисалы бирөөдөн от сурап жаккан кишилер сыяктуу. От эми гана тегерегин жарытты эле, Аллаһ (капыстан) нурун кетирип, аларды караңгылыктарда, көрбөй турган абалда калтырды

[18] (Дагы алардын мисалы) дүлөй, дудук жана сокур (сыяктуу). Демек, (адашууларынан) эч кайтышпайт

[19] Же болбосо караңгы, күркүрөктүү, чагылгандуу асмандан нөшөрлөгөн жамгырда калган кишилерге окшойт. Чагылган чартылдаганда өлүмдөн коркуп, манжаларын кулактарына тыгып алышат. Аллаһ каапырларды ороп алуучу

[20] Чагылган көздөрүн сокур кыла жаздайт. Жарык тийген сайын (бир аз) жүрүп алышат, караңгы болгондо токтоп калышат. Эгер Аллаһ кааласа кулактарын жана көздөрүн (тап-такыр) жок кылып коймок. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү

[21] О,адамдар! Силерди жана силерден мурункуларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, такыбалуу болсоңор ажеп эмес

[22] Ал силерге жерди төшөк, асманды чатыр кылды жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы болсун үчүн аны менен көп мөмөлөрдү чыгарды. Эми, билип туруп Аллаһка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла

[23] Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) Биз түшүргөн Кураандан күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллаһтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор

[24] Эгер (андай сүрө) жарата албасаңар — эч качан жарата албайсыңар — отуну адамдардан жана таштардан болгон, каапырлар үчүн даярдалган Тозоктон корккула

[25] (Жүрөктөрү менен) ишенип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амалдарды жасаган адамдарга, астынан дарыялар аккан Бейишти сүйүнчүлө! Алар ар качан Бейиштен бир мөмө ооз тийчү болсо: «Биз муну(н окшошун) мурда жеген болчубуз»-дешет. Жана аларга (көрүнүшү жана даамы) бири-бирине окшош мөмөлөр берилет. Алар үчүн Бейиште таза-пакиза жубайлар бар. Алар Бейиште түбөлүк калышат

[26] Аллаһ бир чиркейди же андан да майдараак (курт-кумурскаларды) мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ыймандуу адамдар ал мисалдын Раббиси тарабынан келген чындык экенин билишет. Каапырлар болсо, «Аллаһ муну мисал келтирүү менен эмнени каалаган?» дешет. (Аллаһ) бул мисал менен көп адамдарды адаштырат, көп адамдарды Туура Жолго баштайт. Аллаһ аны менен бузуку адамдарды гана адаштырат

[27] Алар Аллаһка берген убадаларын, бекемдегенден кийин деле буза беришет, Аллаһ улануусун буюрган нерселерди! үзүшөт жана жерде бузукулук кылышат. Мына ушул адамдар зыян тартуучулар

[28] Силер кантип Аллаһка каапыр болуудасыңар?! Ал өлүк денеңерге жан берип тирилткен. Кийин силерди өлтүрүп, андан соң (кайра) тирилтет. Кийин (эсеп берүү үчүн) Анын Өзүнө кайтарыласыңар

[29] Алсилер үчүн жердеги бардык нерселерди жаратып, андан соң асманды максат кылды жана аны жети асман кылып жаратты. Ал бардык нерсени Билүүчү

[30] Раббиң периштелерге: «Мен жер бетине халифа — орун басар жаратууну каалаймын» дегенде, периштелер айтышты: «Сен ал жерде кан төгүп, бузукулуктарды жасай тургандарды жаратасыңбы?! Өзүбүз Сени даңазалап, аруулап (сыйынып) жүрөлүк?» Аллаһ «Мен силер билбеген нерселерди билемин»-деди

[31] Жана (Аллаһ) Адамга бардык нерселердин ысымдарын үйрөттү дагы, аларды периштелерге көргөзүп, «Эгер чынчыл болсоңор, ушул нерселердин ысымдарын Мага айтып бергиле»-деди

[32] (Периштелер) Айтты: «(О, Рабби! Сен Бардык кемчилдиктен) Аруу-Тазасың! Бизде илим жок. Болгону, Өзүң үйрөткөн нерселерди гана билебиз. А, Сен болсо, Билүүчү, Даанышмансың

[33] Аллаһ: «О, Адам, аларга (Мен үйрөткөн) нерселердин ысымдарын айт» деди. (Адам) аларга нерселердин ысымдарын айтып берген соң, (Аллаһ) айтты: «Силерге «Мен жер жана асмандардагы (силер билбеген) кайыпты билемин жана силер ашкере кылган нерсени да, ичиңерге жашырган нерсени да билемин» деп айтпадым беле!»

[34] Эстегиле, Биз периштелерге «Адамга сажда кылгыла» дегенде, дароо сажда кылышты. Бир гана Иблис баш тартып, моюн толгоду жана каапырлардан болду

[35] Биз айттык: «О, Адам, сен жана жубайың (Хаваа экөөң) Бейиште жашагыла, андагы жаккан мөмөлөрдөн каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка жакын келе көрбөгүлө. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар

[36] Шайтан ал экөөнү Бейиштен азгырып, мекендеринен чыгарды. Кийин Биз (Адам, Хаваа жана шайтанга) айттык: «Бири-бириңерге душман болуп (жерге) түшкүлө! Силер үчүн жерде белгилүү убакытка (өмүр бүткөнгө) чейин орун-очок жана (нээматтарынан) пайдалануу бар»

[37] Андан кийин Адам («О, Жаратуучубуз! Биз өзүбүзгө зулум кылуучу болуп калдык» деген) сөздөрдү Раббиси тарабынан (дилине) түшүрдү. Аллаһ анын тообасын кабыл алды. Албетте, Аллаһ тообаларды кабыл алуучу (жана) Мээримдүү

[38] «Бардыгыңар Бейиштен түшкүлө» дедик. Эми, силерге Мен тараптан Туура Жол келгенде, ким Менин Туура Жолума ээрчисе, аларга коркунуч жок жана кайгы-капага батышпайт

[39] Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалган деген каапырлар Тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат!”

[40] Эй, Исрайил урпактары!! Силерге берген нээматымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды аткаргыла, Мен дагы силерге берген убадамды аткарамын. Менден гана корккула

[41] Жана Мен түшүргөн Кураанга ыйман келтиргиле. (Ал) силердеги нерсени (Тооратты) тастыктаган абалда (түшкөн). Силер ага эң алгачкы каапырлардан болбогула, Менин аяттарымды арзыбаган баага сатпагыла жана жалгыз Менден гана корккула

[42] Чындыкка жалганды аралаштырбагыла! Билип туруп чындыкты жашырбагыла

[43] Намазды (толук) аткаргыла, зекет бергиле жана руку кылуучулар менен бирге руку кылгыла

[44] Адамдарды жакшылыкка буюруп, өзүңөрдү унутасыңарбы? Силер китеп (Тоорат) окуп жүрөсүңөрго! Акылыңарды иштетпейсиңерби

[45] Сабырдан жана намаздан жардам (кубат) алгыла. Албетте, ал (намаз) оор. Бирок, (Аллаһка) кичипейил кишилерге оор эмес

[46] Алар «Биз Раббибизге жолугабыз жана Өзүнө кайтып барабыз» деп ишенишет

[47] Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген жакшылыгымды жана (бир мезгилдерде) силерди бардык ааламдан абзел кылганымды эстегиле

[48] Жана эч ким башка бир адамга жардам бере албай турган жана (Аллаһтан уруксат болмоюнча) эч кимден шапаат! кабыл кылынбай турган, эч кимден (күнөөсүнөн кутулуу үчүн) акы-төлөм алынбай турган жана эч кимге жардам берилбей турган күндөн (Кыяматтан) корккула

[49] (О, Исрайил урпактары!) Эстегиле: силерди Фираун адамдарынан Биз куткардык. Ал силерди катуу азапка салып иштетип, балдарыңарды союп, аялдарыңарды тирүү калтырган.! Мында Раббиңер тарабынан чоң жакшылык бар эле

[50] Эстегиле: силер үчүн деңизди бөлүп, силерди куткардык жана Фираун аскерлерин чөктүрүп жибердик. Муну силер көрүп турдуңар

[51] Биз Муса менен кырк күнгө убадалаштык. Ал кетээри менен силер (билип туруп) өзүңөргө зулум кылган абалда музоону кудай кылып алдыңар

[52] Кийин Биз силерди ушундан соң шүгүр кылаарсыңар деп кечирдик

[53] Ошондо, туура жолго түшөөрсүңөр деп Биз Мусага китепти жана Фурканды (жакшылык менен жамандыктын арасын ажыратууну) бердик

[54] Ошол кезде Муса коомуна айтты: «О, коомум! Силер музоону кудай кылып алууңар менен өзүңөргө зулум кылдыңар! Эми Жаратуучуңарга тообо кылгыла, өзүңөрдү (ыймандуулар каапырларды) өлтүргүлө! Жаратуучуңардын эсебинде ушул силер үчүн жакшыраак. Аллаһ тообаңарды кабыл кылды! Ал —тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү

[55] Бир кезде силер айттыңар: «О, Муса, биз Аллаһты айкын көрмөйүнчө, сага ыйман келтирбейбиз». Андан кийин силерди (бири-бириңерге) карап турган абалыңарда чагылган урду

[56] Кийин Биз силерди, эми шүгүр кылаарсыңар деп, өлгөнүңөрдөн соң кайра тирилттик

[57] (Силер чөлдө адашып жүргөндө) Биз үстүңөргө булутту көлөкө кылып, (асмандан) «манн» жана «сулва» деген тамактарды түшүрдүк: Жегиле, Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан! Алар Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө зулум кылышты

[58] Эстегиле, Биз: «Мына бул шаарга киргиле дагы, (аны мекен кылып), көңүлүңөр каалаган жерде кеңири жеп-ичкиле. Жана дарбазадан сажда кылган абалда «хиттатун» (О, Аллаһ, кечир) деп киргиле! Биз силердин катаңарды кечирип, жакшы амал кылуучуларга кошумча (сооптор) беребиз» дедик

[59] Ошондо, заалымдар («хиттатун» деген) сөздү, өздөрүнө айтылгандан башка (“хинтатун” деген) сөзгө алмаштырып коюшту! Андан кийин Биз заалымдарга бузукулук кылгандары үчүн асмандан азап түшүрдүк

[60] Бир кезде, Муса коому үчүн суу сурап дуба кылды эле, Биз ага «Аса таягың менен ташты ур»-дедик. Кийин андан он эки булак атырылып чыкты. Бардык адамдар өз булактарын билишти. (Ошондо, Биз) «Аллаһ берген ырыскылардан жеп-ичкиле жана жер бетинде бузукулук менен ойронгерчилик кылбагыла!» (дедик)

[61] Ошондо, силер айттыңар «О, Муса! Биз (Раббиң асмандан түшүргөн) бир түрдүү даамга сабыр-каниет кылбайбыз! Раббиңе дуба кыл, бизге жер өндүргөн жемиштерден: бадыраңдардан, сарымсактардан, буурчактардан, жасмык дандарынан, пияздардан чыгарып берсин!» Анда Муса: «Силер төмөн жемиштерди алардан жакшы нерсенин («манн» жана «сулванын») ордуна сурап жатасыңарбы?! (Каалаган) шаарга түшкүлө: сураган жемишиңер толтура! Аларга кордук-кедейлик менен (рухааний) жакырлык жазылды жана Аллаһтын каарына жолугушту! Анын себеби Аллаһтын аяттарына каапыр болгондору жана пайгамбарларды кыянатчылык менен өлтүргөндөрү! Анын себеби (Аллаһтын өкүмүнө) каршылык кылгандары жана чектен чыккандары

[62] Акыйкатта, ыйман келтиргендер, яхудийлер, христиандар жана бутка сыйынбагандардын арасынан кимиси (жеке-жалгыз) Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенип, жакшы амалдарды жасаган болсо, Раббисинин алдында аларга арналган сооп-сыйлыктары даяр! Жана Акыретте алар үчүн коркунуч (тозок) жок жана алар кайгы-капага батышпайт

[63] Эстегиле, Биз силердин үстүңөргө Тур тоосун көтөрүп (коркутуп): “Силерге берген нерсени (Тооратты) бекем кармагыла, андагы өкүмдөрдү эсиңерге туткула, ошондо такыба болоорсуңар” деп, ант-убадаңарды алган элек

[64] Андан кийин силер (убададан) кайттыңар. Эгер силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо, (ошол эле убакытта) зыян тартуучулардан болуп калмаксыңар

[65] (О, Исрайил урпактары!) Силер өзүңөрдөн бир жамааттын ишемби күн жөнүндө чектен чыкканын билдиңер. Биз аларга “Жийиркеничтүү маймылдарга айлангыла»- дедик

[66] Бул жазаны алардын алдындагы (замандаш) элдерге жана кийинки элдердин бардыгына үлгү, такыба кишилер үчүн сабак-насаат кылдык

[67] Бир кезде, Муса коомуна “Аллаһ силерди бир уй союуга буюрду” дегенде алар: “Бизди шылдың кылып жатасыңбы” дешти. (Анда Муса) айтты: “Мен наадандардан? бири болуудан Аллаһтан коргоо тилеймин”

[68] Алар айтышты: “Раббиңден бизге сурап бер, бизге анын (уйдун жашы) кандайлыгын айтсын”. (Муса) айтты: “Ал (Раббим) айтат: ал кары да эмес, жаш да эмес, орточо уй. Эми, (кайра-кайра сурай бербей) буюрулганды аткаргыла!”

[69] Алар айтышты: “Раббиңден сура, бизге анын түсүн айтсын”. Муса: “Анын (Раббимдин) айтышынча, ал көргөндүн көзүн кубанта турган сап-сары түстүү болот” - деди

[70] (Дагы) алар: “Раббиңе дуба кыл анын кандайлыгын түшүндүрсүн! Чынында, уй бизге күмөндүү болуп калды. (Ушуга жооп берсең) Аллаһ кааласа, туура жолго түшүп алабыз” -дешти

[71] (Муса) айтты: “Анын (Аллаһтын) айтуусуна караганда, ал жер айдап кор болбогон, эгиндерди сугарбаган,! эч бир (жеринде) айыбы жок, анда өзүнүн түсүнөн башка түс да жок”. Алар: “Мына эми чындыкты айттың”-дешти жана (наадандык менен, эзмеленип, ашыкча суроолор бергени себептүү «уйду сойгула» деген буйрукту) аткара албай кала жаздашты

[72] (О, Исраил урпактары!) Эстегиле, силер бир жанды өлтүрүп, ал жөнүндө (аны ким өлтүргөнү жөнүндө) талашып калдыңар, Аллаһ болсо, жашырган нерсеңерди ачыкка чыгаруучу

[73] Анан Биз: “Уйдун бир бөлүк эти менен аны ургула, (ал тирилет)” дедик. Аллаһ өлүктөрдү мына ушинтип тирилтет жана силерге, акылыңарды иштетишиңер үчүн (кудуретинин) белгилерин көргөзөт

[74] Андан соң: ушундан кийин деле жүрөгүңөр катып калды! Жүрөгүңөр таш сыяктуу! Же (андан да) катуураак! Анткени, алардын кээ бирлеринен дарыялар атырылат, кээ бирлери жарылып, андан суу чыгат, кээ бирлери болсо, Аллаһтан коркконунан (бекем турган жеринен) кулап кетет. Аллаһ силер жасаган иштерден кабарсыз эмес

[75] (О, момундар!) Силер алардын (китеп ээлеринин) ыйманга келүүсүнөн үмүт кыласыңарбы? (Үмүт кылбай эле койгула.) Алардан бир топтору Аллаһтын сөздөрүн угуп, акылдары жетип, билип калгандан кийин деле (өз каалоолоруна ылайыктап) өзгөртүп жиберишет. Кээ бир мусулмандардын үмүт кылгандары жөн жеринен эмес эле. Анткени, алардын арасындагы эки жүздүүлөрү

[76] ыймандуу кишилерге жолуккан кезде “Биз ыйман келтирдик” дешет. Эгер өздөрүнчө калышса “Эмне, аларга (мусулмандарга) Аллаһ силерге (Тоорат китебинде) ачык айткан нерсе жөнүндө Раббиңердин алдында өзүңөргө (каршы) далил келтирүүлөрү үчүн айтып жатасыңарбы? Акылыңарды иштетпейсиңерби?!” - дешет

[77] (Китеп ээлери) ичине каткан сырларын да, ашкере нерселерин да Аллаһ билип турушун билишпейби

[78] Алардын арасында сабатсыздары да бар. Алар китепти (Тооратты) билишпейт. Жалаң күмөндөрдү гана билишет. Алар (пайгамбарчылык жөнүндө) күмөндө гана болушат

[79] Өз колдору менен китеп жазып, аны арзыбаган баага сатуу үчүн “Бул Аллаһтан келген (китеп)” дей турган адамдарга катуу азап (тозок) болсун! Аларга өз колдору менен жазгандары (ыйык китепти бурмалагандары) үчүн азап болсун! Аларга (арамдан) тапкан пайдалары үчүн азап болсун

[80] (Китеп ээлери) “Бизди тозок кармабайт, кармаса да (анда) саналуу күндөр (гана болобуз)” дешет. (О, Мухаммад) Сен айткын: “Эмне, силер Аллаһтан убада-келишим алдыңар беле?! (Ыйман келтиргениңер чын болсо), Аллаһ эч качан убадасына кыянат кылбайт. Же болбосо, өзүңөр билбеген нерселерди Аллаһка (оодарып) сүйлөп жатасыңарбы

[81] Жок! (Андай эмес!) Ким бир күнөө (ширк) кылса жана күнөөлөрү аны ороп-чырмап алган болсо, тозоку болушат жана анда түбөлүк калышат

[82] Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга) ыйман келтирип, салих (жакшы)! амалдарды жасагандар Бейиш ээлери жана анда түбөлүк калышат

[83] Эстегиле, Биз Исрайил урпактарынан “Аллаһтан башка Кудайга сыйынбагыла, ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, бей-бечараларга эхсан-жакшылык кылгыла, адамдарга жакшы сөз айткыла, намазды толук аткаргыла жана зекетти бергиле” деп ант-убада алган элек. Кийин силер — бир аз кишиден башкаңар — жүзүңөрдү үйрүп (каапыр болуп) кеттиңер

[84] Ошондо, Биз силер менен: “Бири-бириңердин каныңарды төкпөйсүңөр, журтуңардан сүргүн кылбайсыңар” деп убадалашканда, силер буга күбө болуп туруп, моюнга алган элеңер

[85] Кийин, О, силер! Өзүңөрдү (бири-бириңерди) өлтүрүп, өзүңөрдүн бир бөлүгүңөрдү журттарынан сүргүн кылып, күнөө жана зулум менен аларга (шериктештериңерге) жардам берип жатасыңар. Эгер алар (силерге каршы согушкан диндештериңер) силердин алдыңарга туткун болуп келсе, аларга фидья (акы) төлөп чыгарып да аласыңар. Аларды сүргүн кылуу силер үчүн арам кылынган эле го?! Эмне, силер китептин (Тоораттын) бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүнө ишенбейсиңерби?!! Силердин араңардан ким бул ишти жасаса, (Китептин бир өкүмүн аткарып, башкасын аткарбаса) анын жазасы бул дүйнө жашоосунда кордук жана Кыяматта катуу азапка жолугушат. Аллаһ силердин ишиңерден бейкапар эмес

[86] Дал ошолор гана Акыреттин ордуна дүйнө жашоосун сатып алган адамдар! Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга жардам дагы берилбейт

[87] Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана анын артынан (Тоорат менен өкүм кылуучу) пайгамбарларды жибердик. Биз Марямдын уулу Ыйсага да Өзүбүздүн анык моожизаларыбызды берип, аны Ыйык Рух? менен колдодук. Ар качан бир пайгамбар силердин каалооңорго жакпаган нерсени (динди) алып келсе, силер (ыйманга келүүдөн) текеберленип жана ал пайгамбарлардан бир бөлүгүн жалганчы деп, айрымдарын өлтүрө бересиңерби

[88] (Яхудийлер) “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” дешет. Андай эмес, Аллаһ аларга каапырчылыктары себептүү наалат жаадырган. (Ошондуктан) алардын өтө азчылыгы ыйман келтиришет

[89] Качан аларга Аллаһтан өздөрүндө болгон нерсени (Тооратты) тастыктаган бир китеп (Кураан жана пайгамбар) келгенде жана мындан мурун каапырларга (араб мушриктерине) каршы (дал ушул китеп жана ушул пайгамбардан) жардам күтүп жатышкан болчу. Анан, качан аларга өздөрү таанып-билген нерсе келгенде, ага каапыр болушту!! Каапырларга Аллаһтын наалаты болсун

[90] Аллаһ Өзүнүн артыкчылыгын пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга (Мухаммадга) түшүргөнүнө көралбастык кылып, Аллаһ түшүргөн нерсеге каапыр болуулары — өздөрүнө сатып алган нерселери кандай жаман! Ошентип, алар (Аллаһтын) ачуу(су)нун үстүнө дагы (кошумча) каар менен кайтышты. Каапырларга кор кылуучу азап бар

[91] Аларга “Аллаһ түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле” деп айтылса, биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка) ыйман келтиребиз” дешти жана андан башкасына (Кураанга) ал чындык жана алардагы нерсени тастыктоочу болгонуна карабай каапыр болушту, (О, Мухаммад!) аларга айт: “Эгер (Тооратка) ыйман келтирген болсоңор, анда эмне үчүн мурда (Тоорат менен өкүм кылган) пайгамбарларды өлтүрчүсүңөр?!”

[92] Жана силерге Муса анык далилдер алып келгенден кийин деле, өзүңөргө зулум кылган абалда (билип туруп) музоого сыйындыңар

[93] Ошондо, Биз үстүңөргө “Тур” тоосун көтөрүп, “Биз берген нерсени (динди) бекем кармагыла жана (моюн сунуп) уккула” деп, ант-убадаңарды алганда, алар “уктук бирок, моюн сунбадык” дешкен жана каапырчылыктары себептүү жүрөктөрүнө музоо(го сыйынуу) сиңирилген! (О, Мухаммад) аларга айт: “Эгер “ыймандуу” болсоңор «ыйманыңар» буюрган нерселер кандай жаман!”

[94] (О, Мухаммад, яхудийлерге) айт: “Эгер (силер ойлогондой) Аллаһтын алдындагы Акырет жайы (Бейиш) башка адамдарга эмес, жалгыз силер үчүн гана болсо, анда өлүмдү тилегилечи, эгер чынчыл болсоңор”

[95] Алар өз колдору менен жасаган (аябай көп күнөө) нерселер себептүү, аны (өлүмдү) эч арзуу кылышпайт. Аллаһ заалым адамдарды Билүүчү

[96] Сен аларды (бул) жашоого мушриктерден бетер, адамдардын эң сугалагы экенин көрөсүң. Алардан кээ бирөөлөрү миң жыл жашоону эңсешет. Бирок, аны (ошончо көп) жашоо дагы азаптан ажыратып кала албайт. Аллаһ алардын бардык иштерин көрүүчү

[97] Айт: “Кимде-ким Жебрейил(периште)ге душман болсо (анда, Аллаһтын Өзүнө душман! Анткени,) ал (периште) сенин жүрөгүңө, өзүнөн мурунку китептерди тастыктаган жана момундар үчүн Туура Жол, кушкабар болгон Кураанды, Аллаһтын гана уруксаты менен түшүргөн

[98] Кимде-ким Аллаһка, Анын периштелерине, пайгамбарларына, Жебирейилге жана Мекаилге душман болсо, анда Аллаһ (ал) каапырларга албетте, душман

[99] Биз сага анык аян-далилдерди түшүрдүк. Эми аларга бузуку адамдар гана каапыр болушат

[100] Алар ар качан (Аллаһ Таалага) ант-убада беришсе, алардан бир бөлүгү (кайра) буза беришеби?! Чынында, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт

[101] Качан аларга Аллаһ тарабынан алардагы нерсени (Тооратты) тастыктаган элчи (Мухаммад) келгенде, Китеп берилген адамдардан (көпчүлүк) бөлүгү Аллаһтын (Кураан) китебин билмексен болуп, аркасына таштап коюшту. Ким чындыкка көнбөсө, жалганга көнүп калат. Яхудийлер дал ушундай абалга туш болушту. Аллаһтын акыйкат китебин таштап коюшту эле

[102] Сулайман(пайгамбар)дын падышалык доорунда шайтандар үйрөткөн нерселерге (сыйкырга) ээрчип калышты.! Сулайман каапыр (сыйкырчы) болгон эмес, бирок, адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр болушкан. Жана Вавилондогу Хаарут жана Маарут (деген) эки периштеге түшүрүлгөн нерсеге (сыйкырга ээрчип калышты.) Ал экөө “Биз фитна (адамдарды сыноо үчүн жиберилгендер) болобуз (сыйкырды үйрөнүп) каапыр болуп калбагыла” деп (насаат) айтпай туруп эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Ошентсе да, (яхудийлер) алардан эрди-катындын арасын ажырата турган нерселерди үйрөнүшөт. Алар (сыйкырды үйрөнгөн яхудийлер) Аллаһтын уруксаты болмоюнча, аны менен эч кимге зыян жеткире алышпайт. Жана алар пайдалуу нерсени эмес, өздөрүнө зыян жеткире турган нерселерди үйрөнүштү. Алар, (яхудийлер) аны (сыйкырды) сатып алгандар үчүн Акыретте насип жок экенин билишет болчу. Жандарынын (азапка калуусунун) эсебине сатып алган нерселери кандай жаман! Алар муну билишсе кана

[103] Кана эми, алар ыйманга келип, такыба болушса! Аллаһ тарабынан болгон сооптор жакшы эле го! Кана эми, алар муну билишсе

[104] О, ыйман келтиргендер! “Раинаа” дебегиле, “унзурнаа” дегиле. Жана (Аллаһтын аяттары менен пайгамбардын хадистерин) уккула. Каапырларга жан ооруткан азап бар

[105] Китеп берилгендер (яхудийлер менен христиандар) жана мушриктер (жүрөктөрүндө болгон көралбастык жана жек көрүү себептүү) силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык (вахий) түшүүсүн каалашпайт. (Бирок) Аллаһ Өз ырайымын Өзү каалаган адамдарга гана атайын тартуу кылат. Аллаһ улук пазилет Ээси

[106] Эгер Биз (Кураандан) бир аятты “насх” кылсак (өкүмүн жойсок) же аны (пенделерге) унуттурсак (анын ордуна) андан да жакшыраагын же болбосо ошого окшогонун келтиребиз. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү экенин билбедиңби

[107] Асмандар жана жер өкүмдарлыгы (жалгыз) Аллаһка таандык экенин жана силерге Аллаһтан башка эч бир кожоюн, эч бир жардамчы жок экенин билбейсиңби

[108] Же болбосо (о, ыймандуулар), пайгамбарыңарга, мурун Мусага (яхудийлер тарабынан каяша) суроо берилгени сыяктуу суроо узатууну каалайсыңарбы?!! Жана ким ыйманды каапырчылыкка алмаштырса, туура жолдон адашканы ошол

[109] Китеп ээлеринен көпчүлүгү, аларга чындык анык билинип калгандан кийин деле, көралбастыктарынан улам, силерди момун болгонуңардан соң каапырчылыкка кайтарууну абдан каалашат. Бирок, силер Аллаһтын өкүмү келгиче аларды кечирип, көтөрүмдүү болуп тургула. Албетте Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[110] Намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле. Өзүңөр үчүн эмне жакшылык жасасаңар, аны Аллаһтын алдында (сооп иретинде) табасыңар. Албетте, Аллаһ силердин бардык ишиңерди Көрүүчү

[111] (Китеп ээлери) “Бейишке яхудийлер же христиандар гана кирет” дешти. Бул алардын кыялдарынан башка эмес. Сен (о, Мухаммад, аларга) айт: “Эгер сөзүңөр чын болсо, анда далилиңерди алып келгиле!”

[112] Андай эмес! Ким жакшылык жасаган! абалда Аллаһга жүзүн (өзүн) толук багынтып, иштерин Аллаһ үчүн калыс кылса, ал үчүн Раббисинин алдында сообу (Бейиши) даяр. Аларга эч коркунуч болбойт жана эч кайгы-капага батышпайт

[113] Яхудийлер: “Христиандар чындыктын үстүндө эмес” дешет. Христиандар болсо “Яхудийлер чындыктын үстүндө эмес” дешет. Дагы алар Китеп (Тоорат жана Инжил) окушат! (Китеп окууну) билбей турган адамдар (мушриктер) да ошолордун сөзүндөй сөз сүйлөшөт. Кыяматта алардын талашкан маселелери жөнүндө Аллаһ (Өзү гана) өкүм кылат

[114] Анын ичинде Өз(үнүн улуу) ысымы зикир кылына турган Аллаһтын мечиттеринен тоскон жана аларды бузуп-талкалоого аракет кылган адамдардан өткөн заалым (каапыр) барбы?!! Алар мечиттерге Аллаһтан корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик, Акыретте чоң азап бар

[115] Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллаһка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллаһтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллаһ (Тааланын пазилети) Кенен (жана Ал бардыгын) Билүүчү

[116] (Яхудийлер, христиандар жана мушриктер) “Аллаһтын баласы бар”-дешет. Аллаһ (алар сыпаттаган кемчиликтерден) Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы (жана) бардыгы Ага моюн сунат

[117] Аллаһ асмандар жана жердин Жаратуучусу. Эгер бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болот

[118] Наадан адамдар (Макка мушриктери) “Кана эми, Аллаһ бизге сүйлөсө же бизге (Аллаһтан) аян-белгилер келсе!”-дешет. Алардан мурункулар да ушулардын сөзүнө окшогон сөздөрдү айтышкан. Бардыгынын жүрөгү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык

[119] (О, Мухаммад!) Биз сени чындык менен (өзүңө ээрчигендерге Бейиштен) куш кабар айтуучу жана (сага каршы чыккандарга Тозок жөнүндө) коркунучтуу кабар жеткирүүчү кылып жибердик. Сен Тозокко түшүүчүлөр үчүн жоопкер эмессиң

[120] Яхудийлер менен христиандар сенден, алардын динине ээрчимейинче эч ыраазы болушпайт. (Сен аларга) “Аллаһтын (мага түшүргөн) хидаяты гана Туура жол!” дегин. Эгер сен өзүңө (Раббиң тарабынан) келген илимден кийин деле алардын каалоо-кызыкчылыктарына ээрчип кетчү болсоң, анда сага Аллаһ тарабынан эч кандай жакын (дос) жана жардамчы болбойт

[121] Биз китеп (Тоорат) берген адамдар (арасындагы анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгандары) аны туура (бурмалабай) окушат. Ошолор ага (Кураанга) ыйман келтиришет. Ал эми, кимде-ким ага ыйман келтирбесе, ошолор (эки дүйнөдө) зыян көрүүчүлөр

[122] О, Исрайил урпактары! Мен силерге берген (бардык) нээматымды жана силерди ааламдардан абзел кылганымды эстегиле

[123] Жана (Аллаһтан башка) эч ким эч кимге жаза (сыйлык же азап) бере албай турган, эч бир жандан (күнөөлөрү үчүн) төлөө кабыл алынбай турган, (Аллаһтын уруксаты болмоюнча) ага эч кандай шапаат (ортомчулук) пайда бербей турган жана эч кимге жардам берилбей турган күндөн (Кыяматтан) корккула

[124] Эстегин: Раббиси Ибрахимди бир нече сөздөр менен сынады эле, аларды толук аткарды. (Анан ага) “Мен сени (бардык) адамдарга (динде) жолбашчы кыламын” деди. (Ибрахим) айтты: “Менин урпактарымдан дагы (жолбашчылар чыгара көр) ! (Анда Аллаһ:) “Менин убадам заалым (каапыр) адамдарга тийбейт” -деди

[125] Жана эстегин, Биз Үйдү (Каабаны) адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып: “Ибрахимдин ордун! ибадат жайы кылып алгыла” (деп буюрдук). Жана Ибрахим менен Ысмайылга: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар,? рукуу жана сажда кылуучулар үчүн (ширктен, күнөөдөн жана нажастардан) тазалагыла” деп вахий (буйрук) кылдык

[126] Эстегин, Ибрахим (Раббисине дуба кылып) “О, Раббим! Бул жерди тынч шаар кылгын жана анын элинин арасынан Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенген адамдарды (ар түркүн) мөмө-жемиштер менен ырыскыландыра көр!”- дегенде, Аллаһ айтты: “Каапыр болгон адамды дагы (ошол ырыскылар менен) бир аз пайдалантам. Анан Тозок азабына мажбурлап киргизем. Ал кандай жаман акыбет

[127] Эстегин, Ибрахим менен (баласы) Ысмайыл экөө Үйдүн (Каабанын) пайдубалын көтөрүп жатып (мындай деп дуба кылышты): “О, Раббибиз! Бизден (ушул ишибизди) кабыл кыла көр! Албетте, Сен Угуучу, Билүүчүсүң

[128] О, Раббибиз! Бизди Өзүңө моюн сунуучулардан кыл! Биздин урпактарыбыздан Өзүңө мусулман (моюн сунуучу) үммөт (чыгар!) Жана бизге (ажы мезгилинде жасалчу) ибадаттарыбызды үйрөт! Биздин тообаларыбызды кабыл кыл! Албетте, Сен тообаны кабыл кылуучу, Мээримдүүсуң

[129] О, Раббибиз! Алардын (урпактарыбыздын) арасынан, аларга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды (ширктен ж.б. күнөө иштерден) тазартуучу бир пайгамбар жибер! Албетте, Өзүң Жеңүүчү жана Даанышмансың!”

[130] Ибрахимдин Дининен? наадан адамдар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө (элдерге жолбашчы кылып) тандап алдык жана ал Акыретте да (жогорку даражалуу) салих адамдардан

[131] Эстегин, Раббиси ага “Мусулман бол!” (Өзүмө гана моюн сун!) дегенде, ал (ыклас жана сүйүү менен) “Ааламдардын Раббисине моюн сундум (мусулман болдум)” деди

[132] Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Жана Яькуб дагы балдарына: “О, балдарым, Аллаһ силерге ушул динди тандады. Эми, силер (жалгыз Аллаһтын Өзүнө) моюн сунган (мусулман) абалда гана өлгүлө” деп осуят кылган

[133] Силер, Яькубга! өлүм келген убакытта күбө болдуңар беле?! Ал балдарына”: “Менден кийин эмнеге сыйынасыңар?” дегенде, алар: “Сенин жана аталарың Исхак, Ысмайыл, Ибрахимдердин кудайы — жалгыз Кудайга (Аллаһка) сыйынабыз. Жана биз Ага моюн сунуучубуз” дешкен

[134] Бул үммөттөр өтүп кетишти. Алар өз иштерине жооп берет, силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Алар жасаган иштер үчүн силер суракка тартылбайсыңар

[135] Алар “Яхудий же христиан болсоңор гана туура жол табасыңар” дешет. Сен аларга айт: “Андай эмес! Ибрахимдин таухидге негизделген дини(не гана ээрчийбиз!) Жана ал (Ибрахим) мушриктерден болбогон!?”

[136] Айткыла (Оо, момундар): “Биз Аллаһка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Ыйсага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллаһка моюн сунуучуларданбыз”

[137] (О, момун-мусулмандар!) Эгер алар (яхудийлер менен христиандар) силер ыйман келтиргендей ыйман келтиришсе, (ошондо гана) туура жол табышат. А эгер жүз буруп кетишсе, анда алар (силерге) душман. Алардан сени Аллаһтын Өзү сактайт. Ал — Угуучу, Билүүчү

[138] Аллаһтын бойогу (дини менен бойонгула) !. Ким Аллаһтан жакшыраак боёй алат?! Жана “Биз Ага гана ибадат кылуучубуз” (дегиле)

[139] Айткын: “Биз менен Аллаһ жөнүндө талашасыңарбы?” Ал биздин да Раббибиз, силердин да Раббиңер. Бизге өз иштерибиз, силерге өз иштериңер. Жана биз Анын Өзүнө гана ыклас кылуучуларбыз

[140] Же силер (оо, китеп ээлери): “Ибрахим, Ысмайыл, Исхак, Яькуб жана (алардан кийинки) муундар яхудий же христиан болгон” дейсиңерби? Айткын: “Силер көбүрөөк билесиңерби же Аллаһ (көбүрөөк билеби)?!” Өздөрүнүн алдындагы (китепте жазылган) күбөлүктү Аллаһтан жашыргандардан өткөн заалым барбы?! Аллаһ силер жасаган (бузуку) иштерден бейкапар эмес

[141] Алар өтүп кеткен үммөттөр. Алар өз иштерине жооп берет. Силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Силер алар жасаган иштерден суралбайсыңар

[142] Жакында адамдардын акылсыздары: “Аларды (мусулмандарды) мурун өздөрү жүздөнгөн кыбылаларынан жүз бурдурган эмне?” дешет. Айткын: “Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллаһка таандык. Каалаган пендесин Туура Жолго баштайт»

[143] Ошондой эле, биз силерди, (өз илим-адилетиңер менен) адамдардын үстүндө күбө болуп турууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болуп турушу үчүн орто үммөт кылдык. (О, Мухаммад) сен мурун жүздөнгөн кыбыланы Биз пайгамбарга ээрчиген адамдарды артына бурулуп, (динден кайтып) кеткен адамдардан билип (ажыратып) алыш үчүн өзгөрттүк. Бул (кыбыланы өзгөртүү) оор иш. Бирок, Аллаһ туура багыт берген адамдарга оор эмес.! Аллаһ силердин ыйманыңарды текке кетирбейт.” Аллаһ адамдарга өтө Ырайымдуу жана Мээримдүү. (Кыбыла Иерусалим тарапка бурулганы менен пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын жүрөгү Каабаны самап, сагынып турат эле)

[144] (О, Мухаммад!) Биз кээде жүзүңдүн «асманда кезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдү Масжид аль-Харам (Кааба) тарапка бур! (О, момундар, силер дагы) кайда болсоңор (намазда) жүзүңөрдү ошол тарапка бургула! Ал эми, китеп берилген элдер (яхудий жана христиандар) деле анын (кыбыланын Кааба тарапка бурулганын) Раббисинен келген чындык (вахий) экенин айкын билип турушат. Аллаһ силердин ишиңерден кабарсыз эмес

[145] Эгер сен Китеп берилгендерге бардык далилдерди келтирип (алдына тизип) койсоң да, алар сенин кыбылаңа ээрчибейт. Сен да алардын кыбыласына эргешүүчү эмессиң. Дагы алар бири-биринин кыбыласына да ээрчишпейт. Эгер сен өзүңө (Аллаһтан) келген илимден кийин деле алардын кызыкчылыгына эргешүүчү болсоң, анда сен сөзсүз заалымдардан болуп каласың

[146] Биз китеп (Тоорат жана Инжил) берген адамдар аны өз балдарын тааныган сыяктуу таанышат. (Анан ошол, пайгамбар-Мухаммад келгенде) алардан көпчүлүгү чындыкты билип туруп, жаап-жашыра башташты

[147] (О, Мухаммад) Акыйкат-Раббиң тарабынан! Демек сен эч качан шектенүүчүлөрдөн болбогун

[148] Ар бир (диндеги) адамдын өз жүздөнөөр тарабы (кыбыласы) бар. Бири-бириңерден озуп жакшылык жасагыла! Силер кайда болсоңор да, Аллаһ бардыгыңарды (Кыямат күндүн эсеп-китеби үчүн) чогултуп алат. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү

[149] Кай тараптан (сапарга) чыксаң да жүзүңдү “Аль-Харам” масжиди тарапка бур! Ал — Раббиң тарабынан болгон (айныгыс) Чындык! Аллаһ силердин ишиңерден кабарсыз эмес

[150] Кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү “Аль-Харам” масжиди тарапка бур! Силер дагы (оо, момундар,) үстүңөрдөн адамдарга далил болуп калбаш үчүн, кай жерде болсоңор да жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, алардын арасынан заалым болуп бүткөн адамдар (далилге деле карабай, бузук сөздөрүн тарата беришет). Алардан коркпогула, Мен силерге нээматтарымды толук кылып берүүм үчүн жана Туура Жолго багыт алууңар үчүн Менден гана корккула!! Кийинки аяттарда Аллай Таала мусулмандарга берген нээматтарын эскертет

[151] Ошондой эле, Биз силерге өзүңөрдүн араңардан бир элчи-пайгамбар жибердик. Ал силерге (чындыкты жалгандан, таухидди ширктен ажыратып бере турган) жана силерди тазарта турган аяттарыбызды окуп берет. Жана ал силерге Китеп (Кураан) менен Даанышмандыкты (Сүннөттү), ошондой эле, силер билбеген (көп башка) нерселерди таалим берет

[152] Мени эстегиле. Мен да силерди эстеймин. Жана (берген нээматтарым үчүн) Мага шүгүр кылгыла. Жана эч каапыр болбогула

[153] О, момундар! (диний жана дүйнөлүк ишиңерде) сабыр жана намаз! менен кубаттангыла! Албетте, Аллаһ, сабырдуулар менен бирге

[154] Силер Аллаһтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды “өлүктөр” деп айтпагыла! Андай эмес, алар тирүү! Бирок, силер муну сез-бейсиңер

[155] Албетте, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга (Бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз

[156] (Аллаһ Таала тарабынан) бир кырсык (бактысыздык) жеткенде: “Бардыгыбыз Аллаһтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз” деген адамдарга

[157] Дал ошолорго Раббиси тарабынан мактоо, ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр

[158] Сафаа менен Марва Аллаһтын (дининин) белгилеринен. Ким ажылык же умра кылса, ал экөөсүнө (Сафаа менен Марвага) тооп кылса (барып келсе) болот. Ким бир жакшылыкты кошумча жасаса, бул - өзүнө пайда. Албетте, Аллаһ Шүгүр кылуучу жана Билүүчү

[159] Биз түшүргөн (Мухаммад жөнүндөгү) далилдерди жана Туура Жолду китепте (Тооратта) адамдарга баян кылып бергенден кийин деле жаап-жашырып жүргөндөргө Аллаһ наалат айтат жана бардык наалат айтуучулар наалат айтышат

[160] Ал эми, (күнөөлөрүнө) тооба кылган, (акыйкатка кайтып, пейилин) түздөгөн жана (жаап-жашырган чындыктарды) ачык айткан адамдардын тообаларын кабыл аламын. Жана Мен тообаларды кабыл алуучу, Мээримдүүмүн

[161] Каапыр болгон жана ошол каапырчылыгы бойдон (тооба кылбай) өлгөн адамдарга Аллаһтын, периштелердин жана бардык адамдардын наалаты болсун

[162] Алар ошол наалаттын (Тозок азабынын) ичинде түбөлүк калышат. Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга (тооба кылууга) мөөнөт берилбейт

[163] Силердин кудайыңар - жалгыз Кудай. Эч бир (сыйынууга татыктуу) кудай жок, жалгыз Ал — Ырайымдуу жана Мээримдүү (болгон Аллаһ) гана бар

[164] Албетте, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашып турушунда, деңиз үстүндө адамдарга пайда жеткирип сүзүп жүргөн кемелерде, Аллаһ асмандан түшүргөн сууда, ал суу менен Аллаһ жерди өлгөндөн соң тирилтип, үстүнө ар түркүн жаныбарларды тараткан эле, шамалдардын (бирде муздак, бирде ысык болуп) согуусунда жана асман менен жердин ортосунда моюн сундуруп коюлган булуттарда акылдуу адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар

[165] Адамдардын арасында кээ бирөөлөр, Аллаһтан башка нерселерди (Аллаһка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллаһты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар Аллаһты көбүрөөк сүйүшөт. Этер (Аллаһка башка нерселерди шерик кармаган) заалымдар Кыяматта азапты (өз көздөрү менен) көрүшсө жана күч-кудуреттин бардыгы Аллаһка таандык экенин билишсе (Аллахка шерик кошушпайт болчу). Аллаһтын азабы катуу

[166] Ал (Кыямат) Күнү (Аллаһтан башкага) ээрчигендерден ээрчиткендери (сыйынган, сүйгөн жалган кудайлары) чанып кетет жана бардыгы азапты өз көздөрү менен көрүшөт. Анан алардын арасындагы алака-мамилелери үзүлөт

[167] Андан соң ээрчигендер: “Эгер бизге жашоо дагы бир ирет берилчү болсо, бизди чанганы сыяктуу буларды (жасалма кудайларды) чанып (жалгыз Аллаһка сыйынып) жашайт болчубуз”-дешет. Ошентип, Аллаһ аларга (ширк) амалдарын өз баштарына кайгы кылып көргөзөт. Алар экинчи чыккыс болуп Тозокто калып кетишет

[168] О, адамдар! Жер бетиндеги нерселерден адал, таза болгондорун жегиле жана шайтан баштаган жолдорго жүрбөгүлө. Ал силерге анык душман

[169] Шайтан силерди жаман, бузук иштерге жана Аллаһ жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөөгө буюрат

[170] Качан (мушриктерге): “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураан өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбыздын үрп-адаттарына ээрчийбиз” дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсеге акыл калчабаган жана Туура Жол таппаган адамдар болсо да (ошенте беришеби)

[171] Каапыр болгон адамдар кишинин кыйкырыгынан чакыруу жана добуштан башка эч нерсени ылгай албаган айбандарга окшош. Алар дүлөй, дудук жана сокур! Демек, акылдарын иштетишпейт

[172] О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллаһтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Биз силерге ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле жана Аллаһка шүгүр кылгыла

[173] Аллаһ силерге тарпты, (мууздаганда аккан) канды, доңуздун этин, Аллаһтан башкага атап союлган жандыктын этин (жешти) арам кылды. Ал эми, кимде-ким, атайын издебей, чектен чыкпай (өлбөй калуу үчүн гана жегенге) мажбур болсо, ага күнөө болбойт. Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[174] Аллаһ түшүргөн китепти (Тооратты, анын ичиндеги чындыкты) жаап-жашырган жана аны арзыбаган баага сата турган адамдар өз курсактарына оттон бөлөк нерсени жешпейт. Аллаһ Кыямат күнү аларга сүйлөбөйт жана аларды (жаман пейилдеринен) тазартпайт. Аларга кыйноочу азап бар

[175] Алар адашууну хидаят (туура жол) ордуна, азапты кечирим ордуна сатып алган адамдар. Алар Тозок отуна мынча сабырдуу

[176] Бул - Аллаһ китепти чындык менен түшүргөнү (бирок, алар ошол чындыкты жашыргандары) себептүү. Аллаһтын китеби (Тоорат) жөнүндө (бир өкүмүнө ишенип, экинчисине ишенбей) ар түрдүү (пикирде) болуп жаткан адамдар (чындыктан) алыс бөлүнүп-жарылууда калышат

[177] Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык — Аллаһка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн тууган-уруктарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, өз башын азат кылууну каалаган кулдарга садака кылган, намазды толук аткарган, зекетти төлөгөн, убадалашканда өз убадасында бекем турган жана кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш убакыттарында сабырдуу болгон адамдар(дын ыймандуу пейилдери).! Мына ушулар (өз ыймандарында) чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер

[178] О, момундар! Өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу силерге парыз кылынды: азат адамга азат адам, кулга кул, аялга аял (өлтүрүлөт). Ал эми, кимге (өлгөн) бурадары(нын жакындары) тарабынан кечирим берилсе, анда жакшылык менен моюн сунуу жана ага жакшынакай кылып төлөп берүү (парыз). Бул — силерге Раббиңер тарабынан берилген жеңилдик жана ырайым. Ким ушундан соң чектен чыкса, ага жан кыйноочу азап бар

[179] О, акылдуулар! Силер үчүн өч алууда жашоо бар.! Кана эми, (ушул сырлардан сабак алып) такыба болсоңор

[180] Силерден бирөөңөргө өлүм жакындашса, мал-дүйнөсүн ата-энесине жана тууган уруктарына осуят кылып, жакшылык менен (өз абалына карап, ысырапсыз мурас) калтыруусу силерге парыз кылынды. Бул такыбаа кишилерге катуу милдет

[181] Ким ушул керээзди уккандан (түшүнгөндөн) соң (аны) алмаштырып койсо, мунун күнөөсү алмаштырып койгондордун мойнунда! Аллаһ — Угуучу, Билүүчү

[182] Эми, кимде-ким осуят кылуучунун билип же билбей күнөө кылуусунан корксо, алардын арасын оңдоп койсун. (Ошондо) ага күнөө болбойт. Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү

[183] О, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парыз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парыз кылынды. Такыбаа болушуңар үчүн

[184] (Парыз орозо) эсептүү күндөр(дө гана тутулат). Силерден кимиңер оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (кармап берет). Орозо кармаганга чыдаган (бирок, кыйналганы себептүү кармабаган) адамдарга (ар бир күн эсебине) бир жакыр адамды тойгозуу — фидья. Ким ашыгыраак адамды тойгузса, өзүнө жакшы. Бирок, орозо кармаганыңар (фидья төлөөдөн) жакшы, эгер билсеңер

[185] (Силер орозо кармай турган санактуу күндөр — бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят — туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө — орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллаһ силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллаһты даңазалашыңар үчүн жана Аллаһка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парыз кылынды)

[186] (О, Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин! (Ошондо) Туура Жолго түшүп калышы ажеп эмес

[187] Силерге орозо түнүндө аялыңар менен кошулуу адал кылынды. Алар силер үчүн кийим, силер алар үчүн кийим (сыяктуусуңар). Аллаһ силердин (орозо түндөрү) өзүңөргө зулум кылып алганыңарды билди жана тообаңарды кабыл кылып, кечирди. Мына эми, аялыңар менен (орозо түнүндө) кошула бергиле жана Аллаһ силерге жазган нерсени (адал кошулуу менен адал перзентти) ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгилинен ак жип кара жиптен ажыраганы силерге анык билингенге чейин жей бергиле, иче бергиле. Андан (саарлыктан) кийин орозону кечке чейин толук уланткыла. Жана мечиттерде эьтикаф отурган мезгилиңерде аялыңарга жакында-багыла. Булар (тыюу салынган нерселер) — Аллаһтын чек аралары. Алар(ды бузуу)га жакындабагыла! Аллаһ адамдарга Өз аяттарын мына ушинтип баян кылып берет, такыба болууңар үчүн

[188] Бири-бириңердин акча-мүлкүңөрдү кыянат жолдор менен жебегиле жана адамдардын мал-дүйнөсүнөн бир бөлүгүн күнөө менен жеп алуу үчүн акча-мүлктү өкүм чыгаруучуларга (арам экенин) билип туруп (пара катары) бер-бегиле

[189] (О, Мухаммад) Сенден “хилалдар” (ичке орок сымал айлар) жөнүндө сурашат. Айт: “Алар адамдарга убакыттарды жана хаж (ажылык) убактысын белгилөө үчүн. Үйүңөргө арт жагынан кирүүңөр жакшылык эмес, бирок, жакшылык — бул Аллаһтан корккон киши(нин пейилдеринде жатат). Үйүңөргө эшиктеринен киргиле жана Аллаһтан корккула! (Ошондо гана) жеңишке (Бейишке) жетсеңер ажеп эмес

[190] (О, мусулмандар!) Аллаһтын жолунда (Анын дининин жогору болушу үчүн) силерге согуш ачкандарга каршы согушкула жана чектен чыкпагыла” Аллаһ чектен чыккандарды сүйбөйт

[191] Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө, силерди сүрүп чыгарган жерден аларды да сүрүп чыгаргыла. Фитна (динден азгыруу, бузукулук) адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар менен “Масжид Аль-Харамдын” алдында силерге каршы согушмайынча согушпагыла, Эгер алар согушту баштаса, анда өлтүрө бергиле, каапырлардын жазасы — ушундай

[192] Эгер (согушту) токтотушса (каапырчылыктарынан кайтып, мусулман болушса) анда, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[193] Качан (жер бетинен) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) жок болмоюнча жана дин Аллаһ үчүн болмоюнча согуша бергиле. Эгер токтошсо, заалымдарынан башкаларына тийбегиле

[194] «Шахрул-харамга» - «Шахрул-харам» жана арам кылынган нерселер(ди жасагандык үчүн) өч (алуу) бар!! Ким силерге душмандык кылса, силер дагы дал өзүндөй душмандык кылгыла! Аллаһтан корккула жана билгиле, Аллаһ такыба кишилер менен бирге

[195] Аллаһтын жолунда нафака (садака) чыгаргыла.? Колуңарды (өзүңөрдү) өлүмгө таштабагыла. Эхсан кылгыла. Аллаһ эхсан кылуучуларды сүйөт

[196] Хаж (ажылык) жана Умраны, Аллаһ үчүн (ыклас менен) толук аткаргыла. Эгер (бир тоскоол себептүү, Маккага жете албай, жолдо) кармалып калсаңар, кудуретиңер жеткен (төө, уй же кой сыяктуу) курмандык(ты Маккага жибересиңер.) Курмандык (малыңар) жайына жетип бармайынча (жана силерге анын союлганы жөнүндө кабар келмейинче) чачыңарды албайсыңар. Ал эми, силерден ким бирөөңөр ооругандан же башындагы бир зыяндан улам (чачын алдырууга туура келсе), анын ордуна (үч күн) орозо кармоо (алты жакырга) нафака берүү же (бир кой) союу менен фидья (төлөм) төлөсүн. А эгер (тоскоолдуктардан) аман болсоңор жана (Маккага жетип), ким хаҗ(ибадаты башталган)га чейин умрадан да пайдаланган болсо, кудурети жеткен бир курмандык (сойсун). Ал эми ким (курмандыкты же анын баасын) таппай калса, хаж мезгилинде үч күн, үйүнө кайтып келгенде жети күн орозо тутсун! Бардыгы болуп он күн толук болот. Бул (өкүм) үй-бүлөсү Масжид аль-Харамда болбогон (алыстан келген) кишилер үчүн. Аллаһтан корккула жана билгиле, Аллаһ — азабы катуу Зат

[197] Хаж (сапары) — белгилүү айлар.! Ким ошол айларда (өзүнө) хаж (ибадатын) парыз кылса, (жана ихрам байласа) хажда (ихрамдан чыкканга чейин) жубайы менен (жыныстык) мамиле жасабайт, бардык күнөөлөрдөн тыйылат жана жаңжалдан алыс болот. Кандай гана жакшы амал кылсаңар да Аллаһ билип турат. Жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол азыгы -— бул такыба. О, акылдуу адамдар, Менден корккула

[198] (Хаж ибадаты мезгилинде адал кесип, же соода менен) Раббиңерден пазилет үмүт кылууңарда күнөө жок. Ал эми, Арафат тоосунан түшсөңөр, Машьар-ул-харамда (Муздалифа өрөөнүндө) токтоп, Аллаһты зикир кылгыла жана Аллаһ силерди адашканыңардан кийин, Туура Жолго салганы үчүн, силер да Аны эстегиле

[199] Андан соң (Муздалифадан Каабаны көздөй) адамдар түшкөн багыт менен түшкүлө жана Аллаһтан кечирим сурагыла. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[200] Ал эми, ибадат - жөрөлгөңөрдү аткарып болгон соң (такбирлерди айтып) Аллаһты, ата-бабаңарды эстегендей же андан да катуураак эстегиле. Адамдардан кээ бирөөлөрү (Акыретти унутуп): “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө бер”-дешет. Андайларга Акыреттен насип жок

[201] Алардан дагы бирөөлөрү: “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди Тозок азабынан сакта!” - дешет

[202] (Акыретте) дал ошол адамдар үчүн жасаган (жакшы) иштеринен насип бар. Аллаһ өтө тез эсептешет

[203] Аллаһты саналуу күндөрдө да эстегиле.! Ким эки күндө шашылса — ага күнөө жок. Жана ким кечиктирсе — ага да күнөө жок.” (Бул өкүмдөр) Такыба кишилер үчүн. Аллаһтан корккула жана билгиле: бардыгыңар (Кыяматта өз ишиңерден эсеп берүү үчүн) Аллаһтын алдында чогултуласыңар

[204] (О, Мухаммад!) Адамдардын арасында ушундайлары бар: бул дүйнө жашоосунда анын сөздөрү сени кызыктырып койот. Ал жүрөгүндөгү нерсеге Аллаһты күбө кылат (ант ичет). Чынында, ал (Исламга) элдешкис душман

[205] Ал сенин алдыңан кетээри менен, жер бетин бузукулуктарга толтуруш үчүн, эгиндерди, насилдерди курутуш үчүн аракеттерин баштайт. Аллаһ болсо, бузукулукту сүйбөйт

[206] Эгер ага “Аллаһтан корк” деп айтылчу болсо, күнөө менен (бирге) текеберлиги (да) кармап калат. Ага Тозок жетиштүү! Ал не деген жаман орун

[207] Адамдардын арасында өз жанын Аллаһ ыраазычылыгы жолунда саткандары (курман кылгандары) да бар. Аллаһ өз пенделерине кайрымдуу

[208] О, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле! Шайтандын изинен ээрчибегиле! Ал силерге анык душман

[209] Эгер силерге (Раббиңер тарабынан) анык илим-далилдер (Кураан-Сүннөт) келгенден кийин деле жолдон тая берсеңер, билип койгула: Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[210] Алар (жер бетинде бузукулукту тараткандар менен шайтанга ээрчигендер, Кыяматта) Аллаһ жана периштелер булуттардын көлөкөсүндө келишинен (жана аларга адилеттүүлүк менен өкүм кылып, жаза беришинен) башканы күтүшпөйт. Анан иш бүтөт жана бардык иштер Аллаһка кайтарылат

[211] (О, Мухаммад,) Исрайил урпактарынан сурачы, Биз аларга (чындыкты далилдеген) анык аян-белгилерден канчасын бердик экен? Өзүнө келген Аллаһтын нээматын кайсы (акылсыз) адам алмаштырат? Албетте, Аллаһ -азабы катуу Зат

[212] Каапыр адамдарга (ушул) дүйнөнүн жашоосу кооз көргөзүлдү. Алар ыймандуу адамдарды мыскылдашат. Такыба адамдар Кыяматта алардан жогору (даражаларда) болушат. Аллаһ каалаган пенделерине эсепсиз ырыскы берет

[213] Адамдар (мурда) бир (динди гана кармаган) үммөт болгон.! Анан Аллаһ, (Бейиштен) сүйүнчүлүү кабар берүүчү жана (Тозоктон) эскертүүчү пайгамбарларды жиберип, адамдар арасындагы талашкан нерседе (динде) өкүм кылуу үчүн аларга (Аллаһка гана сыйынуу жөнүндөгү) чындыкты камтыган китепти (Тоорат менен Инжилди) түшүрдү. Аны алган элдер, ал (дин) жөнүндө, өздөрүнө анык чындыктар келгенден кийин деле, (ага моюн сунбай) өз ара кыянаттык менен талаша башташты. Анан Аллаһ алар талашып жаткан чындыкка ыйман келтирген адамдарды Өз каалоосу менен Туура Жолго баштады. Аллаһ Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт

[214] (О, момундар!) Силерге мурунку элдердин (машакаты жөнүндөгү) мисалдары келбей туруп, Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы. Аларга жакырлык, ар түрдүү ооруулар жеткен жана кооп-коркунучтарга кабылтылган. Жадагалса, пайгамбар(дын өзү) жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар: “Аллаһтын жардамы качан келээр экен!” деп какшап жиберишкен. Уккула, Аллаһтын жардамы жакын

[215] Сенден эмнени (кандайча) кайыр-садака кылуу керектигин сурашат. Айткын: “(Колуңардан келген) садакаңар ата-энеңер үчүн, жакын тууганыңар үчүн, жетимдер үчүн, мискиндер (бей-бечаралар) үчүн жана мусапырлар үчүн болсун. Деги эле, кандай жакшылык -садака кылчу болсоңор, аныңарды Аллаһ Билүүчү

[216] Силер үчүн жагымсыз болгонуна карабай силерге согуш парыз кылынды. Анткени, (кээ бир учурда) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында, ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Анткени, силер билбейсиңер, Аллаһ билет

[217] Сенден “шахрул-харам” айларында согушуу жөнүндө сурашат.! Айткын: “Бул айларда согушуу оор күнөө. А бирок, (мушриктердин мусулмандарды) Аллаһтын жолунан, “Масжид-ал-Харамдан” тосуулары, Ага (Аллаһка) каапыр болуулары, жана анын (Масжид аль-Харамдын) жашоочуларын андан чыгарып жиберүүлөрү Аллаһтын алдында (шахрул-харамда согуш кылуудан) чоңураак (күнөө). Фитна (Аллаһтын Жолунан тосуу) адам өлтүрүүдөн чоңураак (күнөө)! Алар эгер колунан келсе, силерди диниңерден кайтарып жибергенге чейин, силерге каршы согушун уланта беришет. Эми, кимиңер дининен кайтып, каапыр бойдон өлсө, Дүйнө-Акыреттеги жакшы амалдарынын бардыгы күйүп кетет жана алар Тозок ээлеринен болуп, анда түбөлүк калышат

[218] Ал эми, ыйман келтирген, (динин жогору кылуу үчүн өз) журтунан хижрат кылган жана Аллаһ жолунда жихад кылган адамдар, мына ошолор Аллаһтын ырайымынан үмүт кылышат. Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү

[219] Сенден “хамр” (арак) жана “майсир” (кумар) жөнүндө сурашат.! Айткын: “Ал экөөндө чоң күнөө жана адамдарга (дүйнөлүк) пайдалар бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан чоңураак. «Сенден “Эмнени садака кылсак экен?”- деп сурашат. “(Өзүңөрдөн) артканын” - деп жооп бер». Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Кана эми, пикир кылсаңар

[220] (Кана эми,) Дүйнө жана Акырет жөнүндө (пикир кылсаңар!). Сенден жетимдер жөнүндө сурашат. Айткын: “ Жетимдерди(н абалын) оңдоо — жакшы. Эгер жетимдерге (мүлктө шериктештик боюнча) аралашсаңар — алар силердин өз бурадарыңар. Аллаһ кимдин бузуку, кимдин оңдоочу экенин билет. Эгер Аллаһ кааласа, силерге оор кылып коймок. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[221] Силер мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. (Анткени,) күң (болсо да) ыймандуу аял мушрик (сулуу, азат жана бай) аялдан артык! Эгер ал (мушрик аял) силердин купулуңарга толуп турса да. Ошондой эле, (өзүңөргө караштуу кыз-жубандарды) мушрик эркектерге — алар ыйманга келмейинче — никелеп бербегиле. (Анткени,) кул болсо да ыймандуу эркек мушрик эркектен, артык! Эгер ал (мушрик) силерге жагып турса да. (Себеби) Алар (мушриктер сөзү, пейили жана абал-көрүнүшү менен силерди) Тозокко чакырышат. Аллаһ болсо, Өз каалоосу менен Бейишке жана кечирим берүүгө чакырат. Жана аяттарын адамдарга (ушинтип) баяндайт. Кана эле, алар Аллаһты эстешсе

[222] Сенден айыз (каны) жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал жагымсыз нерсе”. Демек, айыз убактысында аялдарга кошулбагыла. Жана таза болмоюнча аларга жакындабагыла.! Ал эми, алар таза болгондо, аларга Аллаһ буюрган тараптан келе бергиле. Аллаһ тооба кылуучуларды жана таза-пакиза адамдарды сүйөт

[223] Аялдарыңар силердин эгин талааңар. Өзүңөрдүн эгин талааңарга каалаган тарабыңардан келе бергиле.? Жана өзүңөр үчүн (жакшы ниетти) алдыга койгула. Аллаһтан корккула жана билгиле, силер Ага (Кыяматта) жолугасыңар. Жана момундарга (Бейишти) сүйүнчүлө

[224] Аллаһты(н атына ичкен антыңарды) жакшылыгыңардан, такыбалыгыңардан жана адамдардын арасын түзөтүүңөрдөн тосуучу (шылтоо) кылып албагыла.! Аллаһ — Угуучу, Билүүчү

[225] Аллаһ силерди (тил учунда айтылган) антыңардагы маанисиздик үчүн жазалабайт. Бирок, жүрөгүңөр чыгарган нерсе (ант) үчүн жазалайт.” Аллаһ -Кечиримдүү, (пейили) Жумшак

[226] Аялдарынан “ийлаа”” кылган күйөөлөр үчүн (эң узун) күтүү мөөнөтү төрт ай. Эгер (ниеттеринен) кайтышса, Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү

[227] Жана эгер (төрт ай өткөн соң) талак берүүнү (ажырашууну) каалашса, (ажыраша берет). Аллаһ — Угуучу, Билүүчү

[228] Талагы берилген аялдар үч (айыздан) тазалануу мөөнөтү (өткөнгө чейин) өздөрүн байкашат. Эгер алар Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенишсе, Аллаһ жатындарында жаратып койгон нерсени (түйүлдүктү) жаап-жашыруулары аларга адал эмес. Жана алардын күйөөлөрү эгер жашоону кааласа ушул (үч айыз) аралыгында аларды (өз никесине) кайтарууга көбүрөөк акылуу?. Ошондой эле, аларга үстүндөгү милдетине жараша жакшылыкка болгон акылары да бар. Жана да эркектерге аялдардан жогору даража бар. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[229] (Кайрадан нике кыйуу мүмкүн болгон) талак эки ирет гана (берилет). Андан кийин (же) жакшы жашоо менен (аялды) кармап калуу же болбосо, жакшылыкча койо берүү (тана калат). Аларга (аялдарга) берген махырыңардан кээ бир бөлүгүн алып калуу силер үчүн адал эмес. Болгону, ал экөө (аялы менен күйөөсү) Аллаһтын чегараларында тура албагандан корккондо гана (аялга берилген махырдан белгилүү өлчөмдө алып калуу адал болот.) Эгер силер ал экөөсүнүн Аллаһ чектеген чектерде тура албасынан корксоңор, аялы (өз башын азат кылуу үчүн) күйөөсүнө берген төлөмүндө эч күнөө жок. Ушулар Аллаһтын чек-эрежелери, аларды бузбагыла! Ким Аллаһтын чек-эрежелерин бузган болсо, ошолор гана заалымдар

[230] Эгер эр аялын (үчүнчү ирет) талак кылса, кийин, андан башка эрге тийип чыкмайынча ага адал болбойт. Эгер ал аялды ал (кийинки эри) дагы талак кылса, кайрадан бири-бирине кайтуусунда экөөнө күнөө жок, эгер Аллаһтын чек-эрежелеринде турууларына көздөрү жетсе. Ушулар Аллаһтын чек-эрежелери. Аларды (Аллаһ) түшүнгөн коомдор үчүн баян кылып берет

[231] (О, эркектер!) Аялдарды талак кылганыңарда, (идда) мөөнөттөрүнө жетсе, аларды жакшылык менен алып калгыла же болбосо, жакшылыкча койо бергиле. Кандайдыр бир зыян жеткирип, чектен чыгуу үчүн аларды кармабагыла. Ким ушуну жасаган болсо, шексиз өзүнө зулум кылган болот! Аллаһтын аяттарын оюн-эрмек кылып албагыла! Жана Аллаһтын силерге берген нээматын жана силерге түшүргөн китеп (Кураан) менен Хикматты (пайгамбардын Сүннөттөрүн) эстегиле. Аны менен Ал силерге насаат айтат. Аллаһтан корккула жана билип алгыла: Аллаһ ар кандай нерсени Билүүчү

[232] Аялдарды талак кылганыңарда жана алар (идда) мөөнөттөрүнө жеткенде, (иддаларын толук сакташсын.) (Оо, талагы берилген аялдын жакындары!) Эгер жакшылык менен бири-бирине ыраазы болушса, аларды күйөөлөрү менен (кайрадан) никеленип алуусуна тоскоол болбогула! Силердин араңардан Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенгендер бул өкүмдөн насаат алышат. Ушунуңар силер үчүн тазараак жана пакизараак (болгон жорук). (Силерге эмне жакшы, эмне жаман экенин) Аллаһ билет, силер билбейсиңер

[233] Жана энелер бөбөктөрүн эки жыл толук эмизишет. (Бул өкүм) эмизүүнү толук кылууну каалагандар үчүн. Аларды (энелерди) жакшынакай жедирип-ичирүү жана кийинтүү - атанын мойнунда. (Бирок,) эч бир жан күчү жетпеген ишке мажбур кылынбайт. Эне дагы, ата дагы перзенти себептүү зыян тартпаш керек. Мураскордун мойнунда ушундай милдет бар. Эгер эрди-катын өз ара кеңеш менен, бири- биринин ыраазычылыгын алып, (баланы эмчектен) ажыратууну каалашса — аларга күнөө жок. Жана силер (О, жубайлар) өз бөбөгүңөргө (башка бир) эмизүүчү болушун кааласаңар — эгерде анын акысын жакшылык менен толук төлөп турсаңар — силерге күнөө болбойт. Силер Аллаһтан корккула жана билип койгула: Аллаһ силердин (бардык) ишиңерди Көрүүчү

[234] Силердин араңардан аялдарын (жесир) калтырып, өлүп кеткендердин (аялдары) өз алдынча төрт ай, он күн (идда) күтүшөт. Ал эми (идда) мөөнөттөрүн бүтүргөн соң, өздөрүнө жакшылык менен жасаган ишинде силерге күнөө болбойт. Аллаһ силердин ишиңерден Кабардар

[235] Ал (күйөөсү өлүп, идда отурган) аялдарга ишаарат менен өзүңөрдү сунуш кылышыңарда же болбосо, (аларга жуучу жиберүүнү) ичиңерде сыр сакташыңарда күнөө жок. Аллаһ аларды тез арада эстешиңерди билди. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла! Болгону, жакшы сөздөрдү айтсаңар жарайт. Жана китеп (идда эсеби) өз мөөнөтүнө жетмейинче нике кыюууга умтулбагыла. Жана билип койгула: Аллах ичиңердеги (жашыруун) нерсени да (айкын) билип турат. Демек, Андан сак болуп (дайым эстеп) жүргүлө жана да билгиле, Аллаһ — Кечиримдүү, (пейили) Жумшак

[236] Эгер (никеңерге алган) аялдарды, жакындык кылбай туруп, же болбосо алар үчүн махырды белгилебей туруп талак кылсаңар — күнөө жок. Жана (никени бузганыңардын эсесине) аларды жакшы пайдалар менен — бай(лар) мүмкүнчүлүгүнө карап, кедей(лер) колунан келишинче — пайдаланткыла. Бул — жакшылык кылуучулар үчүн милдет

[237] Эгер аларга (жыныстык) жакындык кылбай туруп жана махырды белгилеп койгон соң талак кылсаңар, белгиленген махырдын жарымып(н кайтарып бересиңер.) Эгер алар (аялдар өздөрүнө тие турган жарым махырды алуудан) кечип жиберсе, же болбосо, нике келишими колунда болгон адам (күйөө, өзүнө алып калган махырдын жарымынан) кечип! жиберсе, кечип жиберишиңер такыбага жакыныраак (иш). Жана араңарда болгон пазилет-даражаны унутпагыла. Албетте, Аллаһ, силердин эмне кылып жатканыңарды Көрүүчү

[238] Намаздарга, айрыкча ортолук? намазга бекем болгула! Жана (намазда) Аллаһка толук моюн сунган абалда тургула

[239] Эгер (душмандан, жырткычтан ж.б.у.с зыяндардан) корксоңор, жүргөн же минген абалыңарда (намаз окуй бергиле). Ал эми, (зыяндардан) тынч болгонуңарда, Ал (Аллаһ) билбеген нерсеңерди силерге кандай үйрөткөн болсо, дал ошондой (бардык шарттарын ордуна келтирип) Аллаһты зикир кылгыла

[240] Силердин араңардан аялдарын калтырып көз жумуп бараткан кишилер (болсо), аялдарын бир жылга чейин үйдөн кууп жибербей, (зарыл болгон тиричилик каражаттары менен) пайдаландырууну (өз жакындарына) керээз кылсын. Эгер алар (аялдар) (бир жылга жетпей, өз каалоолору менен) чыгып кетсе, өз алдынча кылган жакшы иштеринде силер үчүн (эй, эрдин жакындары) күнөө жок. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[241] Талагы берилген аялдарды жакшылык менен пайдалантуу такыба кишилердин мойнуна милдет

[242] Ошентип, Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын, акылыңарды иштетүүңөр үчүн баян кылып берет

[243] (О, Мухаммад!) Өлүмдөн качып, журттарынан чыккан миңдеген адамдарды(н икаясын) укпадың беле? Аллаһ аларга: «Өлгүлө!» - деди. (Алар өлүштү). Анан, аларды кайра тирилтти.! Албетте, Аллаһ адамдарга Пазилеттүү.? Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр кылышпайт

[244] Аллаһтын жолунда согушкула жана билгиле, Аллаһ — Угуучу, Билүүчү

[245] Аллаһка жакшынакай карыз бере турган адам барбы? Анан ага (Аллаһ) көп-көп (сооп) кошуп кайтарат. (Ырыскыларды) кең кылуучу да, тар кылуучу да Аллаһ! Анын Өзүнө гана кайтып барасыңар

[246] Мусадан кийинки, Исрайил урпактарынан болгон жамаатты(н кабарын) билбедиңби? Бир мезгилде алар өздөрүнүн пайгамбарына: «бизге бир падыша дайындап бер, Аллаһ жолунда согушка чыгалы» дешкенде, ал: «Эгер силерге согуш парыз кылынган убакта, согуштан баш тартсаңарчы?» деди. Алар айтышты: «Кантип эле Аллаһтын жолунда согушпай койолу?! Биз журттарыбыздан жана бала-чакаларыбыздан айдап чыгарылдык!» Ал эми, согуш парыз кылынганда болсо, аз гана бөлүгүнөн башка бардыгы (согуштан) баш тартышты. Жана Аллаһ заалым адамдарды Билүүчү

[247] Аларга пайгамбары: «Аллаһ силерге (мына бул) Таалутту падыша дайындады» дегенде, алар: «Ал кайдан бизге падыша болсун?! Андан көрө падышалыкка өзүбүз көбүрөөк акылуубуз. Жана ага кененирээк мал-дүйнө да берилген эмес» дешти. (Анда пайгамбар) айтты: «Аны силерге (падыша кылып, мен эмес) Аллаһ тандады жана аны (саясий) илимде жана денесинде(ги кубатта башкалардан) ашыкча кылды. Аллаһ (жердеги) падышалыгын Өзү каалаган адамга берет. Жана АллаһЦ(тын пазилети) Кенен, Билүүчү»

[248] Пайгамбары аларга: «Анын падышалыгынын белгиси, силерге (душманыңар тартып алган) сандыктын! (кайра өзүңөргө) келиши. Анда (силер үчүн) Раббиңер тарабынан тынчтык-бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган (таберик) нерселер бар. Аны периштелер көтөрүп келишет. Эгер (чындап) момун болсоңор ушул окуяда силер үчүн аян-белги бар» - деди

[249] Таалут аскерлер менен чыкканда (мындай) деди: «Аллаһ силерди (суусаган мезгилиңерде) бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе — менден эмес, (мени менен согушка барбайт, себеби ал — сабырсыз) жана ким андан ичпесе — ал менден (мени менен барат) Бирок, ким колу менен бир ууртам гана ичсе, мейли, (алардын өз ыктыяры: калгысы келсе — калат, мени менен кеткиси келсе — кетет)». Анан (бардыгы жолго чыгып, дарыяга жеткенде) аз гана адамдан башка баарысы суу ичип алышты. Бир убакта ал (Таалут) жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар дарыядан өттү эле, (көпчүлүк суу жүрөктөрү): «Бүгүн Жаалут жана анын аскерлери менен согушууга алыбыз жетпейт» дешти. Ал эми, (Кыяматта) Аллаһ менен жолугууга (бекем) ишенгендер: «Нечендеген аз сандуу аскерлер Аллаһтын каалоосу менен көп сандуу аскерлерди жеңип чыккан. Аллаһ сабырдуулар менен!» дешти

[250] Жана Жаалут менен анын аскерлерине бетме-бет келгенде: «О, Рабби! Үстүбүздөн сабыр - чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекем кыл жана каапыр коомдордун үстүнөн жеңиш бере көр!» деп (дуба кылып согушка киришти)

[251] Кийин Аллаһтын каалоосу менен аларды жеңип алышты жана Дауд (деген жаш жигит) Жаалутту өлтүрдү. Аллаһ ага (Даудга) падышалык менен даанышмандык (пайгамбарчылык) берип, Өзү каалаган илимдерди үйрөттү. Эгер Аллаһ адамдардын (арасындагы Жаалут жана анын эли сыяктуу жаман, каапыр) бир бөлүгүн башка бир (Таалут жана анын кошууну сыяктуу жакшы) бөлүгү менен жоготуп турбаса, жер (бети) бузулуп кетмек. Бирок, Аллаһ ааламдардын үстүнөн Пазилеттүү

[252] Булар — Аллаһтын далилдери. Аларды сага акыйкат менен айтып берүүдөбүз. Жана сен, албетте, пайгамбарлардын бирисиң

[253] Биз бул пайгамбарлардан кээ бирлерин башка бирөөлөрүнөн абзел кылдык. Алардын арасында Аллаһ (ага) сүйлөгөндөрү бар жана (Аллаһ) кээ бирөөлөрүн жогору даражаларга көтөрдү. Биз Марямдын уулу Ыйсага анык далилдер берип, аны Ыйык Рух менен кубаттадык. Эгер Аллаһ кааласа, алардан кийинкилер өздөрүнө анык далилдер келген соң өз ара согушпайт болчу. Бирок, каршылашып калышты: алардан ким бирөөсү ыйман келтирди, дагы бирөөлөрү каапыр болду. Эгер Аллаһ кааласа согушпайт эле. А бирок, Аллаһ каалаганын жасайт

[254] Оо, ыйман келтиргендер! (Башыңарга) алды-саттысы, жоро-жолдошчулугу жана шапаат- ортомчулугу жок Күн (Кыямат) келип кала электе Биз силерге ырыскы кылып берген нерселерден (бир бөлүгүн Аллаһтын жолуна) сарп кылгыла! Жана каапырлар — ошолор гана заалым кишилер

[255] Аллаһ... Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Өзү гана бар. (Ал) — түбөлүк Тирүү, (ар нерсени башкарып) Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча эч ким (эч кимге) шапаат-колдоочулук кыла албайт. Ал алардын (бардык макулуктардын) келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар (калк-калайыктар) болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билишпейт. Анын Курсийси асмандар жана Жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт. Жана Ал — эң Жогорку жана эң Улук

[256] Динде мажбурлоо жок.! Туура Жол адашуучулуктан ажырап бүткөн. Ал эми, ким Таагутка? каапыр болуп, Аллаһка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы кармаганы чын! Аллаһ — Угуучу. Билүүчү

[257] Аллаһ — ыйман келтирген адамдардын башчысы. Аларды караңгылыктардан (илим, ыйман сыяктуу) нурга чыгарат. Ал эми, каапыр болгон адамдардын башчысы — Таагут. Ал аларды нурдан караңгычылыктарга чыгарат. Ошолор гана тозок ээлери жана алар анда түбөлүк калышат

[258] Аллаһ падышалык бергени себептүү (текеберленип,) Ибрахим (пайгамбар) менен, анын Раббиси жөнүндө далилдешкен кишини(н кабарын) билбедиңби? Ибрахим ага: «Менин Раббим өмүр жана өлүм берет» дегенде, ал: «Мен дагы өмүр жана өлүм бере алам»-деди. (Анда) Ибрахим айтты: «Аллаһ Күндү чыгыштан чыгарат. Сен (эгер кудай болсоң) аны батыштан чыгарып берчи, кана?! Анан каапыр адам (жооп бере албай) кеңгиреп калды. Аллаһ заалымдарды Туура Жолго баштабайт

[259] Же болбосо (о, Мухаммад) пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн киши(нин окуясы) сыяктуу (кабар укпадыңбы?) Ал киши: (ойрон болгон айылдан өтүп бара жатып) «Аллаһ ушуну(н элдерин) өлгөндөн соң кантип (кайра) тирилте алат?!» деди. Аллаһ анын өзүн жүз жылга өлтүрүп койду да, кийин кайра тирилтип: «Канча убак жаттың?» — деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк» деп жооп берди. (Аллаһ) айтты: «Жок, жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамак-ашыңды, суусундуктарыңды карачы — бузулган эмес. Жана эшегиңе (чирип кеткен сөөктөрүнө) да кара. Биз сени адамдарга (Өз кудуретибизден) аян - белги кылуу үчүн (ушундай) кылдык. Жана сөөктөргө кара: Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз. (Өз көзүң менен көрүп ал!). Анан бардыгы ага (көз алдында) анык билингенде: «Мен (эми) Аллаһтын ар кандай нерсеге Кудуреттүү экенин билемин!»-деди

[260] Эстегин, Ибрахим: «О, Раббим! Мага өлүктөрдү кандай тирилтээриңди көргөз» дегенде, (Аллаһ): «Ишенбей жатасыңбы?» деди. Ибрахим айтты: «Жок, андай эмес, бирок жүрөгүм бейпил болушу үчүн (сурап жатамын)». (Аллаһ) айтты: «Куштан төрттү карма дагы, аларды өзүңө жакындатып (союп, жиликтеп,) ар бир тоого алардын бөлүктөрүн (чачып) ташта. Анан аларды (өз аттары менен) чакыр — сага тез (учуп) келишет. Жана билип койгун, Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[261] Мал-дүйнөлөрүн Аллаһ жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллаһ каалаган пендесине (ушул сыяктуу) көбөйтүп берет. Аллаһ(тын пейили, илими) Кенен (жана) Билүүчү

[262] Мал-дүйнөсүн Аллаһ жолунда сарп кылып, артынан колко кылбаган жана заар сөздү ээрчитпеген адамдар үчүн Раббисинин алдында (көптөн-көп) сооптор бар. Жана аларга эч коркунуч жок жана алар кайгы-капага да батышпайт

[263] Ширин сөз жана кечирүү -(өзүнүн артынан) заар сөз ээрчиген садакадан жакшы. Аллаһ — Беймуктаж (жана пейили) Жумшак

[264] О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенбеген жана мал-дүйнөсүн, адамдарга элкөрсүн үчүн садака! кылуучу кишилерге окшоп (берген) садакаңарды колко кылуу жана заар сөз менен жокко чыгарып албагыла! Анын мисалы-үстүн топурак баскан аска-таш сыяктуу. Качан ага кара нөшөр жамгыр жааса (жууп) жылаңачтап койот. (Ушуга окшош) алар жасаган иштеринен эч нерсеге ээ болбой (куржалак) калышат. Аллаһ каапыр коомдорду туура жолго баштабайт

[265] Мал-дүйнөлөрүн Аллаһтын ыраазычылыгын көздөп жана (Аллаһ берчү соопко) бекем - чын ишенимдери менен садака кылган адамдардын мисалы бир бийик, тегиз жердеги бак-бостон сыяктуу. Ага нөшөрлүү жамгыр жааса, түшүмүн эки эсе көп берет. Эгер ага нөшөрлүү жамгыр жетпесе, себелеп жааганы да (пайдалуу) боло берет. Жана Аллаһ силер жасаган (бардык) ишиңерди Көрүүчү

[266] Силерден бирөөңөр, астынан дарыялар аккан, ичинде ар түрдүү мөмөлөрү болгон жүзүм жана курма багы болушун, жана өзү картайып, бала-бакырасы да алсыз болгон бир мезгилде, бак-бостонуна оттуу бороон тийип, өрттөп кетишин каалайт беле?! Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баян кылат, пикир кылышыңар үчүн

[267] О, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан нерсеңерден жана Биз силер үчүн жерден чыгарып берген (дан, жер азыктары, мөмө-жемиш ж.б.у.с.) нерселерден эң асыл-тазаларын садака кылгыла. Жана алардан төмөн-начар болгондорун садака кылууну ниет кылбагыла.? Аны өзүңөр да албайт элеңер. Алсаңар да андан көзүңөрдү жумуп (жактырбай) аласыңар. Жана билгиле, Аллаһ Беймуктаж жана мактоого татыктуу

[268] Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана бузукулуктарга буюрат. Аллаһ болсо, силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллаһ (тын ырайым-пазилети ) Кенен, Билүүчү

[269] (Аллаһ) каалаган пендесине хикмат (илим-даанышмандык) берет. Кимге хикмат берилген болсо, демек ага көп жакшылыктар берилиптир. (Муну) Акылдуу адамдар гана баамдай алышат

[270] Силер кандай садака же назир! кылсаңар — Аллаһ аны билип турат. Заалымдарга (Аллаһ тарабынан) жардамчы жок

[271] Эгер садакаларды ашкере кылсаңар — бул жакшы.” Эгер жашыруун кылып, кембагалдарга берсеңер — бул да силерге жакшы. (Бул экөө тең) Силердин күнөөңөрдү жууйт. Жана Аллаһ силер кылып жаткан ишиңерден кабардар

[272] (О, пайгамбар!) Аларды Туура Жолго салуу сенин колуңда эмес. (Сен болгону аларга чындыкты жеткирүүчүсүң.) Бирок, Аллаһ Өзү каалаган пендесин Туура Жолго баштайт. (О, момундар) кандай жакшылыкты (мүлктү) садака кылсаңар — ал өзүңөрдүн пайдаңарга. (Эгер чыныгы момун болсоңор) Аллаһтын Жүзүн үмүт кылып гана садака кыласыңар. Жана кандай гана жакшылыкты садака кылсаңар, силерге зулум кылынбаган абалда (сообу) өзүңөргө толук кайтарылат

[273] (Оо, момундар! Силер) Аллаһтын жолунда (жүрүп, тиричиликтен) тосулган, жер бетинде сапар кылууга мүмкүнчүлүгү болбогон, (бирок) билбеген адам аларды (бирөөдөн сураганга) ыйба кылгандан улам бай деп ойлогон кембагалдарга (садака кылгыла). Аларды көрүнүшүнөн тааныйсыңар. Алар адамдардан суранышпайт. Кандай гана жакшы садака кылсаңар да, аны Аллаһ Билүүчү

[274] Түнү-күнү (ар дайым) мал-дүйнөсүн жашыруун жана ашкере түрдө садака кылган адамдар үчүн Раббисинин алдында (көбөй-түрүлгөн) сооптору бар. Аларга коркунуч да жок жана алар капа болушпайт

[275] Сүткордук (менен пайда) жеген адамдар (Кыяматта) шайтан уруп акылдан азган адам сыяктуу (мүрзөлөрүнөн) турушат. Бул алардын: «Соода деле сүткордук сыяктуу» деген сөздөрү үчүн (жаза!). Аллаһ сооданы адал, сүткордукту арам кылган. Ал эми, кимге Раббиси тарабынан (сүткорлуктун арамдыгы жөнүндө) насаат-баян келсе жана ал (тооба кылып) токтосо — өткөндөгүсү өзүнө (адал) жана (келечек) иштери Аллаһка тапшырылат. Жана ким (сүткордукка) кайтса — ошолор гана тозокулар жана алар анда түбөлүк калышат

[276] Аллаһ сүткорлукту(н пайдасын) жоготот жана садакаларды пайдалуу кылат.! Аллаһ ар бир күнөөлүү каапырды сүйбөйт

[277] Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган, намазды (шарттары менен) аткарган жана зекетти берген адамдар үчүн Раббисинин алдында сооптору даяр. Жана аларга коркунуч да болбойт, кайгы-капага да батышпайт

[278] О, ыйман келтиргендер! Аллаһтан корккула жана эгер момун болсоңор, (мурун алып жүргөн) сүткорлук пайдаңардан калганын албагыла

[279] Эгер андай кылбасаңар, Аллаһ жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула! Жана эгер тооба кылсаңар (пайда кошулбаган) акча-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт

[280] Эгер (карыз алуучу) начар (турмушта жашаган киши) болсо, бай болгонго чейин күткүлө. Эгер (карызыңарды) садака кылып жиберсеңер - өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер

[281] Аллаһка кайтарыла турган күнүңөрдөн (Кыяматтан) корккула! Кийин ар бир жан ээси өзүнүн ишине жараша толук (натыйжасын) алат, жана аларга зулум кылынбайт

[282] О, ыйман келтиргендер! Белгилүү мөөнөткө карыз алды-берди кылсаңар, ал мамилени жазып койгула. Ортоңордо бир жазуучу адилет менен жазсын. Ал Аллаһ үйрөткөндөй (адилеттик менен) жазуудан баш тартпасын. Сөзсүз жазсын жана мойнуна карыз алуучу киши айтып жаздыртсын. Ал Раббиси — Аллаһтан корксун жана андан (карыздан) бир нерсесин да кемитпесин. Эгер мойнуна карыз алуучу адам акылсызыраак, алсыз же айтып жаздыра албай турган (дудук) болсо, анын ишенимдүү өкүлү адилеттик менен айтып турсун. Жана өзүңөр ыраазы болгон күбөңөрдөн эки эркек кишиңерди, эгер эки эркек табылбай калса, бир эркек жана эки аялды күбөлүккө тарткыла. (Аялдардын) бири адашса, экинчиси эскертип турат. (Күбөлүккө) чакырылганда күбөлөр баш тартышпасын! Аны (карызды), аз болсо да, көп болсо да, өз мөөнөтүнө чейин жазып коюудан эрикпегиле. Ушунуңар Аллаһтын алдында адилеттүүрөөк, күбөлүк үчүн бекемирээк жана шектенип калбашыңарга жакыныраак. Ал эми, араңарда айлантып жаткан накталай соодаңар болсо, аны жазбай эле коюшуңарда силер үчүн күнөө жок. (Бирок, эгер унутуп калуудан корксоңор же аныгыраак болушун кааласаңар) өз ара соода кылсаңар деле күбөлөрдү тарткыла жана жазуучу да, күбөлөр да зыян тартып калышпасын. Эгер (мунун тескерисин) жасасаңар бул силердин бузукулугуңар(дын белгиси). Аллаһтан корккула! Аллаһ силерге (ушинтип) таалим берет. Аллаһ ар бир нерсени Билүүчү

[283] Эгер сапарда болуп, жазуучу таппай калсаңар (карыздын наркына тең) колго илингидей күрөө алсаңар болот. А, эгер бири-бириңерге ишенчү болсоңор (жаздырбай жана күрөө албай эле) ишенилген адам аманатын (өз мөөнөтүндө) аткарсын жана Раббиси — Аллаһтан корксун! (О, момундар!) Күбөлүктү жаап-жашырбагыла! Ким жаап-жашырса — анын жүрөгү күнөөлүү. Аллаһ силердин ишиңерди Билүүчү

[284] Асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселер Аллаһка таандык. Эгер силер ичиңердеги (ой-кыял, пейил, максаттан турган) нерселерди жашырсаңар же ашкере кылсаңар да Аллаһ силерди ошол нерсе менен эсеп-китеп кылат, жана Өзү каалаган адамын кечирип, каалаганын азапка салат. Аллаһ ар бир нерсеге Кудуреттүү

[285] Пайгамбар өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллаһка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) «Биз Аллаһтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. О, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз» дешти

[286] Аллаһ эч бир жанды кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт (ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен) Оо, биздин Рабби! Эгер унутсак же ката кетирсек бизди жазалаба?! Оо, Раббибиз! Мойнубузга, бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө! Оо, Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө! Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер

Аали Имран

Surah 3

[1] Алиф, Лам, Мим

[2] Аллаһ... Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал — түбөлүк Тирүү жана (түбөлүк башкарып) Туруучу

[3] (О, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Кураанды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга Туура Жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн

[4] (Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Кураанды) түшүрдү.” Чынында, Аллаһтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллаһ Кудуреттүү, өч алуучу

[5] Албетте, Аллаһка жердеги да, асмандагы да эч бир нерсе жашыруун эмес

[6] Алсилерди энеңердин курсагында (жатынында жаткан кезиңерде эле) Өзү каалагандай келбет берген. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар. (Ал) Кудуреттүү, Даанышман

[7] (О, Мухаммад!) Ал сага (теңдешсиз) Китеп (Кураан) түшүргөн Зат. Анын (Кураандын) ичинен Китептин энеси (маңызы сыяктуу) болгон мухкам - анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми, жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын (толук) түшүндүрмөсүн Аллаһтан бөлөк эч ким (анык) билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: «Биз ага (Кураанга) ыйман келтиргенбиз. Анын (аяттарынын) бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Раббибибиздин алдынан (келген акыйкат)» дешет. Акылдуу адамдар гана (мындан) зикир (эскерме) алат

[8] О, Рабби! Бизди Туура Жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Ал- бетте, Сен белектерди көп берүүчүсүң

[9] О,биздин Рабби! Албетте, Сен адамдарды, анда шек-күмөн болбогон (Кыямат) Күн үчүн чогултуучусуң. Аллаһ эч качан убадасын бузбайт

[10] Каапыр адамдарды Аллаһтан (Анын азабынан) мал-дүйнөсү да, бала-чакалары да куткара албайт. Алар тозоктун отундары

[11] (Алардын абалы) Фираун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллаһ аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Аллаһ — азабы катуу Зат

[12] (О, Мухаммад!) Каапырларга: «Силер жакында жеңилесиңер жана (Кыяматта) Тозокто чогултуласыңар. Ал кандай жаман орун!» - деп айткын

[13] (О, яхудийлер!) (Согуш майданында) беттешкен эки тайпада (Биздин кудуретибизге) силер үчүн белги бар болчу. Бир жамаат Аллаһтын жолунда согушуп жатышты жана экинчиси каапыр эле. (Аллаһтын жолунда согушка чыккандар) алардын (душмандардын) өздөрүнөн эки эсе көп экенин анык көрүп турушту. Аллаһ каалаган адамдарды Өзүнүн жардамы менен колдойт. Чынында бул нерселерде акыл ээлери үчүн сабак бар

[14] Адамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар! алтын-күмүштөрдөн, сулуу-көркөм тулпарлардан, (үйүр-үйүр) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү.! Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллаһтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай - Бейиш бар. (Дүйнө жыргалдарынан көп эсе абзел болгон Бейиш жыргалдары кимдерге буйрулат? Аны кийинки аят баяндайт)

[15] Айт (О, Мухаммад): «Силерге мунуңардан (дүйнө жыргалынан) да жакшы нерсе жөнүндө кабар берейинби? Такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган бейиштер, таза-пакиза жубайлар жана Аллаһтын ыраазычылыгы бар. Аллаһ пенделерин Көрүүчү

[16] (Алар:) «О, Рабби! Чынында, биз ыйман келтирдик. Эми, биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, Тозок азабынан сакта!» деп (дуба кыла турган)

[17] сабырдуу, чынчыл, моюн сунуучу, садака кылуучу жана таң-заарларда (туруп) Аллаһтан кечирим суроочу пенделер

[18] Аллаһ, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллаһтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллаһ өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман

[19] Албетте, Аллаһтын алдында (кабыл боло турган) дин — бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарчылыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллаһтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын:) Аллаһ - тез эсептешүүчү

[20] (О, Мухаммад!) Эгер (адамдар) сени менен талашып калышса, аларга: «Мен өзүмдү ээрчигендер менен бирге жүзүмдү (өзүмдү) Аллаһга моюн сундурдум» деп айткын. Жана китеп берилген адамдар менен сабатсыздарга: «Силер (дагы) моюн сундуңарбы?» дегин. Эгер (Исламды кабыл алып) моюн сунушса, анда Туура Жолду табышты. Эгер жүз бурушса, сенин мойнуңда (чындыкты) жеткирүү гана бар. Аллаһ пенделерди Көрүүчү

[21] Аллаһтын аяттарына каапыр болуп (ушуну менен жөн калбай) пайгамбарларды жана адамдар арасындагы адилетке (Исламга) буюруп жүргөндөрдү акыйкатсыздык менен өлтүргөндөргө жан ооруткан азаптан кабар бер

[22] Алар, ушул дүйнөдө да, Акыретте да амалдары (жакшы иштери) күйүп кеткен (каапыр) адамдар. Аларга (Аллаһ тарабынан) жардамчылар жок

[23] (О, Мухаммад! Аллаһтан келген) китептен насип-үлүш берилген адамдарга (яхудийлерге) карабайсыңбы, өз араларында(гы талаш маселеге) өкүм кылып бериш үчүн Аллаһтын китебине (Кураанга) чакырылганда, (сен Аллаһтын китеби боюнча өкүм чыгарып бергениңден) кийин алардан бир бөлүгү (чындыкты билип турса да) жүз бурган бойдон кетип калышты

[24] Мунун себеби алар: «Биз Тозокко түшпөйбүз, түшсөк да саналуу күндөр гана түшөбүз» деп айтышчу. Өздөрү ойдон чыгарып алган (ушул сыяктуу) сөздөр аларды диндеринде адаштырып койду

[25] Эми, биз аларды, анда шек-күмөн болбогон жана ар бир жанга өзү жасаган иштери(нин натыйжасы) эч зулум кылынбай, толук кайтарыла турган Күн (Кыямат) үчүн чогултканда эмне кылышат

[26] Айткын: «О, Аллаһым! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден тартып аласың. Жана кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Чынында, Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң

[27] Сен (О, Аллаһым!) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң. Өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарасың! жана Өзүң каалаган адамга эсепсиз ырыскы бересиң!»

[28] Момундар (өздөрү сыяктуу) ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпасын! Ким ушундай иш жасаса - анын Аллаһ менен арасы ачык! Ал эми, алардан (каапырлардан) сак болуу үчүн (тилиңерде достук мамиле кылсаңар) уруксат. Аллаһ силерди Өзүнөн эскертет. Кайтуу -Аллаһтын Өзүнө

[29] (О, Мухаммад) айткын: «Эгер көкүрөгүңөрдөгү нерселерни жашырсаңар да, жарыяласаңар да Аллаһ билип турат. Ал асмандар менен жерде болгон бардык нерсени да билет. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү»

[30] (Кыямат) күндө ар бир жан өзү жасаган (бардык) жакшы-жаман иштерин алып келинген абалда табат. (Ошондо, жамандык жасаган жан) өзү менен кылмышынын арасы өтө алыс болушун самайт. (Билип койгула), Аллаһ Өзүнөн силерди эскертет. Аллаһ -пенделерге Мээримдүү

[31] Айт: «Эгер Аллаһты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллаһ силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ - Кечиримдүү, Мээримдүү»

[32] Айт: «Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз бурушса, Аллаһ каапырларды сүйбөйт

[33] Албетте, Аллаһ Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарчылык үчүн) тандап алды

[34] Алар бир-бирөөлөрүнө жек-жаат (болгон адамдар) эле. Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[35] (О, Мухаммад эстегин, бир кезде) Имрандын? аялы айтты: «О, Раббим! Мен ичимдеги баламды Сага, (дүйнө иштеринен үзүлгөн кызматчы катарында) назир кылдым (арнадым). Менден кабыл кыл! Өзүң Угуучу, Билүүчүсүң!»

[36] Ал ичиндегисин төрөгөн соң (эркек болбогонуна өкүнүп) “О, Раббим! Мен кыз төрөдүм” деди. Чынында, Аллаһ анын эмне төрөгөнүн жана (көпчүлүк) эркек(тер) (ушул төрөлгөн) ургаачыдай эмес экенин андан жакшыраак билген. (Ал дагы сөзүн улады): “Мен ага “Марям” деп ысым койдум. Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, Сага жалбарамын”

[37] Раббиси аны (назирди) жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил (камкор) кылды. Ар качан Закария анын үстүнө -михрапка кирсе, анын алдында (ширин-шербет жемиштерден) ырыскы турганын көрдү. Ал: “О, Марям, булар сага кайдан?” деди. Ал: “Аллаһтын алдынан. Албетте, Аллаһ Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет” деди

[38] Ошондо, Закария Раббисине дуба кылып: “О, Раббим! Мага да Өзүңдүн даргөйүңдөн пакиза бир урпак бере көр! Албетте, Сен дубаны Угуучусуң!” деди

[39] Анан (күндөрдүн бир күнүндө) ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага: “(О, Закария!) Аллаһ сени Яхья (деген перзент) менен сүйүнтөт. (Ал бала) Аллаһтын Сөзүн (Ыйсаны) тастыктоочу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана (жогорку даражалуу) салих пайгамбарлардан бири болот!” деп добуш беришти

[40] (Закария) айтты: “О, Раббим! Мага кайдан бала болсун, өзүм картаң, аялым туубас болсо?!” (Аллаһ) айтты: “Ушундай. Аллаһ каалаган ишин аткарат»

[41] (Закария) айтты: “О, Раббим! (жүрөгүм тынчтанып, санаасыз болушум үчүн) мага (кемпиримдин боюнда болгонун билдирген) бир сыр - белги бере көр!” (Аллаһ) Айтты: “Сенин белгиң: (тилден калып) үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың. Эми, Раббиңди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даңктап, тасбих айт!”! Кийинки аятта Аллаһ Таала Имрандын кызы Марямдын окуясын улантат. Ошентип, Марям кыз чоңойгондо ибадатта, тазалык-такыбаада эң бир жогорку даражага жетет

[42] Ошондо периштелер: “О, Марям! Аллаһ сени тандап, (жаман пейил-сыпаттардан) тазалады жана ааламдагы бардык аялдардан абзел кылды

[43] О, Марям! Раббиңе моюн сунуу менен (көп) ибадат кыл. Жана намаз окуучулар менен бирге сажда, рукуу кыл” - дешти

[44] Бул окуялар?” (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”-деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң

[45] Бир кезде периштелер айтты: “О, Марям! Аллаһ сени, ысымы Ыйса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. (Ал) Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллаһка эң жакын адамдардан болот

[46] Дагы, ал адамдарга бешикте жана чоңойгондо сүйлөйт! жана салих-таза адамдардан болот”

[47] Марям айтты: “О, Раббим! Мени эч бир (эркек) адам «кармабаган» болсо, кайдан бала болсун?!” (Аллаһ) айтты: “Ушундай. Аллаһ Өзү каалагандай жаратат. Ал бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болуп калат”.? (Кийинки аятта периштелер Марямга Ыйсанын сыпатын жана кушкабарын айтууну улантышат)

[48] Жана (Аллаһ) ага жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт

[49] Исрайил урпактарына элчи -пайгамбар кылат. (Анан Ыйса аларга айтат:) “Мен силерге Раббиңерден (менин чын пайгамбар экенимди далилдей турган төмөндөгүчө) белгилер (моожизалар) алып келдим: силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм, Аллаһтын уруксаты менен (тирүү) куш болуп калат, Аллаһтын уруксаты менен сокурларды, пес (ала) оорулууларды айыктырам, өлүктөрдү тирилтем. Жана мен силерге үйүңөрдө эмнени жеп, эмнени сактап койгонуңарды да айтып бере алам. Албетте, ушул нерселерде силер үчүн (менин пайгамбар экениме далил болгон) белгилер бар, эгер ишенсеңер

[50] (Мен) силерге өзүмдөн мурунку Тооратты тастыкташ үчүн, жана силерге (Тооратта) арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылыш үчүн (пайгамбар кылып жиберилдим) жана мен силерге Раббиңерден аят-далилдерди алып келдим. Эми, Аллаһтан корккула жана Мага моюн сунгула

[51] Албетте, Аллаһ менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура жол - ушул!”

[52] Ал (Ыйса) алардан каапырчылыкты сезип калганда (шакирттерине) “Аллаһтын жолунда ким мага жардамчы болот” деди эле, шакирттери: “Биз Аллаһтын жардамчылары болобуз? Аллаһка ыйман келтирдик. Жана күбө болгун (О, Ыйса) биз — мусулмандарбыз

[53] О, Рабби! Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик жана (Сен жиберген) пайгамбарга ээрчидик. Эми бизди (Өзүңдүн жалгыздыгыңа, диниңдин акыйкаттыгына) күбө болуучулардын катарына жазып кой!” дешти

[54] Алар айлакерлик кылышты эле, Аллаһ да амалкерлик кылды. Аллаһ амалкерлердин эң мыктысы

[55] Бир кезде Аллаһ айтты: “О, Ыйса, мен сени Өзүмө Алуучу, Өзүмө Көтөрүүчү жана сени каапырлардан тазартуучумун.? Жана сага ээрчиген адамдарды Кыямат күнүнө чейин каапырлардан жогору кылуучумун. Кийин (бардыгыңар) Мага кайтасыңар. Анан Мен силер талашкан нерсеңер боюнча араңарда өкүм кыламын

[56] Ал эми, каапырларга Мен дүйнөдө да, Акыретте да катуу азап беремин. Жана аларга жардамчылар болбойт

[57] Ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандардын соопторун (Аллаһ) толук берет. Жана Аллаһ заалым (каапыр) адамдарды сүйбөйт

[58] (О, Мухаммад!) Биз сага айтып берген бул (Кураандагы) нерселер (Аллаһтын) аяттарынан жана даанышман эскермелерден

[59] Албетте, Аллаһтын назарында Ыйсанын мисалы Адам(-Ата) сыяктуу. Аллаһ аны топурактан жаратып: “бол!” дегенде, дароо болуп (жаралып) калган

[60] (Бул айтылгандар) Раббиң тарабынан келген акыйкат. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбо

[61] Ким бул маселеде, сага (анык) илим келгенден кийин деле (көшөрүп) далил талаша берсе, аларга айт: “Келгиле, балдарыбызды жана балдарыңарды, аялдарыбызды жана аялдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакырып, “Жалганчыларга Аллаһтын наалаты болсун!” - деп каргыш айтышалы!?”

[62] Албетте, бул (Ыйсанын Кудай эмес экени) акыйкат баян. Чынында, бир Аллаһтан башка эч бир сыйынууга татыктуу Кудай жок. Жана Аллаһтын бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман

[63] Эгер (бул акыйкаттан) жүз үйрүшсө, Аллаһ албетте, бузукуларды Билүүчү

[64] Айткын: “О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө! келгиле. (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллаһтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллаһты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз — мусулмандарбыз”

[65] О, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахим жөнүндө (бириңер “Ал -яхудий дининде болгон” десеңер, экинчиңер: ““Жок, христиан болгон” деп) талашасыңар?! Тоорат менен Инжил андан кийин түшкөн го! Акылыңарды иштетпейсиңерби

[66] О,силер! Билген нерсеңер жөнүндө талашып бүттүңөр. Дагы эмне үчүн билбеген нерсеңер жөнүндө талашып жатасыңар?! (Ибрахимдин дини кандай болгонун) Аллаһ гана билет, силер билбейсиңер

[67] Ибрахим яхудий да, христиан да болгон эмес. А бирок, ханиф (жеке Аллаһ Таалага сыйынуучу жана) муслим (жалгыз Аллаһка моюн сунуучу) болгон. Жана ал эч качан мушриктерден (Аллаһка шерик кошуучулардан) болбогон

[68] Чынында, Ибрахимге эң жакын адамдар — ага ээрчигендер, мына бул пайгамбар (Мухаммад) жана (жалгыз Аллаһка) ыйман келтиргендер. Аллаһ ыймандуу адамдардын башчысы

[69] Китеп ээлеринен бир тайпасы силерди жолдон азгырууну эңсешет. Бирок, өздөрүн азгырып жатканын билбей калышат

[70] О, китеп ээлери! Эмне үчүн силер көрүп, билип туруп Аллаһтын аяттарына каапыр болуп жатасыңар

[71] О, китеп ээлери! Эмне үчүн акыйкатка жалганды аралаштырасыңар жана билип туруп, акыйкатты жашырасыңар

[72] Китеп ээлеринен бир тайпасы (башкаларына) айтышат: “Момундарга түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) күндүн башында ыйман келтиргиле дагы, күндүн акырында ыйманыңардан кайткыла. Балким (ошондо, “ушуларда Тоорат илими бар, бир нерсени билет го” деп ойлоп) алар дагы (ыймандарынан) кайтышса ажеп эмес

[73] Өзүңөрдүн (яхудийлик) диниңерге ээрчигендерден башкаларга ишенбегиле. (Мунун себеби) алардан (момундардан) бирөө-жарымы силер билген нерсени билип алышы же болбосо, (сырыңарды билип) Раббиңердин алдында силер менен далил талашышы (мүмкүн)”. (О, Мухаммад, сен аларга) айткын: «Туура жол - бул Аллаһтын туура жолу. Чынында артыкчылык Аллаһтын Колунда. Аны Өзү каалаган адамдарга берет. АллаһЦ(тын пазилети) Кенен, Билүүчү

[74] Ал Өз ырайымын Өзү каалаган пендеге ыроолойт. Жана Аллаһ -чоң пазилет Ээси!”

[75] Китеп ээлеринин арасында көп байлыкты ишенип тапшырсаң аны (кыянат кылбай) өзүңө кайтара тургандары да бар. Ошондой эле, алардын арасында бир динарды ишенип тапшырсаң кайтарбай, качан үстүндө (доолашып) туруп алганыңдан кийин гана тапшыра тургандары да бар. Мунун себеби алар: “Сабатсыз (Тоорат окубаган) адамдарда! бизге каршы (Тооратта) тыюу жок” дешет. Жана билип туруп Аллаһка жалаа жабышат

[76] Жок, андай эмес! Ким убадасын аткарса (Аллаһтын жана пенделердин укуктарын урматтаса) жана (Аллаһтан) корксо (мына ушул адам - такыба). Аллаһ такыбаа кишилерди сүйөт

[77] Чынында, Аллаһка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер үчүн Акыретте насип жок. Кыямат күндө Аллаһ аларга сүйлөбөйт, (ырайым назары менен) карабайт жана (күнөөлөрүнөн) тазартпайт. Аларга жан ооруткан азап бар

[78] Алардан (яхудийлерден) дагы бир жамаат бар: китепти (Тооратты) тилдери менен бурмалап (өзгөртүп) окушат, силер аны китептен деп ойлошуңар үчүн. Чынында, ал китептен эмес. Жана алар “Бул - Аллаһтын алдынан” дешет. Чынында, ал Аллаһтан эмес. Алар билип туруп Аллаһка жалган айтышат. (Нажран деген жерден келген христиандарды пайгамбарыбыз Ыйсага сыйынуудан кайтарганда, тоңмоюндук менен: “Эмне анда сага ибадат кылалыбы?!” -дешкен. Төмөнкү аят ошолорго жооп иретинде түшкөн)

[79] Аллаһ Китеп, өкүм жана пайгамбарчылык бергенден кийин ал адам элдерге карап: “Аллаһты таштап, мага пенде болгула” деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок, ал: “Силер китептен таалим бергениңер жана дарс кылып окуганыңар боюнча, жалгыз Рабби - Аллаһка ибадат кылуучу болгула!” деп буюрат

[80] Жана ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө РаббиКудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле

[81] Бир кезде Аллаһ бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарчылык бергенден кийин силерге, пайгамбарчылыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер»-деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” — дешти. (Анда Аллаһ): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” - деди

[82] Мына ушундан кийин ким жүз үйрүсө, ошолор гана бузуку адамдар

[83] Алар Аллаһтын дининен (Исламдан) башка динди каалашабы?! Асмандар жана жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага (Аллаһка) моюн сунушту го! Алар(дын өздөрү дагы) Аллаһка кайтарылат

[84] Айт (О, Мухаммад): “Биз Аллаһка, бизге түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) жана да Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана (ошолордон тараган) муундарга жана Муса, Ыйса жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз алардын эч биринин арасын бөлбөйбүз жана биз Аллаһка моюн сунучуларданбыз”

[85] Жана ким Исламдан башка динди тандаса, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот

[86] Аларга ачык-айкын далилдер келген соң, “пайгамбар - акыйкат” деп күбөлүк берип, ыйман келтиргендеринен кийин, дагы каапыр болуп кеткен коомду Аллаһ кантип туура жолго баштасын?! Аллаһ заалым адамдарды туура жолго баштабайт

[87] Алардын жазасы, аларга Аллаһтын, периштелердин жана бардык адамдардын наалат-каргышы

[88] Жана алар (Тозокто) түбөлүк калышат. Алардан (эч качан) азап жеңилдетилбейт жана алар(дан азап) кечиктирилбейт

[89] А бирок, ушундан (каапыр болгондон) кийин тообо келтирип, (айып-күнөөлөрүн) тазалаган адамдар (андай жазага тартылбайт). Чынында, Аллах Ырайымдуу, Кечиримдүү

[90] Албетте, ыйманга келгенден соң каапыр болуп, (тообанын ордуна) каапырчылыгын күчөткөн адамдардын тообалары эч качан кабыл алынбайт. Дал ошолор гана адашуучулар

[91] Чындыгында, каапыр болуп, каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардан бири эгер күнөөлөрүнө төлөм катары жер жүзү толо алтын берсе да эч качан кабыл кылынбайт. Алар үчүн жан оорутуучу азап бар жана аларга эч жардамчы болбойт

[92] Жакшылыкка, (Бейишке) өзүңөр сүйгөн нерселерди садака кылмайынча жете албайсыңар. Жана кандай гана нерсени садака кылсаңар, аны Аллаһ Билүүчү

[93] Исрайил (пайгамбар ооруп калганы себептүү) өзүнө кээ бир тамактарды арам кылып алганын эсепке албаганда, Тоорат түшкөнгө чейин Исрайил урпактарына бардык тамак-аштар адал болгон. (О, Мухаммад, буга ишенбеген яхудийлерге): “Тооратты алып келип, окуп көргүлө, эгер чынчыл болсоңор” -деп айткын

[94] Ким мына ушундан кийин деле Аллаһка доомат сүйлөсө, алар -заалымдар

[95] Айткын: “Аллаһ туура сүйлөдү. Ханиф (жеке Аллаһка сыйынуучу) болгон абалда Ибрахимдин динине ээрчигиле. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес эле

[96] Чынында, адамдар (Аллаһка сыйынуулары) үчүн курулган эң биринчи Үй (Кааба мечити) Маккада. Ал ыйык жана ааламдар (адамдар) үчүн Туура Жол

[97] Анда (бир нече) анык белгилер бар. (Атап айтканда:) Ибрахимдин орду жана ага (Кааба мечитине) кирген адамдын (ар кандай коркунуч-зыяндан) аман болушу. Адамдардын мойнунда Аллаһ үчүн ошол (Ыйык) Үйгө ажылык кылуу милдети бар. (Бирок, ар кимге эмес) жолго (материалдык жана денелик) кудурети жеткендерге гана. Ал эми, ким каапыр болсо, Аллаһ ааламдардан Беймуктаж

[98] Айт: “О, китеп ээлери! Эмне үчүн, Аллаһ силер жасап жаткан иштерге күбө болуп турса да, Аллаһтын аяттарына каапыр боло бересиңер?!”

[99] Айт: “О, китеп ээлери! Эмне үчүн ыйман келтирген адамдарды Аллаһтын жолунан тососуңар, аны бурмалоого аракет кыласыңар?! (Ал Жол чындык экенине) өзүңөр күбө элеңер го?! Аллаһ силердин ишиңерден кабарсыз эмес!”

[100] О, ыйман келтирген адамдар! Эгер китеп ээлеринен кээ бир жамааттарга ээрчисеңер, силерди момун болгонуңардан кийин каапырчылыкка кайтарып койот

[101] Силерге Аллаһтын аяттары окулуп, араңарда Анын элчиси туруп, кантип эле каапыр болуп кетесиңер. Жана ким Аллаһты(н динин) бекем кармаса, сөзсүз Туура Жолго багытталат

[102] О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһтан чындап корккула жана мусулман (ыймандуу) болуп гана өлгүлө

[103] Бардыгыңар Аллаһтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө! Аллаһтын берген нээматын эстегиле: Бир кезде силер өз ара душман болуп (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү үлпөт кылды жана Анын (бул) нээматы себептүү (бир туугандай) дос-бурадар болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, Андан силерди куткарды. Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын — Туура Жолго түшөөрсүңөр деп — ушинтип баяндайт

[104] Силердин араңардан (адамдарды) жакшылыкка (динге) чакырган жана (акыл, шарият боюнча) жакшы адат саналган нерселерге буюруп, жаман адаттардан кайтарган бир жамаат болсун. Ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр

[105] Өздөрүнө анык баяндар келгенден кийин өз ара каршылашып, бөлүнүп кеткен адамдар (яхудийлер) сыяктуу болбогула. Мына ошол адамдар үчүн чоң азаптар бар

[106] Ал (Кыямат) Күндө (кээ бир) жүздөр агарып, (кээ бир) жүздөр карарат. Ошондо, жүзү карарган адамдарга “ыйманга келгенден кийин каапыр болдуңар беле? Эми, каапыр болгонуңардын эсебине азап чеге бергиле!” (деп айтылат)

[107] Ал эми, жүздөрү агарган адамдар болсо, түбөлүккө Аллаһтын ырайымында (Бейиште) болушат. Алар анда түбөлүккө калышат

[108] (О, Мухаммад!) Булар - Аллаһтын аяттары. Биз аларды сага акыйкат менен окуп беребиз. Аллаһ ааламдарга зулумду каалабайт

[109] Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Жана бардык иштер Аллаһка кайтарылат

[110] (О, мусулмандар!) Силер (ааламдагы бардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшы адаттарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарасыңар жана Аллаһка ыйман келтиресиңер. Эгер китеп ээлери ыйман келтиришсе, өздөрүнө жакшы болмок. Алардын арасында (силерге окшоп) ыйман келтиргендери да бар. Бирок, көпчүлүгү бузукулар

[111] (О, момундар!) Алар силерге зыян жеткире албайт. Эгер жеткирсе (заар тилдери менен гана) зыян жеткиришет. Эгер силер менен согушуп калса, артына карап качышат. Анан аларга жардам берилбейт

[112] Кайда барышса да аларга кордук жазып коюлду. Бир гана Аллаһтын жана адамдардын убада-келишиминин астында болгон учурларда гана (кор болбой жашашат). Алар Аллаһтын каарына калышты жана аларга бечаралык(та жашоо) жазып коюлду. Бул (жазалар) Аллаһтын аяттарына каапыр болгондору, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрү жана күнөөкөр болуп, чектен чыккандары себептүү

[113] Алардын баары бирдей (жаман) эмес. Китеп ээлеринин арасында динде туура жүргөн тайпалар да бар. Алар түнү менен сажда кылган абалда Аллаһтын аяттарын окушат

[114] Аллаһка, Акырет күнүнө ыйман келтиришет, жакшы амалдарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарышат жана жакшы иштерге шашылышат. Ошолор жакшы кишилерден

[115] Жана алар эмне жакшылык кылышса ал иши(нин сообу) жоголбойт. Аллаһ такыбаа кишилерди Билүүчү

[116] Каапыр адамдарды Аллаһтан (берилүүчү азаптан) мал-дүйнөлөрү да, бала-чакалары да куткарып кала албайт. Алар - Тозок ээлери. Анда түбөлүк калышат

[117] Алар ушул дүйнө жашоосунда (Исламга каршы) жумшаган байлыктарынын мисалы, өздөрүнө зулум кылган (каапыр) коомдун эгиндерине тийип, жок кылган оттуу шамалга окшойт. Аларга Аллаһ зулумдук кылган жок. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты

[118] О, ыйман келтирген адамдар! Бири-бириңерди колдоп, аларды (капырларды) сырдаш-дос кылбагыла! (Момундардын сырларын аларга ташыбагыла). Алар силерге зыян жеткирүүдөн күчтөрүн аяшпайт жана силерге бир жамандык болушун эңсешет. Алардын жек көрүүлөрү сөздөрүнөн байкалат. Бирок, жүрөктөрүнө жашырган (жек көрүүлөрү) чоңураак. Эгер акылыңарды жакшы иштетсеңер, Биз силерге (душманыңар жөнүндөгү) белгилерди баян кылып бердик

[119] О, силер (момундар!) Аларды сүйөсүңөр, алар силерди сүйбөйт. Силер бардык (илахий) китептерге (жана бардык пайгамбарларга) ишенесиңер. (Алар болсо, силердин китебиңерге да, пайгамбарыңарга да ишенбейт). Жана силерге жолукса: “Ыйман келтирдик” дешет, эгер (өздөрү) жалгыз калышканда силерди жек көргөнү себептүү манжаларын чайнашат. Айт (о, Мухаммад): “Жек көрүүңөр менен өлгүлө!” Аллаһ жүрөктөрдү ээлеген сырларды Билүүчү

[120] Эгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе муну менен сүйүнүшөт. Жана эгер силер такыба болсоңор жана (каапырлардын айла-амалдарына) сабыр кылсаңар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткирбейт. Чынында, Аллаһ алардын иштерин Камтуучу

[121] Бир кезде, сен (о, Мухаммад!) үй-бүлөңдөн чыгып, момундарды согуш орундарына (көрөгөчтүк менен) жайгаштырдың. Аллаһ -Угуучу, Билүүчү

[122] Ошондо, силерден эки тайпа адамдар үмүтсүздүккө түшүп калышты. Чынында, Аллаһтын Өзү алардын жетекчиси эле. Жана момундар Аллаһка гана өздөрүн тапшырышсын! (Ушул жерде мусулмандарга таалим үчүн Ухуд окуяларынын арасына “Бадр” согушунда болгон окуялар киргизилет)

[123] Аллаһ силерге Бадрда (сан жана даярдык жагынан) төмөн болгонуңарга карабай жеңиш берген.! Аллаһтан корккула. (Балким) шүгүр кылуучу болуп калаарсыңар

[124] Ошондо, сен момундарга айттың: “Раббиңер, асмандан түшүрүлгөн үч миң периште менен силерди колдоп коюшу силерге жетиштүү болбойбу

[125] Жок (жетиштүү болот). Эгер силер, такыба болуп, сабыр кылсаңар, (каапырлар) кол салаары менен, силерге периштелер жетип келет. (Анан) Раббиңер силерди беш миң (кайраттуулук) белгиси бар периште менен кубаттандырат

[126] Аллаһ бул ишти силерге куш кабар үчүн жана аны менен жүрөгүңөр тынчтансын үчүн гана жасады. Жеңиш-жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллаһ тарабынан гана келет

[127] (Бадрдагы бул жеңиш) каапырлардын бир ныптасын кесип, (бир сыйра) эзип, (канчалык ачуулары келсе да) үмүтсүз абалда кайтып кетүүлөрү үчүн (берилди)

[128] (О, Мухаммад!) эч бир иш сенин колуңда эмес.” (Бардыгы Аллаһтын колунда) Ал кааласа (каапырларды Исламга киргизип) тообаларын кабыл алат, кааласа заалым болгондору себептүү азаптайт

[129] Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Ал каалаган адамын кечирип, каалаган адамын азаптайт. Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[130] О, момундар! Көп-көп кошумчасы бар пайданы (сүткорлуктун акчасын) жебегиле жана Аллаһтан корккула, ошондо жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер

[131] Жана каапырлар үчүн даярдап коюлган Тозоктон корккула

[132] Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунгула! (Ошондо) Силерге ырайым кылынса ажеп эмес

[133] Раббиңердин кечиримине жана такыбаа кишилер үчүн даярдап коюлган, кеңдиги асмандар менен жердей болгон Бейишке шашылгыла

[134] (Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-эхсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллаһ эхсан кылуучуларды сүйөт

[135] (Такыбаа кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллаһты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат — күнөөлөрдү Аллаһтан башка ким кечирмек эле — жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт

[136] Ошол адамдардын сыйлыгы: Раббисинен болгон кечирим жана анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып турган Бейиш бактары. (Жакшы) амал кылуучулардын сообу кандай сонун! (Кийинки аяттан Аллай Таала кайрадан “Ухуд” согушунун баяндарына кайтат)

[137] Силерден мурун да бул жолдор (сыноолор) өткөн. Жер жүзүн кезгиле жана (Аллаһтын динин) жалганга чыгаргандардын акыр түбү кандай болгонун көргүлө

[138] Бул (окуялар)! адамдар үчүн баян, Туура Жол жана такыбаа кишилер үчүн эскертүү - насаат

[139] (О, момундар, “жеңилип калдык” деп) алсырабагыла жана кайгырбагыла! Ыймандуу болсоңор эле, силер жогорусуңар

[140] Эгер (бул согушта) силерге жараат (жеңилүү) жеткен болсо, ушундай эле жараат (Бадр согушунда, каапыр) коомго да жеткен. Биз бул (жеңген жана жеңилген) күндөрдү адамдар арасында (кезектештире) айлантып турабыз. Жана (мунун себеби): Аллаһ (араңардагы чыныгы) момундарды билиши үчүн жана силердин араңардан шейиттерди алыш үчүн. Аллаһ заалымдарды сүйбөйт

[141] Ошондой эле, Аллаһ (чындап) ыйман келтиргендерди (күнөөлүүлөрдөн жана эки жүздүүлөрдөн) тазалап, каапырларды өлтүрүү үчүн (жеңген-жеңилген күндөрдү адамдар арасында кезеги менен алмаштырып турат)

[142] Же болбосо, силер, Аллаһ араңардагы (жан үрөп) жихад кылгандар менен (жихад машакаттарына) сабыр кылгандарды билип (ажыратып) албай туруп эле, Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы

[143] Силер (шейит болуп) өлүүнү, ага жолукканга чейин үмүт кылган элеңер го?! Мына эми, аны өз көзүңөр менен көрдүңөр

[144] Мухаммад болгону бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Эми, эгер ал өлсө, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? Ким артына кайтып кетсе, Аллаһка эч бир зыян жеткире албайт! Аллаһ жакында (динде бекем болгон) шүгүр кылуучуларга сыйлык берет

[145] Эч бир жан Аллаһтын уруксаты менен (Лавхул-Махфузда) жазылган жана белгиленген мөөнөтү (ажалы) келмейинче өлбөйт. Ким дүйнө сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз жана ким Акырет сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз. Жана Биз шүгүр кылуучуларга жакында сыйлык беребиз

[146] (Тарыхта) нечендеген пайгамбарлардын жанында көптөгөн сахаабалары согушушкан. Алар Аллаһтын жолунда өздөрүнө жеткен машакаттар себептүү тунжурап, алсырап, коркуп калышпаган. Аллаһ (ушундай) сабырдууларды сүйөт

[147] (Ошол оор мезгилдерде) Алардын айткан сөздөрү: “О, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир! Жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапыр коомго каршы бизге жардам бер” деген (дубалар) болгон

[148] Кийин Аллаһ аларга (жеңиш жана олжодон турган) дүйнө сообун, ошондой эле, Акырет сообунун эң жакшыларынан берди. Аллаһ жакшы иш кылуучуларды сүйөт

[149] О, момундар! Эгер каапырларга моюн сунчу болсоңор, силерди (динден) кайтарып жиберет. Анан (эки дүйнөдө) зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар

[150] Силердин дос-жетекчиңер -Аллаһ! Ал эң жакшы жардамчы

[151] Биз жакында, Аллаһ эч кандай далил түшүрбөгөн нерселерди Аллаһка шерик кылып алгандары себептүү, каапырлардын жүрөгүнө коркуу салып койобуз. Алардын жайлары - тозок! Заалымдардын жайлары кандай жаман

[152] Силер (Ухуд согушу башталганда) Анын уруксаты менен каапырларды талкалап киргениңерде, Аллаһ (жеңиш беремин) деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Анан качан, Аллаһ силер сүйгөн нерсени (жеңишти) көзүңөргө көргөзүп койгондон кийин гана өзүңөр алсыз болуп, (пайгамбар берген) буйрук тууралуу (өз ара) талашып, анын буйругун аткарбай койгонуңарда - силерден кээ бирөөлөр дүйнөнү (олжону), кээ бирөөлөр Акыретти каалайт экен - ошондон кийин гана Аллаһ, силерди сынаш үчүн силерди(н жүзүңөрдү) алард(ын аркаларын) ан буруп койду. (Кийин алардын жүзү силердин аркаңарды карап, силерди кубалап калды). Жана (андан кийин) Ал силерди кечирди. (Анткени,) Аллаһ — ыймандууларга пазилеттүү

[153] Ошондо, силер эч кимге карабай (тоо) таянып (качып) жөнөдүңөр. Пайгамбар болсо, (“О, Аллаһтын пенделери бери келгиле!” - деп) эң акыркыңардын арасында силерди чакырып жатты. Кийин Аллаһ, силер жетпей калган жеңишке жана силерге жеткен жеңилүүгө капа болбошуңар үчүн кайгы үстүнө (андан да чоңураак) кайгы берди.? Аллаһ силердин ишиңерден Кабардар

[154] Кийин, (ошол чоң) кайгынын артынан, Аллаһ силерге (көз ирмемдик, эс алдыруучу) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан (динге жан күйдүргөн) бир тайпаны өз кучагына алды. (Силердин араңардагы) дагы бир тайпаны (мунафыктарды) өз жандары кайгыга салып, Аллаһка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн санап: “Эми, бизге иш жок” (жеңилип бүттүк) дешти. Айт: “Иш Аллаһтын колунда”. Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: “Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эсепке алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек” дешет. Айт: “Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы, (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши, өлтүрүлө турган жайына келет.” (Аллаһ бул иштерди) силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени (ал ыйманбы, мунафыктыкпы) сынаш жана жүрөгүңөрдөгү (шайтандын азгырыгынан турган) нерсени тазалаш үчүн кылды. Аллаһ — жүрөктөрдөгү сырларды да Билүүчү

[155] (О, момундар, Ухудда) эки (согушкер) жамаат жолуккан күндө артына качкан адамдарыңарды, кээ бир күнөөлөрү себептүү, шайтан гана жолдон азгырган.! Аллаһ алардын күнөөсүн кечирди. Аллаһ Кечиримдүү, (пейили) Жумшак

[156] О, ыйман келтиргендер! (Алыс) жерге сапарга же болбосо казатка чыккан бурадарлары жөнүндө “Эгер биздин алдыбызда болсо өлбөйт жана өлтүрүлбөйт эле” деген каапырларга окшобогула. Аллаһ алардын бул (жалган) сөздөрүн өздөрүнүн жүрөктөрүнө кайгы кылып койот. Чынында, Аллаһ өлтүрөт жана тирилтет. Аллаһ силер жасап жаткан иштерди Көрүүчү

[157] Эгер силер Аллаһтын жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр.., Аллаһдан болгон кечирим жана ырайым (дүйнө кулдары) жыйнаган нерседен жакшы

[158] Эгер өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр, сөзсүз Аллаһтын алдына чогултуласыңар

[159] (О, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахаабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, ташбоор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек! Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллаһдан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллаһка тобокел кыл. Албетте, Аллаһ тобокел кылуучуларды сүйөт

[160] Эгер Аллаһ жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт. Эгерде жардамсыз (өзүңөрдү-өзүңөргө) таштап койсо, Аллаһтан кийин силерге ким жардам берет?! Момундар Аллаһка гана тобокел кылышсын

[161] Эч бир пайгамбарга “гулул” кылуу? мүмкүн эмес! Жана кимде-ким “гулул” кылса, Кыяматта “гулул” кылган ишин (желкесине) көтөрүп келет. Кийин ар бир жан адилет менен өз иштеринин толук тиешесин алат

[162] Аллаһтын ыраазычылыгын максат кылган адам менен Аллаһтын каарына жолугуп, барар жери Тозок болгон адам теңби?! Бул кандай жаман акыбет

[163] (Жок тең эмес) Алар Аллаһтын алдында ар кандай даражаларда болушат. Аллаһ алардын эмне жасаганын Көрүүчү

[164] Өздөрүнүн арасынан, аларга Аллаһтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана мындан мурун анык адашууда болушса да, Китеп (Кураан) менен Хикматты (Сүннөттү) үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллаһ момундарга (теңдешсиз) жакшылык кылган

[165] Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде — аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да — “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул — өзүңөрдөн”. Албетте, Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[166] Эки тайпа тирешкенде силерге жеткен сыноолор араңардагы ыймандууларды билиш үчүн Аллаһтын гана уруксаты менен болду

[167] Жана, мунафык-чыккынчыларды билиш үчүн. Аларга “Жүргүлө, Аллаһтын жолунда же болбосо (мекениңерди, абийир-намысыңарды) коргоп согушкула” деп айтылганда, алар: “Биз эгер согуш болоорун билгенде силерге кошулмакпыз” дешкен. Алар ошол убакта ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле! (Ошондуктан,) жүрөктөрүндө жок нерсени ооздору менен айтышты. Аллаһ алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет

[168] (О, Мухаммад!) өздөрүнүн (согушка катышкан) бурадарлары жөнүндө: “Эгер биздин тилибизге киргенде (согушка чыкпаганда) өлтүрүлбөйт эле” деп (үйүндө) олтургандарга айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, өзүңөрдөн өлүмдү кайтаргылачы?!”

[169] Аллаһтын жолунда (динди өркүндөтөм деп жүрүп) өлтүрүлгөн адамдарды өлүктөр деп ойлобогула! Алар Раббисинин алдында (ар кандай нээматтар менен сыйланып) ырыскы тартууланган абалда тирүү

[170] Аллаһ Өзүнүн пазилетинен (аларга) берген нерселер (сыйлыктар) менен шат-курсант. Алар артында калган, өздөрүнө жетип келбеген бурадарларына (бул жакта) аларга коркунуч жок экени жана кайгырышпасы жөнүндө сүйүнүчтүү кабар беришет

[171] Алар (шейиттердин рухтары) Аллаһтын нээматы, пазилети жөнүндө (бири-бирине) сүйүнчүлөшөт. Чынында, Аллаһ ыймандуулардын сообун текке кетирбейт

[172] Аларга катуу сокку жеткенден кийин деле, Аллаһ менен пайгамбардын (“согушка!” деген) чакырыгына жооп берген момундар (жана) алардын арасынан сонун ибадат кылган, такыба кишилер үчүн улуу сыйлыктар бар

[173] Ошолорго (мусулмандарга) кишилер (келип): “Адамдар (мушриктер) силерге каршы (чоң күч) чогултушкан, алардан корккула!”- дегенде, (бул кабар) алардын ыйманын көбөйттү жана: “Бизге Аллаһ жетишет жана Ал эң жакшы Колдоочу” дешти

[174] Анан, Аллаһтын нээматы, пазилети себептүү, аларга эч бир жамандык жетпей кайтып келишти жана Аллаһтын ыразычылыгына ээрчишти. Аллаһ - улук пазилет ээси

[175] Албетте, ошол (силерге жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал (силерди) өзүнүн досторунан (мушриктерден) коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер момун болсоңор, Менден гана корккула

[176] (О, Мухаммад!) каапырчылыкка шашып бараткандар сени капа кылбасын. Алар (муну менен) Аллаһка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аллаһ Акыретте аларга эч насип болтурбоону каалайт. Аларга улук азап бар

[177] Албетте, ыймандын ордуна каапырлыкты сатып алган адамдар Аллаһка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аларга жан ооруткан азап бар

[178] Каапыр адамдар, биз алардын (жашоо) мөөнөттөрүн узартып койгонубузду өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун! Биз (болгону) өздөрүнүн күнөөлөрүн көбөйтүш үчүн гана аларга мөөнөт бердик. Аларга кордук азабы бар

[179] Аллаһ момундарды ушул (кимдин ким экени белгисиз) абалыңарда таштап койбойт. Ыпыластан тазаны ажыратат. Жана Аллаһ силерди кайыпты билүүчү кылбады. Бирок, Аллаһ өз пайгамбарларынан каалагандарын тандап алат (жана аларга кээ бир учурларда кайыпты билдирип турат). Эми, Аллаһка жана пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, силерге улуу сооп-сыйлыктар бар

[180] Аллаһ Өзүнүн пазилети себептүү берген (байлык, мансап, илим, ж.б.у.с.) нерселерден кызганган адамдар, бул жоругу өздөрүнө жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык: жакында, Кыямат күндө кызганган нерселери алардын мойнуна оролуп муунтат.! Асмандар менен жердин мурасы Аллаһка таандык. Аллаһ силердин ишиңерден кабардар

[181] “Аллаһ кембагал, биз байбыз” деген адамдардын сөздөрүн Аллаһ укту.” Биз алар айткан сөздөрдү жана пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрүн жазып койобуз. Жана (аларга) күйдүрүүчү азаптын даамын таткыла” дейбиз

[182] Бул (азап) өз колуңар менен жасаган ишиңер себептүү. Аллаһ пенделерге заалым эмес

[183] Ошол адамдар (яхудийлер): «Пайгамбар (Мухаммад) бизге бир курмандык союп, аны (асмандан түшкөн) от күйдүрмөйүнчө ага ыйман келтирбешибизди Аллаһ бизге осуят кылган» дешет. (О, Мухаммад!) Сен аларга: “Менден мурун деле силерге пайгамбарлар далилдерди жана силер айткан нерсени да келтиришкен. Анда, эмне үчүн аларды өлтүрүп салдыңар, эгер чынчыл болсоңор?!” деп айткын

[184] (О, Мухаммад!) эгер алар сени жалганчыга чыгарышкан болсо, сага чейин деле далилдер, ыйык жазуулар жана (Шарият өкүмдөрүнөн турган) нурлуу китептерди алып келген пайгамбарлар (ушулар тарабынан) жалганчыга чыгарылган

[185] Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү өзүңөрдүн сооп-сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар.” Ал эми, ким Тозоктон четтетилип, Бейишке киргизилсе — жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес

[186] (О, момундар!) Албетте, силер малыңарда жана жаныңарда сыналасыңар. Жана, сөзсүз түрдө, силерден мурда китеп берилген (яхудий, христиан ж.б.) адамдардан жана мушриктерден көп заар сөздөрдү угасыңар. Эгер (ошондо) сабыр кылсаңар жана такыбаа болсоңор, албетте, бул өтө улук иштерден

[187] Эстегин: Аллаһ (ыйык) китеп берилген коомдордон, ал китепти(н чындыктарын) элдерге сөзсүз баян кылып бересиңер жана аны(н чындыктарын) жашырбайсыңар деп катуу убада алган эле. Кийин алар анттарын артына таштап коюшту жана аны (Тоорат менен Инжилдеги чындыктарды) арзыбаган баага сатып жиберишти. (Чындыктын ордуна) сатып алган нерселери кандай жаман

[188] (О, Мухаммад!) Жасаган (кыянат) иштери менен сүйүнүп, али жасай элек (жакшы) иштери менен даңазаланууну сүйгөн адамдарды азаптан оолак болот деп эч ойлобогун! Аларга жан ооруткан азап бар

[189] Асмандар жана жер мүлкү Аллаһга таандык. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү

[190] Албетте, асмандар менен жердин жаратылышында жана түн менен күндүн (токтоосуз) алмашып турушунда акылдуу адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине далил болуучу көптөгөн) белгилер бар

[191] Турган, отурган жана жамбаштап жаткан абалында да Аллаһты эстеп, асмандардын жана жердин жаратылышын пикир кыла турган адамдар (Аллаһтын улуулугуна кулдук кылып) “О, биздин Рабби! Сен буларды жөн эле жаратканың жок. Сен (бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан жана бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруусуң! Бизди Тозок азабынан сактай көр!” - дешет

[192] О, Раббибиз! Сен кимди Тозокко киргизсең — аны шерменде кылганың. Заалымдарга жардамчылар болбойт

[193] О, Раббибиз! Биз бир чакыруучунун (Мухаммаддын) “Раббиңерге ыйман келтиргиле!” деп, ыйманга чакырып жатканын уктук жана дароо ыйман келтирдик. О, биздин Рабби! Күнөөлөрүбүздү кечир жана каталарыбызды өчүр! Бизди жаныбызды жакшы кишилердин катарында ала көр

[194] О, Жаратканыбыз! Бизге пайгамбарларыңа убада кылган (жеңиш, Бейиш, дүйнөлүк бакыт сыяктуу) нерселериңди бере көр! Кыямат күнү бизди шерменде кылба! Албетте, Сен убаданы бузуучу эмессиң

[195] Алардын Раббиси дубаларын кабыл алды (жана мындай деди:) “Албетте, Мен, эркек же аял болобу, силерден эч бир амал кылуучунун амалын текке кетирбейм. Бирөөңөр бирөөңөрдөн жаралгансыңар. Менин жолумда журттарынан чыгарылган, хижрат кылган (көчкөн), кордук-зомбулук көргөн, согушкан жана өлтүрүлгөн адамдардын (бардык) күнөө-кемчилдиктерин өчүрөмүн жана Аллаһ тарабынан берилген сооп иретинде, астынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргиземин. Аллаһтын алдында эң жакшы сооп-сыйлыктар бар”

[196] (О, Мухаммад!) Каапыр адамдардын шаарларды кезип (текеберленип, байлыктарына манчыркап) жүрүүлөрү сени алаксытып койбосун

[197] (Булардын баары) бир аз гана пайдалар. Кийин алардын орду Тозок! Ал кандай жаман орун

[198] Раббисинен корккондор үчүн Аллаһ тарабынан сый-зыяпат түрүндө, астынан дарыялар агып турган Бейиш бактары бар. Алар анда түбөлүк калышат. (Ойу, сөзү жана иши) жакшы адамдар үчүн Аллаһтын алдындагы нерселер жакшы

[199] Албетте, китеп ээлеринин арасында Аллаһка ишенген, силерге, түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) да, өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге да ыйман келтирген, Аллаһтан корккон, Аллаһтын аяттарын арзыбаган баага сатып жибербеген адамдар бар экени анык. Аларга да Раббисинин алдында сооп-сыйлыктары бар. Албетте, Аллаһ тез эсептешүүчү

[200] О, ыйман келтиргендер! Сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула жана (чекараларды коргоп, дайым) даяр тургула! Жана Аллаһтан корккула! (Ошондо) жеңишке жетсеңер ажеп эмес

Ниса

Surah 4

[1] О,адамдар! Раббиңерден корккула! Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратып, андан (анын кабыргасынан) жубайын жаратып, анан ал экөөсүнөн көп аял-эркектерди таратты. Жана Аны(н ысымы) менен бири-бириңерден нерсе сурай турган Аллаһтан корккула жана тууган-уруктардан (алыстап кетүүдөн) абайлагыла. Албетте, Аллаһ силерди Көзөмөлдөөчү

[2] (О,момундар!) Жетимдерге өз малдарын бергиле. Ыпылас нерсени тазага алмаштырбагыла жана алардын малын өз малыңарга кошуп жебегиле. Чынында, ал -чоң күнөө

[3] Эгер, жетимдерге адилеттик кыла албай калуудун корксоңор, (аларды жөн коюп) өзүңөргө жаккан (башка) аялдардан экөөнү, үчөөнү жана төртөөнү никеңерге ала бергиле. Эгер адилеттик кыла албай калуудан корксоңор, анда бирөөсү (менен) же болбосо, кол астыңардагы мүлкүңөр - күң аялдарыңар (менен чектелгиле). Ушул силердин зулумдукка жол бербешиңер үчүн эң жакын (амал)

[4] Аялдарга (үйлөнүп жатканыңарда) махыр мүлкүн ичи тардык кылбай (ак пейилден) бергиле. Эгер силерге махыр мүлкүнөн бир нерсени ак пейилинен, өзү ыраазы болуп берсе, жей бергиле - аш болсун

[5] (Түпкүлүгү жетимдердин мурас мүлкү болгон, бирок, силер убактылуу иштетип турган) мал-мүлкүңөрдү акылы толук эместерге карматпагыла. Ал мүлктү Аллаһ силер (жана жетимдер) үчүн турмуш тиреги кылып койду. Жана ал мүлктөн жетимдерди жедирип-ичирип, кийинткиле. Жана аларга ширин сөз сүйлөгүлө

[6] Жетимдерди нике (балакат) жашына жеткенге чейин текшерип (сынап) көргүлө. Эгер алардан акылы толушкандыкты көрсөңөр, (бардык) малдарын колуна тапшыргыла жана алар чоңойгуча шашылып, ысырап кылып жеп койбогула! Ким бай болсо, (жетимдердин малын сактап бергени үчүн кызмат акы жештен) өзүн тыйсын. Ал эми, ким кембагал болсо, жакшылык менен (жетимдерди ыраазы кылып) жесин. Аларга мал-мүлкүн кайтарып жатканда күбөлөрдү койгула. Эсептешүүчүлүк боюнча Аллаһ жетиштүү

[7] Ата-энеси жана жакындары калтырган (мурас) нерседен эркектерге үлүш бар. (Ошондой эле,) Ата-энеси жана жакындар калтырган мурастан аялдарга да үлүш бар. Бул мурас азбы же көппү, Аллаһ парыз кылган үлүш абалында (бөлүнөт)

[8] Эгер мурас бөлүштүрүү(нүн үстүн) дө (мураскор эмес) тууган-уруктар, жетимдер жана жакырлар болуп калса, аларга да мурастан ырыс-кешик бергиле жана аларга ширин сөздөрдөн сүйлөгүлө

[9] (Өлүмгө бет алган кишинин алдында турган) адамдар эгер артында алсыз (мурастан куржалак) перзенттерди калтырышса (жана алардын абалынан кабатыр болушса, демек, өлүп бараткан адамдын перзенттеринин абалынан да) кабатыр болушсун. Жана Аллаһтан коркуп, (өлүмгө бет алган кишиге) жакшы сөздөрдү насаат кылышсын

[10] Чынында, жетимдердин малын зулумдук-кыянаттык менен жеген адамдар курсактарына от жеген менен барабар. Алар тез күндө Тозокко ташталат

[11] Аллаһ перзенттериңер жөнүндө, эркек бала үчүн эки кыздын үлүшүнчө (мурас бөлүштүрүүнү) осуят кылат. Эгер алар (атадан мурас алуучу перзенттер) экиден ашык аялдар болсо, анда аларга (атасы) калтырган мурастан үчтөн эки бөлүгү, а эгер (мураскор) жалгыз кыз болсо, ага тең жарымы тиет. Эгер анын (мурас калтыруучунун) перзенти бар болсо, анда ата-энесинин ар бирине, ал калтырган мурастан алтыдан бир бөлүгү тиет.! Эгер анын перзенти болбой, ата-энеси гана мураскор болушса, анда апасына үчтөн бири (калганынын бардыгы атасына) тиет. Эгер анын ага-инилери (же эже-сиңдилери) болсо, анда, апасына алтыдан бири, (калганынын баары атасына) тиет.* (Ушул бөлүштүрүүлөр) маркум тарабынан айтылган осуят-керээзден кийин же болбосо маркумдун карыздарын төлөгөндөн кийин гана аткарылат. (Өз акылыңарга койсо) силер ата-энеңер менен бала-чакаңардын кай бири силерге пайдалуураак экенин билбейсиңер. (Ошондуктан мурас маселеси) Аллаһ тарабынан парыз кылып (дайындалып, белгиленип) коюлду. Албетте, Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

[12] Силерге (өлгөн) аялыңар калтырган нерсенин - эгер алардын балдары болбосо - тең жарымы тиет. Эгер алардын (силерденби же башкаданбы, уулбу же кызбы, азбы же көппү, өзүнүнбү же уул-кызынынбы) балдары калган болсо, анда, (ал калтырган) осуяттан кийин же болбосо анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин силерге аялыңар калтырган мүлктүн төрттөн бири тиет. Жана силер (өлгөнүңөрдөн кийин) калтырган мурастан аялдарыңарга - эгер силерден бала калбаган болсо - төрттөн бири тиет. Эгер силерден бала калган болсо, -силердин осуятыңардан жана карызыңар төлөнгөндөн кийин - аялдарыңарга силер калтырган мурастан сегизден бири тиет. Ал эми, мурас калтырып жаткан эркек же аял (ата-энеси да, бала-чакасы да, чоң ата-чоң энеси да, небере-чебереси да жок) жалгыз киши болсо, жана анын (эне тараптан) ага-иниси же эже-сиңдиси болсо, алардын ар бирине алтыдан бир бөлүктөн тиет. Эми, алар мындан (бирден) көп болушса, алардын бардыгы үчтөн бирден шерик болушат. (Бул бөлүштүрүү) мураскорлордун эч бирине зулум кылынбай айтылган осуяттан кийин жана анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин болот. (Бул силерге) Аллах тарабынан осуят иретинде (айтылды). Аллах — Билүүчү, (пейили) Жумшак

[13] Ушулар Аллаһтын чектери (аны бузбагыла!) Эми, ким Аллаһка жана Анын пайгамбарына моюн сунса, (Аллаһ) аны түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет (жана) анда түбөлүк калат. Бул — чоң жеңиш

[14] Ал эми, ким Аллаһка жана пайгамбарына (каапыр болуу менен толук) күнөө кылса жана Аллаһтын чектеринен чыкса, аны түбөлүк кала турган Тозокко киргизет. Ага кор кылуучу азап бар

[15] (О, момундар) зайыптарыңардын арасында бузукулук (зынаа) кылгандары болсо, аларга өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбө алып келгиле. Эгер алар (анык далилдер менен) күбөлүккө өтсө, аларды ажал алып кеткенге чейин же болбосо, Аллаһ аларга (бул жазадан башка жазалоочу) жол көрсөткөнгө чейин үйлөргө камап койгула

[16] Силерден (эркек-аялдардан) экөө ушуну (зынааны) жасаган болсо, ал экөөнү сазайын бергиле. Анан эгер тообосуна таянып оңолсо, алардан жүз бургула (жазаны токтоткула). Албетте, Аллаһ тообаларды кабыл алуучу, Мээримдүү

[17] Албетте, Аллаһтын тообаларды кечирүүсү күнөө ишти билбестен жасап алып, кийин дароо тооба келтирген кишилерге арналган. Аллаһ андай адамдардын тообасын кабыл алат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[18] Ал эми, күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм (жазасы) келгенде гана “Мен эми тооба кылдым!” дей турган адамдарга жана каапыр бойдон өлүп кетүүчүлөрдүн тообалары кабыл алынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз

[19] О,ыйман келтиргендер! Силер үчүн (өлгөн жакыныңардын никесинде болгон) аялдарды (алар каалабаса да) мажбурлап мурас-мүлк кылып алуу адал болбойт. Жана силер (эгер аялыңарды сүйбөй калсаңар), берген махырыңардын бир бөлүгүн алып, (силерден ажырап) кетишине тоскоол болбогула. Ал эми, качан бир анык бузук иш (зынаа) жасаганда гана (махырыңарды кайрып алуу үчүн аларга тоскоолдук кылсаңар болот). Аялдар менен сылык-сыпаа жашагыла. Эгер аларды жаман көрүп калсаңар(да катуу тийбегиле. Анткени), Аллаһ силер жаман көргөн нерседе көп жакшылыктарды катып койгон болушу мүмкүн

[20] (О, момундар!) Эгер (талагын берген) аялдын ордуна башкасына үйлөнүүнү кааласаңар жана алардын бирине (ажырашып жатканыңарга) өтө көп мал-мүлктү! (махыр кылып) берген болсоңор, ал махырдан эч нерсе алып калбагыла. Эмне, силер аны доомат жана анык күнөө (кылуу) менен аласыңарбы

[21] Кантип аны алууга батынасыңар?! Акыры, силердин бириңер (эркектер) экинчиңерге (аялдарга) (ошол махыр себептүү) жетишти эле го?! Жана (силер ажырашууну каалаган) аялдар силерден (өмүр бою камкор болушуңар жөнүндө) катуу убада алган эле го

[22] Атаңардын никесинде болгон аялдарга үйлөнбөгүлө! Ал эми, (Исламдан) мурун болгон болсо, эч нерсе эмес (ал кечирилет). Бул иш бузукулук, жийиркеничтүү жана эң жаман жол

[23] Силерге (төмөндөгүлөрдүн никеси) арам кылынды: апаңар (апаңардын апалары), кыздарыңар (жана бардык кыз небереңер), бир тууган эже-сиңдиңер, атаңардын (же чоңатаңардын) эже-сиңдилери, апаңардын (же чоң энеңердин) эже-сиңдилери, ага-иниңердин кыздары, эже-сиңдиңердин кыздары, көкүрөк сүтүн берген эмчек апаңар, эмчектеш эже-сиңдиңер (силер сүтүн эмген аялдын сүтүн эмген кыздар), кайненеңер, силер жакындык кылган (кийинки) аялдарыңардын (өзү менен алып келген) силердин тарбияңарда болгон кыздары. Эгер ал (кийин үйлөнгөн) аялыңарга жыныстык жакындык кылбаган болсоңор, анда (аларды талак кылгандан кийин) кыздарына үйлөнсөңөр - күнөө жок. Жана өз белиңерден жаралган уулуңардын аялдары(на үйлөнүүңөр) жана бир тууган эже-сиңдини бир убакта өз никеңерге кошуп алышыңар (силерге арам кылынды)!. Ал эми, (исламдан) мурун болгон болсо, анда эч нерсе эмес (кечирилет). Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[24] Дагы күйөөсү бар аялдар(га үйлөнүү арам). Ал эми кол астыңардагы күң аялдарга жакындык кылууңар арам эмес.? Аллаһтын китебин(ин өкүмдөрүн) бекем кармагыла. Ушул айтылгандардан башка (аялдардын) бардыгына, мал-дүйнөңөрдөн (махыр кылып) берүү менен, таза болуп, бузуктук кылбай үйлөнүүңөр силер үчүн адал кылынды. Эми, ал аялдардан кимисине (нике менен) жакындык кылуучу болсоңор, парыз кылынган акысын (махырын) бергиле. Махыр белгиленгенден кийин өз ара келишип алууңарда (күйөөсү белгиленгенден көбүрөөк берсе же болбосо, аял белгиленгенден бир бөлүгүн же баарын кечип жиберсе) силер үчүн күнөө жок. Албетте, Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[25] Жана силерден кимиңер азат, ыймандуу аялдарга үйлөнүү үчүн мүмкүнчүлүк таппаса, анда кол астыңардагы ыймандуу күң аялдардан (бирден төрткө чейин) үйлөнө берсин. Аллаһ силердин ыйманыңарды(н даражасын) жакшы Билүүчү. Бири-бириңерден (тарагансыңар) Алардан (күң аялдардан) ыйбалуу, зынаа кылбаган жана жашыруун көңүлдөш тутпаган аялдарга кожоюндарынын уруксаты менен үйлөнө бергиле жана махырларын жакшылап төлөгүлө. Эгер (эрге тийип,) башы байлангандан кийин зынаа кылышса, аларга азат аялдарга берилген жазанын жарымы берилет. Бул (күңдөргө уруксат берүү) силердин араңардан бойдокчулук азабына чыдай албагандар үчүн. Ал эми, (азат аялдын махырына кудуретиңер жеткенге чейин) сабыр кылсаңар өзүңөргө жакшы. Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[26] Аллаһ силерге (бардык адал-арам маселелерди) баян кылып берүүнү жана силерди мурун өткөн (салих-таза) адамдардын жолуна салып, тообаңарды кабыл алууну каалайт. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

[27] Аллаһ силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообаңарды кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (Ак Жолдон) бурулуп кетишиңерди каалайт

[28] Аллаһ силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган

[29] О,ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткорлук, ж.б.у.с.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллаһ силерге Мээримдүү

[30] Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында Тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллаһка жеңил

[31] Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар (жана парыз ибадаттарды үзбөй жасап жүрсөңөр) Биз силердин (бардык) күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улук Орунга - Бейишке киргизебиз

[32] Аллаһ бирөөңөрдү бирөөңөрдөн эмне менен абзел-жогору кылып койгон болсо, ошону силер (көралбастык менен) эңсебегиле! Эркектерге өз эмгек-кесиптеринен насип бар. (Ошондой эле,) аялдар үчүн да өз эмгек-кесиптеринен насип бар. (Бардык диний-дүйнөлүк ишиңерде) Аллаһтын пазилетин сурагыла. Албетте, Аллаһ бардык нерселерди Билүүчү

[33] Ар бир адам үчүн ата-эне жана жакындары калтырган урук-туугандардан жана силер менен ант-келишим түзгөн адамдардан турган дос-жардамчыларды жаратып койдук. Эми аларга өз үлүштөрүн бергиле.! Албетте, Аллаһ бардыгына Күбө

[34] Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу. Бул — Аллаһ бирин экинчисинен (күч-кубатта, акылда, сабырда) абзел-жогору кылганы жана өз (эмгеги менен тапкан) мал-мүлктөрүнөн (аялын, үй-бүлөсүн) каржылаганы себептүү. Эми, Аллаһтын өкүмдөрүнө толук моюн сунуучу жана Аллаһ сактаганы себептүү, күйөөсү жок мезгилдерде өзүн (арамдан жана күйөөсүнүн мүлкүн кыянат-уурулуктан) сактоочу аялдар - жакшы аялдар. Силер бейбаштыгынан корккон аялыңарга (оболу эң жакшы сөздөр менен) насаат айткыла. Анан (насаат пайда бербесе, катуу сүйлөбөй) төшөктө жалгыз калтыргыла жана (ушуну менен да оңолбосо, катаалдык кылбай) ургула. Эгер силерге баш ийип калса, аларга каршы башка жол издебегиле.”° Албетте, Аллаһ эң Улук, эң Жогору

[35] Эгер эрди-катындын арасында жарака кетүүсүнөн корксоңор, эрдин жакындарынан бир өкүм кылуучуну жана катындын жакындарынан да бир өкүм кылуучуну (маселени чечүү үчүн) жибергиле. Эгер ал эки өкүм кылуучу жарашытырууну кааласа, Аллаһ жубайлардын арасына тынчтык-ынтымакты салат. Албетте, Аллаһ (бардыгын) Билүүчү, Кабардар

[36] Жана Аллаһка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, мискин-жакырларга, тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусапыр-карыптарга жана кол астыңардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Чынында, Аллаһ текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт

[37] Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Аллаһ Өз пазилетинен берген нээматтарды (адамдардан) жашырат. Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койдук

[38] Мал-дүйнөлөрүн рия (адамдарга көрүнүү, атагы чыгуу) үчүн садака-эхсан кылган жана өздөрү Аллаһка да, Акыретке да ишенбей турган адамдарды дагы (Аллаһ сүйбөйт). Шайтан кимдин жакын досу болсо, ал эң жаман дос

[39] Эгер Аллаһка, Акырет күнүнө ыйман келтирип, Аллаһ аларга ырыскы кылып берген нерселерден (рия кошпой) садака кылса аларга кайдан зыян болмок эле?! Аллаһ аларды Билүүчү

[40] Албетте, Аллаһ эч кимге чаңдын бүртүгүнүн салмагынча да зулум кылбайт. Эгер (пенденин иши чаңдын бүртүгүнчөлүк) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн даргөйүнөн чоң сооп берет

[41] (О, Мухаммад!) бир кезде (Кыяматта) Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (алардын пайгамбарларын) келтирсек жана сени тиги (каапыр) адамдарга каршы күбөгө тартсак абал кандай болот

[42] Ал Күндө пайгамбарга каяша айтып, каапыр болгондор жер аларды көмүп, тегиз болуп калуусун эңсешет. Бирок, Аллаһтан эч бир сөздү жашыра алышпайт

[43] О, ыйман келтиргендер! Эмне сүйлөп жатканыңарды биле турган болмоюнча (соолукмайынча) мас абалда намазга жакындашпагыла. «Жүнүб» абалда дагы гусул кылмайынча (бүт денеге суу жеткирип жуунмайынча) намазга жакындашпагыла.! (Мечитти аралап) өтүп жүрүүчүлөр гана (кусул кылбай өтсө болот.) Эгер ооруп калсаңар же сапарда болсоңор же силерден бирөөңөр ажатканадан чыкса же болбосо, аялдарды кармаласаңар жана (даарат алганга) суу таппай калсаңар таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) бетиңерди жана колуңарды сылагыла. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү жана күнөөлөрдөн өтүүчү

[44] (О, Мухаммад!) Китептен (Тоораттан) насиби бар адамдарды көрбөйсүңбү, (арам, күнөө иштерге мал-дүйнө сарп кылуу менен) адашуучулукту сатып алышууда жана сенин (ак) жолдон адашууңду да каалашууда

[45] Аллаһ силердин душманыңарды жакшыраак билет жана Аллаһтын Өзү жетиштүү башчы, Аллаһтын Өзү жетиштүү жардамчы

[46] Яхудийлерден кээ бирөөлөрү (Тоораттагы Мухаммад пайгабар жөнүндөгү) сөздөрдү өз маанисинен башка мааниге бурмалашат жана (сени менен сүйлөшкөндө) динге сокку урушуп, тилдерин бурмалашып: “Уктук жана күнөө кылдык”, “Бизди укпасаң да угасың” жана “Раина”! дешет. Эгер алар (сөздү бурмалабай!) “Уктук жана моюн сундук”, “Бизди укчу?”, жана “Унзурна” (бизге карачы?) деп айтканда өздөрүнө жакшы жана туурараак болмок. Бирок, Аллаһ аларга каапырчылыгы себептүү каргыш жаадырган. Эми, бир аз гана бөлүгүнөн башкасы ыйман келтиришпейт

[47] О, китеп берилген адамдар! Бетиңерден бузуп, артына кайрып таштай электе, же болбосо, аларды (силердин араңардагы бузукуларды) “алтынчы күн ээлерин” каргаганыбыз сыяктуу каргап сала электе, өзүңөрдөгү (Тоорат, Инжил кабарларын) тастыктоочу кылып Биз жиберген нерсеге (Кураанга) ыйман келтиргиле! Аллаһтын буйругу дароо аткарылуучу

[48] Албетте, Аллаһ Өзүнө бир нерсени шерик кылынуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллаһка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр

[49] (О, Мухаммад!) өздөрүн актаган адамдарга карабайсыңбы?! Тескерисинче, Аллаһ, Өзү каалаган пендесин актап алат жана аларга (данекти орогон) чел кабыкчалык да зулум кылынбайт

[50] Карачы, алар Аллаһка кандай гана жалгандарды ойлоп таап жатышат. Анык күнөө болууга ушунун өзү жетиштүү

[51] Китептен насип-үлүш берилген адамдарга карабайсыңбы: Алар “жибт” жана “таагут(тар) га”? сыйынып жатышат жана каапырлар жөнүндө (аларга жагымпоздук кылып, ыйманды жек көрүп): “Ошолор момундарга караганда туурараак жолдо” деп жатышат

[52] Аларды Аллаһ Өз ырайымынан кууган. Аллаһ кимди Өз ырайымынан ажыраткан болсо, ага эч бир жардамчы таба албайсың

[53] Же алардын колунда мүлк-бийлик бар бекен?! Болгон күндө деле (жеткен зыкымдыгынан улам) адамдарга кыпындай нерсени да ыраа көрүшмөк эмес

[54] Же болбосо, адамдарга (мусулмандарга) Аллаһ берген пазилет-артыкчылыкты көрө албай жатышабы. Биз Ибрахимдын үй-бүлөсүнө Китеп, Даанышмандык (пайгамбарчылык) жана чоң мүлк - бийлик бергенбиз

[55] Алардын (китеп ээлеринин) арасында ыйман келтиргендери да бар, (көралбастык менен адамдарды) андан тоскондор да бар. Аларга күйдүрүүчү Тозок жетиштүү

[56] Биздин аяттарыбызга каапыр болгон адамдарды, жакында Тозокко таштайбыз. Ар качан терилери бышып (азапты сезбей) калганда, азаптын “даамын” сезиши үчүн аларды (н терилерин) башка териге алмаштырабыз. Албетте, Аллаһ (ар кандай ишке) Кудуреттүү жана Даанышман

[57] Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал (сооптуу иш) кылгандарды болсо, жакында астынан дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизебиз. Анда аларга (кулк-мүнөзү) таза-пакиза жубайлар бар. Биз аларды эң көлөкөлүү Бейиштерге киргизебиз

[58] (О, момундар!) Аллаһ силерди аманаттарды өз ээлерине кайтарууга буюрат. Жана эгер адамдардын арасында өкүм кылуучу болуп калсаңар, (Аллаһ көргөзгөндөй) адилеттик менен өкүм чыгарууга буюрат. Албетте, Аллаһ, силерге эң жакшы нерселерди насаат кылды. Чынында, Аллаһ Угуучу, Көрүүчү

[59] О, ыйман келтиргендер! Аллаһка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, эгер Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллаһка жана пайгамбарга кайтаргыла. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат)

[60] (О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана сенден мурда түшүргөн нерселерге “ыйман келтирдик” деп ойлогон адамдарды карабайсыңбы?! Алар Таагуттан өкүм суроону каалап жатышат. Алар ага каапыр болууга буюрулган эле го?! Шайтан аларды (чындыктан) алыс-алыс адаштырып кетүүнү самайт

[61] Эгер аларга “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана Пайгамбарга (Сүннөткө) келгиле” деп айтылчу болсо, ал мунаафыктардын сенден чечкиндүү түрдө кайрылып баратканын көрөсүң

[62] Эми, аларга, жасаган ошол күнөөлөрү себептүү (Аллаһ тарабынан) бир кайгы жеткен соң, сага келип: “Кудай акы, биз бул ишибиз менен жакшылыкты жана оңдоону гана каалаганбыз” - деп (актанып) ант ичишкендери эмнеси

[63] (Бирок), Аллаһ алардын жүрөктөрүндө болгон (ыпылас) нерсени билет. Аларга (жасаган иштерине) көңүл бурбай эле кой. Жана алардын өздөрүнө (адашкандыктарын) жеткире сүйлөп, (Аллаһтын өкүмдөрүнүн абзелдиги жөнүндө) насаат айт

[64] Биз ар бир пайгамбарды, Аллаһтын уруксаты менен ага моюн сунулушу үчүн жибердик. Эгерде алар (таагутка өкүм сурап баруу менен) өздөрүнө зулум кылып алган кезде (жалгандан ант ичпей,) сага келип, Аллаһтан кечирим сурашса жана пайгамбар дагы алардын күнөөсүн кечирүүсүн сурап Аллаһка дуба кылганда, Аллаһты, тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү абалда табышат эле

[65] Жок, Раббиңе ант, алар качан өз ара жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким-өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нараазылык калбай, толук моюн сунмайынча ыймандуу боло алышпайт

[66] Эгер Биз аларга (пенделерге): “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же болбосо “Журтуңарды таштап чыккыла” деп, (ушул иштерди) парыз кылганыбызда, аны бир ууч (ыйманы күчтүү) адамдардан башкалары аткарбайт эле. Эгер алар айтылган нерсени аткарышса өздөрүнө жакшы болмок, жана (ыймандары) дагы бекемирээк болмок

[67] Анда Биз аларга Өз алдыбыздан улуу сооп бермекпиз

[68] жана аларды Туура Жолго багыттап коймокпуз

[69] Кимде-ким Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунса, ошолор гана (Бейиштин эң жогорку даражасында) пайгамбарлар, чыныгы ыймандуулар, шейиттер жана салихин (эң таза ыймандуу) адамдардан турган Аллаһ сыйлаган кишилер менен бирге болот. Алар -эң сонун шериктер

[70] Бул- Аллаһтын пазилети. (Ким көбүрөөк соопко ээ болгонун) билүү жаатынан Аллаһ жетиштүү

[71] О,ыйман келтиргендер! (Душмандардын күчүнөн, айла-амалынан) сактык чараларын көргүлө! Жана (Согуш башталып калса) топ-топко бөлүнүп, же болбосо (шартка карап) бардыгыңар чогуу чыккыла

[72] Албетте, силердин араңарда (коркоктугунан, ыйманы алсыздыгынан улам, жихаддан) кетенчиктегендер да бар. Эгер (согушта) силерге кайгы жетип (жеңилип, кээ бирөөңөр өлүп) калса, алар: “Аллаһ мени, алар менен шейит болуп кетпегеним менен сыйлады” - дешет

[73] Эгерде силерге Аллаһтын пазилети (жеңиш) жетип калса, деги эле, (мурда) силер менен анын арасында достук болбогондой (силерди тааныбагандай): “О, кана эми, мен да алар менен бирге болуп калсам, улук жеңишке (жана чоң олжолорго) жетмек экенмин”-дешет

[74] Аллаһтын жолунда, бул (опосуз) дүйнөнүн ордуна (түбөлүк) Акыретти сатып ала тургандар согушсун! Кимде-ким Аллаһтын жолунда согушуп, өлтүрүлсө же жеңип чыкса, Биз ага жакында чоң сооптор беребиз

[75] (О, мусулмандар!) Силерге эмне болду? Аллаһтын жолунда жана (душмандын зулумунан) бечара болуп (айласыз абалда) калган эркектер, аялдар жана бөбөктөрдүн ( азаттыгы) жолунда согушпай жатасыңар?! Алар: “О, Рабби! Бизди мына бул элдери (кожоюну) заалым болгон шаардан (аман-эсен) чыгарып жибер! Жана бизге Өзүңдүн алдыңдан бир (куткаруучу) досту жана жардамчыны жибер?!” - деп зар какшап жатышат го

[76] Ыймандуу адамдар Аллаһтын жолунда согушушат. Каапыр адамдар таагуттун (шайтандын) жолунда согушушат. Силер (о, момундар) шайтандын тарапкерлерине каршы согушкула. Албетте, шайтандын айласы (ар качан) алсыз

[77] (О, Мухаммад!) Тиги кишилерди(н коркоктугун) карабайсыңбы? Аларга (Маккада) “Согуштан колуңарды тыйгыла, намазыңарды окуп, зекетти берип (тынч) жүргүлө” - деп айтылганда (“Бул өкүмгө кошумча жихад кылууга да буйрук болсо экен. Аллаһтын душмандарынан бир өчүбүздү алсак экен” деп, жихадды сагынып жүрүшкөн. Кийин) аларга (мушриктерге каршы) согуш парыз кылынган кезде, капыстан алардын арасындагы бир жамаат, адамдардан (мушриктерден) Аллаһтан корккондой жана андан да катуурак коркуп кетишти жана: “О, Раббибиз! Эмнеге согушту парыз кылдың экен? Бизге (согушту) жакынкы мөөнөттөргө чейин кечиктире турсаң болбойт беле?” - дешти. Сен аларга: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба кишилер үчүн Акырет жакшы жана силерге (ал жерде) данектин чел кабыгынча да зулумдук кылынбайт” - деп айткын

[78] Кай жерде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Жадагалса (дубалдары) бекемделген сарайларда болсоңор да. Эгер (согушта) силерге жакшылык жетсе (жанагы акылы чолок, ыйманы күчсүздөр) “Бул -Аллаһтан дешет. Ал эми, эгер жамандык жетсе (каапырлар сыяктуу ырым-жырым кылып): “Бул - сенден” дешет. Сен аларга: “Бардыгы Аллаһтан” - деп айткын. Бул адамдарга эмне болгон, эч бир сөздү туура түшүнүшпөйт

[79] Сага кандай гана (диний же дүйнөлүк) жакшылык жетсе -ал Аллаһтан. Жана сага эмне жамандык жетсе - бул өзүңдөн. (О, Мухаммад!) Биз сени адамдарга (ушул нерселерди жеткирсин деп) элчи кылып жибердик. Аллаһ жетиштүү Күбө

[80] Ким пайгамбарга моюн сунса, демек Аллаһка моюн сунуптур. Ким моюн сунбай койсо (өзүнө зыян кылат). Биз сени аларга кароолчу кылып жиберген эмеспиз

[81] (Сенин алдыңда) “Моюн сундук” дешет. Ал эми сенден чыгаары менен, алардан бир тайпалары (түнү менен «айнып») сага айткандарынын тескерисине келишип алышат. Аллаһ алардын (түнкү) сүйлөшүүлөрүн жазып койот. Сен алардан жүз буруп, Аллаһка гана таянгын! Аллаһ жетиштүү таяныч

[82] Алар Кураанды терең пикир менен окушпайбы?!? Эгер Кураан Аллаһтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле

[83] Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак.! Эгер силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо, азганаңардан башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар

[84] (О, Мухаммад!) Аллаһтын жолунда (оболу) өзүң согушкунуң. Эч кимди эмес, өзүңдү гана согушка буюр жана момундарды болсо, шыктандыр. Ошондо Аллаһ (чечкиндүү согуштук аракетиңер себептүү) каапырлардын кубатын (силерден) арылтып койсо ажеп эмес. Аллаһтын кубаты күчтүү, азабы катуу

[85] Ким жакшы тарапка жардам берсе, ага ошол жакшылыктан үлүш-насип тиет. Ким жаман тарапка жардам берсе ага ошол жамандыктан үлүш-насип тиет. Аллаһ бардык нерсеге Көзөмөлчү

[86] Силерге качан салам (же салам сыяктуу сөз же ишаарат) берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып кайтаргыла. Чынында, Аллаһ бардык нерсени Эсептөөчү

[87] Эч бир илах жок, бир гана (затында, сыпатында, пейилинде, ысымында эч кимге окшобогон) Аллаһ гана бар. Ал силерди анда шек болбогон Кыямат Күн үчүн (ар бир адамга өз иштерине жараша сыйлык же жаза берүү үчүн) чогултат. Аллаһтан туурараак сүйлөгөн эч ким жок

[88] Эмне үчүн силер мунафыктар жөнүндө экиге бөлүнөсүңөр?? Аллаһ аларды жасаган иштери себептүү (каапырчылыкка) кайтарды го! Силер Аллаһ адаштырган кишилерди Туура Жолго салууну каалайсыңарбы? Кимди Аллаһ адаштырган болсо, сен ага (туура) жол таба албайсың

[89] Алар өздөрү каапыр болгону сыяктуу силердин да каапыр болуп калышыңарды эңсешет. Аларды Аллаһтын жолунда хижрат кылмайынча дос тутпагыла. Эгер (хижрат кылуудан) баш тартышса, аларды тапкан жериңерде кармап, өлтүргүлө. Аларды дос да жардамчы да кылбагыла

[90] Ал эми, (төмөндөгү) кишилерди өлтүрбөгүлө: силер менен араларында (тынчтык) келишими бар болгон коомдорго кошулуп алса. Же, силерге жана өз (каапыр) коомуна каршы согушуудан жүрөгү безилдеп, силердин алдыңарга келишсе. Эгер Аллаһ кааласа аларды силерден жогору кылып, силерге каршы согушушкан болоор эле. Эми, эгер силерге катылбай, согуш ачпай, тынчтыкты сунуштап жүрүшсө, аларга каршы чыгууңарга Аллаһ силер үчүн жол бербейт

[91] Силер (мунафыктардан) башка тайпаларын силерден да, (каапыр) коомдорунан да сак болгон абалда табасыңар. Качан алар фитна-бузукулукка кайтарылса, ага чумкуп кетишет. Эгер алар силерден алыстабаса, тынчтыкты сунуштабаса жана силерден колун тыйбаса, анда аларды кармап, тапкан жериңерде өлтүргүлө! Биз силерге андай адамдардын үстүнөн бийлик бердик

[92] Момун адам момун адамды - адашып гана өлтүрүп албаса -(атайлап) өлтүрүшү мүмкүн эмес. Кимде-ким (ал жашпы, карыбы, аялбы, эркекпи, каапырбы, момунбу же башкабы) бир момунду адашып (катачылыктан улам) өлтүрүп койсо, (бул күнөөсүн өчүрүү үчүн) бир момун кулду азат кылат жана (буга кошумча) маркумдун мураскорлоруна дия (кун акысын) төлөйт. Ал эми, (сөөктүн ээлери) кечирип жиберсе (дия төлөбөйт). Эгер өлгөн адам силерге душман коомдон, бирок момун болсо, (дия төлөбөй) бир момун кулду азат кылат. Эгер өлгөн адам, силер менен тынчтык келишимин түзгөн коомдон болсо, өлгөндүн үй-бүлөсүнө дия төлөө менен бирге бир момун кулду да азат кылат. Ал эми ким (кул азат кылганга же дия төлөгөнгө мүмкүнчүлүк) таппаса, Аллаһ тарабынан тообасы кабыл алынышы үчүн эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[93] Ким момун адамды атайлап өлтүрсө, анын жазасы түбөлүк тозок! Ага Аллаһтын каары жана каргышы жаайт! Аллаһ ага чоң азапты даярдап койгон

[94] О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллаһтын жолунда (жихадга) жөнөсөңөр, (кимдин ким экенин) анык билип алгыла. (Коркконунан же урматтаганынан улам) силерге салам берген адамга, дүйнө жашоосунун (арзыбаган) нерселерин каалап: “Сен ыймандуу эмессиң!”-дебегиле. Аллаһтын алдында көп олжолор бар. Мурун өзүңөр ошондой элеңер. Кийин Аллаһ силерди ардактуу кылды. Эми, (ишиңерди) анык билип жүргүлө! Албетте, Аллаһ силердин бардык ишиңерден Кабардар

[95] Бирөөгө зыяны тийбеген абалда (жихадга чыкпай) үйүндө отурган момундар менен, Аллаһтын жолунда малдары жана жандары менен жихадка чыккан момундар тең боло албайт. Аллаһ малдары, жандары менен жихад кылуучулардын даражасын үйүндө отургандардан жогору кылды. Бирок, Аллаһ бардыгына жакшылыкты (Бейишти) убада берди. Аллаһ жихадга чыккандарды үйдө отургандардан улук сооптор менен абзел кылган

[96] (Ал улук сооптор—) Өзүнөн берилчү жогорку даражалар, кечирим жана ырайым. Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[97] (Себепсиз хижрат парызын аткарбай коюу менен) өздөрүнө зулум кылган адамдарга, алардын жанын алуу мезгилинде периштелер: “Кандай абалда жашадыңар?” (эмнеге хижрат кылбадыңар?) дегенде алар (жалгандан): “Биз (бул) жерде алсыз (бечара) болчубуз»-дешет. Анда периштелер: “Аллаһтын жери кең эмес беле?! (Каалаган жериңерге) хижрат кылсаңар болмок?!” - дешет. Андай адамдардын бараар жери — тозок! Ал кандай жаман орун

[98] Ал эми, (хижрат кылууга) эч кандай амал-чара таппаган аял, эркек жана балдардан турган алсыз-бечараларды

[99] Аллаһ балким кечирээр.! Аллаһ Кечиримдүү, күнөөлөрдөн өтүүчү

[100] Ким Аллаһ жолунда хижрат кылса, жер жүзүнөн көптөгөн ыңгайлуу башпаанектерди жана бардарчылыкты табат. Ким үйүнөн Аллаһ жана пайгамбарынын жолунда хижрат кылып чыкса жана андан кийин аны (жолдо) өлүм тапса, анын сооп-сыйлыгын Аллаһ (Таала, жетип барган адамдын сообундай) берет. Аллаһ -Кечиримдүү, Мээримдүү

[101] (О, момундар) эгер жер жүзүндө сапар кылсаңар, (жана) силерге душмандын зыян жеткирүүсүнөн корксоңор, намазыңардан (бир бөлүгүн) кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок.? Албетте, каапырлар силерге анык душман

[102] (О, Мухаммад!) Эгер сен алардын (сахаабалардын) арасында (имам болуп) намаз окучу болсоң, сен менен бирге болгон алардын бир тобу (кароолдо) турсун жана куралдарын алып алышсын. Сажда кылып (намаз окуп) бүткөндө аркаңарга өтүп (коргоп) турушсун. Анан намаз окуй элек башка топ келип, сени менен намаз окушсун. Бирок, этияттыктарын жана курал-жарактарын алып алышсын. Эгер силер куралыңар менен керек-жарактарыңардан бейкапар калсаңар каапырлар силерге капыстан кол салууну самап турушат. Эгер силерге жамгырдын кесепети жетсе же оорулуу болсоңор, анда куралыңарды (жерге) койсоңор күнөө эмес. Бирок, абайлагыла. Чынында, Аллаһ каапырларга кордоочу азапты даярдап койгон

[103] Ал эми, намазды окуп бүткөнүңөрдөн кийин, турган, отурган жана жамбаштап жаткан (бардык) убактыңарда Аллаһты зикир кылгыла. Эгер (согуштан) тынч болгонуңарда намазды толук окугула. Албетте, намаз момун адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парыз болду

[104] (Душман) коомдун артынан сая түшүүдөн талыкпагыла. Эгер силер азап чеккен болсоңор, алар деле силер сыяктуу азап чегишти. (Экинчиден) силер Аллаһтан, алар үмүт кылбаган нерсени (Бейишти) үмүт кылып жатасыңар. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[105] (О, Мухаммад!) Биз сага китепти (Кураанды) акыйкат менен (бузулбай турган жана бардык кабарлары чындык болгон абалда) адамдар арасында Аллаһ көргөзгөн жол менен өкүм кылышың үчүн түшүрдүк. Жана сен кыянатчыга тарапкер болбогун

[106] (Эгер сенден ката кеткен болсо) Аллаһтан кечирим сура. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[107] Сен өздөрүнө кыянат (зулум) кылган (кылмышкер) адамдардын тарабында туруп талашпа. Аллаһ күнөө - кыянатты көп жасаган адамдарды сүйбөйт

[108] (Күнөө, кыянатты көп жасагандар күнөө - кылмыштарын) адамдардан жашыра алышат, а бирок Аллаһтан жашыра алышпайт. Чынында, алар түндөсү жашынып алып, Аллаһка жакпаган сөздөрдү ойлонуп жатканда да Аллаһ (Өзүнүн илими менен) алардын жанында болот. Аллаһ алардын бардык иштерин Ороп алуучу

[109] О, силер (кыянатчыларга актоочу болгондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллаһ менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат

[110] Жана ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Аллаһтан кечирим сураса, Аллаһты Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат

[111] Ким бир күнөө иш жасаса (анын жазасы) өзүнө. Аллаһ - Билүүчү, Даанышман

[112] Кимде ким бир чоң күнөө же башка кылмыш ишин жасап, кийин аны бейкүнөө адамга төңкөсө, ал өз мойнуна доомат жана чоң күнөөнү илип алыптыр

[113] (О, Мухаммад!) эгер сага Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо алардан (кыянатчылардан) бир тайпа сени адаштырууга жан үрөп калышкан эле. Бирок, алар (сени эмес) өздөрүн гана адаштырышат жана сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Аллаһ сага (бардык нерселердин баян-илимин өз ичине камтыган) китеп - Кураанды жана Сүннөттү түшүрүп, билбеген нерселериңди билгизди. Аллаһтын сага (берген) пазилети улук

[114] Алардын (кыянатчылардын) көп отуруш-чогулуштарында жакшылык жок. Ал эми, садакага, жакшы үрп-адатка буюрган же адамдардын арасын оңдоо үчүн (чогулган адамдардын отуруштарында жакшылык болот). Жана ким ушуну (аталган жакшылыктарды) Аллаһтын ыраазычылыгын тилеген абалда жасаса, ал адамга жакында улуу сооп беребиз

[115] Жана кимде - ким, өзүнө Туура Жол анык болгондон кийин, пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолго ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны Тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай

[116] Албетте, Аллаһ (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллаһка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр

[117] Алар Аллаһтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылышат! жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат

[118] Аллаһ ага (шайтанга) наалат-каргыш жаадырганда ал айткан: “Мен Сенин пенделериңдин арасынан тийиштүү насибимди алаармын

[119] Жана аларды жолдон адаштырып, куру кыялдарды жүрөктөрүнө салаармын. Жана алар менин буйругум менен малдарынын кулактарын кесишет?” жана менин гана буйругум менен Аллаһтын жаратканын өзгөртүшөт!” Ким Аллаһты коюп, шайтанды дос - башчы кылып алса, ал анык зыяндын зыянына түшүптүр

[120] (Шайтан) аларга убадаларды берет, жүрөктөрүнө куру кыялдарды салат. Шайтан аларга жалгандан башка убада бербейт

[121] Ошолордун (шайтанга ээрчиген-дердин) жайы Тозок! Алар өздөрүн андан куткаруучуну таппай (ал жерде түбөлүк) калышат

[122] Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнүнө, тагдырдын жакшы-жаманы Аллаһтан болушуна) ыйман келтирген жана (ошол ыймандан жаралган) сооп иштерди жасай турган адамдарды Биз анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып туруучу бейиштерге киргизебиз. Бул — Аллаһтын акыйкат убадасы. Эч кимдин сөзү Аллаһтын сөзүндөй чын эмес

[123] (Тозоктон кутулуу) силердин да, китеп ээлеринин да куру кыялдары менен эле боло калбайт. Ал эми, ким (кандай) күнөө иш жасаса, ошонун гана жазасын алат. Жана (жаза берилчү мезгилде) өзүнө Аллаһтан башка дос-жардамчы таппай калат

[124] Эркекпи же аялбы, кимде-ким жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, (жасаган иштеринин) кыпындайына да зулум кылынбаган абалда Бейишке киришет

[125] Аллаһтын Шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллаһка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшыраак дин туткан адам барбы? Аллаһ Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан

[126] Жердеги жана асмандардагынын бардыгы Аллаһтын мүлкү. Аллаһ ар бир нерсени Ороп Алуучу

[127] (О, Мухаммад!) Сенден аялдар жөнүндө фатва (өкүм) сурашат. Айткын: “Аялдар жөнүндө силерге Аллаһ жана Китептеги жетим кыздар, алсыз-бечара (жетим) балдарга арнап окулган аяттар өкүм берет. (Жана силерди, сулуулугуна же байлыгына) кызыгып үйлөнүп алып, (кийин) аларга берилиши парыз кылынган махырды бербей койгон (жетим кыздардын укугун орундатууга) жана жетимдер үчүн адилет башчылык кылууга (буюрат). Кандай гана жакшылык кылсаңар да Аллаһ аны, албетте, Билүүчү

[128] Эгер бир аял күйөөсүнүн өзүнө көңүлсүздүгүнөн жана таштап кетүүсүнөн корксо, эрди-катын экөөсү (аялдын демилгеси менен) бир келишимге келүүсүндө күнөө жок. Келишим жакшы нерсе. Жана жүрөктөр кызганычка даяр турат. Эгер жакшылык кылсаңар жана Аллаһтан корксоңор, Аллаһ бардык ишиңерден кабардар

[129] (О, эркектер!) Канчалык умтулсаңар да, аялдар арасында адилет кылууга кудуретиңер жетпейт. Бирок, (жүрөгүңөр умтулганына) берилип албагыла жана (көңүлсүз болгонуңарды) күйөөсү таштап кеткен аял сыяктуу таштап койбогула. Эгер араны оңдосоңор жана такыба кылсаңар, Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

[130] Эгер (эрди-катын) ажырашып кетчү болсо, Аллаһ алардын ар бирин Өзүнүн Кеңдиги (пазилети) менен беймуктаж кылат. Жана Аллаһ пазилети Кең, Даанышман Зат

[131] Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. (О, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллаһтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү! Аллаһ Беймуктаж жана Макталган

[132] Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык. (Бардыгы Аллаһка таянат) жана Аллаһ жетиштүү Сактоочу

[133] О, адамдар! Эгер кааласа (Аллаһ) силерди (дүйнөдөн) кетирип, ордуңарга башкаларды алып келет. Аллаһ буга Кудуреттүү

[134] Ким дүйнө сообун кааласа... Дүйнөнүн да, Акыреттин да сообу Аллаһтын алдында. Аллаһ Угуучу, Көрүүчү

[135] О, ыйман келтирген адамдар! Адилеттүүлүктү бекем кармоочу жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин, тууган-уругуңардын зыянына болсо да (жана) ал бай же кембагал болсо да, Аллаһ үчүн, туура күбөлүккө өтүүчү болгула. Аларга (силерден көрө) Аллаһ жакыныраак. (Ошондуктан) Адилет кылуу(дан четтеп), өз кызыкчылыгыңарга берилип кетпегиле. Эгер (чындыкты) бура сүйлөп, адилеттен жүз бурчу болсоңор, (билип койгула) Аллаһ силердин бардык ишиңерден Кабардар

[136] О, ыйман келтиргендер! Аллаһка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллаһка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, анын катуу адашканы

[137] Чынында, ыйман келтиргенден кийин каапыр болгон, кийин дагы ыйман келтирген, андан кийин дагы каапыр болуп, каапырчылыгын күчөткөн адамдарды Аллаһ кечирбейт жана Туура Жолго баштабайт

[138] (О, Мухаммад! момундарды таштап, каапырларды дос кылып алган) мунафыктарга жан сыздаткан азап жөнүндө “кушкабар” бер

[139] Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутуп алгандар алардан күч-кубат сурап жатышабы?! Бардык күч-кудурет Аллаһтын алдында го

[140] (О, момундар!) Аллаһ силерге Китепте “Эгер Аллаһтын аяттарына каршы сөз айтып же аны шылдың кылынып турганын уксаңар, качан башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен отурбагыла!” - деген өкүмдү түшүргөн. (Эгер алар менен бирге отура берген болсоңор) анда, силер дагы ошолордун бири экенсиңер. Албетте, Аллаһ (силерге окшогон) эки жүздүү мунафыктардын бардыгын каапырлар менен кошуп тозокко чогултат

[141] Алар (мунафыктар) силерди аңдып турушат. Эгер (согушта) силерге Аллаһ тарабынан жеңиш болуп калса (силерге жагынуу жана олжодон бир нерсе алуу үчүн): “Биз силер менен бирге эмес белек?” - дешет. Ал эми, каапырларга (жеңиштен) бир үлүш буюруп калса (аларга): “Биз силерге жардам берип, момундардан коргободук беле?” - дешет. Аллаһ Кыяматта силердин араңарда Өзү өкүм кылат (кимдин-ким экенин билгизет) жана Аллаһ эч качан каапырлар үчүн (момундарды толук басып алуусуна) жол бербейт

[142] Мунафыктар (өздөрүнчө) Аллаһты алдамакчы болушат. Бирок, Аллаһ өздөрүн «алдап» койот.! Жана эгер намазга турчу болушса, жалкоолонуп турушат. Элдин көзүнө көрүнүү үчүн (тана ибадат кылышат). Аллаһты өтө аз эскеришет

[143] Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллаһ кимди адаштырып койсо, сен ага Туура Жол таба албайсың

[144] О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллаһ үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы

[145] Албетте, мунафыктар Тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың

[146] Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллаһка жалбарышса жана дин-ибадаттарын Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (дүйнө-акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллаһ момундарга тез арада улук соопторду берет

[147] Эгер ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар, Аллаһ силерди эмне үчүн азапка салат?! Аллаһ шүгүр кылуучу,! Билүүчү

[148] Аллаһ (ар кандай) жаман сөздүн ашкере айтылуусун сүйбөйт. Бир гана зулум көргөн адамдар үчүн (заалымды каргап, тескери дуба кылуулары) мүмкүн. Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[149] Эгер жакшылыкты (ал сөзбү, ишпи, ичкиби, сырткыбы, парызбы, же башкабы) ашкере же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, (билип алгыла) Аллаһ дагы Кечиримдүү, Кудуреттүү

[150] Аллаһка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллаһ менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дей тургандар жана арсар жолду карманууну каалагандар

[151] Ошолор гана чыныгы каапырлар. Жана Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз

[152] Аллаһка жана Анын (бардык) пайгамбарларына ыйман келтирген жана алардан эч бирөөсүнүн арасын бөлбөгөн адамдарга Биз жакында (тиешелүү) соопторун беребиз. Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү

[153] (О, Мухаммад!) Китеп ээлери (яхудийлер) сенден аларга Китепти (Кураанды) асмандан (толук бойдон) түшүрүп беришиңди сурашат.! Алар Мусадан мындан да чоңураак нерсени сурап: “Бизге Аллаһты анык көргөзөсүң” дешкен. Кийин, (ушул) зулумдукдары себептүү аларды чагылган урган. Андан соң алар, өздөрүнө анык далилдер келсе да, музоону кудай кылып алышты. Биз муну кечирдик. Жана Мусага анык далилдерди (мыйзамдарды) бердик

[154] Биз алардын ант-убадасын алуу үчүн баштарына Тур тоосун көтөрдүк.* Жана аларга: “Бул (шаар) дарбазасынан баш ийип киргиле” дедик. Жана “Алтынчы күндө чектен чыкпагыла” - деп, алардан катуу ант-убада алдык

[155] Анан, ант-убадаларын бузганы, Аллаһтын аяттарын четке какканы, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөнү жана (акыйкатты кабыл алууга чакырылганда) “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” дегени себептүү (Биз аларды азапка жолуктурдук). Жок, андай (жүрөктөрү кулпуланган) эмес, тескерисинче, өздөрүнүн каапырчылыгы себептүү жүрөктөрүн Аллаһ мөөрлөп койгон. Демек, азганасынан башкалары ыйман келтиришпейт

[156] Жана да каапырлыктары: (абийирдүү) Марям (кыз)га (“сойкусуң”деп) чоң доомат сүйлөгөнү үчүн

[157] Жана Аллаһтын пайгамбары Ыйса — Масих бин Марямды “Биз өлтүргөнбүз” - деген сөздөрү себептүү, (Биз аларды азап-каргышка жолуктурганбыз). Алар аны (Ыйсаны) өлтүрүшкөн да эмес, асышкан да эмес. Бирок, алар үчүн (башка бирөө) ага окшотуп коюлган. Ал жөнүндө талашып-тартышкандар ал (анын өлгөнү) жөнүндө шек-күмөндө болушат. Аларда божомолго ээрчигенден башка эч бир илим жок. Чынында, алар аны анык өлтүргөн эмес

[158] Тескерисинче, аны Аллаһ Өзүнө көтөрүп алган. Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман

[159] Китеп ээлеринин бардыгы (яхудийлери да христиандары да) ага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет. Жана Кыямат Күндө болсо, ал (Ыйса) алардын (өзү жөнүндө жалган ишенимде болгондордун) зыянына күбөлүк берет

[160] Биз яхудийлерге, заалым болгону, көп адамдарды Аллаһтын Жолунан тоскону себептүү (мурда) аларга адал болгон (кээ бир) таза-пакиза тамактарды арам кылдык

[161] Жана сүткорлукту — андан кайтарылганына карабай — алганы, ошондой эле, адамдардын мал-мүлкүн арам жолдор менен жегени себептүү (мурда аларга адал болгон кээ бир таза-пакиза тамактарды арам кылдык). Жана алардын арасынан каапыр болгондоруна жан сыздаткан азапты даярдап койдук

[162] Бирок, (о, Мухаммад!) китеп ээлеринин арасынан илимде терең болгондору жана сага түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга), сенден мурун түшүрүлгөн китептерге ишенген момундары, (айрыкча) намазды (толук-түгөл) окугандары, зекетти бергендери жана Аллаһка, Акырет Күнүнө ыйман келтиргендери бар. Ошолорго биз жакында үлкөн сооп-сыйлык беребиз

[163] Чынында, Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга вахий жибергенибиз сыяктуу сага да вахий жибердик. Жана Биз Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана андан тараган (пайгамбар) урпактарга, Ыйсага, Айюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга вахий жибергенбиз. Ошондой эле, Даудка Забур (китептерин) бергенбиз

[164] Биз сага кээ бир пайгамбарлар жөнүндө мындан мурун икая кылып бердик жана кээ бир пайгамбарлар жөнүндө икая кылып бербедик.! Жана Аллаһ Мусага сүйлөдү

[165] (Кыяматта) адамдардын колунда Аллаһка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) Бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман

[166] Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллаһ күбөлүк берет. Аны Аллаһ Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллаһ жетиштүү Күбө

[167] Албетте, каапыр болгон жана адамдарды Аллаһтын жолунан тоскондор эң катуу адашкан кишилер

[168] Каапыр болгон жана зулум кылган адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ кечирбейт жана аларды Туура Жолго да баштабайт

[169] Баштаса да, анда түбөлүк калып кете турган Тозоктун жолуна баштайт. Бул Аллаһка жеңил

[170] О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты Раббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле — өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллаһка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Аллаһ - Билүүчү, Даанышман

[171] О, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллаһ жөнүндө чындыктан башканы сүйлөбөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Ыйса-Масих, Аллаһтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху.! Эми, Аллаһка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллаһ) үчөө дебегиле.* (Бул ишенимден) токтогула — өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллаһ, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллаһ жетиштүү

[172] Аллаһка кул болуудан Ыйса дагы, (ал гана эмес) Аллаһка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллаһка кулчулук (ибадат) кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын бардыгын (жазалоо үчүн) Аллаһ Өзүнө чогултат

[173] Ал эми, (Аллаһка таза) ыйман келтирип, жакшы амалдарды (Аллаһтын буйруктарын) аткарган адамдарга Аллаһ соопторун толуктап берет жана Өзүнүн пазилетинен да кошумча кылат. Эми, (баягы) ардангандар менен текеберленгендерди болсо, жан сыздаткан азапка салат. Алар өздөрүнө Аллаһтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат

[174] (О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Улук Кураанды) түшүрдүк

[175] Ал эми, Аллаһка ыйман келтирип, Ага (гана) жалбарган адамдарды Аллаһ Өз ырайымы жана пазилетинин астына алып, Өзүнө карай Туура Жолго багыттайт

[176] (О, Мухаммад!) Сенден фатва сурашат. Айткын: “Аллаһ силерге «калала»! жөнүндө фатва (өкүм) берет: Эгер бир киши өлсө, анын (өз) баласы жок болсо, бирок эжеси (же сиңдиси) болсо, ал аялга (агасы) калтырган мурас мүлктүн жарымы тиет. Ал эми, эгер эжесинин (же сиңдисинин) балдары болбосо, (жана ал агасынан мурун өлсө) анда агасы (бардык мүлкүнө) мураскор болуп калат. Эгер эжеси экөө болсо, ал (жалгыз киши) калтырган мурастан (экөөнө) үчтөн бири тиет. Эгер (мураскорлор) эркек-аял бир туугандары болсо, бир эркек үчүн экиден аялдын үлүшү тиет. Силерди адашып кетпесин деп Аллаһ Өзүнүн өкүмдөрүн баян кылат. Аллаһ ар нерсени Билүүчү. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаһтын ысымы менен

Маида

Surah 5

[1] О,ыйман келтиргендер! Убадаңарды аткаргыла! Силерге (төмөндө) окуп бериле тургандарынан башка бардык жандыктар адал кылынды. (Силерге) Ихрамда? болуп турган абалыңарда аң уулоо адал эмес. Аллаһ Өзү каалагандай өкүм кылат

[2] О,ыйман келтиргендер! Аллаһ арам кылган нерселерди, “тштахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллаһка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып турушу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду (үзүүнү) жана Раббисинин пазилет, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, качан ихрамдан чыксаңар аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүшүңөр, аларды Масжид - Аль-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһтын азабы катуу

[3] Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллаһтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып! өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес.? Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам»? менен пал ачууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллаһ арам кылганды жасашыңар) — бузукулук. Мына бүгүн (Макка фатх болгондон кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жешке мажбур болсо, Аллаһ Кечиримдүү, Ыйрамдуу

[4] Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллаһ силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллаһтын ысымын эстегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһ тез Эсептешүүчү

[5] Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-пакиза аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зынаа кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,! анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот

[6] О,ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор -жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялыңары сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллаһ силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт

[7] Аллаһтын силерге берген нээматтарын жана “уктук, моюн сундук” деген мезгилиңердеги Аны менен убадалашкан убадаңарды эстегиле.! Аллаһтан корккула! Албетте, Аллаһ жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү

[8] О, ыйман келтиргендер! Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз жана адилет туруп күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлап койбосун! Адилет кылгыла! Ал такыбаага жакын. Аллаһтан корккула! Албетте, Аллаһ силердин ишиңерден Кабардар

[9] Ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандарга Аллаһ кечирим жана улуу сооп-сыйлык болушун убада кылды

[10] Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар Тозоктун гана элдери

[11] О,момундар! Аллаһтын силерге берген нээматын эстегиле: бир мезгилде, (душман болгон) коом кол салганда, Аллаһ алардын колун силерден тыйган эле. Аллаһтан корккула жана момун адамдар Аллаһка гана тобокел кылышсын

[12] Аллаһ Исрайил урпактарынан бекем ант-убаданы алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парыздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллаһ айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллаһка жакшы карыз (садака) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган Бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр

[13] Ант-убадаларын аткарбагандары себептүү (кийин) Биз аларга каргыш жаадырдык, жүрөктөрүн катырып салдык. Алар (Ыйык Китептеги) сөздү өз ордунан (башка маанидеги сөзгө) алмаштырып жиберишти. Жана алар өздөрүнө эскертилген нерседен (Тоораттан) бир (нече) эсесин унутушту. Жана да сен (о, Мухаммад), алардын бардыгын кыянаттын үстүндө табасың. Бир аз гана бөлүктөрү андай эмес. Сен алардыңн(н каталарын) кечирип кой. Аллаһ эхсан (жакшы амал) кылуучуларды сүйөт

[14] “Биз — насаараларбыз”! деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп жиберишти! Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душманчылык жана жек көрүүнү салып койдук. Аллаһ аларга жакында жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат)

[15] О, китеп элдери! Мына, силерге Биздин пайгамбарыбыз (Мухаммад) силер Китептен (Тоорат менен Инжилден) жашырып койгон көп нерселерди силерге баян кылып жана (башка) көп нерселерди(н сырын) ачпай, жөн койгон абалда келди. Силерге Аллаһтан Нур (Мухаммад) жана анык Китеп (Кураан) келди

[16] Аллаһ ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазычылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) саламатта болуу жолдоруна баштайт. Жана аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыктарынан (Исламдык) Нурга чыгарып, Туура Жолго баштайт

[17] “Аллаһ — бул Марямдын уулу Ыйса”-деген адамдар каапыр болушту. Айтчы: эгер Аллаһ Марямдын уулу Ыйсаны, анын апасын жана жер жүзүнүн бардык адамдарын жок кылууну кааласа, Аллаһ тарабынан (келген бул балээнин) бир гана нерсесин кайтарууга кимдин кудурети жетмек?! Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыгы (жалгыз) Аллаһка таандык. Аллаһ Өзү каалагандай жаратат. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү

[18] Яхудийлер менен христиандар: “Биз Аллаһтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз” - дешти. Айткын: “Анда эмне үчүн Аллаһ силерди күнөөңөр үчүн азаптайт?” Жок, силер деле Аллаһ жараткан (жөнөкөй эле) инсансыңар. Ал Өзү каалаган пендесинин (күнөөлөрүн) кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллаһка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар

[19] О, китеп ээлери! Мына, (мурунку) пайгамбарлардан кийин бир нече замандар өтүп, (силер пайгамбарга өтө муктаж бир мезгилде) силерге Биздин пайгамбарыбыз (Мухаммад) келди. (Келишинин себеби) силер (Кыяматта) “Бизге не бир Бейиш кабарчысы, не бир Тозок кабарчысы келген эмес” деп айта албасыңар үчүн. Силерге Бейиш-Тозоктон кабар берүүчү (пайгамбар) анык келди. (Аны уккула). Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[20] Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “О, коомум! Аллаһтын силерге берген нээматтарын эстегиле! Бир кездерде Аллаһ силердин араңардан пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламдардан эч кимге бербеген нээматтарды берди

[21] О, коомум! Аллаһ силерге (кирүүнү) парыз кылган (мына бул) Ыйык Жерге киргиле жана (коркоктук кылып) артыңарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыңар»

[22] Алар айтышты: “О, Муса”, анда бакубат, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”

[23] (Ошондо) Аллаһтан корко турган, Аллаһ аларга (сабырдуулукту, эр жүрөктүүлүктү) нээмат кылып берген эки адам айтты: “Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаңар, силер жеңүүчү болосуңар. Жана эгер момун болсоңор, Аллаһка гана тобокел кылгыла”

[24] Айтышты: «О, Муса, алар (бакубат адамдар) шаар ичинде турса, биз эч качан кирбейбиз! Барабер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде гана отурабыз!»

[25] (Муса) айтты: «О, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганым(Харун) дан бөлөк эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып, (аларды кылмышына жараша) жазала!»

[26] Аллаһ (пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, мындай) деди: «Эми, аларга (бул шаарга кирүү) арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып-тентип жүрүшөт! Сен бул бузулган коом үчүн бушайман болбо!»

[27] Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллаһты ыраазы кылуу үчүн, кол астындагы нерселеринен) курмандык атап, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбогон бала) айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!”.! (Экинчиси) айтты: «Аллаһ такыба кишилердин гана курмандыгын кабыл алат

[28] Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Албетте, мен Ааламдардын Раббисинен коркомун

[29] Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, (Акыретте) тозок “ээлеринен” болуп калышыңды мен каалаймын. Заалымдардын жазасы - ушул!»

[30] Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды

[31] Аллаһ ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Заалым баланын көз алдында эки карга тытышып, бири өлүп калат. Өлтүргөн карга дароо тырмагы менен жер чукуп, шеригин көмөт. Ошондо) ал: «О, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?” - деп бушайман кылуучулардан болду

[32] Ушул (окуя) себептүү, Биз Исрайил урпактарына (төмөндөгүчө өкүмдү) парыз кылдык: «Кимде-ким (шарият буюрган) өчү болбогон же болбосо, жер бетинде бузукулук кылбаган (бейкүнөө) жанды өлтүрсө, дүйнөдөгү бардык адамдарды өлтүргөн сыяктуу (күнөөлүү) болот. Ал эми, кимде-ким бир жанга (аны өлтүрбөй коюу менен) жашоо берсе, бардык адамдарга жашоо берген сыяктуу (соопко ээ) болот. Аларга (Исрайил урпактарына) Биздин пайгамбарларыбыз (эч ким каяша айта албай турган) далилдерди алып келди. Мына ушундан кийин деле, алардан көпчүлүгү жер жүзүндө аша чаап, чектен чыгып жатышат

[33] Чынында, Аллаһка жана пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы — өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болушу үчүн) жана Акыретте аларга улуу азап бар

[34] Ал эми, колго түшкөнгө чейин, өздөрү тооба кылып келишсе, билип койгула, Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу.”

[35] О,ыйман келтиргендер! Аллаһтан корккула, Ага жакын болуунун жолдорун издегиле жана Анын жолунда жихад кылгыла. (Ошондо гана) силер жеңишке жетсеңер ажеп эмес

[36] Каапыр адамдар, жер жүзүндө болгон мүлктүн бардыгы, дагы ошончо кошумчасы менен алардын менчиги болуп, жана ошол мүлктөрүн Кыямат Күндүн азабынан кутулуу үчүн беришсе да, алардан кабыл алынбайт. Алар үчүн жан сыздаткан азап бар

[37] Алар (дүйнө-мүлк берип) Тозоктон чыгууну каалашат. Бирок, андан чыга алышпайт. Жана аларга түбөлүк азап бар

[38] Уурулук кылган эркек жана аялды, кылмышына жараша Аллаһ тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллаһ - Жеңүүчү, Даанышман

[39] Ал эми, ким заалымдыгынан (уурулугунан) кийин тооба кылып, (өзүн) оңдосо, Аллаһ анын тообасын кабыл алат. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу

[40] (О, Мухаммад!) Сен асмандар жана жерде болгондун баары Аллаһтын мүлкү экенин, Аллаһ каалаганын азаптап, каалаганына кечирим беришин билбедиңби?! Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү

[41] О, Пайгамбар! Ооздору менен “ыйман келтирдик” деп, жүрөктөрү ыйман келтирбеген мунафыктардан жана яхудийлерден болгон каапырчылык тарапка чуркап бараткандар сени кайгыга салбасын. Алар жалганды жана (бүт иш-аракети жалганга негизделген) башка коомду (яхудийлердин диний башчыларын) угушат. Алар (динбашчылар) болсо, сенин алдыңа келбейт, (элдерди адаштыруу үчүн Тоораттагы) сөздөрдү өз ордунан башкасына алмаштырышат. (Жана өздөрүнө кеңеш сурап келгендерге) “Эгер (силерге Мухаммад тарабынан өз каалооңорго ылайык келген) мына бул өкүм берилсе - алгыла. Ал эми, андай өкүм берилбесе -албагыла” дешет. Аллаһ кимдин бузулуусун кааласа, сен анын пайдасына Аллаһ тарабынан эч нерсеге ээ эмессиң. Алар — Аллаһ жүрөктөрүн тазалоону каалабаган адамдар. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик жана Акыретте чоң азап бар

[42] Алар жалганга кулак салуучулар, арамды сугунуучулар. Эгер алар сага (өкүм сурап) келсе, кааласаң - өкүм кыл, кааласаң - жүз бур. Эгер жүз үйрүсөң да, сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер өкүм кылчу болсоң, алардын арасында (ким болушуна карабай) адилеттик менен өкүм кыл. Чынында, Аллаһ адилеттүүлөрдү сүйөт

[43] Алар эмне үчүн сенден өкүм сурап жатышат?! Алардын алдында Тоорат бар го! Анда Аллаһтын өкүмдөрү бар эле го?! ! Кийин... ушундан кийин деле, тескери карап (өкүмдү аткарбай) кетишет. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес

[44] Биз (Муса пайгамбарга) ичинде Нур жана Туура Жол болгон Тооратты түшүрдүк. Аны менен яхудийлерге, Аллаһка моюн сунган пайгамбарлар, раббанийлер (элдерди Шарият боюнча тарбиялагандар) жана чоң аалым-уламалар өкүм кылышты. Себеби, Аллаһтын китеби аларга аманат коюлган жана алар ал Китепке күбө болуучулар эле. (О, диний жетекчилер!) Адамдардан коркпогула! Менден гана корккула! Жана Менин аяттарымды аз гана баага сатып жибербегиле! Кимде-ким Аллаһ түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса... алар анык каапырлар

[45] Жана Биз аларга (яхудийлерге) анда (Тооратта): “Жанга-жан, көзгө-көз, мурунга-мурун, кулакка-кулак, тишке-тиш жана (башка) жарааттарга өч (алынат)” деп жазып койдук.! Ал эми, кимде-ким өчүн (албай) кечирип жиберсе, бул (жакшылыгы) ал (кылмышкер) үчүн толук актоо болот. Жана кимде-ким Аллаһ түшүргөн (ушул) нерселер менен өкүм кылбаса... ошолор гана анык заалымдар

[46] Биз алардын (өткөн пайгамбарлардын) изинен, өзүнөн алдыңкы нерсени (Тооратты) тастыктаган Марямдын уулу Ыйсаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу, такыбаа кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик

[47] Эми, Инжил эли анын ичиндеги Аллаһ түшүргөн нерселер менен өкүм кылышсын! Кимде-ким Аллаһ түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык бузукулар

[48] (О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н бардык абзелдиктерин) ичине камтыган китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллаһ түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин бардыгыңар үчүн өз алдынча шарияттар жана жол-жоруктар кылдык.! Эгер Аллаһ кааласа, бардыгыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парыздарда) силерди сынаш үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен жарышып жасагыла. Бардыгыңардын кайтууңар — Аллаһка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (амалыңардагы) өзгөчөлөнгөн нерсеңердин кабарын берет

[49] Алардын (яхудийлердин) арасында Аллаһ түшүргөн нерсе (Кураан, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Аллаһ сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен сени (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллаһ аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Чынында, адамдардан көпчүлүгү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар

[50] Алар (сенин өкүмүңө ыразы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн ким Аллаһтан жакшыраак өкүм түзүп бере алат

[51] О, ыйман келтиргендер! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал -ошолордон! Албетте, Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт

[52] Анан сен (о, Мухаммад), жүрөгүндө (мунафыктык) оорусу бар адамдардын, алар (яхудийлер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллаһ жеңишти же болбосо, Өзү тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүү мунафыктар) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат

[53] Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарынан кыжырданышып): “Кайра-кайра ант ичип: “Биз силер мененбиз”-дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты

[54] О, момундар! Силердин араңардан кимде-ким өз дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллаһ аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган,! ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллаһтын жолунда (мал-жандарын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын ушактарынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул — Аллаһтын пазилети, аны каалаган пенделерине берет. Аллаһ (эхсан-жакшылыкта) Кенен жана Билүүчү

[55] (О, момундар!) Силердин досуңар - Аллаһ, Анын пайгамбары жана ыйман келтирген адамдар. Алар моюн сунган абалда намазды толук аткарышат жана зекетти беришет

[56] Жана ким Аллаһты, анын пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллаһтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллаһтын жамааты гана жеңиүүчү

[57] О,момундар! Силердин диниңерди шылдың кылып алган каапырлар менен силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер момун болсоңор, Аллаһтан корккула

[58] Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да келеке кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү

[59] Айткын: “О, китеп элдери! Бизди болгону, Аллаһка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби

[60] Айткын: “Силерге Аллаһтын алдында мындан да жаманыраак жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллаһ каргыш жаадыргандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана таагутка (Аллаһтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана Туура Жолдон эң көп адашкандар

[61] Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, Чынында, алар (алдыңарга) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллаһ алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү

[62] Жана сен алардан (яхудийлерден) көпчүлүгүн күнөөгө, зулумга жана арамдан жегенге биринен бири өтүп чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман

[63] Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арам жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман

[64] Яхудийлер “Аллаһтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Жана сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргыш-наалатка калышты. Андай эмес, Анын эки колу тең ачык жана Өзү каалагандай жакшылык кылат. (О, Мухаммад!) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Кураан, ага ишенишпегени себептүү) алардан көпчүлүгүнүн күнөөлөрүн жана каапырчылыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душманчылык жана жек көрүүнү түшүрдүк. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллаһ өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллаһ бузукуларды сүйбөйт

[65] Эгер китеп элдери (Аллаһка, периштелерине, бардык китептерине, бардык пайгамбарларына, акыретке жана тагдырга) ыйман келтирип, такыба болушса, Биз алардын (өткөндөгү) күнөөлөрүн кечирип, сөзсүз “Наим” (деп аталган) Бейиштерге киргизебиз

[66] Эгер алар Тоораттын, Инжилдин жана Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерселердин өкүмдөрүн толук аткарганда, үстүлөрүнөн (асмандан) жана астыларынан (жерден) ырыскыларды (мол) жешет болчу.! Алардын арасында (Тоорат, Инжил өкүмдөрүнө) ылайык жашагандары да бар. Бирок, көпчүлүгү өтө жаман иштерди жасашат

[67] О, Пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллаһтын элчилигин жеткирбеген болосуң! (Элчиликти жеткирүүдө эч кимден коркпо). Сени адамдардан Аллаһтын Өзү сактайт. Албетте, Аллаһ каапыр коомду Туура Жолго баштабайт

[68] Айткын: “Эй, китеп элдери! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Кураан) алардан көпчүлүгүнүн күнөө-каапырчылыгын көбөйтүшү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо

[69] Чынында, момун-мусулмандар, яхудийлер, сабиьилер! жана христиандардан кимде-ким Аллаһка, Акыретке ыйман келтирип, салих (жакшы) амалдарды жасаган болсо, аларга коркунуч да жок, кайгы-капага да батышпайт

[70] Биз Исрайил урпактарынан ант-убадасын алып, пайгамбарларды жибердик. Ар качан аларга бир пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” дешип, кээ бирөөлөрүн өлтүрүп жиберишти

[71] Жана “Бизге фитна (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллаһ алардын тообаларын кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур-дүлөй болуп алышты. Аллаһ алардын кылмыштарын көрүүчү

[72] “Аллаһ — бул Марямдын уулу Ыйса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Ыйса-Масих аларга: “О, Исрайил урпактары! Менин жана силердин Раббиңер болгон Аллаһка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллаһка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллаһ ага Бейишти арам кылат жана жайы Тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы (аларды тозоктон куткаруучу) болбойт

[73] “Аллаһ — үчөөнүн үчүнчүсү”! дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллаһтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, алардын арасынан каапыр болгондорун жан ооруткан азап кармайт

[74] Аллаһка тооба кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллаһ - Кечиримдүү, Ырайымдуу

[75] Марямдын уулу Ыйса болгону, бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (айкын илимдүү, таза ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн. Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллаһ жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун

[76] Айткын: “(О, христиандар!) Силер Аллаһтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллаһ Угуучу, Билүүчү!»

[77] Айткын: “О, китеп элдери! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен коомдун каалоолоруна ээрчип кетпегиле

[78] Исрайил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Ыйсалардын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандарыы себептүү болду

[79] (Дагы) алар жасап жаткан күнөө иштерден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман жорук

[80] Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган нерсе - Аллаһтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Жана алар азапта түбөлүк калышат

[81] Эгер алар Аллаһка, пайгамбарга жана пайгамбарга (Аллаһ тарабынан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар

[82] (О, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардын эң катуу душман болгону - яхудийлер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендерди болсо, момундар үчүн жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудийлер сыяктуу орой болбогон) дин аалымдары жана кечилдери бар. Жана алар текеберленишпейт

[83] Алар пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Кураанды) уккан кезде, өздөрүнө тааныш болгон акыйкат(ты угушканы) себептүү, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. (Анан алар): “О, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллаһтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой

[84] Бизге эмне болгон экен, Аллаһка (туура) ыйман келтирбей жана бизге келген акыйкатка ишенбей туруп эле, Раббибиз бизди жакшы коомдор (мусулмандар) менен бирге Бейишке киргизүүсүн үмүт кылып жүрүптүрбүз?!” - дешет

[85] Аллаһ аларды, (жүрөктөн) айткан сөздөрү (ыймандары) себептүү, астынан дарыялар аккан Бейиштер менен сыйлады. Алар анда түбөлүк калышат. Бул - жакшы амал кылуучу адамдардын сыйлыгы

[86] Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар — тозок ээлери

[87] О, ыйман келтиргендер! Аллаһ силерге адал кылган адал-таза нерселерди (өзүңөргө) арам кылып албагыла! Жана чектен чыкпагыла! Чынында, Аллаһ чектен чыккандарды жакшы көрбөйт

[88] Аллаһ силерге ырыс кылып берген адал-таза нерселерди (өзүңөргө арам кылып албай) жей бергиле. Өзүңөр ыйман келтирген Аллаһтан корккула

[89] Аллаһ силерди алаңгазарлык менен (ойлонбой) ичкен антыңар үчүн азаптабайт. А, бирок, жүрөгүңөргө бекем түйгөн антыңар үчүн (эгер аткарбасаңар) азаптайт. Эми анын (ант ичип, аткарбай койгондун) төлөмү үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойдуруу же кийинтүү же болбосо, бир кулду азат кылуу. Ким муну(н каражатын) таппай калса, үч күн орозо кармоо. Ушул - ичкен жана бузуп койгон антыңардын төлөмү. Бирок, антыңарды сактагыла! Шүгүр кылуучу (пенделерден) болушуңар үчүн Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баяндайт

[90] О, ыймандуу адамдар! Чынында, арак,! кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (пал ачуу таякчалары) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулсаңар ажеп эмес

[91] Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллаһты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы

[92] Жана (О, момундар) Аллаһка, пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнунда анык жеткирүүдөн башка вазыйпа жок

[93] Ыйман келтирип, салих амалдарды кылып жүргөн адамдар үчүн-эгер такыба, ыймандуу, жакшы амал кылган киши болсо -мурун (арактын) даамын сызып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыба, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллаһ жакшы иш жасагандарды сүйөт

[94] О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһ эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билиш үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт.! Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар

[95] О, ыйман келтирген адамдар! Ихрамда турган абалыңарда аңчылык кылбагыла! Силерден кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек иретинде тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат.?* Же болбосо (экинчи жазасы) - мискин-кедейлерди тамактандыруу

[96] Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) даам-тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды. Силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамдагы кезиңерде, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам кылынды. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллаһтан корккула

[97] Аллаһ Каабаны — Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллаһка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандыктардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллаһ асмандар жана жердеги нерселерди билишин билип коюуңар үчүн. Аллаһ ар бир нерсени Билүүчү

[98] Билип койгула, Аллаһ — катуу азап берүүчү жана Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү

[99] Пайгамбардын вазыйпасы (динди) жеткирүү гана. Ал эми, жашыруун жана ашкере кылган ишиңердин баарын Аллаһ билет (жана ошого жараша эсептешет)

[100] Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. О, акылмандар! Аллаһтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”

[101] О, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Кураан түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллаһ ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллаһ - Кечиримдүү, (пейили) Жумшак

[102] Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурашып, каапырларга айланып калышты

[103] Аллаһ “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди”? да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапырлар Аллаһтын атынан жалган айтышат. Жана алардын көпчүлүгү акылсыз адамдар

[104] Эгер аларга: “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана пайгамбар(айткан буйруктар)га келгиле” деп айтылчу босо, алар: “Ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок - ошол бизге жетиштүү” - дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбеген жана Туура Жол таппаган болсо да (ошенте беришеби)

[105] О, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөргө өзүңөр жооп бересиңер! Эгер Туура Жолго түшүп калган болсоңор, адашкандар силерге зыян жеткире албайт. Бардыгыңардын кайтууңар -Аллаһка. (Ошондо, Аллаһ) Силерге бардык ишиңердин кабарын берет

[106] О, момундар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адилеттүү адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхудий же христиандардан) экөөсү(күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетчү болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллаһ үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” -деп ант ичишет

[107] Эгер жанагы эки (дини башка) күбөнүн кыянат кылганына кандайдыр белги болуп калса, ал экөөсүнүн ордуна (өлүктүн) жакындарынан эки адам күбө болууга көбүрөөк акылуу. Алар дагы: “Биздин күбөлүгүбүз ал экөөсүнүн күбөлүгүнө караганда акыйкат. Биз (бул күбөлүгүбүздө) акыйкаттын чегинен чыкканыбыз жок. Эгер чыксак, анда заалымдардан болуп калабыз” -деп, Аллаһтын атына ант ичишет

[108] Ушул (кылганыңар) - туура күбөлүк берилишине же болбосо, ичкен анттарынан кийин, ал антты (өлүктүн жакындары) кабыл албай коюусунан коркууларына жакыныраак өкүм. Аллаһтан корккула жана угуп алгыла: Аллаһ моюн сунбаган - фасык (бузук) адамдарды Туура Жолго баштабайт

[109] (Кыямат) Күндө Аллаһ пайгамбарларды чогултуп: “(Даават кылган элиңер тарабынан) эмне жооп алдыңар?” - деп сурайт. Алар: “(О, Рабби!) Билбейбиз. Албетте, кайып нерселерди Өзүн гана Билүүчүсүң” - дешет

[110] (О, Мухаммад!) Эстегин, Аллаһ айтты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Менин сага жана апаңа берген нээматымды эстегин. Анткени, Мен сени Ыйык Рух (Жебирейил периште) менен кубаттаганымда, адамдарга бешикте (апаңды актап) жана чоңойгонуңда (элдерди Аллаһтын Жолуна даават кылып) сүйлөгөнсүң. Эстегин, бир кезде, Мен сага Китепти, Хикматты (Шарият сырларын), Тооратты жана Инжилди үйрөттүм. Дагы бир кезде: Менин уруксатым менен, ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөнүңдө, ал (жандуу) куш болуп калды. Менин уруксатым менен сокурларды, пес (ала) оорулуларды айыктыргансың. Менин уруксатым менен өлүктөрдү (тирилтип, мүрзөлөрүнөн) чыгаргансың жана Мен сени Исрайил урпактары (яхудийлер) коомунан сактадым. Сен аларга (ушунча) моожизаларды алып келсең да, алардын арасынан каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкырдан башка нерсе эмес” -дешкен

[111] Биз (сага) шакирт болгондордун жүрөгүнө: “Мага ыйман келтиргиле, пайгамбарыма ишенгиле!” - деп илхам салганыбызда, алар: (О, Рабби!) Биз ыйман келтирдик” Өзүң күбө бол: Биз - мусулмандарбыз!” -дешкен

[112] Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) бир дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Ыйса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллаһтан корккула,!”

[113] Алар айтышты: “Биз (шек келтиргенибиз жок, болгону) андан жеп, жүрөктөрүбүз канааттансын дедик жана сен бизге туура сүйлөгөнүңдү билип, ага (дасторконго) күбө болууну гана кааладык”

[114] Марямдын уулу Ыйса айтты: “О, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүрө көр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир моожиза болуп калаар! Жана бизге ырыскы бергейсиң! Өзүң эң жакшы ырыс берүүчүсүң!”

[115] Аллаһ айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимге бербеген азап менен азаптаймын

[116] Жана бир кезде Аллаһ айтты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Сен адамдарга: “Аллаһты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Ыйса) айтты: “О, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдө болгонду билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң

[117] Мен аларга Өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллаһка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганыңда! аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң

[118] Эгер аларды азапка салсаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың!”

[119] Аллаһ айтты: «Ал (Кыямат) Күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Аларга, түбөлүк кала турган жана астынан дарыялар агып турган бейиштер бар! Аллаһ алардан, алар Аллаһтан ыраазы болушат. Бул -эң улуу жеңиш

[120] Асмандарда, Жерде жана экөөсүнүн арасында болгондун баары Аллаһтын мүлкү! Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!»

Анаам

Surah 6

[1] Асмандарды жана Жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллаһка мактоолор!? Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат

[2] Ал (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Жана Анын (Аллаһтын) алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыя-маттан) шектенип жатасыңар

[3] Ал, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллаһ. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат

[4] Аларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээр замат(аны угуп, пикир кылып көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти

[5] Алар өздөрүнө келген кезде акыйкатты! жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет

[6] Алар көрүшпөйбү: Биз алардан мурда нечендеген (каапыр) муундарды жок кылганбыз. (О, каапырлар!) Биз силерге бер-беген жердеги мекендерден аларга берген элек, (үстүнөн) жамгырды берекелүү жаадырган жана астынан дарыяларды агызып койгон элек. Анан Биз аларды күнөөлөрү себептүү (ар кандай апааттар менен) кыйратып, артынан башка муунду алып келдик

[7] (О, Мухаммад!) Эгер Биз сага кагаздан бир китепти (жазылуу бойдон) түшүрсөк жана аны өз колдору менен кармап көрүшсө да, каапыр болгон адамдар: “Бул -анык сыйкырдан башка эмес” — деп айтышмак

[8] Жана алар: “Ага (Мухаммадга жардам берүүчү) бир периште түшсө болбойт беле?” - дешет. Эгер биз периште түшүрчү болсок (жана алар аны өз көздөрү менен көргөндөн кийин деле ишенишпесе) анда, ошол замат иш бүтүрүлмөк. Аларга мөөнөт берилмек эмес

[9] Эгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейипинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз

[10] (О, Мухаммад! Алардын шылдыңдоосунан чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн

[11] Айт (О, Мухаммад: “Эгер ишенбесеңер) жер бетин кезип, (пайгамбарларды) “жалганчы” — деген адамдардын акыбети (акыркы тагдыры) эмне менен бүткөнүн көрүп койгула!”

[12] Айт: “Асмандардагы жана жердеги нерселер кимдики?” Айткын: “Аллаһка таандык!” Аллаһ Өзүнө Мээримдүүлүк - ырайымды жазып койгон. Аллаһ силерди анда шек жок Кыямат Күнүнө чогултат. (Оңолбой) өздөрүнө зыян кылгандар... Алар ыйман келтиришпейт

[13] Күндүзү жана түнү жашагандардын баары Аллаһтын мүлкү. Ал (бардык добушту) Угуучу, (бардык кылмышты) Билүүчү

[14] Айткын: “Аллаһтан башканы жардамчы кылмак белем?! Ал асмандар жана Жердин Жаратуучусу. Ал Өзү тамакка муктаж болбой, (бардык жан-жаныбарды) тамактандырат”. Айткын: “Мен (Аллаһтын жалгыз Өзүнө) моюн сунгандардын эң алдыңкысы болууга буюрулдум” (Жана мага) “Эч качан мушриктерден болбогун!” (деп айтылды)

[15] Айткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”

[16] Ошол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллаһ ырайым кылыптыр. Жана бул — анык жеңиш

[17] Эгерде Аллаһ сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү

[18] Жана Ал пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү. Жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар

[19] Айткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллаһ! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага мына бул Кураан вахий (илахий кабар) түрүндө берилди, силерди жана ал жетип барган баардык адамдарды эскертишим үчүн». (О, илахий кабардан жүз бургандар!) Силер: “Аллаһ менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүк бербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”

[20] Биз китеп берген адамдар (өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилгени себептүү) аны (Мухаммадды) өздөрүнүн перзенттерин тааныгандай таанышат. Алар өздөрүнө зыян кылышты. Эми алар ыйманга келишпейт

[21] Эч ким (“Аллаһтын баласы же шериги бар” деп) Аллаһка жалаа жапкан жана Анын аяттарын жалганга чыгарган адамдан заалымыраак эмес! Албетте, (андай) заалымдар (тозоктон) кутулбайт

[22] Жана Биз ошол (Кыямат) Күндө алардын баардыгын чогултуп, мушриктерге: “(Аллаһтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” -дейбиз

[23] Кийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллаһка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот

[24] Карачы, өздөрүнө да кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын

[25] Алардан (мушриктерден) кээ бирөөлөрү (Кураан окуганыңда) сени (карөзгөйлүк менен) угушат. Бирок, Биз алардын жүрөктөрүнө - Кураанды түшүнбөсүн үчүн - парда каптап, кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгер алар бардык моожизаларды көрсө да ишенишпейт. Жадагалса, сенин алдыңа талашып-тартышып келишкен кезде, каапырлар: “Бул (Кураан) абалкылардын жомокторунан башка нерсе эмес” - дешет

[26] Жана алар андан (башкаларды да) кайтарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул иштери менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат

[27] (О, Мухаммад!) Аларды Тозоктун үстүнө (тике) тургузуп коюлганда (бушайман болушуп): “Атаганат, кана эми, (дүйнөгө) кайтарылсак, Раббибиздин аяттарын жалган дебей, момундардан болуп жашасак?!”-дегендерин бир көрсөң эле

[28] Андай эмес! Аларга мурун ичине каткан нерселери айкын болуп калган(дан улам ушинтип жатышат). Эгер (дүйнөгө) кайтарылса деле, тайманбастан (Шариятта) кайтарылган (арам) иштерге кайтышмак. Анткени, алар - анык жалганчылар

[29] Жана алар: “Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Биз кайрадан тирилбейбиз” -дешти

[30] Эгер сен аларды Раббисинин алдына тургузулуп (Аллаһ): “Бул (кайра тирилүү) чындык эмес бекен?!”-деп сураганда, алардын: “Ооба, йа, Рабби! Чындык экен” -дегендерин жана (Аллаһ аларга): “Каапыр болгонуңар себептүү, эми азаптын даамын таткыла!” -дегенин бир көрсөң эле

[31] Аллаһка жолугууну “жалган” деген адамдар зыян тартышты! (Анткени,) Качан аларга (Кыямат) капысынан келип калганда, күнөөлөрүн жонуна көтөргөн абалдарында: “О-о-о!!! Дүйнө жашоосун (пайдасыз) өткөрүп жибергенибиз үчүн бизге кайгы!!! деп калышты. Алардын көтөргөн күнөөлөрү кандай жаман

[32] Дүйнө жашоосу (тез өтүп кетүүчү) оюн-тамашадан башка эч нерсе эмес. Такыба кишилер үчүн Акырет жашоосу жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби

[33] (О, Мухаммад!) Алардын сөздөрү сени капа кылганын көрүп турабыз. Алар сени гана “жалганчы” дешкен жок. Бирок заалымдар Аллаһтын аяттарын дагы четке кагып жатышат

[34] Сенден мурунку пайгамбарларга деле “жалганчы” деген жалаа жабылган. Жана алар бул жалааларга, заалымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Аллаһтын (Кураандагы) сөздөрүн эч ким башкасына алмаштыра албайт. Жана сага абалкы пайгамбарлардын кабары келди го

[35] Эгер алардын (акыйкаттан) бурулуп кетүүсү сага оор болсо, (аларды ээрчитип алууга ушунчалык кызыксаң) эгер колуңан келсе, жерге (түшчү) жарака, асманга (чыкчу) шаты издеп, аларга (ишендире турган) бир моожиза таап бер! Эгер Аллаһ кааласа, Өзү аларды Туура Жолго чогултуп алмак! (Сабырсыз) наадандардан болбогун

[36] (О, Мухаммад, дааватыңа) уга турган адамдар гана жооп беришет. Ал эми, (жүрөгү) өлүктөр болсо, (бул дүйнөдө динди кабыл албайт) Аллаһ аларды кайра тирилтет. Анан Өзүнө кайтарылышат

[37] Жана (мушриктер): “Ага (Мухаммадга) Раббисинен бир далил-моожиза түшсө экен” - дешет. Айткын: “Аллаһ (силер тилегендей) далилди түшүрүүгө да Кудуреттүү”. Бирок, алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт

[38] Жерде жүргөн - сойлогондун жана эки канаты менен асманда учкандын баары силер сыяктуу эле үммөт. Биз Китепте! эч нерсени(н тагдырын жазбастан) калтырып койгон эмеспиз. Кийин (адамдардын бардыгы) Раббисине чогултулат

[39] Биздин аяттарыбызды жалган дегендер (наадандык) караңгылыгында калган сокурлар жана дүлөйлөр. (Алар акыйкатты көрө да, уга да алышпайт) Аллаһ Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаган пендесин Туура Жолго салат

[40] (Мушриктерге) Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, эгер силерге Аллаһтын азабы же Кыямат келип калса, Аллаһтан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”

[41] Жок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерсени (азапты) арылтат. Ал эми, Аллаһка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп койосуңар

[42] Биз (о, Мухаммад!) сенден мурунку элдерге да пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тооба-топук кылуулары үчүн балээ - зыяндар менен кармадык

[43] Аларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тооба кылышса кана! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн

[44] Анан, өздөрүнө эскертилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук! Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты

[45] Мына ушинтип, заалым адамдардын “куйругу кесилди” (тукум курут кылынды). Ааламдардын Раббиси - Аллаһка мактоолор болсун

[46] Айт (о, Мухаммад): “Кандай дейсиңер, эгер Аллаһ силердин көзүңөрдү, кулагыңарды алып (сокур-дүлөй кылып) жана жүрөгүңөргө мөөр басып койсо, аларды Аллаһтан башка кайсы “кудай” кайтарып бере алат?!” Биз далилдерди кандай тизмектеп келтиргенибизди жана (ушуга да көзү ачылбай) кийин бурулуп кетишкенин көрүп ал

[47] Айткын: “(О, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллаһтын азабы капыстан (сездирбей) же ачыкчасына келсе, заалым (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”

[48] Биз пайгамбарларды (Бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, салих (жакшы) иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок

[49] Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат

[50] Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллаһтын казналары бар” дебеймин.! Дагы мен кайыпты да билбеймин. Жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”

[51] Сен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды ал (Кураан) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, күнөөсүн өчүрүүчү да жок. Кана эми, такыбаалуу болушса

[52] Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн каалап дуба кылган (такыба) кишилерди (алдыңдан) айдабагын! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңен аларга эч нерсе жок. Аларды айдап, заалым адамдардан болбогун

[53] “Биздин арабыздан Аллаһ нээмат бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберлене) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллаһ көбүрөөк Билүүчү эмеспи

[54] Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Сиздерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, соңунан тооба келтирип, салих амал кылса, албетте, Ал (Аллаһ) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын

[55] Биз, кылмышкер адамдардын жолу айкын болушу (жана силер ал жолдон сак болушуңар) үчүн Өзүбүздүн аяттарды мына ушинтип толук баяндайбыз

[56] Айткын: “Мен, Аллаһтан башка силер жалбарып, дуба кыла тургандарга (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, Туура Жол тапкандардан болбой калам”

[57] Айткын: “(О, мушриктер), мен Раббим тарабынан берилген анык далилдердин үстүндөмүн. Силер болсо, аны “жалган” деп жатасыңар. Силер шаштырып жаткан нерсе (азап) менин алдымда эмес. Өкүм Аллаһтын Өзүнө гана тиешелүү. Ал акыйкатты ажырым кылат. Ал эң жакшы ажырым кылуучу

[58] Айткын: “Эгер силер шаштырган нерсе (азап) менде болгондо, мени менен силердин араңардагы “иш” эчак эле бүтмөк. Аллаһ заалым адамдарды Билүүчү

[59] Кайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллаһ) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо — аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар

[60] Ал түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин ал силерди күндүзү кайра тирилтет, белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болушу үчүн. Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн каабарын берет

[61] Ал пенделеринин үстүнөн Өкүмдар.! Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”? периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат

[62] Кийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары — Аллаһка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал эң эле тез эсептешүүчү

[63] (Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” деп айткын

[64] Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллаһ гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”

[65] Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”! (О, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой

[66] Сенин (Маккадагы) коомуң аны (Кураанды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Айткын: “Мен силерге кароолчу эмесмин

[67] Ар бир кабардын өз убактысы бар. Жана тез арада анын чындык экенин билип аласыңар

[68] Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин заалым коомдор менен отурба

[69] Такыба (Аллаһтан корккон) кишилердин мойнунда алардын (мушриктердин) эсебинен эч нерсе жок. Бирок, акыл-насаат айтуу гана бар. Мүмкүн алар дагы такыба болуп калышаар

[70] Диндерин оюн-тамашага айлантып, дүйнө жашоосуна алданып калган адамдардан оолак бол! Жана аларга Кураан менен (төмөнкүлөрдү) эскерт: Ар бир жан өзүнүн гана кылган иши менен өлүмгө кабылат. (Ошондо) ага Аллаһтан башка эч бир дос, эч бир колдоочу болбойт жана (эгер күнөөсүнүн кечирилиши үчүн) ар кандай (баалуу) нерсени берсе да, анысы кабыл кылынбайт. Алар өз кылмыштары менен өлүмгө (тозокко) жолуктурулат. Аларга (тозокто) кайнак суу менен жан ооруткан азап бар, каапыр болгондору үчүн

[71] Айткын: (“О, мушриктер), биз (силерге окшоп) Аллаһтан башка, не пайда, не зыян жеткире албай турган нерселерге дуба кылат бекенбиз?! Жана да, жер бетиндеги, (бир жагынан) шайтандар азгырып, (экинчи жагынан) өзүнүн достору “кел” деп, Туура Жолго чакырып турганда (орто жолдо) эмне кылаарын билбей калган адам сыяктуу, Аллаһ Туура Жолго баштап койгон соң, дагы артыбызга кайтат бекенбиз?!” Айткын: “Туура Жол - бул Аллаһтын жолу. Жана биз ааламдардын Раббисине моюн сунууга буюрулдук”

[72] (Дагы биз) “Намазды толук окугула жана Аллаһтан такыбаа кылгыла” (деп буюрулганбыз). Ал — баарыңар чогулуп бара турган Кудай

[73] Жана Ал - асмандар менен жерди акыйкат менен жараткан Кудай. Ал “бол!” деген күндө болуп (жаралып) калат. Анын Сөзү - чындык! «Сур» (деген чоор) тартылган күнү бүт падышалык Ага гана таандык болот. Ал көрүнгөндү да көмүскөнү да Билүүчү! Жана Ал — Даанышман, Кабардар

[74] Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайда же зыян бере албаган) таштарды сыйынууга татыктуу кудайлар деп билесизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” -деди

[75] Ошентип, Биз Ибрахимге анык ишенүүчүлөрдөн болушу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көргөздүк

[76] Аны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз кайып болуп кеткенде “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди

[77] Анан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени Туура Жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди

[78] Андан соң, (нур чачып) чыккан Күндү көрүп, «Раббим — ушул! Ушул эң чоңу!» деди. Анан Күн дагы батып кеткенде: (Асман-Жер мүлктөрүнүн Кудай эместигине анык ишенип, жалгыз Рабби -Аллаһ экенинен шек санабай) “О, элим! Мен силер (Аллаһка) шерик кылып жаткан (бардык) нерселерден тазамын

[79] Мен адашуучулуктан акыйкатка көчкөн абалда, жүзүмдү асмандар жана жерди жараткан чыныгы Кудайга (Аллаһка) бурдум. Жана мен (эч качан) мушриктерден болбоймун” - деди

[80] Жана ага (каршы) өз эли каяша айта баштаганда, ал: “Мени менен Аллаһ жөнүндө тартышып жатасыңарбы?! Ал мени Туура Жолго баштады! Мен силер (Аллаһка) шерик кылып жаткан “кудайыңардан” коркпоймун! (Алар эч кандай пайда-зыян келтире албайт) Бир гана, Раббим каалаган нерсе болот. Менин Раббим бардык нерсени Өз илими менен ороп алган. (Ушулар жөнүндө) ойлонсоңор болбойбу?!” - деди

[81] Силер (анын кудай экенине Аллайһ) эч бир далил түшүрбөгөн нерселерди Аллаһка шерик кылуудан коркпосоңор, мен кантип силер (Аллаһка) шерик кылган “кудайлардан” коркуп калайын?! Эгер билсеңер, айткалачы, кайсыл тарап бейпилдикке көбүрөөк акылуу (силерби же менби)

[82] (Жалгыз Раббиге) ыйман келтирип, ыймандарына зулум (ширк) аралаштырбаган адамдарга гана бейпилдик-тынчтык болот. Жана алар - Туура Жол тапкандар

[83] (Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер — ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрөбүз. Албетте, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү

[84] Жана Биз ага (Ибрахимге) Исхак менен (анын уулу) Яькубду! белек кылдык. Биз ал экөөнү тең Туура Жолго баштаганбыз. Жана биз (алардан) мурун Нухту Туура Жолго багыттадык. Дагы анын урпактарынан Даудду жана Сулайманды, Айюбду жана Юсуфту, Мусаны жана Харунду (Туура Жолго багыттаганбыз) Биз жакшылык кылуучу адамдарды мына ушинтип сыйлайбыз

[85] Жана Закария, Яхя, Ыйса, Илясты (дагы Туура Жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан

[86] Жана Ысмайыл, Аль-Ясаь, Юнус, Лутту да (Туура Жолго багыттадык). Жана бардыгын ааламдардан абзел кылдык

[87] Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, Туура Жолго баштадык

[88] Ушул - Аллаһтын Туура Жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ага жолдойт. Эгер алар Аллаһка шерик кошчу болсо, (ким болушуна карабай) жасаган бардык (жакшы) иштери күйүп кетет

[89] Ошолор — Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарчылыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз

[90] Ошолор (жогоруда саналгандар) Аллаһ Туура Жолго баштаган пайгамбарлар. (О, Мухаммад!) Сен ошолордун гана жолуна ээрчигин. (Коомуңа Аллаһтын сөздөрүн окуп берип:) “Мен бул үчүн силерден акы сурабаймын. Булар ааламдар үчүн насааттан башка нерсе эмес” дегин

[91] Алар (Макка мушриктери менен яхудийлер) Аллаһка туура баа бере албай, бир кезде: “Аллаһ адамзатка эч нерсе түшүргөн жок” - дешти. Айткын: “Муса адамдарга Туура Жол, Нур болушу үчүн алып келген, силер аны кагаздарга жазып алып, кээ бирөөлөрүн гана (элге) ашкере көргөзүп, көпчүлүк бөлүгүн жашырып койгон жана силер да, ата-бабаңар да билбеген нерселерди силерге үйрөткөн Китепти (Тооратты) ким түшүрдү эле?!” Айткын: “Аллаһ (түшүргөн)!” Кийин аларды адашуучулугунда тереңдеп, ойноп-күлгөн абалдарында таштап кой

[92] Биз сага түшүргөн бул Китеп Ыйык- берекеттүү. Өзүнөн мурунку китептерди тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Макка) менен анын тегерегинде! жашаган адамдарга насаат-эскертүү болуу үчүн (түшкөн). Акыретке ыйман келтирген адамдар, ага да ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убактысында окушат)

[93] Өзүнө эч кандай вахий келбесе деле, Аллаһ жөнүндө жалганды ойлоп таап: “Мага Аллаһтан вахий келди” жана “Мен деле Аллаһ түшүргөн сыяктуу Дин-Шарият түшүрө (түзө) аламын” деген адамдардан өткөн заалым барбы?! Сен ошол заалымдардын өлүм далбасасында жаткан мезгилдегисин жана периштелер аларга колун созуп (сабап-кыйнап): “Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллаһтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллаһтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар” дегенин бир көрсөң

[94] Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, өзүңөр жалгыз келдиңер го, Бизге! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, жардамчы ж.б.у.с.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллаһтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды деле көрбөй жатабыз?! Араңар үзүлдү! Жана силер (пайда деп) ойлогон нерсеңер жок болду

[95] Аллаһ данды да, данекти да жаруучу!! Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат!” (Ал) ушундай Аллаһ! Дагы (Өзүнө сыйынбай) кайда кетип баратасыңар

[96] (Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу. Жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул — Жеңүүчү Кудуретүү, Билүүчү Аллаһтын тагдыры

[97] Жана Ал жылдыздарды силер үчүн, аны менен деңиздер менен кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (мына ушинтип) толук баян кылдык

[98] Жана Ал силердин жаратылышыңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат).* Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык

[99] Жана Ал асмандан (адамдар, айбандар жана өсүмдүктөр зарыккан) сууну түшүрдү. Кийин Биз ал (суу) менен ар түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды (машактарды) чыгарабыз. (Ошондой эле) курмадан - анын муун-бутактарынан (терип алуучулар үчүн Аллаһтын кудурети менен) ийилген кошмок шиңгилдер (чыгарылат) Жана (Биз) жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (О, адамдар!) Силер алардан ар биринин түйгөн мөмөлөрүнө жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) далилдер бар

[100] (Мушриктер) Аллаһга жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллаһ жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллаһтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллаһ, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик

[101] (Ал) Асмандарды жана жерди жоктон бар кылган. Анын аялы жок болсо, баласы кайдан болсун?! Ал бардыгын Өзү жараткан жана Ал бардык нерселерди Билүүчү

[102] Ушул Аллаһ - силердин Раббиңер!! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Жана Ал бардык нерселердин Башкаруучусу

[103] Көздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт.” Ал (Аллаһ) Латиф? (жана) Кабардар

[104] (О, Мухаммад, адамдарга айт:) «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өз пайдасы. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө корукчу эмесмин.»

[105] Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Кураанды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү шекилде тизмектеп бердик

[106] Өзүңө Раббиң тарабынан вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчигин. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Жана сен мушриктерден жүз бур

[107] Эгер Аллаһ каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле.! Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң

[108] (О, момундар!) Аллаһтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллаһты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери — Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет

[109] (Мушриктер) эгер аларга бир моожиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллаһтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Моожизалар Аллаһтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, моожиза келсе да алар ыйман келтиришпейт

[110] (Аларга) биринчи ирет (сунушталганда) ыйманга келбегендери сыяктуу Биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып койобуз жана аларды адашуучулугунда тентиген абалда таштап койобуз

[111] Эгер биз аларга (пайгамбардын өзүнө жолуккан) периштелерди түшүрсөк да, эгер аларга (Мухаммад алып келген нерсенин чындыгын) өлүктөр (тирилип) айтып берсе да, (моожизанын) бардыгын аларга топ-тобу менен алып келсек да ыйман келтиришпейт. Аллаһ кааласа гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көпчүлүгү наадан адамдар

[112] Ошондой эле, Биз ар бир пайгамбарга адам-шайтан жана жин-шайтандардан душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бир-бирине (жалганга жуурулган) бал сөздөрдү шыбырашышат. Эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды токуган дооматтары менен (кошо) таштап сал

[113] Ал сөздөргө Акыретке ыйман келтирбеген адамдардын жүрөктөрү муюп, корстон болуп, билген (арам) иштерин жасап жүрө бериши үчүн

[114] (Айткын): «Аллаһтан башканы өкүмдар кылып алайынбы?! Ал силерге Китепти, (бардык адал-арамды) толук (баяндоочу) кылып түшүрдү». Биз Китеп берген элдер (яхудийлер менен христиандар) Кураандын Раббиң тарабынан Акыйкат менен түшүрүлгөнүн билишет. (Сен буга) шектенүүчүлөрдөн болбо

[115] Раббиңдин Сөздөрү бардык чындык — адилетти (баяндап) бүтүргөн. Анын Сөздөрүн өзгөртүүчү жок. Ал — Угуучу, Билүүчү

[116] Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллаһтын Жолунан адаштырып салышат. (Анткени,) Алар күмөнгө гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат

[117] Албетте, сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет. Жана Туура Жол тапкандарды да эң жакшы билет

[118] (О, момундар!) Эгер Аллаһтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллаһтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле

[119] Силерге эмне болду, Аллаһтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллаһ силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер — уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет

[120] Күнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла! (Кандай гана болбосун) күнөө иш жасаган адамдар өз кылмыштарына жараша жакында жазаларын алышат

[121] Аллаһтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал — анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер

[122] Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктардан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле?? Ушул сыяктуу, каапырларга жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган

[123] Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.”

[124] Эгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллаһтын пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллаһ Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллаһтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат

[125] Аллаһ кимди хидаятка (Туура Жолго) баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллаһ ыйман келтирбегендерге мына ушинтип жаза берет

[126] Мына ушул (жогоруда айтылгандар) Раббиңдин Туура Жолу. Биз (Аллаһты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик

[127] Ошол (Аллаһты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында Тынчтык үйү (Бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (Бейиште) алардын камкору Аллаһ

[128] Алардын бардыгын чогулта турган Күндө (Аллаһ) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар - тозок!-дейт (Аллаһ). Анда түбөлүк каласыңар! Аллаһ каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү

[129] Ошентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, заалымдарды бири-бирине дос-башчы кылып койобуз

[130] О, жиндер жана инсандардын (каапыр) жамааты! Силерге өзүңөрдүн араңардан (Биздин) элчилер келип, Менин аяттарымды окуп берип, ушул күнүңөрдөгү жолугушуу жөнүндө силерди эскертпеди беле?! Алар: “Өзүбүзгө каршы күбө болдук!” дешет. Аларды дүйнө жашоосу(нун арам кооздуктары) алдап койгон эле. Мына эми, өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбө болушту

[131] Мунун себеби: Сенин Раббиң эч бир шаарды, элдерин эскертпей туруп, адилетсиздик менен азапка дуушар кылбайт

[132] Ар бир адам үчүн өз иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес

[133] Жана сенин Раббиң Ырайымдуу, Беймуктаж. Эгер Аллаһ кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип койот

[134] Силерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет. Жана силер Аллаһты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар)

[135] Айт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллаһтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип аласыңар. Чынында, заалымдар жеңишке жетпейт

[136] (Мушриктер) Аллаһ жараткан эгиндерден жана мал-жандыктардан Аллаһка насип-үлүш ажыратышып, өз күмөндөрү боюнча: “Бул — Аллаһка, мунусу (Аллаһтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллаһка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллаһка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман

[137] Ошондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллаһ каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой

[138] Дагы алар (Аллаһка жалаа жаап): “Мына бул жандыктар менен эгиндер - арам. Аларды биз каалагандан башка адамдар жебейт. Жана (мына бул) жаныбарлардын үстү(нө жүк жүктөө жана минүү) -арам. Ал эми (мына бул) жаныбарларга (аларды мууздап жатканда) Аллаһтын атын айтууга болбойт” - дешти. (Бул сөздөрү) Аллаһка доомат! Аллаһ аларга жакында доомат кылгандарына жараша жаза берет

[139] Дагы алар: “Мына бул жаныбарлардын курсагындагы (баласы) эркектерибизге - адал, аялдарыбызга - арам. Эгер өлүк (туулган) болсо, анда аял-эркеги шерик болушат (экөө тең жей берет)” - дешти. Аллаһ аларды (Өзү адал кылганды “арам” деп, арам кылгандарын “адал” деп) сыпаттагандары үчүн жакын арада жазалайт. Ал Даанышман, Билүүчү

[140] Наадандык жана акмакчылык менен перзенттерин өлтүрүп, өздөрүнө Аллаһ ырыскы кылып берген нерселерди Аллаһка жалаа жабуу менен арамга чыгаргандар (өздөрүнө) зыян кылышты. Алар тап-такыр адашып кетишти жана Туура Жол табуучу болушпады

[141] Ал (силер үчүн, тирөөч-таканчыктарга) көтөрүлө турган жана көтөрүлбөй турган бактарды, курма жана ар түркүн мөмөлүү эгиндерди (бутак-жалбырагы) бири-бирине окшогон, (мөмөсү менен даамы) окшошпогон зайтун-анарларды өндүрдү. Мөмөлөгөн кезде андан жегиле жана түшүм жыйнаган күнү акысын (үшүр-зекетин) бергиле. Жана ысырап кылбагыла! Ал ысырапкерлерди сүйбөйт

[142] Жандыктардан жүк ташыгычтарын жана (мууздаш үчүн) жаткырыла тургандарын (жаратты). Аллаһ силерге ырыскы катары берген нерселерден жегиле. Шайтандын изинен ээрчип кетпегиле! Ал силерге анык душман

[143] (Малдан) сегиз эркек-ургаачыны (жаратты): койдон экөө, эчкиден экөө. Айткын: “(Аллаһ) эки эркегин арам кылдыбы же эки ургаачысынбы. Же болбосо эки ургаачынын (ургаачы кой менен ургаачы эчкинин) курсагындагы балдарынбы? Эгер чынчыл болсоңор, мага илим менен (түшүндүрүп) айткылачы

[144] Төөдөн экини (эркек-ургаачысын) жана уйдан экини (жаратты). Айткын: “(Аллаһ) эки эркегин арам кылды беле, же эки ургаачысынбы? Же болбосо, (бир төө, бир уйдан турган) эки ургаачынын жатынындагы нерсениби?! Же, Аллаһ силерге ушуну осуят кылганына күбө болдуңар беле?! Эч нерсени билбей туруп, адамдарды адаштыруу үчүн Аллаһтын атынан жалган айткан адамдан заалымыраак ким бар?! Албетте, Аллаһ заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт

[145] Айткын: «Мага (Аллаһ тарабынан) вахий кылынган нерселердин арасынан тамактануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун эти болсо - ал ыпылас, арам! Же фасыктык менен Аллаһтан башкага арнап союлган болсо (бу дагы арам).» Ал эми, ким (ошол арамдан башка жегилик таппай) аргасыздыктан, араанын агытпай, (өзөктү жалгаганга чейинки) чектен чыкпай (жесе), албетте, сенин Раббиң Кечиримдүү, Ырайымдуу

[146] Жана, биз яхудийлерге бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Жана чынында, биз -Акыйкатчылбыз

[147] Эгер сени (яхудийлер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула:) Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт

[148] Мушриктер сага: “Эгер Аллаһ каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.! Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (Пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар

[149] Айткын: “Айкын далилдер Аллаһтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды Туура Жолго салат

[150] Айткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллаһ ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат

[151] Айткын: “келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Кураандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллаһ (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллаһ) силерге буюрду»

[152] Жетимдердин малына алар эрезеге жеткенге чейин жакындабагыла! Жакшы (ниет жана) жолдор менен болсо мейли. Өлчөөнү жана таразаны адилеттүүлүк менен толуктагыла! Биз эч бир жанды кудуретинен ашыкча жумушка буюрбайбыз. Эгер сүйлөсөңөр (ал сөз өкүм болобу, же башкабы) тууган уругуңар болсо да (жан тартпай) адилеттүү болгула! Аллаһка (“моюн сунабыз” деп) берген убадаңарды аткаргыла! Ушулар силерге Аллаһтын буйруктары, (акыбетти) эске алышыңар) үчүн

[153] Бул - Менин Туура Жолум! Ушуга гана ээрчигиле! (Буга каршы келген башка) жолдорго ээрчибегиле, силерди Анын жолунан адаштырып койот! Такыба болоорсуңар деп, (Аллаһ) силерге ушуларды буюрду

[154] Жана (бир кездерде) Биз жакшылык кылгандарга (нээмат) кемчилдиксиз болушу, бардык нерселерге Баяндама болушу жана Ырайым-Туура Жол болушу үчүн Мусага китепти (Тооратты) бердик. Раббисине жолугууга ыйман келтиришсе ажеп эмес

[155] Биз сага бул Китепти (Кураанды) куттуу кылып түшүрдүк. Ушуга ээрчигиле жана (Аллаһтан) корккула! Ажеп эмес ырайымына арзып калсаңар

[156] Силер (о, мусулмандар!): “Бизден мурунку эки тайпага (яхудийлер менен христиандарга) китеп түшкөн. Биз болсо, алардын сабактарын билбейбиз” дебешиңер үчүн

[157] Же болбосо, “Эгер бизге да китеп түшчү болсо, сөзсүз аларга караганда Туура Жол табуучураак болмокпуз” деп айта албашыңар үчүн силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер, Туура Жол жана Ырайым (болгон Кураан) келди. Эми, Аллаһтын аяттарын “жалган” деп, андан баш тарткан адамдан заалымыраак ким бар?! Биз жакында аяттарыбыздан жүз бурган адамдарды баш тарткандыгы үчүн жаман азап менен азаптайбыз

[158] Алар эми эч нерсени күтүшпөйт. Бир гана өздөрүнө (өлүм) периштелери келишин, же Раббиңдин келишин же болбосо Раббиңдин кээ бир белгилери келишин күтүшөт. Раббиңдин кээ бир белгилери келген күндө, эч бир жанга ыйманы пайда бербейт, эгер мурда эле ыйман келтирбеген же ыйманында бир жакшылык кылбаган болсо. Айткын: “Силер да күткүлө, биз дагы күтүүчүбүз”

[159] (О, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (Алар дагы сенден эмес) Алардын иштери Аллаһка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет

[160] Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгынын барабарында (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт

[161] Айткын: “Чынында,„, Раббим мени Туура Жолго, Түз Динге — Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”

[162] Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси — Аллаһ үчүн

[163] Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”

[164] Айткын: “Аллаһтан башка Рабби издейт бекенмин?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт!! Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллаһка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет

[165] Ал силерди жер бетинде (бири-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сынаш үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллаһ). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Жана Ал чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу! Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаһтын ысымы менен

Аараф

Surah 7

[1] Алиф, Лам, Мим, Сод

[2] (О, Мухаммад! Бул Кураан) Аны менен (адамдарды) эскертишиң үчүн жана да момундарга сабак-эскертүү болушу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүңдө андан эч шектенүү болбосун

[3] (О, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар

[4] Биз нечендеген айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга бейкапар турушканда же сүйлөп (сергек) турган мезгилде келген

[5] Биздин азап келгенде алардын: “(Өзүбүзгө) зулум кылуучу болуп калдык” дегенден башка “доосу” калган жок

[6] Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарларды(н өзүн) да суракка тартабыз

[7] Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Жана Биз (эч бир мезгилде) жок эмес элек

[8] Ал (Кыямат) Күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилеттүү менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана Тозоктон кутулуучулар

[9] Алэми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар

[10] Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар

[11] Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду

[12] Ал (Аллаһ) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо (кайдагы бир) ылайдан жараткансың.»

[13] Ал (Аллаһ) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”

[14] (Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (Кыямат) Күнгө чейин (өлбөй жашоого) мага мөөнөт бер!”

[15] (Аллаһ) айтты: “Албетте, сен мөөнөт берилгендерденсиң»

[16] (Иблис) айтты: “Мени (Бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин Туура Жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын

[17] Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардан көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың

[18] (Аллаһ) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол!!! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, бардыгыңарды кошуп Тозокту толтурамын

[19] О, Адам! Сен жубайың (Хаваа) экөөңөр Бейиште жашагыла! Каалаганыңардан жегиле! Бирок, мына бул даракка! жакындашпагыла, (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар

[20] Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (Бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбашыңар үчүн гана бул дарактан кайтарды” — деди

[21] Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” — деп экөөнө ант иче баштады

[22] Азгыруу менен ал экөөнү (пакиза, жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн Бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” — дебедим беле?!”

[23] Экөө (бушайман болушуп): “О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” — дешти

[24] (Аллаһ) айтты: “Бири-бириңерге (адамзат шайтанга, шайтан адамзатка) душман болгон абалда (Бейиштен жерге) түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана (ажалыңар жеткен) мезгилге чейин пайдалануу бар

[25] (Аллаһ) айтты: “Ошол жерде жашайсыңар, ошол жерде өлөсүңөр жана (Кыямат болгондо) ошондон кайра чыгарыласыңар

[26] О, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк. Бирок, такыба кийими, Бул — жакшы!! Бул Аллаһтын (пазилетинин) белгилеринен. Кана эми, түшүнүп калышса

[27] О, Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеңерди Бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калышы үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук

[28] Алар бузук (шариятта арам болгон) бир ишти жасаса: “Биз ата-бабаларыбызды ушул иштин үстүндө тапканбыз жана бул ишке бизди Аллаһ буюрган” — дешет. Айткын: “Аллаһ бузук иштерге буюрбайт. Өзүңөр билбеген нерселерди Аллаһга төңкөп жатасыңарбы

[29] Айткын: “Менин Раббим (ибадатта жана мамилелерде) адилеттик — ортолукка буюрду. Ар бир сажда (ибадат) кылган жерде жүзүңөрдү (кыбылага) түздөгүлө. Динди Аллаһ үчүн калыс кылып (муктаждыкты Өзүнөн гана сурап) дуба кылгыла! Аллаһ силерди (биринчи ирет) жаратканы сыяктуу (экинчи жашоого) кайтасыңар

[30] (Силерден) Бир тайпаны Аллаһ Туура Жолго баштады. Дагы бир тайпага (өздөрүнүн жаман иштери себептүү) адашуучулук чыныгы өкүм болду. (Анткени,) Алар Аллаһты таштап шайтандарды дос-башчы кылып алышкан жана өздөрүн Туура Жол тапкандар деп ойлошкон

[31] О, Адам урпактары! Ар бир намаздын убактысында зыйнатыңарды кийгиле.! Жана (Аллаһ берген нээматтардан) жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чынында, Ал (Аллаһ) ысырапчыларды сүйбөйт

[32] Айткын: “Аллаһтын пенделерине арнап чыгарган зыйнаттарын жана адал-таза ырыскыларды ким арам кылды?! Айткын: “Алар дүйнө жашоосунда ыймандууларга арналган”. Кыямат Күндө (ал зыйнаттар) жалаң ыймандуулар үчүн. Биз билген адамдарга аяттарды ушундай анык баяндайбыз

[33] Айткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллаһка шерик кылып алууңарды жана Аллаһ жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам КЫЛДЫ)”

[34] Ар бир эл-үммөт үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) бар. (Ошол) мөөнөттөрү келгенде, алар аны бир саатка болсун артка, же алдыга жылдыра алышпайт

[35] О, Адам урпактары. Силерге өз араңардан чыккан пайгамбарлар келип, Менин аяттарымды айтканда, кимде-ким такыба кылып, өзүн оңдосо, аларга коркуу жок. Жана алар кайгыга да батышпайт

[36] Ал эми, Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, алар(га моюн сунуу) дан текеберленгендер тозок элдери жана анда түбөлүк калышат

[37] (“Аллаһтын шериги бар” деп) Аллаһка жалган-жалаа ойлоп тапкан же болбосо, Анын аяттарын “жалган” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Аларга (тагдыры жазылган) китептен насип-ажалы жетип, Биздин жан алгыч (периште) элчилерибиз келип: “Аллаһты таштап, аларга дуба кылган “кудайларыңар” кайда калды?” — дегенде, алар: “Бизден жок болуп кетишти!” дешет жана өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбөлүк беришет

[38] (Аллаһ) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт-жамаат менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына наалат айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллаһка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллаһ) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”

[39] Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” -дешет

[40] Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт. Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө Бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз

[41] Аларга тозоктон төшөк, үстүнөн (ошондой) жууркан бар! Биз заалым адамдарды ушинтип жазалайбыз

[42] Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.? Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз

[43] Жана Биз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) капачылыктарын сууруп алабыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллаһга мактоо болсун! Эгер Аллаһ көргөзбөсө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш келет: “Ушул — силердин Бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”

[44] Жана бейиштегилер тозоктогуларга: “Бизге Раббибиз убада кылган нерсе (Бейиш) чын экенин көрдүк, силер дагы Раббиңер убада кылган нерсени (азап-тозокту) көрдүңөрбү?! — деп добуш кылышты. “Ооба” дешти алар. Ошондо, алардын арасындагы бир жарчы (мындай деп жар салды): “Заалымдарга Аллаһтын наалаты болсун

[45] Алар Аллаһтын жолунан тосуп, аны бузууну каалаган жана Акыретке ишенбеген адамдар болчу!”

[46] Ал экөөсүнүн (Бейиш менен Тозоктун) ортосунда «Аьраф»(тосмо) бар.! “Аъьрафтын” үстүндөгү адамдар (бейишилер менен тозокулардын) экөөсүн тең көрүнүшүнөн таанып турушат. Жана бейиштегилерге карап, ага кирбесе да, кирүүнү үмүт кылып: «Ассалому-алейкум»-дешет

[47] Ал эми, көздөрү тозокулар тарапка бурулуп калса: “О, биздин Рабби! Бизди (мына бул) заалым адамдардан кылып койбо?!” — дешет

[48] Дагы, “Аьрафтагылар” көрүнүшүнөн тааныган (тозоктогу) адамдарга (карап): “Силерге чогулткан дүйнө-мүлкүңөр менен кыйынсынганыңар пайда бербей калыптыр го

[49] Силер ант ичип: “Аларга Аллаһ ырайымын жеткирбейт”-деген адамдар тиги(бейиштеги)лерби?! (Аларга) “Бейишке киргиле! Силерге коркунуч жок жана кайгы-капага батпайсыңар! (деп айтылып жатпайбы)?!” — дешет

[50] Тозоктогулар бейиштегилерге жалдырап: “Бизге суудан жана Аллаһ силерге берген ырыскылардан бир аз кайрымдуулук кылып койгула” — дегенде, алар: “Аллаһ ал ырыскыларды каапырларга арам кылган

[51] (Себеби) алар диндерин оюн-тамаша кылып алган жана дүйнө(нүн өткөөл) жашоосуна алданган адамдар!” — дешет. (Кийин Аллаһ айтат:) “Бүгүн биз аларды, аяттарыбызды чанып, ушул күндөрүн унутуп салганы сыяктуу “унутуп”! (тозокко таштап) салабыз

[52] Биз ыймандуу коомго Туура Жол, Ырайым болсун деп аларга Өзүбүз анык баяндаган китепти алып келдик. (Ал китеп Аллаһтан болгон анык) илимдин үстүндө

[53] Алар анын (Кураандын алдын ала айтылган) кабарларын(ын келишин) гана күтүүдө. Ал кабар (Кыямат) келгенде, мурда аны “унуткан” адамдар: “Раббибиздин пайгамбарлары чындыкты алып келген турбайбы! Эми, бизге күнөөлөрүбүздү сурап берүүчү ортомчу табылар бекен?! Же болбосо, (дүйнөгө) кайтарылар бекенбиз, жасаганыбыздан башка (сооп) иштерди жасап келмекпиз?!” дешет. Алар өздөрүнө зыян кылышты! Жана оюнан чыгарган “кудайлары” алардан жок болуп кетти

[54] Силердин Раббиңер — Аллаһ. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду!. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси — Аллаһ Улук, Бийик

[55] Раббиңерге жалбаруу менен, купуя түрдө дуба (ибадат) кылгыла! Чынында, Ал чектен чыгуучуларды сүйбөйт

[56] Жер бетинде — аны оңдогондон кийин — бузукулук кылбагыла!! (Азабынан) коркуп, (сообунан) үмүт кылып Өзүнө гана дуба кылгыла! Чынында, Аллаһтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын

[57] Жана Ал ырайымынан кушкабар иретинде (жамгырдын) алдынан шамалдарды жиберет. Качан ал шамалдар оор булуттарды көчүргөндө Биз аларды өлүк (суусаган) шаарларга айдайбыз жана андан жамгыр жаадырып, аны менен ар түркүн мөмөлөрдү чыгарабыз. Биз (Кыяматта) өлүктөрдү ушул сыяктуу кайра (жерден) чыгарып алабыз. Кана эле, акыл-насаат алсаңар

[58] (Жери) таза шаардын өсүмдүктөрү Аллаһтын уруксаты менен (тез) өнүп чыгат. Ал эми, таза эмес (таштак же шор баскан) жердин өсүмдүгү (миң) машакат менен чыгат. Биз аяттарды шүгүр кылуучу коом үчүн мына ушинтип анык-тунук баян кылабыз

[59] Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик.” Ал айтты: “О, коомум! Жалгыз Аллаһка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күн (Кыямат) азабына жолугуп калышыңардан коркомун!”

[60] Анын коомунан болгон (текебер) бийлер ага: “Биз өзүңдү анык адашууда деп билебиз” — дешти

[61] (Нух) айтты: “О, коомум. Мен адашкан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын

[62] Силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат айтамын жана Аллаһ тарабынан силер билбеген нерселерди билемин

[63] Эмне, такыба болуп, Аллаһтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн Раббиңердин эскертүүсү өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адамдын колунда — силерди эскертүү үчүн — келгенине таң калып жатасыңарбы!””

[64] Алар Нухту “жалганчы” — дешти. Кийин Биз аны жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды кемеде куткарып, аяттарыбызды “жалган” дегендерди (топон сууга) чөктүрүп жибердик. Анткени, алар (дил көзү) сокур коом эле

[65] Аад коомуна өз бир туугандары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Аллаһка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы?”

[66] (Ошондо) анын коомунун каапырлары (чоңдору): “Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп күмөн кылабыз!” — дешти

[67] (Худ) Айтты: “О, коомум! Мен наадан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын

[68] Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткиремин жана ишенимдүү насаатчымын

[69] Эмне, Раббиңердин эскертүүсү, өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адамдын колунда — силерди (тозоктон) коркутуу үчүн — келиши силерди таң калтырдыбы? Эстегиле, Аллаһ силерди Нух коомунун артынан орун басар кылды. Жана силерди калктардын арасында күч-кубаттууу кылды.! Эми, Аллаһтын (ушул) нээматтарын эстегиле! (Ошондо Тозоктон) кутулуп калаарсыңар!”

[70] (Каапырлар) айтышты: “Сен бизге, жалгыз Аллаһка ибадат кылышыбыз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды ташташыбыз үчүн келдиңби?! Эгер чынчылдардан болсоң, бизге убада кылган балээлериңди алып келчи, кана

[71] Ал (Худ) айтты: “Мына эми, башыңарга Раббиңердин азап-казабы анык түштү! Кудай экенине Аллаһ эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?! Болуптур, күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөйүн

[72] Биз Худ жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду Өз ырайымыбыз менен сактап, аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын «куйругун кесип» койдук.! (Анткени,) Алар ыймандуу эмес болчу

[73] Жана Самуд коомуна өз бурадарлары Салихты пайгамбар кылдык. Ал айтты: “О, коомум! Аллаһка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллаһтын төөсү — силерге (Аллаһтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллаһтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кыла көрбөгүлө. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт

[74] Эстегиле, Аллаһ силерди Аад коомунун артынан орунбасар кылып, жерде (кенен) орун-очок берди. Силер тегиз жерлерге сарайларды саласыңар, тоолорду(н боорун) оюп-жонуп, үйлөрдү курасыңар. Аллаһтын (ушул) нээматтарын эстегиле! Жана жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!”

[75] Салихтын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар, өздөрүнүн арасынан ыйман келтирген бей-бечара адамдарга карап: “Силер Салихты Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбар деп билесиңерби?” — дешти. “Ооба. Биз ага жиберилген нерселерге ыйман келтирүүчүлөрбүз”

[76] Текеберленген адамдар: “Биз силер ыйман келтирген динге ишенбейбиз!” — дешти

[77] Жана (“катылсаңар силерге азап келет” деп эскертилген) төөнү союп жиберишти дагы, Раббисинин буйругун оройлук менен бузуп: “О, Салих! Эгерде (чын) пайгамбар болсоң, бизге убада кылган азапты келтирчи?!” — дешти. (Кийин Салих аларга: ““Үйүңөрдө үч күн ойноп-жыргап алгыла. Бул — жалган эмес убада!” — деп жооп берет. Ырас эле, үч күндөн соң)

[78] Аларды жер титирөө (балээси) кармап, жүргөн-турган жерлеринде жер менен жексен болушту

[79] Салих болсо, (кырылып бүткөндөн кийин) аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат кылган элем. Бирок, силер насаат айтуучу адамдарды сүйбөйт экенсиңер!” - деди

[80] (О, Мухаммад!) Лут пайгамбарды да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: “О,! Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыңарбы?”

[81] Чынында, силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумар менен (артынан) келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул — арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди

[82] (Бузулуп бүткөн) коому ага: “Аларды (Лут жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар имиш!” — деген сөз менен гана жооп берди

[83] Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Ал (азапта) калуучулардан болду

[84] Кийин Биз алардын (каапырлардын) үстүнө (жалындуу таштардан) жамгыр жаадырдык! Кылмышкерлердин акыбети кандай болгонун кара

[85] Жана Биз Мадян элине өз бурадарлары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “О, коомум! Аллаһка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук кылгыла, адамдардын нерселеринин баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде — оңолгондон кийин — бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы

[86] Жана ал (туура) жолду (өз каалооңорго ылайыктап бурмалап, ага ыйман келтирген адамдарды Аллаһтын жолунан) тосуп, коркутуп, ар кайсы жолдордо олтурбагыла! Эстегиле, силер аз сандуу элеңер. Аллаһ силерди (өлүм — житимден, кырылуудан сактап) көбөйттү. Жана силер (тарыхка бир кылчайып карап) бузуку адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп алгыла

[87] Эгерде, силердин араңардан бир тайпаңар мага жиберилген динге ыйман келтирип, дагы башка бир тайпаңар ыйман келтирбеген болсо, Аллаһ биздин арабызда Өз өкүмүн чыгарганга чейин сабыр кылып тургула. Ал — эң жакшы өкүм кылуучу

[88] Шуайбдын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар айтышты: “О, Шуайб! Биз сени жана сени менен бирге болгон ыймандууларды шаарыбыздан (кууп) чыгарабыз же болбосо биздин динибизге кайтасыңар!” (Анда) Шуайб: “Эгер биз (силердин таш-кудайларга сыйынууга чакырган диниңерди) жаман көрсөк делеби

[89] Эгер биз, Аллаһ андан куткаргандан кийин, дагы эле силердин (жалган) диниңерге кайтчу болсок, Аллаһка (“Анын шериги бар” деген) жалганды ойлоп тапкан болобуз го! (Жок!) Силердин диниңерге кайтуу бизге эч мүмкүн эмес! Бир гана Раббибиз — Аллаһ кааласа (ар нерсе мүмкүн). Анткени, Раббибиздин илими ар нерсени камтып алган. Биз Аллаһка таяндык! О, Раббибиз! Биз менен (каапыр) коомубуздун арасын акыйкаттык менен ачып (өкүм кылып) кой! Сен эң жакшы өкүм кылуучусуң!””

[90] Шуайбдын коомундагы каапыр адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”

[91] Кийин, аларды жер титирөө (балээси) кармады! Бардыгы турган жеринде селейип (кырылып) калышты

[92] Шуайбды “жалганчы” дегендер ал жерде жашабагандай (тып-тыйпыл) болуп калышты! Шуайбдын сөзүн жалганга чыгаргандардын өздөрү зыян тартуучу болду

[93] (Кырылып бүткөн соң) Шуайб аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирдим жана насааттар кылдым (болбой койдуңар). Эми (силерге окшогон) каапыр коомго кантип кайгырмак элем” — деди

[94] Биз кайсы бир айыл-шаарга пайгамбар жиберген болсок, анын элдерин тооба кылышаар деп, муктаждык, оору-сыркоо менен кармадык

[95] Кийин Биз жамандыкты жакшылык менен алмаштырдык. Алар (өздөрү, дүйнө-мүлктөрү, жетишкендиктери) көбөйүп: “Ата-бабаларыбызды деле (ушул сыяктуу) каатчылык, оору-сыркоолор каптаган (бул — адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер)” - дешти. Анан Биз аларды эч нерсени сезбей (бейкапар) турган абалдарында капыстан (азап менен) кармадык

[96] Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокгпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик)

[97] Айылдардын элдери, аларга Биздин азап (аларга) түндөсү, уктап жаткан кезде келишинен тынч беле

[98] Айылдардын элдери, аларга Биздин азап күндүзү, алар ойноп-жыргап жаткан кезде келишинен көңүлдөрү ток беле

[99] Алар Аллаһтын амалкерлигинен бейкапар беле? Аллаһтын амалкерлигинен зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот

[100] Мекен-жерди (күнөөлөрү себептүү кыргынга учураган мурунку) ээлеринен мурас алган адамдарга, эгер Биз кааласак, аларды да күнөөлөрү себептүү кайгыга салып коюшубуз жана жүрөктөрүнө мөөр басып, тап-такыр укпай турган кылып коюшубуз малым эмес бекен

[101] (О, Мухаммад!) Биз сага ушул айылдардын аңгеме-тарыхын айтып жатабыз: аларга Пайгамбарлары (анык-тунук) далилдерди алып келишсе да, мындан мурун жалганга чыгарышканы себептүү ыйман келтирбей коюшту. Аллаһ каапырлардын жүрөктөрүнө ушинтип мөөр басып койот

[102] Биз элдердин көпчүлүгүндө (пайгамбар жибергенден кийин Аллаһтын осуяттарына) бекемдикти таппадык. Жана көпчүлүктөрүн бузуку абалында таптык

[103] Кийин Биз алардын (пайгамбарлардын) артынан Мусаны моожизаларыбыз менен Фираунга жана анын элине жибердик. Бирок, алар моожизаларга зулум кылышты. (каапыр болушту) Эми, бузукулардын акыбети кандай болоорун көрүп кой

[104] Муса айтты: “Эй, Фираун! Мен ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын

[105] (Ошондуктан) мага Аллаһ жөнүндө чындыкты гана сүйлөшүм ылайык болот. Мен силерге Раббиңерден далил-баян алып келдим. Эми, Исрайил урпактарын мага кошуп (өз мекендерине) жибергин

[106] (Фираун) Айтты: “Эгер сен чынчыл адамдардан болсоң (жана Аллаһтан) моожиза-далил алып келсең, кана көргөзчү, аныңды

[107] Анан (Муса) аса-таягын (жерге) таштады эле... ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды

[108] Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле.. ошол замат көрүүчүлөргө ап-апак (нурдуу) болуп калды

[109] (Бул моожизаны көргөн) Фираун коомунун адамдары (ыйман келтирүүнүн ордуна): “Бул — илимдүү сыйкырчыдан башка эмес!” — дешти

[110] “Ал силерди жериңерден чыгарууну каалап жатат. Эми, кандай чечимге келесиңер?” (деди Фираун)

[111] (Адамдар) айтышты: “Аны менен бир тууганы Хаарунду койо тур дагы, бардык шаарларга (эл) чогултуучуларды жибер

[112] Алар сага бардык илимдүү сыйкырчыларды таап келишсин

[113] Фираундун сыйкырчылары жетип келишип: “Эгер биз жеңип чыксак сыйлык барбы?” дешти

[114] “Ооба — деди Фираун — силер менин жакындарыман болуп каласыңар”

[115] (Сыйкырчылар) айтышты: “О, Муса, же сен ташта же биз (биринчи) таштайлы?”

[116] (Муса) айтты: “Таштагыла”. Сыйкырчылар (колдорундагы жиптерин, таяктарын жерге) таштаганда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап (бойоп), үрөйлөрүн учуруп, чоң сыйкыр көргөзүштү

[117] Анан, Биз Мусага: “Аса-таягыңды жерге ташта!”-деп вахий кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган аса-таягы) сыйкырчылардын жалгандарын! жутуп жиберди

[118] Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты

[119] Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты

[120] (Анан) сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап (мындай)

[121] дешти: “Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик

[122] Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”

[123] Фираун айтты: “Мен силерге уруксат бербей туруп, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар

[124] Мен силердин колу-бутуңарды каршы-терши жагынан кыркып, андан кийин бардыгыңды асып өлтүрөмүн!”

[125] (Сыйкырчылар) айтышты: “(Билгениңди кыл!) Биз Раббибизге кайтуучу болдук

[126] Сен бизден, Раббибиздин далил-моожизалары келген учурда (ошого) ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты:) “О, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын! Жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз) да алгын

[127] Фираундун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы көкүтүп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн койосуңбу?” - дешти. (Фираун) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!”

[128] Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллаһтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллаһка таандык. (Фираундуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.”

[129] (Фираундун зулуму сөөгүнөн өткөндө, Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кылышыңарды карап турат”

[130] Биз Фираун элин, акыл-эсине келээр деп (каатчылык) жылдары менен жана мөмө-жемиш жетишпестиги менен сынадык

[131] Кийин, качан аларга бай-бардар турмуш келсе, (Аллаһка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”-дешти. А, эгер бир жокчулук- каатчылык жетсе Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллаһтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт

[132] Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлаш үчүн ар канча далил-моожиза көргөзсөң да, сага ыйман келтирбейбиз” - дешти

[133] Анан, Биз аларга (азап-жаза иретинде) топон суу (балээсин), чебиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберчиликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болгон

[134] Аларга апаат-балээ (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “О, Муса, Аллаһ сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исрайил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти

[135] Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту

[136] Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик

[137] Биз алсыз-бечара коомго (Исрайил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш (бардык) тарабын (Фираун коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исрайил урпактарына айткан жакшынакай сөзү,! сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Жана Биз Фираун менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын ойрон кылдык

[138] Биз Исрайил урпактарын (аман-эсен) деңизден өткөргөнүбүздөн соң, алар өз идол-буттарына табынып жаткан элдин астынан өтүштү жана Мусага: “О, Муса бизге да ошолордукундай бут жасап бер” - дешти. (Анда) Муса айтты: “Силер наадан коом турбайсыңарбы

[139] Чынында, алардын дини жалган, жасап жаткан ибадаты да жалган!”

[140] Айтты: “Эми, мен силерге Аллаһтан башка “кудай” таап берейинби?! Аллаһ силерди ааламдардан артык кылып (душманыңардан аман-эсен куткарып койду эле го!”)

[141] Жана эстегиле, (О, Исрайил урпактары!) Биз, силерди, аял-кызыңарды тирүү коюп, эркек балаңарды союп, башыңарга чексиз азап салган Фираун адамдарынан куткарган элек. Ушунуңарда силер үчүн Раббиңерден чоң сыноо бар

[142] Биз Муса менен (ага Китеп — Шарият түшүрүп берүү үчүн) отуз кечеге убадалашып, дагы аны он (кече) менен толуктадык. Ошентип, Раббисинин (убадалашкан) убактысы толук кырк кече болду. Муса бир тууганы Харунга: “(Мен кеткенде) коомумдун арасында менин орунбасарым болуп, аларды түзөп жана бузукулардын жолуна ээрчибей тургун!” - деди

[143] Муса Биз убадалашкан убакытта келгенде жана Раббиси ага (түздөн-түз) сүйлөгөндө: «О, Раббим! Мага көрүнчү, Сага карайын» -деди. Ал (Аллаһ) айтты: “Мени (бул дүйнөдө) эч көрө албайсың. Бирок, мына бул тоого карап тур, (мен ошого көрүнөмүн) эгер ал ордунда жылбай калса, сен Мени көрө аласың». Анан, Раббиси тоого көрүндү эле.., аны күкүм кылып таштады. Муса эстен танып жыгылды! Качан өзүнө келгенде, айтты: “О, Раббим, Сен Аруу-Тазасың! Мен (адепсиздик кылганыма) тообо кылдым! Жана мен ыймандуулардын алдынкысымын!””

[144] (Аллаһ) деди: “О, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул нээмат үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!”

[145] Анан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!” (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллаһтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн

[146] Мен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак алалбай турган кылып) буруп койомун. Кийин алар ар канча далил-моожиза көрсө да, ага ыйман келтиришпейт. Туура Жолду көрсө, аны карманышпайт. Эгер адашуучулук жолун көрсө, ошону гана жол кылып алышты. Буга себеп; алар Биздин далилдерди “жалган” дешти жана ага көңүл бурбай коюшту

[147] Биздин аяттарыбызды жана Акыреттик жолугушууну “жалган” деген адамдардын жасаган (жакшы) иштери текке кетет. Алар жасаган иштерине жараша “сыйланышат”

[148] Мусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) зыйнаттарынан (Самирий деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, заалым (каапыр) болуп калышты

[149] Качан гана (Муса келип, аларга чындыкты түшүндүргөн соң) бушайман болушуп, өздөрүнүн адашканын билишкенде: “Эгер Раббибиз бизге ырайым кылып, кечирбесе, сөзсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз!” -дешти

[150] Муса коомуна кайтып келгенде (жана алардын музоого сыйынып жатканын көргөндө) ачууланып, бушайман чегип: “Менден соң мага кандай жаман орунбасар болупсуңар! Раббиңердин буйругун шаштырдыңарбы?!”-деди. Кийин Муса (жаалданып, колундагы) такталарды таштап, бир тууганынын (Харундун) башынан (чач-сакалынан) жулкулдата баштады. (Харун) айтты: “О, апамдын баласы! Чынын айтайын, коом мени кордоп, (айткандарымды уккандын ордуна, кайра) өлтүрүп койо жаздады. Мени душмандарга шерменде кылба! Жана мени заалым адамдардар менен бирге деп ойлобо

[151] (Муса) айтты: «О, Раббим! Мени жана бир тууганымды Өзүң кечир! Жана бизди Өз ырайымыңа ал! Сен эң ырайымдуусуң!»

[152] Чынында, музоону кудай кылып алгандарга жакын арада Раббисинен каар-казап жана (ушул) дүйнө жашоосунда кордук жетет! Биз (Аллайһга) жалган токугандарды ушинтип жазалайбыз

[153] Ал эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тооба кылып, ыйман келтирген адамдар болсо, Чынында сенин Раббиң ошондон (тооба кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу

[154] Мусанын ачуусу басылганда тактайларды колуна алды. Анын жазууларынын арасына Раббисинен корккон адамдар үчүн ырайым жана Туура Жол камтылган эле

[155] Анан, Муса Биздин убадалашкан убактыбыз үчүн коомунан жетимиш адамды тандады.! Анан аларды гүлдүрөк(түү чагылган) урганда (Муса) айтты: “О, Раббим! Эгер кааласаң мени да, аларды да мындан мурдараак (коомум музоого табынганда эле) өлтүрөт элең. Эми, биздин арабыздагы акмактардын ишинин кесепетинен бардыгыбызды кыйратасыңбы?! Бул иш (Сенин музоого табынгандарды кечиришиң жана мына бул акмактардын “Аллаһ кечире берет экен” деп, чектен чыгып, Сага адепсиздик кылышканы Сенин сынооңдон башка нерсе эмес. Бул сыноо менен Сен каалаганыңды Туура Жолго баштап, каалаганыңды адаштырасың. Сен — биздин башчыбызсың. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң)

[156] Бизге ушул дүйнөдө жана Акыретте жакшылыктарды насип кыл! Биз (күнөөбүздү моюнга алып) Өзүңө кайттык. (Аллаһ) айтты: “Азабымды Өзүм каалагандарга жеткиремин жана ырайымым бардык (жандуу-жансыз, күнөөсүз-күнөөлүү) нерселерди ороп-камтып алат. Мен ал ырайымды (Аллаһтан) корккон, зекетти берген жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдарга гана насип кыламын

[157] Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллаһтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (яхудийлер менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза — пакиза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (Тозоктон) кутулуучулар

[158] Айт: “О, адамдар! Мен силердин баарыңарга Аллаһтын элчиси боломун! (Аллаһ) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллаһка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи-пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллаһка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Жана Туура Жолго түшүүдөн үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле

[159] Мусанын коомунун арасында акыйкатка баштай турган, акыйкат менен адилеттүүлүк кыла турган жамаат дагы бар

[160] Биз аларды уруу-уруу кылып он эки элге бөлүп жибердик. Бир кезде коому Мусадан суу сураганда, Биз Мусага: “Аса-таягыңды ташка ургун” деп вахий кылдык. Кийин ал таштан он эки булак атырылды. (Муса ал булактарды он эки урууга бөлүп, белгилеп берген соң) бардык адамдар өз ичер сууларын таанышты. Кийин Биз алардын үстүнө булутту көлөкө кылып койдук. Анан дагы (ачка калышканда) аларга асмандан халваларды, бышырылган куш эттерин жаадырып: “Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан жегиле” дедик. (Бирок, бул эл шүгүр кылууну ойлоп да койбостон, мойнундагы парыздарды аткарбастан күнөө иштерин улантты) Алар (муну менен) Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө гана зулум кылышты

[161] (О, Мухаммад) эстегин, бир кезде аларга айтылды: “Мына бул шаарга (Иерусалимге) кирип, андан каалаган жериңерде (каалаган тамагыңарды) жегиле. Бирок, “кечиргин” деп, дарбазадан сажда кылып (Аллаһга ыраазычылык билдирип, кичипейил болуп) киргиле. (Ошентсеңер) Биз силердин катаңарды кечирип, ихсан-жакшылык кылгандарды(н сообун) көбөйтөбүз”. (Аллаһ Исрайил урпактарынын көптөгөн күнөө-каталарын кечирүү үчүн ушул вазыйпаны парз кылган эле. Бирок)

[162] Алардын арасынан (көпчүлүк) заалым адамдар (“кечиргин” деген) сөздү өздөрүнө айтылбаган башка сөзгө алмаштырып коюшту. Зулум (каапырлык) иш жасагандары себептүү Биз аларга асмандан балээ-азап жибердик

[163] Сен алардан (Исрайил урпактарынан) деңиз жээгиндеги айыл жөнүндө сура. Ошондо алар ишемби күндөгү (Аллаһ тыюу салган) чектен чыгып кетишти: ишемби күндөрү балыктары толуп-толуп (суу бетинде) келе жаткан. Ишембиден башка күндөрү келбей калган. Биз аларды бузукулуктугуна жараша ушинтип сынайбыз

[164] Бир кезде алардан бир жамаат айтты: “Эмне үчүн силер Аллаһ өлтүрүп, катуу жаза бере турган коомго насаат айтып жатасыңар? (Күнөөдөн кайтаргандар) айтышты: “Алардын такыбаа болушун (балык уулоосун токтотушун) үмүт кылып жана Раббиңердин алдында (“биз кайтарган элек” деп) актануу үчүн”

[165] (Күнөөлүү адамдар) өздөрүнө эскертилген нерсени унутуп коюшканда, жамандыктан кайтарган адамдарды куткарып, (өздөрүнө) зулум кылгандарды, бузукулуктарына жараша катуу азап менен кармадык

[166] Кайтарылган (күнөө) иштеринен көкбеттенип кайтпай коюшканда Биз (аларды каргап): “Жек көрүндү маймылдарга айланып калгыла!” дедик

[167] Дагы, бир мезгилде Сенин Раббиң алардын үстүнө тээ Кыяматка чейин, жаман азап менен кордой турган адамдарды жиберип тураарын ашкере билдирген. Чынында, сенин Раббиң тез жаза берүүчү жана чынында Ал Кечиримдүү, Боорукер

[168] Биз аларды жер бетинде бөлүк-бөлүк кылып тыркыратып (чачып) таштадык. Алардын арасында (Аллаһтын укугун ордуна коюучу) жакшылары да бар, жакшы эместери да бар. Жана Биз аларды (кээде) жакшылыктар, (кээде) жамандыктар менен сынадык. Кана эми, (көкбеттиктеринен ыйманга) кайтышса

[169] Кийин алардын артынан, Тооратты мурас кылып алган бир муун калды. Алар (Тоорат аятын бурмалап, анын акысына) жарыбаган дүйнө буюмдарын алышып: “Бизге кечирим берилет” дешет. Эгер аларга ошондой эле дүйнө буюмдары келсе, (дагы) ала беришет. (Артынан дагы “Аллаһ кечирет бизди” деп койо беришет) Акыры, алардын үстүндө: “Аллаһ жөнүндө чындыкты гана сүйлөшөт” деген Китеп (Тоорат) осуяты бар эле го?! Алар Тоораттын ичиндеги аяттарын (ар дайым) окушат эле го! Акырет коргону Аллаһтан корккон (такыба) адамдар үчүн жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби

[170] Жана (алардын арасында ыйык) Китеп өкүмдөрүн бекем кармаган, намазды толук окуган адамдар да бар. Биз оңдоочулардын сообун текке кетирбейбиз

[171] Эстегин, Биз алардын үстүнө («Туур» деп аталган) тоону чатыр сыяктуу көтөрүп, алар “мына эми, үстүбүзгө кулап түшөт” деп ойлоп калганда: “Биз силерге берген Шарият өкүмдөрүн бекем кармагыла жана такыба болууну үмүт кылсаңар, анын ичиндегилерди унутпай жүргүлө!” (дедик)

[172] Жана эстегин, Сенин Раббиң адамзаттын (Адам-Атанын) белинен урпактарын чыгарды. Жана аларды өздөрүнө күбө кылып: “Мен силердин Раббиңер эмесминби?” дегенде алар “Ооба, күбө болдук”-дешти. (О, Адам урпактары!) Силер Кыямат Күндө (жалгыз Раббиңе сыйындыңбы?” деп суралганыңарда) “Биз мындан кабарсыз элек” дей албай калышыңар үчүн (Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз)

[173] Же болбосо “Мурун ата-бабаларыбыз мушрик болгон экен, биз ошолордон кийинки урпактар болобуз. (О, Аллаһ) Сен бизди адашкан ата-бабалар жасаган иш себептүү өлтүрөйүн (тозоко таштайын) деп жатасыңбы” (дей албай калышыңар үчүн Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз)

[174] Биз алардын (өздөрүнүн табияттарына жана ыйманга) кайтуусу үчүн аяттарыбызды ушундай анык баян кылуудабыз

[175] (О, Мухаммад!) Аларга (Исрайил урпактарына) Биз далилдерибизди берген (аалым) кишинин кабарын айтып бер: ал (өзү билген) далилдерди (амал кылбай) таштап койду эле, шайтан ээрчитип кетти жана адашуучулардан болуп калды

[176] Эгер Биз кааласак, далилдер (илим) себептүү анын даражасын көтөрүп коймокбуз. Бирок, ал жерге (жер мүлкүнө) жабышып алып, напсинин каалоолоруна ээрчип кетти. Анын (сук — ачкөздүгүнүн) мисалы бир итке окшойт: аны айдасаңда, жөн койсоң да тилин асылтырып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган («аалым») адамдардын мисалы. (О, Мухаммад!) аларга (ушул сыяктуу) тамсил-икаяларды айтып бер. (Чындык жөнүндө) пикир кылышса ажеп эмес

[177] Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулум кылган адамдардын мисалы кандай жаман

[178] Аллаһ кимди Туура Жолго баштаса, демек ал Туура Жол табуучу. Ал эми, кимди адаштырса, ошолор гана зыян тартуучулар

[179] Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. (Анткени,) алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар, бирок көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угуп койбойт. Алар айбандар сыяктуу. Жок! Андан да төмөн! Алар — (эч нерсени) туйбаган адамдар

[180] Аллаһтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Жана Аллаһтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат

[181] Биз жараткан калктардын арасында Акыйкат менен Туура Жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар да бар

[182] Биздин аяттарыбызды “жалган” дегендерди өздөрү билбей-сезбей кала турган кейипте «истидраж» кылабыз

[183] Аларга мөөнөт берилет. Чынында Менин айлакерлигим бекем

[184] Алар дайым бирге жүргөн шериктеринде (Мухаммадда) жиндилик жок экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес

[185] Алар асмандар жана жер мүлк(төр) ү жөнүндө, Аллаһ жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Кураандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен

[186] Аллаһ кимди адаштырып койсо, ага эч бир жол баштоочу жок! Аллаһ аларды сокур адамдай тентиген абалда өз адашуучулуктарына таштап койот

[187] Алар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болоору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор-машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт.»

[188] Айткын: “Мен өзүмө Аллаһ каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык жетмек эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын

[189] Ал (Аллаһ) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Хаваа-Энени) жаратты. Анан ага жакындык кылганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди.! Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты

[190] (Аллаһ) экөөнө жакшы перзент бергенде, берген нерсесинде Аллаһка ширк келтиришти.” Аллаһ алардын ширктеринен Бийик-Жогору

[191] Эч нерсени жаратпай, жаратылган нерселерди Аллаһга шерик кылышабы

[192] (Адамдар Аллаһка шерик кылган башка “кудайлар”) Аларга гана эмес, өздөрүнө да жардам бере алышпайт

[193] (О, мушриктер!) Эгер силер аларды (“кудайыңарды”) Туура Жолго чакырсаңар ээрчип келбейт (укпайт). Аларды чакырдыңарбы же унчукпай турдуңарбы, силерге айырмасы жок

[194] Аллаһтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллаһтын макулуктары). Эгер чынчыл болсоңор, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришет бекен

[195] Эмне, алардын жүрө турган буттары барбы? Же (күч менен) кармагыдай колдору барбы? Же көрөөр көздөрү барбы? Же болбосо, уккудай кулактары барбы?! Айткын: “Аллаһга шерик кылган “кудайыңарга” дуба кыла бергиле дагы, эч нерсеге карабай (мага каршы) айлакерлигиңерди баштай бергиле” (бирок, колуңардан эч нерсе келбейт)

[196] (Анткени,) Менин коргоочум — Аллаһ! Ал (мага асмандан) Китепти түшүргөн. Жана Ал салих адамдарга жардам берет

[197] Аллаһтан башка силер дуба кыла турган “кудайлар” силерге да, өздөрүнө да жардам бере албайт

[198] Эгер аларды Туура Жолго чакырсаңар — укпайт. Карасаң, сага «карап» эле турушат, бирок көрүшпөйт

[199] (О, Мухаммад!) Кечиримдүү бол жана (адамдарды эң жакшы) касиеттерге буюр. Жана наадандардан ыраак бол

[200] Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллаһтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү

[201] Чынында, такыба адамдарды шайтан азгырыгы кармаганда (ошол замат) Аллаһты эстешип (Туура Жолду) көрө башташат

[202] Ал эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт

[203] Жана сен (алар сураган) далил-моожизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан вахий кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Кураан) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) нышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн Туура Жол, Ырайым

[204] (О, адамдар!) качан Кураан окулганда, ага кулак салгыла жана сүкүт чалып тургула! Аллаһтын ырайымына бөлөнсөңөр ажеп эмес

[205] (О, Мухаммад!) Раббиңди эртели-кеч өзүңчө (ыклас менен), жалбарып, коркуп жана ашкере кыйкырбай зикир кылгын. Жана (Аллаһты) унутуп коюучулардан болбогун

[206] Чынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат

Анфал

Surah 8

[1] (О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллаһ жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллаһтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллаһка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула

[2] Чынында, ыймандуу адамдарга Аллаһты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт.? Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат

[3] (Дагы) алар намаздарын кемчилдиксиз окушуп, Биз ырыс кылып берген нерселерден эхсан-садака кылышат

[4] Ошолор гана чыныгы момундар! Аларга Раббисинин алдында (Бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана улуу ырыскылар бар

[5] Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, момундардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту

[6] (Аллаһтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, өлүмгө айдалып бараткансып, карап туруп сени менен талашып жатышат

[7] Аллаһ силерге эки тайпанын бирөөсүн! (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллаһ болсо, (силер каалагандан башканы:) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады

[8] Эгер кылмышкер-мушриктер жаман көрсө да, (Аллаһ) жалганды жоюп, акыйкатты орнотуу үчүн (ушундай болуусун каалады)

[9] Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип, (пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди

[10] Муну Аллаһ (силердин рухуңарга) шаттык (деми) кылып жана аны менен жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жеңиш - Аллаһтан гана. Чынында Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[11] Ошондо, (Аллаһ) силерди, Өзү тарабынан тынчтык-бейпилдик болушу (жана жүрөгүңөрдөн коркууну кетирүү) үчүн (көз ирмемдик) уйку менен ороду жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден Шайтан азгырыгын кетирип, таза-пакиза кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды

[12] Ошондо, (о, Мухаммад) сенин Раббиң периштелерге: “Мен силер менен биргемин. Эми, ыймандуу адамдарды шерденткиле! Мен тез эле каапырлардын жүрөгүнө коркуу саламын, силер дагы алардын моюндарына чаап, ар бир манжаларын кесип таштагыла!” -деп вахий кылды

[13] Мунун себеби; алар (каапырлар) Аллаһка жана пайгамбарына каршы согушту. Ким Аллаһ жана пайгамбары менен согушса, (билип алгыла) чынында, Аллаһтын азабы катуу

[14] Ушул силердин жазаңар! Аны(н азабын) таткыла! Жана, акыйкатта, каапырларга Тозок азабы бар

[15] О, момундар! Эгер чабуулга өткөн каапырларга жолуксаңар, аларга артыңарды салып качпагыла

[16] Ким ошол күндө аларга артын салса, Аллаһтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы Тозок! Ал кандай жаман орун! Бирок, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, (башка бир) жамаатка кошулуу максатында артын салса (анда качкан болуп эсептелбейт жана күнөө болбойт)

[17] (О, момундар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллаһ өлтүрдү. (О, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллаһ атты. Жана Өзү тарабынан момундарга жакшынакай сыноо болсун үчүн (ушинтти).! Чынында - Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[18] Ушул жеңишиңер (Аллаһтан) Жана Аллаһ акыйкатта, каапырлардын амалдарын алсыратуучу

[19] (Эй, мушриктер!) Эгер Аллаһтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (Туура Жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз дагы кайтабыз. Анда жамаатыңар ар канча көп болсо да, силерге эч жардам бере албай калат. Чынында, Аллаһ момундар менен

[20] О, ыйман келтиргендер! Аллаһка жана Пайгамбарына моюн сунгула жана (Кураандагы “моюн сунгула” деген буйрукту) угуп туруп андан жүз бурбагыла

[21] Укпай туруп “уктук” деген адамдардан! болбогула

[22] Албетте, Аллаһтын назарында айбандардан да эң жаманы (чындыкты) укпаган, (акыйкатты) сүйлөбөгөн акылсыздар

[23] Эгер Аллаһ алардан бир жакшылык болоорун билгенде (акыйкатты) уга турган кылып коймок. Жана, эгер уга турган кылып койсо деле, (акыйкаттан) жүз буруп кетмек

[24] О, ыйман келтирген пенделер! Силерге жашоо бере турган нерсеге (ибадатка) чакырганда, Аллаһ менен пайгамбарына (дароо) жооп бергиле! Билип койгула, Аллаһ адам менен (анын) жүрөгүнүн арасын тосуп койот.? Жана чынында, бардыгыңар Анын Өзүнө чогуласыңар

[25] Жана силердин араңардагы зулум (күнөө) кылгандардын өзүнө гана тийбей (бардыгыңарга тегиз тие) турган азаптан? корккула! жана билгиле Аллаһтын азабы катуу

[26] (О,момундар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-бечара жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллаһ силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза нерселерди ырыскы кылып берди. Кана эми, (ушуларга) шүгүр кылсаңар

[27] О,ыйман келтиргендер! Аллаһка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла

[28] Жана билип койгула, чынында силердин мал-дүйнөңөр жана бала-чакаңар — бул сыноо (гана). Акыйкатта, Аллаһтын алдында Улук сооп бар

[29] О,ыйман келтиргендер! Эгер Аллаһтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ — Улук пазилет ээси

[30] (О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (өз журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө же болбосо, сүргүн кылууга амал издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллаһ да айлакерлик кылат. Аллаһ айлакерлердин мыктысы

[31] Эгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет

[32] Бир кезде алар: “О, Аллаһ! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаадыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” — дешти

[33] (О, Мухаммад, ар качан) сен алардын арасында экениңде, Аллаһ аларды азаптабайт. Жана алар (тооба кылышып) күнөөлөрүнө (Аллаһтан) кечирим сурашса да Аллаһ аларды азаптабайт

[34] (Бирок,) Алар (мусулмандарды) Масжид аль-Харамдан тосуп жатса Аллаһ аларды азаптабай коймок беле?! Анын (Масжид аль-Харамдын) ээлери алар эмес! Анын (чыныгы) ээлери такыбаалуу адамдар. Бирок, көпчүлүгү (муну) билишпейт

[35] Алардын “Байтуллах” (Аль-Харам) алдындагы “намаздары” ышкырык жана кол чабуудан башка эмес эле! Эми, (эй, мушриктер!) каапыр болгонуңарга жараша азапты(н даамын) таткыла

[36] Каапырлар (адамдарды) Аллаһтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет, бирок кийин (бул иштери) өз баштарына бушайман болот. Кийин... жеңилишет! Каапырлар (Акыретте) Тозокко чогултулат

[37] Аллаһ ыпыластарды таза-пакизалардан ажыратып алып, бири-бирине кабаттап, жыйнап, бардыгын Тозокко салышы үчүн. Ошолор анык зыян тартуучулар

[38] (О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, (билип коюшсун:) мурункулардын жолу өткөн

[39] (О, момундар!) каапырларга каршы, (жер бетинде) фитна (ширк жана динге тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин-өкүмдүн бардыгы Аллаһка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллаһ жасаган иштерин Көрүүчү

[40] А, эгер (Аллаһка моюн сунуудан) жүз бурушса, билгиле, силердин башчыңар — Аллаһ! Ал мыкты Башчы жана мыкты Жардамчы

[41] Эгер силер (о, момундар) Аллаһка жана Өз пендебизге түшүргөн нерсеге (Кураанга) ишенген болсоңор, билип алгыла, (ак менен кара) ажыратылган жана эки (аскердик) жамаат жолугушкан күндө, олжого алган нерсеңерден бештен бир бөлүгү — Аллаһка жана Пайгамбарына, (калганы) тууган-уруктарга, жетимдерге, мискин- кедейлерге жана мусапырларга. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[42] Ошондо (Бадр согушу болуп, олжо алынган күндө) силер (Мединага) эң жакын жерде, алар (мушрик аскерлери) алысыраак жерде, ал эми, кербен силерден төмөнүрөөк (деңиз) тарапта эле.! Эгер силер (согуш болоор орун жана убакыт жөнүндө мурдатан) убадалашсаңар убадада келише албаган болот элеңер. Бирок, Аллаһ (өз тагдырында) болуп калган ишти болтуруп, өлгөндөрдү далил менен (каапырчылыкты тандаганы үчүн) өлтүрүү үчүн жана тирүү калгандарды да далил менен (ыйманга келгендери себептүү) тирүү калтырыш үчүн (силерди күтүлбөгөн жерден жолуктуруп койду) Чынында Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[43] Ошондо, (о, Мухаммад!) Аллаһ сенин түшүңдө аларды (мушрик аскерлерин) аз сандуу кылып көргөздү. Эгер көп кылып көргөзсө (жана сен муну сахаабаларыңа айтсаң) муунуңар бошоп, (көпчүлүгү согушууну каалабай) иште талашып калмаксыңар. Бирок, Аллаһ сактады. Чынында, Ал көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү

[44] Ошондо, (о, мусулмандар), силер жолуккан кезде, Аллаһ (тагдырында) болуп калган ишти аткаруу үчүн көзүңөргө аларды аз көргөзүп, силерди алардын көздөрүнө көп көргөздү. Иштердин бардыгы Аллаһка кайтат

[45] О, ыйман келтиргендер! Эгер (душман) жамаатка жолуксаңар, бекем-сабырдуу болуп, жеңиштен үмүтүңөр болсо, Аллаһты көп-көп эстегиле

[46] Жана Аллаһ менен (Анын) пайгамбарына моюн сунгула, (эч качан) талашып-тартышпагыла! Антсеңер, алсыз болуп, кайратыңар жоголот. Сабыр кылгыла! Аллаһ сабырдуулар менен

[47] Мекендеринен (Маккадан) текеберленип, адамдардын көзүнө шаан-шөкөттөнүп жана Аллаһтын жолунан (адамдарды) тосуу максатында (согушка) чыккандар сыяктуу болбогула! Аллаһ алардын бардык иштерин камтып алуучу

[48] Бир кезде шайтан аларга амалдарын кооз көргөзүп: “Силерди бүгүн адам затынан эч ким жеңе албайт (саныңар да, даярдыгыңар да мусулмандардыкынан көп) Силерди өзүм кепилдигиме аламын (эч коркпогула)” - деди.! Ал эми, эки жамаат (согуш майданында) жолукканда (Шайтан): «Менин силер менен ишим жок, (анткени,) мен силер көрбөгөн нерсени көрүп калдым. Мен Аллаһтан коркомун! Аллаһтын азабы кату» деп, аркасына качып жөнөдү

[49] Ошондо (мусулмандардын арасындагы) мунафыктар менен жүрөктөрүндө шек-күмөн болгон (ыйманы күчсүз) адамдар: “Буларды дини оолуктуруп жиберди” - дешти. Ким Аллаһка тобокел кылса, Аллаһ Кудуреттүү (жана өз ишинде) Даанышман

[50] (О, Мухаммад) Эгер сен, периштелер каапырларга: “Тозок азабын таткыла! - деп, беттерине, көчүктөрүнө чаап, өлтүрүп жатканын көрсөң эле

[51] (Дагы периштелер) «Бул (азап) өз колуңар жасаган (күнөө) иштер себептүү болууда. Албетте, Аллаһ пенделерине зулумкер эмес” (дешти)

[52] (Алардын кылмышы) Фираун адамдарынын жана алардан мурдакылардын кылмышына окшойт: Аллаһтын аяттарына каапыр болушту эле, Аллаһ аларды күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылды. Чынында, Аллаһ — Кубаттуу жана азабы катуу

[53] Бул (азаптар) Аллаһ эч бир коомго берген нээматтарын, качан алар өз жүрөктөрүндө болгон нерсени (ыйманды каапырчылыкка) өзгөртмөйүнчө өзгөртпөөсү себептүү болууда. Чынында, Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[54] (Дагы алардын иштери) Фираун адамдарынын жана алардан мурункулардын иштерине окшош: Раббисинин аяттарын “жалган” дешти эле, күнөөлөрү себептүү өлүм берип, Фираун адамдарын (деңизге) чөктүрүп жибердик. (Аллаһ жазалагандардын) бардыгы (өздөрүнө) зулум кылуучулар болду

[55] Чынында, Аллаһтын назарында кыбыраган жандыктын эң жаманы — каапырлар. Себеби, алар ыйман келтиришпеди

[56] Сен алар менен убадалаштың эле, кийин, ар бир жолку убадалашууда кыянат кылышты. Алар такыбасы жок адамдар

[57] Эгер аларды согушта тапсаң сазайын берүү менен, артындагыларга сес көргөзүп кой. Эстеринен чыгарбай жүрүшөөр

[58] Эгер (сени менен согушпастык келишимин түзгөн) бир коомдун кыянат кылуусунан корксоң, убада-келишимдерин таштап сал! (Убада бузулганын силер да, алар да) барабар (билип жүргүлө) Чынында, Аллаһ кыянатчыларды сүйбөйт

[59] Каапыр адамдар (“Эми бизге Аллаһтын азабы келишинен) өтүп кеттик” — деп ойлошпосун. Алар (эч качан Аллаһты) алсыз калтыра алышпайт

[60] (О, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты: жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллаһтын жана өзүңөрдүн душманыңарга жана да (ким экенин) Аллаһ гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүңөр. Аллаһтын жолунда (жихад үчүн) эмнени сарп кылсаңар (Кыяматта) өзүңөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат

[61] Эгер алар (душмандар) тынчтыкка ыктаса, сен да тынчтыкка умтул жана Аллаһка тобокел кыл. Аныгында, Ал — Угуучу, Билүүчү

[62] Эгерде сени алдоону каалашса, сага Аллаһ жетиштүү: Ал сени Өзүнүн (асмандан келген) жардамы жана момундар менен колдогон

[63] Жана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллаһ дос кылды. Чынында, Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[64] О, Пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Аллаһ жетиштүү

[65] О, Пайгамбар! Момундарды согушка кайраттандыр! (О, момундар!) Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, (душмандан) эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миңди жеңе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар

[66] Эми, Аллаһ силерден (милдетиңерди) жеңилдетти. Жана силерде (он эсе, жыйырма эсе көп душманга тең келе албай турган) алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, эгер силерден миң болсо, Аллаһтын уруксаты менен, эки миңди жеңет,! Аллаһ сабырдуулар менен

[67] Качан жер бетинде (Исламга өчөшкөндөр калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча эч бир Пайгамбардын алдында туткундар(дын) болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллаһ болсо, Акыретти каалайт. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман.”

[68] Эгерде, Аллаһтын тагдырында (“Ислам үммөтүнөн азап көтөрүлгөн” деп) жазылып коюлбаганда алган кун акыңардын жазасына силерди чоң азап кармайт эле

[69] Эми, олжо кылып алган нерсеңерден адал-таза билип жей бергиле.! Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

[70] О, Пайгамбар! Кол астыңдагы туткундарга айт: “Эгер Аллаһ жүрөгүңөрдө жакшылык (ыйман) бар экенин билсе, силерге, алынган кун акыңардан жакшыраак нерсени берет жана (өткөндөгү) күнөөңөрдү кечирет. Жана Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

[71] Эгер алар (мушрик туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, мындан мурун Аллаһка да кыянат кылышкан болчу, кийин Аллаһ аларды колуңа салып берди. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

[72] Чынында, ыйман келтирип, (диндерин сактап калуу үчүн Маккадан Мединага) хижрат кылган жана Аллаһ жолунда мал-жандары менен жихад кылган мусулмандар менен, аларга (Мединадагы өз үйлөрүнөн) орун-очок берип, ансар — жардамчы болгондор бири-бирине жакын-дос. Ал эми, ыйман келтирсе да, хижрат кылбаган адамдар болсо, качан хижрат кылмайынча силерге эч нерседе дос боло алышпайт. Эгер алар силерден душмандарына каршы жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда милдет. Ал эми, силер менен (өз ара согушпоо жөнүндө) убада-келишими бар болгон коомго каршы жардам сурашчу болсо, анда жардам бербейсиңер. Аллаһ эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү

[73] Каапыр адамдар бири-биринин достору. (Демек, силер эгер момун болсоңор, момундарды дос, каапырларды душман туткула). Эгер ушуну аткарбасаңар, жер бетинде бузукулуктар жана чоң күнөөлөр болот

[74] Ыйман келтирип, хижрат кылып, Аллаһтын жолунда жихад кылган адамдар менен аларга орун-жай даярдап, жардам бергендер чыныгы ыймандуулар! Аларга (Раббисинен) кечирим жана улук ырыскылар бар

[75] Кийинчерээк болсо да ыйман келтирип, хижрат кылып, силер менен бирге жихад кылгандар — силерден. Жана бир туугандар Аллаһтын Китебинде бири-бирине жакыныраак. Аллаһ ар бир нерсени Билүүчү

Тообо

Surah 9

[1] (Бул—) Аллаһ жана (Анын) пайгамбары тарабынан силер убада-келишим түзгөн мушриктер үчүн (келишим милдетинен) кутулуу (жарыясы)

[2] (О,мушриктер!) Төрт ай (мөөнөттүн) ичинде жер бетинде (тынч-аман) жүрө бергиле. Жана билип алгыла, (силерге тынчтык мөөнөтү берилсе да) силер эч качан Аллаһты алсыз калтыра албайсыңар. Аллаһ (ширк иштерин уланткан) каапырларды шерменде кылуучу

[3] (Бул) Аллаһ жана (Анын) пайгамбары тарабынан, чоң ажы күнү (Курман майрамы) болгондо адамдарга, Аллаһ жана Анын пайгамбары мушриктерден таза (б.а. алардын алдында убада-милдеттенмеси жок) экенин жарыялап коюу!? (О, мушриктер!) Эгер тооба кылсаңар, өзүңөргө жакшы (мал-жаныңарды сактап каласыңар) Эгер жүз бурсаңар, билип койгула, силер Аллаһты алсыз калтыруучу эмессиңер. Жана (О, Мухаммад,) каапырларга жан ооруткан азаптын кабарын берип кой

[4] Ал эми, силер келишим түзгөн мушриктер (милдеттенмелерден) эч нерсени бузбаса жана силер-дин эч бир душманыңарга жардам бербесе, анда алардын келишимдерин өз мөөнөтүнө чейин толук сактагыла. Албетте, Аллаһ такыба кишилерди сүйөт

[5] Эми, качан “Аль-Хурум” айлары (мушриктер менен согушууга тыюуу салынган төрт ай) чыгаары менен, мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө!, туткундагыла, курчоого алгыла жана (алардын) ар бир жолдорунда (сазайын берүү үчүн) күтүп олтургула! Эгерде тооба кылып, намаз окуп, зекет беришсе (мусулман болушса) жолдоруна тоскоол болбогула. Чынында, Аллаһ — Кечирүүчү, Ырайымдуу

[6] Эгер мушриктердин бири сенден (Аллаһтын сөзүн угуп, Ислам менен таанышуу үчүн) коргоо-кепилдик сураса, аны — Аллаһтын Сөзүн укканга чейин — өз кепилдигиңе ал. Андан соң аны өзүнүн тынч мекенине жеткирип кой. Бул (өкүм) алардын билимсиз коом болгону (жана Исламды таанып-билип алуусуна шарт жаратып берүү) үчүн

[7] (Алэми, убадасын сактабаган) мушриктерге кантип, Аллаһ жана Анын пайгамбары тарабынан убада болсун?! Эми, Масжид аль-Харамдын астында убадалашкан кишилер үчүн гана (ошол Ыйык Үйдүн урматына убадаңарды сактагыла) Качан силер үчүн (берген келишиминде) түз турушса, силер дагы түз тургула. Албетте, Аллаһ (Өзүнөн) корккон (такыба) адамдарды сүйөт

[8] Кантип (алар үчүн убада сактоо болсун?!) Чынында, алар эгер силерден үстөм-жогору болушса, силер жөнүндөгү (өз моюндарына алган) убадага да, милдентенмеге да карашпайт. Ооздору менен силерди ыраазы кылса да, (берген анттарына) жүрөктөрү көнбөй турат. Жана алардын көпчүлүгү бузукулар

[9] Азгана (дүйнөлүк) баага Аллаһтын аяттарын сатып жиберишет жана (адамдарды) Аллаһтын жолунан тосушат. Алардын жоруктары кандай жаман

[10] Момун жөнүндөгү (өз мойнундагы) келишимге да милдеттенмеге да карашпайт. Жана алар ашынып, чектен чыккан адамдар

[11] Эгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар — диндеш биртууганыңар. Биз Өз аяттарыбызды билген коом үчүн (ушинтип) ачык-айкын баяндайбыз

[12] Жана эгер келишимге кол койгондорунан кийин ант-убадаларын бузушса жана силердин диниңерди айыпташса, (аларды ушуга үйрөткөн) каапырлардын башчыларына каршы согушкула! Чынында аларда, ант (сактоо) деген болбойт. Кана эми, алар (кыянаттарынан) токтошсо

[13] (О, момундар!) Өздөрү биринчи баштап, ант-убадаларын бузган жана пайгамбарды (журтунан) чыгарууга жан үрөп аракеттенген адамдарга каршы согушпайсыңарбы? Эмне, алардан коркосуңарбы?! Аллаһтан коркушуңарга Ал көбүрөөк акылуу эмеспи, эгер момун болсоңор

[14] Аларга каршы согушкула! Аллаһ силердин колуңар менен аларга азап берип, шерменде кылып, силерге жардам берет жана момундардын жүрөктөрүн(дөгү ызааны) айыктырат

[15] Жана жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет (өч алуу көксөөсүн кандырат).! Жана Аллаһ алардан каалагандарынын тообасын кабыл алат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[16] Же болбосо, (о, ыймандуу пенделер!) Аллаһ силердин араңардан жихад кылгандар менен Аллаһтан, Анын пайгамбарынан жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды билип алмайынча (согуш менен сыналбай) жөн калабыз деп ойлойсуңарбы?! Аллаһ силердин бардык ишиңерден кабардар

[17] Өз каапырчылыктарына өздөрү күбө болуп турган абалда, мушриктер Аллаһтын мечиттерин (ибадат менен) абат кылып жиберүүлөрү эч мүмкүн эмес! (Себеби) Алардын амал-ибадаттары (ширк кылганы себептүү) “күйүп” кеткен. Жана алар Тозокто түбөлүк калуучулар

[18] Чынында, Аллаһтын мечиттерин, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллаһтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар Туура Жол табуучулардан болсо ажеп эмес

[19] Эмне, силер ажыларды сугаруу менен Масжид аль-Харамды оңдоону, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенген жана Аллаһ жолунда жихад кылган момундарга (алардын ыйманына) теңеп жатасыңарбы? Алар Аллаһтын назарында (ыйман менен жихадка чыккандарга эч качан) тең боло алышпайт! Аллаһ заалым коомду Туура Жолго баштабайт

[20] Ыйман келтирген, хижрат кылган жана Аллаһтын жолунда мал-жандарын аябай жихад кылган адамдардын даражасы Аллаһтын алдында көп эсе жогору. Ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр

[21] Раббиси аларды Өзүнүн ырайымы, ыраазычылыгы жана түгөнгүс нээматтар болгон Бейиштер менен сүйүнтөт

[22] Алар анда түбөлүк калышат. Чынында Аллаһтын алдында чоң сооптор бар

[23] О,ыйман келтиргендер! Эгер силердин атаңар, ага-иниңер ыймандан каапырчылыкты (көбүрөөк) сүйчү болсо, аларды (ким болушуна карабай) дос тутпагыла! Силердин араңардан кимде-ким аларды дос тутса, алар — анык заалымдар

[24] Айт (о, Мухаммад): “Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-дүйнөңөр, жүрүшпөй калышынан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллаһтан, Анын пайгамбарынан жана Аллаһтын жолунда жихад кылуудан да сүйүктүүрөөк болсо, анда... Аллаһ (силерге) Өз ишин (азабын) алып келишин күтө бергиле! Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт

[25] Аллаһ силерге көп орундарда жана Хунейн (деген жердеги согуш) күнүндө да жардам берди: бир кезде силерди саныңардын көптүгү кубантып жиберди эле, кийин бул силерге эч кандай пайда бербей калды жана силер үчүн жер кең болсо да тар көрүнүп, артыңарга качып калдыңар

[26] Кийин Аллаһ Өз пайгамбары менен ыймандууларга тынчтык-бейпилдигин жана силер көрө албаган аскерлерин (периштелерин) түшүрүп, каапырларды (жеңилүү менен) азаптады. Каапырлардын жазасы — ушул

[27] Андан соң, ушундан (каталардан) кийин деле, Аллаһ Өзү каалаган адамдардын тообаларын кабыл алды (кечирди). Аллаһ — Кечирүүчү, Боорукер

[28] О,ыйман келтиргендер! Мушриктер — ыпыластык! Ушул жылдарынан кийин Масжид аль-Харамга жакын жолошпосун! Эгер (жетишпестиктен)! корксоңор, Аллаһ кааласа, жакында Өз пазилети менен силерди муктаждыктан куткарат. Албетте, Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[29] (О, мусулмандар!) Аллаһка да, Акыретке да ишенбеген, Аллаһ жана Анын Пайгамбары арам кылган нерсени “арам” дебеген жана акыйкат динди кармабаган Китеп ээлерине каршы, качан өз колдору менен, моюн сунган абалда жизья салыгын (колуңарга) тапшырмайынча согуша бергиле

[30] Яхудийлер: “Узайир Аллаһтын баласы” дешти. Христиандар: “Ыйса — Аллаһтын баласы” дешти. Бул алардын оозундагы (далилсиз) сөздөрү. Алар (бул сөздөрүндө) мурунку каапырлардын сөздөрүнө окшош. Аллаһ куруткурлар! Кайда бара жатышат

[31] Алар (яхудийлер менен христиандар) Аллаһты коюп, өздөрүнүн диний аалымдары менен (дүйнөдөн түңүлгөн) кечилдерин жана Марямдын уулу Ыйсаны кудай кылып алышты. Алар жалгыз Кудайга (Аллаһка) гана ибадат кылууга буюрулган эле! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү (гана) бар! Ал каапырлар кошкон шериктерден Таза

[32] Алар (каапырлар) Аллаһтын Нурун (Динин) ооздору менен үйлөп өчүрүүнү каалашат. Бирок, Аллаһ каапырлар жаман көрсө да, Өз Нурун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкасына ыраазы болбойт

[33] Ал (Аллаһ) Өз пайгамбарын, Туура Жол жана акыйкат дин менен — эгер мушриктер жаман көрүшсө да — бардык диндерден үстөм-жогору кылуу үчүн жиберген

[34] О, ыйман келтиргендер! (Уккула, силерге сабак болсун: Китеп элдеринин) көпчүлүк дин аалымдары менен кечилдери адамдардын дүйнө-мүлкүн арам жолдор менен жешет. Жана (ушул жоруктары менен) адамдарды Аллаһтын жолунан тосушат. Ал эми, алтын-күмүштөрдү жыйнап, аларды Аллаһтын жолуна иштетпегендерге жан ооруткан азаптын кабарын бергин

[35] Ал (Кыямат) Күндө аны (алтын-күмүш теңгелерди) Тозок отуна кызытылып, алардын маңдайына, жамбаштарына аркаларына тамга басылат жана: “Бул өзүңөр үчүн жыйнаган (бирөөгө же динге пайдасы тийбеген) нерсеңер! Эми, жыйнаган нерсеңердин даамын таткыла ” (деп айтылат)

[36] Чынында, айлардын санагы Аллаһтын алдында, асмандар жана жерди жараткан күндөгү (тагдыр) Китеби боюнча он эки айдан турат. Алардан төртөө “Харам” айлары.! Бул акыйкат Дин (эрежелеринен). Бул айларда (согуш ачуу менен) өзүңөргө зулум кылып албагыла. Мушриктер (бул айлардын харамдыгына карабай) силердин бардыгыңарга каршы согушканы сыяктуу силер дагы алардын бардыгына каршы согуша бергиле.?^ Жана билип алгыла: Аллаһ такыба адамдар менен

[37] Аныгында, “нусиь” (айлардын ордун алмаштыруу) аша чапкан каапырчылык. Ал себептүү каапырлар (катуу) адашып, Аллаһ арам кылган айлардын санагын дал келтирүү үчүн аны (“нусиьны”) бир жыл адал кылышса, бир жыл арам кылышат. Эми, алар (бул жоругу менен) Аллаһ арам кылган нерсени адал кылышууда. Аларга (шайтан тарабынан) иштеринин жамандыгы кооздоп көргөзүлүүдө. Аллаһ каапыр коомдорду Туура Жолго баштабайт.”

[38] О, ыйман келтиргендер! Силерге эмне болду, “Аллаһтын жолунда (жихадга) чыккыла” деп айтылганда жерге оор отуруп калдыңар?! Эмне, силер Акыреттин ордуна жер жашоосуна ыраазы болуп калдыңарбы?! Акыреттин алдында дүйнө жашоосу(нун жыргалдары) аз нерсе го

[39] Эгер чыкпасаңар Аллаһ силерди катуу азапка салып, (өлтүрүп) ордуңарга башка коомду алып келет. Силер (Аллаһтын чакырыгына жооп бербей койсоңор) Ага эч нерсени зыян келтире албайсыңар. Аллаһ ар нерсеге кудуреттүү

[40] Эгер ага (пайгамбарга) силер жардам бербесеңер, Аллаһтын Өзү жардам берген: бир кезде, каапыр болгон адамдар аны экөөнүн экинчиси кылып (Маккадан) чыгарышканда (жардам берген.) Ошондо, экөө? үңкүрдө турганда, ал шеригине: “Кайгырбагын, Аллаһ биз менен” деген убакытта Аллаһ ага бейпилдик түшүрүп, силер көрбөй турган аскерлер (периштелер) менен колдоду. Жана каапыр адамдардын (“Мухаммадды сөзсүз өлтүрөбүз” деген) сөздөрүн төмөн кылды жана Аллаһтын (эзелки тагдырдагы) сөзү жогору болду. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[41] Жеңилдик мезгилде да, оорчулук мезгилде да (Аллаһга тобокел кылып) чыга бергиле жана Аллаһтын жолунда малыңар, жаныңар менен жихад кылгыла! Эгер билсеңер, бул өзүңөргө жакшы

[42] Эгер (О, Мухаммад, сен чакырган нерсе) дүйнөлүк пайда же жеңил сапар болсо, алар сени сөзсүз ээрчимек. Бирок, аларга аралык алыс болду. Жана алар Аллаһка ант ичип: “Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болгондо силер менен чыкмакпыз” деп, өздөрүн өлүмгө (Тозокко) түртүшөт. Аллаһ алардын анык жалганчы экенин билет

[43] Аллаһ сени кечирди. Эмне үчүн сен, өзүңө чын сүйлөгөн адамдар билингенге чейин жана жалганчыларды сынап билгениңе чейин аларга (согуштан калууларына) уруксат берип жибердиң

[44] Аллаһка жана Акырет күнүнө ыйман келтиргендер малдары жана жандары менен жихад кылуудан (калуу үчүн) уруксат сурашпайт. Аллаһ такыбаа кишилерди Билүүчү

[45] Чынында, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенбеген жана жүрөктөрү күмөн санаган адамдар гана (жихаддан калууга) уруксат сурашат. Алар өз күмөндөрүндө олку-солку болуп тура беришет

[46] Эгер алар чыгууну (жүрөктөн) каалаганда согушка даярдык көрүп коюшат болчу. Бирок, алардын чыгышын Аллаһтын Өзү каалабай, жалкоо кылып койду жана аларга: “Отуруучулар (аялдар, жаш балдар) менен (үйдө) отургула” -деп айтылды

[47] Эгер алар силер менен чыкканда, силердин кемчилдигиңерди көбөйтмөк жана араңарда бузукулукту каалап, аракет кылмак. Силердин ичиңерде аларды уга тургандар да табылат. Аллаһ заалымдарды Билүүчү

[48] Алар мындан мурун (Мединага хижрат кылганда) деле бузукулукту каалап, сенин алдыңда (көп) иштерди тескери жасашкан. Кийин акыйкат келип алар жаман көрсө да, Аллаһтын дини (жеңип) чыккан

[49] Алардан бирөөсү “(О, Мухаммад) мага (калууга) уруксат бер, мени бузуп койбо” дейт.! Алар эчак эле бузулушкан! Албетте, Тозок каапырларды ороп алуучу

[50] Эгер (бул согушта) сага жакшылык (жеңиш, олжолор) жетсе бул аларды капа кылат. Эгер бир кырсык жетсе “Биз алдын ала билип, сактанып калдык” деп, сүйүнгөн бойдон кетишет

[51] Айткын: “Бизге Аллаһ (эзелки тагдырда) жазгандан ашыкча кырсык жетпейт (эгер жазган болсо,) биздин башчыбыз Аллаһ! Момундар Аллаһка гана тобокел кылышсын”

[52] Айткын: “Бизге (кырсык жетишин) күтүп убара болбогула. Бизге эки жакшылыктан бири (же жеңиш, же Бейиш) болушун гана күткүлө! А биз болсо, Аллаһ силерди Өз азабы менен же биздин колубуз менен балээге жолуктурушун күтөбүз. Күтө бергиле, биз да силер менен бирге күтөбүз

[53] Айткын: “(Эй, мунафыктар!) Өзүңөр каалап берсеңер да каалабай берсеңер да силердин (садакаңар) эч качан кабыл болбойт! Себеби, силер бузулган элсиңер

[54] Алардын садакаларынын кабыл болуусуна тоскоолдук кылган нерсе - Аллаһка жана пайгамбарына ишенбегени, намазды жалкоолонуп окуганы жана (садаканы) оорунуп бергендери

[55] (О, Мухаммад) сени алардын дүйнө-мүлкү менен бала-чакалары кызыктырбасын! Аллаһ дүйнөдө аларды ошолор менен машакатка салат жана каапыр бойдон өлүп кетүүлөрүн каалайт

[56] Алар Аллаһты ортого салып: «Биз силерденбиз” деп ант ичишет. Алар силерден эмес, бирок, суу жүрөк адамдар

[57] (Башына оор күн түшкөндө) эгер бир башпаанек же үңкүр же башка бир кире турган жер табышса, качкан бойдон ошого кирип кетишет

[58] Алардын арасында сени садакалар(ды бөлүштүрүү) боюнча айыптагандар бар. (Мунун себеби) эгер садакалардан берилсе, ыраазы болуп калышат, эгер берилбей калса (сени) жаман көрүп калышат

[59] Эгер алар Аллаһ жана пайгамбары берген нерсеге гана ыраазы болуп: “Бизге Аллаһ жетиштүү, Аллаһ жакында бизге Өз пазилетинен берет. Пайгамбары да берет. Биз (дүйнөгө эмес) Аллаһка умтулуучуларбыз”-дешкенде (өздөрүнө жакшы болмок)

[60] (Зекет) садакалар жакырларга, кедейлерге, зекет боюнча иштегендерге, көңүлдөрү Исламга буруулуусу үмүт кылынган кишилерге, моюнду (кулчулуктан) азат кылууга, карыз болуп калган кишилерге, Аллаһтын жолунда жихад кылгандарга жана мусапырларга Аллаһ тарабынан (буюрулган парыз) иретинде берилет. Аллаһ - Билүүчү, Даанышман

[61] Алардын арасында пайгамбардын көңүлүн ооруткандар бар. Алар (пайгамбарды, уруксат сурап, алдаганда “ишенип калганы” үчүн) “ал — кулак” дешет. Айткын: “Ал силерге “жакшы кулак”. Ал Аллаһка, момундарга ишенет жана силердин араңардагы ыймандуу адамдар үчүн (Аллаһтан жиберилген) ырайым” Аллаһтын пайгамбарынын көңүлүн ооруткан адамдарга жан ооруткан азап бар

[62] Алар силерди (о, момундар,) ыраазы кылуу үчүн, Аллаһты ортого салып (“пайгамбардын көңүлүн оорутканым жок” деп) ант ичишет. Эгер алар момун болушса, (силерди койо туруп) Аллаһ менен пайгамбарын ыраазы кылуулары көбүрөөк акыйкат эмес беле

[63] Же, кимде-ким Аллаһ менен пайгамбарына каршы чыкса, ага түбөлүк Тозок оту болушун жана бул чоң шерменделик экенин алар билбейт беле

[64] Мунафыктар өздөрү жөнүндө, жүрөктөрүнө катылган эки жүздүүлүктөрүн ачып таштай турган бир сүрө түшүп калуусунан коркушат.! Айт: «Күлгүлө, эми! Аллаһ силер корккон нерсени (жүзөгө) чыгарды го!»

[65] Эгер алардан (ошол жөнүндө) сурасаң: “Биз жөн эле, ойноп эле сүйлөгөн болчубуз” - дешет. Айткын: “Силер Аллаһтын, Анын аяттарынын Жана пайгамбарынын үстүнөн күлө турган болуп калдыңарбы?!”

[66] Кечирим сурабай эле койгула, силер ыйман келтиргениңерден кийин (кайрадан) каапыр болуп бүттүңөр!! Эгер силерден бир тайпаны кечирсек, (дагы) башка бир тайпаны күнөөкөр болгону себептүү азаптайбыз

[67] Мунафык эркектер менен мунафык аялдар бардыгы — бир: жаман иштерге буюрушат жакшы иштерден кайтарышат жана (сараңдык кылып) колдорун жумуп алышат. Алар Аллаһты унутушту эле, Аллаһ дагы аларды “унутту”? Чынында, мунафыктар — бузукулар

[68] Аллаһ мунафык эркектерге, мунафык аялдарга жана каапырларга, түбөлүк кала турган Тозок отун убада кылды! Ушул аларга жетиштүү! Жана Аллаһ аларга наалат айтты! Аларга түгөнгүс азап

[69] (Эй, Мунафыктар! Силер жасаган ишиңерде) өзүңөрдөн мурунку (каапыр) адамдарга окшойсуңар: Алар силерден да күчтүүрөөк, дүйнөлөрү, бала-чакалары (жардамчылары) көбүрөөк эле. Алар (бул дүйнөдөгү) өз үлүш-насиптеринен пайдаланышты. Мурункулар пайдаланганы сыяктуу силер да өз насибиңерден пайдаландыңар. Жана ошолор (күнөө деңизине) чумкуганы сыяктуу, силер дагы чумкудуңар. Алар — дүйнө-акыретте иштери күйүп кеткен адамдар! Алар — зыян тарткан адамдар

[70] Аларга өздөрүнөн мурунку Нух коомунун, Аад, Самуд элдеринин, Ибрахим коомунун, мадяндыктардын, айкаш-уйкаш кыйрагандардын (Лут элинин) кабарлары келбеди беле?! Аларга Пайгамбарлары анык далил-баяндарды алып келишкен болчу. (Бирок, кабыл алуунун ордуна силер сыяктуу каяша айтып, мыскылдап күлүшкөн. Кийин Аллаһ аларга азап жиберди. Демек,) Аларга Аллаһ зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты

[71] Момун эркектер менен момун аялдар (достукта, жардамдашууда) өз ара ынак адамдар. (Анткени, бардыгы) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарышат. Намаз окуп, зекет беришет жана Аллаһ менен пайгамбарына (ар дайым) моюн сунушат. Жакында Аллаһ аларга Өзүнүн ырайымын жаадырат. Аллаһ - Кудуреттүү, Даанышман

[72] Аллаһ ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга, түбөлүк кала турган, астынан дарыялар агып турган Бейиштерди, ошол «Адн» (деп аталган) Бейиштердеги таза-пакиза орундарды убада кылды. Жана Аллаһтын ыраазычылыгы бардыгынан улук! Бул — улуу жеңиш

[73] О, Пайгамбар! Каапырлар менен мунаафыктарга каршы жихад кыл жана аларга өктөм бол! Алардын жайы -— тозок! Ал кандай жаман орун

[74] Алар айткан сөзүн “айтпадык” деп ант ичишет. Чынында алар (оболу) каапырлык сөзүн айтып, мусулман болгондорунан кийин (кайра) каапыр болушту. Жана жетпеген максатка (Пайгамбарга зыян берүүгө) умтулушту. Аларды Аллаһ жана пайгамбары Өз пазилети менен бай-беймуктаж кылгандан кийин гана (пайгамбарды) жек көрө башташты. Эгер тооба кылышса, өздөрүнө жакшы. А, эгер далысын салса, Аллаһ аларды дүйнө -Акыретте жан ооруткан азап менен азаптайт жана аларга жер бетинде эч бир дос, эч бир жардамчы болбойт

[75] Алардан кээ бирөөлөрү Аллаһка ант-убада берип: “Эгер бизге да Өз пазилетинен берсе (бай кылса), кайыр-садакалар берип, жакшы адамдардан болмокпуз” (дешет)

[76] Качан (Аллаһ) аларга Өз пазилетинен бергенде, ага бакылдык кылып, жүз бурган абалда тескери басып кетишти

[77] Андан соң, Аллаһка берген убадасына кыянат кылышканы жана жалган сүйлөшкөнү себептүү, Аллаһ алардын жүрөгүнө эч жоголгус нифакты (эки жүздүүлүктү) салып койду

[78] Алар, билишпейби, Аллаһ (адамдардын) ичиндеги сырларын, шыбырларын билип турушун. Чынында, Аллаһ кайыптарды эң сонун Билүүчү

[79] Момундардын арасынан өз каалоолору менен (кудурети жеткенче) садака кылган адамдарды мыскылдаган мунафыктарды Аллаһ мыскылдуу абалга салды. Аларга жан ооруткан азап бар

[80] (О, Мухаммад!) Кааласаң алардын күнөөсүн (кечирүүнү Аллаһтан) сура, каалабасаң, сураба. Эгер жетимиш ирет сурасаң да, Аллаһ аларды кечирбейт. Мунун себеби; алар Аллаһка жана пайгамбарына каапыр болушту. Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт

[81] (Жихадга чыкпай, аялдар менен жаш балдардын катарында) үйлөрүндө калгандар, пайгамбарга каршы иш жасаганына сүйүнүп, Аллаһтын жолунда мал-жандары менен жихад кылуудан түңүлүп: “(Мындай) ысыкта чыкпай эле койгула” дешти. Айткын: “Тозок отунун ысыгы катуураак, эгер түшүнүшсө,!”

[82] (Алар бул дүйнөдө аз ыйлап, көп күлгөн болчу. Эми, Аллаһтын жазасына кабылганда) кылмыштарына жараша азыраак күлүп, көбүрөөк ыйлашсын

[83] Эгер Аллаһ сени (Табук согушунан себепсиз калган жана мунусуна өкүнбөгөн) тайпага кайра жолуктурса, жана алар сенден (мындан башка, жеңилирээк) согушка чыгууга уруксат сурашса, айткын: “Эми, мени менен эч качан чыкпайсыңар. Мени менен бирге эч бир душманга каршы согушпайсыңар! Силер биринчи жолкусунда (үйдө) отурууну жактыргансыңар! Эми, калуучулар (аялдар жана жаш балдар) менен отура бергиле

[84] Эгер алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа түшүрбө жана мүрзөсүнүн үстүндө (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллаһ жана пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү

[85] Сени алардын дүйнө-мүлктөрү жана балдары (балдарынын көптүгү) кызыктырбасын! Аллаһ аларды бул дүйнөдө ошол (байлык) менен азаптоону жана каапыр бойдон өлүп кетүүсүн каалады

[86] Качан: “Аллаһка ыйман келтиргиле, жана пайгамбары менен бирге жихад кылгыла!” деген сүрө түшсө, алардын арасындагы (согуштан калууга эч кандай шылтоо-себеби жок) бай адамдар: “(О, Мухаммад) бизди жөн эле койчу. (Үйдө) отуруучулар менен эле бололучу?” - дешип сенден уруксат сурашат

[87] Алар калуучулар (аялдар, жаш балдар) менен болууга ыраазы болушту. (Натыйжада) жүрөктөрүнө мөөр уруп коюлду. Эми алар (өздөрүнө эмне пайда, эмне зыян экенин) түшүнө алышпайт

[88] Бирок, пайгамбар жана аны менен бирге болгон момундар, малдары жана жандары менен жихад кылышты. Бардык жакшылыктар ошолорго! Жана алар (Тозоктон) кутулгандар

[89] Аллаһ аларга, түбүнөн дарыялар аккан, анда түбөлүк кала турган Бейиштерди даярдап койгон. Ушул — чоң жеңиш

[90] Жана (о, Мухаммад, сенин алдыңа) өздөрүнө (согуштан калууга) уруксат сурап (арзыбаган) шылтоосу бар көчмөн арабтар дагы келди. Ал эми, (“Биз деле момунбуз” деп) Аллаһ жана Анын пайгамбарына жалган сүйлөгөндөр (уруксат сурабай эле) кала беришти. Жакында алардан каапыр болгондоруна жан ооруткан азап жетет

[91] Ал эми, (денесинде бир кемчилдиги болгон) алсыз адамдарга, оорулууларга, жихадга керек нерселерди таба албай калгандарга — эгер Аллаһ жана пайгамбарына (калыс-таза болууга жана мүмкүнчүлүк тапса эле жихадга чыгууга) ниет кылышса — (согушка чыкпаганы үчүн) күнөө жок. Жакшылык кылуучуларды айыптоого жол жок. Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу

[92] Жана, өздөрүнө (согуш үчүн) улоо таап берүүңдү сурап сага келишкенде, сен аларга: “Силерге мингизгидей улоо менде жок” дегениңде, (жихадка) пайдалана турган эч нерсе таппай калганына өксүп, көз жашын көлдөтүп кайтып кеткен адамдарга да күнөө болбойт

[93] Ал эми, бай (жана ден-соолугу таза) болсо да, сенден уруксат сураган жана аялдар, жаш балдар менен калууга ыраазы болгон адамдарды айыптоого жол бар. Аллаһ алардын жүрөктөрүн мөөрлөп койду! Эми алар (өздөрүнүн пайда-зыяндарын) биле алышпайт

[94] Силер (согуштан) кайтканыңарда, алар (бай болсо да барбай койгондор) сенден кечирим сурашат. Айткын: “Кечирим сурабай эле койгула! Силерге эч качан ишенбейбиз! Аллаһ силердин (бизден жашырган) кабарыңарды бизге билдирген. Аллаһ жана пайгамбары ишиңерди көрүп турат. Кийин (Кыяматта) көрүнөөнү да, көмүскөнү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге (бардык) кылган ишиңердин кабарын берет

[95] Качан аларга кайтып барганыңарда алардан (эч нерсе сурабай) жөн коюшуңар (үчүн) ант ичишет. Эми, алардан жүз бургула! (Себеби) Алар — ыпылас! Жана кылмыштарынын жазасына, алардын орду Тозок

[96] (Көңүлүңөргө карап) алардан ыраазы болушуңар үчүн ант ичишет. Эгер силер ыраазы болсоңор да, Аллаһ бузуку адамдардан ыраазы болбойт

[97] (Шаардан сыртта жашаган) бедуиндер (Дин-Шариятты жакшы билбегени себептүү) каапырчылык жана мунафыктык жаатынан катуураак жана Аллаһ Өз пайгамбарына түшүргөн нерсенин (диндин) чегараларын билбегенге ылайыгыраак болушат. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

[98] Бедуиндердин арасында (Аллаһ жолунда) садака кылган нерсесин (өзүнө) зыян деп билген жана силердин башыңарга оор күндөрдүн түшүүсүнө ынтызар болуп тургандары да бар. Өздөрүнүн башына балээ түшүп калсын! Аллаһ — Угуучу, Билүүчү

[99] Жана бедуиндер арасында, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенип, садака кылган нерселерин Аллаһка жакын болуу жана пайгамбардын бата-дубасына себеп деп билгендери да бар. Уккула, албетте, ал (пайгамбардын дубасы) алар үчүн Аллаһка жакындашуу(суна себеп болот). Аллаһ жакында аларды Өз ырайымына киргизет. Аллаһ — Кечирүүчү, Ырайымдуу

[100] Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллаһ ыраазы болду, алар дагы Аллаһтан ыраазы болушту. Жана Аллаһ аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу Бейиштерди даярдап койду. Бул — чоң жеңиш

[101] (О, Мухаммад) тегерегиңердеги бедуиндерден жана Медина элдеринен турган мунафыктар эки жүздүүлүгүн токтотпой жатышат. Аларды сен биле албайсың. Биз билебиз. Биз аларды эки ирет (бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да) азаптайбыз. Кийин алар (Кыяматта) чоң азапка кайтарылышат

[102] Жана башкалары (мунафык эместер) өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, жакшы иштерине башка жаман (күнөө) иштерин да аралаштырып жүрүшөт. Аллаһ алардын тообаларын кабыл алып калса ажеп эмес. Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

[103] (О, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал. Жана алар үчүн дуба кыл. Чынында сенин дубаң - алар үчүн бейпилдик. Аллаһ - Угуучу, Билүүчү

[104] Алар (тооба кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллаһ пенделеринен тообаны жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллаһ -тообаларды кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу

[105] Жана айткын: “(Эй, мунаафыктар! Каалаган) ишиңерди жасай бергиле. Аллаһ ишиңерди көрүп турат. Жана Анын пайгамбары менен момундар дагы (Аллаһ ашкерелеген ишиңерди көрүп турушат). Силер жакында кайыпты да аныкты да Билүүчүнүн алдына кайтарыласыңар. Анан Ал силерге бардык ишиңердин кабарын билдирет

[106] Дагы башкалар (мунафык эмес, бирок согуштан себепсиз калгандар) бар. Алар Аллаһтын өкүмүнө: же жазалоосуна же тообаларын кабыл алуусуна калтырылгандар. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

[107] Дагы ушундай кишилер бар, алар (Исламга) зыян жеткирүү үчүн, каапырчылык(ты күчөтүү) үчүн, момундардын арасын бөлүп-жаруу үчүн жана да мындан (бир аз) мурун Аллаһ жана Анын пайгамбарына каршы күрөшкөн адамга жардам берүү үчүн мечит курушту! жана “биз жакшылыкты (ал мечитте кедейлерге кайрымдуулук көргөзүүнү) ниет кылган элек” деп ант ичишти. Аллаһ алардын жалганчы экенине күбөлүк берет

[108] Сен (о, Мухаммад) ал мечитте (эч качан намазга) турбагын. Эң абалкы (өзүң келген) күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган (Кубаадагы) мечит сен анда турууга ылайыгыраак. Анда (денесин жана рухун) тазартууну сүйгөн адамдар бар. Аллаһ таза-пакиза адамдарды сүйөт

[109] Ким жакшыраак? Өзүнүн имаратын Аллаһтан коркуунун жана ыраазычылыгынын үстүнө курган адамбы, же болбосо, кулап-көчүп бараткан жардын кырына куруп, анысы менен бирге өзү да Тозок отуна кулаган адамбы?! Аллаһ заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт

[110] Алардын (мунафыктардын) “курулуш-(имарат)тары” тээ жүрөктөрү (бушайман-тообадан) барчаланып кеткенге чейин жүрөктөрүндө шек-күмөн болуп кала берет.! Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

[111] Чынында, Аллаһ момундардын жандары менен мал-мүлктөрүн, аларга Бейишти берүү менен сатып алат. Алар Аллаһ жолунда согушуп, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. (Жан, мал барабарына Бейиштин берилиши) Тоорат, Инжил жана Кураандагы Аллаһтын анык убадасы. Өз убадасын Аллаһтан жакшыраак ким аткара алат? (О, момундар!Аллаһ менен) жасаган соодаңарга сүйүнгүлө! бул (сооданын ишке ашуусу) — чоң жеңиш

[112] (Ар убакытта күнөө-каталарынан) тооба кылуучулар, (Аллаһтын Өзүнө гана) ибадат кылуучулар, (жеңилдик-оорчулукта) шүгүр кылуучулар, Орозо кармоочулар, рукууь жана сажда кылуучулар, (Аллаһ жана пайгамбары буюрган бардык) жакшылыктарга буюруучулар жана (бардык) жамандыктардан кайтаруучулар жана Аллаһтын чек-чегараларын сактоочулар... (ушундай) момунд-арга (Бейиштен) кушкабар бер

[113] Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга — эгер (ал мушрик) жакын тууганы болсо да — эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин

[114] Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле.! Качан ага атасы Аллаһтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле

[115] Аллаһ (эч бир) коомду Туура Жолго баштагандан кийин, качан аларга сактануучу нерселерин анык баяндап бермейинче адаштырбайт. (Аллаһ “сактангыла” деген күнөөлөрдөн сактанбай коюшса гана адаштырат). Албетте, Аллаһ - ар бир нерсени Билүүчү

[116] Чынында, асмандар жана Жер мүлкүнүн баары Аллаһка таандык. (Ал) жашоо жана өлүм берет. Силерге Аллаһтан башка эч бир (пайда берүүчү) Башчы да, (зыяндан сактоочу) Жардамчы да жок

[117] Аллаһ пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тообасын кабыл алды. Алар ага (пайгамбарга) араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда ээрчиген эле. Кийин Аллаһ алардын тообасын кабыл алды. Чынында Аллаһ аларга Ырайымдуу, Боорукер

[118] Жана Аллаһ (Табук казатынан) калып калган үч кишинин тообасын да кабыл алды. (Ошого чейин) аларга жер (жүзү ушунчалык) кеңдиги менен тарлык кылып, жүрөктөрү да кысылып калган.! Жана алар Аллаһдан Анын Өзүнө гана жалбаруу керектигин түшүнүштү. (Ыклас менен) тооба кылышканы себептүү Аллаһ алардын тообаларын кабыл алды. Аллаһ, чынында тообаны кабыл алуучу, Ырайымдуу

[119] О, ыйман келтиргендер! Аллаһтан корккула жана чынчылдар менен болгула

[120] Медина эли менен алардын айланасындагы бедуиндер үчүн (казат мезгилинде) Аллаһтын пайгамбарынан калып калышы жана өздөрү менен өздөрү убара болушу эч ылайыктуу (иш) эмес! Себеби, Аллаһ жолунда аларга бир машакат, ачкачылык, чаңкоо жетсе да, же каапырларды жек көрүп (жихад үчүн, азбы-көппү) жерлерди басып өтсө да, же болбосо (согушта) душмандардын эсебинен (жеңиш, туткун, олжо сыяктуу) нерселерге жетишсе да, ушул себептүү аларга салих (сооп) иш жазылат. Албетте, Аллаһ жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт

[121] (Ушул жихад жолунда) чоңбу, кичинеби, (кандайдыр) бир садака (кошумча) кылса же бир өрөөндөрдөн басып өтсө, Аллаһ аларга эң жакшы иштери себептүү сыйлык бериши үчүн, (бул иштери) аларга (сооп болуп) жазылат

[122] Момундардын бардыгынын (согушка) чыгып кетүүсү жарабайт. Алардын ар бир жамааттарынан бирден тайпалар чыкса (жетиштүү) болбойбу?! (Башкалары) динди жакшы үйрөнүү үчүн жана коомуна кайтып келгенде эскертүү үчүн (калышпайбы?) (Ошондо) Аллаһтын азабынан сактанышса ажеп эмес

[123] О, момундар! Жакыныңардагы каапырларга каршы согушкула! (Согушта) силерден катуу кайраттуулукту гана көрүшсүн! Билгиле! Аллаһ такыбаалуулар менен

[124] Качан бир сүрө түшкөндө алардын (мунафыктардын) кээ бирөөлөрү: “Бул сүрө кимиңердин ыйманыңарды көбөйтүп койоор экен!” деп (мыскылдуу) сүйлөшөт. (Чынында,) бул сүрө(лөр) ыйман келтирген кишилердин ыймандарын көбөйтөт жана алар (муну бири-бирине айтып) сүйүнүшөт

[125] Ал эми, (бул сүрөлөр) жүрөгүндө шек-күмөн болгондордун шектенүүсүнө дагы шектенүү кошот жана алар каапыр бойдон өлүп тынышат

[126] Алар ар жыл сайын бир же эки иреттен (Аллаһтын ар түрдүү балээлери менен) сыналып жатышкандарын ойлонушпайбы?! Анан дагы эле тооба кылышпайт, дагы эле эсине келишпейт

[127] Жана качан бир сүрө (өкүм) түшсө, (ага моюн сунуунун ордуна) бири-бирине карашып: “Сени эч ким көрүп калбадыбы?” дешип, (туш-тушуна) басып кетишет. (Натыйжада, акыйкатты) түшүнбөгөнү себептүү Аллаһ алардын жүрөктөрүн (чындыкты кабыл алуудан) буруп койду

[128] (О, момун пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана момундар үчүн ырайымдуу, боорукер Пайгамбар келди го

[129] Эгер жүз буруп кетишсе айт: “Мага Аллаһ жетиштүү. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Анын Өзү гана бар! Өзүнө тобокел кылдым. Жана Ал Улуу Арштын Раббиси!»

Жунус

Surah 10

[1] Алиф, Лам, Ра. Булар даанышман Китеп (Кураан) аяттары

[2] Өздөрүнүн арасынан (Биз тандап алган) кишиге: (Мухаммадга) “Адамдарды (тозоктон) эскерт жана ыймандууларга Раббисинин алдындагы толуп-ташкан чыныгы сыйлыктар жөнүндө кушкабар бер” деп вахий жиберишибиз (каапыр) адамдарга таңкалычтуу болдубу? Каапырлар (Аллаһтан ушул вахий кабарды алып келген Пайгамбар жөнүндө:) “Бул анык сыйкырчыдан башка эч ким эмес”-дешти

[3] Чынында, силердин Раббиңер Жер менен асмандарды алты күндө жаратып, андан кийин (жер-асмандардан да кең болгон) Арштан бийик болду.? Ал (бүт ааламдардагы) ишти (жалгыз Өзү) башкарат. Анын уруксаты болмоюн, (Анын алдында) эч ким (бирөөнүн) күнөөсүнө актоочу боло албайт. Ушул Аллаһ — Раббиңер. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Эми, эсиңерге келбейсиңерби

[4] Аллаһтын убадасы - акыйкат: (Анын убадасы боюнча) бардыгыңардын кайтып барарыңар - Өзүнө. Ал оболу калк-калайыкты жаратат. Кийин ыйман келтирип салих амал кылгандарды адилет сыйлаш үчүн жаратууну (экинчи жолу) кайталайт. Каапыр болгон адамдарга болсо, каапыр болгонунун жазасына жан ооруткан азап жана кайнак суудан шарап бар

[5] Ал Күндү жарыткыч, Айды Нур кылып койду. Жана силер эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн Айга бир нече орундарды белгилеп койду. Аллаһ муну акыйкат менен жаратты жана биле турган адамдар үчүн аяттарды ачык-айкын баян кылып жатат

[6] Чынында, түн менен күндүздүн алмашып турушунда жана жер-асмандардагы Аллаһ жараткан нерселерде такыба адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар

[7] Албетте, Бизге жолугууну үмүт кылбай (ишенбей), дүйнө жашоосуна гана ыраазы болуп, ошого жөлөнүп жүргөндөр жана Биздин аяттарыбызга көңүл бурбай койгондор

[8] Алардын жазасы - тозок, кылмыштарына жараша

[9] Чынында, ыйман келтирип салих амал кылган адамдарды, ыймандары себептүү Раббиси Туура Жолго баштайт. (Натыйжада) Бейиш бактарында алардын (жайгашкан орундарынын) астында дарыялар агып турат

[10] Бейиште алардын дуба-ибадаттары: “О, Аллаһ! Сен бардык кемчилдиктүү сыпаттардан Тазасың!” деген сөздөрдөн, учурашуулары “салам-салам” деген сөздөрдөн. Дубалары(нын аягы) болсо: “Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун!” (деген сөз менен бүтөт)

[11] Эгер Аллаһ (каапыр) адамдарга жакшылыкты (алар өздөрү) шаштырышканы сыяктуу жамандыкты да шаштырып келтирчү болсо, (качан эле) алардын жашоо мөөнөттөрү бүтүп (кыйрап) калмак. (Бирок) Бизге жолугууну үмүт кылбаган адамдарды өз адашуусунда, тентиген кейипте таштап койобуз

[12] Жана эгер бир инсанды (ооруу, апаат сыяктуу) зыян кармаса, жатып да, отуруп да, турган абалында да Бизге (жалбарып) дуба кылып калат. Эми, качан андан зыянды арылтсак, зыян кармаганда Бизге дуба кылбаган сыяктуу (тескери) басып кетет. Чектен чыккан адамдарга жасаган иштери ушинтип кооз көргөзүп койулат

[13] Биз силерден мурун да көп муундарды каапыр болуп кеткенде кыйратып салганбыз. Аларга өз Пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде, ыйман келтирбей коюшкан болчу. Биз күнөөкөр элди ушинтип жазалайбыз

[14] Кийин, алардын артынан силерди жерде орунбасар кылдык. Кандай амал кылышыңарды (сынап) көрүү үчүн

[15] Эгер аларга Биздин анык аяттарыбыз окуп берилсе, Бизге жолугууну үмүт кылбаган (мушрик) адамдар: “(О, Мухаммад) бизге мындан бөлөк Кураан алып кел же аны (биздин каалоолорубузга ылайыктап) өзгөрт”- дешкен. Айткын: “Мага аны өз оюм менен өзгөртүү мүмкүн эмес. Мен (Кураанды өзүм ойлоп чыгарбаймын) болгону, өзүмө (Аллаһ тарабынан) вахий кылынган нерселерди гана ээрчиймин. Эгер мен Раббиме күнөө кылсам, Улуу Күндүн азабынан коркомун!”

[16] Айткын: “Эгер Аллаһ каалаганда мен силерге муну окуп бербейт элем жана Ал (Аллаһ) да аны силерге үйрөтпөйт эле. Мен өмүр бою өзүңөрдүн араңарда (жашап) келем го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?»

[17] Аллаһка жалаа жаап, аяттарын “жалган” деген адамдардан заалымыраак ким бар?! Чынында, күнөөкөр адамдар эч качан жеңишке (Бейишке) жетпейт

[18] (Мушриктер) Аллаһтан башка, пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге ибадат кылып: “Ушулар Аллаһтын алдындагы биздин актоочуларыбыз” -дешти. Айткын: «Силер Аллаһка асмандар жана жердеги билбеген “шериктерин” билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктер ойлогондой болуудан) Таза жана алардын ширктеринен Бийик

[19] (Мурун) адамдардын бардыгы бир динде болушкан. Кийинчерээк (пикирде) чачыранды болуп кетишти.! Эгер Раббиң тарабынан өткөн (каапырларга бул дүйнөдө мөөнөт берүү жөнүндөгү) сөз болбогондо, каршы чыккан иштеринде аларга (кыйратуу менен) өкүм кылынмак

[20] (Каапырлар): “Ага Раббиси тарабынан (көзүбүзгө көрүнгөн) бир белги-моожиза түшүрүлбөйт бекен!” дешти. Айткын: “Кайып (илими) жалгыз Аллаһка таандык. (Силер менин акыбетимди) күткүлө, мен да силер менен бирге (силердин акыбет-натыйжаңарды) күтүүчүлөрдөн болоюн

[21] Эгер Биз адамдарга, жеткен (оору, каатчылык сыяктуу) машакат-мүшкүлдөрдүн артынан (ден- соолук, байлык, тынчтык сыяктуу) ырайым-рахмат даамын таттырсак, капыстан Биздин аяттарыбыз жөнүндө амалкөйлүк кылып (баш ийбей) калышат. Айткын: “Аллаһтын амалкөйлүгү тезирээк!” Чынында Биздин (периште-) элчилерибиз силердин айла-амалыңарды жазып турат

[22] Ал (Аллаһ) силерди деңизде жана кургактыкта жүргүзгөн. Кайсыл бир убакытта силер деңиз койнунда — кемелерде болгонуңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сыздырып баратканда жана аны менен сүйүнүп турушканда... (капыстан) аларга... добул шамалдар, ар тарабынан толкундар келип, оролуп калганын сезишкенде... Аллаһка чын ыкыластары менен: “Эгер ушундан куткарсаң шүгүр кылуучулардан болобуз!” - деп дуба кылышат

[23] (Аллаһ) аларды куткарып койгондон кийин болсо, жер бетинде акыйкатсыздык менен (Аллаһтын жалгыз Өзүнө сыйынбай) зулумдук кылышат. О, адамдар! Силердин зулумуңар өзүңөргө гана зыян. (Силер) дүйнө жашоосунун пайдаларын гана (үмүт кыласыңар) кийин (Кыяматта) Өзүбүзгө кайтарыласыңар жана Биз силерге кылган ишиңердин кабарын билдиребиз

[24] Чынында, дүйнө жашоосунун (лаззат-кооздуктарынын) мисалы - Биз асмандан түшүргөн сууга (жана ошол суу менен жер кооз болуп калганда бир апаат менен жок болуп калганга) окшош: (оболу) ал суу менен адамдар жана айбандар жей турган жер өсүмдүктөрү аралашып, (суу алардын тамыр-денесине сиңип) жер көркүнө келип, кооздоно жасанганда, жер элдери “Биз жер үстүндө кудуреттүүбүз” деп калышты. (Ошондо гана) түндөсү же күндүзү жерге Биздин буйругубуз (азабыбыз) келип, аны кечээ гана дөөлөттүү болбогон сыяктуу кыйратып койдук! Биз пикирин иштеткен адамдарга аяттарды ушинтип баян кылабыз

[25] (О, инсандар! Силерди) Аллаһ Тынчтык Үйүнө (Бейишке) чакырат жана Өзү каалаган пенделерин Туура Жолго (Исламга) баштайт

[26] (Аллаһка ибадатты) Эң сонун кылган адамдарга эң сонун нерсе (Бейиш) жана ашыкчасы (Аллаһтын Жүзүн көрүү) бар. Алардын жүздөрүнө эч бир чаң, эч бир кордук (белгиси) жукпайт. Алар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат

[27] Ал эми, жаман иштерди жасаган адамдар үчүн, өзүндөй жаман жаза (тозок) бар. Аларды кордук ороп алат жана Аллаһ тарабынан эч бир сактоочу болбойт. Алардын жүзү тим эле караңгы түндүн бир бөлүгүнө оролуп алган сыяктуу (болуп калат). Дал ошолор тозок ээлери, анда түбөлүк калышат

[28] Биз алардын бардыгын чогулткан (Кыямат) Күндө, мушриктерге: “Силер (Мага шерик кылган) көп “кудайыңар” менен ордуңардан жылбай тургула!” дейбиз. Кийин алардын арасын ажыратып койобуз. (Ошондо) алардын (Мага) шерик кылган “кудайлары” (мушриктерге карап): “Бизге сыйынган эмессиңер

[29] Силер менен биздин арабызда Аллаһ жетиштүү Күбө: биз силердин ибадат кылганыңарды билген эмеспиз” - дешет

[30] Ошол жерде ар бир жан өзү жасап өткөн иштерин сыноодон өткөрөт. Жана чыныгы кожоюндары — Аллаһка кайтарылышат. Ойлоп тапкан жалган “кудайлары” алардан жоголуп кетет

[31] (О, Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллаһ”-деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллаһтан) коркпойсуңарбы?”

[32] Ушул Аллаһ силердин чыныгы Раббиңер. Чындыктан кийин адашуучулуктан башка эч нерсе келбейт. Кайда бурулуп бара жатасыңар

[33] Ошентип, бузулган элдерге, ыйман келтирбегени себептүү Раббиңдин (азап жөнүндөгү) Сөзү аткарылды

[34] Айт: «(О, мушриктер!) силердин (Аллаһтан башка) “кудайыңардын” арасында калк-калайыкты башта жаратып, (кийин өлтүрүп) анан кайра жарата ала турганы барбы?» Айт: «Аллаһ (гана) башта жаратып, (аны өлтүргөндөн) кийин кайра жарата алат! (Ошол Аллаһка сыйынбай) кайда бара жатасыңар

[35] Айткын: “Силердин “кудайыңардын” арасында акыйкатка баштай ала турганы барбы? Айт: “Аллаһ гана акыйкатка баштай алат! (Айткылачы), ким артынан ээрчигенге көбүрөөк татыктуу: акыйкатка баштай ала турганыбы же баштай албай, тескерисинче, өзү баштоочуга муктаж болгонубу?! Силерге эмне болгон? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар

[36] Алардан (мушриктерден) көпчүлүгү шек-күмөндөрдү гана ээрчийт. Чынында, күмөн деген акыйкаттын ордун баса албайт. Аллаһ алардын иштерин Билүүчү

[37] Бул Кураан Аллаһтан башка эч кимден келбеген. Ал (Кураан) өзүнөн мурунку (Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу) китептерди тастыктайт, (адал-арам маселелерин) толук баяндап берет. Анын ааламдардын Раббиси тарабынан келгенине эч бир шек-күмөн жок

[38] Же алар: “Аны (Мухаммад) ойдон чыгарган” - дешеби? Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, Аллаһтан башка колуңардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош бир гана сүрө келтиргилечи?!”

[39] Жок! Алар Кураанды үйрөнбөй туруп, анын түшүнүк-мааниси аларга келбей туруп “жалган” дешет. Алардан мурунку каапырлар дагы (өз Пайгамбарына келген чындыкты) ушинтип “жалган” дешкен. Эми, заалымдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун карап тур

[40] Алардын арасында Кураанга ыйман келтиргендери да бар, ыйман келтирбегендери да бар. Сенин Раббиң бузуку адамдарды Билүүчү

[41] Эгер сени “жалганчы” дешсе (көңүл бурбай, даават ишиңди уланта бер, жана) аларга айт: “Менин ишим - өзүмө, силердин ишиңер - өзүңөргө. Менин иштериме силер жооп бербейсиңер, силердин ишиңерге мен жоопкер эмесмин”

[42] Алардын арасынан кээ бирөөлөрү сага кулак салышат. Сен дүлөйлөргө кантип угузмак элең, (өздөрү) акылдарын иштетпей жатышса

[43] Алардан дагы бирөөлөрү сени(н аракетиңе сынтагып) тиктеп турушат. Эгер (акыл көзү менен) көрө алышпаса, сен сокур адамды кантип Туура Жолго баштамаксың

[44] Аллаһ адамдарга эч зулумдук кылбайт. Бирок, адамдар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылып алышат

[45] Ал (Аллаһ) адамдарды чогулткан (Кыямат) Күндө, алар (бул дүйнөдө) күндүздүн бир саатын гана (жашап) тургандай болушат. Бири-бирлерин таанып турушат. (Ошондо) Аллаһка жолугууну “жалган” дегендер зыян тартып калышат. (Анткени,) алар Туура Жолго түшкөн эмес

[46] (О, Мухаммад!) Эгер Биз аларга убада берген нерсени (ушул дүйнөдө жазалоону) сага көрсөтсөк да, же (көргөзбөй эле) сенин жаныңды алсак да (капа болбо, акырында) алар Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан, Аллаһ алардын бардык кылмыштарына Күбө болот

[47] (Тарыхтагы) ар бир эл-үммөт үчүн пайгамбар (жиберилген). Качан аларга пайгамбарлары келгенде (кээ бирөөлөрү ыйман келтирип, көпчүлүгү жалганчыга чыгарышкан. Ал эми, Кыяматта) аларга эч бир зулумдук кылынбай, адилеттик менен өкүм кылынат

[48] (Мушриктер): “Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы, о мусулмандар, Аллаһ бизди жазалайм деген) ошол убада качан?”- дешет

[49] Айткын: “Мен өзүмө Аллаһ каалагандан башка не пайда, не зыян жеткире албаймын (мен болгону силер үчүн эстетүүчүмүн). Ар бир үммөттүн белгиленген мөөнөтү бар. Качан ошол мөөнөтү келгенде, алар бир саатка да кечиктирилбейт жана тездетилбейт

[50] Айткын: “Эмне деп ойлойсуңар, Аллаһтын азабы силерге түндөсүбү же күндүзүбү келсе (силер үчүн анын айырмасы канчалык?!) Кылмышкерлер азапты эмне мынча шашылтырышат

[51] Кийин (капыстан) ал азап келгенде, (дароо) ыйман келтирдиңер. Эмиби?! (Эми ыйманыңар кабыл болбойт. Кеч болуп калды!) Силер аны шаштырбадыңар беле

[52] Кийин (Акыретте) заалым адамдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Силер кылмышыңарга жараша гана жазаланасыңар” - деп айтылат

[53] Жана алар сенден: “Ушул чындыкпы?” деп сурашат. Айткын: “Ооба, Раббиме ант: бул — чындык! Силер Аллаһты алсыз кыла албайсыңар

[54] Жана (Кыяматта) ар бир зулумдук кылган жан үчүн бүт жер жүзүнүн байлыгы (күнөөсүнө) төлөм катары берилсе да, азапты(н бар экенин өз көзү менен) көргөндө бушайман чексе да, аларга эч зулумдук кылынбаган абалда, адилеттик менен өкүм кылынат

[55] О, көңүл бургула! Чынында, асмандар жана жердеги нерсенин бардыгы Аллаһка таандык! О, көңүл бургула! Чынында, Аллаһтын убадасы — Акыйкат! Бирок муну алардын көпчүлүгү билишпейт

[56] Ал өлтүрөт жана тирилтет. (Мында Ага эч ким шерик боло албайт) Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар

[57] О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү бузулууларга шыпаа, Туура Жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Кураан китеби) келди

[58] Айт: “Аллаһтын пазилети (Кураан) жана ырайымы (дин-ыйман) — ушулар менен сүйүнүшсүн! Бул алар чогулткан (мал-дүйнө сыяктуу) нерселерден жакшы

[59] Айт: “(О, мушриктер!) айткылачы, Аллаһ силерге түшүрүп берген ырыскыларды(н бирин) арам, (бирин) адал кылдыңар”. Айткын: “Кабар бергилечи, силерге (бул жоругуңарга) Аллаһ уруксат бердиби, же Аллаһка жалаа жаап жатасыңарбы

[60] Аллаһка жалгандан жалаа жаап жаткан адамдардын Кыямат Күн жөнүндө ойу кандай болду экен? Чынында, Аллаһ адамдарга пазилеттүү. Бирок, адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт

[61] (О, адамдар!) Силер кандай гана абалда болбогула, Кураандан эмнени гана окубагыла, кандай гана иш жасабагыла — Биз силердин ошол иш менен алек болгонуңарга Күбө болуп турабыз. (О, Мухаммад!) Сенин Раббиңден асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да жашыруун боло албайт. Ошол нерседен чоң же кичине болгон нерселердин бардыгы Анык Китепте (Лаухул-Махфузда) жазылып коюлган

[62] Уккула! Чынында, Аллаһтын досторуна (келечекте) эч коркунуч жок жана алар (өтмүштөгү иштерине да) кайгырышпайт

[63] Алар ыйман келтирип, такыба болгон адамдар

[64] Алар үчүн Дүйнөдө жана Акыретте сүйүнчү кабарлар бар. Аллаһтын сөздөрү (эч качан) өзгөртүлбөйт. Бул — Улуу Жеңиш

[65] (О, Мухаммад) Сени алардын (динге жана сага багытталган ыпылас) сөздөрү капа кылбасын. Бардык урмат-ызаат Аллаһ үчүн! Ал — Угуучу, Билүүчү

[66] Уккула, чынында асмандар жана жерде болгондун бардыгы Аллаһтын гана мүлкү. Аллаһтан башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылып жаткандар шек-күмөндөрдү гана ээрчишет жана жалгандарды гана божомолдошот

[67] Ал (Аллаһ) силерге анын койнунда бейпил дем алышыңар үчүн түндү жана (анда турмуш-тиричилик кылууңар үчүн) жарык күндүздү чыгарып берди. Албетте, бул нерседе (аң-сезим менен) уга билген адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар

[68] (Каапырлар) “Аллаһтын баласы бар” дешти. Ал (каапырлардын сыпаттоосунан) Таза! Ал — Беймуктаж. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Анын менчиги. (О, каапырлар!) Силердин алдыңарда бул сөзүңөргө далил жок! Эмне, силер Аллаһ жөнүндө билбеген (далилсиз) нерселерди сүйлөй бересиңерби

[69] Айткын: “Аллаһка жалгандарды ойлоп тапкан адамдар (Тозоктон) кутулушпайт!”

[70] (Алар үчүн) Дүйнөдө (өз жалгандары менен бир аз) пайдалануу бар. Анан, Өзүбүзгө (кайтып) келишет. Анан, аларга каапырчылыктары себептүү катуу азап таттырабыз

[71] (О, Мухаммад) Аларга Нухтун кабарын окуп бер: Бир кезде Нух коомуна (кайрылып) айтты: “О, коомум! Эгер менин (динге даават кылып, көп жылдар араңарда) турушум жана Аллаһтын аяттарын эскертишим силерге оор келген болсо, Аллаһка тобокел кылдым, (мага каршы) бардык амал-күчүңөрдү жана Аллаһка шерик кылган бардык “кудайыңарды” чогулта бергиле. Ишиңер өзүңөргө белгисиз болуп калбасын. Анан мага эч мөөнөт бербей, (колуңардан келгенин) кылгыла

[72] Эгер (насааттарымды кабыл албай) кетсеңер, мен силерден (динге чакырганым үчүн) акы сураганым жок. Сооп-сыйлыкты мен Аллаһтан гана сураймын. Жана мен мусулмандардан (Аллаһтын Өзүнө гана моюн сунуучулардан) болууга буюрулганмын”

[73] Андан соң коому аны (дагы бир ирет) “жалганчы” дешти. Анан Биз аны жана аны менен бирге болгондорду кемеде куткарып, (топон суудан кыйрагандарга) орунбасар кылдык жана Биздин аяттарыбызды “жалган дегендерди чөктүрүп салдык. Эскертилген адамдардын акыбалы кандай болгонун көрүп кой

[74] Кийин Биз анын (Нухтун) артынан (көп) пайгамбарларды өз коомдоруна жибердик. Алар коомдоруна анык далилдерди (моожизаларды) көргөзүштү. Бирок, алар, (моожизаларды көрсө да) мындан мурун “жалган” деген нерселерине (динге) ыйман келтиришпеди. Биз чектен чыгуучулардын жүрөгүн ушинтип мөөрлөп койобуз

[75] Андан соң пайгамбарлардын артынан Муса (бин Имран) менен (агасы) Харунду Фираун жана анын сарай кызматчыларына, Өзүбүздүн моожизаларыбыз менен жиберген кезде алар текеберленип, кылмышкер коом болуп калышты

[76] Анан качан аларга Биздин алдыбыздан Акыйкат келгенде: “Бул — анык сыйкыр” дешти

[77] Муса айтты: “Силерге Акыйкат келгенде (бул — сыйкыр) деп жатасыңарбы?! Ушул сыйкырбы? Сыйкырчылар максаттарына жете албайт!”

[78] Алар айтышты: “Силер бизди ата-бабалар жүргөн динден тосуу үчүн жана (биздин) жердеги бийлик силерге ооп калуу үчүн (жана бизди өз жерибизден чыгарып жиберүү үчүн) келдиңерби?! Биз экөөңө (эч качан) ыйман келтирбейбиз!””

[79] Анан Фираун айтты: “Мага (Мисир жериндеги) бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келгиле!”

[80] Качан сыйкырчылар (Муса менен жарышканы) келгенде Муса аларга: “Эмнени таштоону кааласаңар таштагыла”- деди

[81] (Сыйкырчылар колдорундагы жиптерди, таякчаларды) таштады эле, (кадимки эле бултуңдаган жыландарга окшоп калды. Анда) Муса айтты: “Силер жасаган (ушул) иш (анык) сыйкыр! Аллаһ тез эле анын жалганын чыгарат! Чынында, Аллаһ бузукулардын ишин оңдобойт.»

[82] Аллаһ кылмышкерлерге жакпаса да, Өзүнүн сөздөрү менен Акыйкатты бекемдеп койот

[83] Мусага (көпчүлүк) ыйман келтирбеди. Өзүнүн коомунан бир тайпа жаш жигиттер гана! Фираун менен анын адамдары аларды (күч менен) динден кайтарып коюусунан корккон абалда ыйман келтиришти. (Анткени,) Фираун жер бетинде багынтуучу (каардуу) жана чектен чыккандардын бири эле

[84] Муса айтты: “О, коомум! Эгер Аллаһка ыйман келтирген жана мусулман болсоңор, (ыйман милдетин аткаргыла жана) Аллаһка тобокел кылгыла

[85] Алар (Мусанын коому анын сөзүнө муюп) айтты: “Аллаһка тобокел! О, Рабби! Бизди заалым адамдарга кор (жеңилген) кылып койбо

[86] Жана Өз Ырайымың менен бизди каапыр коомдон куткар

[87] Биз Муса менен агасына (Хаарунга): “Экөөң коомуңар үчүн Мисирде (ибадат кылуучу) үйлөрдү кургула жана (эгер жалпы ибадатканада намаз окууга тоскоолдук болсо) өз үйүңөрдү ибадаткана кылып, намаз окугула. Жана адамдарга (жакында келе турган Аллаһтын жардамы тууралуу) сүйүнүчтүү кабар айткыла!”-деп вахий кылдык

[88] Муса айтты: “О, Раббим! Сен Фираун менен анын адамдарына (бул) дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң! О, Раббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. О, Раббим! Алардын мал-мүлкүнө апаат берип, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын

[89] (Анда Аллаһ): “Экөөңөрдүн дубаңар кабыл болду. Эми, (диниңерде) түз болуп, (дааватыңарды улантып) илимсиз адамдардын жолуна ээрчибегиле!”-деди

[90] Биз Исрайил урпактарын деңизден (аман-эсен) өткөрдүк. Фираун менен анын аскерлери зулумдук жана душмандык кылуу үчүн аларды кууп келди. Качан гана Фираун (деңизге) чөгө баштаганда: “Ыйман келтирдим! Чын эле, Исрайил урпактары ишенген Аллаһдан башка кудай жок! Мен да мусулмандардан биримин!”-деди

[91] Эмиби?! Кечээ эле күнөөкөр болуп, бузукулардан болуп жүрдүң эле

[92] Бүгүн (сени өлтүрүп, бирок) денеңди куткарабыз, сенден кийинкилерге сабак болушу үчүн. Чынында, көпчүлүк адамдар биздин аяттарыбыздан кабарсыз калышкан

[93] Биз Исрайил урпактарын эң мыкты орундарга (Фираундан калган кооз жерлерге) орноштуруп, таза-пакиза нерселерден ырыскы бердик. Алар качан өздөрүнө илим (ыйык китеп) келгенге чейин (чындык жөнүндө) талашып-тартышышкан жок. Чынында, (О, Мухаммад,) Сенин Раббиң, алардын арасындагы талашкан нерселерине Кыямат Күндө Өзү өкүм чыгарат

[94] (О, Мухаммад) Эгер Биз сага түшүргөн нерседе (туурабы же туура эмеспи деп) экиленип калсаң, өзүңдөн мурунку китепти (Тоорат, Инжилди) окуган (ынсаптуу) адамдардан сура.! Аныгында, сага Раббиңден Акыйкат (Кураан) келди. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбогун

[95] Жана сен Аллаһтын аяттарын “жалган” деген адамдардан болбогун! Анда зыян тартуучулардан болуп каласың

[96] Чынында, Раббиңдин сөзү (азабы аларга келиши) чындык болуп калган адамдар ыйман келтиришпейт

[97] Эгер аларга (Аллаһтан) бардык далил-моожизалар келсе да, жан кыйноочу азапты (өз көздөрү менен) көрмөйүнчө ынанышпайт

[98] (Башына азап келе жатканын көрүп) ыйман келтирсе, ал ыйманы өзүнө пайда берген эл-журт жок, бир гана Юнустун коомунан башка. (Юнустун коому азапты көрүп) ыйман келтирди эле, Биз алардан дүйнө жашоосундагы кордук азабын арылтып койдук жана (белгилүү) бир убакытка чейин (жашоо менен) пайдаландырдык

[99] (О, Мухаммад) Эгер сенин Раббиң кааласа жер бетиндеги бардык адамдар (бири калбай) ыйман келтиришмек.? Эмне, сен адамдар (өз ыктыяры менен) ыйманга келгенге чейин эле аларды мажбурлайын деп турасыңбы

[100] Аллаһтын каалоо-уруксатысыз эч бир жан ыймандуу боло албайт. Ал эми, акылын иштетпеген адамдарды (Аллаһ Таала) азапка (дуушар) кылат

[101] (О, Мухаммад) Айткын: “Асмандар жана жердеги (Анын кудуретине белги болгон) нерселерге карагыла. Бирок, (бул) белгилер жана (азаптан) эстетүүлөр ыймансыз адамдарга пайда бербейт

[102] (Каапырлар) өздөрүнөн мурун өткөн каапырлардын күнүнө окшош (азаптуу) күндү гана күтүп жатышат. (Аларга насаат пайда бербей калды. Ошондуктан,) аларга «күтө бергиле, мен да силер менен бирге (силердин азапка жолугууңарды) күтүүчүлөрдүн биримин» деп айткын

[103] (Азап келгенден) кийин Биз Өз пайгамбарларыбызды жана ыйман келтирген адамдарды куткарабыз. Ыймандуу адамдарды ушинтип куткаруу - Биз үчүн милдет

[104] Айткын: “О, адамдар! Эгер менин динимден күмөн санасаңар, мен Аллаһтан башка силер ибадат кылып жаткан “кудайларга” ибадат кылбаймын. Бирок, силерди өлтүрө турган Аллаһка ибадат кыламын жана мен момундардан болууга буюрулгамын

[105] (О, Мухаммад) жүзүңдү эң туура Динге бур жана мушриктерден болбо

[106] Аллаһтан башка өзүңө не пайда, не зыян жеткире албаган “кудайларга” дуба кылба! Эгер ошентчү болсоң, анда сен заалымдардан (мушриктерден) болуп каласың

[107] Эгер Аллаһ сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллаһ бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллаһтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал — Кечиримдүү, Ырайымдуу

[108] Айткын: “О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан Акыйкат (Кураан) келди. Ким (анын өкүмү менен жашап) Туура Жол тапкан болсо — өз пайдасына. Ким адашса — өзүнүн гана зыянына. Мен силер үчүн (ишиңерди текшерип жүрүүчү) өкүл эмесмин»

[109] Өзүңө вахий кылынган нерсени (Кураанды) гана ээрчип, (эгер сени бирөө “жалганчы” десе, араңарда) Аллаһ өкүм кылганга чейин сабыр кыл. Ал - өкүм кылуучулардын мыктысы

Худ

Surah 11

[1] Алиф, Лаам, Раа. Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллаһ) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды

[2] (Мунун себеби) Аллаһтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллаһ тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн

[3] Жасаган күнөөңөрдү кечирүүсүн сурап, Аллаһка жалбаргыла жана (“экинчи кайталабаймын” деп) тооба кылгыла! (Ошондо) силерди, белгиленген убакытка чейин эң сонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (ихсан-садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетинен берет. Эгер жүз үйрүп кетсеңер, мен силерге Улуу Күндүн (Кыяматтын) азабы жетип калуусунан коркомун

[4] Бардыгыңардын кайтышыңар — Аллаһка! Ал — ар нерсеге кудуреттүү

[5] Уккула, алар Аллаһка билдирбеш үчүн көкүрөктөрүн(дөгү каапырлыктарын) жашырышат. Уккула, эгер алар (көкүрөгүнүн үстүнөн) кийимдерин ороп алса да Аллаһ бардык сырларын жана ашкере нерселерин билип турат. Чынында, Ал көөдөндөрдү ээлеген сырларды Билүүчү

[6] Жер бетинде (суу түбүндө жана аба мейкиндигинде) кыбырагандын баарынын ырыскысы Аллаһтын кепилдигинде. Ал алардын жатар жерин дагы бараар жерин дагы билет. Бардыгы ачык-айкын Китепте (Лавхул-Махфузда жазылган)

[7] Аласмандарды жана жерди алты күндө жараткан. Анын Аршы суунун үстүндө эле. Кимиңердин амалыңар жакшыраак экенин сынаш үчүн. (О, Мухаммад) Эгер сен: “Силер албетте, өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилесиңер” десең, каапыр адамдар: “Бул анык сыйкырдан башка эмес” дешет

[8] Эгер Биз азап берүүнү алардан белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек (шылдыңдашып): “Аны эмне кечиктирди экен?” -дешет. Уккула, (азап) келгенде алардан кайтпайт жана аларга шылдыңдаган нерселери түшөт

[9] Эгер Биз инсанга ырыскыларыбызды(н даамын) таттырып, кийин аны алып койсок (Бизден) үмүтсүз жана шүгүрсүз болуп калат

[10] Ал эми, башына түшкөн оор күндөрдүн артынан (көп-көп) нээматтарыбызды(н даамын) таттырсак “Оор күндөр өттү (эми келбейт)” деп манчыркап, бирөөнү назарына илбей калат

[11] Ал эми, (машакаттуу күндөрдө) сабырдуу болуп, салих-жакшы амалдарды кылган адамдар (андай эмес.) Аларга Аллаһтын кечирими жана чоң сооптор бар

[12] (О, Мухаммад, мушриктердин) “Ага асмандан казына түшсө же асмандан периште (учуп) келсе болбойт беле” деген сөздөрү себептүү балким, Сенин жүрөгүң сыгылып, өзүңө вахий кылынган кээ бир аяттарды таштагың келээр. (Капа болбо жана андай кылба) сен — эстетүүчүсүң. Аллаһ ар нерсенин сактоочусу

[13] Же болбосо алар (Кураанды Мухаммад) ойлоп чыгарган дешеби? Айткын: «Эгер сөзүңөр чын болсо, Аллаһтан башка чакыра алганыңардын баарын жардамга чакырып, ушуга окшош Он даана “ойлоп чыгарылган сүрө” келтиргилечи, кана

[14] Эгер (жардамга чакырган кыйындарыңар) силерге жооп бербесе, анда, билип койгула: бул (Кураан) Аллаһтын илими менен түшкөн! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар! Эми, мусулман болосуңарбы?»

[15] Ким ушул дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласа, аларга (каалаган) иштерин ушул дүйнөдө толуктап беребиз. Жана алар кем болбой жашашат

[16] Бирок, аларга Акыретте Тозок отунан башка эч нерсе жок! Жана дүйнөдө жасаган, аткарган иштери “күйүп”, пайдасыз болуп калат

[17] Раббиси тарабынан анык далилди (Кураанды) кармаган, ал далилин Рабби тарабынан (дагы бир) күбө (таза акыл) коштогон, андан мурдараак жолбашчы жана ырайым болгон Мусанын Китеби (Тоорат дагы тастыктаган) адамдар! (Туура Жол табуучубу же далил кармабай эле адашып жүргөндөрбү?) Ошол (далил кармаган) адамдар ага (Кураанга) ыйман келтиришет. (Ар түрдүү) тайпалардан ким буга каапыр болсо ага убада кылынган жер — Тозок. Сен (О, Мухаммад) андан күмөн санаба. Ал — Раббиңден келген Акыйкат. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт

[18] Аллаһка жалаа жапкандардан көбүрөөк заалым болгон ким бар?! Алар (Кыяматта) Раббисине жолуктурулат жана (бардык) күбөлөр: “Раббисине жалган жалаа жапкандар — ушулар!” дешет. Уккула, заалымдарга Аллаһтын наалаты болсун

[19] (Заалымдар адамдарды) Аллаһтын жолунан тосуп, аны (өз каалоолоруна карай) бурууну каалашат. Алар Акыретке тап-такыр ишенбеген адамдар

[20] Алар жер бетинде (Аллаһтын өкүмүнөн) качып кутула алышпайт жана аларга Аллаһтан башка жардамчы да жок. Аларга (өздөрүнө кошуп башкаларды да адаштырганы себептүү) кошумча азап берилет. Алар (Акыйкатты жек көрүп, аны) укканга да, көргөнгө да жарабай калышты

[21] Алар өздөрүнө зыян кылган адамдар. Жана (Кыямат жазасы мезгилинде) ойлоп тапкан “кудайлары” алардан жок болуп кетет

[22] Эч шексиз алар Акыретте эң көп зыян тартуучулар

[23] Ыйман келтирип, сооптуу иштерди жасаган жана Раббисине моюн сунган адамдар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат

[24] Бул эки тайпанын (шордуулар менен бактылуулардын) мисалы сокур, дүлөй менен көрүүчү, угуучу адамга окшош. Ушул экөөнү теңештирип болобу? Эсиңерге келбейсиңерби

[25] Биз Нухту өз коомуна элчи кылып жибердик. (Ал айтты:) “Мен силерге анык эстетүүчүмүн

[26] Аллаһтан башкага ибадат кылбашыңарды (эскертемин.) Мен силердин башыңарга кыйноочу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун”

[27] Анын коомунун арасындагы каапыр болгон уруу башчылары: “Биздин оюбузча, сен биз сыяктуу эле адамсың. Биз сенин артыңдан акылсыз кедейлер гана ээрчигенин көрүп турабыз. Бизден артыкча жериңерди эч көрбөй жатабыз, тескерисинче биз силерди жалганчылар деп күмөн кылабыз”-дешти

[28] (Нух) айтты: “О, коомум! Айткылачы, эгер мен Раббимден келген анык далилге ээ болсом жана мага Андан ырайым — пайгамбарчылык келген болсо, а бирок, бул силерге билине элек болсо, силер аны жаман көрүп турсаңар деле, биз силерди ага мажбурламак белек

[29] О,коомум! Мен (динге) даават кылганым үчүн силерден мал-дүйнө сурабаймын. Мага сооп- сыйлыкты Аллаһ берет. Мен ыйманга келгендерди кууп жибербеймин.! Алар Раббисине жолугуучу (жана андан Бейиш сыйлыгын алуучу) адамдар. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүп турамын

[30] О, коомум! Эгер мен ал адамдарды айдап жиберсем, Аллаһтын (азабынан кутулууга) мага ким жардам бере алат?! Ойлонбойсуңарбы

[31] Мен силерге: “Менде Аллаһтын казыналары бар” дебеймин. Мен кайыпты да билбеймин (аны бир Аллаһтан башка эч ким билбейт). Жана “мен периштемин” деп да айтпаймын. Жана... Силер көзүңөргө илбеген (бей-бечара) адамдар жөнүндө: “Аллаһ аларга жакшылык (Бейиш) бербейт” дей албаймын. (Эгер ыймандары ыкыластуу болсо, албетте, берет) Алардын жан-дилиндеги нерселерди Аллаһ көбүрөөк билет. Мен (эгер силер каалаганды айтсам) анда, мен заалымдардан болуп калмакмын. Мушрик-каапырлар Нух алейхи саламдан өздөрү талап кылган жоопту алалбай калгандан кийин мындай

[32] дешти: “О, Нух! Биз менен көп талаштың! Эгер сөзүңдө чынчыл болсоң, бизге убада кылганыңды (азапты) келтирчи кана!”

[33] (Анда Нух): “Аны силерге эгер кааласа, Аллаһ гана келтирет. Анда (Аллаһ Таалага) алыңар жетпей калат

[34] Эгер Аллаһ силерди адаштырууну каалаган болсо, мен силерге насаат айтууну кааласам да, насаатым силерге пайда бербейт. Ал силердин Раббиңер жана Өзүнө кайтарыласыңар”- деди

[35] Же алар: “(Нух) Аллаһка жалган-жалаа айтып жатат” дешеби? Айт: “Эгер мен жалган айтсам, күнөөм өз мойнумда. Бирок, мен силердин күнөөңөргө жооп бербеймин”

[36] (Нухка вахий кылынды: “Коомуңдун арасынан мурда ыйман келтиргендеринен башка эч ким ыйман келтирбейт.) Бирок, алардын (каапырлык) иштери себептүү кайгырба. (Аллаһ сазайын берет)

[37] (О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана заалым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар — чөктүрүлгөндөр

[38] (Анан Нух) кеме жасай баштады. Ар качан (анын) алдынан коомунун адамдары өткөндө, аны шылдыңдашты. (Анда Нух): “Эгер (азыр) бизди мазактасаңар, биз да силерди өзүңөрдөй мазактайбыз

[39] Силер тез эле кимге (ушул дүйнөдө) кор кылуучу азап жана (Акыретте) кимдерге түбөлүк азап келишин билип аласыңар”- деди

[40] Качан гана Биздин (тагдырда белгилеген) буйругубуз келип, (асмандан сел куюлуп, бардык жерден, жадагалса оттун “уюгу” болгон) тандырлар(дын оозунан да оргуштап суу) атырылып чыкканда, Биз айттык: «(О, Нух!) Кемеңе ар түрдүү айбанаттардан экиден жуптарды, үй-бүлөңдү жана ыйман келтиргендерди чыгар. Ал эми, Биздин (“ага өлүм” деген) сөзүбүз жеткен адамдарды (чыгарба!)» Ага бир аз эле кишилер ыйман келтирген болчу

[41] (Нух) айтты: «кемеге чыккыла! Анын жүрүшү да, токтошу да Аллаһтын ысымы менен. Чынында, Раббим - Кечиримдүү, Ырайымдуу!»

[42] Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна: “О, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо! (Анда сен дагы чөгүп өлөсүң)”- деди

[43] (Баласы атасына ишенбей): “Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат”-деди. (Нух) айтты: “Бүгүн Аллаһтын буйругунан кутултуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана (кутулат.) (Анан) экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана (уулу, каапыр болгону себептүү) чөктүрүлгөндөрдөн болду

[44] (Кийин Аллаһтын буйругу) айтылды: “О, жер, сууңду тарт! О, асман, (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. (Кеме) Жудий тоосунун үстүндө токтоп калды жана “заалымдарга өлүм!” деген наалат айтылды

[45] Анан Нух Раббисине (бийик добуш менен) жалбарды: “Раббим-ай! Уулум менин үй-бүлөмдөн го!? Сенин убадаң акыйкат го!? Сен эң адилет өкүм кылуучусун го!?”

[46] (Аллаһ) айтты: “О, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес! Чынында, бул (сенин каапырга жан тартышың) жакшы иш эмес! Өзүң (акыбетин) билбеген нерселерди менден тилебе! Мен сага наадандардан болбошуңду насаат кыламын”

[47] Айтты: “О, Раббим! Мен өзүм билбеген нерсени Сенден сураганымдын жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин! Эгер Сен мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыян тартуучулардан болуп каламын

[48] Айтылды: “О, Нух Биз тараптан берилген амандык менен жана сага, сени менен (кемеде) бирге болгондорго берилген берекелер менен (жерге) түшкүн. Дагы эл-улуттар (болот). Биз аларды (ар түрдүү) нээматтар менен пайдалантабыз. (Эгер шүгүр-ибадат кылышпаса) кийин аларды Биз тараптан келген кыйноочу азап кармайт

[49] (О, Мухаммад!) Булар Биз сага вахий кылган кайып кабарлары. Мындан мурун аларды сен билбейт элең, коомуң да билбейт эле. Эми, сабырдуу бол. Чынында, акыбет-натыйжа такыбаа кишилердин пайдасына

[50] Жана Биз (Йемен) жериндеги) Аад элине, өздөрүнүн бурадарлары Худду Пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «О, коомум! Аллаһтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге Андан бөлөк сыйынууга татыктуу кудай жок! Силер (жалган “кудайларды”) ойлоп чыгарган (мушрик) экенсиңер

[51] О, коомум! Мен өзүмдүн дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү мени жараткан Аллаһтын вазыйпасы. Акылыңарды иштетпейсиңерби

[52] О, коомум! (Өткөндөгү күнөөңөргө) Раббиңерден кечирим сурап, тооба кылгыла! (Ошондо) Ал үстүңөргө нөшөрлөгөн (берекелүү) жамгырларды жиберет, кубатыңарга дагы кубат кошот. (Ыйманга келгиле!) Күнөөкөр болуп тескери баспагыла!”

[53] (Мушриктер) айтышты: “О, Худ, бизге далил (моожиза) алып келбедиң. Сенин сөзүң менен биз кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ыйман келтирбейбиз

[54] Биз “сени кудайларыбыздан бири жинди кылып коюптур” дегенден башка эч нерсе айталбайбыз. (Худ) айтты: “Мен Аллаһты күбө кыламын жана силер да күбө болуп койгула: Мен алысмын, (силер) шерик кылып жаткан кудайыңардан

[55] Аллаһты таштап! Эми мага (колуңардан келген) бардык амалыңарды эч кечиктирбей жасай бергиле

[56] Менин жана силердин Раббиңер — Аллаһка өзүмдү тапшырдым. Аллаһ маңдайынан мыкчыбаган (Өз өкүмүн өткөрбөгөн) эч бир жан жок! Чынында, менин Раббим Туура Жол үстүндө

[57] Эгер жүз бурсаңар (өзүңөрдөн көргүлө). Мен силерге өзүм алып келген нерсени (динди) жеткирдим (жана милдетимди аткардым). Эми Раббим ордуңарга башка бир (Өзүнө моюн суна турган) коомду келтирет. (Силер каапырлыгыңар менен) Аллаһка эч кандай зыян келтире албайсыңар. Чынында, Раббим - ар нерсени Сактоочу

[58] Жана качан гана Биздин буйругубуз (катуу шамал) келгенде Худ жана аны менен бирге болгон ыймандууларды Өз ырайымыбыз менен куткардык. Биз аларды катуу азаптан куткардык

[59] Мына бул (Аллаһ жазалаган) Аад коому Раббисинин аяттарын четке кагып, пайгамбарларына күнөөкөр болуп, ар бир тоңмоюн, текебер адамдарга ээрчип калган эле

[60] Аларды бул дүйнөдө да Кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Уккула! Чынында, Аад коому Раббисине каапыр болду! Уккула, Худдун коому Аадга өлүм

[61] Жана Самуд коомуна өздөрүнүн бурадары Салихты (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “О, менин коомум! Аллаһтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге (жерде да, асманда да) Андан башка Кудай жок. Ал силерди жерден (топурактан) жаратып, анын үстүндө жашатып койду. Аллаһтан кечирим сурагыла жана тооба менен Өзүнө кайткыла! Акыйкатта, менин Раббим жакын жана (дубаларга) жооп берүүчү

[62] (Каапырлар) айтты: О, Салих, сен биздин арабызда мындан мурун (көптү) үмүттөндүргөн (жакшы, адептүү адам) болчусуң. Эми сен бизди ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларга сыйынуудан кайтарасыңбы?! Сен даават кылып жаткан диниңден биз шектенип калдык

[63] (Салих) айтты: “О, коомум! Айткылачы, мен Раббим тарабынан анык далил үстүндө болсом жана Ал мага Өзүнүн ырайымын — пайгамбарчылыгын берген болсо, (силердин далилсиз “кудайыңарга” ыраазы болуп) Ага (Аллаһка) күнөө кылсам, Аллаһтын азабынан мага ким жардам бере алат?! Силер (бул талабыңар менен) мага зыяндан башка нерсени көбөйтпөйсүңөр!?”

[64] “О, коомум! Мына бул төө силер үчүн Аллаһтын белгиси. Аны жөн (өз эркине) койгула. Аллаһтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага эч жамандык кыла көрбөгүлө! Антсеңер, силерге жакын(да) азап жетет!”

[65] (Бирок, каапырлар) төөнү союп жиберишти эле (Салих) айтты: “Короо-жайыңарда үч күн (жашоо нээматынан) пайдалана тургула. (үч күндөн соң Аллаһтын азабы келет) бул — акыйкат убада

[66] Качан Биздин буйругубуз (азап) келген убакытта Биз Салих менен ыйман келтирген адамдарды Өз ырайымыбыз менен (азаптан) жана ошол күндүн шерменделигинен асырап калдык. Албетте, сенин Раббиң - Кубаттуу, Кудуреттүү

[67] Жана заалым (каапыр) болгон адамдарды катуу добуш (ач кыйкырык) кармады. Бардыгы (жүрөктөрү жарылып) орду-ордунда кырылып калышты

[68] Алар бул жерлерде жашабагандай болуп (кырылып) калышты! Көңүл бургула, Самуд коому Раббисине каапыр болду эле! Уккула, Самудка өлүм

[69] Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (адам кейпинде) куш кабар алып келгенде, ага салам айтышты. “Салам”-деди (Ибрахим) жана дароо куурулган музоону(н этин) алып келди (дагы, «жебейсиңерби?» деди)

[70] Алардын колу тамакка созулбай турганын көргөндө (бир жамандык менен келишкен болбосун деп), алардан шек санап, кооптоно түштү. (Анда) алар: “Коркпогун, биз Лут коомуна жиберилген (азаптоочу) элчилер болобуз” -дешти

[71] Ибрахимдин аялы (кызмат кылып) турган. (Болгон сөздү угуп) күлүп жиберди. Биз (периштелер аркылуу) ага (жакында төрөй турган баласы) Исхактын жана Исхактын артынан (жарык дүйнөгө жарала турган небереси) Яькубдун кушкабарын билдирдик

[72] Ал (таңыркап, ишенгиси келбей): «Шорум курсун! Мен төрөйт бекенмин?! Өзүм кемпир, бул эрим чал болуп калган болсок?! Бул кызык нерсе го!» деди

[73] (Периштелер) айтышты: “Аллаһтын буйругуна таң каласыңбы? О, (куттуу) үй-бүлө! Силерге Аллаһтын ырайым, берекелери төгүлсүн! Ал — Даңазалуу, Улук

[74] Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз (жиберген периштелер) менен Лут коому жөнүндө талаша баштады

[75] Чынында Ибрахим пейили жумшак, Аллаһка өтө берилген ибадатчы киши эле

[76] “О, Ибрахим бул талашты кой. Анткени, Раббиңдин өкүмү эчак эле келген. Аларга кайтарылгыс азап сөзсүз келет!”

[77] Биздин элчилерибиз (Ибрахимден чыгып) Лутка келгенде, булар(дын келиши) себептүү капаланып жана кыжаалат болуп “Бул оор күн болот го!” деди

[78] Мындан мурун бузук иштерди (бачабаздык) кылып жүргөн коомунун адамдары анын (үйүнүн) алдына чуркаган бойдон жетип келишти (жана “жаш жигиттерге” суктанып турушту). “Оо, коомум — деди Лут — (бул арам иштен көрө) мына бул менин кыздарым (менен болгонуңар) тазараак силер үчүн. Аллаһтан корккула!! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араңарда акылы соо адам калган эмеспи

[79] Айтышты: “Кыздарыңа биздин каалообуз жок экенин билесиң. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасың да

[80] (Анда Лут мындай) деди: “(Эх,) силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим (жоокерлерим) болгондо кана, атаганат!”

[81] (Ошондо жигит кейпиндеги периштелер) айтты: “О, Лут! Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн (таңга жакын) бир бөлүгүндө үй-бүлөңдү (айылдан) чыгарып кет. Эч кимиңер артына карабасын! Бир гана аялыңды (куткарууга аракет кылба). Чынында, аларга (каапырларга) жетүүчү азап ага да жетет.? Алардын (өлтүрүлүү) убадалары таңга маал. Таң мезгили жакын эмеспи!”

[82] Анан, Биздин (азап жөнүндөгү) буйругубуз келгенде, (айылдын) астын үстүнө төңкөрүп, асмандан токтоосуз чопо-таш жаадырдык

[83] Ал таштар Раббиңдин алдында (азап белгилери менен) белгиленген. Мындай азаптар (ар кайсыл замандагы Лут коому сыяктуу) заалымдардан алыс эмес

[84] Мадян коомуна! өз бурадарлары Шуайбды (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “Оо, коомум! Аллаһка (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Өлчөгөндө жана тартканда кемитпегиле! Мен силерде жакшылыкты (бай-бардар турмушту) көрүп турамын. Силердин үстүңөргө ороп алуучу күндүн азабы түшүүсүнөн коркомун

[85] О, менин коомум! Өлчөөнү, таразаны адилеттик менен толук тарткыла! Адамдардын нерселерин кымтып калбагыла” жана жер бетинде (токтоосуз) бузукулук кылып жүрбөгүлө

[86] Эгер ыймандуу болсоңор, силер үчүн (адал — таза эмгегиңерден) Аллаһ калтырган нерселер жакшы. (Эми, өзүңөрдү оңдогула) мен силердин үстүңөрдө корукчу эмесмин

[87] (Алар) айтышты: “О, Шуайб! Бизге, ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларды (таштоону) же өз малыбызда (соодабызда) өзүбүз каалагандай иш кылууну токтотууну сенин намазың буюруп жатабы? Сен эмне, (биздин ата-бабаларыбыздан да) айкөл жана Туура Жол тапкыч болуп калдыңбы

[88] (Шуайб) айтты: «Айткылачы, О, коомум, эгер мен Раббимден келген бир айкын далилдин үстүндө болсом жана Ал мени Өзүнүн жакшы ырыскы-мүлкү менен сыйлаган болсочу?! Мен өзүм кайтарган нерсеге өзүм каршы чыгууну каалабайм. Мен (силердин бузук абалыңарды) кудуретим жетишинче оңдоону гана каалап жатам. Максатка жетүүмө Аллаһ гана жардам берет. (Ошондуктан,) Өзүнө моюн сунуп, Өзүнө гана тобокел кыламын

[89] О, коомум! Мага (бул) каршы чыгууңар, Нухтун, Худдун жана Салихтын (каапыр) коомдоруна жеткен азаптын силерге да жетип калуусуна себеп болуп жүрбөсүн! Лут коому(нун жашаган жери жана заманы) силерге алыс эмес го

[90] (Эсиңердин барында) Раббиңерден күнөөңөрдү(н кечирилишин) сурап, Өзүнө тооба кылып калгыла! Албетте, Менин Раббим - (тооба кылгандарга) Ырайымдуу жана ыймандууларды Сүйүүчү»

[91] Алар айтты: “О, Шуайб! Көп сөздөрүңдү түшүнбөй турабыз. Жана биз сени арабыздагы алсыз адам катары көрөбүз. Эгер уруу-жамаатың болбогондо сени ташбараң кылып таштайт элек. Өзүң бизге кадырлуу адам эмессиң

[92] (Шуайб) айтты: «О, коомум! Силерге менин уруу-жамаатым Аллаһдан да кадырлуубу? Аны(н буйруктарын) артыңарга таштап койдуңар?! Менин Раббим бардык ишиңерди ороп (билип) алуучу

[93] О, коомум! (Анда) Өз билгениңерди жасап жүрө бергиле, мен да (өз билгенимди) жасаймын. Кимге шерменде кылуучу азап келишин жана ким жалганчы экенин тез эле билип аласыңар. Күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөйүн.»

[94] Качан аларга Биздин буйругубуз (азап) келген чакта Шуайб жана аны менен бирге болгон момундарды Өз ырайымыбыз менен куткардык. Ал эми, зулум (каапырчылык) жасаган адамдарды катуу добуш (ач айкырык) “кармап”, бардык каапырлар өз короо-жайларында кыйрап

[95] Ал жерде жашабагандай болуп калышты Көңүл бургула! Самуд коому кырылгандай, кырылсын Мадян

[96] Биз Мусаны Өз моожизаларыбыз жана айкын далил менен жибердик

[97] Фираун жана анын (сарай) адамдарына. Алар (сарай адамдары) Фираундун амирине моюн сунушту. А, Фираундун иши (өкүмү) туура эмес болчу

[98] Ал (Фираун) Кыяматта өз коомун жетелеп, Тозокко алып келет. Бул келүү кандай жаман

[99] Аларды ушул дүйнөдө да, Кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Кандай гана жаман кошулуу

[100] (О, Мухаммад) Булар Биз сага икая кылып берген шаарлардын кабарлары. Алардан кээ бирлери(нин урандылары) турат. Кээ бирлери теп-тегиз болуп калган

[101] Аларга Биз зулумдук кылбадык, бирок (ширк, тоңмоюндук жана каапырчылыктары себептүү) өздөрүнө-өздөрүнө зулумдук кылышты. Аларга Раббиңдин буйругу (азабы) келгенде, Аллаһтан башка жалбарган “кудайлары” эч жардам бере албай калды жана аларга зыяндан башка нерсени кошумча кыла албады

[102] Сенин Раббиң шаарларды (азап менен) кармаганда мына ушинтип кармайт. Алар заалым болчу. Чынында, Анын азабы жан оорутуучу, катуу

[103] Чынында, бул(айтылганд)арда Акырет азабынан корккондор үчүн үлгү-сабактар бар. Бул (Акырет) адамдар чогултулуучу Күн! Бул — күбө болуна турган Күн

[104] Биз бул Күндү санактуу күндөргө (дүйнө жашоосу бүткөнгө чейин) гана кечиктиребиз

[105] (Ошол Күн) келгенде, Анын уруксаты болмоюнча эч ким сүйлөбөйт. (Ал күндө) адамдардан бактылуусу да бактысыздары да болот

[106] Ал эми, бактысыз адамдар Тозокто! Анда алардын (жүрөк үшүткөн) өкүрүк-бакырыктары бар

[107] Алар анда асмандар жана Жер тургуча (түбөлүк) калышат. Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана Тозокко кире элек) мезгилде гана (анда болушпайт.) Албетте, сенин Раббиң каалаган нерсесин жасоочу

[108] Ал эми, бактылуулар болсо, жер-асмандар турганга чейин, түбөлүк Бейиште болушат. Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана Бейишке кире элек) мезгилде болушпайт. Түгөнгүс сыйлык болгону үчүн

[109] (О, Мухаммад) Тиги (мушрик) адамдар ибадат кылып жаткан нерселерден эч күмөн санаба. Алар мурунку ата-бабалары сыйынганы сыяктуу сыйынып жатышат. (Тозокко да ошолор киргендей киришет) Бирок, Биз алардын (бул дүйнөдөгү) насиптерин кыскартпай эле бердик

[110] Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик эле, ал жөнүндө талаш пайда болду. Эгер Сенин Раббиң тарабынан (жаза Кыяматта болушу жөнүндөгү) Сөз(ү) болбогондо алардын арасында(гы заалымдарына ошол замат азап берүү менен) өкүм кылынмак. Чынында алар андан (Кураандан) да күмөн санашууда

[111] Албетте, сенин Раббиң (Кыяматта) алардын ар бирине амалдарын(а жараша сыйлык же жазасын) толук берет. Ал (Аллаһ) алардын бардык иштеринен кабардар

[112] (О, Мухаммад) сен жана сени менен болгон тооба кылгандар (дин-ишенимиңерде Кураанда) буюрулгандай түз болгула! Чектен чыга көрбөгүлө! Ал (Аллах) эмне кылганыңарды Көрүүчү

[113] Заалым (каапыр) адамдарга жан тартпагыла. (Эгер аларга болушсаңар) силерди Тозок кармайт жана Аллаһтан башка эч бир дос таппай, жардамсыз каласыңар

[114] (О, Мухаммад!) Күндүздүн эки тарабында (түшкө чейин жана түштөн кийин) жана түндүн бир бөлүгүндө намаз оку!! Чынында жакшылыктар жамандыктарды (күнөөлөрдү) кетирет. Бул — эскерүүчү адамдар үчүн эскертүү

[115] Сабыр кыл. Аллаһ жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт

[116] Эгер силерден мурунку (апааттан кырылган) муундардын арасында жерде бузукулук кылуудан кайтара турган жакшы кишилерден (бир аз) калган болсо, (алар башкаларды да даават кылмак жана жалпы апааттан кутулуп калышмак) Ал эми Биз (апааттан) куткаргандардын арасында андайлар өтө сейрек болду. Заалымдар кумар-лаззаттарга берилип, күнөө-кылмыш жасоочулар(дан) болуп калышты (натыйжада баштарына Аллаһтын азабы түштү)

[117] Сенин Раббиң эч качан элдери агартуучу болгон шаарларды адилетсиздик менен кыйраткан эмес

[118] (О, Мухаммад) Эгер Раббиң кааласа, бардык адамдарды бир динде (Исламда) кылып коймок. Бирок, азыркыга чейин ар кандай (динде) калууда

[119] Өзү ырайым кылгандардан башкалары. Аллаһ адамдарды ушундай (кээ бири акыйкатка, кээ бири жалганга ээрчий турган) болушу үчүн жаратты. Раббиңдин: “(Каапыр болгон) бардык жиндер жана адамдар менен тозокту толтураармын!” деген сөзү толугу менен аткарылды

[120] (О, Мухаммад) Биз сага (өткөн) пайгамбарлардын ар бир кабарларынан сенин жүрөгүңө кубат болчуларын баян кылып бердик. Мында (ушул сүрөнүн ичинде) Акыйкат, Насаат жана ыймандуу адамдар үчүн үлгү — сабактар бар

[121] (Далилдерди тизмектегенден кийин) ыйман келтирбеген адамдарга айткын: “Билген ишиңерди жасагыла, биз да билгенибизди жасайбыз”

[122] (Бизге эмне болоорун) күткүлө, биз дагы (башыңарга кандай жаза келээрин) күтөбүз

[123] Асмандар жана жердеги (көрүнгөн жана) көрүнбөгөн нерселер Аллаһтын мүлкү. Бардык иштер Анын Өзүнө кайтат. Эми, Анын Өзүнө ибадат кылгыла жана Өзүнө тобокел кылгыла! Силер жасаган иштердин эч биринен Аллаһ кабарсыз эмес

Жусуп

Surah 12

[1] Алиф. Лам, Раа. Булар айкын Китеп аяттары

[2] Чынында, Биз акыл жүгүртүшүңөр үчүн Кураанды араб тилинде түшүрдүк

[3] (О, Мухаммад) Биз сага бул Кураанды вахий кылуу менен икаялардын? эң мыктысын айтып беребиз. Буга чейин сен муну билбейт болчусуң

[4] Бир кезде, Юсуф атасына: “О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда (таазим) кылганын көрдүм” деди

[5] (Анда атасы) айтты: “О, балам! (Бул) түшүңдү агаларыңа айта көрбө сага каршы амалкерлик кылышат. (Анткени,) Шайтан инсанга анык душман

[6] Раббиң сени мына ушинтип тандап алыптыр. Эми, Ал сага сөздөрдүн (түштөрдүн) маанилерин билдирет жана мурун эки атаң — Ибрахим менен Исхакка толук бергени сыяктуу, Яькубдун үй-бүлөсүнө жана сага Өзүнүн (пайгамбарлык) нээматын толуктап берет.” Албетте, сенин Раббиң - Билүүчү, Даанышман

[7] Акыйкатта, Юсуф менен анын бир туугандарында (алар жөнүндөгү икаяда) сурагандар үчүн үлгү-сабактар бар

[8] Бир кезде агалары (өз ара минтип) сүйлөшүштү: «Юсуф менен анын бир тууганы (Биняминди) атабыз бизден көбүрөөк сүйөт. Акыры, биз бир жамаатпыз го! Чынын айтканда, атабыз анык адашууда калды

[9] Юсуфту өлтүрүп (алыс бир) жерге таштап койгула. Ошондо, атаңардын жүзү (сүйүүсү) өзүңөргө калат жана ал иштен кийин (тооба кылып) жакшы адамдардан болуп аласыңар»

[10] Алардан бирөөсү (мындай) деди: “Юсуфту өлтүрбөгүлө (бул — чоң күнөө) бирок, эгер (ушул ишти) жасоочу болсоңор, аны бир кудуктун түбүнө таштап койгула, кээ бир жолоочулар алып кетсин. Ушул пикирге бардыгы макул болгон соң, аталарына келип

[11] Айтышты: “Атаке! Эмне үчүн сиз Юсуфту бизге ишенбейсиз? Биз ага боорукербиз го

[12] Эртең аны бизге кошуп жибериңиз, ойноп-куунап келсин. Өзүбүз аны абайлап карайбыз”

[13] (Яькуб) айтты: “Чынында, аны алып кетишиңер мени капалантып койот. Жана силер аны унутуп калсаңар карышкыр жеп кетет деп коркомун”

[14] (Агалары) айтты: “Эгер биз бир жамаат болуп туруп, аны карышкыр жеп кетсе, анда, биз накта зыянкеч немелер экенбиз да?!” Эптеп аталарынын макулдугун алып, Юсуфту “ойноткону” алып чыкмай болушту

[15] Качан аны алып кетишип, терең бир кудуктун түбүнө таштамак болуп турушканда Биз ага: “(убактысы келип) сен агаларыңа бул иш жөнүндө айтып бересиң, бирок алар “унутуп коюшат” деп вахий кылдык

[16] Алар түндөсү аталарына ыйлап келишип

[17] “О, атаке! Биз Юсуфту буюмдарыбыздын жанына калтырып, жарышмай ойноп кетип калыптырбыз. Ошондо, аны карышкыр жеп кетиптир. Эми ар канча чынын айтсак да бизге ишенбейсиз!” - дешти

[18] Жана анын жалган канга бойолгон көйнөгүн алып келишти. (Яькуб аларга ишене бербей:) «Андай эмес! Силерге напсиңер (бир жамандыкты) кооздоп көргөзүптүр. Эми, жакшынакай сабыр (кылуудан башка арга жок.) Силер айткан ишке Аллаһтын Өзү жардамчы болоор!» деди

[19] Анан жолоочулар (кербендер) келип, өздөрүнүн суу издөөчүсүн жиберишти. Ал (кудук башына келип) чакасын таштады. (Арканга Юсуф асылып чыкканда): “Сүйүнчү! Бул бала(та карагыла)!” деди. Жолоочулар аны (бирөө-жарым көрүп, талашпасын деп) буюмдарынын арасына жашырып коюшту. Аллаһ алардын иштерин Билүүчү

[20] Аны арзыбаган баага — саналуу гана теңгелерге сатып жиберишти жана андан кутулушту. Кербендер Юсуфту Мисирге алып келип, кул базарда сатышты

[21] Аны Мисирде сатып алган киши (падышанын вазири) аялына айтты: “Аны жакшы орунга жайгаштыр, пайдасы тийип калаар, же болбосо өзүбүзгө (бакма) бала кылып алаарбыз” Мына ушинтип, Биз Юсуфту — түштөрдүн маанисин үйрөтүү үчүн — (Мисир деген) жерге мекендештирип койдук. Аллаһ Өз ишинде Жеңүүчү. Бирок муну көпчүлүк адамдар билишпейт. (Кичинекей Юсуф сарайда эрке бала болуп, каалаган нерсеси даяр болсо да, илимге кызыкты. Эрезе жашына жеткенге чейин ал өз доорунун залкар аалымына айланган. Буга кошумча)

[22] Жигит курагына жеткенде, Биз ага пайгамбарчылык жана (илахий) илим бердик. Биз жакшылык (таза ибадат) кылуучу адамдарды мына ушинтип сыйлайбыз

[23] Ал үйүндө жашаган аял (вазирдин аялы) аны “жолдон азгырууну” каалап, эшиктерди (ичинен) кулпулап, “келегой” деди. (Анда, Юсуф) айтты: “Аллаһ сактасын! Акыры, ал (сенин эриң) мага орун-жай тууралуу (көп) жакшылык кылган кожоюнум го! (Мен кыянат кылбаймын!) Зулумкер адамдар (тозоктон) кутулбайт!”

[24] Аял ага умтулду. Эгер (Юсуф) Раббисинин далилдерин (ыйман жана илимди) билбесе, ал да умтулмак. Ушинтип, Биз андан жамандык, бузукулукту буруп жибердик. Чынында, Юсуф Биздин ыкыластуу пенделерибизден

[25] Экөө тең эшик тарапка (бири качып, бири кууп) чуркады. Аял анын көйнөгүн аркасынан айрып салды. Экөө (ошол абалда) эшиктин оозунда аялдын эрине жолугуп калышты. (Анда) аял (Юсуфка жалаа жаап): “Сенин аялыңа арамдык каалаган адамдын жазасы же зындан же кыйноочу азап” деди

[26] “Анын өзү мени азгырууну каалады” деди (Юсуф.) Ошондо, аялдын жакын туугандарынан бирөө: “Эгер анын көйнөгү алдынан айрылган болсо, аялың ак, бул жалганчы

[27] Ал эми, мунун көйнөгү артынан айрылган болсо, бул — ак, аялың жалганчы” деп калыс сөзүн айтты

[28] (Вазир) Юсуфтун көйнөгү арт жагынан айрылганын көргөндө, (аялына карап): “Бул силердин (аялдардын) амалыңардан турбайбы! Силердин айлакерлигиңер чоң экен!”

[29] “О, Юсуф, сен муну унутуп кой (эч кимге айтпа.) А, сен болсо, (оо, аялым) күнөөң үчүн кечирим сура. Ката кылуучулардан болуптурсуң”- деди

[30] Шаардагы аялдар (ушак) айта баштады: “(Уктуңарбы), вазирдин аялы өз кызматкерин азгырууну каалаптыр. Аябай сүйүп калган го. (Ошентсе да) биз аны анык адашуучулукта деп билебиз”

[31] (Вазирдин аялы) алардын айлакер сөздөрүн укканда, адам жиберип, алдыртып келди жана аркаларына жөлөнгүч жаздыктарды коюп, (дасторконду ар түрдүү мөмө-жемиштер менен толтуруп, мөмөлөрдү кесип жеш үчүн) ар биринин колуна бирден бычак карматты жана (Юсуфка): “Алардын алдына чык” - деди. Аны көргөндө ага алкыш жаадырышып, (акыл-эстерин тап-такыр жоготкондон улам мөмө-жемиш кескендин ордуна) өз колдорун кесе башташты. Жана: “О, (кемчилдиктен) Таза Аллаһ! Бул адам эмес, кереметтүү периштенин өзү го!” дешти

[32] (Анда) аял: “Ал жөнүндө силер мени айыптаган жигит — ушул! (Ооба!) мен аны азгырууга умтулдум. Ал өзүн сактады. (Бирок, мен ниетимен кайта элекмин) Этер менин буйругумду аткарбаса, зынданга ташталып, кордолгондордон болот”- деди

[33] (Юсуф) айтты: “О, Раббим! Алар сунуштаган нерседен мага зындан жакшыраак! Эгер, ал аялдардын! айлакерликтерин менден арылтпасаң аларга көңүлүм жибип, наадандардан болуп каламын!”

[34] Раббиси анын дубасын кабыл алып, андан аялдардын айлакерлигин арылтты. Чынында, Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[35] (Юсуфтун күнөөсүздүгүнүн) белгилерин көрүшкөн соң, аны бир мезгилдерге (эл оозу басылганга) чейин зынданда сактап туруу (бийлик ээлерине) макул көрүндү

[36] Аны менен бирге эки жигит да зынданга түшкөн. Алардан бири: “Мен түшүмдө жүзүм мөмөсүн сыгып, шарап жасап жатканымды көрдүм” десе, экинчиси: “Менин түшүмдө болсо, башыма нан көтөрүп баратсам, аны куштар чокуп жатыптыр” деп түштөрүн айтып: “Биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз. Бизге (ушул) түшүбүздү жоруп берчи” -дешти

[37] (©Осуф) айтты: “Экөөңөргө жей турган тамагыңар келгенге чейин мен силердин түшүңөрдү жоруп беремин. Бул — мага Раббим үйрөткөн касиет.! Мен Аллаһка ыйман келтирбеген адамдардын динин жериген кишимин. (Анткени,) Алар Акырет күнүнө ишенишпейт

[38] Мен аталарым Ибрахим, Исхак жана Яькубдардын динин ээрчидим. Бизге (оо, досторум), жалгыз Аллаһка эч нерсени шерик кылуу ылайык эмес! Бул (Таухид) бизге жана адамдарга Аллаһтын пазилети. Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр (ибадат) кылбай жатышат

[39] О, менин зындандагы шериктерим! Бир нече бытыранды “кудайлар” жакшыбы, же жалгыз, Жеңүүчү Аллаһпы

[40] Аллаһтан башка силер сыйынып жаткан нерселер, силер жана ата-бабаңар ат коюп алган ысымдардан бөлөк эч нерсе эмес. Аллаһ аларга (ошол нерселердин кудай экенине) эч далил түшүргөн эмес. Өкүм жалгыз Аллаһка гана таандык. Ал жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууңарга буюрат. Ушул гана (бардык жакшылыктарга буюрган) эң туура дин. Бирок (муну) көпчүлүк адамдар билишпейт

[41] О, менин зындандагы шериктерим! Эми, (силерге түшүңөрдүн маанисин айтсам) экөөңөн бириң (азат болуп чыгып) өз кожоюнуңа шарап куюп берет экенсиң. Экинчиң болсо.., асып өлтүрүлүп, анын башын куштар чокуйт экен. Силер маанисин сураган иштер (ушундай) өкүм (тагдыр) кылыныптыр

[42] (Юсуф) экөөнүн азат болот деп болжогонуна карап: “Кожоюнуңдун алдында мени тилге алып кой”- деп суранды. Бирок, (азат болуп чыккан соң) Шайтан кожоюнуна эстетүүнү унуттурду. Кийин Юсуф зынданда бир нече жылдар калып кетти

[43] Падыша айтты: “Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп койду. Жана жети даана жашыл машак менен андан башка (жети даана) куурагандарын көрдүм. Кана, оо, эл-журт, эгер түш жоруучу болсоңор, менин ушул түшүмдү жоруп бергиле. (Мамлекет падышасынын бул түшүн сарай адамдарынан эч кимиси жоруй албай)

[44] Айтышты: “(Бул Шайтандан болгон) чаташкан түштөр. Биз чаташкан түштөрдү жоруй албайбыз

[45] Андан соң, (ошол жерде турган зындандагы) экөөнүн кутулганы, бир нече жылдан кийин гана аны эстеп: “Силерге бул түштүн маанисин мына мен айтып беремин. Мени (Юсуфка) жибергиле” деди (жана Юсуф жаткан зынданга барып, ага жалына баштады)

[46] “Юсуф! О, чынчыл жигит! Бизге жети семиз уйду жеп койгон жети арык уй жөнүндө жана жети жашыл машак, дагы (ушунча) башка куураганы жөнүндө(тү түштүн) маанисин айтып берчи? Ажеп эмес, адамдарга кайтып барсам алар да билип алышса!”

[47] (Юсуф) айтты: “Жети жыл удаама-удаа (буудай) эгесиңер. Жыйнаган түшүмүңөрдү (жанчып албай) машагында калтырасыңар. Болгону, бир аз гана жегениңерди (жанчып аласыңар)

[48] Андан кийин жети жыл каатчылык келип, ушул жылдар үчүн мурдатан даярдаган камылгаңарды “жеп койот”. Бир аз сактаганыңар гана калат

[49] Андан кийин (ушундай) бир жыл келет, анда адамдар жамгырдын астында (жыргап) калышат. Жана ошол жылда (көп-көп шараптарды) сыгып алышат

[50] Падыша айтты: “Аны мага алып келгиле”. Юсуфка анын чабарманы келгенде (зындандан чыгууга шашылбай, өзүнүн актыгын далилдеп, ашкере кылуу үчүн): “Кожоюнуңа кайтып баргын дагы, колдорун кесип алган аялдарга эмне болгонун сурагын. Менин Раббим алардын айлакерлигин Билүүчү” деди. (Чабарман Юсуфтун талабын падышага жеткиргенде “кол кырккан” аялдарды чогултуп окуянын чоо-жайын аныктоого киришип, аларга)

[51] Айтты: “Юсуфту азгырууну каалаганыңарда эмне болгон элеңер?” Алар айтышты: “Аллаһ — Аруу, Таза! Биз анын эч бир айыбын билбейбиз”. Вазирдин аялы айтты: “Акыйкат ушул тапта анык болгону калды. (Ооба.) Мен аны азгырган болчумун. Чынында ал акыйкатчыл адамдардан экен

[52] Муну мен, (ошол) эч ким жок мезгилде ага (күйөөмө) кыянат кылбаганымды билип алсын үчүн (айтып жатам). Чынында, Аллаһ кыянатчылардын амалын түз жолго салбайт экен

[53] Мен өзүмдү актабаймын. Чынында, напси деген жаман ишке тынбастан буюрат турбайбы, Раббим ырайым кылбаса! Албетте, Раббим Кечирүүчү, Ырайымдуу”

[54] Падыша айтты: “Аны мага (урмат-сый менен) алып келгиле, өзүмө ынак (кеңешчи) кылып алайын”. (Юсуф) аны менен сүйлөшкөндө, (падыша) айтты: «Бүгүн(дөн баштап) сен биздин алдыбызда туруктуу жана ишенимдүү адамыбызсың.»

[55] (Юсуф) айтты: «Анда мени жер казыналарынын үстүнө (башчы) кылып коюңуз. Мен сактай билген жана билимдүү кишимин.»

[56] Мына ушинтип, Биз Юсуфту (Мисирдеги) жерден өзү каалаган жайда жашай турган кылып орноштурдук. (Бул) Өзүбүз каалаган адамдарга бере турган ырайым-рахматыбыздын насиби. Биз жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейбиз

[57] Чынында, ыйман келтирип, такыба болгон кишилерге (бул дүйнө жыргалынан) Акыреттик сооп жакшы

[58] Агалары Юсуфка келип, (дан тарттырып алуу үчүн) алдыга киргенде, аларды (дароо) тааныды. Бирок, алар аны тааныган жок

[59] Аларга жүктөрүн даярдап берген убакта (мындай) деди: «Аталаш бир тууганыңарды да мага алып келгиле. Өлчөгөндө толтуруп бергенимди жана жакшылап конок-зыяпат кылганымды көрбөй жатасыңарбы?»

[60] «Эгер аны алып келбесеңер, мага жакындашпайсыңар жана менден силерге (буудай) өлчөп берилбейт.»

[61] Алар: «Айтканыңызды сөзсүз аткарабыз, инибизди атасына жалынып болсо да алып келебиз» дешти

[62] Ал (Юсуф) өзүнүн жигиттерине айтты: «(Буудайдын акысына төлөгөн) буюмдарын төөлөрүнүн үстүндөгү жүктөрүнө (билдирбей) салып койгула. Ажеп эмес, үйлөрүнө жеткен кезде аны таанып (данды бекер бергенибизди билип) кайтып келишсе.»

[63] Аталарына кайтып барышканда, айтышты: «О, атаке, (эгер биз менен Биняминди жибербесең, эмкисинде) бизге (дан) тартуу токтотулду! Инибизди биз менен жибер. (Дан) тарттырып келели. Аны (Биняминди) өзүбүз сактайбыз.»

[64] (Яькуб) айтты: «Мурда силердин колуңарга агасын ишенип тапшыргандай «ишенип тапшырайынбы». Сактоо жаатынан Аллаһ гана жакшы. Өзү гана ырайымдуулардын эң Ырайымдуусу.»

[65] (Агалары) жүктөрүн ачканда ичинен кайтарылган буюмдарын таап алышып атасына: «Бизге дагы эмне керек? Мына буюмдарыбыз кайтарылып берилди. Үй-бүлөбүздү багабыз, инибизди коргойбуз жана бир төө буудайды ашыгыраак алабыз. Бул (барып-келүү убактысы) аз эле мөөнөт го?!» дешти

[66] “(Мейли), бирок, бир кокустук силерди ороп калбаса жана аны мага кайтарып келүүгө Аллаһтын алдында ант-убада берсеңер гана жиберейин» деди. Ага балдары ант-убада бергенде, айтты: «Бул сөзүбүзгө Аллаһ күбө!»

[67] Айтты: «О, уулдарым! (Шаарга) бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктерден киргиле. Бирок, муну менен Аллаһ тарабынан белгиленген нерседен эч бирин силерден тосо албаймын. Өкүм Аллаһка гана таандык. Өзүнө гана тобокел кылдым. Тобокел кылуучулар Анын Өзүнө гана таянсын!»

[68] Алар (шаарга) аталары буюрган абалда кирсе да, (бул иш) алардан Аллаһ тарабынан тагдыр кылынган эч нерсени өзгөртө албайт. Бирок, бул Яькубдун, өз жүрөгүндөгү бир муктаждыкты аткарып (жүрөгүн жеңилдетип) алуусунан башка эч нерсе эмес. Ал биз үйрөткөн илимдин ээси болгон. (Тагдырды өзгөртүп болбостугун билет) Бирок, адамдардан көпчүлүгү билишпейт

[69] Алар Юсуфтун алдына киргенде, инисине үйүнөн (өз алдынча) орун берип: «Мен сенин агаң (Юсуф) боломун. Алардын ишинен капа болбо (бардыгы жайында болот)»деди. (Кийин аны шек туудурбай бирге алып калуу үчүн ойлогон эрежесин ишке ашырууга киришти)

[70] (Юсуф) алардын жүктөрүн даярдап (жөнөтөөр алдында) инисинин жүктөрүнүн ичине (кымбат баалуу) чөйчөктү салып койду. Кийин бир жарчы(сы): «О, кербендер! Силер ууру экенсиңер!»деп кыйкырды

[71] Агалары алар тарапка басып: «Эмне жоготтуңар?» - деди

[72] «Падышанын чөйчөгүн — дешти алар — кимде-ким аны тапса, жүгү менен бир төө берилет. Буга мен кепилмин.»

[73] «Биз (бул) жерге бузукулук кылганы келбедик! Аллаһка ант, силер муну билесиңер! Биз ууру эмеспиз!»- дешти (Юсуфтун агалары)

[74] (Анда жарчылар): «Эгер алдасаңар, жалганчынын (уурунун) жазасы эмне?» — дешти

[75] Алар айтты: «Кимдин жүгүнүн арасынан (чөйчөк) табылчу болсо, ошол табылгандын өзү — анын жазасы! Биз (өз динибизде) заалымдарды ушундай жазалайбыз!»

[76] (Издөөчү) инисинин жүктөрүнөн мурда агаларынын жүгүнөн баштады. Кийин аны (чөйчөктү) инисинин буюмдарынын арасынан сууруп чыкты. Биз Юсуфка ушундай амал үйрөттүк. Себеби ал (мисирлик) падышанын дини боюнча («ууру») инисин алып кала алмак эмес. Бирок, Аллаһ кааласа (башка жол менен да) алып калмак. Биз каалаган адамыбыздын даражасын көтөрөбүз. Бардык илим ээсинин үстүндө Билүүчү (Аллаһ) бар. (Юсуфтун агалары Биняминдин «уурулугу ачылып» калганын көрүп, жамандап башташты)

[77] «Бул уурдаган болсо, мурдараак мунун бир тууган агасы (Юсуф) дагы уурулук кылган» Юсуф бул сөздөрдү(н таасирин) аларга билдирбей «жутуп» койду жана: (ичинен:) «Өзүңөр эң жаман адамсыңар. Айткан сөзүңөрдү (н чын-төгүнүн) Аллаһтын Өзү жакшы билет» — деди

[78] Алар айтты: «Оо, улукзаада! Бул (ууру) баланын картайып калган атасы бар. Анын ордуна биздин бирөөбүздү алчы?! Биз сени жакшылык кылган кишилерден деп билебиз.»

[79] «Аллаһ сактасын! — деди (Юсуф) — буюмубуз кимден табылган болсо, ошону гана алып калабыз. Антпегенде, биз зулум кылуучу болуп калабыз.»

[80] Андан (Юсуфтан) үмүттөрү үзүлгөндө, өз алдынча чогулуп кеңешишти. Алардын чоңу айтты: «Билбейсиңерби, атаңар силерден Аллаһты ортого коюп (Биняминди алып келесиңер деп) ант-убада алган. Мурдараак, Юсуф жөнүндө да ушундай (акылы) кыскалык кылгансыңар. Эми, мен качан мага атам уруксат бермейинче же Аллаһ (инибизди азат кылуу менен) менин пайдама өкүм кылмайынча ушул ордуман козголбоймун. Аллаһ - өкүм кылуучулардын мыктысы!.»

[81] А, силер болсо атаңарга баргыла дагы (мындай) дегиле: «Ата! Уулуң уурулук кылды. Биз билгенибизди гана айтып жатабыз биз кайыпты (келечекти) билүүчү эмеспиз. (Эгер келечекти билсек, сага жалдырап атып Биняминди алып кетпейт элек)

[82] (Эгер ишенбесең) Биз болгон шаардан жана биз келген кербендерден сура. Биз чын сүйлөп жатабыз»

[83] (Яькуб): «Напсиңер силерди (дагы бир) жаман ишке баштаган го! Жакшынакай сабыр кылуу(дан башка аргам жок!) Аллаһ баардыгын чогуу берип калса ажеп эмес! Чынында, Аллаһ - Билүүчү, Даанышман!» деди

[84] (Кийин) аларга далысын салып, айтты: «О, Юсуф байкушум!» Кайгы-кападан (көз жашы куюла берип) көздөрүнө ак түшүп кетти. Ал (бардыгын) ичине жутат болчу

[85] (Балдары) айтты: «Аллаһка ант! (ушул) Юсуфту эстей берип, өлгөнү калдыңыз же (жакында) өлүп каласыз!»

[86] (Яькуб): «Кайгы-капам менен арыз-муңумду Аллаһка гана айтамын! Мен силер билбеген нерселерди Аллаһтан (келген вахий аркылуу) билемин!»- деди

[87] О, балдарым! Баргыла, Юсуф менен инисин издегиле! Аллаһтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Аллаһтын ырайымынан каапыр адамдар гана үмүтсүз болушат

[88] Алар (кайра Мисирге келип) Юсуфтун алдына киргенде (мындай) дешти: «О, урматтуу таксыр! Биз жана үй-бүлөбүз (баарыбыз) кыйналып калдык. Жана сага (бул ирет, болгон) биртике буюмдарды гана алып келдик. Бизге садака кылып, өлчөмдү толтуруп бер эми. Албетте, Аллаһ садака кылуучуларга сооп жазат!? (Юсуф агаларынын жүдөгөн абалдарына боору ооруп, өзүн таанытып, бир аз жемелеп)

[89] (Мындай) деди: «Тээ наадандык жасаган кезиңерде, Юсуф менен анын инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?»

[90] «Сен (ошол) Юсуфсуңбу?!» - деди бардыгы (таң калып). «(Ооба) мен Юсуф боломун. А, бул болсо — иним. Аллаһ бизге ырайым көргөздү. Чынында, кимде-ким Аллаһтан коркуп, сабырдуу болсо, Аллаһ жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт.»- деди

[91] (Анда) агалары: «Аллаһка ант, Аллаһ сени бизден абзел-жогору кылды. Биз ката кылуучулардан болдук!» дешти

[92] (Юсуф) айтты: «Бүгүн силерди айыптамай жок. Силерди Аллаһтын Өзү кечирсин! Ал — ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусу

[93] Менин бул көйнөгүмдү атама алпарып, бетине жапкыла — көзү ачылат. Анан (атам-апамды алып) баарыңар үй-бүлөңөр менен мага (кайтып) келгиле» — деди

[94] Ал эми, качан кербен (Мисирден) козголоору менен, (Палестинада, туугандаынын арасында отурган) атасы: «Эгер (акылынан адашкан деп) үстүмөн күлбөсөңөр, мен Юсуфтун жытын сездим!»- деди

[95] «Аллаһка ант, сен кадимки эле адашуучулугуңдасың!» дешти (анын жанындагылар)

[96] Ал эми, качан сүйүнчүлөгөн адам (жетип) келип, аны (Юсуфтун көйнөгүн) анын бетине таштаганда, көзү мурунку абалына кайтып, көрүп калды (жана): «Силерге: «Мен Аллаһтан (келген вахий себептүү) силер билбеген нерселерди көбүрөөк билемин» дебедим беле?»- деди

[97] (Балдары) айтты: «О, атаке! Биздин күнөөбүздү(н кечирилишин) Аллаһтан сураңыз. Чынында, биз ката кылуучулардан болдук!»

[98] (Яькуб) айтты: «Албетте силердин күнөөңөрдү кечирүүсүн Аллаһдан сураймын! Аныгында, Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу

[99] Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: «Мисирге кош келдиңиздер! Аллаһ кааласа тынч келдиңиздер!»- деди

[100] жана ата-энесин (жетелеп падышалык) тактыга алып барды. (Ошондо) бардыгы ага сажда (таазим) кылып жыгылышты. (Анда Юсуф): «О, атаке! Бул менин мурунку (балалыгымдагы) түшүмдүн мааниси. Раббим ал түшүмдү акыйкатка айлантты. Ал мени зыңдандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн (аман-эсен) алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан! кийинки кездерде мага (чоң) ихсан-жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишин кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Чынында, Ал — Билүүчү, Даанышман

[101] «О, Раббим! Сен мага мүлк-бийлик берип, түштөрдүн маанисин үйрөттүң! Оо, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүңсүң! Мени мусулман абалда өлтүрүп (наркы дүйнөдө) жакшы адамдарга кошкунуң!»

[102] (О, Мухаммад!) Биз сага вахий кылган бул икая кайып кабарларынан. (Болбосо, Юсуфтун агалары) айлакерлик кылып, өз иштерин чогуу эрежелештирип жатканда, сен алардын алдында жок болчусуң

[103] Эгер сен умтулсаң да адамдардын көпчүлүгү момун болушпайт

[104] Сен ал (дааватың) үчүн алардан акы деле сурабайсың. Ал (Кураан) ааламдар(дагы бардык адамдар) үчүн эстетүү гана

[105] Асмандар жана Жерде (Аллаһтын жалгыз Кудай экенин билдирген) канчалаган аян-белгилер бар. (Бирок,) адамдар алардан жүз бурган бойдон (ыймансыз) өтүп кетишүүдө

[106] Алардан көпчүлүгү Аллайһка.., мушрик болгон абалда ишенишет

[107] Алар өздөрүнө Аллаһтын ороп алуучу азабы келишинен же болбосо, сезбей турган мезгилдеринде капыстан Кыямат келип калышынан көңүлдөрү бейпил бекен

[108] Айт: «Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллаһка (эч нерсени шерик кылбай сыйынууга) чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Аллаһ (мушриктер сыпаттаган кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Жана мен мушриктерден эмесмин!”

[109] Сенден мурда Биз (периштеден же аялдардан эмес) шаар элинин эркектеринен пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Жер бетинде саякат кылышпайбы жана өздөрүнөн мурункулардын (каапырлардын) акыбеттери кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал эми, такыба адамдар үчүн Акырет Үйү жакшы. Акыл калчап көрбөйсүңөрбү

[110] Аллаһтын пайгамбарлары деле, «Биз алдандыкпы» деп ойлоп калышкан(да гана) аларга Биздин жардамыбыз (каапырлардын башына түшкөн азап түрүндө) келген жана Биз каалаган адамдар куткарылган. Кылмышкер коомдордон болсо, Биздин азап (эч качан) кайтарылбайт

[111] Алардын баяндарында акылдуу адамдар үчүн сабак бар. (Ошол икаяларды баяндаган Кураан болсо, Мухаммад тарабынан) ойлоп чыгарылган сөздөр эмес. А, бирок, өзүнөн мурунку (китептерди) тастыктоочу, бардык нерсенин толук баяны жана ыймандуу адамдар үчүн Туура Жол жана Ырайымдыр

Раад

Surah 13

[1] Алиф, Лам, Раа. Булар — Китеп аяттары. Жана (оо, Мухаммад), сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Кураан) Акыйкат. Бирок, (буга) көпчүлүк адамдар ишенишпейт

[2] Аллаһсилер көрүп турган асмандарды тирөөчсүз көтөрдү. Андан кийин Арштан бийик болду?. Жана Күн менен Айды (пенделердин пайдаларына) моюн сундурду. Алардын ар бири (Кудуреттүү Кудайдын башкаруусу менен) белгиленген убакытка (Кыяматка) чейин (мейкиндикте сүзүп) жүрө берет. (Аллаһ) иштерди башкарат. Раббиңерге жолугууну анык-айкын билип алууңар үчүн аят- далилдерди анык, толук көргөзүп берет

[3] Жана Ал жерди(н бетин) жайык кылып ага тоолорду, дарыяларды жаратты. Жер бетине ар түрдүү мөмөлөрдөн эки жуптан жаратты. (Жана) Ал күндүздү түн менен ороп койот. Албетте, ушуларда пикирин иштеткен адамдар үчүн (Аллаһтын даанышмандыгына жана кудуретинде) далилдер бар

[4] Жана жер бетинде бири-бирине жакын айдоо жерлер, жүзүм бактар, эгиндер жана бутактуу-бутаксыз курмалар бар. (Алар) бир (түрдүү) суу менен сугарылат. Жегенде Биз алардын кээ бирин башкаларынан артыгыраак кылып койобуз. Чынында, бул нерселерде акылын иштеткен адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар

[5] Эгер (бул айтылгандарды) «таң калычтуу» десең, ыймансыздардын «биз топурак болуп калгандан кийин кайрадан жаратылабызбы» деген сөздөрү (андан бетер) таң калычтуу. Алар Раббилерине каапыр болгон адамдар! Алардын мойнунда (ыйманына тоскоол болгон, дүйнө) кишендер\(и) бар. (Ошондуктан,) алар Тозок ээлери! Анда түбөлүк калышат

[6] Алар сени жакшылыктан мурун жамандыкка (азапка) шаштырышат.! Аларга чейин деле (ушундай) окуялар өткөн. Албетте, сенин Раббиң адамдар өз зулумдук-каапырчылыктарынын үстүндө болсо да, алар үчүн кечирим Ээси. Чынында, Раббиңдин азабы катуу

[7] (Каапырлар) «Ага (Мухаммадга) бир (сезилген-көрүнгөн) моожиза келсе...» дешет. Чынында сен (Тозоктон) эскертүүчүсүң. Жана ар бир коомдун Туура Жолго баштоочусу бар

[8] Аллаһар бир ургаачынын боюна көтөргөнүн жана жатындар (мөөнөтүнө жеткирбей, өлүк же тирүү абалда) «таштап койгон» жана мөөнөтүнөн өткөрүп төрөгөн нерселерди (да) билет. Ар бир нерсе Анын алдында эсептелүү

[9] Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү (кайыпты) да Билүүчү, Улук, Жогорку

[10] Силердин араңардан сөздү сыр туткан менен ашкере сүйлөгөн, түндөсү жашынып жаткан менен күндүзү жашынып жүргөн адам (Аллаһтын алдында) бирдей (белгилүү)

[11] Ал (адам) үчүн алдынан, аркасынан күзөтүүчүлөр (периштелер) бар. Алар Аллаһтын буйругу менен аны коргоп-сактап жүрүшөт. Чынында, Аллаһ эч бир коомду(н жашоосун) качан алар өздөрүндөгү нерсени (ишенимди) өзгөртмөйүнчө өзгөрпөйт. Эгер Аллаһ бир коомго жамандыкты кааласа, аны эч ким кайтара албайт. Адамдар үчүн Аллаһтан башка Өкүмдар жок

[12] Ал (Аллаһ) Силерге чагылганды (анын зыян келтирүүсүнөн) корккон жана (пайдасынан) үмүт кылган абалыңарда көргөзөт жана (жамгыры менен) оор болгон булуттарды жаратат

[13] Ага күркүрөк дагы тасбих (мактоо) айтат жана периштелер да Ага корккондору себептүү тасбих айтышат. Ал (сыгылган булуттардын арасынан) чагылган жиберип, Аллаһ жөнүндө талашып турган кезинде аны менен Өзү каалаган адамдарды урат. Ал — Кудурети күчтүү Зат

[14] Чыныгы дуба (ибадаттар) Өзүнө гана ылайык! Дуба кылып жаткан Аллаһтан башка «кудайлары» аларды(н дубаларын) укпайт. Алар оозуна жетиши үчүн сууга алакан созуп, бирок суу ага жетпей турган кишиге окшойт.! Каапырлардын дубасы (ар дайым) адашуучулукта

[15] Асмандарда жана, жерде болгондун бардыгы кааласа да, каалабаса да Аллаһка сажда кылышат?” Эрте менен жана кечинде Аллаһка алардын (бардык нерсенин) көлөкөлөрү да (ийилип) сажда кылышат

[16] Айт: «Асмандар жана жердин Раббиси (жаратуучусу) ким?» Айткын: «Аллаһ!» Айт: «Өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган Аллаһтан башкаларды дос-башчы тутуп алдыңарбы?» Айт: «Сокур менен көрүүчү, караңгылык менен нур тең боло алабы?» Же болбосо алар Аллаһка (башка «кудайларды») шерик кылышып, (булар деле) Аллаһ жараткандай жарата алат» (деп ойлоштубу?) Анан (өз сөздөрүнө өздөрү ишене албай) жаратылыш аларга күмөндүү болуп калдыбы?» Айт: «Бардык нерселердин жаратуучусу Аллаһ! Ал Жалгыз, бардыгын Жеңүчүү!»

[17] (Аллаһ) асмандан суу түшүрдү. Жылгаларда көлөмүнө карап суулар акты. Сел үстүнө калдайган (бирок, ичи көңдөй) көбүктөрдү көтөрдү. (Адамдар) зыйнат-буюм жасоо үчүн от жагып эрите турган нерселерден да ошондой көбүк чыгат.! Аллаһ Акыйкат менен адашууга мына ушунтип мисал келтирет. Көбүк кургап-кургап жок болот. Адамдарга пайдалуу (асыл) нерселер болсо жер бетинде калат. Аллаһ мына ушинтип мисал келтирет

[18] (Дин-ыйманды кабыл алып) Раббисине жооп берген адамдар үчүн (эки дүйнөдө) жакшылык бар. Ал эми, Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктан эки эсесин өзү(нүн күнөөлөрү) үчүн тапшырса да (кабыл алынбайт)! Алар үчүн эң жаман эсептешүү бар! Алардын орду - Тозок! Кандай жаман орун

[19] (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден келген нерсенин акыйкат экенин билген адам (аны түшүнбөгөн) сокур кишилерге окшойбу?! Чынында (Аллаһты) акылдуу кишилер гана эскеришет

[20] Алар Аллаһка берген убадаларын аткарышат жана убадаларына кыянат кылышпайт

[21] Жана алар (акылын иштеткендер) Аллаһ улаганга буюрган мамилелерди улашат жана (эгер улабай койсо) Раббисинен жана жаман эсепке туш болуп калуудан коркушат

[22] Жана алар Раббисинин Жүзү(н Кыяматта көрүү) үчүн (диндеги машакаттарга) сабыр кылышат жана, намаз(дарын толук) окушат.., Биз ырыскы кылып берген нерселерден — билдирип же билдирбей — садака кылышат жана жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарышат. Ошолор үчүн Акыретте даңазалуу акыбет-натыйжа —

[23] «Адн» бейиштери бар. Бейиштерге алар аталары, жуп-түгөйлөгү жана урпактарынан турган салих-жакшы адамдар менен бирге киришет (Анан) аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип

[24] «Сабыр кылганыңар себептүү силерге Аллаһтын саламы болсун! Акырет Үйү (Бейиш) кандай жакшы!»- дешет

[25] Ал эми, (Аллаһ менен) убадалашкандан кийин Аллаһтын убадаларына кыянат кылгандар, Аллаһ улаганга буюрган мамилелерди үзгөндөр жана жер бетинде бузукулук кылгандарга.., наалат болсун! Жана аларга жаман орун — (тозок) болсун

[26] Аллаһ Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен, (каалаганына) тар кылып койот. Ал эми, (каапырлар, Аллаһ кенен ырыскы берип койсо) дүйнө жашоосу менен сүйүнүп (Акыретти ойлобой) жүрө беришет. Дүйнө жашоосу Акыреттин алдында (арзыбаган) пайдадан башка эмес

[27] Каапырлар: «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көрүнгөн, билинген) моожиза келсе (ыйман келтирмекпиз)!» дешет. Сен айткын: «Аллаһ каалаган пендесин адаштырып, Өзүнө умтулган адамдарды Өзүнө багыттап койот

[28] Алар- ыймандуулар жана Аллаһты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллаһты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат

[29] (Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амал кылган адамдарга «Тууба»! жана сулуу-сонун орундар бар

[30] Мына ошентип, (оо, Мухаммад) Биз сени мурунку үммөттөрдүн артынан келген (акыркы) үммөткө, Рахманга (Аллаһка) каапыр болуп турган кездеринде, аларга Биз вахий кылган нерсени (Кураанды) окуп берүүң үчүн Пайгамбар кылып жибердик. Айткын: «Ал — менин Раббим! Эч бир ибадатка татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү бар! Мен (бардык иштеримде) Анын Өзүнө жөлөнүп, (бардык муктаждыктарымда) Өзүнө гана кайрыламын

[31] Эгер ушул (Кураан) себептүү тоолор ордунан жылдырылып, жер талкаланып, өлүктөр сүйлөтүп жиберилсе да (болмок. Бирок, Аллаһ Таала Пайгамбарын колдоо үчүн мындай, үрөй учурган моожизаларды жибербей, акыл калчап, пикир менен кабыл алына турган маңыздуу аяттарды жиберди. Себеби:) бардык иш Аллаһтын колунда. Эгер Аллаһ кааласа, адамдардын бардыгын Туура Жолго салып койо алаарын ыймандуу адамдар билишпейби?! Каапырлар (каапырчылыгын) токтотподу. (Ошондуктан,) аларга жасаган күнөөлөрү себептүү азаптар түшүүдө. Же болбосо, журттарына жакын жерлерге түшүүдө. Аллаһтын убадасы (азабы) келди го! Чынында, Аллаһ убадасына кыянат кылбайт

[32] Сенден мурдакы пайгамбарлар деле (каапырлар тарабынан) келекеленген. Мен каапыр адамдарга мөөнөт берген болчумун. (Эсине келбегенден) кийин аларды (кыйноочу азап менен) кармап койдум. Ал кандай гана (катуу) азап

[33] Ар бир жандын, жасаган ишинин үстүндө (көзөмөлдөп) Туруучу ким?! Аллаһка (башка «кудайларды») шерик кылышты. Айткын: «(Анда ошол «кудайлардын») атын атап бергиле же болбосо (өзүңөрчө) жер бетиндеги (Анын) билбегенин Ага билгизип коймокчусуңарбы?! Же бул (айтканыңар) үстүртөн эле (айтылган, далилсиз) сөзбү!» Жок! Каапырларга айлакерликтери кооздоп көргөзүлдү жана алар (акыйкат) жолдон тосуп коюлду! Аллаһ кимди адаштырса, аны эч ким Туура Жолго сала албайт

[34] Аларга дүйнө жашоосунда азап бар. Бирок, Акырет азабы катуураак! Аларды Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт

[35] Такыба кишилерге убада кылынган Бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери — Тозок

[36] Биз Китеп берген адамдар(дын ынсаптуулары) сага түшүрүлгөн нерсе (Кураан) себептүү сүйүнүшөт.! Ал эми, кээ бир (каапыр) тайпалар анын (Кураандын) бир бөлүгүнө ишенишпейт. Айткын: «Мен Аллаһка эч бир нерсени шерик кылбай сыйынууга буюрулдум. Анын Өзүнө чакырамын жана Өзүнө кайтамын

[37] Ушинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллаһ тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт

[38] Биз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз. Эч бир пайгамбар Аллаһтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллаһтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүн жазылган (убактысы) бар

[39] Аллаһ (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында

[40] (О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң —жеткирүү. Биздин милдетибиз — эсептешүү

[41] (Динге каршы болгондор) көрбөй жатышабы, Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз. Аллаһ (ушинтип) өкүм кылат. Анын өкүмүн кечиктирүүчү жок! Ал тез эсептешүүчү

[42] Алардан мурунку каапырлар дагы (динге каршы) айлакерлик кылышкан. Бирок, бардык айлакерлик Аллаһтын колунда. Ал ар бир жан эмне кылганын билип турат. Каапырлар Акырет Үйү кимдин пайдасына болушун жакында билип алышат

[43] Каапыр болгон адамдар: «Сен пайгамбар эмессиң» дешет. Айткын: «Мени менен силердин араңарда күбөлүк кылууга Аллаһ менен Китеп илими бар адамдар жетиштүү»

Ибрахим

Surah 14

[1] Алиф, Лам, Ра. (О, Мухаммад), Биз бул Китепти сага, адамдарды, Раббисинин уруксаты менен караңгылыктардан Нурга — Жеңүүчү жана Макталган Аллаһтын жолуна чыгарышың үчүн түшүрдүк

[2] Аллаһ(тын кудуреттүүлүгү) ушундай: асмандардагы жана жердеги нерселер Анын мүлкү. Каапырларга катуу, азаптуу өлүм болсун

[3] Алар дүйнө жашоосун Акыреттен жогору сүйүшөт, (адамдарды) Аллаһтын жолунан тосушат жана аны ийри жолго айлантууну каалашат. Андайлар терең адашууда

[4] Бизар бир пайгамбарды, өз элинин тили менен гана жибердик, аларга (дин эрежелерин түшүнүктүү) баян кылып бериши үчүн. Кийин Аллаһ Өзү каалаган пендесин Туура Жолго баштайт жана каалаганын адаштырат. Ал - Кудуреттүү, Даанышман

[5] Биз Мусаны Өзүбүз берген моожизалар менен (пайгамбар кылып) жиберип: «Коомуңду караңгылыктардан Нурга чыгаргын жана аларга Аллаһтын күндөрүн эстеткин. Албетте мында сабырдуу, шүгүр кылуучу адамдар үчүн үлгү-сабактар бар» — дедик

[6] Эстегин (о, Мухаммад, ошондо) Муса коомуна мындай деди: «Аллаһтын силерге берген нээматтарын эстегиле: Ал силерди Фираун жана анын адамдарынан куткарды. Алар уул перзентиңерди союп, кыз перзентиңерди тирүү калтыруу менен башыңарга катуу азап салган. Ушунда Раббиңер тарабынан чоң сыноо бар эле

[7] «Дагы бир кезде Раббиңер силерге: «Эгер (Менин нээматыма) шүгүр кылсаңар силерди(н нээматты) көбөйтөмүн. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу»-деп жарыялаган

[8] Жана Муса айтты: «Эгер силер жана (силерге кошулуп) жер жүзүнүн бардык жамааты капыр болсо да, Аллаһ Беймуктаж жана мактоого ылайык

[9] Силерге өзүңөрдөн мурункулардын: Нух коомунун, Аад, Самуд коомдорунун жана алардан кийинки коомдордун кабары келбедиби? Аларды Аллаһтан башка эч ким билбейт болчу. (Кийин Аллаһ алар жөнүндө кабар берди:) Аларга Пайгамбарлары анык далилдер алып келгенде, колдорун оозуна (керней кылып) коюушуп: «Биз силерге жиберилген динге каапыр болдук: Биз силер даават кылып жаткан нерселерден шектенүүдөбүз!» — дешти

[10] (Анда) пайгамбарлары: «Асмандар жана жерди жараткан Аллаһта шек бар бекен?! Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү убакытка чейин (ушул дүйнөдө) калтырууга чакырып жатат! дегенде, алар айтышты: «Силер пайгамбар эмес, биз сыяктуу эле (жөнөкөй) адамсыңар. (Дагы) бизди ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерден тосууну каалап жатасыңар! (Эгер сөзүңөр чын болсо) бизге анык далилдерди (моожизаларды) келтиргиле!»

[11] «Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллаһ пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) нээмат берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллаһ кааласа гана келтире алабыз. Момундар Аллаһка гана тобокел кылышат

[12] Эмне үчүн биз Аллаһка тобокел кылбайт экенбиз?! Ал бизди (Өзү берген) Туура Жолубузга баштап койду. (Биз бул жолдон кайтпайбыз, эгер азап көрсөтсөңөр) азабыңарга бекем сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллаһка гана тобокел кылсын!»

[13] Каапыр болгондор пайгамбарларына: «Силерди жерибизден чыгарып жиберебиз, же болбосо, (ата-бабадан калган, эски) динибизге кайтасыңар! (Экөөнөн бирин тандагыла)»-дешти. Андан соң, Раббиси пайгамбарларга: «Биз сөзсүз заалымдарды (каапырларды) жок кылабыз

[14] жана алардан кийин (мурас калган) жерге силерди жашатып койобуз! Бул (убада Кыяматта) Биздин алдыбызда (эсеп берип) туруудан жана (күнөөлүүлөргө арнаган) убадаларымдан корккон адамдар үчүн» деп вахий (кабар) кылды

[15] (Момундар) жеңиш сурашты. Ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга жолукту

[16] (Мунун себеби,) анын артында тозок. (Тозокто) ага кайнак ириң ичирилгенде

[17] (суусагандан улам) ичкенге аракет кылат, бирок иче албайт. Ар тараптан өлүм(гө тете азаптар) келет бирок, өлө албайт. Анын артынан (андан да) катуу азап бар

[18] Раббисине каапыр болгон адамдар жасаган иштердин! мисалы -бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Алар өздөрү жасаган иштерден эч бир (пайдалуу) нерсеге жетише албайт. Бул — абдан алыс адашуу

[19] (О, инсан!) Сен, чынында Аллаһ асмандар жана жерди акыйкат менен жаратканын билбедиңби?! Эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы калкты алып келет

[20] Бул Аллаһка оор эмес

[21] (Кыяматта Сур кернейи тартылганда) бардык адамдар (мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгып) Аллаһтын алдында тизилип калышат. Ошондо, (бул дүйнөдө) алсыз (моюн сунуучу) болгондору, текебер (каапыр) башчыларына: «Чынында, биз силерге ээрчиген элек, бүгүн Аллаһтын азабынан бизди бир аз болсо да куткара аласыңарбы?» - дешкенде, алар айтышат: «Эгер бизди Аллаһ Туура Жолго баштаганда, биз да силерди Туура Жолго баштайт элек. Эми, (болор иш болду) биз чыдамсыздык кылабызбы же сабырдуу болобузбу, (баары бир) бизге эч бир кутулуу жок!»

[22] Иш чечилип, (тозокулар — тозокко, бейишилер — бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллаһ силерге чын убада берген болчу.! Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум.* Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллаһка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин) Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) заалымдарга кыйноочу азап бар»

[23] Ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. (Алар) анда Раббисинин уруксаты менен түбөлүк калышат. Алардын Бейиштеги учурашуулары «салам» (деген сөз) болот

[24] (О, инсан), Аллаһ таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда

[25] Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллаһ адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет

[26] Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош

[27] Аллаһ ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт.! Заалымдарды болсо, Аллаһ адаштырат. Аллаһ каалаган нерсесин жасайт

[28] (О, инсан!) Аллаһ берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө —

[29] өздөрү ташталчу Тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун

[30] Алар адамдарды Аллаһтын жолунан тосуу үчүн Аллаһка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер — Тозок!»

[31] Менин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш— билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын

[32] Аллаһ асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду

[33] Ал жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду

[34] Жана силерге, (силер) муктаж болгон бардык нерселерди берди. Эгер Аллаһтын нээматтарын санасаңар бүтүрө албайсыңар. Чынында, инсан өтө заалым, өтө шүгүрсүз

[35] (О, Мухаммад) Эстегин, (бир кезде) Ибрахим айтты: «О, Раббим! Бул шаарды (Макканы) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл

[36] О, Раббим! Чынында, алар (буттар) көп адамдардын адашуусуна себеп болушту. Ким мени ээрчисе (жалгыз Аллаһка ибадат кылса) — ал менден. Ким мага (менин жолума) каршы чыкса, Өзүң Кечирүүчү, Ырайымдуусуң

[37] О, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса

[38] О, Раббим! Албетте, Сен биз жашырган нерсени да, ашкере кылган нерсени да билесиң! Аллаһтан не жер, не асмандардагы эч бир нерсе жашыруун эмес

[39] Мага картайган курагымда Ысмайыл менен Исхакты берген Аллаһка (чексиз) мактоолор болсун! Чынында, менин Раббим дуба-тилекти Угуучу

[40] О, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу(лардан) кыл! О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл кыла көр

[41] О, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жаамы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир

[42] (О, Мухаммад), сен Аллаһты заалымдардын кылмышынан бейкапар деп ойлобогун. Болгону, аларды(н жазасын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) Күнгө чейин кечиктирүүдө

[43] (Ошол күндө) алар баштары өйдө көтөрүлгөн абалда (эсеп бергени) чуркап барышат. Көздөрү (катып калгандан улам) өздөрүнө кайтпайт жана ичтери көңдөй

[44] Сен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле

[45] Жана өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге мисалдарда келтирген элек

[46] Алар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллаһтын алдында (белгилүү)

[47] Сен Аллаһ Өзүнүн пайгамбарларына («заалымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллаһ Кудуреттүү жана өч алуучу

[48] (Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллаһка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)

[49] Сен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң

[50] (Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. Бул азаптар Аллаһ тарабынан зулум эмес, тескерисинче

[51] Аллаһ ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллаһ тез эсептешүүчү

[52] Бул (Кураан) адамдарга арналган кемчилдиксиз Баян! Эми, ал себептүү (жаман ишинин акыбетинен) сестенишсин, Анын Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акылдуу адамдар андан үлгү-сабак алышсын

Хижр

Surah 15

[1] Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин — Анык Кураандын аяттары

[2] (Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.”

[3] (О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат

[4] Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмышщ(ы) келмейинче өлтүрбөдүк

[5] Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт

[6] (Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Кураан) түшүрүлгөн адам, сен — жиндисиң

[7] Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти

[8] Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт

[9] Биз Зикирди (Кураанды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз

[10] Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз

[11] Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн

[12] Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз

[13] (Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го

[14] Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей)

[15] «Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет

[16] Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук

[17] Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык

[18] Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт)

[19] Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк

[20] Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык

[21] Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз

[22] Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды? жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О, инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер

[23] Чынында, Биз гана тирилтирип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз

[24] Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз

[25] (О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышман (жана) Билерман

[26] Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.”

[27] Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз

[28] (О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын

[29] Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла»- деди

[30] Бардык периштелер сажда кылышты

[31] Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты

[32] (Аллаһ):»О, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди

[33] «Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» -деди

[34] (Аллаһ) Айтты:»Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың

[35] Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»

[36] (Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»

[37] (Аллаһ) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң

[38] белгилүү убакытка чейин»

[39] (Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын

[40] Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын

[41] (Аллаһ) айтты: «Бул — Мага (алып келүүчү) Туура Жол

[42] Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт)

[43] Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок

[44] Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет)

[45] Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде

[46] (Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик)

[47] Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат)

[48] Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт

[49] (О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана Кечирүүчү Ырайымдуумун

[50] Чынында менин азабым — жан ооруткан азап

[51] (О, Мухаммад), аларга Ибрахимдын меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир

[52] Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» — деди

[53] «Коркпогун, — дешти алар, — биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз.»

[54] (Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Кандай (себеп менен) сүйүнчүлөйсүңөр?”

[55] «Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти

[56] (Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан заалым адамдар гана үмүтсүз болушат

[57] (Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»

[58] Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз

[59] Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз

[60] Аялынан башкасын. Биз, аны (азапта) калуучулардан болот деп эсептейбиз.»

[61] Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде

[62] Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» — деди

[63] (Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик

[64] Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз

[65] Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка кете бергиле.»

[66] Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»! жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык

[67] Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти

[68] (Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла

[69] Аллаһтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!»- деди

[70] (Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»

[71] (Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди

[72] (О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле

[73] Анан.., Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады

[74] Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык

[75] Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар

[76] Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.”

[77] Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар

[78] Бак-бостон кожоюндары заалым (каапыр) болушкан

[79] Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда

[80] «Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти

[81] Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту

[82] Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн

[83] Анан.., аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты)

[84] Жасаган нерселери аларга пайда берген жок

[85] Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр

[86] Албетте, сенин Раббиң — Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү

[87] Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Кураанды бердик

[88] Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллаһтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын

[89] Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн

[90] Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк

[91] Алар Кураанды бөлүктөргө ажыратышты

[92] Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз

[93] жасаган иштерине жараша

[94] (Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур

[95] Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз

[96] Алар Аллаһка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет

[97] Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат

[98] Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол

[99] Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл

Нахл

Surah 16

[1] (Эй, мушриктер!) Аллаһтын буйругу (азабы) келип калды. Силер аны шаштырбай эле койгула! Алардын ширктеринен Аллаһ Бийик жана Аруу

[2] Аллаһ пенделеринин арасынан каалагандарына Өз амири менен: “(Адамдарга) эскерткиле: Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Мен гана бармын! Менден гана корккула!”- деген вахий менен периштелерди түшүрөт

[3] Асмандар менен жерди Акыйкат менен жараткан (Аллаһ) алардын ширктеринен Жогору — Бийик

[4] Ал инсанды бир тамчы «суудан» жаратты эле, капысынан (Өзүнө) анык душман болуп чыга келди

[5] Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар.? Силер алардын этинен да жейсиңер

[6] (Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар

[7] (Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган (алыскы) шаар (лар) га ташып берет. Чынында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү

[8] Алсилер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук үчүн (ойноктогон) аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты)! Жана силер билбеген нерселерди да жаратат.”

[9] Туура Жолго баштоо - Аллаһтын вазыйпасы. Жолдордун арасында ийри жолдор да бар.? Эгер кааласа бардыгыңарды Туура Жолго баштамак

[10] Ал силерге асмандан суу түшүрдү. Ичер сууңар да ошондон, (өскөн) дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар

[11] (Аллаһ) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Албетте, буларда, пикир кылган элдер үчүн (Аллаһтын кудурет-даанышмандыгын билдирген) далилдер бар

[12] Дагы (Аллаһ) силерге Айды, Күндү жана Түн менен Күндүздү моюн сундуруп койду. Анын амири менен жылдыздар да силерге моюн сундурулган. Албетте, мында акылын иштеткен адамдар үчүн далилдер бар

[13] Ал силер үчүн жер бетинде ар түркүн (пайдалуу) нерселерди жаратты. Албетте, бул нерседе эстеген адамдар үчүн (Аллаһтын кудурет-даанышмандыгын билдирген) далил бар

[14] Силер андан (балыктардын) бузулбаган, эт(ин) жешиңер үчүн Аллаһ силерге деңизди моюн сундурду. Анын (түбүнөн) өзүңөр такчу тагынчактарды чыгарып аласыңар. Сен анда (толкундарды) жарып сүзгөн кемени көрөсүң. (Аллаһ) Өзүнүн пазилетин үмүт кылып, (нээматтарына) шүгүр келтиришиңер үчүн (ушуларды жаратты)

[15] Ал силердин тең салмактуулугуңарды сактасын деп жер бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду, Жана (силердин пайдаңар үчүн) дарыяларды, адашпай жүрүшүңөр үчүн жолдорду жана

[16] (ар түрдүү) белгилерди (жаратты. Ошол белгилердин бири болгон) жылдыздар менен алар жол табышат

[17] Жараткан (Аллаһ) менен жарата албаган (“кудайлар”) теңби?! Эсиңерге келбейсиңерби

[18] Эгер Аллаһтын нээматтарын санасаңар, бүтүрө албайсыңар. Албетте, Аллаһ Кечирүүчү, Боорукер

[19] Аллаһ силердин купуя жана ашкере жасаган (бардык) ишиңерди билет

[20] Алар (мушриктер) дуба (ибадат) кылып жаткан Аллаһтан башка “кудайлары” эч нерсени жарата албайт, өздөрү жаратылган нерселер

[21] Алар (жасалма кудайлар) тирүү эмес, өлүк, (Мушриктердин) качан тирилишин (Кыямат убактысын) да билбейт

[22] Силердин кудайыңар — жалгыз Кудай (Аллаһ). Ал эми, Акыретке ишенбеген адамдардын жүрөктөрү (бул ишенимге) каршы чыгуучу. Алар (Аллаһка баш ийүүдөн) текеберленишет

[23] Эч шексиз, Аллаһ алардын ичине сактаган сырларын да ачык-ашкере иштерин да билип турат. Чынында, Ал текебер адамдарды сүйбөйт

[24] Эгер аларга: «(Мухаммадга) Раббиңер эмне түшүрдү эле» -деп айтылса, «Байыркылардын жомогу» - дешет

[25] Кыямат Күнү күнөөлөрүн толугу менен, ал эми илимсиздиги себептүү (аларды) адаштырган адамдарынын күнөөлөрүн(үн бир бөлүгүн желкесине) көтөрүш үчүн (ошентишти). Уккула, алар көтөргөн «жүк» кандай жаман

[26] Алардан мурдагы (каапыр) коомдор дагы айлакерлик («сарайларын») жасашкан. Кийин Аллаһ алардын “сарайларына” келип, түбү менен омкоруп таштаганда, чатыр(ы) как чокуларына кулап түштү. Жана аларга байкабаган тараптан азап келди

[27] Кийин, Кыямат күндө (Аллаһ) аларды кордоп: “Алар үчүн жан үрөп талашып, Мага шерик кылган «кудайларыңар» кайда калды!?»-дейт. Илимдүүлөр (ошондо): “Бүгүн каапырларга кордук жана кайгы!”- дешет

[28] Өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын жандарын периштелер сууруп алып жатканда, айласыз калышып, (бирок, күнөөсүн мойнуна албай): «Биз эч бир жаман иш жасабаган элек»- дешет. Жок, жасагансыңар! Аллаһ эмне кылганыңарды Билүүчү

[29] Эми, анда түбөлүк кала турган Тозок дарбазаларынан киргиле. Текебер адамдардын орду кандай жаман

[30] Аллаһтан корккон (такыба) адамдарга: “Раббиңер силерге эмнени түшүрдү эле, деп айтылганда “жакшылыкты” дешет. Жакшылык кылган адамдарга бул дүйнөдө да жакшылык бар. Бирок Акырет Үйү (дүйнөдөн) жакшы. Такыба кишилердин үйү (Бейиш) кандай сонун

[31] «Адн» бейиштери! Алар түбүнөн дарыялар аккан ошол бактарга киришет. Анын ичинде көңүл күсөгөн бардык нерселер бар. Аллаһ такыба кишилерди мына ушинтип сыйлайт

[32] Такыба адамдардын (каапырчылыктан) таза жандарын периштелер алып жатканда: «Силерге салам (тынчтык) болсун! (жакшы) амалыңарга жараша, эми, Бейишке киргиле!» — дешет

[33] (Ал эми, каапырлар) өздөрүнө (жан алгыч) периштелер же болбосо Раббиңдин буйругу (азабы) келишинен башка нерсени күтпөйт. Алардан мурдагы(каапыр)лар дагы ошондой (ширк) амалдарды жасаган(да баштарына азап түшкөн). Аларга Аллаһ зулумдук кылбады, бирок, өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты

[34] Аларга (жаман) иштеринин жаман акыбети жетти. Баштарына (ишенбеген жана) мыскылдаган нерселери (азап) түштү

[35] Мушриктер: «Эгер Аллаһ кааласа, биз Өзүнөн башка эч нерсеге ибадат кылбайт элек. Биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы Анын (Аллаһтын өкүмү) болмоюнча эч нерсени (өзүбүзгө) арам кылган эмеспиз” - дешет.” Алардан мурдагы (каапыр)лар деле ушундай иш жасашкан. Пайгамбарлардын анык-таза жеткирүүдөн башка вазыйпасы жок

[36] Биз ар бир элге «Аллаһка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) Пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллаһ Туура Жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн! башына адашуучулук түшкөн. Эми, жер бетинде саякат кылып, (пайгамбарлардын жолун) “жалган” дегендердин акыбети кандай болгонун көргүлө

[37] (О, Мухаммад!) Эгер сен аларды Туура Жолго баштоого (ар канча) аракет кылсаң деле, Аллаһ адаштыра турган пендени (эч качан) Туура Жолго баштабайт. (Натыйжада аларга азап түшөт. Ошондо) аларга эч жардамчы болбойт

[38] Алар Аллаһтын атына бекем ант ичип: “Аллаһ өлгөндөрдү тирилтпейт” - дешет. Жок, тирилтет! Өзүнүн акыйкат убадасы боюнча! Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) биле бербейт. (Акыретте бардык адамдар тирилчү болсо, мунун себеби)

[39] Аларга талашкан нерселерин(ин аныгын) көргөзүп коюу үчүн жана каапыр адамдар өздөрүнүн жалганчы экендиктерин билип алышы үчүн

[40] Эгер Биз бир нерсени кааласак, ага карап: «Бол!» дешибиз менен ал болуп калат

[41] (Макка мушриктери тарабынан) зулумга дуушар кылынган соң, Аллаһтын жолунда хижрат кылган адамдарга (ушул эле) дүйнөдө жакшылык даярдап койобуз.! Бирок, эгер билишсе, Акырет сыйлыгы чоңураак

[42] Алар сабыр кылган жана Раббисине тобокел кылган адамдар

[43] (О, Мухаммад!) Биз сенден мурда жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз (жана) аларга (Дин-Шарият) вахий кылганбыз. (Эй, мушриктер), эгер билбесеңер илимдүүлөрдөн (Ыйык Китептерди билгендерден) сурагыла

[44] (Тоорат жана Инжил түшкөн) адамдарга (ал экөөсүнөн мурда) анык кабарлар, (жана башка ыйык) китептер (түшкөн). Биз сага (эң абзел) илим — Кураанды түшүрдүк, адамдарга (Раббиси тарабынан) эмнелер келгенин баяндап берүүң үчүн. Кана эми, (ушулар жөнүндө) пикир кылышса

[45] (Ислам менен пайгамбарга каршы) жаман айлакерликтерди жасаган адамдар, өздөрү сезбеген тараптан азап келип калышынан же болбосо, аларды жер жутуп жиберишинен (тынч бекен)

[46] Же болбосо, (бейкапар) саякат кылып жүргөн мезгилинде аларды (капыстан,) кутулбай турган таризде (азап) кармап калышынан

[47] Же жүрөгү (бир жамандыкты сезип) коркуп турган убакытта (азап) кармашынан (тынч бекен)?! Чынында, силердин Раббиңер Ырайымдуу, Боорукер

[48] Алар (шектенгендер) Аллаһ жараткан нерселерге карашпайбы? Алардын көлөкөсү, (Аллаһтын кудуретине) моюн сунуп, сажда кылган абалда оңго-солго ийилип жатканын көрбөй жатышабы

[49] Аллаһка асмандар жана жердеги жаныбарлардын бардыгы жана (улуу) периштелер дагы эч текеберленбей сажда кылышат

[50] (Себеби) Алар үстүлөрүндөгү Раббисинен коркушат жана өздөрүнө буюрулган нерсени (дароо) аткарышат

[51] Аллаһ айтты: “(Мага дагы бирөөнү шерик кылып) эки кудай тутуп албагыла! Чынында Ал — Жалгыз Кудай! (Демек, жалгыз) Өзүмдөн гана корккула!”

[52] (Анткени,) жер-асмандардагылардын бардыгы Анын мүлкү. Дин (ибадат-сыйынуу) дагы бүт бойдон Өзүнө гана таандык. Эмне, силер Аллаһдан башкадан коркосуңарбы

[53] Силерде болгон (көрүнгөн жана көрүнбөгөн) нээматтардын бардыгы Аллаһдан. Кийин (силер, эй, мушриктер) өзүңөргө бир апаат-зыян жеткенде (гана) Аллаһка жалбаруудасыңар

[54] Анан, Өзү силерден балээни арылткан соң, бир тобуңар Раббисине (башкаларды) шерик кыла баштады

[55] Биз берген нээматтарга шүгүр кылбай коюу үчүн. (Жыргал жашооңордон) пайдалана бергиле. Жакында (адашканыңарды) билип аласыңар

[56] Жана (мушриктер) эч нерсени билбеген «кудайларына» Биз ырыскы кылып берген нерселерден үлүш ажыратышат.! Аллаһка ант, өзүңөр ойлоп тапкан (бул) жалгандар жөнүндө (Кыяматта) суракка тартыласыңар

[57] Алар (“Периштелер Аллаһтын кыздары” деп) Аллаһка кыздарды таңуулашат. Аллаһ (перзенти болуудан) Таза! Өздөрүнө болсо жакканын (уул перзенттерди) арнашат

[58] Эгер бирөө-жарымы кыз перзент (көргөнү) жөнүндө «куш кабар» алчу болсо, ачуусун ичине жута берип, жүзү карарып чыгат

[59] (Анан) “сүйүнчүнүн” жамандыгынан (арданып) эл көзүнөн жашынып жүрүшөт (жана) “кыз перзентти кордолгон абалда (болсо да) алып калуу керекпи, же болбосо топурак түбүнө (тирүүлөй) көмүп салуу керекпи?” (деп ойлонушат). Алардын өкүмдөрү кандай жаман

[60] Акыретке ыйман келтирбеген адамдарга эң төмөн сыпаттар таандык. Аллаһка болсо, эң жогорку сыпаттар таандык. Ал — Кудуреттүү, Даанышман

[61] Эгер Аллаһ (бул дүйнөдө) адамдарга каапырчылыгына жараша азап берчү болсо, жер бетинде кыбыраган жан калтырмак эмес!! Бирок, Аллаһ аларды(н азапталуусун) белгилүү убакытка (Кыяматка) чейин кечиктирет. Эми, алардын белгилүү убакыттары (ажалы) жеткенде, аны бир аз мөөнөткө да кечиктире алышпайт жана тездете да алышпайт

[62] Алар өздөрү жактырбаганды (кыз перзентти) Аллаһка таңуулашат. Тилдери болсо, аларга жакшылык (бул дүйнөдө бакыт, Акыретте Бейиш) болушу жөнүндө жалганды сүйлөйт. (Бирок,) эч шексиз, аларга Тозок бар жана ага эң абалкылардан болуп киришет

[63] Аллаһка ант, (о, Мухаммад), Биз сенден мурунку эл-үммөттөргө да пайгамбар жибергенбиз.! Бирок, кийин шайтан аларга (ширк) иштерин кооз көргөзүп, ошол күндөгү (дүйнөдөгү) башчылары болуп алган. Аларга кыйноочу азап бар

[64] Биз сага, алар талашып калган маселелерди анык баяндап беришиң үчүн жана ыймандуу адамдарга Туура Жол, Ырайым болуш үчүн Китепти (Кураанды) түшүрдүк

[65] Аллаһ асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди — өлгөнүнөн соң — тирилтти. Албетте, мында уга билген адамдар үчүн үлгү-сабак бар

[66] Чынында, силер үчүн айбандарда (алардын жаратылышында) үлгү-сабак бар: Биз алардын ичиндеги акылет менен кандын арасынан, ичкендер үчүн жагымдуу болгон таза сүттү (чыгарып,) силерге ичиребиз

[67] Дагы силер курмалардын, жүзүмдөрдүн мөмөлөрүнөн шарап? жана эң мыкты ырыскыларды аласыңар. Албетте, мында акылын иштеткен коом үчүн сабак бар

[68] (О, Мухаммад) Сенин Раббиң бал аарыга (мындай деп) илхам кылды: “Үйүңдү тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган уяларга кургун

[69] Андан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил “жолдордон” (учуп) жүргүн!” Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) пикир жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар

[70] (О, инсандар), силерди Аллаһ жаратты. Кийин Өзү өлтүрөт. Силердин араңарда (бардык нерсени) билген соң эч нерсени билбей (эс-тутумун жоготуп) калышы үчүн эң төмөн жашоого (карылык мезгилге) кайтарылгандары да бар. Аллаһ — Билүүчү, Кудуреттүү

[71] Аллаһ бирөөңөрдү башкаңардан ырыскыда (дүйнө-мүлктө) жогору кылды. Эми, ырыскысы бийик кылынгандар (өз каалоосу менен) кол астындагы кулдарына ырысын (тең) бөлүштүрүп берип, дүйнө мүлктө баары тең болуп калышы мүмкүнбү? Аллаһтын нээматын четке кагып жатышабы?!”

[72] Аллаһ силерге өзүңөрдөн жуп-жубай жаратып, (ал) жубайыңардан перзенттерди, неберелерди жаратып, силерге таза ырыскылардан берди. Эми, алар (Аллаһтын жеке өзүнө сыйынуу-нун ордуна) жалган кудайларга ыйман келтирип жатышабы?! Аллаһтын нээматына каапыр болуп (тааныбай) жатышабы

[73] Жана алар, Аллаһтан башка, өздөрүнө асмандар менен жерден эч кандай ырыскы өндүрүп бере албай турган, колунан эч нерсе келбей турган нерселерге ибадат кылышат

[74] Аллаһка эч нерсени окшотпогула! Албетте, Аллаһ билет, силер билбейсиңер

[75] Аллаһ (“Аллаһка эч нерсени окшотпогула!” деген сөзүнө) мисал келтирет: Эч нерсеге эгедер болбогон бир кул жана Биз көп ырыскы берген (бай) адам. Ал байлыгынан ашкересин-ашкере, көмүскөсүн-көмүскө садака кылат. Эми, ушул экөө окшош болобу?! Аллаһка мактоолор! Бирок, муну көпчүлүгү билишпейт

[76] Аллаһ (дагы) эки адамды мисал келтирет: бирөөсү сокур-дүлөй. Эч нерсеге ээ эмес. (Жадагалса, өзүнө-өзү да ээ эмес) бүт бойдон кожоюндуку. Кайда жиберсе да жакшылык келтирбейт. (Ушундай жаман кул). Эми, ушул киши менен Туура Жолдо жүрүп, адилетке буюрган (демек, көзү, кулагы бар, акылы бүтүн жана бай) адам тең болобу

[77] Асмандар жана жердин кайып нерселери(нин билими) Аллаһтын гана алдында.* Ал эми, Кыяматтын болушу көз ачып-жумгуча же андан да тезирээк. Албетте, Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[78] Аллаһ силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар

[79] Асман койнунда туткун болгон куштарга карашпайбы? Аларды (абада) Аллаһдан башка ким кармап турат?! Албетте, мында ыймандуу адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине ишаарат кылган) белгилер бар

[80] Аллаһ силер үчүн үйүңөрдү тынч мекен кылды жана айбандардын терилеринен көчүп-конуп жүргөнүңөрдө жеңил болгон үйлөрдү жасап берди. Жана алардын жүндөрүнөн, тыбыттарынан, кылдарынан бир мезгилге (Кыяматка) чейин (керектелүүчү) буюмдарды жана матааларды (жаратты)

[81] Аллаһ Өзү жараткан нерселерден көлөкө-башпаанектерди, тоолордон үңкүр-үйлөрдү жасап берди. Дагы силер үчүн ысыктан сактаган кийимдерди жана (өз-ара) соккуңардан сактай турган, (зоот) кийимдерди жаратты. (Аллаһ) силерге мына ушинтип Өз нээматын толук берет. Кана эми (силер да толук) мусулман болсоңор

[82] (О, Мухаммад!) Эгер (наасааттан) жүз бурушса, (артынан түшүп алба) сенин милдетиң анык жеткирүүдөн гана турат

[83] Алар Аллаһтын нээматын таанып-билип эле турушат. Бирок, кийин моюнга албай коюшат. Алардын көпчүлүгү каапырлар

[84] (Кыямат) Күндө ар бир үммөттөн (бирден) күбөнү алып келебиз.! Кийин каапырлар үчүн (кечирим суроого) уруксат берилбейт жана (кайрадан жашап келүүгө да) кайтарылышпайт

[85] Зулумдук кылган (каапыр) адамдар азапты көрүшкөн убакта алардан (азап) жеңилдетилбейт. Жана мөөнөт да берилбейт

[86] Эгер Аллаһка шерик кошкондор өз “кудайларын” көрүп калса: “О, Раббибиз — (Аллаһ!), Сени таштап биз дуба-ибадат кылган “кудайларыбыз ушулар”-дешет. Анда аларга (“кудайлары”): “Силер — анык жалганчысыңар!” — деп сөз ыргытат

[87] Ошол күндө алар Аллаһтан жансоога сурап калышат. Ойлоп тапкан “кудайлары” болсо, жок болуп кетет

[88] (Өздөрү) каапыр болуп (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон адамдардын азабынын үстүнө азап кошобуз, бузукулук кылгандары себептүү

[89] Биз (силерди) кайрадан тирилткен Күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү (пайгамбарын) алып келебиз. Сени да (о, Мухаммад)) тигилерге (өз үммөтүңө) күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти (Кураанды) ар бир нерсеге Баяндама, Туура Жол, Ырайым жана мусулмандар үчүн Жакшы Кабар иретинде түшүрдүк

[90] Албетте, Аллаһ адилеттүүлүккө, жакшылыкка тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (Шариятка) терс пейилдерден жана зулум-душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер

[91] Убада бергениңерде Аллаһтын убадасын аткаргыла! Бекемдегениңерден кийин антыңарды бузбагыла! (Анткени,) Силер (Аллаһты ортого коюп ант ичкениңерде) Аллаһты кепил кылгансыңар. Албетте, Аллаһ эмне кылганыңарды билип турат

[92] Бекем ийрип, орогон соң, ийигин сындырып (жибин чубап) салган аялга окшобогула: бир эл башка бир (силер убадалашкан) элден пайдалуураак болсо эле, өз ара антташкан убадаңарды алдоо куралы кылып аласыңар! Аллаһ бул (убада) менен силерди сынап жатат жана Кыямат күнү силерге, келише албай калган нерсеңердин анык баянын билдирет

[93] Эгер Аллаһ кааласа, силердин бардыгыңарды бир үммөт (бир динде) кылып коймок. Бирок, Ал каалаганын адаштырып, каалаганын Туура Жолго салат. Силер (Кыяматта) эмне иш кылганыңар жөнүндө сураласыңар

[94] Антыңарды алдоо куралы кылып албагыла! (Эгер ошентчү болсоңор) бутуңар (түз жолдо) бекем болгондон соң тайып кетет жана Аллаһтын жолунан адашканыңар себептүү азап чегип каласыңар жана (акыретте да) силерге чоң азап жетет

[95] Аллаһтын убадасын аз гана баага сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, силер үчүн (дүйнө пайдасынан) Аллаһтын алдындагы сооп жакшы

[96] Силердин алдыңардагы нерселер (канчалык көп болсо да) түгөнөт. Аллаһтын алдындагы нерселер түбөлүктүү! Биз сабыр кылгандардын сооп-сыйлыгын жасаган ишинен жакшыраак (көбүрөөк) кылып беребиз

[97] Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин! жакшы амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) таза жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз

[98] Качан сен Кураан окусаң (Аллаһтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп Аллаһка сыйын

[99] Албетте, (Аллаһка ыклас менен) ыйман келтирген жана Раббисине тобокел кылган адамдарга шайтандын бийлиги өтпөйт

[100] Анын бийлиги мушрик болуп, өздөрүнө аны (шайтанды) дос-жетекчи кылып алгандарга өтөт

[101] (О, Мухаммад!) Эгер Биз бир аяттын ордуна башкасын алмаштырсак — Өзү түшүргөн нерсесин Аллаһ Өзү Билүүчү? — алар (мушриктер) «Сен (ичиңден) ойлоп чыгаруудасың» дешет. Жок! (Андай эмес) Алардын көпчүлүгү билишпейт

[102] Ал аятты Ыйык Рух (Жебирейил периште) Раббиң тарабынан ыймандууларды (Өз жолуна) бекемдеш үчүн, Туура Жол жана мусулмандарга Жакшы Кабар болушу үчүн акыйкат менен түшүргөн

[103] Биз билебиз, алар (мушриктер): “Чынында, Кураанды Мухаммадга (бир) адам үйрөткөн» деп жатышат. Алар (пайгамбардын устаты деп) көргөзүп жаткан адамдын тили арабча эмес. Ал эми, бул (Кураан) анык-таза араб тилинде

[104] Албетте, (ар нерсени шылтоолоп) Аллаһтын аяттарына ыйман келтирбей жүргөн адамдарды Аллаһ Туура Жолго баштабайт жана аларга жан сыздаткан азап бар

[105] Чынында, Аллаһтын аяттарына ыйман келтирбегендер гана (ушундай) жалгандарды ойлоп табышат. Алар — жалганчылар

[106] Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллаһка каапыр болуп, көкүрөгүн каапырчылыктарга кенен ачып койсо, аларга Аллаһтын каары жана улук азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен (толуп) бейпил турган абалда (тили менен гана “Динден кайттым” деген сөздү айтууга) мажбур кылынган адамдар (га азап-күнөө жок)

[107] Мунун себеби, алар (көкүрөгүн капырчылыкка ачкандар) Акыретке караганда (опосуз) дүйнө жашоосун көбүрөөк сүйүштү. Албетте, Аллаһ каапыр коомдорду Туура Жолго баштабайт

[108] Аллаһ алардын жүрөгүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басып (акыйкатты кабыл алалбай турган кылып) койгон. Эми, алар капилеттеги (аңкоо) адамдар

[109] Эч шексиз, алар Акыретте зыян тартуучулардан болушат

[110] Андан соң, албетте, сенин Раббиң, (көп) каршылыктарга учурагандан кийин (өз диндерин сактап калуу үчүн) хижрат кылган, жихадга чыккан жана (дин жолундагы кыйынчылыктарга) сабырдуулук көргөзгөн адамдарды — ушулардан кийин — албетте, Кечирүүчү жана Өз Ырайымына алуучу

[111] Ошол Күндө (Кыяматта) ар бир жан өз пайдасын талашып (башкаларды тап-такыр унутуп) калат. Жана ар бир жанга — зулумдук көргөзүлбөгөн абалда — жасаган иштери(не жараша сооп же азап) гана толугу менен берилет

[112] Аллаһ бир шаарды (Макканы) мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан “агып” келип турган шаар болчу. Кийин ал (анда жашаган мушриктер) Аллаһтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллаһ аны коркунуч жана каатчылык “кийими” менен “жасантып койду”

[113] Аларга (Макка мушриктерине) өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) пайгамбар келсе, аны «жалганчы» дешти. Анан аларды, заалым болуп турган абалда азап кармады

[114] Силерге Аллаһ ырыскы кылып берген адал-таза нерселерден гана жегиле жана эгер Аллаһтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла

[115] Чынында„ Аллаһ силерге тарпты, (мууздалганда аккан) канды, доңуздун этин жана Аллаһтан башкага атап союлган(дар)ды арам кылды.” Ал эми, бирөө (ушулардан башка тамак таба албай) мажбур болгондо, чектен чыкпай сугунбай (өзөк жалгоо үчүн гана) жесе, Аллаһ Кечирүүчү, Ырайымдуу

[116] Тилиңер (өзүңөр) ойлоп чыгарган сөздөрдү Аллаһка (оодарып) жалаа жабуу үчүн «Бул — адал, бул — арам» деп сүйлөй бербегиле. Албетте, Аллаһка жалаа жапкандар! Тозоктон кутулбайт

[117] (Дүйнө жыргалы) бир аз гана пайдалануу. Алар үчүн (Акыретте) жан сыздаткан азап бар

[118] Мурда Биз яхудийлерге, сага (Кураанда) айткан нерселерди арам кылган элек. Биз аларга зулумдук кылбадык. Бирок өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты

[119] Андан соң (о, Мухаммад)) албетте, сенин Раббиң наадандык (илимсиздик) менен күнөө иш жасап, артынан тооба кылган жана өзүн(үн иштерин) оңдогон адамдарды — ушундан кийин — Кечирүүчү, Ырайымдуу

[120] Чынында, Ибрахим Аллаһка ыкыластуу, ханиф (Аллаһка жүз бурган) жана Туура Жолго баштоочу жолбашчы болгон. Ал мушриктерден болгон эмес

[121] (Дагы ал) Аллаһтын нээматтарына шүгүр келтирүүчү болгон. (Ошондуктан, Раббиси аны көп элдердин арасынан) тандап алып, Туура Жолго баштады (Пайгамбар КЫЛДЫ)

[122] Жана Биз ага дүйнөдө ихсан-жакшылыктарды бердик. Ал Акыретте да жакшылардан болот

[123] Андан соң (о, Мухаммад), Биз сага: «Жалгыз Аллаһка сыйынуучу Ибрахимдын динине ээрчигин. (Себеби) ал мушриктерден болбоду” деп вахий жибердик

[124] Ишемби күн(дү урматтоо) ал (Жума күн) жөнүндө талашып (натыйжада жолдон чыгып) кеткен адамдарга (яхудийлерге парыз) кылынды. Албетте, сенин Раббиң Кыямат Күндө алар талашкан нерсе жөнүндө (адилет) өкүм чыгарат

[125] (О, Мухаммад!) Раббиңдин жолуна хикмат — даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз. Сенин Раббиң Өзүнүн жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал Туура Жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет

[126] (О, момундар!) Эгерде (силерге жаман сөз же жаман иш менен зыян жеткирген адамдардан) өч алчу болсоңор, өзүңөргө кандай зыян жеткен болсо, дал ошондой өч алгыла. Эгер (өч албай, кечирип) сабыр кылсаңар, бул сабыр кылуучулар үчүн жакшы

[127] (О, Мухаммад) сабыр кыл! Сенин сабыр кылууң Аллаһтын жардамы менен гана болот. (Каапырлардын сага каршы) жасаган айлакерликтери себептүү капа болбо жана жүрөгүң кысылбасын

[128] Албетте, Аллаһ такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен

Исра

Surah 17

[1] Пендесин түн ичинде Аль- Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Аль-Аксаа мечитине сейил кылдырган Аллаһ (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал — Угуучу, Көрүүчү

[2] Биз Мусага Китепти (Тооратты) берип, аны Исрайил урпактары үчүн Туура Жол кылдык. (Жана аларга): «Өзүңөргө Менден башканы өкүл-башкаруучу кылып албагыла» (дедик)

[3] Биз Нух менен бирге (кемеде) көтөргөн (жана чөктүрбөй, сактап калган) адамдардын урпактары, (уккула:) чынында, ал (Нух) абдан шүгүр кылуучу пенде болгон

[4] Биз Китепте (Тооратта) Исрайил урпактарына: «Жер бетинде эки ирет бузукулук кылып, аябай, чектен чыгып, текеберленесиңер» деп вахий (кабар) кылдык

[5] Эми, ошол эки убаданын биринчисинин убактысы келгенде, силердин үстүңөргө абдан күчтүү пенделерибизди жибердик эле, үй-жайыңарды аралап (талкалап) киришти. Жана ал (убада) аткарылган убада болду

[6] Кийин, кезекти алардын зыянына силердин пайдаңарга кайтардык жана силерди мал-мүлк, бала-чака менен кубаттандырып, саныңарды көбөйттүк

[7] Жакшылык кылсаңар өзүңөргө пайда, жамандык кылсаңар да (зыяны) өзүңөргө кайтат. Акыркы (экинчи) убаданын убактысы келгенде, (силерди жеңип, кул кылып) жүзүңөрдүн кунарын кетириш үчүн, биринчи жолкусунда кирген сыяктуу мечитке (Аль-Аксаага) кирүү (жана аны ойрон кылуу) үчүн жана басып алган жерлерин талап-талкалоо үчүн (кубаттуу душманыңар кайтып келди)

[8] (Эгер тооба кылсаңар) Раббиңер силерге дагы эле ырайым кылса ажеп эмес. Эгер (күнөөгө) кайтсаңар, Биз да (силерди жазалоого) кайтабыз. Биз каапырларга Тозокту (түбөлүк) түрмө кылганбыз

[9] Чынында, бул Кураан (инсаниятты) эң Туура Жолго баштайт! жана салих (жакшы) амал кылган момундар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө куш кабар берет

[10] Акыретке ишенбеген адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз

[11] Инсан жакшылык тилеп дуба кыл-ганы сыяктуу, жамандык тилеп да дуба кыла берет. Инсан (ушундай) шашма

[12] Биз түн менен күндүздү (Өз кудуретибизге далил катары) эки аян-белги кылдык. Анан (элдер тынч эс алсын деп) түн-белгини өчүрдүк (караңгы кылдык) Ал эми, Раббиңердин пазилетин издеп, (тиричилик кылып) жүрүшүңөр үчүн жана эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн күн-белгини жарык кылдык. Биз ар бир нерсени анык-айкын баяндадык

[13] Ар бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана Кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана)

[14] «Китебиңди оку, бүгүн өзүңдүн зыяныңа өзүң жетишерлик эсепчисиң!» (дейбиз)

[15] Ким Туура Жолго түшсө — өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз

[16] Эгер Биз бир шаарды кыйратууну кааласак, анын дене кумарына берилген (бай) адамдарына буюрабыз.? Кийин алар шаарда бузукулук кылганда, үстүлөрүнө сөз (азап) түшүүсү ылайык болуп калат. Анан аны жер менен жексен кылабыз

[17] Биз Нухтан кийин дагы нечендеген муундарды кыйраттык. Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар (жана) Көрүүчү

[18] Кимде-ким тез өтүүчү(дүйнө) нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз

[19] Ал эми, кимде-ким Акыретти(к соопту) каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган

[20] (Бирок, бул дүйнөдө) тигилерге деле, буларга деле нээматтарыбызды жеткире беребиз. Раббиңдин нээматы (бул дүйнөдө эч кимден) тосулган эмес

[21] Карачы, Биз (дүйнөдө адамдардын) бирөөлөрүн башкаларынан кантип абзел-пазилеттүү кылып койдук. Бирок, акыреттик пазилет менен (акыреттик) даражалар чоңураак

[22] Сен (эч качан) Аллаһка дагы бир «кудайды» кошпогун! Анткенде, жек көрүндү болуп, (сооптордон) куржалак олтуруп каласың

[23] Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң

[24] Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!»

[25] Силердин ичиңердеги нерсени! Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү

[26] Тууган-уруктарга, мискин-кедейлерге жана мусапырларга (адамдык акы-укугун жана урмат, жардам) бергиниң. Бирок, ысырапкор-чачуучу болбогун

[27] Аныгында, ысырапкорлор — шайтандын достору. А, шайтан болсо, Раббисине өчөшкөн каапыр

[28] Же болбосо, Раббиңдин ырайымынан (байлыгынан) үмүт кылып, аларга (аргасыздан) жүз үйрүсөң, ширин сөздөрдөн айткын

[29] (Эки) колуңду мойнуңа таңылгандай кылып алба! (Ошондой эле,) Биротоло ачып (чачып) жибербе! Жек көрүндү жана куржалак болуп каласың

[30] Чынында, сенин Раббиң каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал пенделериңн(ин абалынан) Кабардар, Көрүүчү

[31] (О, адамдар!) Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү эң чоң күнөө

[32] Зынаага жакындабагыла! Ал — бузукулук жана эң жаман жол

[33] Аллаһ (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал — жардам берилген адам

[34] Эрезеге жеткенге чейин жетимдердин мал-мүлкүнө жакындабагыла, бир гана жакшы ниет менен болсо, мейли. Жана убаданы аткаргыла. Албетте убада (Акыретте) суралчу нерсе

[35] Өлчөгөндө (тартканда) өлчөөнү толук кылгыла! Жана туура тараза менен тарткыла! Ушул жакшы жана эң мыкты чечим

[36] Өзүң (анык) билбеген нерсени ээрчибе! Чынында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары (Кыяматта) суралуучу нерселер

[37] Жер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келалбайсың

[38] Ушулардын баары Раббиңдин алдында макүрөө саналган жаман кулк-мүнөздөр

[39] Булар Раббиң вахий кылган үлгүлүү наасаттардан кээ бирөөлөрү. Эми, сен Аллаһка башка «кудайды» кошпогун, анда, (эгер ширк кылсаң) айыпталган, жек көрүлгөн абалда Тозокто (түбөлүк) каласың

[40] (О, мушриктер) Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү периштелерди кыз кылып алыптырбы?!! Чынында, силер чоң күнөөлүү сөздү сүйлөп жатасыңар

[41] Биз бул Кураанда аларга (түрдүү өкүмдөрдү) баян кылдык, эстерине келиши үчүн. Бирок, бул(баянд)ар алардын (чындыктан) качууларын гана көбөйттү

[42] Айт (о, Мухаммад) “Эгер алар айткандай Аллаһ менен бирге башка кудайлар бар болсо, анда алар Арштын Кожоюнуна (каршы, аны жеңүү үчүн) жол издешмек

[43] Аллаһ алар сыпаттаган нерселерден Бийик, Улук жана Аруу

[44] Аллаһка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр. Чынында. Аллаһ Кеңпейил, Кечирүүчү

[45] (О, Мухаммад!) Эгер Кураан окусаң, сени менен Акыретке ишенбегендердин арасына тосулган парда тартып койобуз

[46] Жана алардын жүрөктөрүнө Кураанды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын “дүлөй” кылып койобуз. Качан сен Кураанда жалгыз Раббиңди эстесең, артка бурулуп, качып кетишет

[47] Алар сени(н Кураан окуганыңды) эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан, алар сени укканда, (өз ара) шыбырашканда заалымдар “Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыңар” дешет

[48] Карачы, алар сага кандай гана мисалдарды келтирип, экинчи жол таба албай турган болуп адашышат

[49] Жана “биз (өлүп, шагыраган) сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилебизби?!””- дешет

[50] Айткын: «(Ооба! Шагыраган сөөк же чириген тарп гана эмес, эгерде) таш, темир болсоңор да

[51] Же жүрөгүңөрдө (ойлогон) мындан да олуттуураак нерсе болсоңор да, (Аллаһ сөзсүз тирилтип алат!) «Ким кайра тирилтет?» деп сурашат. Айткын: «Силерди биринчи ирет жараткан Кудай». Кийин алар сага (ишенбей) баш чайкашып: «Ал качан?» дешет. Айткын: «Жакын калган болсо ажеп эмес»

[52] (Исрафил периште «сур» кернейин тартып, Аллаһ) силерди чакырганда, Аны даңктап, жооп бересиңер. (Мүрзөңөрдөн тирилип чыгасыңар.) Жана (бул дүйнөдө) бир аз эле убакыт турдук деп ойлоп каласыңар»

[53] (О, Мухаммад), Менин пенделериме айт, эң жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн.! Шайтан алардын арасын бузуп жүрөт. Чынында, шайтан — инсандын анык душманы

[54] Аллаһ силерди (өзүңөрдөн) жакшыраак билет.” (Аллаһ) кааласа силерге ырайым кылат, кааласа, азап берет. (Оо, Мухаммад!) Биз сени аларга (иштерин текшерүүчү) өкүл кылган эмеспиз

[55] Сенин Раббиң асмандардагы жана жердеги нерселерди (силерден) жакшыраак Билүүчү. Биз кээ бир Пайгамбарларды кээ бирөөлөрүнөн абзел-жогору кылдык жана Даудга Забур (китебин) бердик

[56] Айткын: «(О, мушриктер) Аллаһтан башка (өзүңөр кудай деп) ойлогонуңарга дуба кыла бергиле, баары бир алар силерден эч бир зыянды арылта албайт жана (ишиңерди жакшы же жаман жагына) өзөгөртө албайт

[57] Алардын! өздөрү (Аллаһка) дуба кылышып, (Ага) кимиси жакыныраак (сүйүктүүрөөк) болууга жол издешет, ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында, Раббиңдин азабынан сак болуу зарыл

[58] Биз (жер бетиндеги) бардык (каапыр) шаарларды, Кыяматтан мурдараак кыйратабыз же болбосо, катуу азап менен жазалайбыз. Бул Китепте (тагдырда) жазылган

[59] Бизди (мушриктерге) моожиза берүүдөн тоскон нерсе — абалкы (каапыр) коомдордун (моожизаны) «жалган» дегендери. Биз Самуд коомуна анык көрүнгөн төө бердик эле, ага зулум кылып (ишенбей) коюшту. Биз моожизаларды (элдерди жалгыз Аллаһтан) коркутуу үчүн гана жиберебиз

[60] Жана бир кезде Биз сага: «Раббиң (Өзүнүн илими менен) адамдарды ороп алат» дегенбиз. Биз сага (Исраа түнүндө) көргөзгөн нерсе жана Кураандагы каргыш тийген (Заккум дарагы) адамдар үчүн сыноо. Биз аларды коркутабыз. Бирок, бул (коркутуу) алардын ашынган каапырлыгын гана көбөйтөт

[61] Бир кезде Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла!» дедик. Иблистен башка баары сажда кылышты. (Иблис болсо:) «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылат бекенмин» - деди

[62] Ал (дагы мындай) деди: « Айтчы, мага (оо, Раббим), менден улук кылганың (Адам) ушулбу?! Эгер мени Кыямат күнгө чейин (жанымды албай) кечиктирсең, анын бардык урпактарын азгырып жиберемин. Азыраактары (Сага ыклас менен сыйынгандары) гана калат»

[63] «Жогол! — деди Аллаһ, — бирок, алардан кимиси сага ээрчисе, силердин толук (ылайыктуу) жазаңар тозок

[64] Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал! (Кааласаң) алардын үстүнө атчан жана жөө аскериңди жибер! Жана (кааласаң) алардын мал-мүлкүндө, бала-чакасында шерик бол жана аларга убадаларыңды бер! (О, пенделер!) Шайтан аларга жалган убадаларды гана берет

[65] Албетте, Менин (ыкластуу) пенделериме бийлигиң өтпөйт! Сактоо жаатынан (аларга) Раббиңдин Өзү жетиштүү!»

[66] (О, инсандар) Раббиңер, Өз пазилетинен (ырыскы) издешиңер үчүн силердин пайдаңарга (албууттанган) деңиздин үстүндө кеме жүргүзүп койду. Чынында, Ал силерге Ырайымдуу

[67] Жана эгер силерди деңиз үстүндө бир апаат кармаса, жалбарып, дуба кылган «кудайыңар» жоголуп, Анын (Аллаһтын) Өзү гана калат. (Жана Өзүнө жалбарып: «О, Аллаһ! Өзүң жалгыз кудайыбызсың! Куткара көр!» дейсиңер). Эми, Ал силерди кургакка чейин (жеткирип) куткарып койсо, (дагы эле бут-кудайыңарга) бурулуп кетесиңер. Инсан жакшылыкка шүгүрсүз болду

[68] Эмне, силерди кургакта жер жутуп жиберишинен же болбосо, (Аллаһ) силерге таш бороонун жиберишинен, кийин өзүңөргө (эч бир) өкүл-коргоочу таппай (мукурап) калышыңардан коопсузсуңарбы

[69] Дагы силер (Аллаһ) силерди кайрадан деңизге кайтарып, үстүңөрдөн добул жиберип, каапырлыгыңарга жараша чөктүрүп жиберишинен коопсузсуңарбы?! Кийин Бизге каршы бир да өч алып берчү адамды таба албай каласыңар

[70] Чынында, Биз адам перзенттерин (башка макулуктардан) улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) миндирип, таза-пакиза нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук

[71] Биз бардык инсандарды ээрчиген жолбашчылары? менен (суракка) чакырган (Кыямат) Күндө, кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин (сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт

[72] Ал эми, ким ушул дүйнөдө сокур (сыяктуу акыйкатты көрбөгөн) болсо, ал Акыретте да сокур жана (Бейиш) жолунан адашкан болот

[73] (О, Мухаммад, Биз сага вахий кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага вахий кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак

[74] Эгерде Биз сени (Туура Жолдо) бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксың

[75] Анда (эгер алардын каалоолорун ээрчигениңде) Биз сага (ушул) жашоодо да, өлүмдө(н кийинки жашоодо) да удаама-удаа азаптарды таттыраар элек. Кийин Бизге (Биздин азапка) каршы эч бир жардамчы таппай калаар элең

[76] Алар сени (өзүң туулган) жерден чыгарып жиберүү үчүн айдаганга камданып калышкан. Андай болсо, Сенден кийин өздөрү да көпкө турушпайт

[77] Бул сенден мурда жиберген пайгамбарлардын (Биз түзүп койгон) жолу. Сен Биздин жолубуз өзгөргөнүн көрбөйсүң

[78] (О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз)

[79] Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Кураан оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр

[80] Айткын: «О, Раббим! Менин кирээр ордумду да, чыгаар ордумду да чындык менен (Өз ыраазычылыгың үчүн) кыл! Жана мага Өзүң тараптан дем болуучу кубат бер

[81] Жана Айткын: «Акыйкат (Ислам) келип, жалган (диндер) жоголду. Аныгында жалган жоголуучу нерсе

[82] Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Кураанды түшүрөбүз. Ал эми (Кураан аяттары) заалымдардын зыяндарын гана көбөйтөт

[83] Эгер Биз инсанга нээмат-жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллаһтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллаһтан биротоло) үмүтсүз болуп калат

[84] Айт: «Ар бир адам өз абалына жараша амал кылат. Бирок, Раббиң ким Туура Жол табуучу экенин жакшы билет

[85] (О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген

[86] Эгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Кураанды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Кураанды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың

[87] Ал эми, бир гана Раббиң тарабынан келген ырайым (себептүү гана Кураан сенден кетпей турат) Чынында, Раббиңдин сага берген пазилети өтө чоң

[88] Айткын: «Эгер (бардык) инсандар жана жиндер ушул Кураан сыяктуу (бир китепти майданга) келтирүүгө чогулушуп, бири-бирине жардамчы болушса да, анын окшошун (эч качан) келтире алышпайт

[89] Биз (акыл-эсине келсин деп) бул Кураанда инсандарга ар түрдүү (үлгүлүү) мисалдарды тизмектеп келтирдик. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырчылыктан башкасынан баш тарта берет

[90] (Мушриктер) Айтышты: «(О, Мухаммад) сен качан гана бизге жерден атырылган булак чыгарып бермейинче

[91] Же сенин курмадан, жүзүмдөн багың болуп, анын арасынан ташкындаган дарыяны агызып коймоюнча

[92] Же өзүң айткандай үстүбүзгө асмандын (азаптын) бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө, же (өзүңдүн ак-туура экениңе күбө тартуу үчүн) биздин алдыбызга Аллаһ менен периштелерди алып келмейинче

[93] Же сен үчүн асыл таштардан (салынган) сарай болуп калмайынча, же өзүң биздин көз алдыбызда асманга учмайынча (сага эч качан ыйман келтирбейбиз) жана эгер асмандан бизге, окуй турган (кадимкидей) китеп алып түшпөсөң, учканыңа да ишенбейбиз» Айт: «Аллаһ (силер ойлогон сыпаттардан) Таза! Мен болгону, пайгамбар кылып, жиберилген кишимин»

[94] Аларга Хидаят (Туура Жол) келгенде, адамдардын ыйман келтиришине «Аллаһ адамды пайгамбар кылып жиберет бекен?!» деген сөздөрү гана тоскоол болду

[95] Айткын: «Эгер жер бетинде периште (элчилер) болгон чакта (адамдар аларды көрүү жана алардан таалим алуу оорчулугуна чыдап) беймарал жүрө алышса, Биз аларга асмандан периштелерди пайгамбар кылып жибермекпиз»

[96] Айткын: «Мени менен силердин араңарда Аллаһтын Өзү жетиштүү Күбө. Ал пенделеринен Кабардар (жана) Көрүүчү

[97] Аллаһ кимди Туура Жолго баштаса — ал Туура Жолдо. Ал эми, кимди адаштырса, ага (Анын) Өзүнөн башка жардамчыны таба албайсың. Жана Биз аларды Кыямат Күнү жүзүн жер караткан абалда сокур, дүлөй, дудук кылып тирилтебиз. Алардын орду — Тозок! Ар качан анын оту азайган сайын алар (көбүрөөк күйсүн) үчүн отту көбөйтүп турабыз

[98] Бул алардын: «Эгер биз (шагыраган) сөөк жана чириген топурак болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилет белек?!» деген сөздөрү жана Биздин аяттарыбызга каапырлык кылгандары себептүү (туш болгон) жазалары

[99] Асмандар менен жерди жарата алган Аллаһ, аларды өзүндөй кылып (кайрадан) жаратууга кудуреттүү экенин алар билишпейби?! Аллаһ алар(дын кайра тирилүүсү) үчүн эч бир шек-күмөн жок болгон белгилүү мөөнөттү (дайын) кылган. Заалымдар болсо, каапырлыктан башка бардык нерседен баш тартты

[100] Айткын: «(О, мушриктер!) Эгер силер Раббимдин Ырайым Казыналарына ээ болуп калчу болсоңор, аны садака кылуудан коркуп, жашырып койоор элеңер. Инсан (ушундай) сараң

[101] (О, Мухаммад!) Биз Мусага тогуз моожиза бергенбиз. (Эгер шектенсең) Исрайил урпактарынан сура.! (Муса) аларга барганда, Фираун ага: «О, Муса, мен сени сыйкырланып калсаң керек деп ойлоймун» - деди

[102] (Анда Муса) айтты: «Сен мына бул моожизаларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллаһ) (пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип эле турасың. Демек, мен сени, эй, Фираун, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын»

[103] Кийин (Фираун) аларды (Мисир) жеринен айдап чыгууну каалады эле, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик

[104] Андан (Фираундан) соң Биз Исрайил урпактарына: (Мисир) жер(ин)де жашап тургула, эми качан гана Акырет убадасы келгенде, баарыңарды (амалыңарга жараша сооп же жаза бериш үчүн Акыретке) алып келебиз» дедик

[105] Биз аны (Кураанды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (Бейиштин) куш кабарчысы жана (Тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз

[106] Биз Кураанды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк

[107] (О, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Кураанга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер дагы (Аллаһ силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Кураан окулганда бети менен саждага жыгылышып

[108] «Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин (Акырет жөнүндөгү) убадасы сөзсүз аткарылат!» дешкен

[109] Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда (Кураан) алардын (Аллаһ алдындагы) кичипейилдиктерин көбөйтөт

[110] Айт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллаһ» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар.! (О, Мухаммад) намазыңды(н кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде

[111] Жана айткын: «Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллаһка мактоолор болсун!» Жана Аны (Улук Сыпаттары менен ар дайым) даңктап жүр

Кахф

Surah 18

[1] Өзүнүн пендесине (Мухаммадга) Китеп (Кураан) түшүргөнгө мактоолор болсун! Ал анда (Кураанда) бир дагы карама-каршылыкка жол бербеди

[2] (Тескерисинче) аны эң туура (китеп) сүрөтүндө (түшүрдү.) (Каапырларды) Өзүнүн алдындагы катуу азаптан коркутуш үчүн жана жакшы амал кылган момундарга эң мыкты сооптор (Бейиш) бар экени жөнүндө куш кабар бериш үчүн

[3] Алар (момундар) анда түбөлүк калышат

[4] Жана «Аллаһтын баласы бар» деген адамдарды (тозоктон кабар берип) коркутуш үчүн

[5] Ал (Аллаһ) жөнүндө алар (мушриктер) да, ата-бабалары да анык эч нерсе билишпейт. Ооздорунан чыккан (бул) сөз өтө опурталдуу! Алар жалганды гана сүйлөп жатышат

[6] (О, Мухаммад!) Эгер бул (ыйык) Сөзгө ыйман келтиришпесе, алардын артынан бушайман болуп өзүңдү өлтүрүп да алаарсың

[7] Биз алардын кимиси жакшыраак амал кылаар экен деп сынаш үчүн жер бетиндеги нерселерди жерге зыйнат-көрк кылдык

[8] Биз албетте жер бетиндеги нерселерди өлүк топуракка айлантып койобуз

[9] Же болбосо сен (о, Мухаммад)) үңкүр ээлери жана жазуу Биздин моожизаларыбыздан (эң) таң калычтуусу деп ойлоорсуң

[10] Бир кезде (каапыр коомдон качып) баш паанек издеп (тоодогу) үңкүргө барган жигиттер: «Оо, Рабби! Бизге Өзүңдөн ырайым (коргоо) жибер! Жана ишибизди оңунан келтирип, жеңил кыла көр!» - дешти

[11] Кийин Биз аларды үңкүрдө бир нече жылдар бою кулактарына (мөөр) уруп (уктатып) койдук

[12] (Арадан үч жүз жыл өткөндөн) кийин Биз аларды, эки жамааттан кимиси канча убакыт (уктап) турганын туура эсептегенин билүү үчүн ойготтук

[13] Биз сага (о, Мухаммад), алардын кабарларын акыйкат менен икая кылуудабыз: Алар Раббилерине ыйман келтирген жигиттер эле. Биз алардын ыймандарын (дагы) көбөйттүк

[14] Жана жүрөктөрүн (ыйман менен) бекем кылдык. Бир кезде алар (өз элинин арасында) туруп: «Биздин Раббибиз — асмандар менен жердин Раббиси! Биз Андан башканы кудай деп ибадат кылбайбыз, эгер (мындан башка сөз) айтсак, анда акыйкаттан алыстап кеткен болобуз

[15] Мына бул элибиз Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышты. (Ошого жараша) Эгер өз жолдоруна анык далил алып келишсе кана! Ким Аллаһка жалган токуган адамдардан көбүрөөк заалым!»-дешти. (Аллаһка ушинтип жалбаргандан соӊ алар өз ара кеңешип, дини бөлөк бул элден чыгып кетпесек, бизге жана ыйманыбызга зыяндарын тийгизбегей эле деп, төмөнкүчө масилет курушту)

[16] «Силер азыр алардан жана Аллаһтан башка алар сыйынган «кудайлардан» үзүлдүңөр. Эми үңкүрдөн башпаанек тапкыла. Раббиңер силер үчүн Өз ырайымынан коргоо жиберээр жана ишиңерди оңунан келтирип койоор!»

[17] Сен, күн чыкканда алардын үңкүрүнүн оң капталынан, ал эми батып баратканда сол капталынан (айланып) өткөнүн көрөсүң. Алардын өздөрү болсо, үңкүрдүн кенен жеринде. Бул — Аллаһтын моожизаларынан. Аллаһ кимди Туура Жолго баштаса ал Туура Жолдо. Жана кимди адаштырса, сен ага Туура Жол көргөзүүчү жолбашчы таба албайсың

[18] (О, аларга караган адам!) Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң. Чынында, алар уйкуда. Жана Биз аларды оң-сол жамбаштарына оодарып турабыз.! Алардын ити болсо, (тирүү сыяктуу) бутун астана тарапка сунган бойдон жатат. Эгер аларга карасаң, жүрөгүң кооптонуп, артыңа качасын

[19] Ошентип, (арадан үч жүз жыл өткөндө) Биз аларды өз-ара бири-биринен сурамжылаш үчүн ойготтук. Алардын бирөөсү: «Канча убакыт (уйкуда) болду-ңар?» - деди эле, (башка бирөө- лөрү): «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчө» дешти. (Ошентип, талашып, эки тарап тең өздөрүнүн пикирин анык далилдей албай, акырында мындайча) сүйлөшүштү: «Канча (уйкуда) болгонуңарды (бир гана) Раббиңер билет. Эми, бирөөңөрдү мына бул акчаңар менен шаарга жибергиле. Ал эң асыл-чүйгүн тамактарды карап (тандап) ырыскы алып келсин. Жана ал өтө кылдат болсун. Дагы силерди бирөөгө сездирип кой-босун

[20] Эгер алар (шаар эли) силерди билип калчу болсо, ташбараңга алат же өздөрүнүн (көп кудайлык) динине кайра киргизет. Анда эч качан кутулбай кала-сыңар»

[21] Ошентип, Аллаһтын убадасы Акыйкат экенин жана Кыямат(тагы кайра тирилүү) болушунда шек жок экенин адамдар билсин деп (алардын сырын элге) билгиздик.? (Кийин, алар дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенде,) ошондо, адамдар алардын маселесин өз-ара талаш-тартышка айлантышып, (кээ бирөөлөрү): «Алардын үстүнө күмбөз кургула! Раббилери аларды(н улук адам экенин) билет”-(дешсе) алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти

[22] (Алардан бир жамаат): «Үчөө болгон, төртүнчүсү - ити» десе, башкалары: «бешөө болгон, алтынчысы - ити» деп кайыпка таш атышат. (Дагы бир топтору): «Жетөө болгон, сегизинчиси - ити» дешет. Айткын, (О, Мухаммад): «Алардын санагын Раббим эң жакшы билет жана аларды(н санын) аз гана кишилер билет». Сен алар(дын саны) жөнүндө талашпа, эгер талашчу болсоң, анык далилдер (вахий) менен гана талаш. Жана алар жөнүндө алардын (яхудийлердин) эч биринен сураба

[23] Эч качан бир нерсени «муну эртең жасаймын» дебегин

[24] «Аллаһ кааласа» дегин жана унутуп калганыңда Раббиңди эстегин. Жана айткын: «Раббим мени мындан да Туура Жолго баштаса ажеп эмес!»

[25] Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана тогузду кошушту. (Демек, бардыгы болуп үч жүз тогуз жыл укташкан)

[26] Айткын: «Канча турганын Аллаһ эң жакшы билет. (Себеби) асмандар менен жердеги кайып илимдери Анын Өзүнүкү. Ал — эң мыкты Көрүүчү жана эң мыкты Угуучу! Алар (үңкүр ээлери) үчүн Аллаһтан башка дос-башчы болбоду жана Ал Өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт

[27] Жана сен өзүңө вахий кылынган Раббиңдин китебин оку(п, ошону гана ээрчигин)! Анын сөздө-рүн эч ким өзгөртө албайт! Сен Андан башкага арызданып бара албайсың

[28] Сен эртели-кеч Раббисине Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап, дуба кылып жаткан адамдар менен бирге өзүңдү сабырдуу карма! Эки көзүң аларды көрбөй калып, дүйнө жашоосунун зыйнаттарына берилбе! Жана Биз жүрөгүн Өзүбүздү эскерүүдөн бейкапар кылып койгон жана өз каалоосуна гана ээрчиген адамга моюн сунба! Анын бардык иштери текке кетүүчү

[29] Айт: «(Мен алып келген Дин) Раббиңер тарабынан келген Акыйкат. Эми, ким кааласа — момун болсун, ким кааласа — каапыр болсун! Биз заалым-дарга жалын-дубалдары аларды курчап ала турган Тозокту даярдап койдук! Эгер суусап, суу сурашса, эриген коргошун сыяктуу, (табы) жүздөрдү куйкалап жиберчү суу ичирилет! Кандай жаман «суусундук», кандай жаман орун

[30] Ал эми, ыйман келтирип салих амалдарды аткарган момундардын — жакшы амал кылгандардын сообун текке кетирбейбиз

[31] Аларга түбүнөн дарыялар аккан Адн бейиштери бар. Ал жерде алтын билериктер менен жасанышат жана жибек кымкаптан жашыл кийимдерди кийишип, сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат. (Бул) не деген улук сооп жана эң мыкты орун

[32] (О, Мухаммад), аларга (бири Аллаһтын нээматына шүгүр кылуучу, экинчиси каапыр болгон) эки кишинин мисалын айтып бер: «Биз экөөсүнүн бири-не (каапырына) эки бак бергенбиз, жүзүмзар (жана курмалуу). Айланасын курма бак менен ороп, эки бактын ортосуна эгин-тигин кылып бергенбиз

[33] Эки бак тең кемчилдиксиз (толук) мөмө берип, ортосунан Биз дарыя агызып койдук

[34] Ал үчүн (жыл сайын) мол түшүм (байлык) болуп турган. Анан, берки шеригине — аны менен сүйлөшүп олтуруп — айтты: «Менин мал-дүйнөм жана сан-санагым (балдарым, кулдарым жана жардамчыларым) сеникинен көп жана кубаттуу»

[35] Жана өзүнө заалым (каапыр) болгон абалда (кооз-көркөм) багына кирип: «Бул (байлыгым) менден эч качан жоголбойт го

[36] Кыямат деле болбосо керек. Эгер (болуп калып) мен Раббиме кайтарылган күндө да, азыркыдан жакшыраак келечек тапсам керек деп ойлоймун» - дечү

[37] Берки шериги сүйлөшүп олтуруп ага мындай деди: «Сени (оболу) топурактан жаратып, кийин (ушундай көркөм) адам келбетине киргизген Раббиңе каапыр болдуңбу

[38] Бирок, мен «Раабим — Аллаһ» (деймин) жана Раббиме эч нерсени шерик кылбаймын

[39] Эгер сен багыңа киргенде: «Аллаһтын каалаганы (болот). Аллаһтан башка күч-кубат жок» десең (жакшы болмок). Эгер сен мени мал-дүйнө, бала-чака жаатынан өзүңдөн аз деп кемсинтсең

[40] (Аллаһым мага сенин багыңдан жакшыраак бак насип кылып, сенин багыңа асмандан добул, жамгыр сыяктуу) апаат-балээ жиберип койгусу бардыр. Анда (мактанган) багың ойрону чыккан ээн талаага айланып калат

[41] Же болбосо, суусу тартылып, (багың куурап) суу таппай да калаарсың»

[42] (Чын эле) анын байлыгы (багы асмандан түшкөн от балээсинин) арасында калды. Өзү, багына сарп-таган нерселерине (бушайман болуп) алакандарын оодарып кала берди. Бак болсо, дарактардын (дөңкөйгөн) денелери сороюп, сып-сыйда болуп калды! Жана ал: «Эх, кана эми Раббиме эч нерсени шерик кылбаган болсом!» -деди

[43] Жана ага жардам бергидей, Аллаһтан башка топ-жамааты да болбой, өзүнө-өзү да жардам бере албай калды

[44] Анда(й шартта) чыныгы достук, жакындык (ишенип-жөлөнүү) Аллаһка (тана болушу зарыл) Анын сооп-сыйлыгы да, акыбет-натыйжасы да эң мыкты

[45] (Оо, Мухаммад)) аларга дүйнө жашоосунун мисалын Биз асмандан түшүргөн сууга окшоштур: Ал суу менен жер өсүмдүктөрү ширелишип, (жер бети гүл болуп) калды. (Арадан эч канча убакыт өтпөй эле, баары кургап) шамал учурган, куурап сынган шыпырындыга айланды. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[46] Мал-дүйнө, бала-чака (булар өткөөл) дүйнөнүн зыйнаттары. Ал эми, Раббиңдин назарында, түбөлүк калчу сооп иштер, сыйлык жаатынан да, арзуу жаатынан да жакшыраак

[47] Биз тоолорду (тытылган жүн сыяктуу) учурган Күндө (Кыяматта) жерди жайдак-жалаң абалда көрөсүң. Анан Биз аларды (адамдарды) чогултабыз! Эч бирин калтырбайбыз

[48] Алар сап-сап болуп Раббиңе жолуктурулат: «Мына Өзүмө келдиңерго биринчи ирет жаратканым сыяктуу!! (Көпчүлүгүңөр) Бизди (бул) убада кылынган жолугушууну болтура албайт деп ойлогонсуңар!» (дейт ошондо Аллаһ)

[49] Анан китеп (амал дептерлери) таратылат. Сен анан, кылмышкерлерди, андагы (жазылган) иштеринен кооптонуп: «Эх, өлдүк! Бул эмне деген китеп?! Чоң-майда күнөөлөрүбүздүн бирин да калтырбай тизмектеп коюптур!» дешет жана жасаган жоруктарын (ошол китептин ичинде) даяр абалда табышат. Сенин Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт

[50] (О, Мухаммад!) эстегин, Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бир Иблистен башка бардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүңөргө дос- башчы кылып жатасыңарбы?! Алар силердин душманыңар го! Заалымдардын (Дос-Раббини душман-шайтанга) алмаштырганы кандай жаман

[51] Мен асмандар менен жерди жаратканда да, алардын өзүн жараткан кезде да эч кимисин күбө (шерик) кылган эмесмин! Мен азгыруучуларды жардамчы кылган эмесмин!»

[52] Ошол (Кыямат) Күнү (Аллаһ) айтат: «(Өзүңөр кудай деп) ойлогон Менин «шериктериме» жалбаргылачы?!» Жалбарышат, бирок алар жооп беришпейт.! Биз алардын арасына өлүм чуңкурун салып койгонбуз

[53] Күнөөкөр адамдар Тозокту көргөндө, өздөрүнүн ага ташталаарын билишет. Жана өздөрүн андан буруп (кутултуп) кетүүчүнү таппай калышат

[54] Биз бул Кураанда адамдарга (эсине келип, жолун таап алсын деп) ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Инсан көп нерселер жөнүндө талаша берет

[55] Өздөрүнө Хидаят (Ислам чындыгы) келгенден кийин, адамдарды ыйманга келүүдөн, жана Раббисине тооба кылуудан тоскон нерсе — аларга абалкы-лардын жолунун (кайталанып) келиши(н) же утурлап азап келиши(н талап кылгандары) гана болду

[56] Биз бардык пайгамбарларды (Бейиштен) куш кабар, (тозоктон) сестентүүчү кабар берүүлөрү үчүн жиберебиз. Каапыр адамдар (өз) жалган(дары) менен Акыйкатты жеңип алабыз деп талашышат. Менин аяттарымды жана коркутулган нерселерди (тозок кабарларын) азил-тамаша кылып алышат

[57] Раббисинин аяттары эскертилгенде андан жүз буруп, жасаган күнөөлөрүн унуткандардан көбү-рөөк заалым (каапыр) болгон бирөө барбы?! Биз алардын жүрөктөрүнө — Кураанды түшүнбөй калсын деп — чүмбөт жаап койдук, кулактарында дүлөй-лүк бар! Эми аларды Туура Жолго ар канча чакырсаң да, эч качан оңолушпайт

[58] Сенин Раббиң — Ырайымдуу, Кечирүүчү. Эгер күнөөлөрүнө жараша жазаласа, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн убада кылынган Күн (Кыямат) бар. Ал күнү алар Аллаһтан башка Куткаруучуну таппай калышат

[59] Биз мына бул шаарларды(н элдерин) чектен чыгып каапыр болуп кеткенде (берилген мөөнөт — ырайымды билбей ашынап кеткенде) кыйратканбыз жана кыйроолоруна убакыт белгиле-генбиз

[60] Бир кезде Муса (кызматчы) баласына: «(Белгиленген) эки деңиздин кошулуш жерине жеткенге чейин же болбосо алыс жол басканга (чарчаганга) чейин жүрүүдөн токтобоймун» деди

[61] Экөө эки деңиздин кошулган жерине жеткенде, балыктарын унутуп (жоготуп) коюшту. Балык болсо, деңизге бет алып, (себеттен) чыгып кеткен

[62] (Белгиленген жерден) өтүп кеткенде Муса (кызматчы) жигитине: «Биздин тамакты алып келчи бери, бул сапарыбыздан абдан чарчадык го!»- деди

[63] (Анда жигит): «Билесизби, аска таштын жанында баш калкалап турганыбызда, мен балык-ты унутуп калган экенмин. Муну (сизге айтууну) шайтан гана унуттурду! Ал (тирилип) деңизге жолун таап кеткен! (Бул) ажайып!»- деди

[64] «Биз каалаган нерсе — ушул»-деди Муса жана экөө изме-из артка кайтышты

[65] (Белгиленген жерде) Биздин пенделерибизден бир пендени табышты. Биз ага Өзүбүз тараптан (өзгөчө) ырайым берген жана алдыбыздагы (кайып) илимден ага (керегинче) үйрөткөн элек

[66] Ага Муса айтты: «Өзүңүзгө (Аллаһ тарабынан) үйрөтүлгөн илимден түз-туура нерселерди мага да таалим беришиңиз үчүн сизге ээрчип жүрсөм болобу?»

[67] Ал айтты: «Сен мени менен жүрүүгө сабыр кыла албайсың.”

[68] Өзүң толук кабардар болбогон нерсеге кантип сабыр кылмак элең

[69] (Муса) айтты: «Аллаһ кааласа, менин сабыр кылганымды көрөсүз. Мен сиздин эч бир ишке каршы чыкпаймын»

[70] «Эгер мени ээрчисең, качан өзүм сага түшүнүк бермейинче, менден эч нерсе сурабайсың» -деди ал

[71] Ошентип, экөө жөнөп кетишти. Качан кемеге чыгышканда, ал (Кызыр) кемени тешип койду эле, (Муса убаданы унутуп): «Эмне сиз кемени, элдерин чөктүрүп жиберейин деп тештиңизби?! Сиз жаман иш жасадыңыз!»- деди

[72] «Мени менен (жүрүүгө) сабыр кыла албайсың дебедим беле?» -деди (Кызыр)

[73] (Анда Муса): «Унутканым себептүү мени күнөөлөбөңүз. Ишимден мага оор болгонун жүктөбөңүз» - деди

[74] Дагы жол жүрүштү. Качан бир наристе баланы жолуктурушканда (Кызыр) аны өлтүрүп койду. «Сиз бейкүнөө жанды жан(га-жан мыйзамы)сыз эле, өлтүрүп койдуңуз! Сиз жаман иш кылды-ңыз!»-деди (чыдай албаган Муса)

[75] «Мен сага айтпадым беле: «Мени менен жүрүүгө сабырың жетпейт» деп»-деди (Кызыр кайрадан)

[76] (Муса) Айтты: «Ушундан кийин эмне жөнүндө сурасам — мени шерик кылбайсыз. Мени жетиштүү эле кечирдиңиз (деп ойлоймун)»

[77] Дагы жолун улантышты. Бир шаар элине жеткиче басышты. Алардан тамак-аш сурашты эле, экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан ошол жерден урап калган бир дубалды тапканда (Кызыр) аны (кайра) тикелеп койду. (Муса болсо, өздөрүнө урмат-сый көргөзбөгөн элдин шаарындагы эски дубалды оңдоп, жакшылык кылган Кызырга түшүнбөй): «Эгер кааласаңыз бул ишиңизге (эмгек) акы алсаңыз болмок» деди

[78] (Анда Кызыр айтты:) «Бул сени менен менин ортобуздагы ажырашуу! Эми, сага сен сабыр кыла албаган нерселердин кабарын берейин

[79] Кеме (жөнүндө айтсам,) ал деңизде тиричилик кылган мискин-кедейлердики болчу. Мен аны тешип койууну кааладым. (Мунун себеби) алардын кайткан жолунда бардык кемелерди басып алуучу (каракчы) падыша бар эле

[80] Жана(гы) наристеге келсек, анын ата-энеси момун пенделер эле. Биз (ал бала чоңойгондо каапыр болуп) ата-энесине (адам чыдагыс) каршылык жана каапырлык көргөзүүсүнөн корктук

[81] Анан Раббиси ал экөөсүнө тазараак, ырайымдуураак (перзентти) алмаштырып беришин кааладык

[82] Ал эми дубал шаардагы эки жетим баланыкы болуп, түбүндө экөөнө аталган (мурас) казына бар эле. Алардын атасы жакшы адам болгон. Анан Раббиң эки (жетим) бой жетип, өз казыналарын өздөрү чыгарып алуусун каалады. (Бул кайып илимдери) Раббиң тарабынан болгон Ырайым. Мен буларды өзүмчө аткарганым жок. Сен сабыр көргөзө албаган окуялардын жандырмагы ушулар»

[83] (О, Мухаммад! Яхудийлер, христиандар жана мушриктер) Сенден Зулкарнайн! жөнүндө сурашат. Айткын: «Азыр мен силерге ал жөнүндөгү (Аллаһ мага вахий кылган) кабарды окуп беремин

[84] Чыныда, Биз ага жер бетинде улуу салтанат — бийлик жана ар бир нерсенин себептерин, мүмкүн-чүлүктөрүн бердик

[85] Анан ал (аскери менен) бир себеп артынан түшүп, жол тартты

[86] Күн батыш тарапка жеткенде, күндүн карарган сууда (мунарыкта) батып баратканын көрдү. Ал «суунун» жанында бир элге жолукту. Биз айттык: «О, Зулкарнайн, сен бул элди же азаптайсың же аларга жакшы мамиле жасайсың»? (Ошентип, Зулкарнайн бир элге жетип барып)

[87] «Заалымдарын азыр эле жазалайбыз кийин Раббилерине кайтарылганда Өзү оор азап менен жазалайт» - деди

[88] Ал эми, ыйман келтирип, салих-жакшы иш жасаган адамга болсо, жакшы сыйлык (Бейиш) бар. Биз дагы ага өз амирибизден жакшы сөздөрдү айтабыз»

[89] Кийин (Чыгышка кайтып келип, Аллаһ көргөзгөн) себептерди ээрчиди

[90] Ушул бойдон күнчыгышка жетти да, Күндүн бир элдин үстүнөн нур чачып турганын көрдү. Биз бул элге Күндөн бөлөк «чүмбөт» кылбаган элек

[91] Ошондой эле. Биз аны (Зулкарнайнды) алдындагы бардык өнөр-билими менен кошуп ороп алганбыз

[92] Кийин дагы бир себептин артынан түштү

[93] Качан тээ (алыстагы) эки тоонун арасына жеткенде, ал эки тоонун алдында тап-такыр сөз түшүнбөгөн элге жолукту

[94] Алар айтышты: «О, Зулкарнайн! (Мына бул тоонун ары жагындагы) Яжуж-Мажуж (эли) жер бетинде бузукулук (зулумдук) кылышууда. (Эмне дейсиң,) биз менен алардын арасына (бекем бир) тосмо-дубал жасап беришиң үчүн сага акы чогултуп берсек болобу?»

[95] (Зулкарнайн) айтты: «Раббим мага берген нерсе (бийлик, илим, өнөр силер берген нерседен) жакшыраак. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын арасына тосмо куруп берейин

[96] (Оболу) эки тоо менен барабар болгонго чейин темир сыныктарын алып келгиле» (Зулкарнайн эки бийик тоонун арасына тосмо жасоо үчүн оболу алардын арасын темир сыныктары менен толтуртту. Бул иш бүткөндө, улуу от жактырып...) «(СҮ йлөгүч аспап менен) үйлөгүлө» - деди. Качан ал (темир тосмо кып-кызыл) от болуп калганда айтты: «Эритилген мис алып келгиле, үстүнө куямын»

[97] Анан «Эми, алар бул тосмонун үстүнө чыга да албайт, аны теше да алышпайт» -деди

[98] (Бардык ишин бүтүргөндө): «Бул Раббимдин ырайымы. Эми, качан Раббимдин (Яжуж-Маьжуж чыгат деген) убадасы келген күнү Өзү аны тегиздеп коёт (жана Яжуж-Маьжужга жол ачат). Раббимдин убадасы — акыйкат» - деди

[99] Биз ошол (Яжуж-Маьжуж чыккан) күнү аларды бири-бирине айкаш-уйкаш кылып таштайбыз жана «Сур» (кернейи) тартылганда баарын (Өзүбүзгө) чогултабыз

[100] Ошол күндө каапырларга Тозокту анык жолуктурабыз

[101] (Бул дүйнөдө) алардын көздөрү Менин эскермелеримден пардаланган жана (аны) угууга да ал-кудуреттери жетпейт

[102] Каапыр болгон адамдар Менден башка Өзүмдүн пенделеримди дос («кудай») тутунуп алууну (каалашабы жана «ошолор мени сактайт» деп) ойлошобу?! Биз каапырлар үчүн Тозокту «конок үйү» кылып даярдап койдук

[103] Айт (о, Мухаммад): «Иштеринде зыян тарткандар жөнүндө силерге кабар берейинби

[104] Алар бул дүйнө жашоосунда аракет-жолдору адашкан бирок, «биз эң мыкты иш жасап жатабыз» деп ойлогон адамдар

[105] Алар Раббилеринин аяттарына жана Ага (Кыяматта) жолугууга ишенишпейт. (Бардык жакшы) амалдары күйүп кетти! Эми, Кыямат Күнү алар үчүн (кыпындай да) салмак (кадыр-барк) койбой-буз

[106] Менин аяттарымды жана пайгамбарларымды шылдыңдап, каапыр болгондору себептүү ушул тозок алардын жазасы

[107] Ыйман келтирип, салих-жакшы амал кылгандардын түшчү жери — Фирдаус бейиштери

[108] Ал жерде түбөлүк калышат жана андан (башка жакка) көчүүнү каалашпайт

[109] Айт, (о, Мухаммад): «Эгер Раббимдин Сөздөрү(н жазуу) үчүн деңиз сыя болсо жана эгер дагы ошол деңизче сыяны (кошумча) алып келсек да, Раббимдин сөздөрү түгөнөөрдөн мурун сыя түгөнүп калат”

[110] Айткын: «Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) вахий жиберилет: «Силердин кудайыңар — Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллаһтын Шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч нерсени шерик кошпосун!»

Мариям

Surah 19

[1] Каф, Хаа, Яаа, Айын, Саад.”

[2] (Бул—) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген Ырайымынын кабары

[3] Эстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып

[4] (мындай) деди: «О, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм бошошуп, карылыктан чач агара баштады! О, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин

[5] Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым туубас болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи

[6] Ал мага жана Яькубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! О, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!»

[7] «О, Закария! Биз сени Яхйа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз»

[8] «О, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым туубас болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!»

[9] «Ошондой» — деди (Аллаһ)— Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең»

[10] «О, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!»-деди (Закария) «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың»-деди (Аллаһ)?”

[11] Ал (ибадатканадагы) михрабдан? коомуна чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхйа туулду, атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллаһ Таала айтты)

[12] «О, Яахйа! (Ыйык) Китепти(н өкүмүн) бекем карма!» Биз ага өкүм-шариятты наристелигинде берген элек

[13] Жана Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал -такыбаа

[14] ата-энесине кайрымдуу болду. Текеберленген (таш жүрөк) жана (Раббисине) каршы чыгуучу болбоду

[15] Ага туулган күнүндө, өлгөн күнүндө жана кайра тирилген күнүндө (Аллаһтын) салам(ы) болсун

[16] (О, Мухаммад) сен Китепте (Кураанда) Марямды(н икаясын) эсте: Бир кезде ал өз үй-бүлөсүнөн чыгыш-тараптагы (бир) жерге бөлүнүп чыгып

[17] Алардан чүмбөттөнүп алды.! Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Марямга кадимки инсан кейпинде көрүндү

[18] (Анда, Марям) айтты: «Мени сенден Рахман (Аллаһ) сактасын! Эгер Аллаһтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!»

[19] «(Коркпо) — деди ал — Мен Раббиңдин элчиси (периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)»

[20] (Марям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, кайдан бала болсун?!»

[21] (Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бил иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Марямдын көйнөгүнүн жакасына дем салды. Ушул демден улам)

[22] Ал (Ыйсага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды

[23] Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын бутагына алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «О, кана эми, ушуга чейин эле өлүп калган жана тап-такыр унутулуп кеткен болсом!» - деди

[24] Ошондо, андан ылдыйраак жерден (Жебирейил периште үн катты): «Кайгырба, Раббиң бутуңдун астынан суу (дарыя) агызып койду

[25] Жана өзүңө курма бутагын силкитсең, сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт

[26] Эми, (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң менен) кубан! Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөң (ымаа-ишаарат менен): «Мен Рахман (Аллаһ) үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн» дегин

[27] (Марям) баласын көтөрүп коомуна келгенде, (ар жактан ажылдашып мындай) дешти: «О, Марям! Сен болбогон уят иш жасаптырсың

[28] О, Харундун карындашы! Сенин атаң бузук, апаң сойку эмес эле го!»

[29] Марям («бөбөгүмдөн сурагыла» дегендей) ага ишарат кылды. «Бешиктеги бөбөк менен кантип сүйлөшөбүз?!» дешти. (Ошондо, Аллаһ Өзүнүн Кудурети менен бөбөк — Ыйсаны сүйлөтүп, ал апасынын аруу-таза экенине күбөлүк берип)

[30] Айтты: «Мен — Аллаһтын пендесимин.! Ал (Өзүнүн келечектеги тагдыр-жазмышы боюнча) мага китеп берип, пайгамбар кылды

[31] Ал мени кайда барсам берекеттүү кылып, мага — денемде жаным болсо эле — намаз окуп, зекет берүүнү

[32] Апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады

[33] Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тирилген күндөрүмдө мага (Аллаһ тарабынан) тынчтык-амандык болсун!»

[34] (Яхудийлер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Марямдын уулу Ыйса (жөнүндөгү) Аллаһтын Сөзү — ушул

[35] (Пенделери арасынан бирөөнү) Өзүнө бала кылып алуу Аллаһка ылайык эмес! Ал (мындан) Таза! Эгер Ал бир ишти өкүм кылса, ага карап «бол!» деши менен болуп калат

[36] «Чынында, менин жана силердин Раббиңер — Аллаһ! Өзүнө гана ибадат кылгыла! Ушул гана эң Туура Жол!»

[37] Кийин жамааттар (Ыйса жөнүндө) талашып-тартыша баштады. Каапыр адамдарга Улуу Күбөлүк Күнүндө (Кыяматта) Тозок болсун

[38] Бизге келээр күнү, алардын кулагы аябай сак, көзү көрөгөч болуп калат.! Бирок, заалымдар ал Күнү терең адашууда

[39] (О, Мухаммад!) Сен аларды бушаймандык күнүнөн эскерт! Ал Күнү иш чечилип (Тозокко түшүшү анык болуп) калат. Алар болсо, ыйман келтирбей (дүйнө жыргалдарына) мас болуп жүрүшөт

[40] Жерди жана анда болгондун баарын Өзүбүз мураска алабыз жана бардыгы Бизге кайтышат

[41] Жана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл Пайгамбар эле

[42] Бир кезде ал атасына: «О, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз

[43] О, ата! Мага сизге келбеген илим (пайгамбарлык) келген. Эми, (таш кудайлардан кол үзүп) мага ээрчиңиз, сизди Туура Жолго (Жалгыз Аллаһка сыйынууга) баштаймын

[44] Атакебай, шайтанга сыйынбаңыз!! Чынында, шайтан Рахманга (Аллаһ Таалага) каршы чыгуучу

[45] Атаке, мен сизди Рахмандын азабы кармабаса экен деп коркомун. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз!»-деди

[46] (Анда атасы) айтты: «Оо, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү?! Эгер (мунуңду) токтотпосоң таш менен уруп (өлтүрүп) койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!»

[47] (Ибрахим) айтты: «Саламат болуңуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу

[48] «Мен силерди жана силер дуба кылып (сыйынып) жаткан, Аллаһтан башка «кудайыңарды» таштап кетемин жана (жалгыз) Раббиме дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү (силерге окшоп) таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар»

[49] Аларды жана Аллаһтан башка алар сыйынган (жалган) кудайларды таштап кеткен соң, Биз ага Исхак менен Яькубду бердик жана экөөсүн тең пайгамбар кылдык

[50] Жана аларга (Ибрахим, Исхак, Яькубдарга) Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык

[51] Сен (оо, Мухаммад), Китепте Мусаны да эстегин: Ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон

[52] Биз ага Тур тоосунун жанында, оң тарабынан бийик добуш менен чакырып, Өзүбүзгө жакындаттык

[53] Жана Өз ырайымыбыздан Харунду (жардамчы) пайгамбар кылып бердик

[54] Китепте Ысмайылды да эстегин. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле

[55] Ал үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам

[56] Китепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон

[57] Биз аны жогорку мартабага көтөрдүк

[58] Ушулар Аллаһ нээмат берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-салам) дан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исрайилдин (Яькубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып, Туура Жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулчу болсо, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат

[59] Андан соң алардын артынан (ушундай жаман) урпактар калды: Намазды окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка жолугушат

[60] Ал эми, тооба кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар Бейишке киришет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт

[61] Адн" бейиштерди пенделерине Рахман (Аллаһ) кайыптан убада берген. Чынында, Анын убадасы сөзсүз болуучу

[62] Анда (Бейиште) алар маанисиз сөздөрдү угушпайт. «Салам» деген сөздөрдү гана угушат. Ал жерде алардын (көз көрүп, кулак укпаган) ырыскылары эртели-кеч даяр турат

[63] Биз пенделерибиздин арасынан такыба болгондоруна мурас кылып берчү Бейиш(тин баяны) ушул

[64] «Биз Раббиңдин буйругу менен гана түшөбүз.! Биздин келечегибиздеги, бизге чейинки жана ал экөөсүнүн ортосундагы (учурдагы) иштердин баары Аллаһтын колунда. Раббиң унутчаак эмес

[65] (Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!»

[66] (Каапыр) инсан: «Эгер, мен өлсөм, жакында (кайрадан) тирүү бойдон (мүрзөмдөн) чыгарылат бекенмин?!»- дейт

[67] (Ошол) инсан ойлобойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес (жок) болгон кезде жараткан элек

[68] (О, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, Тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз

[69] Кийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Рахманга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана Тозокко биринчи ошолорду таштайбыз)

[70] Анан Тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз

[71] Силерден (Акыретке чогулган адамдардан) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр. (Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш

[72] Андан соң Аллаһтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, заалым (каапыр)ларды чөгөлөгөн абалда Тозокто калтырабыз

[73] Жана качан аларга Биздин анык аяттарыбыз окулган кезде, каапыр адамдар ыймандууларга: «Кайсы жамааттын даражасы жана мажилистери жакшыраак? (силердикиби же биздикиби?)» дешет

[74] Биз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз

[75] Айт (о, Мухаммад): «Ким адашуучулукта болсо, (жана эскертилгенине карабай жолунан кайтпаса) Рахман аларга (жашоо) мөөнөтүн узартсын!!» Качан алар өздөрүнө убада кылынган азапты же Кыяматты көрүшкөндө, кимдин даражасы жаманыраак жана аскери алсызыраак экенин билип алышат

[76] Аллаһ Хидаят (Туура Жол) тапкан адамдарды көбөйтөт. Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак

[77] (О, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү

[78] Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Рахман менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен

[79] Жок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз

[80] Жана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү келишет

[81] Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышкан

[82] Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат

[83] Көрбөйсүңбү, чынында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт

[84] Сен аларга (азапты) шашылтырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз

[85] Ошол (Кыямат) Күнү Биз такыба кишилерди өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз

[86] (Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз

[87] (Ал жерде) Рахман (Аллаһ) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.”

[88] (Мушриктер): «Аллаһтын баласы бар» дешти

[89] (Эй, мушриктер) силер өтө опурталдуу сөз айттыңар

[90] Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор барчаланып кетиш мүмкүн

[91] «Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү

[92] Рахманга бала тутунуунун зарылдыгы жок

[93] Асмандарда жана жердегинин баары Рахманга кул-пенде болуп, келишти

[94] Аллаһ бардыгынын анык эсебин алып койгон

[95] Бардыгы Кыямат Күндө Ага жалгыз абалда келишет

[96] Албетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Рахман сүйүүнү жаратат

[97] (О, Мухаммад!) Биз Кураанды сенин тилиңе жеңил кылдык. Аны менен такыбаларга (Бейиштен) куш кабар беришиң үчүн жана талашкан каапырларды (тозоктон) коркутушуң үчүн

[98] Биз бул (Маккадагы) мушриктерден мурда (Аад, Самуд сыяктуу) нечендеген (каапыр-мушрик) муундарды кыйраттык! Сен алардан бирөө жарымын сезип, же болбосо добушун угуп жатасыңбы

Тоо Хаа

Surah 20

[1] Та—ха

[2] (О,Мухаммад!) Биз сага Кураанды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк

[3] Тескерисинче, (Аллаһтан) корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк

[4] (Бул Кураан) Жерди жана жогорку асмандарды жараткан Зат — Аллаһтан түшкөн

[5] (Ал—) Рахман, Арштын үстүнө көтөрүлдү“

[6] Асмандардагы, жердеги нерселердин бардыгы жана жер астындагы нерселер дагы бир Өзүнүн гана мүлкү

[7] Эгер сен ашкере сүйлөсөң да (шыбырап сүйлөсөң да) Ал бардык купуя сырларды билет

[8] Аллаһ.., эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир Анын Өзү бар. Анын керемет ысымдары бар

[9] (О, Мухаммад!) Сага Мусанын окуясы жетти беле

[10] Бир кезде ал (алыстан) от(тун шооласын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде (жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» -деди

[11] Отко» жакындаганда: «О, Муса»-деген добуш угулду

[12] «Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Туваа өрөөнүндөсүң

[13] Мен сени (адамдардын арасынан пайгамбарлык үчүн) тандап алдым. Эми, (өзүңө) вахий кылынчу нерселерди угуп ал

[14] Мен — Аллаһмын! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку

[15] Ар бир жан өз кылмышына жараша жаза (же сооп) алышы үчүн Кыямат сөзсүз келет. (Бирок) Мен аны(н болоор убакытысын) сыр кылып койдум

[16] (О, Муса) Сени Кыяматтан (диний-акыреттик иш кылуудан) ага ишенбеген жана өз каалоосуна ээрчиген адамдар тосуп койбосун, (анда) бактысыз болуп каласың

[17] Оң колундагы эмне, о, Муса?»

[18] «Бул — менин таягым» — деди Муса — мен ага таянамын жана койлорума аны менен (жалбырактарды) күүп беремин. Жана башка максаттарга да пайдаланамын»

[19] (Аллаһ) деди: «О, Муса аны жерге таштагын»

[20] Аны таштады эле, сойлогон (чоң) жыланга айланып калды

[21] «Аны колуңа ал жана коркпо. Биз аны абалкы кейпине келтирип койобуз»

[22] Жана колуңду колтугуңа кат — жамандыгы жок, ак-нурдуу болуп чыгат. Бул дагы бир моожиза

[23] (Аса таяк менен ак кол) Биздин чоң моожизаларыбыздан. Сага көргөзүп (билгизип) коюшубуз үчүн

[24] Эми, Фираунга (аны Акыйкатка кайтаруу үчүн) бар. Ал чектен чыгып кетти»

[25] (Муса) айтты: «Оо, Раббим! Менин көкүрөгүмдү кенен кыл

[26] Жана менин иштеримди жеңил кыл

[27] Тилимдеги түйүндү чечип кой

[28] Адамдар (сөзүмдү) түшүнчүдөй болсун

[29] Мага өз үй-бүлөмдөн вазир-жардамчы дайындап бер

[30] Агам Харунду

[31] Ал себептүү менин кубатымды көбөйт

[32] Аны ишиме шерик (пайгамбар) кыл

[33] Сага көп сажда (ибадат), кылышыбыз үчүн

[34] Сени көп зикир кылышыбыз үчүн

[35] Өзүң бизди көрүп туруучусуң!»

[36] (Аллаһ) айтты: «Сураганыңдын баары сага берилди оо, Муса

[37] Биз сага бир жолкуда мындан башка да жакшылык кылган элек

[38] Ошондо, Биз апаңдын көңүлүнө (мындай деп) илхам салганбыз

[39] «Аны сандыкка салып, (Нил) дарыяга таштагын, дарыя аны жээкке чыгарат. (Кийин) аны өзүнүн жана Менин душманым (Фираун) таап алат». Жана сага Өзүбүздөн бир махаббат (нур) бергенбиз, Биздин Көз алдыбызда улгайып, тарбияланышың үчүн

[40] Анда сенин эжең барып: «Аны кепилге ала турган (эмизе турган) аялга баштап барайынбы?» деди.! Ошентип, кайгырбай, сүйүнүп калышы үчүн Биз сени апаңа кайтардык. Жана (бир кезде, улгайган мезгилиңде) бир жанды өлтүрүп койдуң. Биз сени (ошол) кайгыдан да куткардык. Кийин сенин башыңа көп сыноолорду салдык. Анан Мадян элинде бир нече жылдар туруп калдың. Кийин (Биз белгилеген) тагдыр боюнча (бул жерге) келдиң, оо, Муса

[41] Мен сени Өзүмө (пайгамбар кылып) тандадым

[42] (Эми) сен жана агаң (Харун) экөөң Мен берген (тогуз) моожизаларды алып баргыла. Мени эстөөдө (жана эскертүүдө) алсыздык кылбагыла

[43] (Оболу) Фираунга баргыла. Ал чектен чыгып кетти

[44] Анан ага (адегенде) сылык-сыпаа сөз айткыла,! (Мени) эсине алса же (Менден) коркуп калса ажеп эмес

[45] (Экөө) айтты: «О, биздин Рабби! Биз (дааватты баштай электе) бизге каршы шашылып (чара колдонуп) коюусунан жана чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз»

[46] «Коркпогула! Мен силер мененмин! (Бардыгын угуп, көрүп турамын)

[47] Баргыла дагы: «Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Исрайил урпактарын биз менен (өз ата журттарына) жибер. Аларды азапка салба. Биз сага Раббиңден моожиза алып келдик. Хидаятка (Аллаһтын Туура Жолуна) ээрчигендерге салам болсун!»

[48] Чынында, бизге: «(Менин аяттарымды) «жалган» деп, жүз бурган адамдарга азап бар» деп вахий кылынган» - дегиле. (Ошондо Фираун)

[49] Айтты: «О, Муса, силердин Раббиңер ким?!»

[50] (Муса) айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге (өзүнө жарашкан) келбет-шекилин берип (жараткан) жана (өз багытына) жолдоп койгон Аллаһ»

[51] (Фираун) айтты: «Өткөн кылымдын элдерине эмне болгонун билесиңби?»

[52] Алар жөнүндөгү илим Раббимдин алдындагы Китепте. Раббим (ал Китепте) адашкан эмес, эч нерсени унуткан да эмес»

[53] (Аллаһ) силерге жерди бешик (сыяктуу мекен) кылып, анда силер үчүн жол салып берди. Жана силерге асмандан суу түшүрдү. Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык

[54] (Алардан) жегиле жана мал-чарбаңарды баккыла. Бул нерселерде акылдуу кишилер үчүн сабактар бар

[55] Биз силерди ошол жерден чыгарганбыз жана ошого кайтарабыз. Жана (Кыяматта) экинчи ирет дагы ошондон чыгарып алабыз

[56] Биз ага (Фираунга арналган) бардык моожизаларыбызды көрсөтсөк, «жалган» деп, (акыйкатты кабыл алуудан) баш тартты

[57] (Жана мындай) деди: «О, Муса сен өзүңдүн сыйкырың менен бизди жерибизден чыгарып жиберүү үчүн келдиңби

[58] Биз деле сага ошонун өзүндөй сыйкыр келтирип бере алабыз. Эми, биз менен өзүңдүн ортоңдо бир тегиз жерди убада кылгын. Ал жер өзүңө да, бизге да ылайыктуу болсун

[59] (Муса) айтты: «Силерге майрам күндү — адамдар шашке маалда чогулган күндү убада беремин

[60] Фираун барып өзүнүн айлакер-амалкерлерин жыйнап (убадаланган күндө, убада кылынган жерге) келди

[61] Муса аларга (сыйкырчыларга насаат) айтты: «Оңбой каласыңар! («Аллаһтын шериги бар» деп) Аллаһка жалаа жаппагыла! Азап жиберип кыйратып салат! (Аллаһка) жалаа жапкандар оңбой калат!!!»

[62] Алар иштеринде талашып калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө баштады

[63] (Кийин элдерге Муса менен Харунду көргөзүп мындай) дешти: «Бул экөө анык сыйкырчы! Силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү жана алгылыктуу жолуңарды (сыйкырчылыкты) жоюп жиберүүнү каалап жатат!» (Анан Фираун сыйкырчыларга айтты)

[64] «Бардык амалкерлигиңерди жыйнап, сапка тизилип келгиле. Бүгүн ким үстөмдүк кылса, ошол жеңишке жетет!»

[65] «О, Муса (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы»

[66] (Муса) айтты: «Жок, силер таштагыла!» (Ташташты эле,) капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага (Мусага) аракеттенгендей көрүндү

[67] Муса ичинен бир сестенип алды

[68] Биз (ага): «Коркпогун сен (алардан) жогору(боло)суң

[69] Колуңдагы нерсени (асатаякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик

[70] Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти. (Муну көргөн Фираун аябай ачууланды)

[71] «Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага (Аллаһка) ыйман келтире бересиңерби?! Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар экен. Эми мен силердин кол-бутуңарды каршы-тершисинен (оң кол, сол бут) кесип саламын жана өзүңөрдү курма дарагына асып койомун. Анан кимибиздин (Аллаһтынбы же менинби) азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыңар!»

[72] (Сыйкырчылар) айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген аят-моожизалардан жана бизди жараткан Аллаһтан сени жогору койо албайбыз. (Бизге) Эмне өкүм кылсаң кыла бер! Сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласың

[73] Биз Раббибизге, каталарыбызды жана сен бизди мажбурлаган сыйкыр(ыбыз)ды кечиришин үмүт кылып, ыйман келтирдик. Аллаһ жакшы жана Түбөлүк!»

[74] Чынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз Тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт

[75] Жана ким Раббисине жакшы амалдарды жасап, момун-ыймандуу абалда жолукса, аларга эң жогорку даражалар

[76] Түбүнөн дарыялар аккан, анда "Адн" бейиштери бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (шек жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы!”

[77] Биз Мусага: «Менин пенделеримди түндөсү алып чык жана (таягың менен) уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. (Фираундун) жетип алуусунан да коркпо, (сууга чөгүүдөн да) кооптонбо» - деп вахий кылдык

[78] Фираун аскерлери менен алардын артынан (деңиз «жолуна») түштү. Деңиз алардан орогонун ороп (жутуп) кетти

[79] Фираун элин адаштырган, өзү да адашкан болчу

[80] О, Исрайил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк нээмат болгон Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктер, даяр, бышкан куш эттерин жаадырдык (жана мындай дедик)

[81] «Биз ырыскы кылып (түшүрүп) берген таза ырыскылардан жегиле, бирок анда чектен чыкпагыла (жеп алып күнөө кылбагыла) (эгер ошентчү болсоңор) үстүңөргө Менин азабым түшөт. Кимге Менин азабым түшсө, анын өлгөнү — ошол

[82] (Бирок) Мен, тооба келтирип, ыймандуу болуп, жакшы амал кылып, Туура Жолго түшкөндөрдү албетте, кечиремин»

[83] «О, Муса, сен коомуңдан эмнеге мынча шашылып, озуп кеттиң?»

[84] (Муса) айтты: «Алар мына, артымда келе жатышат. О, Раббим, мен Сага шашып баратамын! Ыраазы болушуң үчүн!»

[85] (Аллаһ) айтты: «Сен чыккандан кийин Биз коомуңа сыноо түшүрдүк. Жана аларды Саамирий адаштырды»

[86] Анан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды жана: «О, коомум! Раббиңер силерге («Тоорат түшүрөмүн» деп) жакшынакай убада бербеди беле?! (Мен ошол убада үчүн кетпедим беле?!) Эмне, силерге (араңарда мен жок болгон) убакыт узун болуп кеттиби?! Же болбосо, үстүңөргө Раббиңердин каары түшүшүн кааладыңарбы?! Силер Мага берген убадаңарды буздуңар!”

[87] Алар айтышты: «Биз Сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок, биз (Мисирден чыгып келе жатканда жергиликтүү) коомдун (алтын) зыйнаттарынан турган «күнөөнүн» астында калганбыз.! Биз аны (эритиш үчүн отко) таштадык. Саамирий дагы таштады (жана)

[88] аларга (жаны бар сыяктуу,) мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. (Кийин Саамирий жана ага азгырылгандар) айтышты: «Ушул — силердин жана Мусанын кудайыңар. (Муса муну) унутуп койду (жана кудайды издеп башка тарапка кетти)»

[89] Алар көрбөй жатышабы (музоо — «кудайы») сөзүнө жооп кайтарбаганын жана аларга не пайда, не зыян жеткире албаганын

[90] Ошого чейин аларга Харун: «О, коомум! Силер бул (музоо) менен сыналдыңар (азгырылдыңар) силердин Раббиңер — Рахман! Мени(н сөзүмдү) ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула!» дегенде

[91] Алар айтышты: «Бизге Муса кайтып келмейинче (жана бир нерсе демейинче) буга табынууну токтотпойбуз»

[92] (Муса кайтып келип, коомун бул абалда көргөн соң орун басарына) айтты: «О, Харун, алардын адашканын көргөнүңдө сени эмне токтотту

[93] мага (кабар бериш үчүн) ээрчип (тез) баруудан?! Менин буйругума каршы чыктыңбы

[94] (Харун) айтты: «О, апамдын баласы, сакалымдан, чачымдан тартпачы. Мен (сага кабар берүүнү ойлогом, бирок артыңдан барганымда менден капа болуп): «Менин сөзүмдү (өзүмдү) күтпөй, Исрайил уруусун бөлүп жибериптирсиң!» дешиңден корктум»

[95] (Анан, Муса): «Эй, Саамирий, бул эмне кылганың?!» - деди

[96] (Анда, Саамирий): «Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам. Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим эле (ал жан кирген сыяктанып, мөөрөгөн добуш чыгарды). Нафсим мени ушуга жетелеген»-деди

[97] (Муса) Айтты: «Эми (бул жерден) жогол! Сага эми жашоодо (жийиркеничтүү ооруга кабылганың себептүү, безилдеп:) «Мага тийбегилечи» деп айтышың гана бар. Жана (Акыретте) сага кутулгус убада (тозок) даяр! Өзүң азырга чейин табынып жаткан «кудайыңа» карачы? (Сага эмне пайда бере алды?) Биз (азыр) аны күйгүзүп, (күлүн) деңизге сапырып жиберебиз

[98] Силердин (чыныгы) кудайыңар — Өзүнөн башка кудай жок болгон Аллаһ! Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтыган!»

[99] Ошентип, Биз сага (о, Мухаммад), өткөндөрдүн кабарларын икая кылдык жана алдыбыздагы Зикирди (Кураанды) бердик

[100] Ким андан жүз бурса, Кыяматта (күнөөсүнүн) жүгүн көтөрөт

[101] Ал жүктөн түбөлүккө ажырабайт. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман

[102] Сур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар периштелер тарабынан кордолуп Мавкиф тарапка сүрүп алып барыла жатканда)

[103] Бири-бирине: «(Дүйнөдө) он күн гана турдуңар-э?» деп, шыбырап сүйлөшүшөт

[104] Биз алардын эмне дегендерин эң жакшы билебиз. Ошондо алардын билермандары: «Жок, силер бир эле күн турдуңар» дешет

[105] (О, Мухаммад) Сенден тоолор (жана алардын Кыяматтагы абалы) жөнүндө сурашат. Айткын: «Раббим аларды (кум сыяктуу) чачып жиберет

[106] Жана (жер менен) тегиз кылып салат

[107] Сен ал (Кыяматта элдер чогулчу) жерде не бир ийрилик, не бир өйдө-чуңкур көрбөйсүң

[108] Ошол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (Мавкиф майданына) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Күүлдөгөн) добуштар Рахмандын (Аллаһтын) урматына өчүп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың

[109] Ал күнү Рахман? уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллаһ ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет

[110] (Аллаһ) пенделердин келечегиндеги, өтмүшүндөгү бардык нерсени билет. Алардын илими Аллаһты камтый албайт

[111] Бардык жүздөр(дүн ээлери) Түбөлүк Тирүү (бардык ааламдарды башкарып) Туруучуга баш ийишет. Зулум көтөрүп баргандар (каапырлар) максатка жетпей калат

[112] Жана ким ыймандуу болгон абалда жакшы амалдарды жасаган болсо, зулумдан жана соопторунун кемитип коюлуусунан коркпойт

[113] (О, Мухаммад) мына ушинтип, Биз аны араб тилиндеги Кураан сүрөтүндө түшүрдүк жана анда эскертүүчү аяттарды удаама-удаа келтирдик. Балким, эми алар коркушаар же (бул эскертүүчү аяттар) аларда эскерүүнү (сергектикти) жаратаар

[114] Акыйкат Падыша болгон Аллаһ эң Жогору! (О, Мухаммад)) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Кураанды окуганга шашылба жана: «О, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» деп дуба кыл

[115] Биз (Бейиштеги бир даракка жакындабоо жөнүндө) Адам менен убадалашкан элек. Ал унутуп койду. Биз анда сабырдуулукту көрбөдүк

[116] Ошондо Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис (текеберленип; «Мен андан абзелмин» деп) баш тартты

[117] Биз айттык: «О, Адам! Чынында, бул (Иблис) сага жана аялыңа душман! Экөөңдү азгырып Бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласың

[118] (Анткени,) Сен Бейиште ач-жылаңач калбайсың

[119] Анда суусабайсың, күндүн ысыгына да күйбөйсүң.»

[120] Шайтан (Иблис) аны азгырып (мындай деди): «О, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?»

[121] Анан, экөө ал дарактан жеп, (натыйжада убаданы бузганы үчүн Аллаһтын каар-жазасы себептүү) уяттары ачылып калды эле, Бейиш жалбырактары менен өздөрүн (авреттерин) тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, (ушинтип) азгырылды (жана экөө тең Раббисине жалбарып; «Бизди кечир, өзүбүзгө зулум кылып койдук» деп тооба кыла баштады)

[122] Кийин Раббиси аны тандап, тообасын кабыл алып, Өз жолуна баштады

[123] (Аллаһ) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда Бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден Туура Жол (Дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт

[124] Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны Кыямат Күнү сокур абалда тирилтебиз

[125] Ал айтты: «О, Раббим! Эмнеге мени сокур абалда тирилттиң? Мен (дүйнөдө) көзү соо адам элем го?»

[126] (Аллаһ) айтты: «Дал ушул сыяктуу, сага да (дүйнөдө) Биздин аяттар келгенде, (аларды) «унутуп» калгансың. (Көрсөң да, көрмөксөн болгонсуң). Дал ошол сыяктуу бүгүн сен да «унутуласың!»

[127] Биз ысырап кылган (чектен чыккан) жана Раббисинин аяттарына ишенбеген адамдарды ушинтип жазалайбыз. Чынында, Акыреттин азабы катуу жана түгөнгүс

[128] Биз алардан мурун (өздөрү сыяктуу) нечен-нечен муундарды, үй-жайларында (эч нерседен бейкапар) жүргөндө (капыстан балээ жиберип) кыйратып койгонубуз алардын көзүн ачпайбы?! Мында акылдуу адамдар үчүн сабактар бар го

[129] Эгер Раббиң тарабынан (айтып) өтүлгөн («күнөөлүүлөрдү белгиленген убактысында гана жазалайбыз» деген) сөз жана белгиленген мөөнөт (Кыямат) болбогондо, аларга азап ошол замат келмек

[130] (О, Мухаммад!) Сен алардын (сени жана динди айыптап) сүйлөгөн сөздөрүнө сабыр кыл жана Күн чыгаардан мурун жана Күн батаардан мурун Раббиңди даңазалап тасбих айт. Жана Раббиң сенден ыраазы болушу үчүн күн-түн дебей тасбих айт

[131] Биз аларды сынаш үчүн жуп-кошмок түрдө берген дүйнө жашоосунун гүлүстан жыргалдарына назарыңды салба! Раббиңдин (Акыретте берчү) ырыскылары жакшы жана түбөлүктүү

[132] Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага (намазга) сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. (Жакшы) акыбет такыбаалар үчүн

[133] Алар: «Эгер Мухаммад бизге Раббисинен бир (көзгө көрүнгөн) моожиза алып келсе го..,» дешти. Аларга байыркы барактардагы (Тоорат менен Инжилдеги) нерселердин баяны (Кураан) келбеди беле

[134] Эгер Биз аларды ага (Мухаммадга дин келгенге) чейин бир азап менен өлтүргөн болсок, албетте: «Оо, Рабби! Эгер бизге бир пайгамбар жиберсең, мындай шерменде жана кор болбой туруп, сенин аяттарыңа ээрчимекпиз» -дешет болчу

[135] Айткын: «Бардыгыбыз күтүүдөбүз.! Силер да күтө бергиле. Жакында ким Туура Жолдун ээси болуп (адашпай) баратканын билип аласыңар

Анбия

Surah 21

[1] Адамдарга өздөрүнүн эсеби (Кыямат) жакындап калды. Алар болсо (Аллаһ буюрган парыздардан) жүз үйрүгөн бойдон кайдыгер жүрүшөт

[2] Аларга Раббилери тарабынан жаңы зикир (аят) келсе (мушриктер) оюнкарактык менен угушту

[3] жүрөктөрү кайдыгер болуп. Жана заалым (каапыр) адамдар: «Бул (Мухаммад) эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу жөнөкөй эле адам (ал «аят» деген нерселер болсо, сыйкыр). Силер көрүп туруп сыйкырга келе жатасыңарбы?» (деп) шыбырап сүйлөшүштү

[4] (Пайгамбар) Айтты: «Менин Раббим асмандагы, жердеги сөздү билет. Ал — Угуучу, Билүүчү!»

[5] «Андай эмес» — дешти алар — (Мухаммад айтып жаткан нерселер) түштөгү жобурануу, жок, аларды өзү ойлоп чыгарган, жок андай эмес, ал акын. (Эгер пайгамбарлыгы чын болсо, абалкы(пайгамбар)ларга жиберилген сыяктуу бир моожиза келтирсинчи, кана?!»

[6] Алардан мурунку Биз кыйраткан шаарлар(дын элдери) ыйман келтирбеген нерсеге ушулар ыйман келтирмек беле

[7] (О, Мухаммад) Биз сенден мурун (периште же болбосо аял затынан эмес) жалаң эркек кишилерди гана Пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Эгер билбесеңер Зикир (Ыйык Китеп) ээлеринен сурагыла

[8] Биз пайгамбарларды тамак-аш жебей турган дене (адаттан сырткары табияттуу адам) кылып жаратпадык. Алар түбөлүк жашоочулардан да эмес

[9] Кийин Биз пайгамбарларга берген убаданы аткарып (каапырларга азап жиберип) Пайгамбарларды жана Өзүбүз каалаган (момун) адамдарды куткарып, чектен чыккандарды кыйратып салдык

[10] (О, пайгамбар менен мусулмандар!) Биз силерге Китеп (Кураан) түшүрдүк. Анын ичинде силердин шоорат-даңкыңар бар. Акылыңарды иштетпейсиңерби

[11] Жана Биз (өткөндө) нечен-нечен заалым (каапыр) шаарларды кыйратып, алардан кийин (ордуна) башкаларды жараттык

[12] Алар Биздин азабыбызды(н белгисин) байкаар замат шаардан качып жөнөштү

[13] «Качпагыла, көңүл ачуучу жайыңарга жана үйүңөргө кайткыла, балким (өлтүрүлбөй бирөөңөрдөн-бирөөңөр) суралган бойдон калаарсыңар» (дешти азаптоочу периштелер какшык менен)

[14] Алар болсо: «Ох, өлдүк! Биз заалымдардан болуп калган элек!» дешти

[15] Биз аларды орулган (чөп сыяктуу) кылып тындырып салганыбызга чейин ушул (армандуу) дубалары токтобой турду

[16] Биз асманды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды оюн-эрмек үчүн жаратканыбыз жок

[17] Эгер (асман-жерди) эрмек кылып алууну кааласак, Биз аны (эрмек-зоокту) Өзүбүздүн алдыбыздан (асмандардын үстүндөгү жогорку Арштан) деле тапмакпыз, эгер табууну кааласак

[18] Биз Акыйкатты (Кураанды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып коёт! Анан жалган жок болот. (О, Аллаһтын шериги, аялы, баласы бар дегендер!) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге «Уайл»? болсун

[19] Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллаһтын мүлкү. Анын алдындагылар (периштелер) Ага ибадат-кулчулук кылуудан текеберленишпейт жана арданбайт

[20] (Тескерисинче,) түнү-күнү чарчабай-зерикпей Ага тасбих айтышат

[21] Же болбосо, жердин өзүнөн эле тирилтүүчү «кудайларды» таап алышканбы

[22] Эгер асман менен жерде Аллаһтан башка кудайлар бар болсо, экөө тең ойрон болмок. (Улуу, Бийик) Арштын Раббиси болгон Аллаһ мушриктер сыпаттаган нерселерден Аруу-Таза

[23] Аллаһ Өзүнүн иши боюнча эч кимге жооп бербейт. Алар жооп беришет (суралышат)

[24] Же, алар Аллаһтан башкаларды кудай кылып алыштыбы?! Айткын: «(Андай болсо) далилиңерди алып келгиле! Мына мендеги нерсенин (Кураандын) сөздөрү жана менден мурунку нерселердин (Тоорат менен Инжилдин) сөздөрү! Жок, Алардын көпчүлүгү Акыйкатты билишпейт. (Мунун себеби) Алар жүз буруп кетишкен

[25] (О, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп вахий кылдык

[26] (Мушриктер): «Рахмандын! баласы бар» дешти. Аллаһ бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер

[27] Алар Андан (Аллаһтан) озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат

[28] (Аллаһ) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллаһтын алдында) ортомчу боло алышпайт. Аллаһ каалагандар үчүн гана ортомчу боло алышат. Алар Аллаһтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат

[29] Алардын кимиси «мен — кудаймын» десе Биз аны Тозок менен жазалайбыз. Биз заалымдарды ушундай жазалайбыз

[30] Каапырлар билишпейби, асмандар менен жер (мурда) тосулган болчу. Кийин Биз аларды оңдоп (пайдалуу кылып) койдук. Жана Биз ар бир тирүү нерсени суудан жараттык?. Ыйман келтиришпейби

[31] Жана адамдарды бекем кармап турсун деп жер бетине тизилген тоолорду жараттык. Жана элдер Туура Жол таап (адашпай) жүрсүн деп өрөөн — жолдорду жасап койдук

[32] Жана асманды корголгон там кылдык!. Алар Биздин (бул) аян-белгилерибизден жүз бурушууда

[33] Ал күндүз менен караңгылыкты, Күн менен Айды жаратты. Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт

[34] (Оо, Мухаммад!) Сенден мурун да эч бир адамды түбөлүк жаратпадык. Эмне, сен өлүп, алар (мушриктер) түбөлүк жашайт бекен

[35] Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. (Ошого чейин) Биз аларды (кээде) жакшылык, (кээде) жамандык менен сынайбыз. Жана (өмүрүңөр бүткөндө) Өзүбүзгө кайтарыласыңар

[36] Эгер сени каапырлар көрсө (бири-бирине) силердин (Аллаһтан башка) кудайыңарды (буларга сыйынып болбойт деп) тилге алган ушулбу?» деп шылдыңдашат. Алар Рахманды эскерүүдөн каапыр болушууда

[37] Инсан сабырсыз жаратылган. (О, каапырлар,) жакында силерге белгилеримди (азапты) көргөзөмүң,. Мени шаштырбагыла

[38] Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, жанагы убада (азап) качан?» -дешет

[39] Эгер каапырлар жүздөрүнөн жана жондорунан Тозок отун тосо албай, жардамсыз калган мезгилди (Кыяматты) билгенде (андай сөздөрдү айтпайт эле)

[40] (Кыямат) Аларга капыстан келет. Ошондо алар аны кайтаруудан алсыз болуп, коркуудан селейип калышат. (Анда) Аларга эч мөөнөт берилбейт

[41] (О, Мухаммад), сенден мурунку пайгамбарлар деле (каапыр элдер тарабынан) шылдыңдалган. Анан алардын арасынан шылдыңдаган адамдарга, ошол шылдыңдаган нерселери (азап болуп) түшкөн

[42] Айткын: «(Эй, каапырлар) Силерди түндө же күндүзү (азап жиберчү болсо) Рахмандан ким коргой алат?! Тескерисинче, алар Раббилерин(ин азабын) эскерүүдөн жүз бурушту

[43] Же Бизден бөлөк коргоочу кудайлары барбы?! Ал кудайлар (силерге эмес) өздөрүнө да жардам бере албайт. Жана Бизден да эч бир жардамга ээ боло алышпайт

[44] Жок, аларды да, ата-бабаларын да өмүрү узун болгонго чейин Биз пайдалантуудабыз. Алар көрбөй жатабы, Биз жердин айлана-тегерегин жонуп, кыскартып жатабыз го?!? Эмне, алар (Аллаһтын тагдырына моюн сунбай), жеңүүчү болушат бекен

[45] (О, Мухаммад), сен аларга: «Мен силерди вахий (Аллаһтан келген кабар) менен эскертип жатамын. Бирок, дүлөй адамдар эскертилген чакырыкты укпайт» деп айткын

[46] Эгер аларды Раббиңдин бир аз эле азабы кармаса; «Ох, өлдүк! Биз заалымдардан болуп калдык!» -дешет

[47] Биз Кыямат Күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз

[48] Жана Биз Муса менен Харунга Фурканды (ак менен караны ажыратуучу Тооратты) такыба кишилер үчүн нур жана эскерме кылып бердик

[49] Такыбаалар ушундай кишилер: Кайыптагы Раббисинен коркушат. Жана алар Кыямат Күндөн титиреп турушат

[50] Жана бул (Кураан) Биз түшүргөн Зикир жана Берекет. Силер аны четке кагасыңарбы

[51] Биз буга чейин Ибрахимге Туура Жол бергенбиз. Жана аны(н абалын) Билүүчү болдук

[52] Бир кезде ал атасына жана коомуна: «Силер табынып жаткан бул айкелдер(ден пайда) не?!» -деди

[53] «Ата-бабаларыбызды ошолорго сыйынган абалда тапканбыз» дешти алар

[54] (Ибрахим) Айтты: «Силер да, ата-бабаңар да анык адашууда болгонсуңар!»

[55] (Мушриктер) Айтышты: «Сен чын сүйлөп жатасыңбы же ойноп (тамаша) сүйлөп жатасыңбы?»

[56] Айтты: «Чынын айтам; Силердин Раббиңер асмандардын жана жердин Раббиси. Аларды жараткан. Буга мен өзүм күбөгө өтүүчүмүн

[57] Жана Аллаһка ант ичип айтамын: «Мен силер (шаардан) кеткенде айкел-кудайыңардын амалын таап койомун!»

[58] Анан алардын эң чоңунан башка баарын талкалап чыкты, ошого кайтышсын деп. Шаар эли майрамдан кайтып, ибадатканага киришип

[59] «Биздин кудайларыбызга муну ким жасады?! Ал сөзсүз заалымдардан экен!!!» дешти

[60] (Кээ бирөөлөрү) Айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит кудайларыбызды (жамандык менен) тилге алып жүргөн»

[61] (Чоңдору) Айтты: «Аны адамдардын көз алдына алып келгиле, (сазайын бергенибизди) көрүп коюшсун!»

[62] «О, Ибрахим! Биздин кудайларыбызга ушуну сен жасадыңбы?!» - дешти

[63] «Жок — деди Ибрахим — мына бул (балта кармап турган) чоңу жасады. Эгер сүйлөчү болсо сурап алгыла»

[64] Ошондо алар (бир саамга) эстерине келе калышты жана (бири-бирине) «Чын эле силер өзүңөр заалым экенсиңер» - дешти

[65] Кийин дагы баштары айланып, «Сен булардын сүйлөбөй тургандыгын билет болчусуң! (Бизди шылдың кылба)» -дешти

[66] «Аллаһтан башка, өзүңөргө не зыян, не пайда келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыңарбы

[67] Силерден дагы, Аллаһтан башка сыйынган кудайыңардан дагы тажадым! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!» (деди Ибрахим). (Мушриктер Ибрахимдин далилдерине жооп бере албай, күч колдонууну каалашты жана)

[68] «Аны отко ыргыткыла! Кудайыңарга жардам бергиле! Эгер жасай алсаңар, ушундай жасагыла!» - дешти

[69] Биз айттык: «О, от, Ибрахимге муздак жана саламаттык бол!»

[70] Алар муну менен (динге каршы) айлакерлик кылууну каалашты. Бирок, Биз аларды зыян тартуучу кылдык

[71] Жана Биз аны (Ибрахим) менен Лут экөөсүн, ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге (Шам өлкөсүнө) куткарып (чыгарып) жибердик

[72] Биз ага Исхакты жана (анын уулу) Яькубду кошумча кылып бердик. Жана (Ибрахим, Исхак, Яькубдун) баарын тең салих (жакшы) адамдардан кылдык

[73] Биз аларды Өзүбүздүн гана ишибизге (динибизге) баштоочу имамдардан кылдык. Жана аларга жакшы иштерди жасоону, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык. Алар Бизге (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылуучулардан болчу

[74] Биз Лутка да өкүм (пайгамбарчылык) жана илим (шарият) бердик. Биз аны ыпластык (бачабаздык) иштерди жасаган шаардан чыгарып кеттик. Алар (шаар эли) жаман, бузук адамдар болгон

[75] Биз аны Өз ырайымыбызга алдык. Чынында ал салих адамдардан

[76] Жана Нухту (эскер). Мурун ал (Бизге бийик добуш менен) дуба кылды эле, Биз аны кабыл алдык. Анан Биз аны менен үй-бүлөсүн улук кайгыдан (топон суудан) куткарып калдык

[77] Биз ага аяттарыбызды «жалган» деген (каапыр) коомдон (алардын зыян келтирүүсүнөн) жардам бердик. Алар жаман адамдар болчу. Биз аларды бирин койбой (топон сууга) чөктүрдүк

[78] Дауд менен Сулайманды (эстегин). Бир кезде ал экөөсү бир коомдун койлору (түндөсү каптап кирип) майкандап койгону жөнүндө өкүм кылышкан, Биз алардын өкүмүнө күбө болгонбуз

[79] Сулайманга бул чечимди түшүндүрдүк. Биз экөөнө тең (Дауд менен Сулайманга) өкүм жана илим бергенбиз. Даудга өзү менен кошулуп (Аллаһка) тасбих айткан тоолорду жана куштарды моюн сундурдук.? (Ушуну) Биз жасадык

[80] Биз Даудга силерди сокку-зыяндан сактай турган (зоот) кийимдерди жасоону үйрөттүк. Эми шүгүр кылаарсыңар

[81] Жана Сулайманга учкул шамалдарды моюн сундурдук. Алар анын буйругу менен, Биз берекеттүү кылган жерде? желип турат. Биз ар бир нерсени Билүүчүбүз

[82] Жана ал (Сулайман) үчүн гавас (суучул) жана мындан башка (инсан жасай албай турган) иштерди жасап бере турган жин-шайтандарды (моюн сундурдук). Аларды Биз Өзүбүз көзөмөлдөөчүбүз

[83] Жана Айюбду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады! Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуураагысың!» - деп, (бийик добуш менен) дуба кылды

[84] Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат иретинде жана (сабырдуу) ибадатчыларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик

[85] Жана (оо, Мухаммад), Ысмайыл, Идрис, Зулкифлдерди да эстегин. Алардын баардыгы сабырдуулардан болгон

[86] Аларды Өз ырайымыбызга алдык. Бардыгы салих пенделерден

[87] Зуннунду да эстегин.! Бир кезде ал ачууланып (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон.? Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка илах жок. (О, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен заалымдардан болуп калдым!»- деп жалбарды

[88] Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз момун адамдарды мына ушинтип куткарабыз

[89] Жана Закарияны эсте: Ал Раббисине: «О, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң мурас алуучулардын (бардыгынын артында калуучулардын) эң жакшысысың!» деп дуба кылганда

[90] Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхйаны белек кылганбыз жана туубас аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон

[91] Жана абийирин сактаган кызды (Марямды) да эстегин. Кийин Биз ага Өз Рухубуздан үйлөдүк. Аны жана анын уулун ааламдар үчүн (Өз Кудуретибизден) белги КЫЛДЫК

[92] (О, адамдар!) Силердин бул үммөтүңөр (диниңер) бир үммөт? жана Мен силердин Раббиңер боломун. Демек, Мага гана ибадат кылгыла

[93] Бирок, (кийин) адамдар иштерин (дин-ишенимдерин) бөлүп салды. (Кантсе да) Бардыгы Өзүбүзгө кайтышат

[94] Ким момун-ыймандуу абалында жакшы (сооп) амалдарды жасаса, анын аракети текке кетпейт. Биз анын пайдасына жазып коюуучубуз

[95] Биз (күнөөлөрү себептүү) кыргын салган шаарларга (кайра бул дүйнөгө келип жашоо) арам. Алар эч качан кайтышпайт

[96] Тээ качан гана Яжуж-Маьжуж (тосмосу) ачылганда, алар (Яжуж-Маьжуж эли) ар кайсы дөбөдөн агылган бойдон келишет

[97] Акыйкат убада (Кыямат) жакындап калды. Ал келгенде каапырлар көздөрү чанагынан чыгып: «Өлдүк эми! Биз бул нерседен бейкапар болчубуз! Жок, (бейкапар гана эмес) заалымдардан (ишенбегендерден) болчубуз!» дешет

[98] (О, Каапырлар!) Силер жана силер сыйынган Аллаһтан башка «кудайыңар» тозокко отун болосуңар! Силер (сөзсүз) ага киресиңер

[99] Эгер алар (чыныгы) кудайлар болсо, тозокко келбейт болчу. Эми алардын (жалган кудайлардын) баары тозокто түбөлүк калышат

[100] Анда (тозокто) алар (азаптан) онтоп, кыйкырышат. Анда алар (өз кыйкырыгынан бөлөк) эч нерсе угушпайт

[101] Алар үчүн мурдатан Биз тараптан (Тагдыр Китебине) жакшылык жазылган адамдар тозоктон алыста болушат (түшпөйт)

[102] Алар (жана Бейиштеги алардан башка адамдар) Тозоктун шыбырын да угушпайт. Жана алар көңүлдөрү күсөгөн нээматтардын ичинде түбөлүк калышат

[103] Аларды улуу коркунуч кайгыга салбайт. Периштелер утурлап (тосуп) чыгып: «Бул силерге убада кылынган күнүңөр» (дешет)

[104] Ошол Күнү Биз асманды кат жазылган дептерди жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз

[105] Биз Зикирден (Лавхул Махфуздан) Кийин Забур китебинде да «Жерди? Менин салих (ыймандуу) пенделерим мурас кылып алышат» деп жазып койгонбуз

[106] Албетте, мында (Кураанда) ибадатчы адамдар үчүн жеткиликтүү насаат бар

[107] (О, Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик

[108] Айткын: «Мага (Аллаһ тарабынан): «Силердин илах-кудайыңар жалгыз Илах. Силер (ошол илахка) моюн сунасыңарбы?!» (деп айтуу) вахий кылынды»

[109] Эгер баш тартышса, айт: «Мен силерге тегиз угуздум. Бирок, мен силерге убада кылынган нерсе (Кыямат азабы) алыс же жакын экенин билбеймин

[110] Албетте Ал (Аллаһ) сөздөрдөн жарыя айтылгандарын да, ичиңерге жашырганыңарды да билет

[111] (Эй, Мушриктер! Силерге азап-жаза келбей турушу) балким силер үчүн сыноодур же убактысы келгенге чейин (кенен берилген) пайдалануудур, мен муну билбеймин»

[112] О, Раббим Өзүң акыйкат менен өкүм кыл! (Эй, мушриктер!) Биздин Раббибиз, силер сыпаттаган (ширк) нерселерден коргоо сурала турган Ырайымдуу Зат

Хаж

Surah 22

[1] О,адамдар! Раббиңерден корккула! Кыяматтын зилзаласы коркунучтуу нерсе

[2] Аны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат, ар бир кош бойлуу жаныбар боюндагысын түшүрүп салат. Сен (ал күндө) адамдарды нес-мас абалында көрөсүң. Чынында, алар мас эмес. Бирок, Аллаһтын азабы катуу

[3] Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөрү илими жок болсо да Аллаһ жөнүндө талаша берет жана ар кайсы бейбаш шайтанга ээрчип кете берет

[4] Ага (шайтандын тагдырына): «Ким ушуну дос тутса (ээрчисе) аны адаштырып, тозок азабына баштап барат»- деп жазылып коюлган

[5] О,адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен кемелге жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт

[6] Бул (жараяндардын мааниси) Аллаһ — Ал Акыйкат жана Ал өлүктү тирилте алат. Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү

[7] Жана.., Кыямат дагы сөзсүз келүүчү. Анда эч күмөн жок! Жана Аллаһ албетте, мүрзөлөрдөгү өлүктөрдү кайра тирилтет

[8] Адамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллаһ жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же Туура Жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок

[9] Моюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллаһтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз

[10] (О, каапыр!) Бул азаптар өзүңдүн эки колуңдун жасаганы себептүү. Аллаһ пенделерге зулумдук кылуучу эмес

[11] Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллаһка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу

[12] (Аллаһка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллаһтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу

[13] Алар пайдасынан зыяны көбүрөөк «кудайларга» дуба кылышат.! (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос

[14] Аллаһ Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган момундарды албетте, түбүнөн дарыялар аккан Бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллаһ каалаган нерсесин жасайт

[15] Кимде-ким Аллаһ ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллаһтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе).! Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен

[16] Биз аны (Кураанды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллаһ (аны менен) Өзү каалаган адамдарды Туура Жолго баштайт

[17] Чынында, Аллаһ Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудийлердин, сабиилердин,” христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллаһ ар бир нерсеге Күбө

[18] (О, Мухаммад!) Карачы, Аллаһка жер-асмандагылардын бардыгы: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап хак (адилет жаза) болду. Аллаһ кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллаһ каалаган нерсесин жасайт

[19] Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен момундар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты.! Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат!? (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык)

[20] Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет

[21] Алар үчүн (периштелердин колунда сабоого даяр) темир союлдар бар

[22] Ар качан Тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!»-(деп айтылат)

[23] Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллаһ (Таала) түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет. Алар бермет, жакут, маржандар (асыл таштар) менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот

[24] (Мунун себеби) Алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллаһтын) жолуна багытталган эле

[25] Каапыр болгондорго, Аллаһтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (момундарды) тоскондорго — Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек — жана ким анын ичинде зулум менен бузуктук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз

[26] Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Ысмайыл экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип, рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза-пакиза кармайсың

[27] Адамдарды ажы кылууга чакырасың. Сага алар жөө басып, тапталган! улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин

[28] (Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллаһтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла

[29] Андан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин.” Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф? кылышсын

[30] Ушулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнөн кээ бирөөлөрү) Ким Аллаһтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) — бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Кураанда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула

[31] Аллаһка шерик келтирбей, ханиф (жеке Аллахка сыйына турган) абалда (ибадат кылгыла). Ким Аллаһка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн! жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу

[32] Ушундай. Ал эми, ким Аллаһтын нышан-белгилерин? (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе — бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан

[33] Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.? Кийин аларды (союу) адал болгон жай — Эски Үйдүн (Каабанын?) айланасы

[34] Биз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллаһтын ысымын зикир кылуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллаһ). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (О, Мухаммад), сен (Аллаһка) берилгендерге (Бейишти) сүйүнчүлө

[35] Алар ( Аллаһка берилген мусулмандар) качан Аллаһтын ысымы эскерилгенде (урмат жана коркуунун күчтүүлүгүнөн) жүрөктөрү титирейт. (Алар) Өздөрүнө жеткен нерселерге сабыр кылуучулар, намазды толук окуучулар жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден ихсан-садака кылуучу адамдар

[36] (Ажы мезгилинде союла турган төө, уй сыяктуу) чоң денелүү чарба айбандарын да силер үчүн Аллаһтын белгилеринен кылдык. Анда силер үчүн жакшылык бар. Анан ал жандыкка тик турган абалында эле (бутуна тушоо салып коюп) Аллаһтын ысымын зикир кыла бергиле.! Эми, качан жамбашы менен кулаганда (жиликтеп) андан өзүңөр да жегиле, сураган-сурабаган кедейлерге да жедиргиле. Биз силерге аны (чоң келбеттүү жаныбарды) мына ушинтип моюн сундуруп бердик. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес

[37] Аллаһка анын (курмандыгыңардын) эти да, каны да жетпейт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет. Силерди хидаятка баштаганы үчүн Аллаһты улуктап («Бисмилаахи Аллаһу Акбар» деп) такбир айтууңар үчүн Ал силерге ошол чоң жандыктарды моюн сундуруп берди. Жакшылык (ихсан) кылуучуларга (Бейиштен) кушкабар бер

[38] Аллаһ ыймандуу адамдарды коргойт. Албетте, Аллаһ ар бир кыянатчы, шүгүр кылбаган пенделерди сүйбөйт

[39] (Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (момун) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллаһ аларга жардам берүүгө кудуреттүү

[40] Алар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим — Аллаһ» деген сөздөрү үчүн гана (кууп) чыгарылган эле. Эгер Аллаһтын кээ бир (заалым) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллаһтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек.? Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллаһ да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллаһ Кубаттуу, Кудуреттүү! (Кийинки аятта Аллайһ Таала Өз динине жардам берген адамдардын сыпаттарын баяндайт)

[41] Алар жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Аллаһтын Колунда

[42] (О, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен

[43] Ибрахимдин, Луттун коомдору дагы (пайгамбарларын) жалганчыга чыгарышкан

[44] Мадян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин чанганым кандай болгон(ун бир көрсөң эле)

[45] Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык! Алар заалым болчу. Эми (азыр) алардын чатырлары кулаган. (Дагы нечендеген) таштанды кудуктар, бийик-бийик (бирок ээси жок) сарайлар бар

[46] (Каапырлар) жер жүзүн кыдырып көрүшпөйбү?! Ошондо аларга сергек жүрөктөр же болбосо, угар кулактар болмок эле! Чынында, көздөр сокур болбойт, көкүрөктөгү жүрөктөр сокур болот

[47] (О, Мухаммад, мушриктер «Эгер чын пайгамбар болсоң, Раббиң бизге азап түшүрбөйбү, тезирээк» деп) сенден азапты шаштырып сурашат. Аллаһ убадасын бузбайт. (Сөзсүз азап келет.) Жана.., Сенин Раббиңдин алдындагы бир күн силер эсептеген жылдардын миң жылы сыяктуу

[48] Дагы нечендеген шаарларды(н элдерин) алар заалым болсо да, мөөнөтүн узартып койдум. Кийин (көп жашап, көп күнөө кылып, көбүрөөк азапка ылайык болгондо) гана кыйраттым. Кайтып келүү — Өзүмө

[49] Айткын: «О, адамдар! Мен чынында силерге анык эскертүүчүмүн

[50] Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар үчүн (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук ырыскы (Бейиш) бар!»

[51] Биздин аяттарыбызды(н айланасында ар түрдүү сөз козутуп) алардын күч-таасирин азайтууга (бири-биринен озуп) алектенип жаткандар.., дал ошолор Тозок ээлери

[52] Сенден мурда бир элчи же пайгамбар жиберген болсок, ал качан гана (китептен бир аят) окучу болсо, анын кыраатына шайтан (китепте жок сөздөрдү) кошкоң(го аракеттенген). Анан Аллаһ шайтан кошкон нерселерди өчүрүп, Өз аяттарын бекемдеген. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[53] Шайтан кошкон нерселер(ди Аллаһ) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, заалым (каапыр) адамдар түгөнгүс талаш-тартышта калышат

[54] Илимдүү адамдар, анын (Кураандын) Раббиңден келген (өзгөргүс) Акыйкат экенин билиши жана жүрөктөрү ага муюп, ыйман келтириши үчүн (Аллаһ ушул сыноону жасады) Аллаһ ыйман келтирген адамдарды Туура Жолго баштоочу

[55] Каапырлар, өздөрүнө Саат (Кыямат) капыстан келип калганга чейин же Кыямат күндүн азабы келгенге чейин Кураандан шектене беришет

[56] Ал Күнү (бардык) мүлк Аллаһтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, салих амал кылгандар Нээмат Бейиштеринде болушат

[57] Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендерге кордоочу азап бар

[58] Аллаһтын жолунда (үй-мүлкүн, аялдарын, бала-чакасын, мекенин таштап) хижрат кылган, кийин (Аллаһ жолундагы согуштарда) өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга Аллаһ эң сонун ырыскыларды берет.! Албетте, Аллаһ эң мыкты ырыскы берүүчү

[59] Жана (Аллаһ) аларды өздөрүнө жаккан орундарга киргизет.” Аллаһ эң жакшы Билүүчү (жана пейили) Жумшак

[60] Ушундай. Жана да, кимде-ким (бирөөгө) өзүнө зыян жеткирилгендей зыян жеткирсе, кийин ага (ошол бирөө тарабынан) зулумдук кылынчу болсо, Аллаһ ага жардам берет. Чынында Аллаһ өтө Кечиримдүү, Айкөл

[61] Ушул (Кудайыңар — Аллаһ ааламдардын өкүм-мыйзамын иреттүү башкарат:) Ал күндүзгө түндү киргизет, түнгө күндүздү киргизет. Аллаһ — Угуучу, Көрүүчү

[62] Анткени, Аллаһ — Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллаһ эң Бийик, эң Улук

[63] Көрбөйсүңбү, Аллаһ асмандан суу түшүргөндө, жер жап-жашыл болуп калганын? Чынында, Аллаһ өтө Мээримдүү, (бардык нерседен) Кабардар

[64] Асмандарда жана Жердегилердин бардыгы Анын мүлкү. Аллаһ бир Өзү гана Беймуктаж, (жана ысым-сыпаттары менен) Макталган

[65] Көрбөйсүңбү, (о, Мухаммад), Аллаһ силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз уруксаты менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн.) Аллаһ адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер

[66] Ал силерге өмүр-жашоо берип, кийин өлтүргөн, анан (Акыретте) дагы тирилте турган Кудай. Аныгында инсан жеткен шүкүрсүз

[67] Биз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (О, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын!! Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, Туура Жол үстүндөсүң

[68] Эгер сени менен талашчу болушса, айткын: «Эмне жасаганыңарды Аллаһ (Өзүңөрдөн да) мыктыраак Билүүчү

[69] Аллаһ Кыямат Күндө, силердин араңарда талашып-тартышкан нерсеңер жөнүндө Өзү өкүм-ажырым кылат»

[70] (О, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллаһ асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.! Бул Аллаһка жеңил

[71] (Мушриктер) Аллаһтан башка, Аллаһ (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Заалымдарга (Аллаһ тарабынан) жардамчы жок

[72] Эгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал — Тозок! Аллаһ аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун

[73] Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллаһтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чиркейди да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чиркей алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, Аллаһтан башка кудайдан бир нерсе) тилегендер да алсыз, тилек багытталган («кудайлар») да алсыз

[74] Алар Аллаһты чындап баалай алышпады. Чынында Аллаһ өтө Кубатуу, Кудуреттүү

[75] Аллаһ периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллаһ - Угуучу, Көрүүчү

[76] Аллаһ алардын келечектерин жана өтмүштөрүн(дө болгон бардык окуяны) билет. Иштердин баары Аллаһка кайтат

[77] О,ыйман келтирген адамдар! Өзүңөрдүн Раббиңерге рукуу, сажда жана ибадат кылгыла. Жана жакшы иштерди жасагыла! (Ошондо) Жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер

[78] Аллаһтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (эч бир) тардык жасаган эмес. (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллаһ) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Кураанда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллаһка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы

Муминун

Surah 23

[1] Чынында, ыймандуулар жеңишке (Бейишке) жетишти

[2] Алар намаздарында (Аллаһтан) коркуп турушат.”

[3] Алар маанисиз сөздөрдөн ыраак болушат

[4] Аларзекет (садакасын) беришет

[5] Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат

[6] Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен? жатса айыптуу болбойт

[7] Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе — алар чектен чыгуучулар

[8] Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар

[9] Дагы алар намаздарын сактоочулар

[10] Дал ошолор- мурас алуучулар

[11] Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус Бейишин мурас кылып алышат

[12] Чынында, Биз инсанды ылайдын «сулааласынан»? жараттык

[13] Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) нутфа (тамчы суу) кылдык

[14] Кийин ал нутфадан «алака»? (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта* өнүктүрдүк. Эң мыкты жаратуучу болгон Аллаһ Улук- Берекеттүү

[15] Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр

[16] Кийин силер Кыямат Күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер

[17] Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз

[18] Жана асмандан чен-өлчөм менен (кар, жамгыр, мөндүр түрүндө) суу түшүрүп, аны жерге жайгаштырабыз.! Биз ал (жайгашкан) сууну кетирип коюуга да кудуреттүүбүз

[19] Биз ал суу менен силерге курма бактарын, жүзүм бактарын өндүрүп беребиз. Ал бактарда силер үчүн (ар түрдүү) көп мөмөлөр бар. Силер андан жейсиңер

[20] Жана (ал суу менен) Тур-Сайнада? өсө турган даракты (Зайтунду пайда кылдык). Ал (дарак) май жана тамактануучулар үчүн (нанга жуурулчу) бойок менен өсөт

[21] Албетте, силер үчүн үй-чарба айбандарында чоң ибарат-сабак бар. Биз силерди алардын ичиндеги нерсе (сүт) менен сугарабыз. Силерге ал айбандарда көп пайдалар бар. Жана алардан (эттеринен) жейсиңер

[22] Жана алардын (ал эми деңизде) кемелердин үстүнө жүктөлүп (минип) жүрөсүңөр. (Кийинки аяттан баштап Аллаһ Таала Нух пайгамбардын жашоосунан үлгүлүү ибараттарды келтирет)

[23] Аныгында, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «О, коомум, Аллаһка (түздөн-түз) ибадат кылгыла. (Ортого ортомчу кошпогула) Силерге андан башка Кудай жок. (Ошол жалгыз кудайдан) коркпойсуңарбы эми

[24] Анан анын коомунун арасынан каапыр болгон уруу башчылар (Нухту элге жек көргөзүү үчүн) айтышты: «Бул эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу эле адам. Силерден абзел болуп алууну каалап жатат. Эгер Аллаһ (пайгамбар жиберүүнү кааласа) периштелерди жибермек. Биз муну(н айткандарын) абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз

[25] Ал болгону жин тийген киши. Аны бир мезгилге чейин аңдып тургула!»

[26] (Нух) Айтты: «О, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (ал заалымдарга каршы) мага жардам бер!»

[27] Биз ага вахий кылдык: « (О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда, Биздин вахий (үйрөтүүбүз) менен (чоң) кеме жаса. Качан (каапырларга) буйругубуз (азап) келгенде жана тандыр(лардын ичинен да) суу атырылып чыкканда кемеге ар бир айбанаттан бир жуптан (эркек-ургаачысын) жана үй-бүлөңдү чыгар. Үй-бүлөңдөн бир гана анын зыянына (каргыш) Сөз өткөнүн (уулуңду) чыгарба жана заалым (каапыр) адамдар жөнүндө (ал сенин уулуң болсо да) Мага («аны куткар» деп) кайрылба!! Алар эч күмөнсүз чөктүрүлөт

[28] Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди заалым коомдордон куткарган Аллаһка мактоолор болсун!» - дегин

[29] Жана айткын: «О, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!»

[30] Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык

[31] Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык

[32] Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллаһка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп даават кылды)

[33] Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам

[34] Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер зыян тартып каласыңар

[35] Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы

[36] Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе

[37] Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз

[38] А, бул болсо, жалгандан («мен-пайгамбармын»деп) Аллаһка доомат койгон адам! Биз ага ишенбейбиз!»

[39] (Ошондо пайгамбар) айтты: «О, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»

[40] (Аллаһ) Айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат

[41] Чынында, кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган чырпыктар сыяктуу кылдык. Жоголсун заалым коомдор

[42] Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык

[43] Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт

[44] Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор

[45] Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен агасы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик

[46] Фираун жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту

[47] Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (яхудийлер) биздин кулдарыбыз болсо?!» -дешти

[48] Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты

[49] Аныгында, Биз (яхудийлер коому) Туура Жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик

[50] Жана Биз Марямдын уулу (Ыйса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Марям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык

[51] О, пайгамбарлар! Таза-пакиза ырыскылардан жегиле жана салих амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн

[52] Чынында, силердин бул үммөтүңөр бир үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллаһка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен — силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула

[53] (Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды

[54] Сен (о, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой

[55] Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду

[56] Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат

[57] Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер

[58] Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер

[59] Жана Раббисине шерик кылбагандар

[60] жана садакаларын Раббилерине кайтуучу экенин (ойлоп) жүрөктөрү титиреген абалда берген адамдар

[61] Дал ушулар бири-бири менен жарышып жакшылык кылуучулар

[62] Биз эч бир жанды чыдамынан ашыкча нерсеге жумшабайбыз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт

[63] Жок, алардын жүрөктөрү мындан кабарсыз. Алардын мындан (Кураанда буюрулгандан) башка (күнөө) иштери бар. Алар ошолорду аткарышат

[64] Качан Биз алардын (напсинин кулчулугунда калган) байларын азапка салганда гана жалдырап ыйлап калышат

[65] (Биз:) «Бүгүн (бейпайда) ыйлабагыла! Чынында, силерге Бизден эч жардам болбойт»-(дейбиз)

[66] (Анткени,) Менин аяттарым силерге окулганда артыңарга качат элеңер

[67] («Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Кураан жөнүндө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр

[68] Алар Сөзгө (Кураанга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби

[69] Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны (н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай

[70] Же аны жинди деп жатышабы?!?* Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт

[71] Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Кураан менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан* жүз буруп жатышат

[72] (О, Мухаммад!) Же сен (дааватың үчүн) алардан акы сурап жатасыңбы? Раббиңдин алдындагы сооп жакшы жана ал эң жакшы ырыскы берүүчү

[73] Албетте, сен аларды Туура Жолго чакырасың

[74] Акыретке ыйман келтирбегендер (жана Акырети үчүн иштебегендер) жолдон тайган адамдар

[75] Эгер Биз ырайым кылып, алардагы зыянды алып койсок деле (Бизге ибадат-шүгүр кылуунун ордуна) тентиген адашуучулугунда жүрө беришет

[76] Биз аларды (ар түркүн) азаптар менен сынадык. Бирок, дагы эле Раббисине моюн сунбай, жалынып дуба кылбай жатышат

[77] Качан Биз аларга (Акыреттеги) катуу азап эшигин ачканыбызда (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болуп калышат

[78] Ал (Аллаһ) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар

[79] Ал силерди(н бардыгыңарды) жер бетине жаратты. Жана (Кыяматта) Өзүнө чогултуласыңар

[80] Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Түн менен күндүн алмашуусу Ага таандык. Акылыңарды иштетпейсиңерби

[81] Бирок, (каапырлар) мурдакылар айткан сөздөрдү айтышып, (мындай)

[82] дешти: «Эгер биз өлүп топуракка жана (чириген) сөөккө айланып калсак деле кайра тирилет бекенбиз

[83] Бул (сөздөр) бизге жана ата-бабаларыбызга буга чейин (көп ирет) айтылды. Булар байыркылардын жомокторунан башка эмес»

[84] Айткын (оо, Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?»

[85] Алар дароо: «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «Эстебейсиңерби (ошол Аллаһты?!»)

[86] Айт: «Жети (кабат) асмандардын жана (алардын үстүндөгү) Улуу Арштын Раббиси (Ээси) ким?»

[87] Алар дароо «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «коркпойсуңарбы (ошол Аллаһтан?!»)

[88] Айткын: «Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ким ал — коргойт, бирок, эч ким аны коргой албайт? (Айткылачы,) эгер билсеңер?»

[89] Алар дароо «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?°»

[90] Жок, Биз аларга чындыкты алып келгенбиз. Бирок, «жалган» деп, четке кагышты

[91] Аллаһ (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллаһ (мушриктер) сыпаттагандан! Аруу

[92] Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик

[93] Айткын: «Оо, Раббим! Эгер аларга убада кылынган азапты мага көргөзчү болсоң

[94] о, Раббим, (азап келгенде) мени заалым коомдун ичинде калтырба!»

[95] Чынында, Биз сага да (о, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз

[96] (Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз

[97] Айткын: «О, Раббим! Мен шайтандын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын

[98] О, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын

[99] Качан алардан (каапырлардан) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «О, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы

[100] Эми жоготкон нерсемде (өмүрүмдө) жакшы амалдарды жасасам ажеп эмес!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) нар жагында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (Мүрзө жашоосу) бар

[101] (Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда.., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт

[102] Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер

[103] Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар

[104] Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (Куйкаланган баш сыяктуу эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат

[105] (О, каапырлар!) Силерге Менин аяттарым окулбады беле жана аны «жалган» дебедиңер беле

[106] (Ошондо каапырлар) айтышат: «О, Рабби! Бизге (дүйнөдө) лаззат-кумарыбыз үстөмдүк кылып, адашкан коомдордон болуп калдык

[107] О, Рабби! Бизди андан чыгарчы! Эгер бизди (дүйнөгө) кайтарсаң (жана кайрадан адашсак, анда) накта заалымдарбыз»

[108] (Ошондо Аллаһ) айтат: «Анда (тозокто) кор болуп калгыла! Мага сүйлөбөгүлө!»

[109] Чынында, Менин пенделеримдин (ыйман келтирген) бир бөлүгү «О, Рабби! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен эң жакшы Ырайымдуусуң» дешет

[110] Силер болсо (о, каапырлар) аларды мыскылдадыңар, (мыскылыңар) силерге Мени эстөөнү унуттурду жана алардын үстүнөн күлдүңөр

[111] Бүгүн Мен аларга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында, алар жеңишке жеткендер

[112] (Аллаһ тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» - деди

[113] «Бир күн же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» - дешти

[114] (Аллаһ) айтты: «Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер

[115] Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?»

[116] Чыныгы Падыша — Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллаһ (бир нерсени максатсыз жаратуудан) Бийик

[117] Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллаһка кошуп дагы бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт

[118] Айткын: «О, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен эң жакшы Ырайымдуусуң!»

Нур

Surah 24

[1] Бул сүрөнү Биз түшүрдүк, аны(н өкүмдөрүн) Биз парыз кылдык жана (о, момундар) эскерме-сабак алаарсыңар деп, анын ичинде анык далилдерди түшүрдүк

[2] (Үйлөнө элек туруп) зынаа кылган аял менен зынаа кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула!? Эгер Аллаһка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллаһтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун

[3] Зынакер эркек зынакер аялга же мушрик аялга гана үйлөнө алат, зынакер аялды дагы зынакер эркек же мушрик эркек гана никесине алат. Ал эми, ыймандууларга бул — арам

[4] Таза аялдарга (жана эркектерге «зынакер» деп) доомат коюп, андан кийин төрт (адилеттүү) күбө алып келе албаган адамдарды сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Алар — (Аллаһка баш ийбеген) бузуку адамдар

[5] Ал эми, ушунусунан кийин тооба кылган жана (амалдарын) оңдогон адамдар(дын күнөөсүн Аллаһ кечирет. Анткени,) Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

[6] Өз аялдарына (зынаа кылды деген) доомат коюп, бирок, өзүнөн башка күбөсү жок болгон адамдардан ар биринин күбөлүгү (- казынын алдында:) «Мен чынчылдарданмын» деп төрт ирет Аллаһтын аты менен (ант ичип) күбөлүк берүү

[7] Бешинчиси—«Эгер жалганчылардан болсом мага Аллаһтын наалаты болсун!»-деп айтуу

[8] Ал эми, «Ал (күйөөсү) жалган айтууда!» - деп, төрт ирет Аллаһка ант ичүүсү андан (аялынан) азапты арылтат

[9] Бешинчиси- (аялдын) «Эгер ал (күйөөсү) чын сүйлөп жаткан болсо, өзүнө Аллаһтын ачуусу болсун!»- деп (наалат) айтуусу

[10] Эгер силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо жана Аллаһ тообаларды кабыл кылуучу, Даанышман болбогондо.., (жалгандан ант ичкен эр же аялга өзү тилеген каргышы тиймек)

[11] Чынында, доомат арткан адамдар өзүңөрдүн эле араңардагы бир тайпа.! Силер бул дооматты жамандык деп ойлобогула, ал силер үчүн жакшылык.! Алардан (дооматчылардан) ар бири үчүн жасаган ишине тете күнөөсү бар. Ал эми, алардын арасынан (күнөөнүн) чоңун көтөргөн адамга? (Акыретте) чоң азап бар

[12] Силер (оо, мусулман жамааты!) бул жалааны укканыңарда ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-бири жөнүндө жакшы күмөндө болуп, «бул (Аишага) анык жалаа!» - десе болбойт беле

[13] Алар (дооматчылар) өздөрүнүн дооматтарына төрт (адилеттүү) күбөнү алып келишсе болбойт беле?! Эгер (төрт адилеттүү) күбөнү алып келе албаса, анда алар Аллаһтын алдында жалганчы адамдар

[14] Эгерде силерге Дүйнө жана Акыретте Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбосо, анын ичине чумкуган нерсеңер (ушак-доомат) үчүн силерге чоң азап келмек

[15] Силер ал убакта тилиңер менен (доомат-ушакты) сүйлөп, оозуңар менен өзүңөр билбеген нерсени жайылтып жаттыңар. Силер аны (дооматты) жеңил санайт элеңер. Чынында ал Аллаһтын алдында чоң (күнөө)

[16] Аны укканыңарда «Биз муну сүйлөгөнгө акыбыз жок! (О, Аллаһым!) Өзүң Аруу-Тазасың! Бул деген чоң доомат!» - десеңер болбойт беле

[17] Аллаһ силерге эскертет: Ага окшогон нерсеге эч качан кайтпагыла, эгер ыймандуу болсоңор

[18] Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын (өкүм-шариятын ушинтип) баяндайт. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

[19] Албетте, ыймандуу адамдар жөнүндө бузук сөздөрдү таратууну жакшы көргөн адамдарга, Дүйнөдө жана Акыретте улуу азап бар! Аллаһ (алардын жалгандарын) билет, силер билбейсиңер

[20] Эгер силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо жана Аллаһ Боорукер, Ырайымдуу болбогондо (силерге мамилеңерди жөнгө салган шарият жибербейт эле)

[21] О,ыйман келтиргендер! Шайтандын изине ээрчибегиле! Ким шайтандын изине ээрчисе, (билип алсын) ал бузукулуктарга жана жаман иштерге буюрат. Эгерде силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбосо, эч качан, силерден эч кимиңер актана албайт болчу. Бирок, Аллаһ каалаган пендесин актайт. Аллаһ — Угуучу, Билүүчү

[22] Силердин араңардагы пазилет (илим) ээлери жана бай-бардар жашагандар туугандарына, мискиндерге жана Аллаһ жолунда хижрат кылган кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин! Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана айыбынан өтсүн. Аллаһ силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу

[23] Чынында, (жамандыкты) оюна да албаган, таза-пакиза, ыймандуу кыз-келиндерге («зынаа кылды» деп, доомат ташын) аткан адамдар Дүйнө-Акыретте (Аллаһтан келген) наалатка калышат жана аларга чоң азап бар

[24] Ал (Кыямат) Күнү өздөрүнүн тилдери, колдору жана буттары жасаган (жаман) амалдары себептүү аларга каршы күбөлүк берет

[25] Ошол Күнү Аллаһ алардын акыйкат жазаларын толук берет жана алар Аллаһтын анык Акыйкат экенин (ошондуктан, Анын убадасы, коркутканы жана Андан келген бардык нерселер акыйкат экенин) билишет

[26] Ыплас аялдар ыплас эркектер үчүн, ыплас эркектер ыплас аялдар үчүн. Таза аялдар таза эркектер үчүн, таза эркектер таза аялдар үчүн. Алар (дооматка калган таза адамдар) тигилер (дооматчы ыпластар) айткан нерседен таза. Аларга (Раббиси тарабынан) кечирим жана кереметтүү ырыскы (Бейиш) бар

[27] О,ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдүн үйүңөрдөн башка үйлөргө, үй ээлеринен уруксат сурамайынча жана салам бермейинче кирбегиле! Ушунуңар силерге жакшы! (Аллаһтын буйруктарын) эсиңерге алышыңар үчүн

[28] Эгер ал үйлөрдүн ичинде эч кимди таппасаңар, качан силерге уруксат берилмейинче аларга кирбегиле! Эгер силерге «кайтып кет» деп айтылса, кайтып кеткиле. Ушул силер үчүн тазараак (жорук). Аллаһ - жасаган ишиңерди Билүүчү

[29] Бирок, анда (үй-бүлө) жашабаган жана силерге пайдалуу (мейманкана сыяктуу жалпы) үйлөргө уруксат сурабай киришиңерде силер үчүн күнөө жок. Аллаһ силердин жашырганыңарды да, ашкерелегениңерди билет

[30] (О, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айт: (Бөтөн аялдарга кумардануу менен кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (зынаадан жана бачабаздыктан) сакташсын! Алар үчүн ушул тазараак (жорук). Аллаһ алардын бардык иштеринен Кабардар

[31] Ыймандуу аялдарга айт: (Бөтөн эркектерге кумардануу менен кароодон) көздөрүн жумушсун жана жыныс мүчөлөрүн (зынаадан) сакташсын! Көрүнүп турган зыйнатынан (кийиминен) башка зыйнат-тагынчактарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн! Бир гана күйөөлөрүнө же аталарына же күйөөсүнүн аталарына же балдарына же күйөөсүнүн балдарына же ага-инилерине же ага-инилеринин балдарына же эже-сиңдилеринин балдарына же өзүнүн (мусулман) аялдарына же кулдарына же (аялга) кызыгуусу калбаган (картайган) эркек кызматчыларына же аялдардын авраттарынын айырмасын билбеген жаш балдарга (көрүнсө күнөө жок). Жашыруун зыйнаттарын билгизиш үчүн буттарын жерге урбасын!! О, ыймандуулар! Баарыңар Аллаһка тооба кылгыла, ажеп эмес жеңишке (Бейишке) жетсеңер

[32] (О, момундар!) Өзүңөрдүн жесирлериңерди жана кул-күңдөрүңөр арасынан жакшыларын (бири-бирине) никелеп койгула. Эгер (үйлөнүүнү) каалагандар кембагал болсо, Аллаһ Өз пазилети менен аларды байытат. Аллаһ (Тааланын жакшылык-берекеттери) Кенен, (жана Ал пенделеринин абалын) Билүүчү

[33] (Кембагалдык же башка себеп менен) үйлөнө албай жүргөндөр, качан Аллаһ аларды Өз пазилети менен байытканга чейин абийир-намыстарын сакташсын! Кулдарыңардын арасынан (азаттык) келишимин каалагандар болсо, эгер аларда жакшылык (өзүнүн жанын багып кетүүгө кудурет) бар экенин билсеңер, анда алар менен келишим түзө бергиле жана (Аллаһ) силерге берген Аллаһтын малынан (аларга садака) бергиле.! Жана дүйнө байлыгына кызыгып, тазалыкты каалаган күңүңөрдү сойкулукка мажбурлабагыла! Ким аларды (сойкулукка) мажбурласа, (өздөрү каалабай туруп) мажбурлангандан кийин Аллаһ аларды Кечирүчү, Ырайымдуу

[34] Биз силерге анык аяттарды, өткөн элдердин мисалдарын жана такыба кишилер үчүн эскерме-насааттарды түшүрдүк

[35] Аллаһ — асмандардын жана Жердин Нуру! Анын Нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак-шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы! Ал (чырак) тескейде да эмес, күнгөйдө да эмес (ар дайым нур тийип турган, бийик жерде өскөн) берекеттүү Зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (А, эгер от тамызылса) нур үстүнө нур (чачат). Аллаһ каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллаһ адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллаһ — ар нерсени Билүүчү

[36] (Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллаһ ал үйлөрдүн (бою жана даражасы асманга) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн Ысымы эскерилишине уруксат берген. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат

[37] (Ал) эр-азаматтарды Аллаһтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт! (Анткени,) алар көздөр жана жүрөктөр (коркуу менен үмүттүн ортосунда ары-бери) оодарылып кала турган Күндөн (Кыяматтан) коркушат

[38] (Мунун себеби) Аллаһ аларды жасаган амалдарынын эң жакшылары менен сыйлашы жана Өзүнүн пазилети менен аларды(н соопторуна сооп) кошуп бериши үчүн. Аллаһ каалаган пендесине эсепсиз ырыскы берет

[39] Каапырлардын амалдары болсо, чөлдөгү закым сыяктуу. Суусаган адам аны суу деп ойлойт. Качан ага («жетип») барса эч нерсе таппай калат. Өзүнүн алдында (Кыяматта) Аллаһты гана табат. Анан Аллаһ аны менен толук эсептешет. Аллаһ тез эсептешүүчү

[40] Же болбосо (каапырдын амалдары) терең деңиз түбүндөгү караңгылыктарга окшойт. Аны толкундар орогон. Толкундардын үстүнөн дагы толкун орогон, анын үстүнөн (кара) булут (каптаган). Кабат-кабат караңгылыктар! Эгер (ошол абалда суудан) колун чыгарса да аны көрө албайт. Аллаһ кимге нур (ыйман) бербесе, ал (ар кандай) нурдан куржалак

[41] (О, Мухаммад!) Аллаһка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер (жадагалса,) асманда сап тартып учкан куштар(га чейин) тасбих айтканын билбедиңби? (Алардын) ар бири (Аллаһка жалбараар) дубасын жана тасбихин билет. Аллаһ алардын амалдарын Билүүчү

[42] Асмандар жана Жер падышалыгы Аллаһка таандык! (Кыяматта) кайтып баруу — Аллаһка

[43] Көрбөйсүңбү, Аллаһ булуттарды (каалаган багытына) айдап, кийин аларды чогултат жана түрмөк-түрмөк кылып койот. Кийин сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. (Аллаһ) асмандан: андагы (булут) тоолорунан мөндүр жаадырып, аны менен каалаган пенделерине (апаат) жеткирет жана аны каалаган пенделеринен буруп жиберет. Анын (булуттун) чагылганынын нуру көздөрдү көр кылгыдай болот

[44] Аллаһ түн менен күндүздү алмаштырып турат. Албетте, мында акылдуулар үчүн (Аллаһтын кудуретин тааныткан) сабак бар

[45] Аллаһ баардык жан-жаныбарды суудан жаратты. Алардын кээ бири сойлоп жүрөт, кээ бири эки буттап жүрөт, кээ бирлери төрт бут менен басат. Аллаһ каалаган нерсесин (каалагандай) жаратат. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[46] Биз (Кураанда чындыкка багыттоочу) анык аяттарды түшүрдүк. Аллаһ каалаган пендесин Туура Жолго баштайт

[47] Алар «Биз Аллаһка, пайгамбарга ыйман келтирдик жана (экөөсүнүн буйруктарына) моюн сундук» дешет. Кийин, дал ушундан кийин (каалоолоруна ылайык келбеген буйруктарды аткарууга келгенде) алардын кээ бир тайпалары жүз буруп кетишет. Алар ыймандуу эмес

[48] Эгер араларында өкүм кылуу үчүн Аллаһка жана пайгамбарына чакырылса, капыстан бир топтору тескери басып кетишет

[49] Эгерде (талаштагы) чындык алар тарапта болсо, пайгамбарга баш ийип келишет

[50] Алардын жүрөгүндө илдет (эки жүздүүлүк) барбы? Же (Мухаммаддын пайгамбар экенинен) шектеништиби же болбосо, Аллаһ менен пайгамбары зулум кылат деп коркушабы? Жок! Алардын өздөрү заалым

[51] Ал эми, араларында өкүм кылуу үчүн Аллаһ жана пайгамбарына чакырылган кездеги ыймандуулардын сөзү: «Уктук жана моюн сундук» деп айтуу (гана болушу кажет). Дал ошолор гана жеңишке (Бейишке) жетүүчүлөр

[52] Ким Аллаһка жана пайгамбарына моюн сунса, Аллаһтан корксо жана такыба кылса, дал ошолор жеңишке жетүүчүлөр

[53] Эгер сен аларга (мунафыктарга «Мен менен жихадка чыккыла!» деп) буюрсаң, «албетте, чыгабыз!» деп, Аллаһтын аты менен, жан үрөп ант ичишет. (Аларга) айт: «(жалгандан) ант ичпегиле. (Силердин) моюн сунууңар белгилүү.! Аллаһ эмне амал кылганыңардан Кабардар.»

[54] (О, пайгамбар, адамдарга) айткын: «Аллаһка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз үйүрсөңөр, Пайгамбарга өз милдети, силерге өз милдетиңер.? Эгер ага моюн сунсаңар анда, туура жолго түшөсүңөр. пайгамбардын мойнунда анык жеткирүүдөн башка (милдет) жок

[55] Аллаһ силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды жер жүзүнө халифа кылууну убада берди, мурдагы (ушундай) кишилерди халифа кылганы сыяктуу. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду:) «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар.”

[56] Жана (силер о, момундар) намазды (так) аткаргыла, зекетти бергиле жана пайгамбарга моюн сунгула! Ажеп эмес (Аллаһтын) ырайымына бөлөнсөңөр

[57] (О, Мухаммад!) Каапырлар жер бетинде Аллаһтан качып кутулат деп ойлобо! (Акыретте болсо) алардын жайы тозокто! Кандай жаман акыбет

[58] О, ыйман келтиргендер! Кулдарыңар менен күңдөрүңөр жана эрезеге жетпеген бөбөктөрүңөр (силердин бөлмөгө кирүү үчүн) үч маал уруксат сурашсын:! Багымдат намазынан мурун (сырткы кийимиңерди кийе электе), Бешим убактысында(гы ысыктан) чечинип алганыңарда жана Куптан намазынан кийин (жатаарда). Ушул үч убак силер үчүн аврат (кийимсиз) болгон учурлар. Бул үч убактан башка убактарда (уруксатсыз кирсе) силерге да, аларга да күнөө жок. Алар силерге: бири-бириңерге аралашып жүрө бересиңер. Аллаһ силерге (өкүм) аяттарын мына ушинтип баяндайт. Аллаһ -Билүүчү, Даанышман

[59] Эгер силердин бөбөктөр эрезе жашына жетсе, алардан мурдагылар (чоңдор) сыяктуу (ар убакта) уруксат сурашсын. Аллаһ силерге аяттарын мына ушинтип (айкын) баяндайт. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[60] Аялдардын арасынан никеден үмүт үзүп, олтуруп (картайып) калгандары үчүн зыйнат-жасалгалары менен ачылып- чачылбаган абалда (чоң жоолук жана хижап-халат сыяктуу сырткы) кийимдеринин кээ бирин (махрам эместердин алдында) чечип коюусунда күнөө жок. (Бирок,) эгер (чечүүдөн) ыйба кылышса өздөрүнө жакшы. Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[61] (Жихад жана ушул сыяктуу парыз амалдарды аткара албай калган) сокурларга, чолокторго жана оорулууларга күнөө жок. Жана силер үчүн (оо, момундар) өз үйүңөрдөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-иниңердин үйүнөн же эже-сиңдиңердин үйүнөн же абаңардын үйүнөн же апчеңердин үйүнөн же таякеңердин үйүнөн же таежеңердин үйүнөн же ачкычы колуңарга (ишенип) тапшырылган үйлөрдөн же дос-жарандарыңардын үйүнөн (уруксатсыз) тамактанууңарда күнөө жок. (Ошондой эле,) чогуу же бөлүнүп тамак-танууңарда да күнөө жок. Эгер үйлөргө кирсеңер өзүңөргө Аллаһтын алдынан келген, таза, берекеттүү саламды бергиле.! Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Акылыңарды иштетсеңер ажеп эмес

[62] (Чыныгы) момундар — Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирген адамдар. Качан алар (мусулмандарга) пайдалуу бир иштин үстүндө пайгамбар менен бирге болушса, андан уруксат сурамайынча кетип калышпайт. (О, Мухаммад!) Чынында, сенден уруксат сураган адамдар Аллаһка жана Анын пайгамбарына (чын ыклас менен) ишенгендер! Эгер алар кээ бир иштерине уруксат сурашса, алардан каалаганыңа уруксат бер жана алардын күнөөлөрүн кечирүүсүн Аллаһтан сура. Чынында, Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу

[63] (О, ыйман келтиргендер!) Өз араңарда пайгамбарга кайрылууну бири-бириңерге кайрылган сыяктуу (жөнөкөй) кылып албагыла!! Аллаһ силердин араңардагы суурулуп, жашыруун түрдө чыгып кете турган (мунафык) адамдарды жакшы билет. Пайгамбардын буйругуна каршы иш жасагандар баштарына (бул дүйнөдө) балээ же (Акыретте) жан ооруткан азап түшүп калусунан абайлашсын

[64] Уккула! Асмандардагы жана Жердеги нерселердин баары Аллаһтын мүлкү. Ал силер эмне иш үстүндө экениңерди билет. Ал эми, (пенделер) Өзүнө кайтарыла турган (Кыямат) Күнү болсо, аларга (бардык) иштеринин кабарын билдирет. Аллаһ - бардык нерселерди Билүүчү

Фуркан

Surah 25

[1] Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине ( Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Кураанды) түшүргөн Аллаһ Улук-Берекеттүү

[2] Аласмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат

[3] (Мушриктер болсо) Андан (Аллаһ Тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты

[4] Каапырлар (Кураан жөнүндө): «Бул — жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти

[5] Жана «Бул байыркылардын жомогу, аны (Мухаммад) жаздырып алган жана алар ага эртели-кеч (бирөөлөр тарабынан) айтып турулган» дешти

[6] (О, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Кураанды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллаһ) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу»

[7] (Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар болду-ыя?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө

[8] же ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган бак-бостону болсо.., (бул башка кеп) Заалым (каапыр) болгондор (дагы): «(О, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» -дешти

[9] Карачы (о, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт

[10] Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) сарайларды жасап бере ала турган Аллаһ Улук-Берекеттүү

[11] Жок! (Каапырлар) Кыяматты (тап-такыр) жалганга чыгарышты! Бирок, Биз Кыяматты «жалган» дегендерге тозокту даярдап койгонбуз

[12] Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат

[13] Анан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат

[14] Ал Күнү өлүмдү бир жолу эмес, көп жолу чакырасыңар

[15] (Ошондо, о, Мухаммад) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк Бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (Бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары

[16] Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу

[17] (Аллаһ) аларды жана алар ибадат кылган Аллаһтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер азгырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт

[18] Алар айтышат: «Сен (О, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы Дос-Рабби кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!»

[19] (Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз

[20] (О, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө фитна-сыноо кылып койдук.! (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы? Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү

[21] Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)»-дешет.! Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен

[22] Периштелерди көргөн ошол (Кыямат) Күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн Бейиш) тап-такыр арам!» -дешет

[23] Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны чаң-тозоң кылып (сапырып) таштадык

[24] Ошол Күнү (Аллаһка ыйман келтирип, салих амал кылган) Бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат

[25] Жана булуттуу асман жарылган жана периштелер сап-сап абалында түшүрүлгөн Күнү

[26] Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик Рахманга (Аллаһка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот

[27] Ал Күнү заалымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана

[28] Шорум курусун-ай! Баланчаны! дос кылбай эле койсом болмок экен

[29] Ал мени, мага келген зикирден (Кураандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет

[30] Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «О, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Кураанды (арттарына) таштап коюшту»

[31] Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү

[32] Каапырлар «Эгер Кураан (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен»-дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Кураандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.”

[33] Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Кураанды) жана (анын аяттары үчүн) эң жак-шы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз

[34] (Периштелер тарабынан) жүздөрүн (жерге) ышкап, тозокко чогултула турган адамдар.., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар

[35] Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана агасы Харунду аны менен бирге: ага вазир кылдык

[36] Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге даават кылгыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фираун жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык

[37] Нухтун коомун дагы пайгамбарларды! «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып (Ошолорго жана алардын жолун жолдогон) заалымдарга жан ооруткан азап даярдап койдук

[38] Аад, Самуд (элдерин), «кудук ээлерин» жана ушулардын аралыгындагы (башка) көп муундарды (каапырчылыгы себептүү кыйраттык)

[39] Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган)

[40] Алар (Макка мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт

[41] Эгер алар сени көрүшсө, келеке кылышып: «Аллаһ пайгамбар кылып жиберген (баякы неме) ушулбу

[42] Ал бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)»-дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким Туура Жолдон адашуучурак экенин билип алышат

[43] (О, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу

[44] Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Айбандан да адашуучураак

[45] (О, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (Жер бетине) кантип көлөкөнү (таңкы караңгылыкты) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага Күндү далил? кылдык

[46] Кийин Биз акырындык менен аны (таңкы көлөкөнү) жыйнап алабыз

[47] Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды

[48] Жана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк

[49] аны менен өлүк шаарларды тирилтүү үчүн жана Өзүбүз жараткан көп адамдар менен айбандарды сугаруу үчүн

[50] Биз аны (Кураан аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады

[51] Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү-пайгамбар жибермекпиз

[52] (О, Мухаммад!) Каапырларга моюн сунба жана аларга (Кураан) менен чоң жихад кыл

[53] Ал (Аллаһ) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (көрүнбөгөн) тосмо жана бекем-бышык парданы жаратты

[54] Ал адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү

[55] Алар (мушриктер) Аллаһтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (жасалма кудайларга) жардамчы болду

[56] Биз сени (Бейиштен) кушкабар, (тозоктон) коркунучтуу кабар берүүчү кылып гана жибергенбиз

[57] Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун)

[58] Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллаһ Таалага) тобокел кыл, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар

[59] Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду!. Ал — Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет)

[60] Эгер аларга (мушриктерге) «Рахманга сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Рахман эмне? Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт

[61] Асмандагы (түркүм) жылдыздарды жараткан Аллаһ Улук-Берекеттүү болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты

[62] Жана Ал зикир кылууну же шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.”

[63] Рахмандын пенделери... алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат

[64] Алар түн ичинде! Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат

[65] Алар «О, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс

[66] Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!)» - дешет

[67] Алар эгер (дин жолунда) садака-ихсан кылса ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда турушат

[68] Алар Аллаһтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллаһ өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зынаа-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллаһтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат

[69] Ага Кыямат Күнү (тозокто) үстөккө-босток азаптар берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат

[70] Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..,Аллаһ алардын жамандыгын жакшылыкка алмаштырат.! Аллаһ-Кечиримдүү, Ырайымдуу

[71] Жана кимде-ким тообо кылып, салих амал кылса, ал Аллаһка (Аллаһтын жолуна) чындап кайтыптыр

[72] Жана алар (Рахмандын пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт

[73] Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат)

[74] Алар: «О, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет

[75] Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (Бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана саламдар, ширин сөздөр менен күтүп алынат.”

[76] Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун

[77] (О, Мухаммад!) айткын: «Эгер дубаңар гана болбосо, Аллаһ силерди баалабайт.! Себеби силер (динди, Кураанды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада силерге (азап) жабышып келет

Шуара

Surah 26

[1] Та. Син. Мим

[2] Булар анык Китеп аяттары

[3] (О, Мухаммад! Макка мушриктери) ыйманга келбегени үчүн балким, сен жаныңды алекетке салаарсың

[4] Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан моожиза түшүрө алабыз жана бул моожиза алдында алардын моюндары ийилип калат

[5] Аларга (мушриктерге) Рахман тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту

[6] Алар (Кураандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат

[7] Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык

[8] Мында (Аллаһтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат

[9] Чынында, сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу

[10] Жана (эстегин о, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Заалым коомдорго

[11] Фираундун коомуна баргын жана аларга: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы?» дегин»

[12] «О, Раббим, — деди (Муса), — алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун

[13] (Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн. (Ошондуктан агам) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер

[14] Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.? Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун»

[15] (Аллаһ) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин моожизаларды алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабаплар болуп) туруучубуз

[16] Баргыла дагы, «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз

[17] Исрайил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллаһтын элчилери Фираунга барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле..„)

[18] (Фираун мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (о, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го

[19] Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (египеттик букарабызды өлтүрүп) шүкүрсүз адамдардан болгонсуң!»

[20] (Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин)

[21] Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллаһ мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды

[22] Ал эми, сен мага колко кылган «камкордуктар» болсо, Исраил урпактарын кул кылып алганың себептүү болгон!»

[23] Фираун айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?»

[24] «Ал— асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса)

[25] (Фираун) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?»-деди (Мусаны шылдыңдап)

[26] (Муса): «Аллаһ силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди

[27] (Анда Фираун адамдарга) айкырды: «Чынында, силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!»

[28] (Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал Чыгыш менен Батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер»

[29] «(О, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди

[30] «Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?»-деди (Муса)

[31] «Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» -деди

[32] (Муса) аса-таягын таштады эле.., анык чоң жыланга айланып калды

[33] Колун (чөнтөгүнөн) сууруду эле көрүүчүлөрдүн көз алдында ап-апак (нурдуу) болуп калды

[34] «(О,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!»- деди (Фираун) тегеректеги адамдарына

[35] «Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?»

[36] (Сарай эли) айтышты: «Аны менен агасын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер

[37] Ал сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келсин»°

[38] Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту

[39] Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы

[40] Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек ажеп эмес!»

[41] Сыйкырчылар келип бүткөндө Фираунга: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти

[42] «Ооба — деди (Фираун) — анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар»

[43] Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла»

[44] Алар жиптерин аса-таяктарын таштап: «Фираундун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» -дешти

[45] Анан Муса дагы аса-таягын таштады эле... капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады

[46] (Бул Кудуреттүү Аллаһтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллаһка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)

[47] дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик

[48] Муса менен Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)»

[49] (Фираун ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын

[50] «(Мунун) зыяны жок — дешти сыйкырчылар — биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз

[51] Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз»

[52] Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» -деп вахий кылдык

[53] (Муса Исрайил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фираун шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди

[54] (Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар

[55] Биздин ачуубузга тийишти

[56] Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди

[57] Биз аларды (ушинтип) чыгардык, бак-бостондорунан, булактарынан

[58] (чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан

[59] Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исрайил урпактарына мурас кылып бердик

[60] (Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти

[61] Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» -дешти

[62] «Жок! — деди (Муса), — албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!»

[63] Анан Биз Мусага: «Аса-таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды

[64] Анан башкаларды (Фираун менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык

[65] Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык

[66] Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик

[67] Мында (Биздин кудуретибизге чоң) белги бар. Бирок көпчүлүк адамдар ыйман келтиришпеди

[68] Чынында, сенин Раббиң Бир Өзү гана Жеңүүчү, Ырайымдуу

[69] (О, Мухаммад) аларга (Кураандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер

[70] Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» -деди

[71] «Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» - дешти

[72] (Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы

[73] Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?»

[74] «Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти

[75] (Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү

[76] силер. Байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен)

[77] Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллаһ)

[78] Ал мени жаратты, анан Туура Жолго баштайт

[79] Жана Ал мени жедирет жана ичирет

[80] Оорусам, Өзү мага шыпаа берет

[81] Жана Ал менин жанымды алып (Кыяматта) мени кайра тирилтет

[82] Жана Кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын

[83] «О, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) салих адамдарга (пайгамбарларга) кошкун

[84] Жана мени(н ысымымды) акыркылардын ыраскөй тилдеринде (дубаларында) кылгын

[85] Жана мени Наим Бейишинин мураскорлорунан кылгын

[86] Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды

[87] (Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан жан бериле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!»

[88] Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт

[89] Бир гана, Аллаһка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын амалы гана пайда берет)

[90] Такыбалуу кишилерге Бейиш жакын келтирилди

[91] Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү

[92] Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды

[93] Аллаһты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!»

[94] Анан ага (тозокко) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар

[95] жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери

[96] Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти

[97] «Аллаһка ант, биз анык адашууда болуптурбуз

[98] Биз (о, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине тең-шерик кылыптырбыз

[99] Бизди күнөөкөр чоңдорубуз гана адаштырды

[100] Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды

[101] Жана бизге (пайда берүүчү эч бир) кадырман дос да жок

[102] Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана момундардан болуп калсак!»

[103] Албетте бул аяттарда сабак бар. Бирок адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады

[104] Жана сенин Раббиң (о, Мухаммад), Бир Өзү гана Жеңүүчү, Боорукер

[105] Нухтун коому дагы пайгамбарларды! жалганчыга чыгарды

[106] Бир кезде аларга өз бурадарлары Нух (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы

[107] Мен силер үчүн (Аллаһ тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун

[108] Эми, Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула

[109] Мен даават кылганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши

[110] Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула!»

[111] «Сага ыйман келтиребизби?! Сага акылы төмөн, кедейлер гана ээрчигенго!»-дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар)

[112] (Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин

[113] Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет

[114] Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин

[115] Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн»

[116] «Эй, Нух! Эгер дааватыңды токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган манаптар)

[117] (Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды

[118] Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мен менен бирге болгон момундарды куткар!»

[119] Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык

[120] Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик

[121] Албетте, мында (Биздин кудуретибиздин) белги(си) бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйманга келбей коюшту

[122] Албетте, сенин Раббиң Кудуреттүү, Ырайымдуу.”

[123] Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди

[124] Бир кезде аларга өз бурадарлары Худ айтты: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы

[125] Мен силер үчүн жиберилген ишеничтүү пайгамбармын

[126] Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула

[127] Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет

[128] Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө оюн-эрмегиңердин белгисин! кура бересиңерби

[129] (Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар

[130] Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, зулумдук менен көргөзөсүңөр

[131] Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула

[132] Силерге өзүңөргө белгилүү нээмат-сыйлыктарды берген Аллаһтан корккула

[133] Ал силерге чарба малдар, перзенттер

[134] Бак-бостондор жана булактарды берди

[135] Мен силердин башыңарга Улук Күндүн (Кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун

[136] (Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок

[137] Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден нээмат эмей эле) абалкылардын салты

[138] Жана биз (Кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз»

[139] (Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады

[140] Чынында, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттү, Ырайымдуу

[141] Самуд эли дагы пайгамбарларды! жалганчы кылды

[142] Бир кезде аларга өз бурадарлары Салих айтты: «(Аллаһтан) корксоңор болбойбу

[143] Мен силерге жиберилген ишеничтүү пайгамбармын

[144] Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула

[145] Мен дааватым үчүн силерден сооп-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет

[146] Силер бул жердеги нээмат-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер

[147] Бактардын, булактардын ичинде

[148] Эгиндердин жана жагымдуу курмалардын ичинде

[149] (Эч нерсени ойлобой) шат-курсант абалда тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар

[150] Эми, Аллаһтан корккула жана менин айткандарымды аткаргыла

[151] Ысырапкорлордун сөзүнө (жолуна) моюн сунбагыла

[152] Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар»

[153] (Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың

[154] Өзүбүзгө окшогон эле адамсың! Эгер («мен-пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (моожиза) көргөзчү?»

[155] (Салих аларга Аллаһ таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силер үчүн моожиза. Эми, кудуктан кезек менен) силерге (бир күн), ага (да бир күн) белгилүү суу ичүү күнү болсун

[156] Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди Улук Күндүн азабы кармайт!»

[157] Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты

[158] Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү момун болушпады

[159] Албетте, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу

[160] Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди

[161] Бир кезде аларга бурадарлары Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллаһтан) коркпойсуңарбы

[162] Мен силерге ишенимдүү пайгамбармын

[163] Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула.»

[164] Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет

[165] (О, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектерге (жыныстык байланыш үчүн) келесиңерби

[166] Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!!!»

[167] «О, Лут! — дешти (каапырлар) — эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!»

[168] (Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем

[169] О, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!»

[170] Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык

[171] Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык

[172] Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык

[173] Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман

[174] Бул окуяда (кудуретибизге) белги(лер) бар. Бирок алардан көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады

[175] Чынында (О, Мухаммад), Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу

[176] Калың бак-бостон элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти

[177] Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллаһтан) коркпойсуңарбы

[178] Мен силерге анык пайгамбармын

[179] Эми Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула

[180] Мен силерден ал (дааватым) үчүн акы сураганым жок. Менин сыйлыгымды Ааламдардын Раббиси берет

[181] (О, коомум!) Өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула

[182] Туура тараза менен тарткыла

[183] Адамдардын нерселерин тонобогула!! Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө

[184] Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллаһтан корккула

[185] (Каапырлар) айтышты: «Сен (оо, Шуайб) сыйкырланып калгансың го

[186] Биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз ойлойбуз: Сен бизди алдап жатасың

[187] Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи

[188] (Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет

[189] Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады!? Бул Улук Күндүн азабы болчу

[190] Албетте мында чоң сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү момун болушпады

[191] Жана сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү Ырайымдуу

[192] Ал (Кураан) Ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн

[193] Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) алып келди

[194] сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) бири болушуң үчүн

[195] (Ал) анык араб тилинде (түшкөн)

[196] Албетте, ал абалкылардын ыйык Китептеринде да эскертилген

[197] Аны Исрайил урпактарынын (яхудийлердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу

[198] Эгер Биз аны араб эмес адамдардан кээ бирине түшүрсөк

[199] жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес

[200] Биз Кураанды күнөөкөр адамдардын жүрөгүнө мына ушинтип (түшүнсө да, түшүнбөсө да «жалган» деп кежирлене бере турган кылып) жолдодук

[201] Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт

[202] Азап болсо аларга камырабай турганда, капыстан келет

[203] Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат

[204] Биздин азапты шаштырып жатышабы

[205] Айтчы (о, Мухаммад!) Эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак

[206] Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе

[207] ошол пайдалантырылган нерселердин аларга кереги тиймек эмес

[208] Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон

[209] (Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук

[210] Аны (Кураанды) жин-шайтандар түшүргөн эмес

[211] Аларга (Кураан түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. (Анткени)

[212] Алар аны угуудан үзүп коюлган

[213] Аллаһка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың

[214] Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок-азабынан) коркут

[215] Өзүңө ээрчиген момундарды канатыңа калкала

[216] Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден тазамын» -дегин

[217] Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл

[218] Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт

[219] Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт)

[220] Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү

[221] (Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби

[222] Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт

[223] Алар (аны) угушат. Алардан көпчүлүгү жалганчылар

[224] Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт

[225] Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең

[226] Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат)

[227] Ыйман келтирип, салих амалдарды жасап, Аллаһты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, заалым (каапыр) адамдар жакында кайсы дарекке барышаарын билип алышат

Намл

Surah 27

[1] Та. Син. Булар — Кураандын жана ачык-айрым (катасы жок) Китептин аяттары

[2] Туура Жол жана момундарга куш кабар

[3] Алар (момундар) намазды толук окушат, зекетти беришет жана Акыреттерине бекем ишенишет

[4] Ал эми Акыретке ишенбеген адамдарга Биз (күнөө) иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет

[5] Алар азаптын эң жаманына жолугуучулар! Алар Акыретте эң көп зыян тартуучулар

[6] Жаначынында (сага түшүрүлгөн) Кураан — Билүүчү, Даанышман (Аллаһ) тарабынан берилген

[7] (О, Мухаммад эстегин), бир кезде Муса (Мадяндан келе жатып) өз үй-бүлөсүнө: «Мен (алыстан) от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин. Ажеп эмес жылынып алсаңар» -деди

[8] Ал отко (жакындап) келгенде (кайыптан): «Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун!” Ааламдардын Раббиси-Аллаһ Аруу!» - деген добуш угулду

[9] «О, Муса бул Мен - Кудуреттүү, Даанышман Аллаһмын

[10] Аса-таягыңды ташта!» (Аса-таягын жерге таштады эле) Анын жылан болуп сойлогонун көрүп артына карабай качып жөнөдү. «О, Муса! — (деди кайрадан жанагы добуш) — коркпогун, Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт

[11] Ал эми, зулумдук кылган адамдар (Менден коркушат) (Бирок) кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүү, Ырайымдуумун

[12] (О, Муса), колуңду колтугуңа киргиз, ал жамандыгы жок! ап-апак болуп чыгат. (Аса таяк менен ак кол) Фираун жана анын коомуна арналган тогуз моожизадан“(экөөсү).Чынында алар бузулган коомдор

[13] Ал эми, качан аларга Биздин моожизалар келгенде! «Бул-анык сыйкыр» дешти

[14] Жана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой

[15] Биз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллаһка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди пазилеттүүрөөк (артыгыраак) кылды!» дешти

[16] Сулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «О, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Бул (Аллаһ тарабынан берилген) анык пазилет!» - деди

[17] Жана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту

[18] Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери билбестен силерди жанчып жибербесин!» - деди

[19] Анын сөзүнө Сулайман жылмайып койду жана (дуба кылып, мындай) деди: «О, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматтарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана салих пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!»

[20] (Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) кайып болуп кеттиби

[21] Мен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келет!» деди

[22] Көп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Сабаа! элинен анык кабар алып келдим

[23] Мен аларга бийлик кылган (Билкийс деген) аялды таптым. Ага ар бир (кымбат, күчтүү) нерселер берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен

[24] Мен ал аял менен анын коомун, Аллаһты коюп, Күнгө табынып жатканын көрдүм. Шайтан аларга (ширк) амалдарын кооздоп көргөзүп (Туура) Жолдон тосуп коюптур. Алар (ошондуктан) адашып кетишкен го

[25] Аллаһтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле?! Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган (бардык) нерселерди билет

[26] Аллаһ(тын) бир Өзүнөн башка эч бир кудай жок! (ал) Улук Арштын Раббиси! (Үлүп өз маалыматын ушинтип бүтүрдү. Сулайман аны уккан соң)

[27] (мындай) деди: «Чын сүйлөдүңбү же жалганчылардан болдуңбу, (муну) азыр эле байкап көрөбүз

[28] Менин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүң ыраак болуп, аңдып тур: эмне жооп айтышаар экен. (Үпүпкуш катты алпарып таштады да, буюрулганы сыяктуу, окуянын кандай уланышын бир четте карап турду. Сабаа канышасы катты ачып, мындай)

[29] деди: «О, ойондорум, мага бир улук кат келиптир

[30] Сулаймандан экен. Анда «Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллаһтын ысымы менен (баштаймын)

[31] (О, сабаалыктар,) өзүңөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүңөрдү (буюрамын» деп жазыптыр)»

[32] (Дагы) айтты: «Кана, (акылман) ойондор, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын»

[33] (Ойондор) айтышты: «Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз.! Бирок, ыктыяр өзүңүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүңүз карап көрүңүз» (Каныша ойлонуп, эң жакшы чечимге келди жана)

[34] Айтты: «Чынында падышалар бир айыл-шаарга басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат

[35] А, мен болсо аларга (кымбат баалуу) белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер(им) кандай кабар менен кайтаар экен»

[36] (Элчилер кымбат белектер менен) Сулайманга келгенде, ал: «Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиңерби-ыя! Аллаһ берген нерселер (чексиз мүлк, илим жана пайгамбарчылык) силер алып келгендерден абзел. (Бул) белек-бечкегиңер менен өзүңөр сүйүнө бергиле

[37] (Бул белегиң менен) аларга кайтып жөнөгүн! Эми Биз алардын үстүнө (адамдар, жиндер жана куштардан болгон) туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз!»

[38] (Анан) айтты: «О, аскерлерим! Кимиңер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыңар?»

[39] Жиндерден «Ифрийт» деген бирөөсү: «Мен аны сен ушул мажилисиңден турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн» -деди

[40] Ал эми, анын (Сулаймандын) алдындагы китепти билген бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын» деди. (Сулайман көзүн ачып) тактыны өз алдында орношуп калганын көргөндө: «Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же шүгүрсүз боломунбу, (ушуну) сынаш үчүн мага берген пазилети. Ким шүгүр кылса-өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр (шүгүрсүз) болсо, Раббим (андан) Беймуктаж жана Улук!» -деди

[41] (Анан) айтты: «Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу»

[42] (Билкийс) жетип келгенде «Сенин тактың ушундай беле?» деп суралды. «Дал өзү го!» - деди ал. «Бизге мындан мурун илим (пайгамбарлык жана башка илимдер) берилген жана биз мусулмандардан болдук» (деди Сулайман)

[43] Ал эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллаһтан башка «кудайлары»(на болгон ишеними, Аллаһка ыйман келтирүүдөн) тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле

[44] (Анан ага): «Сарайга кириңиз» деп айтылды. Сарайды көргөндө, аны суу деп ойлоп, буттарын чечти? эле, (Сулайман) «Бул тегизделген жылмакай хрусталдардан жасалган сарай»-деди. (Сулаймандын Аллаһтын Кудуретинен жардам алган пайгамбар экенине эми Сабаа канышасында эч шек-күмөн калбады. Ошондуктан:) «О, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн экенмин! Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум!»-деди

[45] Биз Самуд элине өздөрүнүн бурадарлары Салихти «Аллаһка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда)

[46] (Салих) айтты: «О, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун жамандыкты кыстап жатасыңар?! (Андан көрө) Аллаһтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!»

[47] (Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) ырым кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Ырымыңар Аллаһтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар»

[48] Шаарда тогуз кишиден турган, жер бетинде ислах (оңдоп-түзөтүү) иштерин жүргүзүүнүн ордуна бузукучулук, ыпластык менен күн өткөргөн жамаат бар эле

[49] Ошолор өз ара Аллаһтын ысымына ант ичишип: «Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде тынчытабыз. Кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок. Биз чын сүйлөгөн кишилербиз» - дейбиз» дешти

[50] Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты

[51] Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук

[52] Мына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар

[53] Ал эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу

[54] Жана (о, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби

[55] Аялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди

[56] Коомунун ага берген жообу бул гана болду: «Луттун үй-бүлөсүн шаардан айдап чыккыла! Алар (бизге кошулбаган) таза адамдар имиш!»

[57] Кийин Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялын куткарбадык. Биз ага кыйрагандардан (бири) болууну тагдыр кылган элек

[58] Жана алардын үстүнө (таш) жамгырын жаадырдык. Эскертилгендердин?* «жамгыры» аябай жаман болду

[59] Айт (о, Мухаммад): «Аллаһка мактоолор, тандап алган пенделерине (пайгамбарларга) салам болсун! Аллаһ жакшыбы, же силер (Аллаһка) шерик кылып жаткан «кудайларбы»

[60] Же болбосо, асмандар менен жерди жаратып, силерге асмандан суу түшүргөн Кудайбы?» Биз ал суу менен кооз-көркөм бак-бостондорду өндүрдүк. Силер ал бактардын дарактарын өндүрүп-өстүрө албайт элеңер. (Эми, айткылачы, ушуларды) Аллаһ менен бирге (шерик) болгон «кудайлар» жасадыбы?! Жок! Алар (Аллаһка башка «кудайды») тең кылган адамдар

[61] Же болбосо, жерди ким (инсаниятка) башпаанек кылды? Анын араларына (ким) дарыяларды агызып, үстүнө тоолорду орнотуп, эки деңиздин (дарыя менен деңиздин) арасына (ким) тосмо койду? (Аллаһбы) же Аллаһ менен (силер ага шерик кылган) «кудайбы»?! Жок! Алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт

[62] Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орунбасар кылат? (Аллаһбы) же, Аллаһ менен (силер Ага шерик кылган башка) «кудайбы»?! Өтө аз ойлоносуңар

[63] Же болбосо, силерге кургактык менен деңиздердин караңгылыктарында жол көргөзгөн ким? Жана Өз ырайым-рахматынын астынан, сүйүнүчтүн элчиси катары шамалдарды жиберген ким? (Аллаһбы) же, (силердин оюңардагы) Аллаһ менен бирге (шерик) болгон «кудайбы»?! Аллаһ алардын ширк амалдарынан (Аруу Таза жана) Бийик

[64] Же болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллаһбы) же Аллаһ менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллаһтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!»

[65] Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты! билбейт. Бир гана Аллаһ билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт

[66] Жок, (сезбейт гана эмес) алардын Акырет жөнүндө илимдери алсыз. Жок, (алсыз гана эмес) алар Акыреттен шектенишет. Жок, (шектенүү менен гана чектелбейт) алар Акыреттен тап-такыр сокур! (Эч нерсе билишпейт жана ишенишпейт)

[67] Каапырлар: «Биз жана ата-бабаларыбыз (өлүп, чирип) топурак болуп калсак да (кайра тирилип мүрзөбүздөн) чыгарылабызбы

[68] Бизге жана ата-бабаларыбызга бул (кайра тирилүү,) буга чейин (пайгамбарлар тарабынан) убада кылынган. Бул (сөздөр) абалкылардын жөө-жомогунан башка нерсе эмес!» - дешти

[69] Айт: «Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла»

[70] (О, Мухаммад!) Сен алардан капа болбо жана айлакерликтеринен сыгылба

[71] Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет

[72] Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири силерге учкашып? жүргөн болсо ажеп эмес

[73] Жана сенин Раббиң, акыйкатта адамдарга пазилеттүү. Бирок, алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт

[74] Чынында, сенин Раббиң алардын көөдөндөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын эң жакшы билет

[75] Асмандагы жана Жердеги бардык кайып нерселер анык Китепте (Лавхул Махфузда) жазылуу

[76] Чынында бул Кураан Исрайил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) икая кылып берет

[77] Ал момундар үчүн Ырайым жана Хидаят (Туура Жол)

[78] Албетте, сенин Раббиң Өзүнүн (Кураандагы) өкүмү менен алардын арасында өкүм жүргүзөт. Жана Ал Кудуреттүү, Билүүчү

[79] Эми сен (ушундай Кудуреттүү, Билерман) Аллаһка өзүңдү тапшыр (тобокел кыл). Чынында, сен анык Акыйкаттын үстүндөсүң. (Бирок, сенин жолуң, колуңдагы Кураан канчалык акыйкат болсо да, аны Руху өлгөн адамдар укпайт. Ошондуктан)

[80] Сен «өлүктөргө» угуза албайсың. Даават-чакырыкты тескери басып бараткан «дүлөйлөргө» да угуза албайсың

[81] (Ошондой эле), сен «сокур адамдарды» да адашуучулугунан Туура Жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтирген момундарга гана (акыйкатты) угуза аласың

[82] Качан адамдарга (убада кылынган) сөз (Кыямат) келип (жакындап) калганда, аларга жерден бир жаныбар! чыгарабыз. Ал аларга адамдар Биздин аяттарыбызды жакшы түшүнбөй калганы жөнүндө сүйлөйт

[83] Биз ар бир үммөт арасындагы, аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан бир топторун чогултуп, анан алар (Биздин алдыбызда) тизилип калган Күндү (Кыяматты эстегин)

[84] Качан алар келгенде (Аллаһ) айтты: «Аны толук билбей (түшүнбөй) туруп, Менин аяттарымды жалганга чыгардыңарбы?! Анда, эмне кылып жүрдүңөр?!»

[85] Ошентип, зулум (каапырчылык) кылгандары себептүү алардын үстүнө Сөз (азап) түштү! Алар (анда) бир да сөз сүйлөй албай калышат. (Ошондой азапка учурап калуудан мурун, бул дүйнөдө)

[86] Карашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн.., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга чоң белгилер бар

[87] Сур (кернейи) тартылган Күнү, асмандардагы жана жердеги, Аллаһ каалагандардан башка бардык жандуулар жүрөгү түшүп (өлүп) калат. Жана экинчи ирет тартылганда бардык адамдар Аллаһка моюн сунган абалда келишет

[88] Жана сен (Кыямат Күнү) тоолор (ордунда) катып турат деп ойлойсуң (Жок, андай болбойт) Алар (ал күнү) булуттар учкан сыяктуу учуп жүрөт.! Бул ар бир нерсени мыкты жасаган Аллаһтын жасаганы. Ал силердин бардык ишиңерден Кабардар

[89] Ким (наркы дүйнөгө) жакшылык (сооп иш) алып келсе, ага анысынан жакшыраак (сыйлык) берилет жана алар ошол (Кыямат) күндүн коркунучунан аман болушат

[90] Ал эми, ким жамандык (күнөө) алып келсе, алар бети менен сүйрөлүп тозокко ташталат жана: «Өзүңөрдүн ишиңерге жараша гана жаза аласыңар» (деп айтылат)

[91] (Айткын): «Мен ушул шаардын (Макканын) Раббисине ибадат кылууга буюрулдум. Аллаһ ал шаарды Харам (анда күнөө иштерди жасоо арам) кылган. Бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум

[92] Жана Кураанды тилават кылууга (да буюрулганмын). Эми, ким Туура Жолго түшсө, өз пайдасы үчүн. Ал эми, кимде-ким адашса, айткын: «Чынында, мен эскертүүчүлөрдөн биримин»

[93] Жана айткын: «Аллаһка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аян-белгилерин көргөзөт. Анан аларды таанып аласыңар». Сенин Раббиң (эч бир) ишиңерден бейкапар эмес

Касас

Surah 28

[1] Та. Син. Мим

[2] Булар анык Китеп аяттары

[3] (О, Мухаммад!) Биз сага (сен аркылуу ыймандуу адамдарга) Муса менен Фираундун икаясын акыйкат менен тилават кылып беребиз

[4] Чынында, Фираун жер бетинде (өзүнүн байлыгы, бийлиги, аскер күчү менен) обочолонуп кетти. Жана жер (Мисир) элдерин бөлүктөргө бөлүп салды. Алардан бир тайпа элге (Исрайил урпактарына) зулум көргөзүп, эркек балдарын союп, кыз балдарын тирүү калтырып жатты.? Чынында ал бузуку адамдардан болгон

[5] Анан биз жерде (Мисирде) зулумдук көргөн адамдарга жакшылык кылып, аларды алдыңкылар жана (Мисир жерине) мураскорлор кылууну кааладык

[6] Жана Биз аларды жерде бекем жайгаштырууну, Фираун, Хааман! жана экөөсүнүн аскерлерине ушулар тарабынан өздөрү кооптонгон нерсени көргөзүүнү (кааладык)

[7] Биз Мусанын апасына (мындай деп) илхам бердик: «Аны эмизе бер. Эгер (аскерлер келип) ага (зыян жетишинен) корксоң (сандыкка салып, Нил) дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана капа болбогун. Биз балаңды сага кайтарып беребиз жана аны пайгамбарлардан кылабыз»

[8] (Дарыяга агызылганда) аны Фираундун үй-бүлөсү, өздөрүнө душман жана кайгы болушу үчүн кармап алды. Чынында, Фираун, Хааман жана экөөсүнүн аскерлери күнөө кылган (жазага ылайык) адамдар эле

[9] Жана Фираундын аялы? айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы?! Бизге (чоңойгондо) пайдасы тийип калышы мүмкүн. Же болбосо асыранды (бакма) бала кылып аларбыз». Алар эч нерсени байкабай турушту

[10] Ал эми, Мусанын апасынын көңүлү бошоп (капаланып) калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн (сабыр) менен байлабаганда, аны (Мусаны) билдирип коюуга аз эле калган

[11] Ал (баласын агызып жиберип) Мусанын эжесине: «Мусаны көзөмөлдөп бар» деди. (Ал жээк менен, акмалап барып, Фираундун үй-бүлөсүнүн кармап алганын көрдү) Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. (Бөбөктү сарайга алып барышып, энекенин колуна тапшырышып, ага эмизүүчү жалдашты. Бирок)

[12] Биз мындан мурда эле (тагдырда) (апасынан башка) эмизүүчүлөрдү(н көкүрөгүн сорууну) арам кылып койгон элек. (Ошондо Мусанын эжеси келип:) айтты: «Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу (тарбиячы) болушат»

[13] Ошентип, Биз аны менен сүйүнсүн, капа болбосун жана Аллаһтын («коркпо, капа болбо. Биз аны сага кайтарып беребиз» деген) убадасын билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну (Аллаһтын даанышмандыгын) билишпейт

[14] Ал эми Муса эр жетип, (акыл-эси) жеткилең болгондо, Биз ага өкүм жана илим (пайгамбарчылык) бердик. Биз жакшы иш жасоочуларды ушинтип сыйлайбыз

[15] Жана Муса (пайгамбар боло электе) элдери бейпил-бейкапар убакытта шаарга кирди. Анда эки адамдын мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү өз жамаатынан, экинчиси душмандарынан. Өз жамаатынан болгон адам душман жамааттан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле, аны бир уруп өлтүрүп койду. (Анан бушайман болуп): «Бул шайтандын ишинен. Ал (инсанга) түбөлүк душман жана Азгыруучу!» деди

[16] (Дагы) айтты: «О, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр! Анан Аллаһ аны кечирди. Чынында, Бир Өзү гана (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Боорукер

[17] (Дагы) айтты: «О, Раббим! Эми, мага нээмат кылып берген нерселериң (күч-кубат) менен, эч качан күнөөкөр адамдарга жардамчы болбоймун!»

[18] Эртеси (эртең менен) шаарда, алаңдап, коркуп бара жатса, капыстан, кече жардам сураган киши (дагы) жардамга чакырып калды. Муса ага: «Сен анык азгырылган (шайтан жолдон урган) адам экенсиң» деди. (Бирок, өз уруусундагы кишини жардамсыз коюуну каалабады. Жок дегенде ажыратып коёюн деп)

[19] Экөөсүнө тең душман болгон адамды (египеттик кишини) күч менен кармоону каалады эле, ал: «О, Муса! Кечээ бир жанды өлтүргөнүң сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиңби?! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансың го! Сен (абалды) оңдоочулардан болууну каалабайсың!»- деди

[20] Анан шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «О, Муса! (душман) адамдар сени өлтүрүү жөнүндө сүйлөшүп жатышат. (Шаардан тез) чыгып кет. Мен сага насаат айтуучуларданмын!»-деди

[21] Муса, алаңдап, коркуп: «О, Раббим! Мени заалым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан тез) чыгып кетти

[22] Ал Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени Туура Жолго салып койгусу бардыр» - деди

[23] Качан Мадяндын суусуна (кудуктарына) жетип келгенде, анын үстүндө (үймөлөнүшүп, талашып-тартышып, кой эчкилерин) суугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын (сууга умтулган койлорун) кайтарып турганын көрдү. «Силерге эмне болду?» деди (Муса). Алар айтышты: «Биз (мына бул эркек) чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз (аларга аралашуудан ыйба кылабыз) Ал эми, атабыз болсо, картайган чал

[24] Анан Муса (чабандарды ары-бери сүрүп) экөөсүнө койлорун сугарып берди.! Кийин көлөкөгө кайтып барып: «О, Раббим! Өзүң мага (кайыптан) түшүрө турган бир жакшылыгыңа мен муктажмын!» - деди

[25] Эки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: «Атам сизди чакырууда, биз-ге (койлорубузду) сугарып бергениңиздин сыйлыгын бериш үчүн»-деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: «Коркпогун. Сен (Аллаһ кааласа) заалым адамдардан кутулдуң»- деди

[26] Эки кыздын бири (атасы менен жалгыз калганда): «Атаке, аны жалчы кылып албайсызбы? Жалчылардын эң жакшысы ишенимдүүсү жана күчтүүлөрү» -деди

[27] «Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын — деди (абышка)* — анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуң. Эгер он жыл кылып, толуктап койсоң, анда сен тараптан (соопчулук) болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллаһ кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласың»

[28] «Бул мени менен сиздин арабыздагы (келишим болсун). Эки мөөнөттөн кай бирин аткарсам да, мага тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллаһ Өзү күбө!» - деди (Муса)

[29] Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Ажеп эмес андан бир кабар же болбосо бир чеңгел чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди

[30] Отко жакындап барганда... берекеттүү (ыйык) жердин оң тарап өрөөнүндөгү кырдан — дарак тараптан бийик добуш угулду: «О, Муса! Мен — ааламдардын Раббиси Аллаһ боломун!»

[31] Аса-таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) чоң эркек жылан сүрөтүндө ийрелеңдеп турганын көрүп, аркасына карабай качып жөнөдү. «О, Муса! Кайт! Жана коркпогун. Сен амандыкта болосуң

[32] Колуңду жакаңа (колтугуңа) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) ап-апак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуудан өзүңө (колтугуңа) кысып ал.! Ушул экөө (аса-таяк менен ак-нурдуу кол) Фираун жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында, алар бузулган адамдар

[33] (Муса) айтты: «О, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун

[34] Жана менин биртууганым Харун, ал менден тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Болбосо,) алар мага ишенбей коюшат деп ойлоймун»

[35] (Аллаһ) айтты: «Биз сени биртууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар»

[36] Эми, качан гана Муса Биздин анык баян-далилдерибиз менен аларга келгенде (жана жылан-далил менен кол-далилди көргөзгөндө): «Бул ойдон чыгарылган сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз мындайды абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз»- дешти

[37] (Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким Туура Жол алып келгенин жана Акыбет (Бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) заалымдар эч качан жеңишке (Бейишке) жетпейт!»

[38] Фираун айтты: «О, адамдар! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин. Эй, Хааман! Ылайга оттон жагып (бышык кыш жасап) мага (бийик) мунара куруп бергиниң. Ошого чыгып Мусанын (асмандагы) Кудайын көрсөм ажеп эмес! Мен Мусаны жалганчылардан деп эсептеймин»

[39] Фираун менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту

[40] Анан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Заалымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал

[41] Биз аларды (Кыяматта, күнөөлүүлөрдү) тозокко чакыра турган имамдар (биринчи болуп кире тургандар) кылдык.! Жана алар Кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт

[42] Биз аларга ушул дүйнөдө наалат-каргыш ээрчитип койдук. Кыямат күндө да алар жийиркеничтүү адамдардан болот

[43] Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн Ырайым, Туура Жол жана Нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.! Кана эми, (адамдар) ибарат-сабак алышса

[44] (О, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.°

[45] Бирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп өмүр сүрүштү. Сен (о, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)

[46] Жана Биз (Мусага) сүйлөгөнүбүздө сен Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок, сенден мурун (алыс жылдар бою) аларга эскертүүчү-пайгамбар келбей калган коомго (Курайш арабдарына) эскертүү беришиң үчүн, Раббиң тарабынан ырайым-боорукерлик иретинде (сага ошол окуялар билдирилди). Кана эми, алар эскеришсе

[47] Өз колдору менен жасаган кылмыштары себептүү аларга бир кайгы жеткенде «О, Рабби! Эгерде бизге бир элчи -пайгамбар жибергениңде, аяттарыңа ээрчимекпиз жана момундардан болмокпуз» дешпесе болгону

[48] Эми качан аларга (сен аркылуу) Биздин Акыйкатыбыз келгенде: «Кана эле, эгер бизге да Мусага берилген сыяктуу берилсе»! дешет. Алар мындан мурун Мусага берилген Тооратка да каапыр болушпады беле?! «Экөө (Кураан менен Тоорат) бири-бирине жардам берүүчү эки сыйкыр»-дешкен. Дагы айтышты: «Биз бардыгына ишенбейбиз!»

[49] (Аларга) айт: «Анда өзүңөр Аллаһтын алдынан экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, мен ошого ээрчийин, эгер чынчыл болсоңор»

[50] Эгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллаһ тарабынан келген Туура Жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллаһ, албетте заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт

[51] Биз Сөздү (Кураанды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, акырындык менен) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса

[52] Кураандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Кураанга) ыйман келтиришет

[53] Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо; «Биз буга ыйман келтирдик. Бул чынында Жаратканыбыздан келген Акыйкат. Биз мындан мурун да Аллаһка моюн сунуучу (мусулман) болгонбуз» дешти

[54] Алар эки эсе сооп ала турган адамдар. Себеби, алар сабыр кылышты, күнөө иштерди сооп иштер менен өчүрүп турушту жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден ихсан кылышты

[55] Жана пайдасыз сөздөрдү укканда, ага көңүл бурушпай: «Бизге өз ишибиз, силерге өз ишиңер. Силерге салам болсун! Жана Биз наадандардан болууну каалабайбыз» дешти

[56] (О, Мухаммад!) Сен өзүң сүйгөн адамдарды Туура Жолго баштай албайсың. Бирок, Аллаһ гана Өзү каалаган адамын Туура Жолго баштайт. Туура Жолго ылайыктарды Анын Өзү жакшы билет

[57] Алар (мушриктер): «Эгер биз сени менен бирге Туура Жолго ээрчисек, жерибизден ажырап калабыз»-дешти.! Биз аларды (Ибрахим негиздеген) тынч Харамга жашатып койбодукбу? Ал шаарга түрдүү-түмөн мөмөлөр Бизден ырыскы болуп келет го! Бирок, алардан көпчүлүгү (муну) билишпейт

[58] Биз жашоосу ашып-ташкан (өнүккөн) нечендеген шаарларды (лаззаттарга берилип, Шариятты унутканда) кырып-жоюп салдык! Мына, алардын мекендери! Алардан кийин бир аз эле адамдарды айтпаганда, эч ким жашабай (ойрону чыгып) жатат! Аларга Биз мураскор болдук

[59] Сенин Раббиң эч бир шаарларды (н элинин) арасына Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол пайгамбарга баш ийбей) заалым болгон шаарларды гана кыйратуучубуз

[60] Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми, Аллаһтын алдындагы (Бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби

[61] Биз ага сонун жашоону (Бейишти) убада кылган жана ага (сөзсүз) жетүүчү киши бул дүйнөдө Биз ага пайдаларды (аябай) берип, кийин Кыямат Күндө (тозок үчүн) даярдалган кишиге окшойбу

[62] Ал Күндө (Аллайһ) аларга айтат: «Силер (Мага шерик деп) ойлогон «кудайларыңар кана?!»

[63] (Анан) Алардын үстүнө Сөз (азап) түшүүсү анык болуп калгандар!: «О, Рабби! Мына бул биз азгырган кишилер, биз аларды Өзүбүз азгырылган сыяктуу азгырганбыз. Биз Сага Өзүбүздү (алардан) актайбыз. Алар Бизге ибадат кылышкан эмес»- дешет

[64] (Анан мушрик элдерге) айтылат: «Мага шерик кылган «кудайыңарды» (жардамга) чакыргыла!» Чакырышат. Бирок, аларга («кудайлары») жооп бербейт. Кийин алар азапты көрүшөт. Кана эми, алар (бул дүйнөдө) хидаят тапкан болушса

[65] Ошол Күнү (Аллаһ) аларга: «Пайгамбарларга эмне деп жооп берген элеңер?!» - дейт

[66] Ал Күнү (коркуунун күчтүүлүгүнөн) аларга кабарлар билинбей калат жана бири-биринен да сурай алышпайт

[67] Ал эми тооба кылып, салих амал жасаган (момун) кишилер (тозоктон) кутулуучулардан болушса ажеп эмес

[68] Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсесин жаратат жана ыктыяр кылат. Алар (пенделер) үчүн ыктыяр жок.! Аллаһ алардын ширктеринен Аруу-Таза

[69] Жана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат

[70] Ал— Аллаһ! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар

[71] Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллаһ силердин үстүңөрдө түндү Кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллаһтан башка кайсы «кудайыңар» силерге нур келтире алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»

[72] Айткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллаһ үстүңөрдөгү күндүздү тээ Кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллаһдан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! Акылыңарды иштетпейсиңерби

[73] Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн пазилетинен издешиңер (тиричилик кылышыңар) үчүн Түн менен Күндүздү жаратып койгону Аллаһтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар

[74] Жана ошол Күнү (Аллаһ) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?»-дейт

[75] Анан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз.! Анан алар Акыйкат (кудайлык) Аллаһка гана таандык экенин билип алышат. Өздөрү ойлоп тапкан «кудайлары» жок болуп кетет

[76] Чынында, Каарун”? Мусанын коомунан болгон. Ал аларга (өз элине) зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле (он кишилик) күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага (мындай) деди: «Оолукпагын, Аллаһ оолуккандарды сүйбөйт!»

[77] «Аллаһ сага берген байлык менен Акырет коргонун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллаһ сага ихсан (жакшылык) кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) ихсан кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллаһ бузукуларды сүйбөйт!»

[78] (Каарун) айтты: «Бул байлыктар өзүмдүн билермандыгым себептүү берилген». Ал билбейт беле, Аллаһ андан мурунку муундардан андан да күчтүү, андан да бай адамдарды кыйратып салганын?! (Булар сыяктуу) күнөөкөр адамдар күнөө-кылмыштарынан суралып отурбайт

[79] Каарун зыйнаттары менен элине чыкканда, дүйнө жашоосун(ун ырахат-жыргалын) каалагандар: Кана эми, бизге да Каарунга берилгендей нерселер берилсе! Ал улук кут-насиптин ээси!»- дешти

[80] Ал эми, илимдүү адамдар болсо: «Азап болсун силерге, ыйман келтирип, салих амал кылгандар үчүн Аллаһтын (акыреттик) сообу жакшы го! Аллаһтын сообуна сабыр кылгандар гана жетет!» (дешти)

[81] Анан Биз аны (Каарунды) коргону менен кошуп жерге жуткуруп жибердик! Ага Аллаһтан (коргоп) жардам берүүчү жамаат болбоду! Жана анын өзү да (азапты) жеңүүчүлөрдөн болгон жок

[82] Кечээ гана анын (коомдогу) ордуна тамшанган адамдар: «О-о-о! Аллаһ пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына гана ырыскыны кенен жана ченеп берет турбайбы?! Эгер Аллаһ бизге жакшылык кылбаганда (кечээки сөзүбүз үчүн) бизди деле жерге жуткуруп жибермек! Ой, тобо-о! Каапырлар (Аллаһтын азабынан) кутулбайт турбайбы?!»-деп калышты

[83] Биз тиги жактагы Акырет коргонун жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (момун) адамдар үчүн (насип) кылабыз. Акыбет такыба кишилер үчүн

[84] Ким (Акыретке) сооп-жакшылык алып келсе, ага (өзү алып келген) жакшылыгынан жакшыраак сыйлыктар берилет. Ал эми, кимде-ким жамандык (күнөө) алып келсе, жамандык жасагандар өз кылмыштарына гана жараша жаза алышат

[85] (О, Мухаммад!) Чынында, сага Кураанды парыз кылган Зат сени (жана бардык адамдарды) эч шексиз кайтчу жерге (Акыретке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким Туура Жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет»

[86] Сен (о, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо

[87] Сага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллаһтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун!! Жана Раббиңе гана дуба (ибадат) кылып, эч качан мушриктерден болбогун

[88] Аллаһка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Эч бир илах-кудай жок, Бир Өзү гана бар! (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар

Анкабут

Surah 29

[1] Алиф. Лам. Мим

[2] Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу

[3] Чынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллаһ («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду да билип алат, жалганчыларды да билип алат

[4] Жаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман

[5] Ал эми, ким (Кыяматта) Аллаһка жолугуудан үмүт кылса, Аллаһтын (Кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Жана Ал Угуучу, Билүүчү

[6] Жана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллаһтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллаһ ааламдардан Беймуктаж

[7] Биз ыйман келтирип, салих амалдарды аткарган момундардын күнөөлөрүн өчүрүп, жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз

[8] Жана Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буюрдук. Анан эгер сенин ата-энең өзүң билбеген бир нерсени Мага шерик (кудай) кылышына сени кыйначу болсо, аларга моюн сунбагын. Менин Өзүмө гана кайтасыңар. Анан Мен силерге жасаган амалыңардын кабарын беремин

[9] Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган адамдарды салих (бейиши болгон) адамдардын катарына кошобуз

[10] Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөр «Аллаһка ыйман келтирдик»-дешет. Бирок, Аллаһтын жолунда бир азапка жолугуп калчу болсо, адамдардын сыноосун Аллаһтын азабындай кабыл алат. Ал эми, эгер Раббиң тарабынан (мусулмандарга) жеңиш келип калса дароо «Биз силер менен бирге болчубуз» дешет. Аллаһ ааламдардын (адамдардын) көкүрөгүндөгү (жашырган) нерселерин билбейт бекен

[11] Аллаһ (чындап) ыйман келтиргендерди да, (эки жүздүү) мунафыктарды да анык билип турат

[12] Каапырлар ыймандууларга: «Биздин жолубузду ээрчигиле. Күнөө ишиңерди (мына) биз моюнга алабыз» дешет. Алардын каталарынан эч нерсени өз моюндарына алышпайт.! Чынында, алар-жалганчылар

[13] Жана алар (азгыргандар) өздөрүнүн күнөөсүн да көтөрөт, өз күнөөлөрү менен бирге башка күнөөлөрдү да көтөрөт жана Кыямат Күнү ойлоп тапкан күнөөлөрү жөнүндө сурак беришет

[14] Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду.* Анан аларды заалым болуп турган жеринде топон суу каптады

[15] Кийин Биз аны (Нухту) жана кемедегилерди куткардык жана кемени (бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык

[16] Жана Биз Ибрахимди да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал өз коомуна: «Аллаһка гана сыйынгыла! Андан такыба кылгыла! Эгер билсеңер, ушунуңар өзүңөргө жакшы

[17] Чынында, силер Аллаһтан башка буттарга ибадат кылып, (аларды «кудай» деп атап) жалаа жаап жатасыңар! Аллаһтан башка силер сыйынып жаткан «кудайыңар» силерге ырыскы берүүгө да кудуреттүү эмес! Ырыскыны Аллаһтан сурагыла жана Өзүнө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүнө шүгүр кылгыла! (Анткени,) Өзүнө гана кайтып барасыңар

[18] Эгер (мени) «жалганчы» десеңер, силерден мурунку (каапыр) элдер дагы (өз пайгамбарын) «жалганчы» дешкен. Пайгамбардын милдети болгону анык жеткирип коюудан гана турат»

[19] Алар (инсандар) Аллаһ жаратылышты алгач ирет кандай жаратканына карап көрүшпөйбү? Анан (алардын бардыгын) кайра жаратат. Чынында, бул Аллаһ үчүн жеңил

[20] Айт, (о, Мухаммад): «Жер бетинде кезип жүрүп, (Аллаһ) жаратылышты (калк-калайыкты) абалкы ирет кантип жаратканына назар салгыла! Кийин Аллаһ (аларды Акыретте) экинчи ирет пайда кылат. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү!»

[21] Ал (Аллаһ) каалаган пендесине азап берет. Каалаганына ырайым көргөзөт. Силер Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар

[22] Силер жерде да, асманда да Аллаһтан кутула албайсыңар! Силерге Аллаһтан башка дос-жардамчы жок

[23] Аллаһтын аяттарына жана Ага жолугууга ишенбеген адамдар гана Менин ырайым-рахматымдан бейнасип калышат жана ошолорго гана жан ооруткан азап бар

[24] Ага (Ибрахимге) коомунун берген жообу: «Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла» деп айтуудан башкача болбоду. (Ибрахимди улуу оттун ичине ыргытышты. Бирок) Кийин аны Аллаһ оттон (аман-эсен) куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн (кудуретибизге) белгилер бар

[25] Жана ал айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллаһтан башка буттарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин Кыямат Күнү болсо, бири-бирине каапыр (каршы) болушуп, наалат айтышат. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт

[26] Андан соң, (Ибрахимге агасынын уулу) Лут ыйман келтирди. Жана (Ибрахим) айтты: «Мен Раббим (буюрган) тарапка кетемин. Чынында, Ал (Аллайһ) -Кудуреттүү, Даанышман!»

[27] Жана Биз ага Исхак менен Яькубду белек (перзент жана небере) кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал Акыретте да салих кишилерден

[28] Жана Лутту (да пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал коомуна: «Силер өзүңөрдөн мурун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыңар

[29] Эркектерге (артынан) келе жатасыңар, жол тосуучулук кылып жатасыңар жана чогулган жериңерде күнөө иштерди жасап жатасыңар! (Каапыр, бузук, бачабаз) коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан (пайгамбарлардан) болсоң, биздин үстүбүзгө Аллаһтын азабын түшүрчү!»-деген сөздөр гана болду

[30] (Анда Лут): «О, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!»-деди

[31] Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (перзент көрүшү жөнүндө) кушкабар алып келген учурда (ага): «Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери заалым болуп кетишиптир»- дешти

[32] «Ал шаардын ичинде Лут бар го!»-деди (Ибрахим). «Ал жерде ким бар экенин (сенден) жакшыраак билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду

[33] Жана качан Биздин периште-элчилерибиз (сулуу жигиттердин түспөлүндө) Лутка келген учурда, булар себептүү жаман абалга түшүп, жүрөгү кысылды. Алар (Лутка өздөрүн таанытып): «Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөңдү — бир аялыңдан башкасын — куткарабыз. (Ал эми, аялың) кыйроого учурай тургандардан болду

[34] Албетте биз бул (бузулган) шаардын үстүнө, жасаган бузукулуктарынын жазасына асмандан азап түшүрөбүз»-дешти

[35] Биз ал шаардын (кээ бир жерлерин) акылдуу адамдарга (кудуретибизден) белги болсун деп жөн койдук

[36] Мадянга өз бир туугандары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: «О, коомум! Аллаһка гана ибадат кылгыла! Акырет Күндөн үмүт кылгыла! Жана жер бетинде бузукулук менен аракеттенбегиле!»

[37] Бирок, аны «жалганчы» дешти. Ошондон соң аларды (катуу айкырык аралашкан) жер титирөө кармап, чөгөлөгөн бойдон кыйрап калышты

[38] (Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орун-дары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Жана алар акыл-эси жайында эле

[39] (Жана Биз) Каарун, Фираун, Хаамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллаһтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду

[40] Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллаһ зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты

[41] Аллаһтан башка («кудайларды») дос-башчы туткан адамдардын мисалы (өзүнө ичке желелерден) үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт.! Алар (мушриктер) эгер билсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн үйү

[42] Албетте, Аллаһ алар дуба (ибадат) кылып жаткан башка «кудайларын(ын» алсыздыгын) билет. Жана Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман

[43] Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Аларды акылдуу инсандар гана түшүнөт

[44] Аллаһ асмандарды жана Жерди акыйкат менен жаратты. Чынында, бул нерседе ыймандуу адамдар үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар

[45] (О, Мухаммад!) Өзүңө вахий кылынган Китепти (Кураанды адамдарга) окуп бер жана намазды (калтырбай) орундат. Чынында, намаз бузук жана күнөө иштерден кайтарат. Аллаһты зикир кылуу эң улук нерсе. Аллаһ силердин эмне жасаганыңарды билип турат

[46] Силер (о, момундар) китеп элдери (яхудийлер, христиандар) менен талашып-тартышып калсаңар, эң жакшы (сөздөр) менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан (акыйкатка) зулум кылгандар (менен катуу-бекем талашкыла) Жана айткыла: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн Кураанга жана силерге түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка, Инжилге) ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыңар бир. Биз Ага моюн сунуучуларбыз»

[47] Ошентип, (о, Мухаммад!) сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр (яхудийлер менен христиандар)да ал Китепке (Кураанга) ыйман келтиришүүдө! Тигилердин (араб мушриктеринин) арасында деле Кураанга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат

[48] Сен Кураандан мурда эч бир китепти окуган эмессиң. Сен аны (китеп-катты) өзүңдүн оң колуң менен жазууну билген эмессиң. (Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң) анда, кара ниеттер (Кураанды өзү жазып алган деп) шектенип калышмак

[49] Жок! Ал (Кураан) илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү анык-айкын аяттар! Биздин аяттарыбызды заалым адамдар гана четке кагат

[50] Жана алар (мушриктер): «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көз көрүнөө бир) аян-моожизалар келсе (гана ыйман келтирет элек)» дешет. Айткын: «Моожизалар Аллаһтын ыктыярында. Мен болгону, анык эскертүүчүмүн

[51] (О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн Китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Аларга окуп берилүүдө го?! Чынында бул Китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар

[52] (Сен аларга): «Мени менен силердин араңарда күбө, Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди билип турат. жалганга ыйман келтирип, Аллаһга каапыр болгондор... дал ошолор гана зыян тартуучулар» дегин

[53] «Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат.! Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек. Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган маалда келип калат

[54] Сени шаштырып, азап сурап жатышат! Тозок каапырларды албетте, ороп алуучу

[55] Ал күнү аларды үстүнөн да буттарынын түбүнөн да азап ороп алат жана (Аллаһ): «Өзүңөр жасаган иштерди(н жазасын) тарткыла!» дейт

[56] О, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла

[57] Ар бир жан өлүмдү татуучу. (Өлүмдөн) кийин Бизге гана кайтарыласыңар

[58] Ыйман келтирип, салих (сооп) амалдарды жасаган адамдарды Биз Бейиштин эң мартабалуу орундарына жайгаштырабыз. Анын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүккө (жашап) калышат. (Салих) амал кылуучу адамдардын сыйлыгы кандай сонун

[59] Алар сабыр кылган жана Раббилерине тобокел кыла турган адамдар

[60] (Ааламда) өз ырыскысын таба албаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллаһ ырыскы берет. Ал — Угуучу, Билүүчү

[61] Эгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллаһ» - дешет. (Ошол Аллаһка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат

[62] Аллаһ пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллаһ ар нерсени Билүүчү

[63] (О, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?»-деп сурасаң, албетте «Аллаһ»-дешет. Айткын: «Аллаһка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат

[64] Бул дүйнө жашоосу оюн-зооктон башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо — бул Акырет жашоосу, эгер билишсе

[65] Эгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллаһтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллаһ аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат

[66] Биз (нээмат кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат

[67] Алар (Макка мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган шаарды) Харам (Анда талоончулук, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (Харамда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллаһтын нээматына каапыр боло беришеби

[68] («Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат» деп) Аллаһка жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген Акыйкатты (Кураанды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк заалым (каапыр) адам барбы?! Тозокто каапырларга орун жок бекен

[69] Биздин жолубузда жихад кылган кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллаһ (ар дайым) эхсан (жакшылык) кылуучулар менен

Рум

Surah 30

[1] Алиф. Лам. Мим

[2] Рум (Персиядан) жеңилди.”

[3] Эңжакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет

[4] Бирнече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллаһтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө момундар сүйүнүп калышат

[5] Аллаһ Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу

[6] (Бул—) Аллаһтын убадасы. Аллаһ (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт

[7] Алар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, Акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт

[8] Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллаһ асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) Акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт

[9] Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?! Алар булардан (азыркы каапырлардан) кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) имарат-курулуштар кылышкан. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллаһтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллаһ зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты

[10] Кийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети андан да жаман болду! Себеби, алар Аллаһтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан

[11] Аллаһ калк-калайыкты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар

[12] Кыямат кайым болгон Күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат

[13] Алардын (Аллаһка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр болушат

[14] Жана Кыямат Күнү алар (жалган кудайлар менен алардын «пенделери» бири-бирин айыптап) бөлүнүп кетишет

[15] Ыйман келтирип, салих (сооп) амал кылган адамдар (Бейиш) бактарда көңүл ачышат

[16] Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана Акыреттеги (Аллаһ менен) жолгушууга ишенбеген адамдар.., ошолор азапта калуучулар

[17] Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллаһга тасбих? айткыла

[18] Асмандардагы жана жердеги бардык мактоо Өзүнө! Дигер мезгилинде? жана Бешим мезгилинде да (мактоо Өзүнө)

[19] (Аллаһ куш сыяктуу) тирик жандуудан, (жумуртка сыяктуу) өлүктү чыгарат. (Ал эми, жумуртка сыяктуу) өлүктөн тирик жандууну чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (Акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар

[20] Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен

[21] Жана Анын белгилеринен -алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени! жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар

[22] Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен Жерди жаратканы, силердин тилиңер-ди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билгендер үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар

[23] Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз (дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллаһтын пазилетин издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе уга турган адамдарга белгилер бар

[24] Жана Анын белгилеринен: Коркушуңар жана үмүт кылышыңар үчүн! силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн? соң тирилтет. Албетте мында акылдуу адамдар үчүн белгилер бар

[25] Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын амири менен (тынч, зыянсыз) турушу. (Андан) Кийин (Аллаһ) силерди чакыраар замат бардыгыңар Жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (Акыреттик сурак үчүн)

[26] Асмандарда жана Жерде болгондун баары Аллаһтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа-каалабаса) моюн сунат

[27] Ал калк-калайыкты (дүйнө-ааламды) жоктон бар кылган жана (Акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул иш Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман

[28] Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Силердин кулдарыңар (жана күңдөрүңөр) арасында Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силерге шерик болчулары барбы? Кийин алар менен анда (мүлктү каржылоодо) тең болуп каласыңарбы? Алардан өзүңөрдө(гү эркин адамдарда)н корккондой коркот белеңер? Биз акылдуу адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз

[29] Жок! Заалымдар илимсиздиктен улам өз кызыкчылыктарын ээрчишти. Аллаһ адаштырганды ким Туура Жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок

[30] (О, Мухаммад!) Таухидге! баш ийип, жүзүңдү Динге бур! (Ислам Дини) — бул Аллаһ (жараткан) табият. Адамдарды ошол табият (Ислам) менен жараткан. Аллаһтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң Туура Дин — ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт

[31] Ага (тооба менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула

[32] Диндерин ажыратып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир жамаат өз пикирлери менен гана курсант

[33] Качан адамдарды зыян торуганда гана Тообо кылып Раббисине (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллаһ) Өз ырайымын таттырганда, алардан бир тобу капыстан Раббисине ширк келтире башташат

[34] Алар (ширк келтиргендер) Биз берген нээматтарга каапыр боло беришсин. Силер дагы (о, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Жакында билип аласыңар

[35] Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле

[36] Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, үмүтсүздүккө түшүшөт

[37] Эмне, алар Аллаһ каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына ченеп беришин көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар

[38] Эми, (о, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, мискин-кедейге жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллаһтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (Бейишке) жетишет

[39] Адамдардын мал-мүлкүнүн арасында көбөйүшү үчүн пайдакордук (сүткордук) максатында (карыз) бергениңер Аллаһтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллаһтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) бир нече эсе көп пайда (сооп) табуучулар

[40] Силерди жараткан, андан кийин ырыскы берген, андан кийин жаныңарды алган, андан кийин (Кыяматта кайра) тирилткен — Аллаһ! Ушулардан эч бирин силердин (Аллаһка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алабы? Алардын ширктеринен Аллаһ Аруу жана Бийик

[41] Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) апаат(тар) пайда болду. Аларга кылмыштарын(ын азабын) таттырыш үчүн. Кана эми (Туура Жолго) кайтышса

[42] Айткын: «(О, каапырлар!) Жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллаһка) шерик кошуучу болушкан»

[43] Эми, сен (о, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (Кыямат) Аллаһ тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат

[44] Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшы амал кылса, өздөрүнө (Бейишти) даярдады —

[45] ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Өзүнүн пазилети менен сыйлаш үчүн. Ал каапырларды сүйбөйт

[46] Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз амири менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын пазилетинен үмүт кылышыңар үчүн шүгүр кылсаңар ажеп эмес деп шамалдарды куш кабарчы кылып жибериши

[47] Биз (о, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү Бизге ак милдет болгон

[48] Аллаһ шамалдарды жиберип (оор) булуттарды козгойт. Анан (Аллаһ) аларды асманда Өзү каалагандай жайат жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллаһ) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, капысынан сүйүнүп калышат

[49] Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан бир аз эле, (ооба) бир аз эле мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты)

[50] Эми сен (о, адам) Аллаһтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Чынында, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү да албетте тирилте алат! Ал ар нерсеге Кудуреттүү

[51] Ал эми Биз (эгиндерине ысык) шамал жиберип, алардын куурап калганын көргөндө, (Аллаһка) каапыр болуп калышат

[52] (О, пайгамбар!) Чынында сен (жүрөгү) өлүктөргө (сөз) угуза албайсың. Жана (сага) артын салып бара жаткан маалда (акыйкатты угуудан) керең болгондорго дааватты угуза албайсың

[53] (Чындыкты көрүүдөн атайлап) сокур болгондорду адашуучулугунан Туура Жолго баштай албайсың. Сен Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге гана (чындыкты) угуза аласың. Ошолор гана мусулмандар

[54] Аллаһ силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук) тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал-Билимдүү, Кудуреттүү

[55] Саат (Кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) бир саат гана (жашап) турдук»-деп ант ичишет. Алар (Дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болчу

[56] Анан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Аллаһ (Тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул — кайра тирилүү күнү. Бирок, силер муну билбейт (ишенбейт) элеңер»

[57] Ал күндө заалымдарга шылтоолору! пайда бербейт жана алардан (тооба менен Аллаһты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт

[58] Биз бул Кураанда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет

[59] Аллаһ (чындыкты) билбегендердин жүрөгүнө ушинтип мөөр басат

[60] (О, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллаһтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) анык ишенбегендер сени бүлгүнгө салбасын

Лукман

Surah 31

[1] Алиф, Лам, Мим

[2] Булар- даанышман Китеп аяттары

[3] Жакшы амалдарды кылгандар үчүн Ырайым жана Туура Жол

[4] Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана Акыретке анык ишенишет

[5] Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) Туура Жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр

[6] Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллаһтын Жолунан тосо турган маанисиз сөздөрдү?” сатып алат жана аны (Кураанды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар

[7] Эгер ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой

[8] Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарга нээмат Бейиштери бар

[9] Алар анда түбөлүккө калышат. Аллаһтын акыйкат убадасы-(ушул). Ал — Кудуреттүү, Даанышман

[10] (Аллаһ) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк

[11] Булар Аллаһтын жараткандары. Эми силер мага Аллаһтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Заалымдар анык адашууда

[12] Жана Биз Улукманга даанышмандык бердик (жана): «Аллаһка шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса, өзүнүн пайдасына шүгүр кылат. Ал эми, Ким (нээматка) шүгүр кылбаса, Аллаһ Беймуктаж, Мактоого ылайык

[13] Бир кезде Улукман! баласына насаат кылып, (мындай) деди: «О, балам (ибадатта) Аллаһка шерик кошпогун! Ширк деген - бул чоң зулум

[14] Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (өкүм) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (О, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»

[15] (О, Инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тооба кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин

[16] О,уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде (калып калган) же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллаһ аны таап келе алат. Аллаһ (абдан) Кылдат, (бардыгынан) Кабардар

[17] О, уулум! Намазды (ар дайым) окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен машакатка сабырдуу бол! Чынында бул (сабырдуулук) берилип аткарылчу иштерден

[18] Жана (текеберленүү менен) адамдардан жүзүңдү бурбагын! Жана жер бетинде оолугуп-обочолонуп жүрбөгүн! Чынында, Аллаһ текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт

[19] Басканда кичипейилдик менен бас, (сүйлөгөндө) добушуңду көтөрбө! Добуштардын эң жаманы эшектин добушу

[20] (О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллаһ силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп таштады?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллаһтан келген) Нурдуу Китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) Туура Жолу болбосо да Аллаһ жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар

[21] Эгер аларга: «Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) ээрчигиле!» деп айтылса, «Жок, биз ата-бабаларыбызды кайсы жолдун үстүндө тапсак, ошого гана ээрчийбиз» дешет. Эгер шайтан аларды тозок азабына чакырып жатса дагы (ошенте беришеби)

[22] Жана кимде-ким (Аллаһка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллаһка толук моюн сундура алса анда ал Бекем Арканды кармаптыр!! Иштердин акыбети-Аллаһка

[23] (О, Мухаммад!) Ким каапыр болсо, анын каапырлыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга кылмыштарынын кабарын беребиз. Албетте, Аллаһ көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү

[24] Биз аларды (бул дүйнөдө) бир аз пайдалантабыз. Кийин (Акыретте) катуу азап тартууга мажбур кылабыз

[25] Эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллаһ» дешет. Сен «Аллаһка мактоо болсун» дегин.! Жок! Алардын көпчүлүгү билишпейт

[26] Асмандар жана Жерде болгон нерсенин бардыгы Аллаһтын мүлкү. Чынында, Аллаһтын Бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого (ибадатка) татыктуу. (Анткени)

[27] Эгер жер бетиндеги (бардык) дарактар калемсап болсо жана деңиз (сыя болсо) бул деңиздин артында дагы жети деңиз жардамдашып (сыя болуп) турса да Аллаһтын сөздөрү түгөнбөйт! Чынында, Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман

[28] Силердин жаралышыңар жана кайрадан тирилишиңер бир эле жанга окшойт. Аллаһ Угуучу, Көрүүчү

[29] Көрбөй жатасыңбы, Аллаһ түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин айланат. Аллаһ силердин эмне жасаганыңардан Кабардар

[30] Анткени, Аллаһ чыныгы (Кудай). Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан нерселер жалган (кудайлар). Жана Аллаһтын Бир Өзү гана эң Жогору, Улук

[31] Деңиздеги кемелер силерге Аллаһтын белгилерин көргөзүш үчүн (жана) Аллаһтын нээматы себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңбы?! Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар

[32] Жана качан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калганда гана Аллаһтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардан (көпчүлүк) бөлүгү Аллаһга толук берилбей калышат. Биздин аят-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат

[33] О, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына өз сообунан (жардам катары) эч нерсе бере албай турган Күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллаһ убада берген). Аллаһтын убадасы-Акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучу Аллаһ(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун

[34] Кыямат качан болушун Бир Аллаһ гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, Бир Аллаһ гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар

Сажда

Surah 32

[1] Алиф. Лам. Мим

[2] (Бул) Китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок

[3] Же болбосо алар (Макка мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.” Кана эми, Туура Жолго түшүп калышса

[4] Аллаһ асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду?. Силер үчүн Аллаһтан башка дос-башчы да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсинерби

[5] Асмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллаһ Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы) Өзүнө көтөрүлөт

[6] Ушул (Аллаһ) кайыпты да ашкерени да билүүчү Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу

[7] Алар бир нерсени эң мыкты жараткан жана инсандын алгачкы жаралышын ылайдан жасаган

[8] Кийин анын урпактарын жийиркеничтүү (бир тамчы) суудан жаратты

[9] Кийинаны (кадыресе адам кейипинде) ырастап-келиштирди жана ага Өзүнүн Рухунан үйлөдү.! Жана (Аллаһ) силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жаратты. Аз шүгүр кылып жатасыңар

[10] (Мушриктер) айтышат: «Эгер биз жерде (чирип) жок болуп кетсек да жаңыдан жаратылат бекенбиз?!» Жок! Алар Раббилерине жолугууга ишенишпейт

[11] Сен айткын: «Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси? жаныңарды алат. Кийин (Кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар»

[12] (О, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «О, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда салих амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле

[13] Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (Туура Жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!»-деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган

[14] (Тозокко ташталып жаткан мушриктерге:) «Эми, ушул күнүңөрдөгү жолугушууну унут-каныңар себептүү (азап) тарткыла! Биз да силерди «унуттук». Жана кылмышыңарга жараша түбөлүк азапты тарткыла!»-(деп айтылат)

[15] Чынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисине мактоолор айткан адамдар ыйман келтиришет

[16] Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака кылышат

[17] Эч бир (момун) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн өздөрүнө (Бейиште) жашыруун даярдап коюлган кубанычтарды билбейт

[18] Момун (пакиза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт

[19] Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар үчүн Бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша зыяпат иретинде

[20] Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылышат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!»-деп айтылат

[21] Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (төмөнүрөөк) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса

[22] Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн заалым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз

[23] Биз чынында Мусага Китепти (Тооратты) бердик. (О, Мухаммад!) сен анын (Тооратка) жолукканы жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исрайил урпактарына хидаят (Туура Жол) кылдык

[24] Жана Биз Исрайил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, Туура Жолго баштаган жолбашчы-имамдарды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү

[25] Албетте, Сенин Раббиң, Кыямат Күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында Бир Өзү ажырым кылып берет

[26] Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды Туура Жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллаһтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллаһтын аяттарына) кулак салышпайбы

[27] Алар ойлонушпайбы, Биз суусаган жерге суу айдап, аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Кудуретибизди) көрүшпөйбү

[28] Жана (момундарга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш! (Кыямат) качан болот?»-дешет

[29] Айткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тооба кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт

[30] (О, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүп жатышат

Ахзаб

Surah 33

[1] О, пайгамбар! Аллаһтан корк! Жана каапырлар менен мунафыктарга моюн сунба! Чынында, Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[2] Өзүнө Раббиң тарабынан вахий кылынган аяттарды гана ээрчигин! Эмне иш жасаганыңардан Аллаһ (ар дайым) Кабардар

[3] Жана Аллаһтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллаһтын Өзү жетиштүү

[4] Аллаһ эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар»? кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллаһ акыйкатты сүйлөдү. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт

[5] Аларды өз аталары(нын ысымы) менен чакыргыла. Аллаһтын алдында ушул адилеттүүрөөк. Эгер аталарын билбесеңер, анда ал диндеги бурадарыңар жана досуңар. Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок. Бирок, жүрөгүңөр ниет кылган нерсе(де күнөө бар)! Аллаһ Кечирүүчү, Боорукер

[6] Пайгамбар момундар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары-момундардын энелери. Тууган туушкан адамдар Аллаһтын (тагдыр) китебинде бири-бирине момундардан жана мухажирлерден жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (момун, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар, бул (тагдыр) китебинде жазылган

[7] Жана бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан ант-убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Ыйсадан... Биз алардан катуу убада алганбыз

[8] Чынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн. Аллаһ каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду

[9] О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтын силерге берген(төмөндөгү) нээматын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллаһ силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү

[10] Ошондо силерге үстүңөрдөн, ылдый жагыңардан (душман басып) келген жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллаһка жаман ойлоп да калгансыңар

[11] Ошол жерде момундар сыналып, (ыймандары) катуу бир чайпалган

[12] Ошондо, мунафыктар менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллаһ менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы»- дешти

[13] Ошондо, алардан бир тайпа кишилер: «О, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!»- деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык калган болчу»- деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну көздөгөн

[14] Эгер (ошондо) алардын үстүнө Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, кийин динден кайтууларын талап кылынганда, көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарын беришмек

[15] Алар буга чейин артка качпайбыз деп Аллаһка ант берген элего! Аллаһка берилген ант жөнүндө (Кыяматта) суралат

[16] (Мунафыктарга) айт: «Силерге качуу пайда бербейт. Эгер силер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качкан болсоңор, анда (дүйнө жашоосунан) бир аз эле пайдаланып каласыңар

[17] Айткын: «Эгер силерге (Аллаһ) бир жамандык каалаган болсо, Аллаһтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа (аны ким тосо алат? Качкандын башына да өлүм келет. Ошондо) өздөрүнө Аллаһтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат

[18] Аллаһ силердин араңардагы (жихаддан) тосуучуларды жана өз бурадарларына (аларды качууга үгүттөп): «Биз менен жүргүлө»-дегендерди билет. Алар согушка өтө сейрек келишет

[19] (Олжону) силерден кызганып. Ал эми, (согуш учурунда) коркунуч келип калса, тим эле өлүмдүн ортосунда калып кеткендей сага алаңдап карагандарын көрөсүң. Эми, качан коркунуч кеткенде, алар жакшылыкка (олжого) ач көздүк кылышып, тезинен сага чечен тилдери менен жолугушат.! Алар ыйман келтирбеген адамдар. Аллаһ алардын амалдарын текке кетирди. Бул Аллаһка жеңил

[20] Алар (Мединаны курчап турган душман) жамааттарды кетпеген деп ойлошот. Эгер ал жамааттар (бастырып) келсе, булар силердин кабарыңарды сурап коюп, тээ четтеги бедуин араптардын арасында болууну каалашат.? Эгер силердин ичиңерде (Мединада) болсо да көп (жан үрөп) согушмак эмес

[21] (О, момундар!) Силер үчүн Аллаһтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллаһтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллаһты көп-көп зикир кылгандар үчүн

[22] Ал эми, (пайгамбарынан үлгү алган, ыйманы бекем) момундар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллаһ жана пайгамбары убада кылган нерсе. Аллаһ менен пайгамбары туура сүйлөгөн экен» деп (согушка, өлүмгө даяр болуп) турушту. (Душмандын көптүгү) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү

[23] Момундардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллаһка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллаһка берген) убаданы бузбады

[24] Аллаһ чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлаш үчүн жана мунаафыктарды кааласа азапташ же болбосо тообаларын кабыл алыш үчүн (ушул сыноого дуушар кылды). Чынында, Аллаһ Кечирүүчү, Ырайымдуу

[25] Ал эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллаһ өз ачуулары менен кайтарды.! Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллаһ момундарга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллаһ Күчтүү, Кудуреттүү

[26] Жана Аллаһ душмандарга жардам берген китеп ээлерин (Бану Курайза яхудийлерин) коргондорунан түшүрдү. Жүрөктүрүнө коркуу салды. Силер (о, момундар) алардан бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткундап алдыңар

[27] Жана силерге алардын жерлерин, короо-жайларын, мал-мүлктөрүн жана бутуңар баспаган (жаңы) жерлерди да мурас кылып берди. Аллаһ - бардык нерсеге Кудуреттүү

[28] О, пайгамбар! Аялдарыңа айт: «Эгер дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласаңар, келгиле силерди (жакшына мүлк менен) пайдалантып, сылык-сыпаа ажырашайын

[29] Ал эми, Аллаһты (н ыраазылыгын), Анын пайгамбарын жана Акырет Үйүн кааласаңар, Аллаһ силердин араңардагы жакшы ибадат кылгандарга улуу сыйлыкты (Бейишти) даярдап койгон»

[30] О, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ашкере күнөө иш жасаса, ага эки эсе көп азап берилет. Бул Аллаһ үчүн жеңил

[31] Силердин араңардан кимде-ким Аллаһка жана пайгамбарына моюн сунуп салих амал кылса, ага сооп-сыйлыгын эки ирет беребиз жана ага улуу ырыскы (Бейиш) даярдап койобуз

[32] О, пайгамбардын аялдары! Силер эгер такыба болсоңор (катардагы) аялдардын бирөөсү сыяктуу эмессиңер. Демек (бөтөн эркектерге) назик сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө каразгөйлүгү бар адам үмүт кылып калат. Жакшынакай (түз, сыпаа) сөздөрдү сүйлөгүлө

[33] Жана (зарылдык болбосо) үйүңөрдө олтургула! Абалкы жахилия (заманындагы) жасануу сыяктуу жасанбагыла!! Намазды толук аткарып, зекетти берип, Аллаһка жана пайгамбарына моюн сунгула! Албетте, о, пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллаһ силерден ызаа-кыжаалатты кетирүүнү жана (ар түрдүү ушак-айыңдан) таза-пакиза сактоону каалайт

[34] Өз үйүнөрдө окулган Аллаһтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн көңүлдө сактап жүргүлө. Чынында, Аллаһ бардыгын Билүүчү, Кабардар

[35] Чынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, момун эркектер менен момун аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, кичипейил эркектер менен кичипейил аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллаһты көп эстеген эркектер менен аялдар... Аллаһ ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду

[36] Эгер Аллаһ менен Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өзбашымчалык кылып) Аллаһ жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр

[37] (О, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллаһ нээмат берген, анан сен дагы жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллаһтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллаһ ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Өзүнөн коркушуңа Аллаһ көбүрөөк ылайык элего!! Качан Зейд ага «жакындык» кылып, (кийин талагын бергенде) аны сага никелеп бердик. Момундарга өз бакма балдарынын аялдарына үйлөнүүдө эч күнөө болбошу(н билдирүү) үчүн, эгер талактарын беришсе. Аллаһтын буйругу аткарыла турган иш

[38] Аллаһ парыз кылган нерселерде пайгамбар үчүн эч кандай күнөө-кыжаалат жок. (Бул) мурда өткөн адамдар жөнүндөгү Аллаһтын сүннөтү. Аллаһтын буйругу — белгиленген тагдыр

[39] Алар (мурунку пайгамбарлар) Аллаһтын элчилигин (элдерге) жеткире турган, Аллаһтан гана коркуп, Андан башка эч кимден коркпой турган адамдар болгон. Аллаһ — жетиштүү эсептешүүчү

[40] (О, момундар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес.? Ал болгону Аллаһтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллаһ — ар нерсени Билүүчү

[41] О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһты көп зикир кылгыла

[42] Эртели-кеч Ага тасбих айткыла

[43] Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге ырайым көргөзө турган Зат! Ал момундарга Ырайымдуу

[44] Ага жолуккан (Акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллаһ аларга улук сооп (Бейиш) даярдап койгон

[45] О, Пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (Бейиштен) кушкабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик

[46] Өзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллаһка даават кылуучу жана Нурдуу Чырак (кылып жибердик)

[47] Жана момундарга, алар үчүн Аллаһ тарабынан улук пазилет (артыкчылык) болушу жөнүндө кушкабар бер

[48] Каапырлар менен мунафыктарга моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды унут. Жана Аллаһка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллаһтын Өзү жетиштүү

[49] О, ыйман келтиргендер! Эгерде, момун аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула

[50] О, Пайгамбар! Биз сага махырын берген жубайларыңды, Аллаһ (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге хижрат кылгандарын адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды — эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа — адал кылдык. (Бул укук, о, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парыз кылган нерселерибизди Өзүбүз билебиз.! (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллаһ-Кечирүүчү, Ырайымдуу

[51] (Дагы) сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (төшөктө жалгыз) таштап, каалаганың менен боло аласың. Жана жалгыз калдырган аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок.? Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллаһ силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллаһ Билүүчү (жана пейили) Жумшак

[52] Сага (ушул тогуз аялдан) кийин аялдар(та үйлөнүү) жана аларды башка аялдарга алмаштыруу адал эмес, эгер алардын чырайы сени кызыктырган болсо да. Бир гана кол астыңдагы күң аялдарга барышыңа уруксат. Аллаһ бардык нерселерди көрүп турат

[53] О, ыйман келтирген адамдар! Силерге уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамак жегенге (уруксат берилсе, бирок даяр болбогон болсо) күтүп олтура бербегиле! Эгер чакырылсаңар, киргиле дагы тамактанып, (дароо) тарап кеткиле. Сөзгө алаксып олтура бербегиле. Мунуңар пайгамбарды иренжитет. Бирок ал силерден ыйбаа кылат. («Кеткиле» дегенден тартынат). Аллаһ болсо, акыйкатты айтуудан тартынбайт. Жана эгер алардан (Пайгамбардын аялдарынан) бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Ушунуңар силердин да, алардын да жүрөктөрүн тазартуучураак (жорук). Аллаһтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллаһтын назарында чоң күнөө болмок

[54] Эгер силер бир нерсени жашырсаңар же ашкере кылсаңар да, Аллаһ бардык нерсени билип турат

[55] (Эгер пайгамбардын аялдары) аталарынын алдында, уул перзенттеринин алдында, ага-инилеринин алдында, ага-инилеринин уул перзенттеринин алдында, эже-сиңдилеринин уул перзентеринин алдында, өздөрүнүн (мусулман) аялдарынын алдында жана кол астындагы кулдарынын алдында (бетин ачып жүрсө) эч күнөө жок! (О, пайгамбардын аялдары!) Аллаһтан корккула! Аллаһ чынында бардыгын көрүп турат

[56] Албетте, Аллаһ жана Анын периштелери пайгамбарга салават айтышат. О, ыйман келтиргендер, силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла

[57] Аллаһты жана Анын элчисин иренжиткен адамдарга дүйнө-акыретте Аллаһ наалат айткан жана аларга кордоочу азап даярдаган

[58] Момун эркектер менен момун аялдарды жасабаган иштери себептүү иренжиткен адамдар (желкелерине) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр

[59] О, Пайгамбар! Аялдарыңа жана момундардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу

[60] Эгерде мунафыктар, жүрөгү бузулган адамдар жана Мединада (ушак-айың таратып, момундарды) коркутуп жүрүүчүлөр (ушул иштеринен) токтобосо, сени аларга каршы койобуз. Кийин алар сага кошуна болуп (Мединада) көп тура албай калышат

[61] (Анан) каргышка учураган абалда, кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет

[62] Бул муруңкулардын (Аллаһ түзүп берген) жолу. Сен Аллаһтын жолун өзгөртө албайсың

[63] Сенден адамдар Кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Аны бир гана Аллаһ билет. (О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болушу да мүмкүн

[64] Аллаһ каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду

[65] Алар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт

[66] Алардын беттери тозокто (күйүп) оодарылып калган күндө: «О! Кана эми, Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!»- деп (арман кылып) калышат

[67] Жана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор жолдон чыгарган

[68] О, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!»-дешет

[69] О, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадга мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллаһ аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган.! (Себеби) Ал Аллаһтын алдында урматтуу (пайгамбар)

[70] О,момундар! Аллаһтан корккула жана жалаң чын сөздөрдү сүйлөгүлө

[71] (Ошондо) Аллаһ силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (Бейишке) жетиптир

[72] Биз Аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз желкесине алды. Чынында, ал -зулумкер, наадан.”

[73] Аллаһ мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми момун эркектер менен момун аялдардын тообасын кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллаһ - Кечиримдүү, Ырайымдуу

Саба

Surah 34

[1] Аллаһка мактоо(лор) болсун! (Анткени), асмандардагы жана жердегинин бардыгы Анын мүлкү. Ага Акыретте да мактоолор болсун! Ал Даанышман, Кабардар

[2] Ал жерге кирген, жерден чыккан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлө турган? (бардык) нерселерди билет. Ал —- Ырайымдуу, Кечиримдүү

[3] Каапырлар: «Бизге Кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (Кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар

[4] Ыйман келтирип, салих амал кылгандарга (Аллаһ) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана Улук Ырыскы (Бейиш) бар

[5] Ал эми, Биздин аяттарыбызды (н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (Акыретте) жан ооруткан катуу азап бар

[6] Илим-хидаят берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн Кураанды, Акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллаһтын жолуна баштайт деп ишенишет

[7] Каапыр болгондор (бири-бирине) айтышат: «Силерге бир (айнып калган) кишини көргөзөлүбү? Ал силерге (өлүп, денеңер) күкүм болуп, талкаланып кетсеңер деле, кайрадан жараласыңар (деп сүйлөйт)

[8] Ал Аллаһка жалаа жаап жатабы же болбосо жинди болуп калганбы!?» Жок! (Андай эмес!) Акыретке (кайра тирилүүгө) ишенбеген (ал дооматчы) адамдар азапта жана алыс адашууда

[9] Алар алды-артындагы: Асмандагы жана жердеги нерселерге карап, ойлонушпайбы?! Эгер Биз кааласак, аларды жерге жуткуруп жиберебиз же болбосо, үстүнө асманды бөлүп, барчалап, түшүрүп жиберебиз! Мында ар бир тооба кылган пенде үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар

[10] Биз Даудга Өз пазилетибизден бердик: «О, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!»! (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип

[11] «Зоот кийимдерди токугун жана тизмектерин (жакшылап) ченегин!” (О, Дауддун үй-бүлөсү!) Салих амалдарды кылгыла! Мен силердин ишиңерди көрүп туруучумун» дедик

[12] Жана Биз Сулайманга барышы — бир айлык, келиши — бир айлык (тездиктеги) шамалды моюн сундуруп бердик жана ага (суудай аккан) жез булагын жибердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астында иштей турган жиндерди да (ага кызматчы кылып койдук). Алардан кимиси Биздин амирибизден четке чыкса, ага тозок отун(ун «даамын») таттырып коёбуз

[13] Алар (жиндер) ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу (чоң) идиштерди, чуңкур-терең (жана чоң) казандарды (мистен) жасап беришет. О, Дауддун үй-бүлөсү! Шүгүр кылгыла жана (салих) амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз санда

[14] Качан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда аса-таягын жеп бүтүргөн жер жаныбары (курт) анын өлгөнүн жиндерге билдирип койду: (Аса-таяк сынып) ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты.! Эгер алар (жиндер) кайыпты билгенде, (бул) кордук азабында калышпайт болчу

[15] Сабаалыктардын мекенинде (алар үчүн Аллаһтын нээматынын) белгиси — эки бак-бостону болгон. (Бири) оң тарабында, (бири) сол тарабында. (Биз аларга): «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Шаарыңар кооз-көркөм) таза шаар, (Раббиңер) кечиримдүү» (дедик)

[16] Алар жүз бурушту эле, Биз аларга (катуу) сел жиберип, (көгөргөн, ширин мөмөлүү) эки багын тең мөмөсү ачуу, бадалдуу жана бир аз тикенектүү дарагы бар «бактарга» айлантып койдук

[17] Бул каапырчылыктарына жараша аларды жазалаганыбыз. Биз каапыр элдерди гана жазалайбыз

[18] Жана Биз алар менен Өзүбүз берекеттүү кылган шаардын аралыгына (алар үчүн) көрктүү (ынтымакташкан) айылдарды тургузуп, ичине жолдорду куруп: «Ушул жолдордо түнү- күн тынчтыкта жүрө бергиле» (дегенбиз. Бирок, Сабаа урпактары ушул нээматты да билбей, Аллаһка шүгүр келтирүүнүн ордуна)

[19] «О, Рабби! Биздин сапар-жолдорубузду(н арасын) алыстатып кой»-дешти жана өздө-рүнө зулум кылышты. Кийин Биз аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып, тыркыратып таштадык! Албетте, мында ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу адам үчүн (Биздин кудуретибизге) белгилер бар

[20] Чынында, Иблис өзүнүн («мен инсаниятты азгырамын») деген күмөн сөзүн ушулардын үстүндө (мисалында) иш жүзүнө ашырды. Бир аз гана момундардан башка бардыгы аны ээрчип кетишти

[21] Биз Акыретке ыйман келтирген момундарды, Акыреттен күмөн санаган адамдардан (ажыратып) билип алыш үчүн гана Иблиске алардын үстүнөн бийлик берип койдук. Сенин Раббиң бардык нерселердин үстүнөн Көзөмөлдөөчү

[22] (О, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллаһтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселерге дуба кылгылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана жердеги кыпындай нерсеге да кожоюн эмес! Алар үчүн асмандар менен жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллаһтын Өзү жараткан)

[23] Анын (Аллаһтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллаһ уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (мушриктердин) жүрөктөрүнөн коркунуч (бир аз) кетип, (өздөрүнө келгенде): «Раббиңер эмне деди?»-дешет. «Акыйкатты (айтты)»- дешет алар.! Жана Ал - эң Жогору, Улук

[24] Айт, (о, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» «Аллаһ!» деп айт. (О, Мушриктер!) Чынында, же биз, же силер (гана) Туура Жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»

[25] Айт: «Биздин күнөөлөрүбүз үчүн силер сурак бербейсиңер, силер жасаган (жаман) иштерге биз жоопкер эмеспиз!»

[26] Айт: «Раббибиз силер менен бизди (бир жерге) чогултуп, анан ортобузда акыйкат менен өкүм кылат. Ал - Билүүчү, Өкүмдар!»

[27] Айт: «Аллаһка кошуп (шерик кылып) койгон «кудайыңарды» мага көргөзгүлөчү?! Жок! Аллаһ Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман!»

[28] Биз сени (Бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт. (Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам мушриктерге тозок жөнүндө эскертүү бергенде, алар мусулмандарга карап)

[29] «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада качан (келет)?»- дешет

[30] Айткын: «Силерге (ал) күндүн убадасы бар. Силер андан бир саатка да эрте, же кеч калтырылбайсыңар»

[31] Каапыр адамдар айтты: «Биз эч качан бул Кураанга ишенбейбиз, андан мурунку китептерге да ишенбейбиз!» Жана сен (о, Мухаммад) ошол заалымдарды, Раббисинин алдында (тикесинен) тургузулуп, бири-бирине сөз кайтарып жаткандарын (бир) көрсөң эле!! Ээрчиген алсыздары текебер жолбашчыларына: «Эгер силер болбогондо биз ыйман келтирмекпиз!»- дешет

[32] Текебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди Туура Жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!»- дешет

[33] (Анда) ээрчиген алсыздар текебер жолбашчыларына (мындай) дешет: «Жок!» (Силер ойлогон) түн менен күндүн айлакерлиги (бизди азгырды!). Ал кезде силер бизди Аллаһка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(та зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты

[34] Биз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын ысырапчыл байлары: «Албетте, биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен

[35] Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, перзент-урпактарыбыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.°

[36] Айт (о, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт»

[37] Силердин мал-дүйнөңөр да, перзент-урпактарыңар да силерди Бизге жакындаштыра албайт! Ал эми, кимде-ким ыйман келтирип, салих амал кылган болсо, алардын амалдарына кошумча сыйлыктар берилет. Жана алар Бейиштеги бийик даражалуу орундарда тынчтык-бейпилдикте болушат

[38] (Бул дүйнөдө) Биздин аяттарыбызды алсыз (өкүмсүз) калтырганга аракет жасагандар (тозок периштелери тарабынан) азапка даярдалышат

[39] Айткын: «Албетте, менин Раббим Өзү каалаган адамдарга ырыскыны кенен берет. Жана (Өзү каалаган башка) бирөөсүнө ченеп берет. (Силер ырыскыңар мол-кенен болсо да, ченелген болсо да садака кылууга аракеттенгиле. Анткени:) Эмнени садака кылсаңар, Аллаһ (бир нече барабар көбөйтүп) Өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү

[40] (Аллаһ) алардын (мушриктердин) бардыгын чогултуп, андан соң периштелерге: «Силерге ибадат кылгандар ушуларбы?!»- дейт

[41] «Өзүң (шериктерден) Аруу-Тазасың! (О, Раббим!) Алар эмес, Сен биздин Кожоюнубузсуң! Жок, алар (Бизге эмес) жиндерге ибадат кылышкан. Алардын көпчүлүгү жиндерге ыйман келтиргендер»(деп жооп берет периштелер)

[42] Ал (Кыямат) күнү (эй, мушриктер) бири-бириңерге пайда да, зыян да жеткире албайсыңар. Жана Биз заалым (каапыр) адамдарга «Өзүңөр «жалган» деген тозок азабын тарткыла!» дейбиз

[43] Аларга (дүйнөдө) Биздин анык аяттарыбыз окулганда: «Бул киши (Мухаммад) силерди ата-бабаңар сыйынган динден тосууну гана каалайт» дешкен. Дагы алар (Кураан жөнүндө) «Бул ойдон чыгарылган нерсе»-деп айтышкан. Жана (ошол) каапыр болгондор өздөрүнө келген Акыйкатты (Кураанды) «бул анык сыйкыр» дешкен

[44] Биз аларга (буга чейин) дарс кылып окуган китеп бербеген элек жана сенден мурун да аларга эскертүүчү (пайгамбар) да жиберген эмеспиз

[45] Алардан мурунку (мушрик) адамдар дагы динди жалганга чыгарышкан. Биз аларга берген нерселердин ондон бирине да (Макка мушриктери) жетише элек. Алар дагы Биздин пайгамбарларыбызды «жалганчы» дешкен. Анан (аларга) кандай гана азап болду

[46] Айт: «Мен силерге бир гана нерсени — бирден, экиден болуп Аллаһка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!»

[47] Айткын: «Мен силерден (эскерткеним үчүн) акы сурабаймын. Ал өзүңөргө буюрсун. Мага сыйлык берүү Аллаһтын вазыйпасы. Ал- ар бир нерсеге Күбө»

[48] Айт: «Албетте, менин Раббим Акыйкатты (жалганга каршы) таштайт. Ал кайып нерселерди Билүүчү!»

[49] Айт: «Акыйкат (Тавхид) келди. (Жалган-ширк алсыз болуп калды) эми жалган (өз ишин) баштай да албайт, кайталай да албайт!»

[50] (Мушриктерге) айт: «Эгер мен (силер айткандай) адашкан болсом, өзүмдүн зыяныма адашкан боломун. Ал эми, Туура Жол тапкан болсом, бул мага Раббим вахий кылган нерсе себептүү. Чынында, Ал - Угуучу (жана) Жакын»

[51] Сен алардын (тозокту көргөндө катуу) коркуп, бирок, качып кете албай, (тозокко) жакын жерден кармалганын бир көрсөң эле

[52] (Ошондо) алар: «Жалган деген нерсебизге ыйман келтирдик!» дешет. Эми аларга алыс жерден (наркы дүйнөдөн ыйманга) жетиш кайда

[53] Бирок, алар мындан мурун (дүйнө жашоосунда) бул нерсеге тап-такыр каапыр болушуп, (ошол) алыс жерден кайыпты (Акыретти) жалганга чыгарып коюшкан

[54] Эми алар менен эңсеген нерселеринин (дүйнөгө кайтууларынын) арасы тосулуп коюлду. Мындан мурун дагы алардын пикирлештерине дал ушундай кылынган. Алар (Акырет жөнүндө) аябай чоң шектенүүдө болушкан

Фаатир

Surah 35

[1] Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллаһка таандык (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты.? Аллаһ (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Чынында, Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[2] Аллаһадамдар үчүн ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллаһ кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман

[3] О,адамдар! Аллаһтын берген нээматын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллаһтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар

[4] (О, Мухаммад!) Эгер (элиң) сени «жалганчы» деген болсо, сенден мурунку пайгамбарлар деле жалганчыга чыгарылган. Бардык иштер Аллаһка кайтат

[5] О,адамдар Албетте, Аллаһтын убадасы акыйкат. Силерди дүйнө(нүн кооз-жылтырак) жашоосу азгырып койбосун! Дагы силерди жалганчы (шайтан)! Аллахтан азгырбасын

[6] Чынында, шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны (дайым) душман туткула! Чынында ал өзү(нө ээрчиген) жамаатты тозок элдеринен болууга чакырат

[7] Каапыр адамдар үчүн (Кыяматта) катуу азап бар. Ал эми, ыйман келтирип, салих амалдарды жасагандарга (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук сооп бар

[8] (Айткылачы, күнөө) ишинин жамандыгы өзүнө кооз көргөзүлгөн соң, аны жакшы иш деп эсептеген киши (Аллаһ Туура Жолго баштаган киши сыяктуу) боло алабы? Аллаһ каалаган адамын (ушинтип) адаштырат, каалаганын Туура Жолго баштайт. (О, Мухаммад!) Жаның алар (мушриктер) үчүн кайгы чекпей эле койсун! Албетте, Аллаһ алар эмне кылып жатканын жакшы Билүүчү

[9] Аллаһ— шамал жиберген Зат! Шамал булуттарды козгогондо, Биз аларды өлүк (кургак) шаарга айдап барып (жамгыр-жаадырып) аны менен өлүк жерди тирилтебиз. Кайра тирилүү да ушундай

[10] Ким урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллаһка таандык.! Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет

[11] (О, инсандар) Аллаһ силерди (алгач ирет) топурактан, андан кийин бел суудан жаратты. Кийин (жетилген курагыңарда) силерди жуп-жубайлар кылды. Ургаачылардын боюна эмне бүтүп, эмне төрөгөнүн Ал билип турат. Жана жашоочунун канчалык өмүр сүрөөрү жана өмүрүнөн канчасы кыскараары (Аллаһтын алдындагы) Китепте бар, Албетте, бул Аллаһ үчүн жеңил

[12] Дарыя менен деңиз тең эмес. Мунусу ширин-таттуу, аны ичүү жагымдуу. Тигиниси ачуу-туздуу. Экөөсүнөн тең силер таза-жаңы эт жейсиңер. Жана (деңизден) өзүңөр тагына турган зыйнат(таш)тарды чыгарып аласыңар. Жана силер анда (толкундарды) жарып (сүзүп) бара жаткан кемени көрөсүңөр. (Бул) Аллаһтын пазилетин (ырыскысын) издешиңер үчүн (бир себеп). Кана эми шүгүр кылсаңар

[13] (Аллаһ) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллаһ — Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (О, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес

[14] Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт

[15] О, адамдар! Силер Аллаһка (ар дайым) муктажсыңар! Жана Аллаһ Өзү гана Беймуктаж, мактоого татыктуу

[16] Ал эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы (Өзүнө моюн суна турган) элдерди келтире алат

[17] Бул Аллаһка оор эмес

[18] Эч бир көтөрүүчү (Кыяматта) бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Эгер бир оор күнөөсү бар адам аны көтөрүшүүгө (жардамга) чакырса да, андан эч нерсе жеңилдетилбейт, эгер (чакырылгандар) анын (жакын) тууганы болсо да! Сен өздөрүнүн кайыптагы Раббисинен корккон жана намаздарын толук окуган кишилерди гана эскерте аласың. Ким тазарса өзүнүн гана пайдасына тазарганы. Кайтуу -Аллаһка

[19] Сокур менен көздүү тең эмес

[20] Караңгы менен нур дагы (тең эмес)

[21] Аптап менен көлөкө дагы (тең эмес)

[22] Тирүүлөр менен өлүктөр! дагы тең эмес! Чынында, Аллаһ (сенин эскертүүлөрүңдү) каалаган пендесине угузат. Сен мүрзөдө жаткандарга угуза албайсың

[23] Сен болгону бир эскертүүчүсүң

[24] Чынында, Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү, (тозоктон) эскертүүчү (пайгамбар) кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн

[25] Эгер сени (мушриктер) «жалганчы» дешкен болсо, алардан мурунку пайгамбарларды да (өз доорунун мушриктери) «жалганчы» дешкен. (Чынында,) пайгамбарлары аларга (Аллаһ Тааладан) анык далилдерди, (ыйык) баракчаларды жана Нурдуу Китеп алып келишкен эле

[26] Андан кийин Биз каапыр адамдарды (өлтүрүүчү азап) менен кармадык! (Биздин) четке кагуу(буз) кандай экен

[27] Көрбөйсүңбү, Аллаһ асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык)?”

[28] Дагы, ошондой эле адамдардан, жаныбарлардан жана үй-чарба айбандарынан ар түрдүүлөрү бар. Аллаһтан аалым (илимдүү) адамдар (көбүрөөк) коркушат. Чынында, Аллаһ-Кудереттүү, Кечиримдүү

[29] Албетте, Аллаһтын Китебин тилават кылып, намазды толук окуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө жана көмүскө садака кылган адамдар эч зыян тартпай турган сооданы үмүт кылышат —

[30] (Аллаһ аларга) сооп-сыйлыктарын толуктап, Өз пазилетинен кошумча соопторду бериши үчүн. Чынында, Ал Кечирүүчү, Шүгүр кылуучу

[31] Биз сага вахий кылган Китеп (Кураан) өзүнөн мурунку (асмандан түшкөн) китептерди тастыктаган! Акыйкат. Албетте Аллаһ өз пенделеринин абалынан Кабардар, Көрүүчү

[32] Кийин Биз Китепти (Кураанды) тандап алган пенделерибизге (Мухаммаддын үммөтүнө) мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум (күнөө) кылгандары, (жалаң важыпты аткарып, арамдан сактануу менен гана чектелген) орточолору да бар. Жана алардын арасында Аллаһтын уруксаты менен сооп иштерди (бири-бирине) атаандашып жасагандары да бар. Бул - (аларга Аллаһ берген) эң чоң пазилет

[33] Алар, өздөрү кире турган "Адн" бейиштерде алтын билериктерди, асыл таштарды тагынып жүрүшөт. Ал жерде алардын кийимдери жибектен

[34] Жана алар (Бейиште эс алып жүрүп): «Бизден кайгы-капаны арылткан Аллаһка мактоолор болсун! Чынында, Биздин Раббибиз Кечиримдүү (жана) Шүгүр кылуучу

[35] Ал бизди Өзүнүн пазилети менен түбөлүк (жыргал) орундарга түшүрдү. Анда бизге машакат-кыйынчылык да жетпейт, чарчоо да кыйнабайт»- дешет

[36] Ал эми, каапыр адамдар үчүн тозок оту(нда күйүү) бар. Аларга өлүм да берилбейт, өлүп (кутулуп) калгыдай. Алардан тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз ар бир каапырга мына ушундай жаза беребиз

[37] Алар анда өкүрүп-кыйкырып: «О, Раббибиз! Бизди (бул азабыңан) чыгара көр! Эми, мурда жасабаган (сооп) амалдарды жасайбыз!» дешет. (Анан аларга мындай добуш угулат:) «Биз силерге эскерген адам эсине келгидей өмүр бербедик беле?! Жана силерге эскертүүчү-пайгамбар келди эле го! Эми, (азапты) тарта бергиле! Заалым (каапыр) адамдарга жардамчы жок!»

[38] Чынында Аллаһ асмандар жана жердеги кайыптарды Билүүчү. Ал көкүрөктөрдөгү (жашыруун) сырларды да Билүүчү

[39] (О, момундар!) Ал силерди жер бетинде Өзүнүн халифа-орун басарлары кылды! Кимде-ким каапыр болсо, каапырчылыгы өзүнө зыян! Раббилеринин алдында алардын каапырчылыгы (Аллаһ тарабынан болгон) жек көрүүнү гана көбөйтөт. Каапырларга өздөрүнүн каапырлыгы зыянды гана көбөйтөт

[40] Айт: «(О, мушриктер) өзүңөр дуба (ибадат) кылган, Аллаһтан башка «кудайыңарга» карагылачы! Алар жерден эмнени жаратканын мага көргөзгүлөчү! Же алар үчүн асмандарда(гы кээ бир нерселерди жаратууда Аллаһка) шерикчилик барбы?! Же Биз аларга, анын далилдерине таяна турган Китеп бериптирбизби?! Жок! Заалымдар бири-бирине (далил-чындыктарды эмес) жалганды гана убада беришкен»

[41] Чынында, асмандар менен жерди жок болуп кетүүдөн Аллаһ гана кармап турат. Эгер ал экөөсү жок болуп кетчү болсо, Аллаһтан башка эч ким аларды (жок болуудан) тосо албайт! Чынында, Ал пейили Жумшак, Кечиримдүү

[42] (Мушриктер) эгер өздөрүнө бир эскертүүчү-пайгамбар келсе, Туура Жолго ар кандай элдерден көбүрөөк эргешүүчү болуу жөнүндө катуу ант ичишкен. Ал эми, качан аларга эскертүүчү -пайгамбар (Мухаммад) келгенде (бул) алардын ( Туура Жолдон ) качууларын гана көбөйттү

[43] (Алар) жер бетинде текеберленген жана (пайгамбарга каршы) ыплас айла-амалдарды жасаган абалда (Туура Жолго жүрбөй коюшту). Ыплас айлакерликтер өз ээсине гана зыян жеткирет! Эми алар абалкылардын жолун! гана күтүп калышты. Сен Аллаһтын жолун (башкага) алмаштыра албайсың! Сен Аллаһтын жолун өзгөртө албайсың

[44] Жер бетин кезип, мурункулардын акыбети эмне болгонун көрүшпөйбү!? Алар булардан да күчтүүрөөк болушкан. Бирок, Аллаһты асмандардагы жана жердеги эч нерсе алсыз кыла албайт! Албетте, Ал Билүүчү, Кудуреттүү

[45] Эгер Аллаһ адамдарды кылмыштарына жараша (ушул эле дүйнөдө) жазалай берчү болсо, жер бетинде кыбыраган (адам) калтырмак эмес. Бирок, Аллаһ аларды белгилүү күнгө (Кыяматка) кечиктирүүдө. Ал эми, качан белгиленген күндөрү келгенде (Аллаһ Өзү эсептешип алат. Анткени,) Аллаһ пенделерин Көрүүчү

Ясин

Surah 36

[1] Йа,Син

[2] Даанышман Кураанга ант

[3] Сенчынында, пайгамбарлардансың

[4] Туура Жол үстүндөгү

[5] (Кураан) Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү

[6] коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле

[7] Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейт

[8] Бизалардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышкан

[9] Бизалардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык

[10] Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби — айырмасы жок: ыйман келтиришпейт

[11] (О, Мухаммад!) Сен Зикирге (Кураан акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Рахмандан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллаһ тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер

[12] Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте! (алдын ала) эсептеп койгонбуз

[13] Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.”

[14] Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Чынында, биз силерге жиберилген элчилер болобуз»-дешти

[15] (Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллаһ) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»

[16] Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз

[17] Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат»

[18] (Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (каражолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди ташбараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»

[19] «Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бере-сиңерби)?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!»-дешти (пайгамбарлар)

[20] (Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «О, коомум! пайгамбарларды ээрчигиле

[21] Өздөрү Туура Жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!»-деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?»-деп кыйнаганда, мындай жооп берди)

[22] «Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар

[23] Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт

[24] (Эгер Аллаһтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын

[25] Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)

[26] айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе

[27] Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»

[28] Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз

[29] (Себеби:) Бир гана ач айкырык болду! Анан.., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калышты

[30] Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташат

[31] Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт

[32] Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (Кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушат

[33] Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги-өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат

[34] Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардык

[35] Ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми

[36] Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллаһ — Аруу,Таза

[37] Аларга (дагы бир) белги — түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат

[38] (Дагы бир белги —) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул — Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы

[39] Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз

[40] Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.! Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт

[41] Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз

[42] Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик

[43] Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт

[44] (Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн

[45] Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт)

[46] Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушат

[47] Эгер аларга: «Аллаһ ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла»-деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллаһ Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!»-дешет

[48] Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (Кыямат) качан келет?»

[49] Алар (эч нерседен бейкапар) өз ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.”

[50] (Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт

[51] Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббисине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат

[52] (Жана) айтышат: «О, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»

[53] Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат

[54] Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза аласыңар

[55] Ал Күнү Бейиш элдери кубаныч менен гана алек

[56] Жубайлары менен көлөкөнүн астына коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат

[57] Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар

[58] Алардын Ырайымдуу Раббиси тарабынан «Салам» деген сөз (айтылат)

[59] Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө силер (жакшылардан) бөлүнгүлө

[60] О, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душман

[61] Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура Жол — ушул!» деп буюрбадым беле

[62] Ал силерден көп муундарды азгырып жиберди го! Акылыңарды иштетпейт белеңер

[63] Силерге убада кылынган тозок — ушул

[64] Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»

[65] Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет

[66] Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан Бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми

[67] Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат

[68] Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби

[69] Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Кураан

[70] Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү)

[71] Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик

[72] Жана аларга ал(айбанд)арды моюн сундуруп бердик. Алардан арасынан мингендери бар, этин жегендери бар

[73] Жана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллай эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)

[74] Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана

[75] («Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес!. (Бирок ошого карабай) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет)

[76] (О, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз

[77] Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди

[78] Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Сөпөт болгон сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?»-деп, Бизге (каршы) мисал келтирет

[79] Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет

[80] Ал силерге көк (жана ным) дарактан отун жасап берген.! Силер аны жагып жатасыңар

[81] Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи?? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү

[82] Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат

[83] Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллаһ (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайта-рыласыңар

Саффат

Surah 37

[1] Саптарткан периштелерге ант ичип

[2] (Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант ичип

[3] (Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант ичип (айтамын)

[4] Силердин кудайыңар чынында Жалгыз

[5] (Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси

[6] Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук

[7] Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык

[8] Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.? (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат

[9] (Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар

[10] Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет)

[11] Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Чынында, Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз

[12] Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат

[13] Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт

[14] Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат

[15] Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет

[16] (Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби

[17] Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» - дешет

[18] Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер)

[19] Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»

[20] Жана: «О, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат)

[21] «Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»

[22] «Заалым (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула

[23] Аллаһтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла

[24] Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.! Алардан суралат

[25] «Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!»

[26] Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар

[27] (Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат

[28] (Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурла-гансыңар)»

[29] (Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар

[30] Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер

[31] Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз

[32] Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек»

[33] Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат

[34] Албетте, Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз

[35] (Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллаһ бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен

[36] Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу)

[37] Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган

[38] (О, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар

[39] Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар

[40] Ал эми Аллаһтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери

[41] Аларга белгиленген ырыскылар бар

[42] Мөмө-жемиштер.., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда

[43] Эң жакшы (нээматтуу) Бейиштерде

[44] (Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат)

[45] Аларга (Бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат

[46] Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу

[47] Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт

[48] Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң көз сулуулар бар

[49] Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу

[50] (Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт

[51] Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле

[52] Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы

[53] Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?»-деген. (Бейиши Адам шериктерине)

[54] «Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди

[55] Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди)

[56] «Аллаһка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң

[57] Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын

[58] Биз өлбөптүрбүзбү

[59] Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык

[60] Албетте, бул чоң жеңиш

[61] Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»

[62] (О, адамдар!) ушул (Бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум? дарагы жакшыбы

[63] Биз аны заалымдарга азап болушу үчүн жараттык

[64] Ал-тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак

[65] Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт

[66] Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет

[67] Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет

[68] Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат

[69] Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллаһтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле

[70] Ошолордун изинен чуркап кетишти

[71] Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен

[72] Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек

[73] Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун

[74] Ал эми, Аллаһка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок

[75] (Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«О, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз

[76] Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын!) чоң балээден куткардык

[77] Жана анын (кемеге чыккан) урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык

[78] Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык

[79] Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун

[80] Албетте, Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз

[81] Чынында, ал Биздин момун пенделерибизден болчу

[82] Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик

[83] Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (тавхидди кармаган пенделерден) эле

[84] Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди

[85] (Жана) атасы менен коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар

[86] Аллаһтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы

[87] Ааламдардын Раббиси (Аллаһ) жөнүндө кандай ойлойсуңар?» (Күндөрдүн биринде чоӊ элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал)

[88] Жылдыздарга бир карап алып

[89] «Мен ооруп турам»-деди

[90] Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти

[91] Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»

[92] Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» -деди

[93] Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду)

[94] (Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып)

[95] Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы

[96] Силерди да, силердин ишиңерди! да Аллаһ жараткан

[97] (Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла

[98] Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук

[99] (Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени Туура Жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды)

[100] «О, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!»

[101] Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик

[102] Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «О, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атаке,— деди ал-буюрулганды аткара бериңиз. Аллаһ кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз»

[103] Экөөсү (Аллаһтын амирине) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда

[104] «О, Ибрахим! — деп добуш кылдык —

[105] Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз»

[106] Чынында, бул анык сыноо болгон

[107] Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик

[108] Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык

[109] Ибрахимге (Аллаһтын) салам(ы) болсун

[110] Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

[111] Чынында ал Биздин момун пенделерибизден болгон

[112] Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири

[113] Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылгаңн(дар) да чыкты

[114] Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык

[115] Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык

[116] Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту

[117] Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип

[118] Туура Жолго баштадык

[119] Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык

[120] Муса менен Харунга салам болсун

[121] Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

[122] Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден

[123] Иляс! дагы элчи-пайгамбарлардан эле

[124] Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы

[125] Эң мыкты Жаратуучуну (Аллаһты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы

[126] Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллаһ эле го?!»

[127] Бирок, коому ага моюн сунбады. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту

[128] Ал эми, Аллаһтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес)

[129] Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу) калтырдык

[130] Иляска (Аллаһтан) салам болсун

[131] Чынында, Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

[132] Ал Биздин момун пенделерибиздин бири

[133] Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле

[134] Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш - балээсинен) куткарганбыз

[135] Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон)

[136] Анан Биз башкаларды кыйраттык

[137] (Эй, Макка мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөрго, эрте менен

[138] жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби

[139] Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири

[140] Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду

[141] Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды

[142] Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди

[143] Эгер ал Аллахты аруулаган пенделерден болбогондо

[144] Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек

[145] Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле

[146] Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук

[147] Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек

[148] Анан алар (тооба кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык

[149] (О, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү

[150] Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү

[151] Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет

[152] «Аллаһтын баласы бар». Алар — жеткен жалганчылар

[153] (Аллаһ) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы

[154] Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар

[155] (Аллаһтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби

[156] Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Кураандан башка ыйык китеп түштүбү)

[157] (Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор

[158] Алар Аллаһ менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет

[159] Аллаһ алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза

[160] Ал эми, Аллаһтын жакшы амал кылган пенделери (Аллаһты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт)

[161] (О, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы

[162] эч кимди адаштыра албайсыңар

[163] (Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар)

[164] (Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар

[165] Жана биз (Аллаһтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз

[166] Жана биз, чынында (Аллаһка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалган-чылыгы ашкереленет)

[167] Алар айтышат

[168] «Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо

[169] Биз деле мухлис (Аллаһтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз»

[170] Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат

[171] Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган

[172] «Чынында алар гана жардам берилген адамдар

[173] Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»

[174] Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур

[175] Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат

[176] Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы

[177] Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңдары жаман (караңгы) болуп калат

[178] Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур

[179] Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат

[180] Кудуреттүүлүк Ээси — Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза

[181] Пайгамбарларга салам болсун

[182] Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун

Соод

Surah 38

[1] Сад. Даңазалуу Кураанга? ант

[2] Бирок, каапырлар (Кураанга каршы) текеберликте жана душманчылыкта

[3] Биз алардан мурун (Ыйык Китепке каршы болгон) муундардын арасынан көпчүлүгүн кыйратканбыз. Анан (баштарына азап келип калганда өкүрүп-бакырып) жалбарышкан. Бирок, эми кутулуунун убактысы эмес болчу

[4] Өздөрүнүн ичинен аларга эскертүүчү-пайгамбар келгенине (ишенбөөчүлүк менен) таңыркап, каапыр болгон адамдар: «Бул (Мухаммад) сыйкырчы-жалганчы

[5] Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!»- дешти

[6] Алардын чоңдору чыгып: «Жүргүлө (кеттик) өзүңөрдүн кудайыңарга сабыр менен (бекем) тургула! Чынында, бул (жоругу менен анын бийликке жетүүсү) максат кылынган

[7] Биз мындайды акыркы элдерден (ата-бабаларыбыздан) уккан эмеспиз. Бул ойлоп табылган жорук

[8] Биздин арабыздан (адам калбагансып) Зикир-Кураан ушуга түшүрүлүптүрбү?!»-(дешти). Жок! Алар Менин Зикир-Кураанымдан шектенишүүдө. Балким, алар азапты татып көрбөгөн(дөн улам ушинтип жатышкандыр)

[9] Же кудуреттүү, Берешен Раббиңдин Ырайым казыналары алардын ыктыярындабы

[10] Же асмандар менен жердин жана экөөсүнүн арасындагы нерселердин падышалыгы алардын колундабы?! Анда, себептерин таап (асманга) көтөрүлүшсүн (жана, эгер колдорунан келсе Мухаммадга түшүрүлүп жаткан Аллаһтын Ырайымын кыркып салышсын)

[11] Алар ал жер, бул жердеги (уюгушкан) топтордон турган жеңилген аскерлер

[12] Алардан мурун да Нухтун (каапыр) коому (Нухту), Аад элдери (Худ пайгамбарды), казыктардын кожоюну Фираун (Мусаны)

[13] Самуд коому (Салихты), Лут коому (Лутту), бак-бостон элдери (Шуайбды) жалганчы кылышкан. Ошолор дагы уюшкан топтор эле

[14] Бардыгы пайгамбарларды «жалганчы» дешкен убакта Менин азабым (аларга) хакк (ылайык) болду

[15] Булар (Макка каапырлары) эч кайтарып болбой турган бир гана ач айкырыкты! гана күтүп жатышат

[16] Жана алар «О, Рабби бизге өзүбүздүн (азаптан турган) тиешебизди Эсеп Күндөн мурун эле тездетип бере бер»-дешти

[17] Алардын сөздөрүнө сабыр кыл жана күч-кубаттуу пендебиз Даудду эсте. Ал (Аллаһка) өтө берилген пенде болчу

[18] Биз ага, аны менен бирге эртели-кеч тасбих айта турган тоолорду моюн сундурдук

[19] Жана топ-топ куштарды да (моюн сундурдук. Бардыгы (тоо-таш жана куштар) ага моюн сунган эле

[20] Жана Биз анын мүлк-бийлигин бекем кылдык, Хикмат (даанышмандык) жана өтүмдүү (өкүмдүү) Сөз бердик

[21] Сага (о, Мухаммад), талашкан адамдардын кабары келди беле? Ошондо, алар (эки маселе талашкан адам ибадатканадагы) мээрапка дубал ашып

[22] Капысынан Даудга кирип келгенде, алардан коркуп кетти. «Коркпогун-дешти алар-биз бири экинчисине зулумдук кылган талашуучулар болобуз. Биздин ортобузда акыйкат менен өкүм кыл. Зулумдук кылба! Жана бизди Туура Жолго башта!»

[23] «Бул менин өз бурадарым (деди бирөөсү), анын токсон тогуз соолук коюу бар. Менин коюм бирөө гана. Анан бул: «Муну да мага бер» - деп (алып койду) жана сөздө мени жеңип алды»

[24] (Дауд муну угаар замат шашылып): «Сенин (бир) коюңду сурап (өзүнүн койлоруна кошуп) алуу менен сага зулум кылыптыр! Нечендеген достор бири-бирине зулум кылышат. Бир гана ыйман келтирип, салих амал кылгандар (андай эмес). Алар өтө сейрек» деди Жана (ошондо) Дауд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы Раббисинен кечирим сурап,! рукуу, тооба кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады

[25] Биз ал үчүн бул (күнөө) ишти кечирдик. Чынында, Биздин алдыбызда ага ынактык-жакындык жана жакшы акыбет бар

[26] О, Дауд! Биз сени жер бетинде (Өзүбүздөн) халифа-орунбасар кылдык. Эми, адамдар арасында акыйкаттык менен өкүм жүргүз. Жана напсиңдин каалоолоруна ээрчибе — Аллаһтын жолунан адаштырып жиберет. Чынында, Аллаһтын жолунан адашкандарга унуткандары себептүү Эсеп Күнүндө катуу азап бар

[27] Биз асман менен жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратпадык. Бул-каапырлардын ойлогону. Каапырларга тозоктогу «увайл» азабы болсун

[28] Же биз ыйман келтирип, салих амал кылгандарды жер бетинде бузукулук кылуучулар менен тең кылат бекенбиз?! Же болбосо такыбаа кишилерди ыпыластар менен тең кылат бекенбиз

[29] Биз сага бул берекеттүү (Кураан) Китепти анын айаттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк

[30] Жана Биз Даудга Сулайманды белек кылдык. Ал (Сулайман) абдан жакшы пенде! Чынында, ал (Раббисине) өтө берилген

[31] Бир кезде, кечке маал ага ойноктогон тулпарлар көргөзүлдү

[32] (Ошондо ал): «Мен кооздукту сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн абзел көрүп калган турбаймынбы! (Күн) бетине парда тартып алыптыр!» - деди

[33] Ошол (мени алаксыткан) тулпарларды алып келгиле!» Анан (тулпарлардын) моюндары менен буттарын (кылычы менен) «сылай» баштады

[34] Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тообо кылды

[35] (Жана) айтты: «О, Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин (Кыяматка чейин) эч кимге берилбей турган бийлик бер! Албетте, сен Берешен Затсың

[36] (Дубасын кабыл кылгандан) кийин Биз ага, анын буйругу менен каалаган тарабына мелүүн жүрө турган шамалды

[37] Бардык куруучу, деңизге чумкуучу жин-шайтандарды

[38] Жана алардан башка (азоо) жиндерди да кишенделген абалда моюн сундуруп (кызматчы кылып) бердик

[39] (Жана айттык:) «Биздин берешендигибиз-ушул (кааласаң) сен дагы (башкаларга) бер, (каалабасаң) бербе. (Бул боюнча) эсеп кылынбайсың

[40] Чынында Биздин алдыбызда ал үчүн ынактык жана жакшы акыбет бар

[41] (О, Мухаммад, сен ушул Китепте) Биздин пендебиз Айюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: «Мага шайтан азап-машакат жеткирди!» деп жалбарды

[42] «Бутуң менен жерди тепкиниң. Бул (сен үчүн) жууна турган жана иче турган муздак суу» (деди Аллаһ)

[43] Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик

[44] (О, Айюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба!? Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген

[45] Сен (о, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин

[46] Биз аларды (өзгөчө бир) касиет — Акыретти эстөө менен ыкластуу КЫЛДЫК

[47] Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан

[48] Жана (бул китепте) Ысмайылды, Аль-Ясаьны, жана Зуль-Кифлдерди да эстегин. Бардыгы жакшы пенделер

[49] Ушул — (пайгамбарлардын) баяны. Ал эми, такыбалуу кишилерге жакшы акыбет

[50] (жана) «Адн» бейиштери бар. Аларга (ысымы аталган пайгамбарларга) эшиктери (дайым) ачылуу

[51] Алар Бейиште(ти сөрүлөрдө) жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат

[52] Алардын алдында жалаң бир курактагы, (өз жубайынан башкага) көз артпаган селкилер (кызматта) болушат

[53] Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер — ушул

[54] Бул - биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз

[55] Ушул (сыйлыктар такыбаа кишилерге арналган) Ал эми, күнөөкөрлөр үчүн жаман акыбет бар

[56] Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун

[57] (Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла

[58] Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет)

[59] «Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Алар кош келишпеди. Алар албетте, тозокко ташталат»

[60] «Өзүңөргө кош келүү жок! — дешет (беркилер) — бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун

[61] О, Раббибиз! Бизди бул жерге алып келгендерге тозок азабын эки эсе көбөйтүп бер!» (Алар бул дүйнөдө өздөрү жаман көргөн момундарды да тозокто көргүсү келгендиктен мындай дешет)

[62] «Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз

[63] Же аларды шылдыңдадыкпы? Же (алар тозоко түшкөн, бирок) көзүбүз аларды көрбөй жатабы?»

[64] Чынында, тозок элдеринин ушул жаңжалдашуусу (боло турган) акыйкат

[65] (О, Мухаммад!) Айткын: «Аныгында, мен болгону бир эскертүүчүмүн. Эч бир кудай жок, бир гана Аллаһ бар. Ал жалгыз жана (күнөөлүүлөргө) Каардуу

[66] Ал асмандардын, жердин жана экөөнүн ортосундагы нерселердин Раббиси! Ал Кудуреттүү (жана) Кечиримдүү

[67] (Мушриктерге) айт: «Бул (Кураан) -Улук кабар

[68] Силер болсо, андан жүз буруп жатасыңар

[69] Эң жогорку жамааттын (периштелердин) талашып жатканы жөнүндө менде илим жок болчу

[70] Мага, өзүмдүн анык эскертүүчү (жеткирүүчү) экеним гана вахий кылынууда»

[71] Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын

[72] Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп (жан) киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди

[73] Бардык периштелер сажда кылышты

[74] Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапырлардан болду

[75] (Аллаһ): «О, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиңби, же жогорку даражалуу болуп калдыңбы?!»-деди

[76] «Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо (кайдагы чалчык) ылайдан жараткансың»- деди (Иблис)

[77] (Аллаһ) айтты: «Эми сен андан (Бейиштен) чык! Сен (Менин ырайымымдан) куулгансың

[78] Сага Кыяматка чейин Менин наалатым болсун!»

[79] (Иблис) айтты: «О, Раббим! (Адамзат) кайра тирилген (Кыямат) күнүнө чейин мага (өлбөй, жашоого) мөөнөт бер?!»

[80] (Аллаһ): «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң

[81] Белгилүү убакыттын күнүнө чейин»- деди

[82] (Иблис) айтты: «Сенин Кудуретиңе ант, мен алардын бардыгын азгырамын

[83] Алардын арасынан Сага ыклас менен ибадат кылгандарды гана азгырууга кудуретим жетпейт»

[84] (Аллаһ) айтты: «Чын-чынын айтамын

[85] Сен жана алардын (инсандардын) арасынан сага ээрчигендер менен тозокту толтурамын!»

[86] Айт: «Мен анын (Кураанды үйрөткөнүмдүн) ордуна силерден акы сурабаймын. Мен жасалма (пайгамбар) кишилерден да эмесмин

[87] Бул (Кураан) ааламдар үчүн зикир-эскертүүдөн башка эмес

[88] Анын кабарыңн(ын чындык экенин) бир аздан кийин (Кыяматта) билип аласыңар

Зумар

Surah 39

[1] Бул Китептин (Кураандын) түшүшү Кудуреттүү, Даанышман Аллаһ тарабынан

[2] (О, Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми Динди Аллаһтын Өзүнө гана калыс абалда ибадат кыл

[3] Көңүл бургула! Калыс Дин Аллаһ үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллаһка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллаһ (гана) өкүм кылат. Аллаһ жалганчыларды жана каапырларды Туура Жолго баштабайт

[4] Эгер Аллаһ баласы болууну каалаганда, Өзү жараткан нерселердин арасынан Өзү каалаганын тандап (бала кылып) алмак. Аллаһ (мындан) Аруу-Таза! Ал-Жалгыз, Жеңүүчү Аллаһ

[5] Аласмандар менен жерди Акыйкат (даанышмандык жана максат) менен жаратты. Ал түндү күндүзгө, күндүздү түнгө оройт. Жана Ал Күн менен Айды (Өзүнө) моюн сундурду. (Күн, Ай жана башка жылдыздардын) бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин (сүзүп) жүрүшөт. Көңүл бургула! Ал- Кудуреттүү, Кечиримдүү

[6] Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратты. Кийин андан жуп-түгөйүн жасады. Жана (Аллаһ) силер үчүн чарба айбандарынан сегиз жупту түшүрдү.! Ал силерди энеңердин ичиндеги үч караңгылыктын ичинде, акырындык менен, баскычтар түрүндө жаратат. Ушул Аллаһ — силердин Раббиңер (Бардык) мүлк Анын колунда. Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бурулуп кетип жатасыңар

[7] Эгер каапыр болсоңор, (билип койгула) Аллаһ силерден Беймуктаж. Ал пенделеринин каапыр болуп кетишине ыраазы болбойт. Ал эми (Өзүнө ыклас менен ибадат кылып) шүгүр келтирсеңер, ушуга силерден ыраазы болот. Эч бир көтөрүүчү башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Кийин силердин кайтууңар-Раббиңерге! Анан Ал силерге (бул дүйнөдө) жасаган ишиңердин кабарын билдирет. Чынында Ал—көкүрөктөгү сырларды Билүүчү

[8] Эгер инсанды бир зыян кармаса, Раббисине гана кайткан абалда дуба кылат. Кийин (Аллаһ) Өзү тарабынан ага нээмат (зыяндан арылуу) берсе, жаңы эле Ага дуба кылган нерсени унутуп, (өзүн жана башкаларды) азгыруу үчүн Аллаһка теңдеш-шерик келтире баштайт. (Аларга) айткын: «Каапырчылыгың менен бир аз пайдаланып тур. (Бир аздан кийин Кыямат келгенде) сен тозок элдеринен болосуң

[9] Же болбосо, (ушул мушрик), Раббисинин ырайымынан үмүткер болуп, Акыреттен коркуп түн ичинде (намазда) турган, сажда кылган абалдагы (Аллаһка) моюн сунуучу киши менен тең боло алабы? Айт: «Билимдүү адамдар менен билимсиз адамдар тең боло албайт. Чынында (Аллаһты жана Акыретти) акылдуу адамдар гана эскеришет

[10] Менин ыймандуу пенделериме айткын: «Раббиңерден корккула! Ушул дүйнөдө жакшылык (амалдарын) жасагандар үчүн (Акыретте андан абзел) жакшылык бар. Жана Аллаһтын жери кенен.! Албетте, Ал сабырдуу момундарга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет

[11] Айт: «Мен дин-ибадатты Аллаһтын Өзүнө гана калыс кылууга буюрулдум

[12] Жана мусулмандардын алдыңкысы болууга буюрулдум»

[13] Айт: «Эгер мен Раббиме (ширк келтирүү менен) күнөө кылсам Улуу Күндүн азабынан коркомун!»

[14] Айт: «Аллаһтын Өзүнө гана динимди калыс кылган абалда ибадат кыламын

[15] (Эй, мушриктер!) Силер дагы Өзүнөн башка каалаган «кудайыңарга» ибадат кыла бергиле» Айт: «Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу - ушул

[16] Алар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллаһ Өз пенделерин ушу менен коркутат. О, пенделерим! Менден гана корккула

[17] Ал эми, Тагутка! ибадат кылбай, Аллаһтын Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер

[18] Алар сөздү угуп эң мыктысын? ээрчишет. Алар — Аллаһ Туура Жолго баштаган кишилер. Ошолор гана акылдуу кишилер

[19] (О, Мухаммад!) азап сөзү акыйкат болуп (тагдырына жазылып) калган адамды (сен Туура Жолго баштай алар белең?!) Сен тозоктогу адамды куткарып кала алар белең

[20] А, бирок, Раббилеринен такыба кылган адамдарга (Бейиште) кабат-кабат курулган бөлмөлөр бар, алардын түбүнөн дарыялар агып турат. (Бул) Аллаһтын убадасы. Аллаһ убадасына кыянат кылбайт

[21] Көрбөй жатасыңбы, Аллаһ асмандан суу түшүрүп, аны жер боорундагы булактарга жолдоп койду. Анан аны менен ар түрдүү түстөгү өсүмдүктөрдү чыгарат. Кийин (ал өсүмдүктөр) кургайт. Сен алардын саргарып калганын көрөсүң. Кийин (Аллаһ) аларды кургак чөпкө айлантат. Чынында бул нерседе акылдуу адамдар үчүн эскерме-сабактар бар

[22] Аллаһ көкүрөгүн Исламга ачып, (натыйжада) ал Раббисинен берилген Нур-хидаяттын үстүндө болгон адам (таш жүрөк адам менен теңби?) Аллаһты эскерүүдөн жүрөктөрү таш болуп калгандарга өлүм болсун! Алар анык адашууда

[23] Аллаһ эң мыкты сөздөрдү бири-бирине окшош жана (аяттары) кайталанып келген Китеп сүрөтүндө түшүрдү. Ал Китептен (аны окугандан жана уккандан) Раббисинен корккон пенделердин терилери титирейт. Анан терилери жана жүрөктөрү Аллаһты эстегенге жумшап калат. Бул Аллаһтын Хидаят (Туура Жол) бергени. Аллаһ Өз Хидаяты менен каалаган пендесин Туура Жолго баштайт. Ал эми, Аллаһ кимди адаштырып койсо, ал үчүн Туура Жолго баштоочу табылбайт

[24] Кыямат Күнү жаман азаптан бетин калкалаган адам (Аллаһ Хидаят берген адамга окшойбу?) (Ошол Күнү) заалымдарга «Өзүңөр жасаган (күнөө) иштерди (н азабын) таткыла!» деп айтылат

[25] Алардан мурунку (каапыр) адамдар дагы (динди) жалганга чыгарышкан. Анан аларга өздөрү сезбеген тараптан азап келген

[26] Ошентип, Аллаһ аларга бул дүйнө жашоосунда кордук (азабын) таттырды. Ал эми, Акырет азабы эгер билишсе, (мындан да) катуураак

[27] Биз бул Кураанда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Кана эми (көбүрөөк Аллаһты) эстешсе

[28] Араб тилиндеги Кураан шекилинде, эч бир катасы жок абалда (түшүрдүк) Кана эми, такыба кылышса

[29] Аллаһ бир (кул) кишини мисал келтирет: Аны талашкан көп кожоюндары бар. Дагы бир (кул) киши бир гана кожоюнга моюн сунат. Экөөсүнүн мисалы окшошпу?! Аллаһка мактоолор болсун! Жок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт

[30] (О, Мухаммад!) Сен да өлөсүң, алар дагы өлүшөт

[31] Кийин силер Кыямат Күндө Раббиңердин алдында талашасыңар

[32] Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөн жана өзүнө келген убакытта Чын Сөздү (Кураанды) «жалган» деген пендеден көбүрөөк заалым болгон ким бар?! Тозокто каапырларга орун жок бекен

[33] Ал эми, Чын Сөздү алып келген адам менен аны тастыктаган адам(дар).., Дал ошолор гана такыба пенделер

[34] Аларга Раббисинин алдында (Бейиште) көңүлү көксөгөн нерселер бар. Бул - жакшы амал кылгандардын сыйлыгы

[35] Андыктан, Аллаһ алардын жаман (күнөө) иштерин өчүрүп, жасаган жакшы иштерине жараша сыйлык берет

[36] Пендесине Аллаһтын Өзү жетиштүү эмеспи? (О, Мухаммад!) Алар сени Аллаһтан башкасы менен коркутушат. Аллаһ кимди адаштырып койсо, аны эч ким Туура Жолго баштай албайт

[37] Ал эми, Аллаһ кимди Туура Жолго баштаган болсо, аны эч ким адаштыра албайт. Аллаһ Кудуреттүү, (мушриктерден) өч алуучу эмеспи

[38] Сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллаһ»-деп даана айтышат. Айткын: «Эми мага кабар бергилечи, эгер Аллаһ мага бир зыян жеткирсе, Аллаһтан башка силер дуба кылып жаткан кудайыңар Анын зыянын (менден) арылта алабы? Же болбосо, Аллаһ мага бир ырайым(ын) ыраа көрсө, Анын (бул) ырайымын алар токтото алабы?» Айткын: «Мага Аллаһ жетиштүү (Жардамчы). Тобокел! кылуучулар Өзүнө тобокел кылышат

[39] Айткын: «Эй, (мушрик) коомум! Билгениңердей амал (ибадат) кыла бергиле. Мен дагы (өзүм билгендей) амал кылуучумун. Тез арада билип аласыңар —

[40] кимге кор кылуучу азап (ушул дүйнөдө) келишин жана кимге (Кыяматта) үзгүлтүксүз азап болушун

[41] Биз адамдар үчүн арналган китепти, Акыйкат менен сага түшүрдүк. Ким аны ээрчисе-өзүнө пайда. Ал эми ким адашса- ал өзүнүн зыянына. Сен аларга кароолчу эмессиң

[42] Аллаһ жандарды өлүм убактысында алат. Өлбөгөндөрдүкүн уйкусунда алат. Анан ага (өлүмдү) өкүм кылган жандарды кармап калат жана башкаларын белгилүү убакытка (ажалы жеткенге) чейин (денелерине кайра) коюп жиберет. Албетте бул нерседе пикир кылган элдер үчүн (Аллаһтын кудуретине) анык белгилер бар

[43] Же болбосо, (мушриктер) Аллаһтан башка (кудайларды) шапаатчылар кылып алыштыбы?! Айткын: «Эгер акылы жок жана эч нерсеге кожоюн болбосо делеби?»

[44] Айткын: «Бардык шапаат Аллаһка таандык. Асмандар менен жердин падышалыгы да Аныкы. Кийин бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар

[45] Эгер Жалгыз Аллаһ эскертилсе, Акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү сыгылып калат. Ал эми Андан башка «кудайлары» эскертилсе, ошол замат сүйүнүп калышат

[46] Аткын: «О, Аллаһым! Асмандар менен жердин Жаратуучусу! Кайып менен аныкты Билүүчү! Пенделериңдин арасындагы талашып жаткан нерселерде Өзүң гана өкүм кыласың!”

[47] Эгер заалым (каапыр) адамдардын колунда жер бетинин бүт байлыгы жана аны менен дагы ошончосу болсо да, аны Кыямат Күндөгү катуу азап барабарына (андан кутулуу үчүн) төлөп жиберишет. Жана Аллаһ тарабынан аларга, ойлоруна да келбеген (азаптуу) нерселер көрүнөт

[48] Жана аларга жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы көрүнүп, аларды (дүйнө жашоосунда) мазактаган нерселери (тозок оту) ороп калат

[49] Эгер инсанды (бир) зыян кармаса, (ыклас менен) Бизге дуба кылат. Кийин Өзүбүз ага нээмат берсек (азаптан куткарсак): «Мен буга өз илимим себептүү жеттим» дейт. Жок, бул-сыноо. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт

[50] Муну алардан мурунку (мушрик) адамдар деле айткан. Бирок, жасаган иштери аларга (азап келгенде) пайда бербеди

[51] Кийин жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы өздөрүнө (кайгы болуп) жетти. Ал эми, мына булардан (Макка мушриктеринен) турган заалым кишилерге да, жасаган иштеринин жамандыгы тез эле (кайгы болуп) жетет. Жана алар (азап-кайгы келгенде) кутулуп кете алышпайт

[52] Алар билишпейби, Аллаһ каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Албетте бул нерседе ыймандуу адамдарга далилдер бар

[53] (О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаһтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаһ бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу

[54] Раббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообаңар кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла

[55] Жана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени — Кураанды ээрчигиле

[56] (Ар бир) жан: «Аллаһ(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!»-деп (бушайман чегип) калышынан мурун

[57] же болбосо, «Эгер Аллаһ мени Туура Жолго баштаса, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин»-деп калышынан мурун

[58] же болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо, Аллаһка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» деп калышынан мурун (Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн Кураанды ээрчип, соопко иштеп калгыла!) (Ошондо Аллай бушайман чеккен каапырга мындай дейт)

[59] «Жок! Сага Менин аяттарым келгенде, аларды «жалган» деп, текеберленип, каапырлардан болгонсуң!»

[60] (О, Мухаммад!) Сен Кыямат Күнү Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөндөрдү, беттери карарган абалда көрөсүң. Текеберленген (каапыр) адамдарга тозокто орун жок бекен

[61] Аллаһ такыба кишилерди (Кураан менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт

[62] Аллаһ— бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал — бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу

[63] Асмандар менен жердин ачкычтары Ага таандык!! Аллаһтын аяттарына каапыр болгон адамдар гана анык зыян тартуучулар

[64] Айт: «Эй, наадандар! Силер мени Аллаһтан башкага ибадат кылууга буюрасыңарбы?!»

[65] Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!»-деп вахий кылынды

[66] Жок! Сен Аллаһтын Өзүнө гана ибадат кыл жана шүгүр кылуучулардан бол

[67] Алар Аллаһты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик

[68] (Ал Күнү) Сур (кернейи) тартылды. Натыйжада асмандарда жана жерде жашагандардын, Аллаһ каалагандан башка бардыгы мүрт кетти. Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат

[69] Жер Өз Раббисинин Нуру менен жаркын болду, (пенделердин бардык иштери жазылган) Китеп(тер ар биринин алдына) коюлду жана пайгамбарлар менен (башка) күбөлөр алып келинди.? Жана алардын (бардык элдердин) ортосунда акыйкат менен өкүм кылынды. Алар(дан эч бирине) зулум кылынбайт

[70] Ар бир жанга өзүнүн жасаганы(на жарашасы) гана толук берилди. Ал алар жасаган иштерди эң жакшы Билүүчү

[71] (Анан) каапыр болгон адамдар тобу менен тозокко айдалды. Качан ага келишкенде, эшиктери ачылып, тозок корукчулары «Силерге өзүңөрдүн араңардан, ушул күнүңөргө жолугууну эскерткен жана Раббиңердин аяттарын окуп берген пайгамбарлар келбеди беле?»-дешет. «Жок, келген - дешет алар - бирок, азап сөзү (өкү-мү) каапырларга акыйкат (жаза) болду»

[72] (Аларга) айтылды: «Түбөлүк кала турган тозок эшиктерине киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман

[73] Ал эми, Раббисинен корккон (такыба) адамдар тобу менен Бейишке алып барылды. Качан Бейишке жетип, эшиктери ачылганда, анын корукчулары айтты: «Силерге (Аллаһтан) салам болсун! Кош келиңиздер! Эми Бейишке түбөлүк жашоочу болуп киргиле!»

[74] (Такыбалар) айтышты: «Убадасын чындап аткарган жана бизге ушул жерди (түбөлүк) мураска берген Аллаһка мактоолор болсун! Биз Бейиштен каалаган орундарга түшөбүз! (Жакшы) амал кылуучулардын сыйлыгы кандай сонун!»

[75] Жана сен периштелерди Раббисине мактоо - тасбихтерди айтып, Арштын айланасында турганын көрөсүң. (Ал Күнү) алардын (бардык пенделердин) арасында акыйкаттык менен өкүм кылынды жана «Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун» деп айтылды

Гаафир

Surah 40

[1] Хаа. Мийм

[2] (Бул) Китептин түшүүсү, Кудуреттүү, Илимдүү ‚ Аллаһ (Таала) тарабынан болду

[3] (Ал) күнөөнү кечирүүчү, тообаны кабыл кылуучу, азабы катуу жана ихсан-пазилеттүү. Эч бир Кудай жок, жалгыз Өзү бар! Кайтып баруу - Өзүнө

[4] Аллаһтын аяттарында каапыр болгондор гана талашышат.” (О, Мухаммад!) алардын шаарларды кезип жүрүшү сени азгырып койбосун

[5] Алардан илгери Нухтун (каапыр) коому, алардан кийинки (каапыр) жамааттар дагы (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен. Ар бир эл өз пайгамбарын өлтүрүүгө ниеттенген жана жалгандары менен Акыйкатты жеңип алабыз дешип талашып-тартышышкан. Анан Биз аларды (апаат-балээ менен) «кармап койдук». Менин жазалоом кандай болгон

[6] Каапырларга Раббиңдин Сөзү (азабы) ушинтип акыйкат (жаза) болгон. Чынында алар тозок элдеринен

[7] Аршты көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин мактап тасбих айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыймандуу пенделерге Аллаһтан кечирим сурап (мындай дуба кылышат): «О, Рабби! Ар бир нерсени ырайымың жана илимиң менен камтып турасың! (Сага) тооба кылып, Сенин жолуңа ээрчиген (момун) пенделериңдин күнөөлөрүн кечире көр?! Аларды тозок азабынан сакта

[8] О, Жараткан! Аларды жана алардын ата-бабаларынан, жубайларынан жана урпактарынан салих (таза) болгондорун Өзүң аларга убада кылган "Адн" бейишңе киргиз! Чынында, Сен Кудуреттүү, Даанышмансың

[9] Аларды жамандыктардан сакта! Сен бүгүнкү (Кыямат) Күнү кимди жамандыктардан сактаган болсоң, ага ырайым кылыптырсың! Бул деген эң улук жеңиш!»

[10] Чынында, каапыр адамдарга бийик добуш менен айтылат: «(Азыр) өзүңөрдү-өзүңөр жек көргөндөн, Аллаһтын жек көрүүсү улугураак! Бир кезде силерди ыйманга чакырылганда каапыр болдуңар

[11] (Каапырлар) айтышты: «О, Рабби! Сен бизди эки ирет өлтүрүп, эки ирет тирилттиң!! Биз күнөөбүздү мойнубузга алабыз! (Бул тозоктон) чыгууга жол барбы?!» («Жол жок» деп айтылат аларга)

[12] «Мунун себеби, силерди Аллаһтын Өзүнө (эч нерсени шерик кошпой ибадат кылууга) чакырылганда каапыр болгонсуңар жана Ага шерик кошулса, (ошол жалган кудайга) ыйман келтиргенсиңер! (Бүгүн) өкүм эң Улук, эң Жогорку Аллаһка таандык!»

[13] (Эй, инсандар!) Ал силерге Өзүнүн (кудуретинин) белгилерин көргөзүп, силер үчүн асмандан ырыскы түшүргөн Зат. (Муну) Аллаһка кайткан адамдар гана эскеришет

[14] Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллаһка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла

[15] (Силердин Кудай) Бийик даражалуу жана (Улук) Арштын Кожоюну! Ал пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга жолугушуу Күндөн эскертүү үчүн, Өз буйругу менен вахий түшүрөт

[16] Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллаһтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Жеңүүчү Аллаһтын Колунда

[17] Ал Күндө ар бир жан өзү жасаган ишине жараша гана жаза алат. Ал Күндө зулум жок. Чынында Аллаһ тез Эсептешүүчү

[18] (О, Мухаммад!) Сен аларды (ошол) жакын Күн менен коркут. Анда жүрөктөр алкымга тыгылып, (адамдар сөздөрүн) ичине жуткан абалда (болушат)! Заалымдарга эч бир боорукер, эч бир шапааты кабыл алынган актоочу болбойт

[19] (Аллаһ) көздөрдүн (арам нерсеге) жашыруун назар салышын да, жүрөктөр жашырган сырларды да билип турат

[20] Аллаһ акыйкат менен өкүм кылат. Ал эми, Аллаһтан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» эч нерсени өкүм кыла алышпайт. Чынында Аллаһ Өзү гана (бардык нерселерди) Угуучу, Көрүүчү

[21] (Мушриктер) жер жүзүн кезип, саякат кылып көрүшпөйбү? Ошондо алар өздөрүнөн мурунку (мушрик) адамдардын акыбети эмне болгонун көрүшмөк. Алар булардан күч-кубаттуураак жана жер бетинде калтырган (маданий, аскерий) издери көбүрөөк болгон. Анан Аллаһ аларды (ширк) күнөөлөрү себептүү кыйратып салды. Аларга Аллаһ тарабынан эч кандай сактоочу болбоду

[22] Мунун себеби: аларга өз пайгамбарлары анык аят-далилдер менен келгенде, каапыр болушкан. Анан Аллаһ аларды кыйраткан. Чынында, Ал Кубаттуу жана азабы катуу

[23] Биз Мусаны Өз аяттарыбыз жана анык далил менен жибердик

[24] Фираунга, Хааманга, Каарунга! (жана алардын каапыр жердештерине). Алар болсо (Мусаны) «сыйкырчы», «жалганчы» дешти

[25] Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта

[26] Фираун айтты: «Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниңерди (Муса) өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын»

[27] Муса айтты: «Мен Өзүмдүн жана силердин Раббиңер Аллаһка жалбарып, эсеп (Кыямат) күнүнө ишенбеген ар бир текебер заалым-дан коргоосун суранамын»

[28] (Ошондо) Фираундун туугандарынан болгон (жана) ыйманын жашырып жүргөн бир момун киши! айтты: «(Эмне, силер) «Раббим-Аллаһ» дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыңарбы?! Ал силерге Раббиңерден далил-баяндар алып келди го! Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз моюнуна! Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыңарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллаһ чектен чыккандарды, жалганчыларды Туура Жолго баштабайт

[29] О,коомум! Бүгүн бийлик силердин колуңарда. Жер бетинде жеңүүчү болуп турасыңар. Эгер Аллаһтын азабы келип калчу болсо, андан бизди ким куткара алат?!» Фираун айтты: «Мен силерге өзүмдүн пикиримден башка пикирди сунуш кылбаймын. Мен силерди Туура Жолго гана баштаймын.»

[30] Ыйман келтирген киши айтты: «О, коомум! Мен силердин башыңарга уюшкан топтордун күнүндөй күн түшүп калуусунан коркомун

[31] Нух коомунун, Аад, Самуд жана алардан кийинки (каапыр) элдердин иши (сыяктуу иш башыңарга түшүп калышынан коркомун!) Аллаһ эч качан пенделерге зулумду каалабайт

[32] О,коомум! Мен кыйкырышуу Күнүндө! силерге (азап болушунан) коркомун

[33] Ошол күнү (азаптан) кетенчиктеп качасыңар. (Бирок) силерге Аллаһ тарабынан эч бир жардамчы болбойт. Аллаһ кимди адаштырып койсо, аны Туура Жолго баштоочу жок

[34] Силерге мындан мурун Юсуф (пайгамбар) далил-баяндар алып келгенде да, ал алып келген динден такай шектенүүдө болгонсуңар. (Ал эми) качан ал өлгөндө «Аллаһ андан кийин эч качан пайгамбар жибербейт»-дедиңер. Аллаһ чектен чыккан, шекчил адамдарды ушинтип адаштырат

[35] Өздөрүнө (Аллаһ тарабынан эч кандай) далил келбесе деле, Аллаһтын аяттары жөнүндө талашып-тартышкандар, Аллаһтын алдында жана ыймандуу кишилердин алдында эң жек көрүндү болгон адамдар! Аллаһ ар бир текебер, зордукчул адамдын жүрөгүнө ушинтип мөөр басат!»

[36] Анда Фираун айтты: «О, Хааман! Мага (бийик) мунара кургунуң! Ажеп эмес мен жолдорго жетип барсам

[37] Асмандардын жолдоруна! Анан Мусанын кудайын (өз көзүм менен) көрөйүн. Мен ойлойм, ал (Муса) жалганчы болуш керек». Ошентип, Фираунга (шайтан тарабынан) өз ишинин жамандыгы кооз көргөзүлдү жана (Туура) Жолдон тосуп коюлду. Фираундун (бул) амалкөйлүгү чынында пайда бербеди

[38] Ыйман келтирген адам айтты: « О, коомум! Мени ээрчигиле! Мен силерди (Мусанын дини менен) Туура Жолго баштайын

[39] О,коомум! Чынында бул дүйнө жашоосу (убактылуу гана) пайдалануу! Чыныгы (түбөлүк жашоочу) орун-бул Акырет

[40] Ким бир күнөө иш жасаса, ошол ишине жараша гана жаза алат. Ал эми, эркек же болбосо аялдардан кимиси ыймандуу болуп, бир сооптуу иш жасаса Бейишке кирет (жана) анда (ага) эсепсиз ырыскы берилет

[41] О, коомум! Эмне үчүн мен силерди (тозоктон) кутулууга чакырсам, мени тозокко чакырып жатасыңар?!»

[42] Силер мени Аллаһка каапыр болуп, өзүм (кудай экенин) билбеген нерселерди Ага шерик кылууга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди кудуреттүү, кечиримдүү Кудайга (Аллаһка) чакырып жатамын

[43] Силер мени ага чакырып жаткан «кудайыңар» дүйнөдө да, Акыретте да чакырууга арзыбайт (дубаларды укпайт). Бардыгыбыз Аллаһка гана кайтабыз. Жана (Аллаһка душмандык менен) чектен чыккандар, дал ошолор тозок элдери

[44] Мен силерге айткан (бул) сөздөрдү тез аранын ичинде (Кыяматта) эскерип калаарсыңар. Мен ишимди Аллаһка тапшырамын. Чынында Аллаһ пенделерди(н ар бир кыймыл аракетин) көрүп туруучу!» (Фираун аны өлтүртмөк болду)

[45] (Бирок), Аллаһ алардын айла — амалдарынан аны сактап калды. Ал эми, Фираун менен анын элин коркунучтуу азап ороду

[46] Аларга (Фираун менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат.? Ал эми, Кыямат болгондо, (бир добуш): «Фираун элин эң катуу азапка киргизгиле!» (дейт)

[47] Ошондо алар тозокто туруп бири-бирине (күнөө тагып) далил айтышат. Алсыз (ээрчиген) мушриктер текеберленген (жетекчи) мушриктерге: «Биз силерге ээрчиген элек. Эми (бүгүн) силер бизден тозоктун бир үлүшүн болсо да арылта аласыңарбы!»-дешет

[48] (Анда) жетекчи мушриктер айтышат: «Бул жерде бардыгыбыз (алсызбыз). Пенделердин арасында Бир Аллаһтын Өзү гана өкүм кылат»

[49] Анан тозоктогулар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн (болсо да) азапты жеңилдетсин?!» дешти

[50] (Тозок кароолчулары) айтышты: «Силерге пайгамбарыңар (ушул күндөрдү эскерткен) анык далилдар менен келбеди беле?!». «Жок, келген» (дешти тозоктогулар. Анда тозок периштелери): «Өзүңөр сурагыла! Бирок каапырлардын дуба-тилектери текке кетет!»-дешти

[51] Чынында Биз пайгамбаларыбызга жана ыймандуу пенделерге, дүйнө жашоосунда да, күбөлөр (даяр болуп) турган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз

[52] Ал Күндө заалым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар

[53] Биз Мусага Хидаят-Туура Жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исрайил урпактарын мураскор кылып койдук

[54] (Ал Китеп) Туура Жолду жана акылдуу адамдар үчүн Зикир-эскертүүлөрдү (өз ичине камтыган)

[55] (О, Мухаммад! Мушриктерге) сабырдуу бол! Чынында, Аллаһтын убадасы-Акыйкат! Күнөөлөрүң үчүн Аллаһтан кечирим сурап, эртели-кеч Раббиңе мактоо жана тасбих айт

[56] Аллаһтын аяттары жөнүндө, өздөрүнө (эч кандай илахий) далил келбесе да, талашып-тартыша турган кишилердин жүрөгүндө текберленүүдөн башка эч нерсе жок.! Алар ага (чындыкка) жете албайт. Эми сен Аллаһтан коргоо тиле. Ал — Угуучу, Көрүүчү

[57] Аныгында, асмандар менен жерди жаратуу инсаниятты жаратуудан чоң нерсе. Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) билбей жатышат

[58] Жана (эч качан) сокур менен көздүү адам жана ыйман келтирип, салих амал кылгандар менен күнөөкөр (адамдар) тең боло албайт. (Адамдар Аллаһты) өтө сейрек эскеришет

[59] Чынында саат (Кыямат) анык келүүчү. Анда эч күмөн жок. Бирок, көп адамдар ыйман келтирбей жатышат

[60] Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет

[61] Аллаһ силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллаһ аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат

[62] Ушул Аллаһ — силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар

[63] Аллаһтын аяттарын тааныбай койгон адамдар ушинтип бурулуп кете беришет

[64] Аллаһ силерге жерди үй, асманды там кылып берди. Жана силерге шекил-сүрөт берип, эң мыкты келбеттүү кылып жаратты. Жана силерге (ар түрдүү) таза-пакиза ырыскыларды берди. Ушул Аллаһ силердин Раббиңер! Ааламдардын Раббиси Аллаһ Улук-Берекеттүү

[65] Ал (түбөлүк) Тирүү! Эч бир кудай жок, Бир Өзү гана бар! Демек. Дин ибадатты Бир Өзүнө арнап, Бир Өзүнө дуба кылгыла! Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоо(лор) болсун

[66] (О, Пайгамбар,) айткын: «Мага Раббим тарабынан анык баяндар (Кураан аяттары) келгенде, мен Аллаһдан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларга» ибадат кылуудан кайтарылдым жана ааламдардын Раббиси үчүн гана (жүрөгүм, бүт дене мүчөлөрүм менен) моюн сунууга буйрулдум

[67] Аллаһ силерди (оболу) топурактан, андан соң бир тамчы бел суудан, андан соң коюу кандан жаратты. Андан кийин бөбөк абалыңарда (жарык дүйнөгө) чыгарды. Андан кийин күч-кубатка толгон жашка жетишиңер үчүн, жана андан соң картайган (чал-кемпир) болуп калышыңар үчүн (муундан муунга өткөрдү.) Силерден кээ бирөөңөр (карылыктан) мурун өтүп кетишет. (Дагы бирөөңөр болсо) белгиленген мөөнөткө (картайып, анан өлүм табууга) жетишиңер үчүн (узун өмүр сүрөт). Кана эми акылыңарды иштетсеңер

[68] Ал тирилтет жана өлтүрөт. Эгер бир (чоң же кичине) ишти өкүм кылчу болсо, ага (карата) «бол!» деп айтат. Анан ал болуп калат

[69] Аллаһтын аяттары жөнүндө (далилсиз эле) талашып жаткан адамга карабайсыңбы! Каякка бурулуп баратышат

[70] Алар - Китепти (Кураанды) жана Биз пайгамбарларыбызга жиберген динди «жалган» деген адамдар! Жакында билип алышат

[71] Ошол Күнү алардын моюнунда сүйрөлө турган кишендер жана чынжырлар болот

[72] (тозоктогу) кайнак суу тарапка! Кийин (шайтандары менен кошо таңылып) тозокто куйкаланат

[73] Кийин аларга айтылат: «Шерик кылган «кудайыңар» кайда

[74] Аллаһтан башка? «Бизден жоголуп калды го! Жок, биз мурун аларга эч дуба (ибадат) кылган эмеспиз!» - дешет. Аллаһ каапырларды ушинтип адаштырат

[75] «Бул жер бетинде акыйкатсыздык (жалган дүйнө азгырыктары) менен корстон болгонуңардын жана текеберчилигиңердин (жазасы)

[76] (Эми) анда түбөлүк кала турган тозок эшиктеринен киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман!»

[77] (О, Мухаммад) сабыр кыл. Аллаһтын убадасы — Акыйкат! Аларга убада кылган азаптан кээ бирөөлөрүн сага көргөзөбүз, же болбосо, (аларга азап жибере электе) жаныңды алабыз. (Анда алардын азап тартканын Акыретте көрөсүң. Анткени бардыгы) Өзүбүзгө гана кайтарылышат

[78] Биз сага чейин (көп) пайгамбарларды жибердик. Алардын арасынан сага (Кураанда) баяндап бергенибиз да бар, баян кылып бербегенибиз да бар. Эч бир пайгамбар Аллаһтын уруксаты болмоюнча эч кандай моожиза келтире албайт!! Ал эми, качан Аллаһтын буйругу келгенде, акыйкат менен өкүм кылынат. Ошол жерде жалганчылар зыянга учурашат

[79] Аллаһ силерге (ар түрдүү) айбандарды жаратып (моюн сундуруп) берди. Алардын арасынан минишиңер үчүн (жаратканы бар). Алардын арасынан (этин) жешиңер үчүн (жараткандары бар)

[80] Ал айбандарда силер үчүн (көп) пайдалар бар. Жана аларга минип көңүлүңөрдөгү максат-муктаждыгыңарга жетишиңер үчүн алардын үстүнө жана кемелердин үстүнө (Аллаһтын пазилети менен) мингизип коюлдуңар

[81] Аллаһ силерге (кудуретинин) белгилерин көргөзүүдө. Аллаһтын кайсы аят-белгисин жокко чыгара алсыңар

[82] (Мушриктер) жер жүзүн кезип саякат кылышпайбы. Ошондо өздөрүнөн мурунку (каапыр) элдердин акыбети кандай болгонун көрүп алышмак. Алар булардан күч-кубаттуурак, жана жер бетинде калтырган (тарыхий-маданий) издери көбүрөөк эле! Бирок, жасаган өнөрлөрү аларга (Аллаһтын азабы келгенде) пайда бере албады

[83] Аларга пайгамбарлары далил-баяндар менен келгенде, өздөрүндөгү илим менен текеберлене сүйүнүшкөн (жана Бейиш-тозок жөнүндөгү кабарларды мыскылдашкан.) Анан аларды мыскылдаган нерселери (тозок оту) ороп алды

[84] Ал эми, качан Биздин азапты (өз көздөрү менен) көргөндө гана «Аллаһтын жалгыз Өзүнө ыйман келтирдик! Аллаһка шерик кошкон «кудайларыбыздан» кайттык!» деп (кокуйлап) калышты

[85] Бирок, Биздин азабыбызды көрүп калгандагы ыймандары аларга пайда бербеди! (Бул) (байыркы) пенделеринин арасында өткөн Аллаһтын (сыналган) Жолу. Каапырлар ошондо (азап келгенде) өлүмгө жолугушту

Фуссилат

Surah 41

[1] Хаа. Мийм

[2] (Бул) Ырайымдуу, Мээримдүү тарабынан түшүрүлгөн, (жана)

[3] (маанисин) билген адамдар үчүн аяттары арабча Кураан калыбында толук баяндалган (Китеп)

[4] (Бейиштен) куш кабар айтуучу, (тозоктон) кайгылуу кабар айтуучу (китеп). Бирок алардан (Курайш мушриктеринен) көпчүлүгү жүз үйрүп кетишти. Эми алар угушпайт

[5] Жана: «Силер бизди чакырып жаткан нерсе үчүн жүрөгүбүздө парда, кулагыбызда дүлөйлүк жана сен менен биздин арабызда тосмо бар! Сен (өз диниңде) ибадат кыл, биз дагы (өз динибизде) ибадат кылабыз» дешти

[6] Айткын: «Мен деле силер сыяктуу адаммын. (Болгон айырмабыз:) мага (Раббимден) вахий келет. Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Анын Өзүнө (ибадат кылуу менен) түз болгула! Жана Андан күнөөңөрдү кечиришин сурагыла! Мушриктерге өлүм болсун!»

[7] Алар Акыретке ишенбеген жана (ошол себептүү) зекетти да бербеген адамдар

[8] Чынында, (Акыретке) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган кишилер үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!»

[9] Айткын: «Силер жерди эки күндүн ичинде жараткан Аллаһка каапыр болосуңарбы?! Ага теңдеш-шериктерди кошосуңарбы?! Ал — ааламдардын (жалгыз) Жаратуучусуго!»

[10] Жана Ал жер үстүнө тоолорду жаратты, төрт күндүн ичинде жердеги ырыскы-жемиштерди толук өлчөп-ченеп, берекелүү кылып койду. (Бул) сурагандар үчүн

[11] Кийин (жаратуу үчүн) асман(дар) ды максат кылды!. Ал (асман) түтүн (болчу). Анан ага жана жерге: «Моюн сунсаңар да сунбасаңар да Мага (менин буйругума) келгиле!»-дегенде, алар: «Моюн сунган абалда келдик»-дешти

[12] Анан (дагы) эки күндүн ичинде жети асманды(н жаралышын) бүтүрдү жана ар бир асманга өз ишин вахий (дайын) кылды. Жана Дүйнө Асманын чырактар менен кооздодук. (Жана ал жылдыздарды жин-шайтандардан) коргоочу (кылдык). Бул (жаратылыштар) Илимдүү, Кудуреттүү Аллаһтын тагдыры

[13] Эгер (мушриктер дагы эле) жүз үйрүсө, айткын: «Мен силерди Аад жана Самуддун азабы сыяктуу азаптан эскерттим!»

[14] Бир кезде аларга пайгамбарлар биринин артынан бири келип: «Аллаһтан башкага ибадат кылбагыла!» (дегенде) «Эгер Раббибиз кааласа, периштелерди (пайгамбар кылып) түшүрмөк. Албетте, биз силер алып келген Динге ишенбейбиз. (Анткени, адамдан пайгамбар чыгышы мүмкүн эмес)» дешти

[15] Ал эми, Аад (уруусу) болсо, акыйкатсыздык (зордук-зомбулук) менен жер жүзүндө текеберленип: «Бизден күч кубаттуу эч ким жок!» дешти. Алар өздөрүн жараткан Аллаһ алардан күчтүүраак экенин билишпеди бекен?! Алар (ошентип) аяттарыбызды четке кагып коюшту

[16] Кийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн бактысыз күндөрдө катуу добул шамалды жибердик! Акырет азабы андан да кордоочураак! (Ал Күнү) аларга эч жардам берилбейт

[17] Ал эми Самуд (элдерине) Биз (Салих пайгамбар аркылуу) Хидаят берсек, Хидаят-Туура Жолдон сокурлукту абзел көрүштү. Анан аларды жасаган күнөө иштери себептүү кордук азабынын чагылганы урду

[18] Биз ыйман келтирип, такыба болгон кишилерди куткарып калдык

[19] Ал эми, Аллаһтын душмандары тозок тарапка чогултулуп, тизип коюлган күнү

[20] Тозокко (жакын) келишкенде («Биз күнөө кылган эмеспиз!» деп тана башташат. Ошондо) алардын зыянына көздөрү, кулактары жана терилери, жасаган (күнөө) иштерине күбөгө өтүшөт

[21] Анда алар терилерине: «Эмне үчүн биздин зыяныбызга күбөлүк бердиңер?»-дешет. (Терилери жана башка дене мүчөлөрү) айтат: «Ар кандай нерсени сүйлөтө алган Аллаһ бизди да сүйлөттү. Ал силерди биринчи ирет (жоктон бар кылып) жараткан. Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар»

[22] Силер (эй, күнөөкөр адамдар!) Өзүңөрдүн зыяныңарга кулагыңар, көзүңөр, териңер күбөлүк беришинен (дүйнөдө) жашынбайт элеңер. (Анткени), жасаган ишиңерден көпчүлүгүн Аллаһ билбей калат деп ойлогонсуңар

[23] Раббиңерге күмөн санаган ушул ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар

[24] Эгер (азапка) чыдай алса, тозок-алардын жайы. Эгер (Дүйнөгө) кайтарууну сурашса кайтарылуучу болушпайт

[25] Биз аларга (Кураанды четке каккандан кийин жин-шайтандардан) «досторду» даярдап койгон элек. Анан алар (шайтандар) буларга алды-артындагы күнөөлөрдү кооздоп көргөзгөн. (Натыйжада) өздөрүнөн мурда өткөн (каапыр) инсандар жана жиндердин катарында алардын башына да сөз (азап) келиши акыйкат болуп калды. Чынында, алар зыян тартуучу болушту

[26] Каапыр адамдар (бири-бирине): «Кураанды укпагыла! (Эгер капыстан угуп калсаңар) аны жеңип, жогору келишиңер үчүн маанисиз сөздөрдү сүйлөп таштагыла!»-дешти

[27] Биз каапырларга сөзсүз катуу азап таттырабыз Жана өздөрү жасаган (жаман) иштен да жаманыраак жаза менен жазалайбыз

[28] Мынакей, Аллаһ душмандарынын жазасы — тозок! Биздин аяттарыбызды (мыскылдап) четке каккандарынын жазасына алар үчүн тозокто түбөлүк орундар бар

[29] (Каапыр жолбашчыларды ээрчип) каапыр болгон адамдар (тозокто туруп): «О, Рабби! Бизге азгырган адамдарды жана жиндерди көргөз! Биз аларды кордолгондордон болушу үчүн тамандарыбыз менен эзип-жанчып таштайлы!» дешти

[30] «Раббим-Аллаһ» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген Бейиш менен сүйүнгүлө

[31] Биз дүйнө жашоосунда да, Акыретте да силердин жакын досуңар болобуз. Силер үчүн Бейиште көңүлүңөр каалаган нерселер бар! Силер үчүн ал жерде тилеген бардык нерсе бар

[32] Ырайымдуу, Кечиримдүү (Аллаһ) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет)

[33] Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллаһка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!»-деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар

[34] Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат

[35] Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет

[36] Эгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллаһтан коргоо тиле!? Чынында Ал - Угуучу, Билүүчү

[37] Күн, Ай, күндүз жана түн Аллаһтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллаһка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор

[38] Эгер (Аллаһка ибадат кылуудан) текеберленишсе, (билип коюшсун: Аллаһ алардын ибадатына муктаж эмес!) Раббиңдин алдындагы (сан-санаксыз) периштелер, күнү-түнү (тынбай) жана чарчап-чаалыкпай Ага тасбих айтышат

[39] Аллаһтын (кудуретинин) белгилеринен дагы бири, сен жерди куп-кургак (өлүк сыяктуу кунарсыз) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрсөк козголуп, көөп чыгат (жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өндүрө баштайт). Жерди (ушинтип) тирилткен Кудай өлүктөрдү да тирилте алат. Ал ар кандай нерсеге Кудуреттүү

[40] Биздин аяттарыбызга мулхид! болгон адамдар Бизден жашына алышпайт! (Мулхид болуп) тозокко ташталган адам жакшыбы же Кыяматта аман-эсен келе турган адамбы? (Эй, мушриктер, бардыгын угуп-билип алдыңар. Эми) каалаган ишиңерди жасай бергиле! Чынында, Ал силердин (бардык) ишиңерди Көрүүчү

[41] Өздөрүнө келген убакытта Зикирге (Кураанга) каапыр болгон адамдар (катуу азапка дуушар болушат) Чынында, ал Ыйык Китеп. (Анткени)

[42] Анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал (Кураан) Даанышман, Макталган (Аллаһ) тарабынан түшүрүлгөн

[43] Сага мурунку пайгамбарларга айтылган сөздөрдөн ашыкча сөз айтылган жок.?° Чынында, Сенин Раббиң (тооба кылгандарды) Кечиримдүү жана (каапырларды) Азаптоочу

[44] Эгер Биз аны арабча эмес Кураан кылганыбызда (араб мушриктери): «Анын аяттары түшүнүктүү болсо болмок! Арабча эмес бекен?! (Мухаммад өзү) араб эмес беле?!» дешмек. Айткын: «Бул (Кураан) ыймандуу адамдарга Туура Жол жана шыпаа, ал эми кулактарында дүлөйлүк бар (себептүү) ага ыйман келтирбеген адамдар үчүн сокурлук (болот). Алар алыс жерден чакырылган адамдар (сыяктуу Кураанды угушпайт)»

[45] Биз Мусага да Китеп (Тоорат) берген элек. Алар (Мусанын эли) анда бир пикирге келише албай (бир бөлүгү ыйман келтирип, бир бөлүгү каапыр болуп) калышты. Эгерде, Раббиң тарабынан алдын ала айтылган («Алар Кыяматта азап тартышат» деген) Сөз болбосо, алардын арасында (эчак эле) өкүм чыгарылмак. (Башкача айтканда, каапырлардын башына азап түшүп, кырылып калмак. Себеби,) алар (Тоораттан) катуу шектенүүдө болушкан

[46] Ким салих амал кылса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян! Сенин Раббиң пенделерге зулумкер эмес

[47] Кыяматтын илими Өзүнө гана кайтарылат.! Өз бүчүрүнөн чыга турган бардык мөмөлөр, бардык ургаачылар боюна көтөргөн жана төрөгөн нерселер Анын гана илими менен (камтылган)! Ошол (Кыямат) Күнү (Аллаһ) аларга: «Менин «шериктерим» кана?!» (дегенде) алар: «Биздин арабызда (Сенден башканын кудай экенине) күбө жок экенин Сага билдиребиз» дешти

[48] Жана буга чейин (Дүйнө жашоосунда) ага дуба кылган «кудайлары» алардан жоголуп, өздөрүнө куткаруучу жок болуп калганын анык билишти

[49] Инсан (өзүнө) жакшы дуба-тилек кылуудан эч чарчабайт. Эгер ага бир жамандык жетип калса, дароо мүңкүрөп, үмүтсүз болуп калат

[50] Эгерде ага жеткен кайгыдан соң Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, «Мен ушуга татыктуу элем. Кыямат болушуна да күмөнүм бар. Эгер (Кыямат чын болуп) мен Раббиме кайтарылган күндө деле, Анын алдында мага жакшылыктар (Бейиш) болот!» деп айтаары бышык. Биз каапыр болгон адамдарга жасаган иште-ринин кабарын берип, аларга катуу азап(тын «даамын») таттырабыз

[51] Эгер Биз инсанга нээмат берип койсок, (Бизден) жүз буруп, көөп, бой көтөрүп калат. Ал эми, бир жамандык жетип калса, узун-узун дубаларды окуп калат

[52] Айткын: «(Эй, мушриктер), айткылачы мага, эгер (Кураан) Аллаһтын алдынан (келгени чын) болуп, силер ага каапыр болсоңор, Аллаһка түбөлүк душмандыкта болгон кишиден көбүрөөк адашкан ким бар

[53] Биз аларга анын (Кураандын) акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз. Раббиңдин ар нерседен Кабардар, Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи

[54] Көңүл бургула! Алар Раббисине жолугуудан күмөндө болушууда! Көңүл бургула! Чынында ал ар бир нерсени (Өз илими менен) Камтуучу»

Шура

Surah 42

[1] Хаа, Мийм

[2] Айн, Сийн, Кааф

[3] Кудуреттүү, Даанышман Аллаһ сага жана сенден мурунку пайгамбарларга мына ушинтип вахий түшүрөт

[4] Асмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук

[5] (Мушрик коомдун ширк күнөөсүнүн оорлугу себептүү) үстүндөгү асмандар жарылып кеткидей болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллаһ(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу

[6] Аллаһтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллаһ сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (О, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң

[7] Биз сага Уммул Курааны(н элин)! жана анын айланасындагы элдерди, шексиз, күмөнсүз Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Кураанды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү Бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат)

[8] Эгер Аллаһ кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Заалымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок

[9] Же алар Аллаһдан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы - бул Аллаһ! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал- бардык нерсеге Кудуреттүү

[10] Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү- Аллаһка! Ушул Аллаһ менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын

[11] (Аллаһ-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуп-тарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллаһка) эч нерсе окшобойт. Ал - Угуучу, Көрүүчү

[12] Асмандардын жана жер (казынасынын) ачкычтары бир Өзүнүн колунда. Каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал бардык нерсени Билүүчү

[13] Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Ыйсага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле»-деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллаһ ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдоп коёт

[14] Алар өздөрүнө (Аллаһ тарабынан) илим (Тоорат, Инжил) келгенден кийин гана, өз ара көралбастыктан улам бөлүнүп кетишти.! Жана эгер Раббиң тарабынан алдын ала айтылган «белгилүү мөөнөткө чейин (азабы кечиктирилет) деген» Сөз болбогондо (каапырлар кыйратылып) алардын арасы (эчак эле) ажырым кылып коюлмак. Алардан кийин Китепке мураскор кылынган урпактар деле Андан (Тоораттан, Инжилден) катуу шектенүүдө болушту

[15] Ошондуктан, эми сен (үммөтүңө бекем) даават кыл, өзүңө буюрулгандай түз бол жана алар (каапырлар, мунафыктыр) каалаган жолдорду ээрчибе! Сен: «Аллаһ түшүргөн (ар бир) китепке ыйман келтирдим жана силердин араңарда адилет кылууга буюрулдум. Аллаһ менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Бизге өз амал-ибадаттарыбыз, силерге да өз амал- ибадатыңар. Биз менен силердин араңарда (айтылбаган) далил калбады. Аллаһ биздин арабызды (Кыяматта) чогултат. Кайтуу Анын Өзүнө»- дегин

[16] Аллаһтын динине (оң) жооп берилгенден (чындыгы тастыкталгандан) кийин (дагы эле) Аллаһ жөнүндө далилдешип (талашып-тартышып)? жүргөн адамдардын далилдери Раббисинин алдында жалган. Аларга (Аллаһ тарабынан) каар-казап жана катуу азап бар

[17] Аллаһ Китепти жана Адилеттикти акыйкаттык менен түшүргөн. (О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болсо ажеп эмес

[18] Кыяматка ишенбеген каапырлар аны(н келишин) шаштырышат. Ыймандуулар болсо, андан коркушат жана анын Акыйкат экенин билишет. Көңүл бургула, чынында Кыяматтан шектенгендер катуу адашууда

[19] Аллаһ пенделерине Боорукер. Каалаган пендесине ырыскы берет. Ал Кубаттуу, Кудуреттүү

[20] Ким Акырет сыйлыгын кааласа анын сооп-сыйлыгын көбөйтөбүз. Ал эми, ким дүйнө сыйлыгын кааласа, андан (каалашынча) беребиз, бирок ага Акыретте (Акыреттик сыйлыктан) насип болбойт

[21] Же болбосо алардын (Аллаһка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллаһ уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?!! Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) таамай сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында заалымдарга жан ооруткан азап бар

[22] Сензаалым (каапыр) адамдарды жасаган (күнөө) иштеринен (келчү азаптан) коркуп, жалдыраган абалда көрөсүң. Ал (азап) аларга түшүүчү! Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылган адамдар, Бейиш бактарында болушат. Аларга Раббилеринин алдында каалаган нерселери даяр. Бул улук пазилет

[23] Булар Өзүнүн ыймандуу жана салих амал кылган пенделерине Аллаһ сүйүнчүлөгөн куш кабар. (О, Мухаммад!) Айткын: «Мен ал (Кураан үйрөткөнүм) үчүн силерден акы сурабаймын. (Аллаһка) жакын болуудагы (өз ара) сүйүүнү гана сураймын». Ким жакшылык жасаса, Биз анысына дагы көп жакшылыктарды кошумча кылабыз. Чынында, Аллаһ (күнөөлөрдү) Кечирүүчү (жана жакшылыктарга) Шүгүр кылуучу

[24] Же болбосо, (мушриктер «Мухаммад) Аллаһка доомат кылды»-дешеби?! Эгер Аллаһ кааласа, жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллаһ (вахий менен) жалганды өчүрөт. Жана Өз сөздөрү менен Акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү

[25] Аллаһ Өз пенделеринен тообаны кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат

[26] Жана Ал ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдарга (дубаларын кабыл алуу менен) жооп берет жана аларды Өз пазилетинен аларды(н сообун) көбөйтөт. Ал эми, каапырларга катуу азап бар

[27] Эгер Аллаһ пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдукка берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө түшүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар

[28] Ал (пенделерине) үмүтсүз болуп калгандарынан кийин жамгыр жаадырып, Өз ырайымын таратат. Ал Макталган Дос

[29] Асмандар менен жерди жаратканы жана ал экөөнө жаныбарларды таратканы Анын (кудуретинин) белгилеринен. Өзү каалаган убакытта аларды чогултуп алууга Кудуреттүү

[30] Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллаһ көпчүлүктөн (күнөөсүн) кечирет

[31] Жана силер жер бетинде (Аллаһты) алсыз калтыра албайсыңар. (Ошондуктан) силерге Аллаһдан башка не бир дос, не бир жардамчы жок

[32] Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири) деңиздеги тоо сыяктуу кемелер

[33] Эгер (Аллаһ) кааласа, шамалды токтотуп коёт. Анан (ал) кемелер деңиз бетинде токтоп калышат. Албетте бул нерседе ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу пенделер үчүн белгилер (сабактар) бар

[34] Же болбосо, ал кемелерди (жүргүнчүлөрү) жасаган (күнөө) иштер себептүү кыйроого учуратат. (Бирок) Ал көп адамдарды(н күнөөсүн) кечирип (аман-эсен жээкке чыгарып) жиберет

[35] Биздин аяттарыбыз жөнүндө талашкан адамдар билип алышсын: аларга (Аллаһтын кудуретинен) кутула турган жер жок

[36] Силерге берилген нерселердин бардыгы дүйнө жашоосунун (убактылуу) пайдасы. Ал эми, ыймандуу жана Раббисине тобокел кылган кишилер үчүн Аллаһтын алдындагы сыйлыктары жакшы жана түбөлүктүү

[37] Алар чоң күнөөлөрдөн жана бузук иштерден сактанып жүрүшөт. Эгер ачуусу келсе, (ичине жутуп, ачуусун келтиргендерди) кечирет

[38] Алар Раббисине (ар дайым) жооп беришет! жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат

[39] Жана алар өздөрүнө зулум жетсе (заалымга каршы баш көтөрүп) жеңишке жете турган кишилер

[40] Жамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллаһ берет. Чынында, Аллаһ заалымдарды сүйбөйт

[41] Ким өзүнө зулум көргөзүлгөндөн кийин (заалымды) жеңип койсо, аларды күнөөлөгөнгө жол жок

[42] (Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар

[43] Кимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (заалымды) кечирсе — бул өтө улук иштерден

[44] Ал эми, Аллаһ кимди адаштырып койсо, Андан (Аллаһтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен заалымдарды, (Кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң

[45] Жана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар — алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, заалымдар үзгүлтүксүз азапта

[46] Аларга Аллаһтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллаһ кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок

[47] (Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллаһ (Таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллаһтын азабынан) каччу жер, кайтаруучу (аскер) болбойт

[48] Эгер алар жүз үйрүп кетишсе (жөн кой). Биз сени аларга сакчы кылып жибербедик. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат. Биз эгер инсанга Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, аны менен сүйүнүп (оолугуп) калат. Ал эми өзү жасаган кылмыштары себептүү бир кайгы жетсе, чынында, инсан шүгүрсүз (экенин көргөзөт)

[49] Асмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллаһка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине уул-перзент берет, каалаган пендесине кыз-перзент берет

[50] Же болбосо, перзенттерди уул-кызынан жуп-жуп (эгиз) кылып берет жана каалаган пендесин тукумсуз кылат. Чынында, Ал Билүүчү, Кудуреттүү

[51] Адамзатка Аллаһ сүйлөбөйт. Бир гана (Өз пайгамбарына) вахий-илхам иретинде, же парданын артынан сүйлөйт. Же болбосо, (периштеден) элчи жиберет. Анан ал, Өзүнүн уруксаты менен (пайгамбарга) Аллаһ каалаган сөздү вахий кылат. Ал эң Жогорку (жана) Даанышман

[52] Ошентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Кураанды) вахий кылдык. Сен (мындан мурун) не китеп, не ыйман эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди Туура Жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Кураан Нуру менен) Туура Жолго баштайсың

[53] Аллаһтын жолуна. Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аныкы! Көңүл бургула! Бардык иштер Аллаһка кайтат

Зухруф

Surah 43

[1] Хаа. Мийм

[2] Ачык баяндоочу Китепке ант

[3] Силер (анын маанисине) акыл калчашыңар үчүн Биз аны арабча Кураан кылдык

[4] Ал (Кураан) Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде (Лавхул махфузда) эң жогорку, даанышман (даражада турат)

[5] (Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Кураанды) багыттабай коймок белек

[6] Биз абалкы элдерге нечендеген пайгамбарларды (Кураан сыяктуу ыйык китептер менен) жибердик

[7] Аларга качан бир пайгамбар келсе, аны шылдыңдап күлүшкөн

[8] Анан Биз аларды кыйраттык. Алар булардан (Курайш каапырларынан) кубаттуураак болчу жана абалкылардын мисалдары (ушул Китепте) өткөн

[9] Эгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллаһ) жараткан» дешет

[10] Ал силер үчүн жерди килем (сыяктуу) кылды жана Туура Жолдо жүрүшүңөр үчүн анда жолдорду жаратты

[11] Жана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар

[12] Жана Ал бардык жуптарды жаратты.! Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты

[13] (Мунун себеби:) алардын үстүнө минип, кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллаһ (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес

[14] Жана албетте, биз Раббибизге кайтып барабыз»- дешиңер үчүн

[15] Алар Аллаһка Өзүнүн пенделеринен бир бөлүктү (периштелерди «Аллаһтын кыздары» деп өкүм) кылышты. Инсан чынында жакшылыкты билбейт

[16] (Эй, мушриктер!) же болбосо, Аллаһ жараткан макулуктарынан кыз балдарды Өзү алып, силерге уул балдарды тандап бериптирби

[17] Эгер алардан бирине Рахман үчүн мисал келтирген (кыз перзент туулду деп) сүйүнчүлөп барылса, ачууланып, жүзү карарып кетет

[18] (Жана): «Эмне, кооздуктардын ичинде өстүрүлө турган, талашта (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзент бекен?!»-(дешет)

[19] Алар Рахмандын пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет

[20] Жана алар: «Эгер Рахман каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллаһтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар

[21] Же болбосо, Биз аларга аны (далил катары) бекем кармап алгыдай,! Кураандан мурун бир китеп түшүрүптүрбүзбү

[22] Жок! Алар: «Биз ата-бабаларыбызды (ушундай) дин- ишеним үстүндө тапкан элек. Биз ошолордун изи менен (жүргөндө гана) адашпайбыз»-дешет

[23] Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун гана изине ээрчийбиз»-дешкен

[24] (Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», - дешти

[25] Анан... Биз алардан өч алдык. (Аллаһтын пайгамбарын) «жалганчы» деген адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал

[26] Жана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм

[27] Мени жараткан Аллаһтын Өзү(нө гана сыйынамын). Ал мени Туура Жолго баштайт»- деди

[28] (Ибрахим) ал сөздү (ширк ибадатынан) кайтышса ажеп эмес (деп), (урпактарына) түбөлүк (мурас кылып) калтырды

[29] Мен аларды (Макка мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым

[30] Ал эми, качан аларга Акыйкат келгенде: «Бул — сыйкыр! Биз буга ишенбейбиз!»-дешти

[31] Жана айтышты: «Бул Кураан эки улук шаардагы (улук) адамдарга түшсө болмок»

[32] Раббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак

[33] Эгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз

[34] Үйлөрүнүн эшиктерин, жазданып (жөлөнүп) отурчу сөрүлөрүн

[35] Жана (башка) жасалга-зыйнаттарын (чылкый күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган

[36] Ким Рахмандын зикири — Кураандан жүз бурса, ага шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат

[37] Кийин шайтандар аларды (Туура) Жолдон тосушат жана алар өздөрүн Туура Жолдо деп ойлоп жүрө беришет

[38] Анан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын! арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» - дейт

[39] (Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (ширкиңер) пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар

[40] (О, Мухаммад!) Сен дүлөйгө сөз уктура аласыңбы же болбосо, сокур менен анык адашуудагы адамды Туура Жолго баштай аласыңбы

[41] Же Биз сени (алардан мурун Акырет сапарына) кетиребиз жана алардан (ошол жакта) өч алабыз

[42] Же болбосо, аларга убада кылган нерсебизди (баштарына түшүрчү азапты) сага (ушул дүйнөдө) көргөзөбүз. Аларга Биздин Кудуретибиз жетет

[43] Сен Өзүңө вахий кылынган Кураанды бекем карма! Чынында, сен Туура Жолдун үстүндөсүң

[44] Жана бул (Кураан) сен үчүн, сенин коомуң үчүн атак-даңк (жана сыймык)!! Жакында сураласыңар

[45] Сенден мурун жиберген пайгамбарларыбыздан сурачы, Биз (элдерге) Рахмандан башка кудайлар(га сыйынууга уруксат) бердик бекен

[46] Биз Мусаны аят-моожизаларыбыз менен, Фираун жана анын элине жибердик. Ал «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын»-деди

[47] Аларга биздин аят-моожизаларды алып келгенде” алардын үстүнөн күлүштү

[48] Аларга көргөзгөн ар бир (азап-) моожизабыз (абалкы) түгөйүнөн чоңураак. (Туура Жолго) кайтаар бекен деп, аларды (ушундай) азап менен кармадык

[49] Жана алар (Мусага) айтышты: «О, сыйкырчы! (Аллаһ) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз Туура Жолго жүрөбүз»

[50] Качан Биз алардан азапты алып койсок, ошол замат (сөздөрүнөн) кайтып кетишти

[51] (Жана Фираун өз элине ) бийик добуш менен( мындай деди: «О, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы

[52] Мен мына бул (кекечтенип) араң сүйлөгөн төмөн адамдан (Мусадан) артык эмесминби?!»

[53] «Эгер ага (асмандан) алтын билериктер ташталса, же аны жандап периштелер түшсө, (анда пайгамбар экенине ишенсе болот)»

[54] Ал өз элин(ин акылын ушинтип) кордоду эле, эли дагы моюн сунду. Алар (түпкүлүгүндө) бузуку эл болгон

[55] Алар (ошол иштери менен) Биздин ачуубузга тийди. Анан Биз алардан өч алып, бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик

[56] (Ошентип), аларды өтмүш-тарых жана кийинки муундар үчүн (ачуу) сабак кылдык

[57] Жана качан гана Марямдын уулу (Ыйса тууралуу) мисал келтирилгенде, андан сенин коомуң ызы-чуу көтөрүшөт

[58] Жана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Ыйса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер

[59] Ал (Ыйса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) нээмат кылып берген кул(убуз). Биз аны Исрайил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз

[60] Эгер кааласак силердин ордуңарга, жер бетинде халифа-орун басар боло турган периштелерди жаратып коймокпуз

[61] Жана ал (Ыйса) — Кыяматтын белгиси.? Силер андан (Кыяматтан) эч шек санабагыла. Жана Менин Өзүмө гана моюн сунгула! Туура Жол —- ушул

[62] Шайтан силерди (Туура Жолдон) тосуп койбосун! Ал силерге анык душман

[63] Жана Ыйса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллаһ Таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула

[64] Чынында, менин да, силердин да Раббиңер — Аллаһ! Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура Жол — ушул

[65] Анан (яхудий) жамааттар өз ара талашка түшүштү. Заалым адамдарга азаптуу Күндүн азабынын балээси болсун

[66] Алар өздөрүнө Кыямат Күндүн, (эч нерсени) сезбей турган абалдарында, капысынан келип калуусунан башка нерсени күтүшкөн жок

[67] Ал күнү достор бири-бирине душман болуп калышат.! Такыба кишилер гана андай болбойт

[68] «О, Менин (такыба) пенделерим! Бүгүн силерге коркунуч жок! Силер (бүгүн) капа да болбойсуңар!»

[69] Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар

[70] «(О, ыймандуу пенделер!) Силер жубайларыңар менен бирге сүйүнгөн абалда Бейишке киргиле!»

[71] Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар

[72] Бул Бейиш... Аны силер (дүйнөдө) жасаган (сооптуу) амалыңар үчүн Аллаһтан мурас алдыңар

[73] Силер үчүн анда көп мөмө-жемиштер бар. Алардан (каалаганыңарча) жейсиңер

[74] (Ал эми) күнөөкөр адамдар тозок азабында түбөлүк калышат

[75] (Азап) алардан азайтылбайт жана алар анда (тозокто) үмүтсүз калуучулар

[76] Аларга Биз зулумдук кылбадык. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты

[77] Жана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «О, Маалик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар

[78] Чынында, Биз силерге Акыйкатты алып келдик, бирок, көпчүлүгүңөр аны жаман көрүп жатасыңар»

[79] Же болбосо, (динге каршы) бир ишти эрежелештирет. Биз да (аларга каршы) эреже түзүп койгонбуз

[80] Же болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар

[81] Айт (о, Мухаммад): «Эгер Аллаһтын баласы (чындап) бар болгондо, эң оболу ага өзүм ибадат кылмакмын

[82] (Бирок) Асмандар менен жердин жана Арштын Раббиси силердин («баласы бар» деп) сыпаттооңордон Таза!»

[83] (Эгер дааватыңа муюбаса) аларды жөн кой. Убада кылынган (Кыямат) күндөрүнө жолукканга чейин ойноп-күлүп, (күнөө иштерине) чумкуп жүрө беришсин

[84] Ал (Аллаһ) асманда да Кудай, жерде да Кудай. Жана Ал -Билүүчү, Даанышман

[85] Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллаһ Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар

[86] Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллаһтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон! адамдар(та гана шапаат насип кылат)

[87] Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» - деп сурасаң, «Аллаһ», дешет. Дагы кайда баратасыңар

[88] Жана (Аллаһ пайгамбарынын): «О, Раббим! Чынында, тиги адамдар ыйман келтирбеген коом»- деген сөзүн да билет

[89] Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар»-дегин

Духан

Surah 44

[1] Хаа. Мийм

[2] Анык баяндоочу Китепке ант

[3] Бизаны (Кураанды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз

[4] Алтүндө ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет.”

[5] Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз

[6] Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү

[7] (Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси

[8] Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси

[9] Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда

[10] Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт

[11] Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат

[12] (Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет)

[13] Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген

[14] (Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Кураан сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң»- дешти

[15] Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар

[16] (Анан) чоң азап менен азапталган күнү? Биз силерден өч алдык

[17] Биз алардан мурун Фираун элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди

[18] (Жана мындай деди): «Аллаһтын пенделерин мага тапшыргыла!? Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын

[19] Өзүңөрдү Аллаһтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим

[20] Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын

[21] Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»

[22] Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)»- деп дуба кылды

[23] (Аллаһ анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат»- деп, (вахий кылды). (Фираун аларга жетейин деп калганда Аллай Таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деӊизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн аса таягын саздап калганда, Аллай Таала, алардын артынан келген Фираун аскерлерин деӊиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага)

[24] «Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» - деди

[25] Алар нечендеген бактарды, булактарды

[26] Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды

[27] Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти)

[28] Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исрайил урпактарына) мурастап бердик

[29] Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок

[30] Биз Исрайил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан —

[31] — Фираундан куткардык. Ал өзүн (Аллаһтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле

[32] Биз билген абалда аларды (Исрайил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек

[33] Жана аларга анык сыноолорду? ичине камтыган моожизаларды бердик

[34] Алар (Курайш каапырлары) айтышты

[35] «Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз

[36] Эгер силер (о, момундар) чынчыл болсоңор,? биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»

[37] Ушулар (Макка мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба* коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле

[38] Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок

[39] Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт

[40] Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы

[41] Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт

[42] Бир гана Аллаһ ырайым кылган кишилерге (Аллаһ тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу

[43] (Тозоктогу) «Заккум» дарагы —

[44] Күнөөкөр адамдардын тамагы

[45] Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу

[46] Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу

[47] «Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»

[48] Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»

[49] (Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең

[50] Бул— силер ишенбеген азаптар

[51] Ал эми, такыбаа кишилер тынч-бейпил жерлерде

[52] Бейиштерде, булактарда

[53] «Истабрак» жана «сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат

[54] Ошондой эле, Биз аларды бото көз сулууларга үйлөнтүп койобуз

[55] Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат

[56] Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллаһ) аларды тозок азабынан сактаган

[57] (Бул) — Раббиңден болгон пазилет! Бул — чоң жеңиш

[58] (О, Мухаммад!) Биз аны (Кураанды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук

[59] Эми сен (Аллаһ алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө

Жаасия

Surah 45

[1] Ха. Мийм

[2] (Бул) Китептин түшүүсү Кудуреттүү, Даанышман тарабынан

[3] Чынында, асмандарда жана жерде момун адамдар үчүн (Аллаһтын Кудурет-Даанышмандыгына) белгилер бар

[4] Жана силердин жаратылууңарда, (Аллаһ жаратып, мейкиндиктерге) таратып жиберген жан-жаныбарларда анык ишенген адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар

[5] Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллаһ асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар

[6] Бул— Аллаһтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз.” Аллаһтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет

[7] Ар бир күнөөкөр-дооматчыга өлүм болсун

[8] Алоөзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой

[9] Ал (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар

[10] (Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллаһдан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга чоң азап бар

[11] Бул (Кураан) — Туура Жол! Ал эми, Раббисинин аяттарына каапыр болгон адамдарга жан ооруткан азап арналган

[12] Аллаһ Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес

[13] Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллаһтын Кудуретине) белгилер бар

[14] (О, Мухаммад!) Ыйман келтирген адамдарга айт, Аллаһтын (Акыреттеги) күндөрүн (өн эч нерсени) үмүт кылбагандарды кечиришсин. (Аллаһ Таала ал) коомду өз иштерине жараша (Акыретте) жазалашы үчүн

[15] Ким сооп иш жасаса - өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса - өзүнө зыян. Кийин (баарыңар) Раббиңерге кайтарыласыңар

[16] Биз аныгында Исраил урпактарына (Тоорат) китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берип, таза-пакиза нерселерден ырыс-насип жегизип (бардык) ааламдардан (адамдардан) абзел кылган элек

[17] Жана аларга анык иш (Дин-Шарият) бердик. Алар өздөрүнө келген илимден кийин гана (Дин ишинде) талашып калышты, өз-ара көралбастыктан улам. Албетте, Раббиң Кыямат күнү алардын арасында талашкан нерселерине өкүм (ажырым) чыгарат

[18] Кийин Биз сени Динден болгон жолдун — Шарияттын үстүндө (жүрүүчү) кылдык. Эми ошону гана ээрчигин. Билбеген адамдардын каалоолорун ээрчибегин

[19] (Эгер аларды ээрчисең) Аллаһтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт. Чынында, заалымдар бири-бирине дос болушат. Аллаһ болсо такыба кишилердин досу

[20] Бул (Кураан) адамдар үчүн акылчырак, Туура Жол жана анык ишенген элдер үчүн ырайым

[21] Же болбосо, күнөө иш кылган адамдар, Биз аларды ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар сыяктуу (абзел кылышыбызды жана) өздөрүнүн жашоолору менен өлүмдөрү да (алардыкы менен) бир (даражада) болушун ойлоштубу? Кандай жаман өкүм чыгарышат

[22] Аллаһ асмандар менен жерди Акыйкат менен жана эч бир жан(га) зулумдук кылынбаган абалда, өз ишине жараша жаза (же сыйлык) алышы үчүн жаратты

[23] Сен өз (напсинин) каалосун кудай кылып алган жана (натыйжада) Аллаһ аны (хидаятка ылайык эмес экенин) билип, адаштырып койгон, кулагына, жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө парда тосуп койгон адамды көрдүң беле? Аллаһтан башка ким аны Туура Жолго баштай алмак?! Эсиңерге келбейсиңерби эми

[24] (Каапырлар) айтышат: «Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Өлөбүз, жашайбыз. Бизди заман(дын өтүшү) гана өлтүрөт (Аллаһ өлтүрбөйт)». Бул жөнүндө аларда илим жок. Алар болгону күмөнгө таянышат

[25] Качан аларга биздин анык-далилдүү аяттарыбыз окуп берилсе «Эгер (кайра тирилүү бар» деген) сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, бизге (өлүп кеткен) ата-бабаларыбызды (тирилтип) алып келгилечи?!» деген сөздөн башка «далилдери» болбойт

[26] Айткын: «Силерге Аллаһ өмүр берет, кийин Өзү өлтүрөт. Андан соң күмөнсүз Кыямат күн үчүн баарыңарды чогултат. Бирок, (муну) көп адамдар билбейт

[27] Асмандар жана жердин мүлкү Аллаһка таандык. Ал эми Кыямат болгон күндө жалганчылар зыян тартып калышат

[28] Жана сен (ал күнү) ар үммөттү чөгөлөгөн абалда көрөсүң.! Ар бир үммөт өз китебине чакырылат. Ал күнү баарыңар кылмышыңарга жараша үлүш (жаза же сыйлык) аласыңар

[29] Бул Китебибиз силерге акыйкатты (гана) сүйлөйт. Биз силер жасаган иштерди (периштелерге) жаздыртып койгонбуз

[30] Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Раббиси Өз ырайымына алат. Бул анык жеңиш

[31] А бирок, каапыр болгон адамдар(га айтылат): «Силерге Менин аяттарым окуп берилбедиби?! Анан силер текеберленип, күнөөкөр коом болдуңар

[32] Силерге: «Аллаһтын убадасы — акыйкат! Кыяматтын болушунда шек жок!»-деп, айтылганда, «Кыямат эмне экенин билбейм. («Болбой калышы да мүмкүн» деп) ойлоймун. Анык билбейбиз» -дегенсиңер

[33] Алардын жасаган (күнөө) иштери анык билинди жана алардын башына өздөрү (дүйнөдө) мазактаган нерсе (тозок азабы) түштү

[34] Анан аларга айтылды: «(Дүйнө жашоосунда) ушул күнүңөрдү «унутуп койгонуңар» сыяктуу, бүгүн Биз дагы силерди «унутуп койобуз». Силердин жайыңар — тозок! Силерге эч кандай жардамчылар болбойт

[35] Мунун себеби, силер Аллаһтын аяттарын мазактагансыңар жана силерди дүйнө жашоосу азгырып койгон. Эми бүгүн андан чыгарылбайсыңар. Жана артыңарга (дүйнөгө) да кайтарылбайсыңар!»

[36] Аллаһка — асмандардын Раббисине, жердин Раббисине жана бүт ааламдардын Раббисине мактоолор болсун

[37] Асмандарда жана жерде (бүт) улуулук Аныкы! Ал —Кудуреттүү, Даанышман

Ахкаф

Surah 46

[1] Хаа. Мийм

[2] (Бул) Китеп Кудуреттүү, Даанышман Аллаһ тарабынан түштү

[3] Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы нерселерди акыйкат менен жана белгилүү мөөнөткө гана жараттык. Каапырлар эскертилген нерседен жүз үйрүп кетишти

[4] (О, Мухаммад, сен аларга) айт: «Аллаһтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайыңар» жөнүндө эмне дейсиңер? Мага көргөзгүлөчү, алар жерден эмнени жаратты? Же болбосо асмандар(ды жаратуу)да алардын (Аллаһка) шерикчилиги барбы? Эгер сөзүңөр чын болсо, мындан (Кураандан) мурунку (ыйык) китепти же болбосо (өткөн пайгамбарлардын сөзүнөн турган) илимий мурас (далил) келтиргилечи

[5] Аллаһтан башка, Кыяматка чейин дуба-суранычына жооп бербей турган «кудайларга» дуба кылган адамдан көбүрөөк адашкан ким бар?! Булардын дубаларын алар (кудайлары) тап-такыр укпайт

[6] Ал эми, качан (Кыямат болуп) адамдар (сот-сурак үчүн) чогулганда (сыйынган «кудайлары») өздөрүнө душман чыгып, алардын (өздөрүнө) сыйынганын танып кетишет

[7] Аларга (мушриктерге) Биздин анык аяттарыбыз окуп берилгенде, Акыйкатка каапыр болушкан. (Ошол) каапырлар өздөрүнө Акыйкат (Кураан) келгенде болсо, «Бул анык сыйкыр» дешти

[8] Же «Аны (Кураанды Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби? Айткын: «Эгер ойлоп чыгарган болсом (Аллаһ мени жазаламак) анан силер мага Аллаһтан (келген) эч нерсени (пайда жана зыянды) тосууга алыңар жетмек эмес. Силер ал (Кураан) жөнүндө аша чаап (жалган) сүйлөгөнүңөрдү Ал (Аллаһ) жакшы билет. Силер менен ортобузда күбө болуу үчүн Анын Өзү жетиштүү! Ал Кечиримдүү, Боорукер

[9] Айткын: «Мен пайгамбарлардын жаңысы (биринчиси) эмесмин. Жана не өзүмө, не силерге (келечекте) эмне иш болоорун билбеймин. Мен өзүмө (Аллаһ тарабынан) вахий кылынган нерселерге гана ээрчиймин. Мен болгону (силерге) анык эскертүүчүмүн

[10] Айткын: «Мага айткылачы, эгерде (Кураан) Аллаһтан болсо жана силер ага каапыр болсоңор... жана Исрайил урпактарынан болгон бир күбө! дагы анын чындыгына? (мен ал жөнүндө Тоораттан окугам» деп) күбөлүк берип, ыйман келтирсе, а силер дагы эле текеберленсеңер... Аллаһ заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт

[11] Каапыр болгон (бай) адамдар ыймандуулар жөнүндө «Эгер (Ислам) жакшы болсо, алар ага бизден озуп кирбейт болчу»-дешет жана (жүрөгүндө болгон кежирликтен улам) андан (Кураандан) Туура Жол таппай калганда: «Бул байыркы жомок»-дешет

[12] Андан мурун Мусага жолбашчы, ырайым болуп китеп (Тоорат) түшкөн. Бул китеп (Кураан) болсо, заалымдарды (тозок азабынан) эскертүү, жакшыларга куш кабар болуп, араб тилинде жана (өзүнөн мурунку ыйык китептерди) тастыктап (түшкөн)

[13] «Раббибиз — Аллаһ» деп, андан соң (Исламда) түз жүргөн адамдарга коркунуч да, кайгы-капа да жок

[14] Алар — Бейиш элдери! Жакшы амалдарына жараша эми анда түбөлүккө калышат

[15] Жана Биз инсанга, өз ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Апасы аны кыйналып боюнда көтөрүп, кыйналып төрөдү. Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай.! Эми, ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда айтты: «О, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматыңа шүгүр кылуум үчүн жана Өзүңдү ыраазы кыла турган салих амалдарды кылуум үчүн мага илхам бер! Жана менин урпактарымды да салих (кишилерден) кылгайсың! Мен сага тооба кылдым. Жана мен мусулмандарданмын!»

[16] Биз ушул адамдардан, жасаган эң жакшы амалдарын кабыл алып, Бейиш элдеринин катарында күнөөлөрүн кечиребиз. (Бул) аларга (Раббиси тарабынан) берилген акыйкат убада

[17] Ал эми, ушундай перзент(тер дагы) бар: Ата-энесине айтат: «Силерден тажадым! Экөөң мени (Кыяматта кайра тирилип) чыгарылуума ишендирип жатасыңбы?! Мага чейин деле (бир нече) муундар өткөн. (Алардан бирөө тирилдиби)?! Экөө (ата-эне) Аллаһтан жардам сурап, (айтышат): «Эй, куруп кеткир! Ыйманга кел! Аллаһтын убадасы — акыйкат!» Бирок, (перзент) «Бул байыркылардын жомогу»-дейт

[18] Андай адамдарга, жиндерден жана инсандардан турган мурунку (каапыр) элдердин катарында (азап) жетиши — Акыйкат! Алар чынында зыян тарткан адамдар

[19] Жана (Кыяматта) бардык (момун-каапыр) адамдарга жасаган иштерине жараша (жакшы-жаман) даражалар бар. Аларга жасаган иштери, (эч кандай) зулум көргөзүлбөгөн абалда толуктап берилет

[20] Каапыр адамдар тозокко бет маңдай алып келингенде (аларга айтылат): «Силер (бардык) жыргалыңарды дүйнө жашооңордо кетирип алдыңар жана ал (жыргалдар) менен (ошол жакта) пайдаланып бүттүңөр! Эми бүгүн, жер бетинде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөнүңөргө жараша жана бузуку болгонуңарга жараша кордук азабы менен жазаланасыңар

[21] (О, Мухаммад!) сен Аад (коомунун) бурадарын! эстегин. Бир кезде ал кум бархандарын(ын арасын)дагы коомун (тозок азабынан) эскерткен эле. Андан мурун жана кийин да эскертүүчү-пайгамбарлар өткөн. (Ошентип, ал коомуна): «Аллаһтан башка «кудайларга» ибадат кылбагыла! Чынында, мен силерге Улуу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун!» (деди)

[22] (Коому) айтты: «Сен эмне, бизди өз «кудайларыбыздан» кайтарганы келдиңби? Эгер чынчыл кишилерден болсоң, бизге убада кылган(азаб)ыңды (тезирээк) келтирчи?!»

[23] (Худ) айтты: «(Азап качан келээри жөнүндөгү) илим Аллаһтын гана алдында. А мен болсо өзүмө жүктөлгөн нерсени (динди) силерге жеткиремин. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүүдөмүн

[24] Анан, качан алар өздөрүнүн өрөөндөрүнө келе жаткан «булутту»! көргөндө (сүйүнүп): «Бул бизге жамгыр жаадыруучу булут» дешти. Жок! Ал силер аны шаштырып сураган нерсе. (Ал) — бороон! Анда (силер үчүн) жан ооруткан азап бар

[25] Ал (бороон) Раббисинин буйругу менен бардык нерселерди талкалап жиберди! Анан... алардын (теп-тегиз болуп калган) короолорунан башка эч нерсе көрүнбөй калды! Биз күнөөкөр коомду ушинтип жазалайбыз

[26] (Эй, Макка мушриктери!) Биз аларга (Аад каапырларына) силерге бербеген мүмкүн-чүлүктөр (күч-кудурет) менен бакубат кылган элек. Жана аларга көздөрдү, кулактарды жана жүрөктөрдү берген элек. Бирок, Аллаһтын аяттарын четке каккан себептүү аларга көз, кулак жана жүрөктөрү пайда бербеди.? Жана (кийин) аларды өздөрү мыскылдаган нерсе (тозок азабы) ороп алды

[27] Жана Биз, аныгында, силердин айланаңардагы (каапыр болгон) айыл-шаарларды да кыйратканбыз. (Ошого чейин) Биз аларга, (ширк иштеринен) кайтып калышаар деп Өзүбүздүн аяттарыбызды кеңири баяндап берген болчубуз

[28] Эми (Аллаһка) жакындаштырат деп эсептеген, Аллаһтан башка «кудайлары» аларга жардам бере алса кана! Жок! (тескерисинче) алардан жок болуп (көрүнбөй) кетишти. Жана бул (ишенимдери) алардын өздөрү чыгарган жалгандары жана (Аллаһ жөнүндөгү) доомат сөздөрү

[29] Жана бир кезде, (о, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Кураан угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Кураан(ды уккан) га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула»-деп айтышты. Кураан окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти

[30] Алар (коомуна барып мындай) дешти: «О, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана Туура Жолго баштай турган Китепти уктук

[31] О, коомубуз! Аллаһтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллаһ) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт

[32] Ал эми, кимде-ким Аллаһтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллаһтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллаһтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар — анык адашууда болушат!»

[33] Алар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллаһ, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал -бардык нерсеге кудуреттүү

[34] Каапырлар тозокко алып келинген Күндө, (аларга): «Бул чындык эмес бекен?» (деп айтылат. Ошондо) алар: «Ооба Раббибизге ант, (чындык экен)» дешет. Анда Аллаһ айтат: «Эми, каапыр болгонуңар себептүү азап тарта бергиле!»

[35] (О, Мухаммад, мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку) пайгамбарлардын чыдамкайлыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл. Сен аларга (мушриктерге азапты) шаштырба. Алар өздөрүнө убада кылынган (Кыямат) Күндү көргөндө, (Дүйнөдө) күндүздөн бир эле саат (жашап) тургандай болушат. Бул - (чындыкты) жеткирүү! (Аны укпаган) бузуку коомдон башка дагы ким азапка дуушар болмок эле

Мухаммад

Surah 47

[1] (Өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон адамдардын амалдарын (Аллаһ Таала) жокко чыгарды

[2] Аллаһ ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган жана Мухаммадга түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга), чынында, ал Раббиси тарабынан келген Акыйкат деп ишенген адамдардын (чоң-кичине) күнөөлөрүн өчүрүп, (жүрөктөрүн жана) иштерин оңдоп койот

[3] Мунун себеби, каапыр адамдар жалганды ээрчишет, ыйман келтиргендер Раббисинен келген Акыйкатты ээрчийт. Аллаһ адамдарга өздөрүнүн мисалдарын ушинтип келтирет

[4] Эгер каапырларга (согуш мезгилинде) жолугуп калсаңар, мойнуна (кылыч) ургула! Эми, качан аларды жеңип алсаңар, (тирүү калгандарын) туткундагыла! Андан кийин же эч нерсе албай, азат кылып жибересиңер, же болбосо төлөм-акы алып (андан соң) коюп жибересиңер. (Бул өкүм) согуш (абалы) бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, (эгер) Аллаһ кааласа аларды (согушсуз эле) жеңип коймок. Бирок, бирөөңөрдү бирөөңөр менен сынап (тандап) алуу үчүн (согушка буюрду). Жана Аллаһтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын (Аллаһ) эч качан текке кетирбейт

[5] Аллаһ аларды (Бейиш жолуна) жолдойт жана (эки дүйнөдө) иштерин оңдойт

[6] Жана аларды өздөрүнө (Кураанда) тааныткан Бейишке киргизет

[7] О,ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллаһка (Анын динине) жардам берсеңер,! Аллаһ дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат

[8] Каапырлар жоголсун! (Аллаһ) алардын амалдарын жокко чыгарат

[9] (Мунун себеби, алар Аллаһ түшүргөн нерсени Кураанды) жаман көрүштү. Анан (Аллаһ) алардын амалдарын текке кетирди

[10] Алар жер бетин кезип, өздөрүнөн мурунку (каапыр) коомдордун (коркунучтуу) акыбети кандай болгонун көрбөйт беле? Аллаһ алардын ойронун чыгарды го! Жана (азыркы) каапырларга да ошол сыяктуу иштер бар

[11] Мунун себеби, Аллаһ ыймандуу адамдардын жардамчысы. Ал эми, каапырлардын жардамчысы жок

[12] Чынында, Аллаһ ыймандуу жана жакшы амалдарды жасаган пенделерин түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Каапырлар болсо, (бул дүйнөдө) пайдалана беришет жана айбандар сыяктуу жеп-ичишет. Алардын орду - тозок

[13] (О, Мухаммад!) Биз, сени чыгарып жиберген шаарыңдан да кубаттуураак болгон нечендеген шаарларды кыйратып салганбыз. Анан аларга (эч кандай) жардамчы болбой калган

[14] Раббиси тарабынан (жиберилген) анык баян-далилдин үстүндө болгон киши, жаман иши өзүнө (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана напсинин каалоолорун (гана) ээрчиген адамга окшоп калмак беле

[15] Такыба кишилер үчүн убада кылынган Бейиштин мисалы: анда ичүүчүлөр үчүн (даамы, жыты, түсү) бузулбаган суу дарыялары, даамы айныбаган сүт дарыялары, ылаззаттуу шарап дарыялары жана таза-пакиза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Раббисинен кечирим бар. (Ушундай бейишке түшкөн адам) тозокто түбөлүк калып, (удаама-удаа) кайнак суу ичирилип, натыйжада ичегилери үзүлүп кеткен адамга окшойбу

[16] Алардын (мунафыктардын) арасынан кээ бирөөлөрү сага (жүрөгү менен берилбей) кулак салышат. Ал эми, качан сенден чыкканда (берилип уккан) илимдүү адамдардан «(Мухаммад) азыр эмне деди эле?» деп сурашат. (Мунун себеби) Аллаһ алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Алар өз каалоолорун гана ээрчиген адамдар

[17] (Аллаһ) Туура Жолго түшкөн адамдардын хидаятын дагы да көбөйтөт жана аларды такыбалуу кылат

[18] Эми алар (мунафыктар) өздөрүнө капысынан Кыямат келип калышын башка эч нерсени күтүшпөйт. Кыяматтын (кээ бир) белгилери келип да калды! Анан эгер Кыямат келип калса, алардын эскерме-сабак алуулары кайдан мүмкүн болсун

[19] (О, Мухаммад!) Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллаһ бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллаһтан кечирим сура! Аллаһ силердин (бардык) кыймыл-аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет

[20] Ыйман келтирген адамдар «(Аллаһ жолунда жихад кылуу жөнүндө тезирээк) бир сүрө түшсө экен!» дешет. Ал эми, качан гана анык бир сүрө түшүп, анда согуш (жихад) эскертилгенде, жүрөктөрү соо эмес (эки жүздүү) адамдар сени, өлүм келгенде өзүн жоготуп койгон адамдын көз карашы менен карап калганын көрөсүң. Алар үчүн ылайыгыраак эле —

[21] — (аятка) моюн сунуулары жана («моюн сундук» деген) жакшы сөздөр(дү айтуулары). Качан аларга (ушул сыяктуу) олуттуу бир буйрук келгенде жана (ал буйрукка дароо моюн сунуп) Аллаһты(н сөзүн) тастыктаса өздөрүнө жакшы болмок

[22] Эгер (Аллаһтын өкүмүнөн) жүз бурсаңар жер бетинде бузукулук иштерди жасашыңар жана (өз ара) тууган-урукчулугуңарды үзүп жиберишиңер мүмкүн

[23] Андай адамдарга Аллаһ наалат айтып, кулактарын дүлөй, көздөрүн сокур кылат

[24] Алар Кураан жөнүндө ойлонушпайбы? Же жүрөктөрүндө кулпу барбы

[25] Өздөрүнө Туура Жол анык болуп калгандан кийин, дагы эле артка (динден каапырчылыкка) кайткан адамдарга (иштерин) шайтан кооз көргөзүп, (жалган кыялдарга) үмүттөндүрүп койду

[26] Бул (каргышка калуунун себеби) алар, Аллаһ түшүргөн нерсени (динди) жаман көргөн кишилерге: «Биз кээ бир иштерде силерге моюн сунабыз»-дешти. Аллаһ алардын сырларын билет

[27] (Өлүм) периштелер(и) алардын беттерине, аркаларына чапкылап (кыйнап) жандарын (сууруп) алып жаткан (азаптуу) мезгилде (алардын абалы) кантээр экен

[28] Мунун себеби, алар Аллаһтын ачуусун келтирчү иштерди ээрчип, Анын ыраазычылыгын жаман көрүштү. Анан Аллаһ алардын амалдарын «хабата»! кылып койду

[29] Же болбосо, жүрөгү соо эмес адамдар, Аллаһ алардын ичине каткан душманчылыктарын (ачыкка) чыгара албайт деп ойлоштубу

[30] Эгер Биз кааласак, сага аларды көргөзүп коймокпуз жана сен аларды көрүнүшүнөн эле таанып алмаксың. (Бирок) сен эми аларды сөздөрүнүн «күүсүнөн» тааныйсың. Аллаһ силердин амал-ишиңерди билет

[31] Биз силердин араңардан (чыныгы) жихад кылуучулар менен сабырдуу момундарды сынап (тандап) алганга чейин жана силердин (чыныгы) кабарыңарды билгенге чейин (ар түрдүү сыноолор менен) сынай беребиз

[32] Чынында, (өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон жана өздөрүнө Туура Жол анык билинип калгандан кийин деле (ар түрдүү бузукулук менен) пайгамбарды машакат-түйшүккө салган адамдар Аллаһка эч нерсени зыян жеткире алышпайт! Жана (Аллаһ) алардын иш-аракеттерин текке кетирип койот

[33] О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллаһтын аяттарына каршы чыгуу менен) ишиңерди жараксыз кылып албагыла

[34] Аныгында, каапыр болуп (адамдарды) Аллаһтын жолунан тоскон (жана) андан соң каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ эч качан кечирбейт

[35] (О, момундар! Силер жихад мезгилинде) жалкоолук кылбагыла! Жана колуңар (душмандан) бийик келип турган абалыңарда (аларды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллаһ силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт

[36] Чынында, дүйнө жашоосу оюн жана тамаша. Эгерде силер ыймандуу жана такыбалуу болсоңор Аллаһ силерге сооп-сыйлыгыңарды (толук) берет жана мал-мүлкүңөрдү(н бардыгын Аллаһ жолуна чыгарууну) сурабайт

[37] Эгер (Аллаһ) силерден аны (мүлкүңөрдү) сурап, түйшөлтсө, сараңдык кыласыңар жана Ал силердин (жүрөгүңөрдөгү) жек көрүүнү ашкерелеп койот

[38] О, силер, Аллаһ жолунда (мал-мүлк) чыгарууга чакырылган адамдар! Силерден кээ бирөөлөр сараңдык кылаар. Кимде-ким сараң болсо ал өз жанына (Бейишке киришине) сараңдык кылган болот. Аллаһ (силердин мал-мүлкүңөргө) муктаж эмес! Өзүңөр (Аллаһка) муктажсыңар! Эгер (Аллаһтын динин колдоодон) жүз буруп кетсеңер, Ал силерди (жок кылып) ордуңарга башка коомду алмаштырып койот. Кийин алар силер сыяктуу (бакыл, Аллаһтын аяттарына каршы чыгуучу) болушпайт

Фатх

Surah 48

[1] (О, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш? бердик

[2] Аллаһ сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, нээмматын толук-кемчилдиксиз берип, Туура Жолго башташы үчүн

[3] жана Аллаһ сага чоң жардам бериши үчүн

[4] (Аллаһ) алардын ыймандарынын үстүнө(дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн! момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллаһтын колунда. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[5] Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган Бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллаһтын алдында чоң жеңиш

[6] Жана Аллаһ жөнүндө жаман ойлогон? мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллаһ аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун

[7] Асмандардын жана жердин аскерлери Аллаһтын Колунда жана Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман

[8] (О, Мухаммад!) Биз сени (Аллаһтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу, (Бейиштен) куш кабар берүүчү жана (Тозоктон) эскертүүчү пайгамбар кылып жибердик

[9] Жана силер Аллаһка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик)

[10] Сага ант берген адамдар, чынында Аллаһка ант беришти. Аллаһтын Колу! алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса — ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллаһка берген убадасын аткарса — ага Аллаһ тез аранын ичинде улук сооп берет

[11] Жакында сага (согуштан) калып калган бедуиндер «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөбүз бошотпой койду. Эми биз үчүн (Аллаһтан) кечирим сура»-дешет. Алар жүрөгүндө жок нерсени тили менен айтышууда. Аларга айткын: «Эгер Аллаһ силерге бир зыян жеткирүүнү кааласа Аллаһтан ким сактап калат? Же болбосо, (Аллаһ) силерге бир пайда (келишин) кааласа (аны ким токтото алат)?» Жок! Аллаһ силердин (бардык) ишиңерден кабардар

[12] Жок! Силер, пайгамбар менен момундар эч качан үй-бүлөлөрүнө кайтып келбейт деп ойлогон элеңер. Силердин жүрөгүңөргө ушул нерсе (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана (натыйжада Аллаһка да) жаман күмөн кылып, өлө турган коом болуп калган элеңер

[13] Кимде-ким Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирбесе, Биз каапырларга тозокту даярдап койгонбуз

[14] Асмандардын жана жердин мүлк-падышалыгы Аллаһка таандык. Ал каалаган пендесин кечирет жана каалаган пендесин азапка салат. Аллаһ - Кечиримдүү, Ырайымдуу

[15] Силер олжолор! үчүн, аны алып келгени баратканыңарда (согуштан) калып калган адамдар: «Бизди да ээрчитип алгылачы?»-дешет. Алар Аллаһтын Сөзүн өзгөртүүнү каалашат.? Айткын: «Бизге ээрчибегиле! Аллаһ мурун да ушундай деген». Анда алар «Жок, силер бизден кызганып жатасыңар»-дешет. Жок! (Андай эмес) алар (Шариятты) өтө аз түшүнүшөт

[16] (Согуштан) калып калган бедуиндерге айт: «Силер жакынкы мезгилдерде өтө кубаттуу элдерге каршы чакырыласыңар. Алар менен согушасыңар же болбосо алар (согушсуз) Исламды кабыл алышат. Эгер (ошондо чакырууга) моюн сунсаңар, Аллаһ силерге эң сонун сыйлыктарды берет. Ал эми, мурун качканыңар сыяктуу качып жөнөсөңөр, катуу азап менен азаптайт!»

[17] Сокурга күнөө жок, чолокко да күнөө жок. Оорулуу адамга да күнөө жок.! Кимде-ким Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунса, (Аллаһ) аны, түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет. Ал эми, ким тескери басып кетсе, ага катуу азап берет

[18] (Худайбиядагы) дарактын түбүндө сага ант (кол) берген кезде, Аллаһ момундардан ыраазы болду. Алардын жүрөгүндөгү (изги) ниеттерин билди жана аларга тынчтык-бейпилдик түшүрүп, жакынкы жеңиш (Хайбарды каратып алуу) менен сыйлады

[19] Жана (Хайбардан) ала турган көп олжолор (менен сыйлады). Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

[20] Аллаһ силерге (келечекте) ала турган (дагы) көп олжолорду убада кылды. Анан силер үчүн мына бул (Хайбардагы) олжону тездетип берди жана (ушул олжолор) момундар үчүн (Аллаһтын Кудуретинен) белги болушу үчүн жана силерди Туура Жолго баштоосу үчүн (душман) адамдардын колун силерден тосуп койду

[21] Жана башка (олжолор да бар). Силер аларга (азырынча) ээ боло албайсыңар. Аллаһ аларды (Өз илими менен) ороп (билип) турат. Аллаһ ар бир нерсеге Кудуреттүү

[22] Эгер (Худайбияда) каапырлар силерге согуш ачса да, өздөрү артка качып жөнөшмөк. Анан (эч бир) дос-жардамчы таппай калышат

[23] (Бул) илгертеден бери келе жаткан Аллаһтын Жолу. Сен Аллаһтын Жолун эч өзгөртө албайсың

[24] Жана (Аллаһ) Макканын (чекарасынын) ичинде, силерди алардан үстөм кылып койсо да, силердин колуңарды алардан, алардын колун силерден тыйып койду.! Аллаһ жасаган ишиңерди Көрүүчү

[25] Алар каапыр болгон, силерди «Аль-Харам» мечитинен тоскон жана туткундалган белек-курмандык жаныбарларды да союлчу жайына жетип барышынан тоскон адамдар. Эгерде (Макка мушриктеринин арасында) силер тааныбаган момун эркектер, момун аялдар бар болбогондо, аларды тааныбай басып кирсеңер (жана өлтүрүп койсоңор) алар себептүү силерге күнөө жетип калбаганда (Аллаһ Маккага күч менен киришиңерге уруксат бермек. Бирок,) Аллаһ каалаган (момун) пенделерин Өз ырайымынын астына калкалашы үчүн (согушка уруксат бербеди). Эгер (Маккадагы ыймандуулар өзүнчө) бөлүнүп турса, алардан (Макка элинен) каапыр болгондорун (силердин колуңар менен) катуу азаптаган болоор элек

[26] Ошондо, каапырлар жүрөктөрүнө жахилия кызуу кандуулугун салганда, Аллаһ Өз пайгамбарына жана момундарга бейпилдигин түшүрдү жана аларга такыба келмесин (бекем) кармоого буюрду. Алар бул сөзгө акысы көбүрөөк жана ылайыгыраак болчу. Аллаһ ар бир нерсени Билүүчү

[27] Аллаһ Өз пайгамбарынын чын түшүн оңунан келтирди. (О, момундар!) Силер Аллаһ кааласа, албетте тынчтык-бейпилдик менен, чачыңарды кырдырткан жана кыскарттырган абалда, эч коркпой «Аль-Харам» мечитине киресиңер. (Аллаһ) силер билбеген нерсени билди жана (азырынча силерге) андан (Маккага кирүүдөн) башка жакын жеңишти (Хайбарды багынтууну) берди

[28] Ал Өз пайгамбарын Хидаят жана Акыйкат Дин менен, аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн жиберди. Аллаһ жетиштүү Күбө

[29] Мухаммад — Аллаһтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукуу-сажда кылган абалында Аллаһтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүң. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар. Бул алардын Тоораттагы сыпаттары. Ал эми, алардын Инжилдеги сыпаттары - өзүнөн көп шак-бутак чыгарып, кубаттанып, анан (ал бутактар) жоон болуп, анан денесин кере түздөп, дыйкандарды таң калтырган дарак сыяктуу. (Бул мисал) каапырлардын көңүлүн чөктүрүү үчүн. Аллаһ алардын арасынан ыйман келтирип, салих амал кылган момундарга (күнөөлөрүн) кечирүүнү жана улук соопту убада кылды

Хужурат

Surah 49

[1] О,ыйман келтиргендер! Аллаһтын жана пайгамбарынын алдында (бир иш же сөз менен) жулунбагыла! Жана Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ Угуучу, Билүүчү

[2] О,ыйман келтирген пенделер! Добушуңарды пайгамбардын добушунан бийик көтөрбөгүлө! Билбестиктен улам (сооптуу) ишиңер «күйүп кетпеши» үчүн, бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага (пайгамбарга) кыйкырып сүйлөбөгүлө

[3] Чынында, Аллаһтын элчисинин алдында добушун төмөндөткөн адамдар гана, Аллаһ алардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн сынаган (жана сыноодон өткөн) кишилер. Аларга (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук сооп бар

[4] (О, Мухаммад), чынында, сага бөлмөлөрдүн артынан кыйкырган кишилердин көпчүлүгү акылын иштетпеген адамдар

[5] Эгер алар, сен чыкканга чейин сабыр кылып турушканда өздөрүнө жакшы болмок. (Бирок), Аллаһ - Кечирүүчү, Боорукер

[6] О,ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, наадандык менен (ал жамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайман болуп калбашыңар үчүн жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле

[7] Жана билип алгыла, силердин араңарда Аллаһтын элчиси бар! Эгер ал көпчүлүк иштерде силерге моюн сунса, кыйналып каласыңар!! Бирок Аллаһ силерге ыйманды жакшы көргөзүп, аны менен жүрөгүңөрдү кооздоп койду жана силерге каапырчыкты, күнөөнү, (Өзүнө) каршы чыгууну жаман көргөздү. Ушул (сыпаттагы) адамдар гана, Туура Жолдогу кишилер

[8] Аллаһ тарабынан (берилген) пазилет жана нээмат (ушул). Аллаһ - Билерман, Даанышман

[9] Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула! Эгерде экөөсүнөн бири экинчисине зулум кылса, силер зулум кылганына каршы, Аллаһтын буйругуна кайтканга чейин согушкула! Эгер (тооба кылып, Аллаһтын өкүмүнө) кайтса, экөөсүнүн арасын адилеттик менен оңдоп (жараштырып) койгула! Жана (колуңардан келишинче) адилет кылгыла! Чынында, Аллаһ адил адамдарды сүйөт

[10] Чынында, (бардык) момундар — бир туугандар! Бир тууганыңардын арасын оңдогула! Жана Аллаһтан корккула! Ажеп эмес, ырайымына арзысаңар

[11] О, ыйман келтирген пенделер! Эч бир эл башка элди мазактабасын! Алар (мазакталгандар) булардан жакшыраак болуп калуусу толук мүмкүн. Жана эч бир аялдар башка аялдарды шылдыңдабасын, алар булардан жакшыраак болуп калышы мүмүкүн. Өзүңөрдү-өзүңөр (жаман) ылакаптар менен мыскылдабагыла! Ыймандын артынан бузук ысым (менен аталуу) кандай жаман! Ал эми, кимде-ким тооба кылбаса, алар — заалымдар

[12] О,ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында, кээ бир күмөндөр күнөө.! Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?!” Жактырбайсыңарго! Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ тообаларды Кабылдоочу, Боорукер

[13] О, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам-Ата менен Хаваа-Энеден) жаратып, өз ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллаһтын назарында силердин эң улугуңар — такыбалуураак болгонуңар. Аллаһ чынында, Билүүчү, Кабардар

[14] Бедуиндер: «Биз ыймандуубуз»-дешет. Айткын: «Ыймандуу эмессиңер, бирок «Исламга кирдик»-дегиле. Ыйман силердин жүрөгүңөргө толук жете элек»!. Жана эгер Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, Ал силердин амалыңардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу

[15] Албетте, Аллаһка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллаһтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер

[16] (О, Мухаммад, акылысыз адамдарга) айткын: «Аллаһка диниңерди билдирип койоюн дедиңерби? Аллаһ асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселерди (ошонун арасында силердин жүрөгүңөрдөгү ой-максатыңарды да) билет. Жана Аллаһ - бардык нерселерди Билүүчү»

[17] Алар сага өздөрүнүн мусулман болгондуктарын милдет (колко) кылышат. Айткын: «Исламга киргениңерди колко кылбагыла! Тескерисинче, Аллаһ силерди Туура Жолго баштаганын колко кылат, эгер (ыйманыңарда) чынчыл болсоңор»

[18] Чынында, Аллаһ асмандардагы жана Жердеги кайыптарды билет. Аллаһ силер жасаган иштерди Көрүүчү

Кааф

Surah 50

[1] Каф.” Улук Кураанга ант

[2] (Курайштык) каапырлар (Кураанды баалоонун ордуна) тескерисинче, аларга өздөрүнүн эле арасында жүргөн (адам) эскертүүчү-пайгамбар (болуп) келгенине таң калып (мындай) дешти: «Бул кызык нерсего

[3] Эмне, биз өлүп (чирип) топурак болуп калсак (деле кайра тирилебизби?) Бул — өтө алыс (мүмкүн эмес) кайтуу!»

[4] Биз, жер алардан (алардын денелеринен «жеп») кемиткен нерсени билдик. Жана Биздин алдыбызда (бардык нерсенин илимин Өзүндө) сактоочу Китеп (Лавхул Махфуз) бар

[5] Жок! Аларга Акыйкат (Кураан) келген учурда «жалган» деп айтышкан. Алар (Кураан жөнүндө) туруксуз пикирде болушту

[6] Алар үстүндөгү асманга (акыл көзү менен) карашпайбы?! Биз аны (түркүгү жок) куруп, (жылдыздар менен) кооздоп койдук. Анын жаракасы да жок

[7] Биз жерди да кең-кенен кылып (жаратып), ага тоолорду таштап, анын үстүндө ар түрдүү сонун жуптарды өндүрүп-өстүрдүк

[8] (Аллаһка) кайтуучу ар бир пенде үчүн эскерме жана сабак болсун деп

[9] Жана Биз асмандан берекелүү суу түшүрүп, аны менен бак-дарактарды, жыйнап алынуучу дандарды өстүрдүк

[10] Бутактары мөмөлөгөн бийик курмаларды дагы (өстүрдүк)

[11] пенделерге ырыскы болсун деп. Жана ал (суу-жамгыр) менен өлүк шаарларды тирилттик. (Кайра тирилип, мүрзөлөрдөн) чыгуу ушул сыяктуу болот

[12] Алардан (Макка мушриктеринен) мурун Нухтун коому, кудук элдери жана Самуд коому (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен

[13] Аад коому, Фираун, Луттун (каапыр) бир туугандары дагы

[14] Токой элдери жана Тубба коому дагы «жалганчы» дешкенде... (алардын үстүнө) Менин (азап жөнүндөгү) убадам чындап келди

[15] Эмне, Биз абалкы жаратууда алсыздык кылган белек? Тескерисинче, алар (Макка мушриктери) жаңыдан (экинчи ирет) жаратуудан күмөндө болушту

[16] Инсанды Биз жаратканбыз жана анын напсиси азгыра турган нерселерди да Өзүбүз билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз

[17] Анткени, (инсандын) оң жана сол тарабында (Биз жиберген) эки кабыл алуучу (периште) олтурат

[18] Кандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү (периште) турат

[19] (Эй, күнөөкөр адам!) Өлүм масчылыгы Акыйкатта (мына башыңа) келди! Сен качып жүргөн нерсе — ушул

[20] Жана (мынакей), Сур (кернейи) да тартылды. Бул - убада кылынган Күн

[21] Жана ар бир жан (ээси) бир айдоочу жана бир күбө болуучу (периштенин) коштоосунда (сурак майданына) келди

[22] (Эй, Акыретти жалган деген пенде!) Сен мындан кайдыгер болчусуң. Анан Биз сенин (кайдыгерлик) пардаңды ачып салдык. Мына эми, бүгүн сенин көздөрүң (аябай) өткүр

[23] Жана анын (бул дүйнөдөгү) коштоочу периштеси айтты: «Бул (каапырдын жасаган иштеринин тизме китеби) менин алдымда даяр». (Анан коштогон эки периштеге айтылды)

[24] «Тозокко таштагыла, (чындыкты) четке каккан ар бир каапырды

[25] чектен ашып, (Акыреттен) шектенген жана жакшы (сооп) иштерге бут тоскондорду

[26] Алар Аллаһка кошуп, башка кудай жасап алган адамдар! Аларды катуу азапка таштагыла!»

[27] Анын коштоочу шайтаны? айтты: «О, Рабби! Муну мен (Сага) каршы жолго баштабадым. Бирок, өзү алыс адашууда болгон»

[28] (Аллаһ) айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мен силерге Өзүмдүн (тозок жөнүндөгү) кабарымды мурда айтканмын

[29] Менин Сөзүм өзгөрбөйт жана Мен пенделерге зулумдук кылуучу эмесмин!»

[30] Ошол күнү Биз тозокко: «(Каапырларга) толдуңбу?»-дейбиз. Ал: «Дагы барбы?» - дейт

[31] Жана Бейиш такыба кишилерге алыс эмес (жерге) алып келинет (жана айтылат)

[32] «Ушул силерге — ар бир (Аллаһка) берилген жана (Анын өкүмдөрүн) сактап жүрүүчүлөргө

[33] (жана) кайыптагы Рахмандан корккон, (Раббисине) тооба кылуучу жүрөк менен келген адамдарга убада кылынган нерсе»

[34] (Дагы аларга) «Бейишке сак-саламат киргиле! Бул түбөлүктүүлүктүн күнү» - деп айтылат

[35] Аларга анда каалаган нерселери бар. Жана Биздин алдыбызда кошумча (сооп-сыйлыктар да) бар

[36] Биз алардан (Макка мушриктеринен) мурун нечен-нечен (каапыр) муундарды кыйратканбыз. Алар булардан кубаттуураак болчу. (Балээ келгенде) шаарларда тыркырап, (качканы жай таппай калышты). (Аллаһтын азабынан) кача турган жер бар бекен

[37] Албетте, бул нерседе (соо) жүрөктүү же болбосо сергек абалда кулак салган адамдар үчүн сабактар бар

[38] Биз асмандарды, жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди алты күндүн ичинде (толук) жараттык жана Бизди (эч кандай) чарчоо кармабады

[39] Алардын сөздөрүнө сабырдуу бол! Жана күн чыкканга чейин жана (күн) батаардан мурун Раббиңди даңктап тасбих айт

[40] Дагы түндүн бир бөлүгүндө, саждалардын артынан Ага тасбих айт

[41] Жакын жерден бир жарчы (Исрафил периште Сур кернейи менен ) жар чакырган Күнү ага кулак сал

[42] Ал Күнү (бардык калайык-калк) акыйкат айкырыкты угат. Бул — (мүрзөдөн тирилип) чыгуу Күнү

[43] Чынында (инсаниятка) Биз жашоо бергенбиз жана Өзүбүз жанын алабыз. Жана кайтуу - Өзүбүзгө

[44] Ошол (Сур тартылган) Күндө аларга (мүрзөлөрдө жаткандарга) жер жарылып, шашкан абалда (чыгып келишет.) Бул чогултуу Биз үчүн өтө жеңил

[45] Алардын эмне деп жатканын Биз эң жакшы билебиз. Сен аларды мажбурлоочу эмессиң.! Эми сен Менин коркунучтуу убадаларымдан корккон адамдарды Кураан менен эскерт

Заарият

Surah 51

[1] (Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант

[2] Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант

[3] Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант

[4] (Аллаһтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант

[5] (О, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе? — бул чындык

[6] Жана Кыямат сөзсүз болуучу

[7] Кооз-көркөм асманга ант

[8] (Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр)

[9] Андан (Кураандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат

[10] Жалганчыларга өлүм

[11] Алар наадандык толкундарында адашкандар

[12] (Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?»-деп сурашат

[13] Ал Күнү тозокто азап тартышат

[14] (Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр — ушул» (деп айтылат)

[15] (Ал эми) такыба кишилер Бейиштерде, булактарда

[16] Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан

[17] Алар түндөсү бир аз эле укташкан

[18] Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан

[19] Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын? акысы болгон

[20] Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллаһтын Кудуретине) белгилер бар

[21] Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы

[22] Асманда силердин ырыскыңар! жана силерге убада кылынган нерселер бар

[23] Асман жана жердин Раббисине ант, (о, инсандар) албетте ал (Аллаһтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат

[24] (О, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле

[25] Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди

[26] Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди

[27] Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди

[28] Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун»-дешти алар жана ага (келечекте) аалым (боло турган) перзенттин куш кабарын беришти

[29] Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!»

[30] «Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» -дешти (периштелер)

[31] «О, элчилер, эмне жумуш менен?» деди. (Ибрахим)

[32] (Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик

[33] Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн

[34] Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган

[35] Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык

[36] Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн! башка мусулмандарды таппадык

[37] Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык

[38] Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фираунга анык далил (дин) менен жибердик эле

[39] (Фираун) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди»-деди

[40] Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу

[41] Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр? шамалды жибердик

[42] Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду

[43] Жана Самуд (элинин окуясын) да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды

[44] Алар Аллаһтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады!”

[45] (Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады

[46] Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон

[47] Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз

[48] Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз

[49] Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер

[50] (Бардык күнөөдөн) Аллаһка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн

[51] Аллаһ менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн

[52] Ошентип, алардан (Макка мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен

[53] Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллаһка) каршы чыккан элдер

[54] (О, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң

[55] Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет

[56] Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым

[57] Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.”

[58] Чынында, Аллаһ бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү

[59] Эми, зулум кылган адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун

[60] Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун

Тур

Surah 52

[1] Тур? тоосуна ант

[2] Жана жазылган Китепке? ант

[3] Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө

[4] Жана Абад Үйгө* ант

[5] Жана бийик тамга (асманга) ант

[6] Жаңы толуп-ташкан деңизге ант

[7] (О,Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу

[8] Аны (эч бир) кайтаруучу жок

[9] Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт

[10] Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт

[11] Ал күнү жалганчыларга өлүм болсун

[12] Алар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле

[13] Ал күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат)

[14] «Силер жалганга чыгарган тозок — ушул

[15] Эмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы

[16] Ага киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!»

[17] Ал эми, (Раббисинен) корккон кишилер Бейиштердин жана нээматтардын ичинде

[18] Раббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт

[19] (Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат)

[20] (Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн! үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз

[21] Ал эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (Бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну

[22] Жана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз

[23] Алар анда (Бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт

[24] Аларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат

[25] Жана (Бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты

[26] (Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллаһ Тааладан) коркуучулар элек

[27] Анан бизге Аллаһ (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды

[28] Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу

[29] (О, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң

[30] Же болбосо, алар (мушриктер: «Бул) акын. Анын өлүмүн күтө туралы»- дешеби

[31] Айткын: «Күтө бергиле. Мен да силерге кошулуп (Аллаһ силерге азаб берүүсүн) күтөмүн»

[32] Же болбосо алардын «акылдары» ушуга (Куранды жалганга чыгарууга) буюрабы?! Же алар чектен чыккан элби

[33] Же болбосо, «(Мухаммад) аны (Кураанды) оюнан чыгарып сүйлөгөн»-дешеби? Жок! Алар ыйман келтиришпейт

[34] Эгер («Кураанды инсан ойлоп чыгарган» деген сөздөрүндө) чынчыл болушса, ага окшогон бир гана сөз алып келишсин

[35] Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу

[36] Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт

[37] Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу

[38] Же болбосо, алардын колунда аны менен (асмандагы кайып кабарларды) уга турган шатысы барбы? (Эгер бар болсо) анык далил менен, уккан кишисин алып келишсин

[39] Же болбосо, Ага (Аллаһ Таалага) кыз перзенттер, өздөрүнө уул перзенттерби

[40] Же болбосо, Сен алардан (дин үйрөткөнүң үчүн) акы сурап жатасыңбы? (Анан) Алар (ошол акыны) төлөөдөн кыйналып калышканбы

[41] Же болбосо, алардын алдында кайып (илими) бар бекен жана алар аны жазып алышыптырбы

[42] Же болбосо, алар (сага каршы бир) амалкөйлүк ойлоп жатышкандыр! Каапырлардын амалдары өздөрүнө зыян болуп кайтат

[43] Же болбосо, алардын Аллаһтан башка кудайлары барбы? (Жок!) Аллаһ алар кошкон ширктен Таза

[44] Эгер алар асмандан (өздөрүнүн башына) түшүп келе жаткан (балээнин) бир бөлүгүн көрсө да, (анын балээ экенин ойлоп да койбостон) «бул түрмөктөлгөн булут» дешет

[45] (О, Мухаммад!) Сен аларды кыйрап калчу күндөрүнө (Кыяматка) жолукканга чейин жөн кой

[46] Ал күнү аларга айлакерликтери пайда бербейт жана аларга жардам да берилбейт

[47] Жана заалым (каапыр) болгон адамдарга мындан (тозоктон) башка азаптар! да бар. Бирок алардын көпчүлүгү (муну) билишпейт

[48] Эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Сен Биздин көз алдыбыздасың. Жана (беш убак намазга) турганда, Раббиңе мактоо жана тасбих айт

[49] Түндүн (бир бөлүгүндө) жана да жылдыздар кеткен (таң) мезгилинде дагы Ага тасбих айт

Нажм

Surah 53

[1] Батып бара жаткан жылдызга ант

[2] (Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес

[3] Жана ал өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып сүйлөбөйт

[4] Ал сүйлөгөн сөздөр (Аллаһтан келген) вахий кабарынан башка эмес

[5] Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн

[6] Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү

[7] жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)

[8] Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди

[9] Эки жаа бою же андан да жакыныраак

[10] Анан (Аллаһ анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды

[11] (Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады

[12] (Эй, мушриктер!) Силер Мухаммад менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы

[13] (Мухаммад) аны (Жебирейилди) экинчи ирет дагы көрдү

[14] «Сидратул мунтахаанын»? алдында

[15] «Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында

[16] Капысынан (Аллаһтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды

[17] (Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди

[18] Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү

[19] «Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы

[20] «Манатка» дагы, алардын 1 үчүнчүсү

[21] Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи

[22] Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката

[23] Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллаһ аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан Туура Жол келген болчу

[24] Же инсан каалаганын жасай береби

[25] Акырет дагы Дүйнө дагы Аллаһга таандык

[26] Асмандарда канча периште болсо, Аллаһ Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок

[27] Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат

[28] Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт

[29] Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл

[30] Алардын илимден жеткен чеги — ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын билип турат

[31] Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (Бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык

[32] Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.! Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллаһ такыбаларды да эң жакшы билет

[33] Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы

[34] Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат

[35] Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы

[36] Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби

[37] (Аллаһтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы

[38] (Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт

[39] Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган)

[40] Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт

[41] Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет

[42] Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат

[43] Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү

[44] Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү

[45] Эркек-аял — эки жупту жараткан да Анын Өзү

[46] (Жатындарга) атырылган бел суудан

[47] Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши

[48] Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү

[49] (Мушриктер сыйынган) Шеьранын! Раббиси да Анын Өзү

[50] Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү

[51] Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай

[52] Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан заалым коом болушкан

[53] «Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү)

[54] Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды

[55] Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайсы ишинен шектенесиң

[56] Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири

[57] Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды

[58] Аны(н качан болушунун сырын) Аллаһтан башка эч ким ача албайт

[59] Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Кураандан) таң калып жатасыңарбы

[60] (Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы

[61] Силер (ага) көңүл бурбадыңар

[62] Эми (ынсапка келип) Аллаһка сажда жана ибадат кылгыла

Камар

Surah 54

[1] Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү

[2] Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул — ар дайымкы сыйкыр»-дей баштады

[3] Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат

[4] Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле

[5] (Аларга келген Кураан) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт

[6] Сендагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө

[7] Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат

[8] Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет

[9] Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан

[10] Анан ал Раббисине дуба кылып: «О, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!»-деп дуба кылды

[11] Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик

[12] Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан... (Аллаһ тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду

[13] Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк

[14] Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты

[15] Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен

[16] Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур

[17] Биз Кураанды эскергенге! жеңил кылдык. Кана, ким эскерет

[18] Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду

[19] Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик

[20] Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты)

[21] (Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен

[22] Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

[23] Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып

[24] (Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте кала-быз

[25] Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам

[26] Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин

[27] (О, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур

[28] Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын

[29] Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди

[30] (Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун

[31] Биз аларга бир чаңырык? жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты

[32] Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

[33] Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты

[34] Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык

[35] Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз

[36] (Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи

[37] Жана анын мейманын? (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын

[38] Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди

[39] Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын

[40] Биз Кураанды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

[41] Жана Фираун адамдарына дагы эскертүүлөр келген

[42] (Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык

[43] (О, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы

[44] Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби

[45] Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат

[46] Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат — аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак

[47] Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта

[48] Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат)

[49] Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз

[50] Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат)

[51] Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы

[52] Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар

[53] Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган

[54] Чынында, такыба адамдар Бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а

[55] Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте

Рахман

Surah 55

[1] Ар-Рахман

[2] Кураанды таалим берди

[3] Инсанды жаратты

[4] (Жана) ага баянды — сөздү үйрөттү

[5] Күн дагы, Ай дагы (Аллаһ койгон) эсеп менен (айланат)

[6] Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат

[7] (Аллаһ) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту

[8] Таразада кыянат кылбагыла деп

[9] Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла

[10] Ал жерди калк-калайык? үчүн (мекен) кылды

[11] Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар

[12] Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар

[13] Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[14] Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты

[15] Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты

[16] Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[17] Ал эки чыгыш менен эки батыштын? Раббиси

[18] (О, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[19] Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды

[20] (Бирок), ортосунда (Аллаһ койгон) тосмо бар: өтүшпөйт

[21] Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[22] Алардан (Аллаһ) берметтерди, шуруларды чыгарат

[23] Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[24] (Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү

[25] Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[26] Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу

[27] Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк

[28] Эми, (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[29] Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө

[30] Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[31] О, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз

[32] Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[33] О, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар — кете бергиле. (Аллаһтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар

[34] Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[35] Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар

[36] Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[37] Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат

[38] Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[39] Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт

[40] Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[41] Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат)

[42] Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[43] Күнөөлүүлөр жалган деген тозок — ушул

[44] Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат

[45] (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[46] Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет

[47] (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[48] Эки бак тең бутактуу.”

[49] (Эй, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[50] Экөөндө тең агып турган булактар

[51] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[52] Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар

[53] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[54] (Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки Бейиштин тең мөмөлөрү ийилген

[55] (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[56] Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар

[57] (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[58] Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу

[59] Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[60] Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес

[61] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[62] Эки Бейиштен ылдыйраакта дагы эки Бейиш бар

[63] Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[64] Эки (күмүш) Бейиш тең жашыл түстө

[65] Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[66] Экөөндө тең атырылган булактар

[67] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[68] Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар

[69] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[70] Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер

[71] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[72] Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган

[73] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[74] Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген

[75] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[76] Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат

[77] Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар

[78] Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси — Раббиңдин ысымы таберик

Ваакиа

Surah 56

[1] (Кыяматтык) окуя болгондо

[2] Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт

[3] Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү

[4] Жер катуу силкинип, титирегенде

[5] Тоолор дагы талкаланып

[6] чаң-тозонго айланганда

[7] Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө

[8] Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)

[9] Жанасол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)

[10] Алдыңкылар — алдыңкылар

[11] Ошолор (Аллаһка) жакын болгондор

[12] Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат

[13] (Наим бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар

[14] Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт)

[15] Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө

[16] жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат

[17] (Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт

[18] Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен

[19] Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт

[20] (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен

[21] табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт)

[22] Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар

[23] (Седепте) жашынган бермет сыяктуу

[24] Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына

[25] (Бейишилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт

[26] Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат

[27] Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)

[28] (Алар) тикенсиз «Сидр»! дарагынын арасында

[29] Мөмөлүү банан бактарында

[30] Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө

[31] (Шар) аккан суулар(дын боюн)да

[32] Көп мөмө-жемиштердин ичинде —

[33] Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн

[34] (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө

[35] Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык

[36] Биз аларды бикир* кылып жаратып

[37] Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук

[38] Оң тарап ээлери үчүн

[39] Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар

[40] Акыркылардан азыраак жамааттар

[41] Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)

[42] Алар «самум» менен «хамимдин!»!ичинде

[43] жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»

[44] Анын салкыны да жок, көркү да жок

[45] Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле

[46] Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан

[47] Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз

[48] Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)»-дешкен

[49] (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы

[50] Белгиленген күндүн убадасына чогултулат

[51] Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар

[52] «Заккум» дарагыңн(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер

[53] Аны менен курсагыңарды толтуруп

[54] Үстүнөн кайнак суу ичесиңер

[55] Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»

[56] Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» — ушул

[57] (О, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле

[58] Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү

[59] Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы

[60] Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз

[61] Силерге окшогондорду (кыйратып, башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга

[62] Билесиңерго, (Аллаһ жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби

[63] Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы

[64] Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү

[65] Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып

[66] «Чынында биз зыянга баттык

[67] (Ырыскыдан) кол жууп калдык!»-демексиңер

[68] Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы

[69] Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү

[70] Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы

[71] Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы

[72] Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби

[73] Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн

[74] Эми (о, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула

[75] Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин

[76] Бул өтө улук ант, эгер билсеңер

[77] Ал- Улук Кураан

[78] Сакталган-жашыруун Китепте

[79] Аны (Кураанды) таза адамдар гана кармайт

[80] Ал—- ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн

[81] Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы

[82] Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы

[83] (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе

[84] Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар

[85] (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр

[86] Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор

[87] (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор

[88] Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо

[89] (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр

[90] Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо

[91] Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун

[92] Эгерде ал адашкан жана (Кураанды) «жалган» дегендерден болсо

[93] Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип

[94] Тозокко ташталат

[95] Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат

[96] Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)

Хадид

Surah 57

[1] Аллаһка асмандар жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал — Кудуреттүү, Даанышман

[2] Асмандар менен жердин мүлкү Ага таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал - ар кандай нерсеге Кудуреттүү

[3] Ал эңабалкы жана эң акыркы, эң жогорку жана эң терең. (Ошондуктан) Ал бардык нерсени Билүүчү

[4] Аласмандар менен жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшүп жаткан жана ага көтөрүлүп жаткан бардык нерселерди билет. Силер кайда болбогула, Ал силер менен бирге.? Аллаһ силердин (бардык) амалыңарды Көрүүчү

[5] Асмандар менен жер мүлкү Ага таандык. Бардык иштер Аллаһка кайтат

[6] Жана Ал түндү күндүздүн ичине, күндүздү түндүн ичине киргизет.” Ал көөдөндөрдөгү сырларды Билүүчү

[7] (О,адамдар!) Аллаһка жана пайгамбарына ыйман келтиргиле жана Аллаһ халифа-орунбасар кылган нерселерден? (Аллаһтын Жолуна) садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар

[8] Силерге не болгон, пайгамбар Раббиңерге ыйман келтирүүгө чакырып турса да, Аллаһка ыйман келтирбей жатасыңар?! Эгер ыймандуу болсоңор, ал убадаңарды алган эле го

[9] Алсилерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллаһ силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү

[10] Силерге не болду, Аллаһ жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллаһка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан»! мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллаһ бардыгына сооп-сыйлык (Бейиш) убада кылган. Аллаһ ишиңерден Кабардар

[11] Ким Аллаһка (өзүнүн адал мүлкүнөн) жакшынакай карыз берсе, ага ашыкчасы менен кайтарат жана ага улук сооп (Бейиш) бар

[12] Сен ал (Кыямат) күнү, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын алдыларынан жана оң капталдарынан (ыйман) нурлары жарытып баратканын көрөсүң. (Ошондо аларга «Эй, момундар!) Силерге бул күндөгү куш кабар: астынан дарыялар аккан бейиштер! Анда түбөлүк каласыңар! Бул — улук жеңиш!» (деп айтылат)

[13] Ал күндө мунафык эркектер менен мунафык аялдар ыймандуу пенделерге «токтой тургулачы, нуруңардан бир аз алалы?!»-дешет. «Жоголгула артыңарга — деп айтылат аларга — башка нур издегиле, (эгер таба алсаңар!»). Анан алардын ортолоруна эшиги бар тосмо коюлат. Ал эшиктин ичи (ыймандуулар тарабы) ырайым-бейиш, сырты: (мунфыктар) тарабы болсо, азап-тозок

[14] (Мунафыктар) айтышат: «(Дүйнөдө) силер менен бирге эмес белек?! «Ооба. (Сыртыңардан гана биз менен бирге (мусулман) болгонсуңар). Бирок, (мунафыктык менен) өзүңөрдү азгырып, (Исламга зыян келишин) күтүп, шектенгенсиңер жана силерди, Аллаһтын буйругу (өлүм) келгенге чейин жалганчы кыялдар алдаган. Шайтан дагы силерге Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөн» дешет (ыймандуулар)

[15] Эми ал (силер азапка салынчу) күнү силерден да, каапырлардан да фидья! (кабыл) алынбайт. Жайыңар тозок! Ошол гана силерге ылайык! Кандай жаман орун

[16] Ыймандуу адамдар үчүн, мурдагы китеп элдери сыяктуу болбой, жүрөктөрү Аллаһтын зикири менен (Андан) түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен! Аларга (китеп элдерине каапырчылык) доору узун болуп, жүрөктөрү катып калган эле. Алардын көпчүлүгү бузукулар

[17] Билип алгыла, чынында Аллаһ өлүк жерди (жамгыр менен) тирилтти. Акылыңарга келээрсиңер деп (кудуретибизге) далилдерди (ушинтип) баян кылдык

[18] Албетте, садака кылган эркектер менен садака кылган аялдарга жана Аллаһга жакшына карыз бергендерге (Аллаһ) ашыгы менен кайтарат. Жана аларга улуу сыйлык (Бейиш) бар

[19] Аллаһка жана пайгамбарына ыйман келтиргендер, ошолор гана сыддыктар!! Шахиддерге болсо, Раббисинин алдында(өзгөчө) сооптору жана нурлары бар! Ал эми, капыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендер — алар тозок ээлери

[20] Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллаһтан кечирим жана ыраазылык бар. (Ошентип) Дүйнө жашоосу азгырык матаадан? башка эмес

[21] (О, момундар!) Раббиңердин кечиримине жана кеңдиги асман менен жердей болгон Бейишке шашылгыла! Ал Аллаһка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргендер үчүн даярдалган. Бул — Аллаһтын пазилети. Аны каалаган пенделерине берет. Аллаһ улук пазилет Ээси

[22] Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллаһ үчүн жеңил

[23] (Мал-дүйнө, ден-соолук ж.б.у.с.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллаһ бардыгын мурдатан Лавхул-Махфузга жазып койгон). Аллаһ ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт

[24] Ошолор (садакадан) сараңдык кылышат жана адамдарды дагы сараңдыкка буюрушат. Ким (садакадан) жүз үйрүсө, (билип алгыла) Аллаһ — Беймуктаж, Макталган

[25] Биз пайгамбарларыбызды анык далилдер менен жиберип, алар менен Китепти жана адилетти түшүрдүк, адамдар теңдик менен (жашап) туруулары үчүн. Дагы Биз (аларга асмандан) темирди түшүрдүк — анда күч-кубат жана адамдар үчүн (көп) пайдалар бар — Аллаһ (ошол темир-курал менен) Өзүнө жана пайгамбарларына (алар) жокто! жардам берген адамдарды билиши үчүн. Аллаһ Кудуреттүү, Жеңилгис

[26] Биз Нухту жана Ибрахимди пайгамбар кылып жибердик жана алардын урпактарынын арасында(гы тандалган адамдарга ар кайсы мезгилдерде) пайгамбарлык менен (ыйык) китепти бердик. Анан ал урпактардын арасынан кээ бирөөлөр Туура Жол табышты. Бирок, көпчүлүгү бузукулар эле

[27] Кийин алардын изинен (башка) пайгамбарларыбызды жибердик. Марямдын уулу Ыйсаны да алардын артынан жиберип, ага Инжилди бердик жана ага ээрчиген адамдардын жүрөгүнө ырайым салдык. Ал эми, кечилдикти болсо, Биз парыз кылбасак деле, Аллаһты ыраазы кылабыз деп өздөрү ойлоп табышты. Бирок, аны чындап аткара алышпады. Биз алардын арасынан (Аллаһка жана Мухаммадга) ыйман келтиргендерге соопторун беребиз. Алардан көпчүлүгү бузукулар

[28] Эй, (Мусага жана Ыйсага) ишенгендер! Аллаһтан корккула жана Анын пайгамбарына (Мухаммадга) да ыйман келтиргиле! Ошондо силерге Өз ырайымынан эки эсе берет?, аны менен (Кыямат караңгылыгында) жүрө турган нур тартуулайт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ - Кечиримдүү, Ырайымдуу

[29] (Мухаммадга ыйман келтирбеген) китеп элдери билип алышсын: алар Аллаһтын пазилетинен эч нерсеге ээ эмес. Пазилет Аллаһтын гана Колунда, аны каалаган пендесине берет.! Аллаһ улук пазилет Ээси

Мужаадила

Surah 58

[1] (О, Мухаммад!) Өзүнүн күйөөсү жөнүндө сени менен сөз талашып, Аллаһка арызданган аялдын сөзүн Аллаһ укту. Аллаһ экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү угат. Аллаһ — Угуучу, Көрүүчү

[2] (О,момундар!) силердин араңардан ким аялын «зихар» кылса, аялдары апалары болуп калбайт. Алардын апалары — аларды тууган аялдар. Алар («сен мага апамын белиндей болуп кал» деп) жарабаган жана жалган сөздү айтышат! Аллаһ Күнөөлөрдөн өтүүчү жана Кечиримдүү

[3] Аялдарын зихар кылып алып, кийин ал сөзүнөн кайткандар (күнөөсүн жууш үчүн) аялына кошулбай туруп бир кулду азат кылат. Ушул — силерге насаат. Аллаһ бардык ишиңерден Кабардар

[4] Ким (кул азат кылууга жеткидей акча) таппай калса, аялына жакындык кылбай туруп эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Ал эми, ким (орозо кармоого) алы жетпесе, алтымыш кембагалды тойдурат. Бул Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн. Дагы булар — Аллаһтын чектегени. Каапырларга (чек бузгандарга) жан ооруткан азап бар

[5] Аллаһка жана Анын пайгамбарына душманчылык кылгандар өздөрүнөн мурдагы (каапыр) адамдар кор болгону сыяктуу кор болушат. Биз (Аллаһтын чектөөсү чындык экенине) анык далилдерди түшүрдүк. Каапырларга (Кыяматта) кордук азабы бар

[6] Ал күнү алардын бардыгын Аллаһ кайра тирилтип, (дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын билгизет. Ал иштерди Аллаһ(тын периштелери) эсептеп койгон, (бирок) өздөрү унутушкан. Аллаһ - бардык нерсеге Күбө

[7] (О,Мухаммад!) билбейсиңби, Аллаһ асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү — Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы — Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге!! Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллаһ ар нерсени Билүүчү

[8] Шыбыр-шыбыр(ушактар) дан?” кайтарылган адамдарды көрбөйсүңбү, кийин (дагы эле) тыюу салынган ишке кайтып жатышат жана күнөө, душманчылык, пайгамбарга каршы чыгуу жөнүндө шыбырашып жатышат. Эгер жаныңа келишсе, сага Аллаһ салам бергенден башкача салам беришет? жана ичинен: «(эгер Мухаммаддын пайгамбар экени чын болуп калса) бул сөзүбүз үчүн Аллаһ азапка салбагай эле!» дешет. Аларга өздөрү таштала турган тозок жетиштүү! Кандай жаман акыбет

[9] О,ыймандуу адамдар! Эгер силер шыбырашып сүйлөшчү болсоңор, анда күнөө, душманчылык жана пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршы чыгуу жөнүндө шыбырашпагыла! Жакшы иштерди жана такыбалыкты шыбырашкыла. Аллаһтан корккула, Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар

[10] Албетте, (каразгөй) шыбыр сөздөр ыймандуу адамдарды капага салуу үчүн шайтан тарабынан болот. Бирок, Аллаһтын уруксаты болмоюнча (мындай шыбыр сөздөр) аларга зыян жеткирбейт. Ыймандуулар Аллаһка гана тобокел кылышсын

[11] О, ыймадуулар! Эгер бир межилис-отурушта силерге «(өз ара кыналып отуруу менен) орун бергиле» деп айтылчу болсо, дароо орун бергиле. (Ошондо) Аллаһ силерге да (Бейишинен) орун берет. Жана эгер (такыбалуу, илимдүү адамдар келгенде) «жайды бошоткула» деп айтылса, дароо бошоткула. (Себеби,) Аллаһ силердин араңардагы (таза-калыс) ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон. Аллаһ бардык ишиңерден Кабардар

[12] О, момундар! Эгер пайгамбар менен жекече сүйлөшүүнү кааласаңар, сүйлөшүүңөрдөн мурда (кедейлерге) садака бергиле!. Бул силер үчүн жакшы жана тазараак (жорук) Эгерде (садакага) эч нерсе таппасаңар, Аллаһ Кечиримдүү, Боорукер

[13] Эмне, силер жекече сырдашуунун алдынан садака берсеңер (кембагал болуп калуудан) коркосуңарбы? Бербесеңер бербегиле, Аллаһ тообаңарды кабыл алды. Бирок, намазыңарды (кем кылбай) окуп, зекетти (өз убагында, толук) бергиле!! Аллаһка, Анын пайгамбарына моюн сунгула! Аллаһ - ишиңерден Кабардар

[14] (О, Мухаммад!) аларга (мунафыктарга) карабайсыңбы, Аллаһ каарына алган коом (яхудийлер) менен дос болуп жүрүшөт. Алар силерден эмес, алардан да эмес?. Жалгандан («мен — мусулманмын!» деп) ант ичишет. Бирок, (мусулман эмес экенин) билип эле турушат

[15] Аллаһ (Акыретте) аларга катуу азапты даярдап койгон! Алардын иштери (жалгандан ант ичүү жана эки жүздүүлүк) кандай жаман

[16] Анттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллаһтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар

[17] (Жыйнаган) мал-дүйнөсү менен перзенттери аны Аллаһ тарабынан (азап болуп келген) эч нерседен тосо албайт! Алар — тозок ээлери! Алар анда түбөлүк калышат

[18] Аллаһ алардын бардыгын кайра тирилткен күнү, силерге ант ичкен сыяктуу Ага да ант иче башташат жана бул аларга пайда берет деп ойлошот. Уккула! Алар — чектен чыккан жалганчылар

[19] Аларды шайтан бийлеп алып, Аллаһты эстөөнү унуттурган. Алар — шайтандын жамааты! Уккула, шайтандын жамааты (эки дүйнөдө тең) зыян тартуучулар

[20] Аллаһка жана пайгамбарына душмандык жасагандар кор болгондордун сабында

[21] Аллаһ (Өзүнүн тагдыр китебинде) «Мен жана Менин пайгамбарларым — жеңүүчүлөрбүз» деп жазып койгон. Аллаһ баарынан Күчтүү, баарынан Кудуреттүү

[22] (О, Мухаммад!) Сен Аллаһка жана Акырет күнүнө бекем ыйман келтирген адамдарды (эч качан) Аллаһтын жана Анын пайгамбарынын душмандарын дос тутканын көрбөйсүң, эгер ал(душманд)ар алардын аталары, перзенттери, ага-инилери жана тууган-туушкандары болсо да! Дал ушулар Аллаһ алардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Аларды (Кыяматта) түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет. Аллаһ алардан ыраазы болду, алар дагы Аллаһтан ыраазы болушту! Мына ушулар — Аллаһтын жамааты! Уккула: Аллаһтын жамааты гана жеңишке жетет

Хашр

Surah 59

[1] Аллаһка асмандар жана жердегинин бардыгы тасбих айтты! Ал — Кудуреттүү, Даанышман

[2] Алкитеп элдеринен турган каапырларды журттарынан биринчи сүргүн үчүн чыгарды. Силер (О, момундар, алардын чептери бекем болгондуктан) аларды чыгат деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы (бийик) сепилдери өздөрүн Аллаһтан коргоп калат деп ойлошкон. Анан АллаПЦ(тын жазасы) аларга күтпөгөн тараптан келип, жүрөктөрүнө коркуу салды! эле, үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен талкалап киришти. О, акылдуу адамдар! (Бул окуядан) сабак алгыла

[3] Эгер Аллаһ аларга көчүп кетүүнү (тагдыр кылып) жазбаганда, (ушул) дүйнөдө (өлүм же кулчулук сыяктуу жаза менен) жазаламак. Аларга Акыретте да тозок азабы бар

[4] Мунун себеби, алар Аллаһ менен Анын пайгамбарына душман чыгышты. Ким Аллаһка душман болсо, (билип алсын:) Аллаһтын жазасы катуу

[5] (О,момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллаһтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар

[6] Аллаһ Өз пайгамбарына алардан олжолоп берген нерсеге силер ат чаптырып, төө жорттуруп барбадыңар. Бирок, Аллаһ Өзүнүн пайгамбарларын каалаган пенделеринин үстүнөн жеңүүчү кылат. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү

[7] Аллаһ (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллаһка!, пайгамбарга, тууган-туушкандарга?, жетимдерге, бей- бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.? Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллаһтан корккула, чынында Аллаһтын азабы катуу

[8] (Жана ал олжолор) журттарынан (Маккадан) жана мал-мүлкүнөн чыгарып жиберилген кембагал мухажирлерге (бөлүнөт). Алар (хижрат кылуу менен) Аллаһтын пазилетин, ыраазычылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллаһ(тын дини) Анын пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер

[9] Ал эми, аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (мединалык) момундар, өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көралбастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды(н пайдасын) өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (Бейишке) жетет

[10] Алардан (мухажирлер жана ансарлардан куралган абалкы мусулман уммасынан) кийин келген адамдар (дуба-тилектеринде мындай) дешет: «О, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн бурадарларыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! О, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң

[11] Мунафык адамдарга карабайсыңбы, китеп ээлеринен болгон каапыр өнөктөштөрүнө келип: «Эгер силер (Мединадан) чыгарылсаңар, биз дагы силер менен бирге чыгабыз! Силер(ге зыян жеткирүү) жөнүндө эч качан, эч кимге моюн сунбайбыз! Эгер силерге согуш ачылса, албетте жардам беребиз!» дешет. Бирок, алардын анык жалганчы экенине Аллаһ күбө

[12] Эгер алар чыгарылса, (мунафыктар) алар менен бирге чыкпайт жана эгер өлтүрүлүп жатса да эч жардам беришпейт. Жардам берген күндө деле артына карап качышмак жана (аларга Аллаһтан) жардам берилбей калмак

[13] (О, ыйман жоокерлери! Алардын сепилдерин курчап турганыңарда) алардын жүрөктөрүнө Аллаһтан да айбаттуураак сезилдиңер!. Мунун себеби, алар (Аллаһтын кудуретин) билбеген коом эле

[14] Алар силер менен (ачык майданда) биримдикте согуша албайт. Чеп менен оролгон шаарларынын ичинде же дубалдардын ар жагында гана («чогуу» боло алышат). Алардын айбат-сүрү өздөрүнүн ичинде гана күчтүү. (Ошондуктан,) аларды биримдикте деп ойлойсуңар. Бирок, алардын жүрөктөрү ыдырап бүткөн. Мунун себеби, алар (Аллаһтын аяттарынын алдында) акылын иштетпеген коом

[15] Алар өздөрүнөн бир аз эле мурдагы кылмышынын жазасын тарткан (каапыр) адамдарга окшойт”. Аларга жан ооруткан азап бар

[16] (Ал эми, аларды согушка козутуп, өздөрү келбей койгон мунафыктар) шайтанга окшош. Бир кезде ал инсанга (каапырчылыкты кооз көргөзүп): «Каапыр бол»-деди. Каапыр болду эле, (дароо өзүн оолактатып): «Сени менен ишим жок. Мен ааламдардын Раббисинен коркомун!» деди

[17] Анан экөөсүнүн тең акыбети тозокто түбөлүк калуу болуп калды. Заалымдардын жазасы — ушул

[18] О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтан корккула! Ар бир жан эртеңки (Кыямат) күн үчүн эмне алып келгенине карасын! Аллаһтан корккула! Аллаһ эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар

[19] Аллаһты унуткан, натыйжада Аллаһ өздөрүн-өздөрүнө унуттурган адамдарга окшобогула! Алар — бузулган (Аллаһка моюн сунбаган) адамдар

[20] Тозок элдери менен Бейиш элдери тең эмес. Бейиш ээлери — алар жеңүүчүлөр

[21] Эгер Биз мына бул Кураанды тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллаһтан коркконунан баш ийип, тыркырап кеткенин көрмөксүң. Биз бул салыштырууларды, пикирин иштетсе ажеп эмес деп, адамдарга айтып берүүдөбүз

[22] Ал— Аллаһ! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал — Ырайымдуу, Мээримдүү

[23] Ал— Аллаһ! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал — Падыша, Ыйык, Аруу-Таза, Амандык Берүүчү ‚ Сактоочу, Күч-кубаттуу, Кудуреттүү, Улуулук Ээси! Аллаһ алардын ширктеринен Таза

[24] Ал-— Аллаһ, Жаратуучу, жоктон бар Кылуучу жана келбет Берүүчү! Анын сонун-көркөм ысымдары бар. Ага асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. (Анткени), Ал — Кудуреттүү жана Даанышман

Мумтахана

Surah 60

[1] О,ыйман келтирген пенделер! Менин жана өзүңөрдүн душманыңарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (катын) жиберип жатасыңар. Алар силерге келген Акыйкатка каапыр болушкан! Силерди жана пайгамбарды Аллаһка — Раббиңерге ыйман келтиргениңер үчүн гана (Маккадан айдап) чыгарышууда! Эгер силер Менин ыраазычылыгымды гана үмүт кылып, Менин Жолумда гана жихад кылуу үчүн чыккан болсоңор (аларды дос тутпагыла!) Силер болсо, жашыруун достошуп жатасыңар! Мен силердин ичиңерге катканыңарды да, ашкере кылганыңарды да эң жакшы билемин! Силерден ким муну жасаса, ал Түз Жолдон адашыптыр

[2] Алар“ эгерде силерди(н зыяныңарга бир мүмкүнчүлүк) таап калса эле, ошол замат душман болуп, колдору менен тилдерин силерге жамандык менен агытышат жана каапыр болушуңарды самап турушат

[3] Тууган-уругуңар менен бала-чакаңар Кыяматта силерге пайда жеткире албайт!, (Аллаһ) араңарды бөлүп койот. Аллаһ эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү

[4] Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллаһтан башка кудайларга тиешебиз жок. биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллаһка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан. Бирок, Ибрахимдин атасына карата: «Мен сизге (Аллаһтан) кечирим сурай-мын. Сизге Аллаһ тарабынан (келе турган азаптан) эч нерсени кайтарууга кудуретим жетпейт»-деген сөзүн (өрнөк кылбагыла)”. О, Раббибиз! Биз Сага тобокел кылдык, Өзүңө кайттык жана кайтып баруу — Өзүңө гана

[5] О, Раббибиз! Бизди каапырларга фитна (көз каранды) кылбагай элең! жана күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! О, Раббибиз! Аныгында Сен Кудуреттүү, Даанышмансың

[6] Аларда силер — Аллаһтан жана Акырет Күндөн үмүт кылгандар үчүн эң сонун үлгүлөр бар. Ким (үлгү алуудан) жүз бурса, (билип койгула:) Аллаһ Беймуктаж, Даңазалуу Зат! (Жогорку аяттарда мушриктер менен кандай позицияда болуу керектиги үйрөтүлдү. Бирок, качан алардын ашынган душмандыгы ашкере болмоюнча, алардын ыйманга келишинен үмүт үзбөгөн абзел. Себеби)

[7] Аллаһ алардын (Макка мушриктеринин) ичиндеги силер душмандашкан адамдар менен араңарда достук жаратып койсо ажеп эмес. Аллаһ (буга) Кудуреттүү! Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү

[8] Силер менен дин себептүү согушпаган жана силерди мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык жана адилет кылуудан Аллаһ силерди кайтарбайт. Аллаһ адилеттүүлөрдү сүйөт

[9] Силерге каршы дин себептүү согушуп, мекениңерден чыгарган жана чыгарууга жардам берген адамдарды дос тутуудан Аллаһ силерди кайтарат. Ким аларды дос туткан болсо, алар анык заалымдар

[10] О, ыйман келтиргендер! Эгер силерге ыймандуу аялдар хижрат кылып келсе, аларды сынагыла. Аллаһ алардын ыйманын эң жакшы билет. Эгер алардын ыймандуу экенин аныктасаңар, каапырларга кайтарып жибербегиле. (Себеби,) алар мушриктерге адал эмес, мушриктер аларга адал эмес.! Жана (эгер үйлөнсөңөр) аларга (мушрик күйөөлөрү) берген өлчөмдөгү махырды бергиле. Качан (ушул) махырды төлөсөңөр, аларга үйлөнүүдө силерге күнөө жок. Жана каапыр болуп (Мединадан Маккага кетип) калган аялдардын билегинен да кармабагыла?! Кийин алардан берген махырыңарды сурап алгыла, алар (силер үйлөнгөн мухажир аялдардын Маккада калган мушрик күйөөлөрү) дагы (ал аялдарга) берген махырын силерден сурап алышсын. Аллаһтын өкүмү — ушул. Ал силердин араңарда өкүм кылат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[11] Эгерде, силердин аялдардан кимдир бирөөсү каапырлар тарапка өтүп (бир мушрикке тийип) кетсе, (жана анын мушрик күйөөсү силерге махырды кайрып бербесе) анан силер (согушта мушриктерди) жеңип алсаңар, аялы кетип калган кишилерге (олжодон) махыры барабарынча бөлүп бергиле. Жана өзүңөр ыйман келтирген Аллаһтан корккула

[12] О, пайгамбар! Эгер сага ыймандуу аялдар келип, Аллаһка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук, зынаа кылбоого, (кыз төрөлгөн) балдарын өлтүрбөөгө, бирөөдөн бала арттырып эрине таңуулабоого жана жакшы (сооп) иштерге буюрганыңда сага каяша айтпоого ант беришсе!, алардан антын кабыл ал жана алардын күнөөлөрүнө Аллаһтан кечирим сура. Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу

[13] О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтын каарына жолуккан (мушрик) коом менен дос болбогула! Каапырлар мүрзөдөгү адамдардан (алардын кайра тирилүүсүнөн) үмүт үзгөнү сыяктуу, алар (мушриктер) дагы Акыреттен үмүт үзүшкөн

Сафф

Surah 61

[1] Аллаһка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтты. Ал — Кудуреттүү, Даанышман

[2] О,момундар! Эмне үчүн жасабаган ишиңерди сүйлөйсүңөр

[3] Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллаһтын алдында чоң күнөө

[4] Аллаһ Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт

[5] (О, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «О, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллаһтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңерго!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллаһ дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт

[6] Эстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Ыйса (мындай) деди: «О, Исрайил урпактары! Мен силерге Аллаһдан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын»!. Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкырго!» дешти

[7] Исламга чакырылганда Аллаһка жалаа жапкан адамдан заалымыраак ким бар?! Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт

[8] Аллаһтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаһ Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет

[9] Ал Өзүнүн пайгамбарын Туура Жол жана Акыйкат Дин менен — ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн — жиберди?. Эгер мушриктер жаман көрсө да

[10] О, ыйман келтиргендер! Мен силерди жан ооруткан азаптан сактап калчу «соодага» баштайынбы

[11] (Ал соода төмөндөгүчө:) Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллаһтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер

[12] (Ошондо Аллаһ) силердин күнөөңөрдү кечирип, түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге жана Адн (түбөлүктүүлүк) бейиштериндеги пакиза жашоо жайларына киргизет. Бул — Улуу Жеңиш

[13] Дагы силер жакшы көргөн нерсени (да Аллаһ силерге белек кылат. Ал —) Аллаһтын жардамы жана жакында келе турган жеңиш! (О, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) ыймандууларга сүйүнчүлө

[14] О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Ыйса дагы шакирттерине «Аллаһ Жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз — Аллаһтын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исрайил урпактарынан бир тайпасы (Ыйсанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалар каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты

Жумъа

Surah 62

[1] Аллаһка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал — Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман

[2] Алуммий адамдар” арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (Пайгамбар) аларга Аллаһтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан

[3] Жана (Аллаһ ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган башка элдерге? да жиберди. Ал — Кудуреттүү, Даанышман

[4] Бул Аллаһтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллаһ улуу пазилет Ээси

[5] Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллаһтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллаһ заалым коомду Туура Жолго баштабайт

[6] (О,Мухаммад!) Айткын: «Эй, яхудийлер! Эгер силер «Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллаһтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор»

[7] (Жок,) алар жасаган (көп күнөө) иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллаһ заалымдарды Билүүчү

[8] Айт: «силер качып (коркуп) жүргөн өлүмгө албетте жолугасыңар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет

[9] О,ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллаһты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер

[10] Ал эми, намаз бүткөндө Аллаһтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллаһты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер

[11] Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллаһтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллаһ эң жакшы ырыскы берүүчү

Мунаафикуун

Surah 63

[1] (О, Мухаммад!) Эгер сага мунафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллаһтын элчисисиң» дешет. Аллаһ билет, сен Өзүнүн элчиси экениңди. Аллаһ мунафыктардын анык жалганчылыгына күбөлүк берет

[2] Алар анттарын калканыч кылып (өздөрүнө кошуп башка адамдарды да) Аллаһтын Жолунан тосушкан. Алардын иштери кандай жаман

[3] Мунун себеби, алар (оозунда) ыймандуу, (жүрөгүндө) каапыр болгону. Натыйжада жүрөктөрүнө мөөр басылып, (жакшылык менен жамандыкты) ажырата албай турган болуп калышты

[4] Эгер аларга карасаң келбеттери сени кызыктырат. Эгер (жалганды кооздоп) сүйлөсө аларды угасың. Алар (дубалга) жөлөп коюлган (жансыз) жыгач сыяктуу. (Ар дайым далбасада жашаганы себептүү) ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар — душмандар, абайла алардан! Аллаһ кыйраткырлар, (чындыктан бурулуп) кайда бара жатышат

[5] Аларга «(Тооба кылып) келгиле, Аллаһтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллаһдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң

[6] Сеналар үчүн (Аллаһтан) кечирим сурасаң да же сурабасаң да — айырмасы жок: Аллаһ эч качан кечирбейт! Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт

[7] Алар (өз кишилерине) «Аллаһтын элчисинин айланасындагы адамдарга ихсан-көмөк көргөзбөгүлө, (ажеп эмес, Мухаммаддын айланасынан) тарап кетишсе» дешет. Асмандар менен жердин казыналары Аллаһтын колунда го! Бирок, мунафыктар муну түшүнбөйт

[8] Алар (дагы) «Эгер Мединага кайтсак, улук адамдар селсаяктарды (шаардан) айдап чыгат» дешкен!. Улуулук Аллаһка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык. Бирок, мунафыктар муну билишпейт

[9] О,ыйман келтиргендер! Мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерди Аллаһты эскерүүдөн (ибадаттардан) алаксытып койбосун! Ким ушундай кылса, алар — зыян тарткандар

[10] Качан гана силерден бирөөңөргө өлүм (сааты) келгенде «О, Раббим! Эгер мени бир аз мөөнөткө (жанымды албай) койо турсаң, садака кылып, жакшы адамдардан болоор элем!» деп (чыйпылыктап) калаардан мурда силерге Аллаһ берген ырыскылардан садака кылып калгыла

[11] Ажалы жетип калса, Аллаһ эч бир жанга мөөнөт бербейт! Аллаһ силердин бардык ишиңерден Кабардар

Тагаабун

Surah 64

[1] Аллаһты(н Атын) асмандардагы жана Жердеги бардык (жандуу-жансыз) нерселер аруулашат. Мүлк Аныкы, мактоо Өзүнө гана таандык! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү

[2] (О,инсандар!) Ал силерди жараткан. Силердин араңарда каапыр да бар, ыймандуу да бар. Аллаһ бардык ишиңерди Көрүүчү

[3] Аласмандар менен жерди акыйкат менен жаратты, силерге эң сонун келбет берди жана көрүнүшүңөрдү көрктүү кылды. Кайтып баруу — Өзүнө

[4] Аласмандардагы жана жердеги бардык нерсени билет жана силердин сырыңарды да сыртыңарды да билет. Аллаһ жүрөктөрдө катылган нерселерди да Билүүчү

[5] (О,мушриктер!) силерге мурдагы каапыр жамааттардын кабары келбеди беле? Алар өз кылмыштарынын жазасын тартышкан”. Жана аларга (Кыяматта) катуу азап бар

[6] Мунун себеби, аларга пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде «бизди адам перзенти Туура Жолго баштайт бекен?» деп, каапыр болуп, жүз буруп кетишти!. Аллаһ аларга муктаж эмес. Аллаһ — Беймуктаж, Макталган

[7] Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллаһтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллаһ үчүн жеңил

[8] Эми, (эсиңерге келип) Аллаһка, Анын пайгамбарына жана биз түшүргөн Нурга (Кураанга) ыйман келтиргиле! Аллаһ бардык ишиңерден Кабардар

[9] (Аллаһ) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал — Тагаабун Күнү?! Ким Аллаһка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллаһ) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул — Улуу жетишендик

[10] Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалган дегендер тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Кандай жаман акыбет

[11] (Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллаһтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллаһка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн Туура Жолго багыттап койот. Аллаһ бардыгын Билүүчү

[12] Аллаһка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула! Эгер моюн сунбасаңар (өзүңөргө зыян.) Биздин элчибиздин милдети (акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат

[13] (Ал —) Аллаһ! Бир Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Ыймандуулар Аллаһка гана тобокел кылышсын

[14] О, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңердин арасынан (Аллаһ Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу

[15] Чынында, мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерге сыноо. Аллаһтын алдында улуу сооптор бар

[16] Аллаһтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула. Жана (Аллаһ Жолунда) садака кылгыла. (Бул ишиңер) өзүңөргө жакшы. Ким напсинин ачкөздүгүнөн сактана алган болсо, дал ошолор жеңишке жеткендер

[17] Эгер Аллаһка жакшынакай карыз берсеңер!, силерге бир нече эсе? көбөйтүп кайтарат жана (буга кошумча иретинде) күнөөңөрдү да кечирет. Аллаһ - (жакшылыктарга) Шүгүр кылуучу. жана (пейили) Жумшак

[18] (Аллаһ) кайыпты да, ашкерени да Билүүчү, Кудуреттүү, Даанышман

Талак

Surah 65

[1] О, Пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле?. Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер — Аллаһтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар — Аллаһтын чектөөлөрү. Ким Аллаһ белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллаһ ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес

[2] Эгер аялдар (идда) мөөнөтүн бүтүрсө, же жакшылык менен алып калгыла же жакшылык менен ажырашкыла. (Жарашсаңар да, ажырашсаңар да) өзүңөрдөн эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. (О, күбө болгондор!) силер Аллаһ үчүн (түз-туура) күбөлүк бергиле! Мунуңар Аллаһка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адамдарга үлгү болоор иш. Ким Аллаһтан такыба кылса, анын жолун ачып койот

[3] — жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллаһка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллаһ Өз ишин аягына чыгарат. Аллаһ ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон

[4] Ал эми, (талагы берилген) аялдарыңардын арасында этек кир келбей калгандары (карыя жаштагылары) болсо жана («булардын идда мөөнөтү кандай болот?» деп) шектенсеңер, алардын иддасы - үч ай. Эми, (балакатка жетпеген же бир оору себептүү) тап-такыр этек кири келбеген аялдар болсо, (булардын иддасын да үч ай деп эсептейсиңер). Боюна бүтүп калган аялдардын идда мөөнөтү — төрөгөнгө чейин. Ким Аллаһтан такыба кылса, анын ишин жеңилдетип койот

[5] Силерге Аллаһ түшүргөн буйрук — ушул. Ким Аллаһтан корксо, анын күнөөлөрүн өчүрөт жана сообун көбөйтөт

[6] Аларга! мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле. Аларга кысым көргөзүү менен зыян жеткирбегиле. Эгер алардын боюна бүткөн болсо, боюндагысын төрөгөнгө чейин (бардык муктаждыгын) камсыздагыла. Эгерде силер үчүн (балаңарды) эмизип берсе, акысын төлөп бергиле! жана (сүт акысынын баасын) өз ара, жакшылык менен келишип алгыла. Эгер (келише албай) кыйналсаңар, ал (күйөө) үчүн (баласын) башка аял эмизип берет

[7] Байадам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллаһ берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын. Аллаһ эч кимди Өзү бергенден ашыкчасына мажбурлабайт. Аллаһ тез арада кыйынчылыктын артынан жеңилдик берет

[8] (Мурунку заманда) нечендеген айыл-шаар (элдери) Раббисинин жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тартышты. Анан Биз алар менен катуу эсептешип, жагымсыз азаптарга салдык

[9] Алар кылмыштарынын жазасын татышты. Кылмыштарынын акыбети зыян тартуу (өлүм) болду

[10] Аллаһ (Акыретте дагы) аларга катуу азапты даярдап койгон. Эми, Аллаһтан корккула, оо, ыйман келтирген акылдуулар! Аллаһ силерге (Туура Жолго багыттоочу) эскермени жиберди

[11] (Ал эскерме — Аллаһтын) элчиси. Ал силерге Аллаһтын анык аяттарын окуп берет, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарды караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн. Ким Аллаһка ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, аны түбүнөн дарыялар аккан жана анда түбөлүк калуучу бейиштерге киргизет. Аллаһ ага эң сонун ырыскыны (Бейишти) берди

[12] Аллаһ жети кабат асмандарды жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын (асман-жердин) арасына (Анын) буйруктар(ы), Аллаһ ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллаһ ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн түшүп турат

Тахрим

Surah 66

[1] О, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын көңүлү үчүн Аллаһ сага адал кылган нерселерди (өзүңө) арам кылып жатасыӊ?! Аллаһ Кечиримдүү, Боорукер

[2] Аллаһ силерге антыңардан кайтуунун жолун үйрөткөн?. Силердин кожоюнуңар — Аллаһ. Ал — Билүүчү, Даанышман

[3] Бир кезде пайгамбар аялдарынан кээ бирине сырын ачты (жана «эч кимге айтпа» деди) Ал эми (аялы) аны ашкерелеп жибергенде муну Аллаһ (пайгамбарына) билдирди. (Пайгамбар Аллаһ билдирген нерселерден) кээ бирин (сыр ачкан аялына) айтты, кээ бирин айтпады. Ага айтканда ал: «муну сизге ким билдирди?!» деди. Айткын: «Билүүчү, Кабардар (Аллаһ) билдирди!»

[4] (О, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллаһка тооба кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Кожосу — Аллаһ! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер

[5] Эгер пайгамбар силердин талагыңарды берип жиберсе, Аллаһ ага силерден жакшыраак, мусулман, ыймандуу, моюн сунган, тооба кылуучу, ибадатчыл жана орозо кармоочу кыз-жубандарды алмаштырып бериши мүмкүн

[6] О,ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллаһ буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат

[7] Эй,каапырлар! Бул (Кыямат) күнү кечирим сурабай эле койгула, өзүңөр жасаган кылмышка жараша жазаңарды аласыңар

[8] О,ыйман келтиргендер! Аллаһка чын жүрөктөн тооба кылгыла! Раббиңер күнөөңөрдү өчүрүп, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизсе ажеп эмес. Ал (Кыямат) күндө Аллаһ (эч качан) пайгамбар жана аны менен бирге болгондорду шерменде кылбайт! Алардын (Аллаһ берген) нурлары оң тарабында жана алдында (жарытып) агылганда алар (дуба кылып:) «О, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» дешет

[9] О, пайгамбар! Каапырлар менен мунафыктарга каршы жихад кыл жана чечкиндүү бол! Алардын бараар жери — тозок! Кандай жаман акыбет

[10] Аллаһ каапырлар(дын акыбети кандай бүтүшүн билгизүү) үчүн Нухтун аялы менен Луттун аялын мисал келтирди. Экөө тең Биздин салих пенделерибиздин (никесинин) астында болчу. Экөөсү(нүн аялы) аларга кыянат кылышты. Анан, эки пайгамбар тең Аллаһ тарабынан (азап болуп келген) нерседен эки аялды куткара албай калышты. Жана (эки аялдын бири сууга чөгүп, экинчисин жер жутуп өлгөндө, аларга) «киргендер менен бирге тозокко киргиле!» деп айтылды

[11] Аллаһ ыймандуулар үчүн Фираундун аялын (үлгү катары) мисал келтирди. Бир кезде ал (дуба кылып): «О, Раббим! Мага Өзүңдүн алдыңда — Бейиште бир үй тургузуп бер жана мени Фираун менен анын амалынан куткар! Мени заалым адамдардан сакта!» деди

[12] (Жана Аллаһ) Имрандын кызы Марямды дагы (мисал-үлгү кылды). Ал абийирин сактаган кыз болчу. Кийин Биз ага (Жебрейил периштени жиберип) Өз Рухубуздан үйлөдүк! Ал Раббисинин Сөзүн жана Китебин тастыктады жана моюн сунуучулардан болду

Мулк

Surah 67

[1] (Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллаһ Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү

[2] Алсилердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал — Кудуреттүү, Кечиримдүү

[3] Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң

[4] Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет

[5] Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.”

[6] Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу

[7] Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган

[8] (Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?»-деп сурайт

[9] Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллаһ (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”

[10] Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!»

[11] Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллаһтын ырайымынан) алыс

[12] Кайыптагы Раббисинен корккон адамдарга (Аллаһ Таала тарабынан) кечирим жана чоң сыйлык (Бейиш) бар

[13] Жана (о, адамдар) силер сөзүңөрдү сыр тутасыңарбы же ашкере кыласыңарбы, Ал көкүрөктөрдү ээлеген нерселерди Билүүчү

[14] (Көкүрөктөгү сырларды) Жараткан билбей калат бекен?! Ал Латийф! (жана бардыгынан) Кабардар го

[15] Ал силер үчүн жерди моюн сунуучу кылып койду. Эми, анын чар тарабында жүрүп, (Аллаһтын) ырыскыларынан жей бергиле! Кайра тирилип баруу — анын Өзүнө гана

[16] <Эй, каапырлар) асмандагы Зат> силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи

[17] Же болбосо, силер, асмандагы (Аллаһ) үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар

[18] Алардан мурунку (каапыр) пенделер дагы (пайгамбарды) жалганчыга чыгарышкан. Анан (Менин) четке кагуу(м) кандай болду

[19] Алар төбөсүндөгү канатын (бир) жайып (бир) жыйнап турган кушка карашпайбы?! Аны (ободо ырайымдуу) Рахман гана кармап турат! Ал - ар бир нерсени Көрүүчү

[20] (Эй, каапырлар! Ойлонгула:) Силерге Рахмандан башка жардам бере ала турган аскериңер (жардамчыңар) ким экен?! Каапырлар адашуунун гана ичинде

[21] Эгер (Аллаһ) Өз ырыскысын токтотуп койсо, силерге ырыскы таап бере ала турган ким?! Жок! (каапырлар дагы эле) катаал-дыгын, (исламды) жек көрүүсүн улантып жатышат

[22] Ким Туура Жол табуучураак? Жер карап бара жаткан кишиби же болбосо, Туура Жолдо (башын) түз (тутуп) бара жаткан кишиби

[23] Айткын: “Ал силерди жаратып, көз, кулак жана жүрөктөрдү берген. Өтө аз шүгүр кылуудасыңар!”

[24] Айткын: «Ал силерди жер бетинде өндүрүп-өстүргөн. Жана (кайра тирилгенде) Өзүнө гана чогултуласыңар»

[25] Жана алар: «Эгер чынчыл болсоңор бул (кайра тирилүү жөнүндө) убада (Кыямат) качан?» дешет

[26] Айткын: «(Ал жөнүндөгү) илим Аллаһтын гана алдында. А мен болгону, анык эскертүүчү-пайгамбармын»

[27] Качан гана аны (тозокту) жакындан көрүшкөндө каапыр болгондордун жүздөрү карарып кетет жана аларга: «ушул силер («качан-качан» деп) шаштырган нерсеңер!»-деп айтылат

[28] Айткын: «(Ойлонуп) көрбөйсүңөрбү, эгер мени жана мени менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды Аллаһ (силер тилегендей) өлтүрчү болсо (бизге Акыреттик Бейиш даяр) же (узун өмүр берип) бизге ырайым кылса (Өзүнө сыйынып, шүгүр кылып жашай беребиз. Ал эми, силердин жаныңарды алчу болсо) анда силерди катуу азаптан ким сактап калат

[29] Айткын: «Ал — Рахман (Ырайымдуу)! Биз Ага ыйман келтирдик жана тобокел кылдык. А, силер (эй, каапырлар), ким анык адашууда экенин жакында билип аласыңар

[30] Айткын: «(Эй, каапырлар) ойлонуп көрбөйсүңөрбү, эгерде силердин сууңар жер астына сиңип кетсе, анда силерге аккан сууну ким келтирип берет

Калам

Surah 68

[1] Нун.” (О, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын)

[2] Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.”

[3] (Пайгамбарчылык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар

[4] Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң

[5] Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат —

[6] Кимиңер азгырылган экениңерди

[7] Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын эң жакшы билет

[8] (Динди) жалган дегендерге моюн сунба

[9] Сеналар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат

[10] Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго

[11] (Адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга

[12] Чектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга

[13] Орой жана андан соң.., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга

[14] Ал бай жана перзенти көп болгондуктан

[15] ага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го»-деди

[16] Биз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз

[17] Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык! Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти

[18] Алар (ниеттеринде “Аллаһ кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады

[19] Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы)

[20] (Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды

[21] Анан таң азанда бири-бирин чакырышты

[22] «Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы»

[23] (Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып

[24] «Бүгүн силердин үстүңөргө — бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын»

[25] Алар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты

[26] Анан.., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз»-дешти

[27] ““Жок! Биз (бактан) куржалак калыптырбыз

[28] (Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллаһты даңазалагыла» (“Аллаһ кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» -деди

[29] (Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»

[30] Анан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады

[31] Жана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз

[32] Раббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубузго!»

[33] (Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе

[34] Албетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар

[35] (Эй, Макка мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз

[36] Силерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар

[37] Же силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле

[38] (Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)

[39] Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен

[40] (О, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат

[41] Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллаһтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудай-ларын алып келишсин

[42] (Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат

[43] Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат) Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле

[44] (О, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Кураанды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз

[45] Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем

[46] Же болбосо (о, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы

[47] Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы

[48] Эми (о, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (кап-караңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу

[49] Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак

[50] Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарчылык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды

[51] (О, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Кураанды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!»-дешет

[52] Ал (Кураан) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес

Хаакка

Surah 69

[1] Ал-— Хаакка

[2] «Ал=— Хаакка» дегени эмне

[3] (О, Мухаммад!) «Ал — Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?”

[4] «Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле

[5] Анан... Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды

[6] Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү

[7] (Аллаһ) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң

[8] Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң

[9] Анан Фираун, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери — Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып

[10] Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты

[11] (Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек

[12] Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн

[13] Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда

[14] жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда)

[15] Дал ошол күндө Ваакеьа (Кыямат) болот

[16] Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда

[17] жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллаһтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч-кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө

[18] дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.”

[19] Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй! Мына, менин китебимди окуп көргүлө

[20] Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»

[21] Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо —

[22] — эң жогорку Бейиште болот

[23] Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут

[24] (Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле — аш болсун!»

[25] Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай)

[26] жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен

[27] Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо)

[28] Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды

[29] Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»

[30] (О, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле

[31] Кийин тозокко таштагыла

[32] Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»

[33] (Себеби), Ал Улук Аллаһка ыйман келтирбеди

[34] жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады

[35] Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт

[36] Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)? болот

[37] Аны күнөөлүү адамдар гана жейт

[38] Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип

[39] Жана көрө албаган (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын)

[40] «Ал (Кураан) Улук пайгамбардын (Аллаһ үйрөткөн) Сөзү

[41] Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар

[42] Ал көзү ачыктын да сөзү эмес!! (Аллаһты) өтө аз эскерип жатасыңар

[43] Ал ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн

[44] Эгер ал (Мухаммад) (Кураандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул — Аллаһтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо

[45] Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз

[46] Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз

[47] Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес

[48] Ал (Кураан) такыбаа кишилер үчүн эскерме-сабак

[49] Силердин араңарда (Кураанды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз

[50] Ал каапырларга кайгы!”

[51] Чындыгында, бул анык чындык

[52] Ошентип, Эң Улуу Раббиңдин ысымын даңазалагыла

Мааариж

Surah 70

[1] (Мушриктерден) бир суроочу? собол кылды түшүүчү азап жөнүндө —

[2] — каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат

[3] (Ал азап) Маьариж — тепкичтердин? ээси Аллаһ тарабынан (келет)

[4] Периштелер менен Рух Ага (Аллаһ Таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат

[5] (О, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл

[6] Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот

[7] Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз

[8] Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу

[9] Алэми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат

[10] (Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт

[11] Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин

[12] аялын жана ага-инилерин

[13] өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын

[14] жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт

[15] Жок! Ал (тозок) — алоолонгон от

[16] терилерди шылып алуучу

[17] Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди

[18] жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды

[19] Чынында инсан чыдамсыз жаратылган

[20] Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат

[21] Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат

[22] Намаз окуучулар гана андай эмес

[23] Алар намаздарын дайым окушат

[24] Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар

[25] муктаждар жана сурагандар үчүн

[26] Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат

[27] Алар Раббисинин азабынан коркушат

[28] Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес

[29] Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат

[30] Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт

[31] Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар

[32] Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат

[33] Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат

[34] Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат

[35] Алар — Бейиштерде сыйлануучулар

[36] (О, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат

[37] Оң каптал жана сол капталдан топурап

[38] Алардын ар бири Нээмат Бейишине кирүүнү каалайбы

[39] Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган суудан) жараттык

[40] Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз

[41] аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз

[42] (О, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин

[43] (Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет

[44] Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул — аларга убада кылынган Күн

Нух

Surah 71

[1] Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин» - (деп вахий кылдык)

[2] Алайтты: «О, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын

[3] Аллаһка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула

[4] (Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллаһтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер»

[5] (Нух) айтты: «О, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым

[6] Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү

[7] Сеналарды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти

[8] Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым

[9] Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым

[10] Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү

[11] Силерге асмандан себелеген жамгыр жиберет

[12] Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет

[13] Силерге эмне болгон, Аллаһка улуулукту каалабайсыңар

[14] Ал силерди доор - доор менен жаратты го

[15] Аллаһ (Таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы

[16] Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон

[17] Жана Аллаһ силерди жерден гана өстүрүп чыгарган

[18] Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат

[19] Аллаһ силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды

[20] Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн

[21] Нух айтты: “О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адам(дар)ды ээрчип кетишти

[22] Алар (байлар динге каршы) өтө чоң айла-амалдарды жасашты

[23] Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Сувааны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти

[24] Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (о, Аллаһым!) заалымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө

[25] Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллаһтан башка жардамчы таппай калышты

[26] Нух айтты: “О, Раббим! Жер бетинде каапырлардан эч бирин калтырбагын

[27] Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат

[28] О, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Заалымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө

Жин

Surah 72

[1] Айт (о, Мухаммад) “Мага (Аллаһ Тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндерден бир жамааты (Кураанды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Кураан? уктук

[2] Ал Туура Жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз

[3] Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес

[4] Чынында, биздин акмактарыбыз Аллаһ жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат

[5] Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллаһка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз

[6] Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат

[7] Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллаһ эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот

[8] Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк

[9] Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат

[10] Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз

[11] Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек

[12] Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллаһты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.”

[13] Биз (Кураандагы) Туура Жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт

[14] Биздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр

[15] Ал эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор

[16] Эгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз

[17] аларды сынаш үчүн.! Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Кураандан) жүз бурса, (Аллаһ) аны оор азапка жолуктурат

[18] (Бардык) мечиттер Аллаһка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллаһка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла

[19] Аллаһтын пендеси (Мухаммад Кураан окуу менен) Аллаһка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды

[20] Айт (о, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”

[21] Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”

[22] (Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын

[23] (Менин колумда) Аллаһ тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар) Ким Аллаһ жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат

[24] Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат

[25] Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”

[26] Кайыпты билүүчү (Аллаһ!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт

[27] Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллаһ анын (пайгамбардын) алды жана арты жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт

[28] (Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон

Муззаммил

Surah 73

[1] О, оронуп жаткан киши

[2] Түндөсү тур (жана ибадат кыл!?) Бир аз гана бөлүгүндө-жарымында (уктасаң) мейли

[3] Же болбосо, (уйкуну) андан (жарымдан) аз гана кемит

[4] Же бир аз кош жана Кураанды кыраатын келиштирип оку!“

[5] Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Кураанды) түшүрөбүз

[6] Түңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Кураан окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак

[7] Күндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар

[8] (Кураан окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахийм” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл

[9] (Аллаһ) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (О, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал

[10] (О, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур

[11] (Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер

[12] Биздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар

[13] Жана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар

[14] Ал (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат

[15] (Эй, Макка каапырлары!) Биз Фираунга (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат

[16] Фираун айгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук

[17] Эгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар

[18] Ал (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллаһтын) убадасы аткарылат

[19] Албетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.”

[20] (О, Мухаммад) Раббиң сенин жана сен менен болгон тайпанын түндүн үчтөн экисинен азыраагында жана жарымында жана үчтөн биринде (ибадат үчүн) турушуңду билет. Аллаһ түн менен күндү ченейт. Ал силердин аны (түндөгү ибадат сааттарды) эсептей албай калганыңарды билип, силерге жеңилдикти кайтарды. Эми, (түндөсү) Кураандан алыңар жеткенче гана окугула. (Себеби Аллаһ) жакын келечекте силердин араңарда оорулуу адамдар болушун, жана башкалары Аллаһтын ырыскы — пазилетин издеп жер бетин кезип (соода же сапар кылып) жүрүшүн, жана башка бирөөлөр Аллаһ жолунда жихад кылуу менен алектенишин билди. (Ошондой болгон соң) эми, ал-кудуретиңер жеткенче Кураан окугула. Жана намазды (толук) аткарып, зекет бергиле. Жана Аллаһка жакшынакай карыз бергиле. Өзүнөр(дүн араңардагы кедей муктаж инсандар) үчүн эмне жакшылык (садака) кылган болсоңор, аны Аллаһтын алдында андан да жакшыраак, улугураак сооп иретинде табасыңар. Жана Аллаһтан (көп) кечирим сурагыла! Чынында Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

Муддассир

Surah 74

[1] ӨО,чүмкөнүп (жатып) алган адам

[2] Туруп (элдерге Акыретти) эскерт

[3] Жана Раббиңдин улуулугун даңазала

[4] Жана кийимиңди тазала

[5] Жана ыпластыктан ыраак бол!“

[6] Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба

[7] (Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл

[8] Эми, качан (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда)

[9] Мына ушул күн-оөтө оор күн

[10] Каапырларга жеңил болбогон (күн)

[11] (О, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой

[12] Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим

[13] Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим

[14] Жана ага өтө кененчилик бердим

[15] Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат

[16] Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты

[17] Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын

[18] Себеби, ал (Кураан жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү

[19] Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү

[20] Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү

[21] Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү

[22] Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды

[23] Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди

[24] Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр

[25] Бул- адамдын гана сөзү»

[26] Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин

[27] (О, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң

[28] Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт

[29] (Терини карартып,) өзгөртүп койот

[30] Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар

[31] Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудийлер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллаһ бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллаһ тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллаһ мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын Туура Жолго салат. (О, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес

[32] Жок, Мен айга ант (ичип)

[33] кайтып кеткен түнгө ант (ичип)

[34] (агарып) келе жаткан таңга ант (ичип)

[35] (Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири

[36] (“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү

[37] Силердин араңардагы, (Аллаһтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн

[38] Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну

[39] Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес

[40] Алар Бейиштерде туруп сурашат

[41] (тозоктогу) кылмышкерлерден

[42] «Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»

[43] Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук

[44] Жана бей-бечараларды тамактандырбадык

[45] (Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк

[46] Жана Акырет күндү жалган дедик

[47] Башыбызга өлүм келгенге чейин»

[48] Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт

[49] Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Кураандан) жүз буруп качышат

[50] Жапайы эшектерге окшоп

[51] арстандан үркүп качкан

[52] Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат!”

[53] Жок, андай эмес! (чынында) алар Акыреттен коркушпайт

[54] Жок, андай эмес! Чынында, бул (Кураан эң чоң) эскерме-насаат

[55] Ким кааласа андан сабак алат

[56] Бирок, (андан) Аллаһ каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллаһ Таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу

Кияамат

Surah 75

[1] Мен Кыямат күнүнө ант ичип

[2] Жоемелөөчү напси? менен ант ичип, (айтамын)

[3] “Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”

[4] Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз

[5] Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр

[6] (Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар

[7] Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат

[8] Айдын нуру өчөт

[9] жана Күн менен Ай бириктирилет

[10] Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат

[11] Жок! Качып бара турган орун жок

[12] Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар

[13] Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы —жаман) иштери жөнүндө кабар берилет

[14] Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт

[15] Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт)

[16] (О, Мухаммад, сага Жебрейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе

[17] Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет

[18] Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебрейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин

[19] Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет

[20] Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр

[21] жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар

[22] Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып

[23] Раббисине (үмүт менен) карап турат

[24] Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып

[25] өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат

[26] Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда

[27] «Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда

[28] (Күнөөкөр пенде «дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда

[29] Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда

[30] Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор

[31] Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады

[32] Бирок, «жалган» деп далысын салып койду

[33] Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти

[34] Өлүм болсун сага өлүм

[35] Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм

[36] (Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) беймаксат таштап коюлган деп ойлойбу

[37] Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле

[38] Анан коюу кан болду. Анан (Аллаһ) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)

[39] Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты

[40] Эми, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи

Инсаан

Surah 76

[1] Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эске да алынбай турган (жок нерсе) эле

[2] Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык

[3] (Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот)

[4] Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук

[5] Ыймандуу адамдар (бейиштерде) «каафур»? аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет

[6] (“Каафур”) булагы... Аны Аллаһтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.”

[7] Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин! аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллаһтын азабынан) коркушкан

[8] Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип? (мындай дешкен)

[9] «Биз силерди Аллаһтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз

[10] Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз»

[11] Анан Аллаһ аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди

[12] Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды Бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады

[13] Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт

[14] Аларга Бейиш (бактарынын) көлөкөсү тийип, мөмөлөрү ийилип турат

[15] Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат

[16] Күмүш чөйчөктөр... Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат

[17] Ал жерде (ыймандууларга) занжабил? аралаштырылган шарап

[18] (жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет)

[19] Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң

[20] Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң

[21] Алардын (Бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер... (Эркек- аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган... Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган

[22] (О, ыймандуулар!) Булар — силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер! ченемсиз нээматтар менен төлөндү

[23] Чынында Биз (о, Мухаммад) сага Кураанды? бөлүп-бөлүп түшүрдүк

[24] Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын? жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын

[25] Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн

[26] Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун —узун тасбих айт

[27] Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат

[28] Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон? (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз!”

[29] Аныгында, бул (Кураан) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат

[30] (Бирок) силер Аллаһ каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Чынында, Аллаһ Билүүчү, Даанышман

[31] Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, заалымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон

Мурсалаат

Surah 77

[1] Античемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен

[2] Өтө катуу жүргөн шамалдар менен

[3] (Булуттарды Аллаһ каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен

[4] (Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Кураан аяттары) менен

[5] (Пайгамбарларга Аллаһ тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен

[6] (Ошол периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн

[7] (О,адамдар!) силерге убада кылынган Күн? албетте болуучу

[8] Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп

[9] Асман (аңырайып) ачылып

[10] Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда

[11] Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде, (мына ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт)

[12] (Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле

[13] Ажыратуу күнүнө

[14] (О, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң

[15] Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап

[16] Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле

[17] Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук

[18] Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз

[19] Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап

[20] (О, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди жийиркеничтүү (бир тамчы бел) суудан жаратпадык беле

[21] Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштордук

[22] Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин

[23] Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз

[24] Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм

[25] Биз жерди кучактоочу кылбадык беле

[26] Өлүктөр менен тирүүлөрдү

[27] Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык

[28] Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм

[29] (Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген Тозокко жөнөгүлө

[30] Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»! жөнөгүлө!»

[31] (Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт

[32] Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат

[33] Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт

[34] Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

[35] Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт

[36] Алар үчүн актанууга да уруксат жок

[37] Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

[38] Бул — ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук

[39] Эгер (о, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө

[40] Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

[41] Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда

[42] Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде

[43] (Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»

[44] Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз

[45] Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо

[46] (О, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар

[47] Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

[48] Эгер аларга (Аллаһка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт

[49] Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

[50] Андан (Кураандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет

Наба

Surah 78

[1] Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда

[2] Улук Кабар жөнүндө

[3] Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле

[4] Жок, андай эмес! Жакында билип алышат

[5] Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат

[6] Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу

[7] Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы)

[8] Жана Биз силерди жуп-түгөй? кылып жараттык

[9] Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык

[10] Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык

[11] Күндүздү жашоо үчүн жараттык

[12] Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп

[13] ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык

[14] Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк

[15] чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү

[16] Жана да калың бак-бостондорду

[17] Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллаһ тарабынан) белгиленген убакыт

[18] Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер

[19] (Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот

[20] Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат

[21] Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)

[22] чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун

[23] Алар анда кылымдар бою турушат

[24] Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт

[25] Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)

[26] (Бул— күнөөлөрүнө) ылайык жаза

[27] Алар (Акыреттеги) эсеп — китепке ишенишпеген

[28] Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан

[29] Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз

[30] Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз

[31] Ал эми, такыбаа кишилерге ийгилик жайы (Бейиш)

[32] бак-бостондор, жүзүмдүктөр

[33] жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер

[34] жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар

[35] Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт

[36] (Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер

[37] (Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт

[38] Рух (Жебрейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат

[39] Бул- чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт

[40] Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт

Наазиаат

Surah 79

[1] (Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип

[2] (ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип

[3] (Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип

[4] (Аллаһтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип

[5] (Аллаһ табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын)

[6] Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт

[7] Анынартынан кийинки Сур тартылат

[8] Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп

[9] Көздөрү жалдырап калат

[10] (Каапырларга Кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы

[11] чириген сөөк болуп калсак деле?!»

[12] (Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»

[13] Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу

[14] Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат

[15] Сага Мусанын кабары келди беле

[16] Бир кезде Раббиси ага ыйык Туваа өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү

[17] «Фираунга баргын! Ал чектен чыгып кетти

[18] Жана ага (мындай) дегин: «Өзүндү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону

[19] жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллаһка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»

[20] (Муса) ага (Фираунга) чоң моожизаны (жыланга айланган аса таякты) көргөздү

[21] Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты

[22] Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды

[23] жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен

[24] «Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди

[25] Анан... Аллаһ аны дүйнөлүк (жазаа) жана Акыреттик азап менен жазалады

[26] Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар

[27] (Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллаһ) жаратты

[28] Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды

[29] Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды

[30] Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду

[31] Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды

[32] Тоолорду (бекем) орнотту

[33] Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп

[34] Качан чоң Кыямат келсе

[35] Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш -аракеттерин эстейт

[36] Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт

[37] Кимде-ким чектен чыккан болсо

[38] жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо

[39] анын орду албетте, тозокто

[40] Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса

[41] анын орду албетте, Бейиште

[42] (Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат

[43] Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың

[44] Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү

[45] Сен болгону андан (Кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң

[46] Алар (Кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат

Абаса

Surah 80

[1] (Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды

[2] алдына (маселе сурап ) сокур киши келгенде

[3] (О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр

[4] Же болбосо, (Аллаһ Тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр

[5] Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)

[6] сен ошо(лор)го бурулуп алдың

[7] (Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң

[8] Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам

[9] (Аллаһтан жана Кыямат күндөн) коркот эле

[10] Сен ага көңүл бурбай, (башкалар менен алагды болуп) калдың

[11] Жок! (О, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллаһ тарабынан) эскерме-сабак

[12] Ким кааласа — аны эскерет

[13] (Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да

[14] (Лавхул Махфуз) Таза—-Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору

[15] (Жана) периштелердин колунда

[16] (Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)

[17] Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты

[18] Ал (Аллаһ) аны эмнеден жаратты эле

[19] Бир тамчы суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган

[20] Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду? оңой кылып берди

[21] Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду

[22] Андан соң Өзү каалаган кезде (Кыяматта) кайрадан тирилтип алат

[23] Жок! Ал өзүнө (Аллаһ) буюрган парыздарды эч аткарбады

[24] Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы

[25] Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык

[26] Андан соң жерди жарып

[27] (Ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк

[28] Жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү

[29] Зайтундарды, курмаларды

[30] Коюу бактарды

[31] Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды

[32] Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп

[33] Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (Кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде

[34] Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат

[35] Апасы менен атасынан дагы

[36] Аялы менен балдарынан дагы

[37] (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот

[38] Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып

[39] күлүп-жайнап, кубанычтуу

[40] (ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап

[41] караңгылык ороп алат

[42] Дал ошолор каапыр, шүкүрсүз адамдар

Таквир

Surah 81

[1] Күн оролуп (нуру жоголуп)

[2] жылдыздар (кыйрап) төгүлүп

[3] Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп

[4] Курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,”

[5] Жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп

[6] Деңиздер жанып-от болуп

[7] Жандар бири - бирине коштолуп...°

[8] Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда —

[9] Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)

[10] Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып

[11] Асман сыйрылып алынганда

[12] Тозок (катуу) кызытылып

[13] Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде

[14] (Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет

[15] Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип

[16] (аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип

[17] (караңгысы менен) келген түнгө ант ичип

[18] агарган таңга ант ичип (айтамын)

[19] Чынында, ал (Кураан) Улуу Элчинин Сөзү

[20] Арш Ээсинин? алдында (Жебрейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч — кубаттуу

[21] Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү

[22] (Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес

[23] Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн

[24] Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес

[25] Жана ал” каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес

[26] Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар

[27] Ал (Кураан) албетте, ааламдар үчүн эскертүү

[28] Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү)

[29] Жана силер (о, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар

Инфитаар

Surah 82

[1] Асман жарылып

[2] Жылдыздар төгүлүп

[3] деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда

[4] Жана мүрзөлөр оодарылганда

[5] (Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат

[6] О, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду

[7] Алсени жаратып, келбетиңди келиштирген эле

[8] Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган

[9] Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер

[10] Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар

[11] (Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар

[12] Силердин бардык ишиңерди билип турушат

[13] Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде

[14] Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат

[15] Алар ага (Тозокко) сурак күнү ташталат

[16] Анан андан чыга алышпайт

[17] (О, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң

[18] Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?”

[19] Ал күнү (Аллаһтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллаһтын ыктыярында

Мутаффифин

Surah 83

[1] Таразадан алдагандарга чоң азап болсун

[2] Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы

[3] Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет

[4] Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен

[5] Улуу Күн — Кыяматта

[6] Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат

[7] Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжийнде» экени анык

[8] (О, Мухаммад!) сен «Сижжийн» эмне экенин билбейсиң

[9] Ал— жазылган китеп

[10] Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет

[11] Алар сурак күндү жалган дегендер

[12] Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет

[13] А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет

[14] Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган

[15] Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат

[16] Андан соң, алар тозокко ташталышат

[17] Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!»-деп айтылат

[18] Чынында, жакшы пенделердин китептери? «Иллийюнда»

[19] (О, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң

[20] (Ал) - жазылган китеп

[21] Аны (Аллаһка) жакындар (периштелер) көрүп турат

[22] Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде

[23] Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат

[24] Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң

[25] Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет

[26] Ал шараптын сактагычы -«миск»!. Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын

[27] Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден»

[28] (Тасним - бул) Аллаһка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак

[29] Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн

[30] (Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан

[31] Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан

[32] Эгер аларды көрүп калса, «Булар-адашкандар» деп айтышкан

[33] Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго

[34] Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт

[35] (жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат

[36] Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле

Иншикаак

Surah 84

[1] Күтүүсүздөн асман жарылды

[2] Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу

[3] Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп

[4] ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды

[5] Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу

[6] О,инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң

[7] Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе

[8] Өтө жеңил суралат

[9] Жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет

[10] Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе

[11] (Өзүнө) өлүм чакырат

[12] Жана тозокко ташталат

[13] Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн арасында шат-курсант болчу

[14] Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү

[15] Жок! Андай эмес! (Ал раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган

[16] Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип

[17] Түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип

[18] Жана толгон кездеги (толун) айга ант ичип (айтамын)

[19] (О, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер

[20] Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат

[21] Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо, (моюн суну менен) сажда кылышпайт

[22] Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет

[23] Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллаһ эң жакшы билет

[24] (О, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер

[25] А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар

Буруж

Surah 85

[1] Ментопжылдыздар мекени — асманга ант ичип

[2] Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип

[3] (Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын)

[4] Чуңкур ээлерине — өлүм болсун

[5] (Алчуңкур) отундуу жалын

[6] Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан

[7] Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан

[8] (Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллаһка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты

[9] Аласмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллаһ ар бир нерсеге Күбө

[10] Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тооба кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар

[11] Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул — чоң жеңиш

[12] Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу

[13] Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат

[14] Ал — Кечиримдуу, (жана) Вадууд

[15] (Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук

[16] Каалаганын жасоочу

[17] (О, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин

[18] Фираундун жана Самуд коомунун кабары келди беле

[19] Жок, каапырлар (дагы эле, Кураанды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө

[20] Аллаһ болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат

[21] Аныгында ал-Улуу Кураан! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал)

[22] Лавхул- Махфузда

Таарик

Surah 86

[1] Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин

[2] (О, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң

[3] Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз

[4] Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар

[5] Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын

[6] Атырылган (бел) суудан жаратылган

[7] (Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат

[8] Ал (Аллаһ) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү

[9] Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө

[10] (Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт

[11] Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу

[12] Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү

[13] Ал (Кураан) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз

[14] Азил-тамаша (сөз) эмес

[15] Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат

[16] Мен дагы амалкерлик кыламын

[17] Эми, сен (О, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер

Аълаа

Surah 87

[1] Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула

[2] Ал\(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган

[3] Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган

[4] Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып

[5] андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот

[6] (О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың

[7] Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет

[8] Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз

[9] Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын

[10] (Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат

[11] Шордуу адам болсо андан качат

[12] Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши

[13] Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт

[14] Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти

[15] Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти)

[16] Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар

[17] Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк

[18] Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле

[19] Ибрахимдин жана Мусанын барактарында

Гаашия

Surah 88

[1] (О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?”

[2] Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт)

[3] (Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда

[4] кызыган отко кирет

[5] (Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет

[6] Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок

[7] (Ал) семиртпейт жана тойдурбайт

[8] Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат — куунак

[9] (Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш — аракеттерине ыраазы

[10] Жогорку Бейиште

[11] Анда маанисиз сөздөрдү укпайт

[12] Анда агып турган булактар

[13] Бийик сөрүлөр

[14] (Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр

[15] Сап-сап тизилген жаздыктар

[16] Жана төшөлгөн килемдер бар

[17] Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына

[18] Асмандын кандай көтөрүп коюлганына

[19] Тоолордун кандай сайып коюлганына

[20] Жана жердин кандай жайып коюлганына

[21] (О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң

[22] Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң

[23] Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо

[24] Аны Аллаһ чоң азапка салат

[25] Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат

[26] Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз

Фажр

Surah 89

[1] Таңгаант

[2] Онтүнгөант

[3] Жуп менен такка ант

[4] Жана өтүп жаткан түнгө ант

[5] Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле

[6] Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү

[7] (Түркүктүү Ирамды) (эмне кылганынчы)

[8] Ага окшогону эч бир өлкөдө жаратылбаган эле

[9] Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү)

[10] Кубаттуу аскерлердин ээси Фираунду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү)

[11] Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен

[12] жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу

[13] Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды

[14] Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу

[15] Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт

[16] Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт

[17] Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар

[18] Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр

[19] Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер

[20] Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр

[21] Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде

[22] жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде

[23] Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана

[24] (Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт

[25] Ал күнү Аллаһ азаптагандай эч ким азаптай албайт

[26] Аллаһ байлагандай эч ким байлай албайт

[27] О,тынч- бейпил жан

[28] (Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын

[29] Менин (жакшы) пенделериме кошулгун

[30] жана Менин Бейишиме киргин

Балад

Surah 90

[1] Ушул шаарга” ант

[2] Сен (о, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың

[3] (Адам)-Атага жана урпактарга ант

[4] Биз инсанды машакатка жараттык

[5] (Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу

[6] Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт

[7] Алөзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу

[8] Биз ага эки көз бербедикпи

[9] Тил жана эки эрин бербедикпи

[10] Жана Биз аны эки жолго багыттадык

[11] Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү

[12] (О, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң

[13] (Оор жол — бул) кул азат кылуу

[14] же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү —

[15] тууганчылыгы бар жетимге

[16] Же чаңга буланган кедейге

[17] Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо

[18] Дал ошолор оң тарап ээлери

[19] Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери

[20] Аларды ар жактан от каптап алган

Шамс

Surah 91

[1] Күн жана анын жарыгына ант

[2] Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант

[3] Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант

[4] Жана аны ороп кала турган түнгө ант

[5] Асманга жана аны (бекем) курганга? ант

[6] Жерге жана аны жайганга ант

[7] Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!°

[8] Ал (Аллаһ) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду

[9] Эми, ким напсисин (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет

[10] Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат

[11] Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды

[12] Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду

[13] Аларга Аллаһтын элчиси “Аллаһтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллаһтын азабы келет!”) деди

[14] Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды

[15] Ал (Аллаһ Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт

Лайл

Surah 92

[1] (Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант

[2] (Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант

[3] Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант

[4] Албетте (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай

[5] Ким (садака) берсе жана такыба кылса

[6] жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса —

[7] Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз

[8] Ал эми, ким (байлыгын Аллаһ жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллаһ бере турган соопту) “керек эмес” десе

[9] Жана ыйманды жалган десе

[10] Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз

[11] (Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат

[12] Албетте, (адамдарды) Туура Жолго баштоо Бизге гана таандык иш

[13] Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда

[14] Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим

[15] Ал отко шору каткан адам гана кирет

[16] Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган

[17] Андан (тозоктон) такыбаа киши ыраак болот

[18] Ал мал-мүлкүн (Аллаһ жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши

[19] Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок

[20] (Анын бардык жакшылыктары) эң жогорку Раббисинин ыраазычылыгы үчүн гана (жасалат)

[21] Жакында (Аллаһ аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот

Зуха

Surah 93

[1] Шашке маалына ант

[2] Тынч-— караңгы түнгө ант

[3] (О, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок

[4] Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак

[5] Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң

[6] Ал (Аллаһ) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?”

[7] Жана (Аллаһ) сени адашкан абалда таап?, андан кийин Туура Жол көргөздү го

[8] Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды

[9] Эми, сен жетимге каарыңды төкпө

[10] Жана сураган адамга орой мамиле кылба

[11] Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө

Иншираах

Surah 94

[1] (О, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи??”

[2] Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык

[3] Ал сенин желкеңди эзип турган

[4] Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк

[5] Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар

[6] Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар

[7] Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш

[8] жана Раббиңе“ гана умтул

Тиин

Surah 95

[1] Анжирге ант, Зайтунга ант

[2] Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант

[3] Жана мына бул тынч шаарга (Маккага) ант

[4] Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык

[5] Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз

[6] Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (Бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар

[7] (О,инсан! ) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды

[8] Аллаһ эң даанышман өкүмдар эмеспи

Алак

Surah 96

[1] Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен

[2] Алинсанды уюган кандан жаратты

[3] Оку, сенин Раббиң эң улук Зат

[4] Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү

[5] Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди

[6] Жок! Чынында, инсан чектен ашат

[7] өзүн бай-беймуктаж көргөндө

[8] Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана

[9] Көрдүңбү сен тыюу салган кишини

[10] намаз окуган пендеге

[11] Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо

[12] Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса

[13] (О, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе

[14] Билбейби ал Аллаһ көрүп турганын

[15] Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз

[16] Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан

[17] Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин

[18] Биз дагы (“Забаания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз

[19] Жок, сен ага! моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллаһ Таалага) жакын бол

Кадр

Surah 97

[1] Чынында, Биз Кураанды Кадыр Түнүндө түшүрдүк

[2] Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең

[3] Кадыр түнү миң айдан да жакшы

[4] (Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт

[5] Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)

Баййина

Surah 98

[1] Китеп ээлеринен (яхудийлер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады

[2] (Анык Чындык) таза барактардагы (Кураанды) окуп берген Аллаһтын элчиси

[3] Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар

[4] Китеп берилген элдер (яхудийлер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти

[5] Алар бардык ибадаттарды калыс Аллаһ үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин

[6] Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар Тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы

[7] Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар — жаратылгандардын эң жакшысы

[8] Раббисинин алдында алардын сыйлыктары — анда "Адн" Бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллаһ ыраазы болду, алар Аллаһтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн

Залзала

Surah 99

[1] Жер катуу титирегенде

[2] жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда

[3] Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт

[4] Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт

[5] Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.”

[6] Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет

[7] Жана ким кыпын салмагындай* жакшылык кылган болсо — аны көрөт

[8] жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо — ошону көрөт

Аадият

Surah 100

[1] Алкынып чуркаган тулпарларга ант

[2] (Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант

[3] Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант

[4] Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты

[5] Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди

[6] Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр

[7] Буга анын өзү деле күбөдүр

[8] Ал байлыкты катуу сүйөт

[9] Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда

[10] Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда

[11] Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан

Каариа

Surah 101

[1] Кориа

[2] Кориа эмне өзү

[3] (О, Мухаммад!) Сен Кориа эмне экенин билбейсиң

[4] Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат

[5] Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот

[6] Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе

[7] Көңүлүндөгүдөй жашоодо (Бейиште) болот

[8] Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе

[9] Анын энеси— «Хаавия!»

[10] (О, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң

[11] Ал-— катуу кызытылган тозок

Такаасур

Surah 102

[1] (Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду

[2] Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин

[3] Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар

[4] Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сурак учурунда) билип аласыңар

[5] Жок-жок, эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер)

[6] (Эми) тозокту көрүшүңөр анык

[7] Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр

[8] Андан соң, ошол күнү (Аллаһ тарабынан аманатка берилген) нээматтар (өмүр, мал-дүйнө, бала-чака) жөнүндө албетте сураласыңар

Аср

Surah 103

[1] Асыргаант

[2] Албетте, (ар бир) инсан зыянда

[3] Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес)

Хумаза

Surah 104

[1] Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун

[2] Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди

[3] Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт

[4] Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат

[5] (О, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң

[6] (Ал) Аллаһтын алоолонгон тозогу

[7] (Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган

[8] Чынында, (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган

[9] (Эшиктери) узун чынжырлар менен (бекемделген)

Фил

Surah 105

[1] (О, Мухаммад!) Раббиң пил ээлерин эмне кылганын билбедиңби

[2] (Раббиң) алардын (Каабаны бузуп салуу үчүн ойлогон) айла-амалдарын текке кетирбедиби

[3] Жана аларга каршы топ-топ куштарды жиберди

[4] (Куштар чеңгелиндеги) чопо-таштар менен аларды ташбараңга алышты

[5] (Аллаһ) аларды мойсолгон жалбырактай кылып койду

Курайш

Surah 106

[1] Курайштын ынтымагы үчүн

[2] Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн

[3] Эми, алар (ар кандай таш-кудай, жыгач-кудайларын таштап, өздөрүнө ынтымак жашоо тартуулаган) ушул Үйдүн (Каабынын) Раббисине гана ибадат кылышсын

[4] Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунуч(тар)дан аман сактады

Мааун

Surah 107

[1] (О, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле

[2] Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам

[3] Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес

[4] (Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун

[5] Алар намаздарын унутуп коюшат

[6] Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия? кылышат

[7] Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат

Каусар

Surah 108

[1] (О, Мухаммад) чынында Биз сага «Каусарды» бердик.”

[2] Сен эми, (ушул жакшылыктар үчүн шүгүр кылып) Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал

[3] Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты кесилген

Каафируун

Surah 109

[1] (О, Мухаммад, каапырларга мындай) дегин: «Эй, каапырлар

[2] Менсилер ибадат кылган(кудайлар)га ибадат кылбаймын

[3] Силер дагы мен сыйынганга (Аллаһ Таалага) сыйынуучу эмессиңер

[4] Мен силер ибадат кылган кудайларга сыйынбаймын

[5] Силер да мен ибадат кылган(Аллаһ Таала)га ибадат кылуучу эмессиңер

[6] (Демек,) силерге өз диниңер, мага өз диним!»

Наср

Surah 110

[1] (О, Мухаммад, эгер сага) Аллаһтын жардамы жана жеңиши келсе

[2] жана адамдарды Аллаһтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң

[3] Анда, Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тообаларды кабыл кылуучу

Масад

Surah 111

[1] Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды

[2] Ага мал- дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок

[3] Ал жакында алоолонгон Тозокко ташталат

[4] Ал эми (Пайгамбарга каршы доомат - ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда

[5] Анын мойнунда (тозоктогу) курма дарагынын буласынан (эшилген) жип

Ихлаас

Surah 112

[1] Айт (оо, Мухаммад:) Ал — Аллаһ жалгыз

[2] Аллаһ- Сомад (Беймуктаж)

[3] Ал туубаган жана да туулбаган

[4] Жана эч ким Ага тең эмес

Фаляк

Surah 113

[1] Айт (о, Мухаммад): «Таңдын Раббисинен коргоо тилеймин

[2] (Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан

[3] Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан..,”

[4] Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан

[5] Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан

Наас

Surah 114

[1] Айткын (о, Мухаммад) «Мен инсандардын Раббисинен

[2] Инсандардын падышасынан

[3] Инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин —

[4] (Анын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун? жамандыгынан

[5] Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат

[6] Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот